Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#601 Пользователь офлайн   osh93   02 Сентябрь 2015 - 06:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Эмне үчүн кээ бир Нур талабалары узак жылдар бою же өмүр бою үй-бүлө курбастан бойдок жүрүшөт?

Жооп: Бойдок жүрүү күнөө иш эмес. Иса пайгамбар, Яхя пайгамбарлар бойдок болушкан. Ахмад Бедевий сыяктуу айрым олуялардай эле аялдардан чыккан олуя Робия да бойдок өткөн. Ошондой эле Табарий, Саид Кутуб сыяктуу кээ бир аалымдар да бойдок өтүшкөн.

Устат Саид Нурси Нур жамаатынын кызмат усулун сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад САВдын медресеси болгон «Асхабу Суффадан» алган. Асхабу Суффанын көрүнүктүү өкүлү Абу Хурайра РА болгон. Ал бүт өмүрүн илимге арнаган сахаба эле. Үйлөнгөн да эмес. Эң көп хадис риваят кылган сахаба. Кээ бир Нур шакирттеринин үйлөнбөй жүрүүсү же кечирээк үйлөнүшү да ушул сырга байланыштуу. Анткени, пайгамбарыбыз Мухаммад САВ: «Менин сахабаларым жылдыз сыяктуу, кимисин ээрчисеңер да адашпайсыңар» — деп айткан эмеспи? (Аль Ажлуни, Кешфуль Хафа 1:132).

Ал эми демейдеги Нур шакирттеринин басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүү, арасында эки-үч аял менен жашагандары да бар…

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#602 Пользователь офлайн   osh93   02 Сентябрь 2015 - 06:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Мусулмандарды артта калтырган алты «оору»
Европалыктар өсүп-өнүгүүдө келечекти көздөй учуусу менен бизди материалдык жактан орто кылымдарга калтырган алты «оору»:

1. Үмүтсүздүктүн ичибизде жанданып тирилүүсү.
2. Саясий коомдук жашообузда чынчылдыктын өлүүсү.
3. Душмандыкты сүйүү.
4. Ыймандууларды бири-бири менен байланыштырып турган нурдуу байланыштарды билбөө.
5. Ар түрдүү жугуштуу оорулар сыяктуу жайылып бараткан диктатордук.
6. Бардык күч-кубатын жеке пайдасына жумшоо.

(«Хутба-и Шамийе» китебинен)

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#603 Пользователь офлайн   osh93   02 Сентябрь 2015 - 10:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Баарын Аллах ыраазылыгы үчүн кыл!

«Кыямат күнү эсеби биринчи болуп карала турган киши шейит кеткен киши болуп, Алла Тааланын алдына алып келинет. Алла Таала ага берген ырыскы-жакшылыктарын эстетет, ал дагы эстеп, буларга ээ болгонун мойнуна алат. Алла Таала:

— Булар үчүн эмне кылдың? – деп сурайт. Ал:
— Шейит болгуча Сен үчүн жихад кылдым, — деп жооп берет. Алла Таала:

— Жалган айтасың. Сен бир гана «Кандай эр жyрөк!» деп айтышсын деп согуштуң, ал сөз айтылды, — дейт. Анан буйрук берилип, ал киши Тозокту көздөй жүзтөмөн ыргытылат.

Анан илим үйрөнгөн, аны башкаларга үйрөткөн жана Куран окуган бир киши алып келинет. Алла Таала ага да берген ырыскы-жакшылыктарын эстетет, ал дагы эстеп, буларга ээ болгонун мойнуна алат. Алла Таала:

— Булар үчүн эмне кылдың? – деп сурайт. Ал болсо:

— Илим үйрөндүм, үйрөттүм жана Сенин ыраазылыгың үчүн Куран окудум, — деп жооп берет. Алла Таала:

— Жалган айтып жатасың. Сен «Оо, бул чоң алым!» — дешсин деп, илим үйрөндүң, «Кандай сонун окуйт!» дешсин деп Куран окудуң. Бул сөздөр сага карата айтылды, — дейт. Анан буйрук кылынып, ал дагы Тозокко жүзтөмөн ыргытылат.

Анан Алла Тааланын алдына түрдүү мал-мүлк жана мүмкүнчүлүк берген бир киши алып келинет. Алла Таала ага да берген ырыскы — жакшылыктарын эске салат, ал дагы эстеп, буларга ээ болгонун мойнуна алат. Алла Таала:

— Буларды эмнеге жумшадың? – деп сурайт. Ал:

— Сен бер деген жерге, Сен ыраазы болгон бардык жерге аяганым жок, жалгыз сенин ыраазылыгыңа жетиш үчүн бардыгын бердим, жумшадым, — дейт. Алла Таала:

— Жалган айтып жатасың. Чынында, сен «Кандай гана жоомарт киши!» — деп айтышсын деп бердиң. Бул сөздөр сен үчүн айтылды, — дейт. Анан буйрук кылынып, бул дагы Тозокту көздөй сүйрөлүп барып, жүзтөмөн ыргытылат.» (Муслим, Имара, 152)

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#604 Пользователь офлайн   osh93   02 Сентябрь 2015 - 10:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Гыйбат (Ушак)

Жабир (Аллах ага ыраазы болсун) баяндайт:
«Алланын Эчиси (саллаллаху алейхи васаллам) менен чогуу баратканбыз. Заматта ирип-чирип кеткен тарптын жыты бүт айлананы каптап, каңылжаарды жарып кетти. Ошо замат Азирети Пайгамбарыбыз бизге мындай деди:
– Бул эмненин жыты экенин билесиңерби? Бул момун мусулманды гыйбат кылгандардын жыты» (Ахмад, III, 351).
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде сахабаларына суроо салат:
– Гыйбаттын эмне экенин билесиңерби? – Алла Таала жана Анын Элчиси дагы да жакшы билет – дешет сахабалар бир ооздон.
– Гыйбат – бул жагымсыз сөз менен диндешиңди эскерүүң.
– Пайгамбарым, эгер чындап эле коюлган айып диндешимде бар болсочу? – деп сурады арадан бирөө. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам):
– Эгер сен айткан нерсе диндешиңде бар болсо, аны гыйбат кылган болосуң, ал эми жок жерден айып таккан болсоң, анда жалаа жапкан болосуң – деди (Муслим, Бирр, 70; Абу Давуд, Адаб, 40/4874).

Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бирөөнү ушактап, бирөөгө жалаа жабуунун арты менен жетишилген булганыч ийгилик же мансап адамды жан чыдагыс азапка кириптер кылаарын маалымдаган:
«Кимде-ким мусулманды гыйбат кылгандыгы жана анын ар-намысын тебелегендиги себептүү бир тиштем (заттык нерсе) жеген да болсо, ошончолук көлөмдөгү (азапты) Алла ага тозокто таттырат. Мусулманга жалаа жапкандыгы үчүн кимге (сыйлык катары) кийит кийгизилген болсо, Алла Таала ага ошол сыяктуу нерсени тозокто кийгизет…» (Абу Давуд, Адаб, 35/4881).

Алланын ардактуу Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Миражга чыкканда ушакчылардын акыреттеги жүрөк титиреткен абалын өз көзү менен көрүп, бизге кабарлаган:
«Мен Миражга чыкканымда жезден жасалган шиш тарак менен өз бетин, көзүн тытып жаткан чоң жамаатты көрдүм. Таң калганымдан Жабраилден сурадым:
– Жабраил! Булар кимдер?
–Булар (гыйбат, ушак таратуу менен) адамдардын этин жегендер жана алардын ар-намысы, абийири менен ойногондор – деп жооп берди (Абу Давуд, Адаб, 35/4878).

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#605 Пользователь офлайн   osh93   02 Сентябрь 2015 - 22:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

[size="4"][color=" Black"] ~ЧОГУ ЖАШООНУН АДЕП АХЛАГЫ~

Жоомарттык ар бирибиздин ички дуйнобуздо жашоосу керек. Башка бироолордун сезимдери менен озголордун муктаждыктарына биз озубузду жоопкер тутуубуз зарыл. Жаныбызга келген ар бир адамды ачкабы-токбу, кийими бутунбу, эс алуусу керекпи, деги анын ал-жайын, муктаждыктарын сурап, анан муктаждыктарын жоюп, жедирип-ичируубуз керек. Бул абдан маанилуу нерсе.
Бирок тилекке каршы, копчулугунон "башкаларды жашатуу учун жашоо" тушунугун коро албай жатам. Бул мени окунучко калтырууда. Дасторкондо олтуруп, жолдошторунун алдында нан жок, ага алыс отуруп калганы жана муну эч ким капарына албаганы мени абдан окундурот.
Анан да биз менен чогу иштеп, динге кызмат отоп жургондорду дастаркондон четте калтыруу, чогуу отурбоо туура эмес. Бардык адамдарды ардактап урматтоо биздин милдетибиз экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Болунуп жарылуу динибиздин адеп-ахлагына туура келбеген жорук.
Кайсы жерде, кайсы орунда , кандай шартта болбосун адамдардан алыстабагыла, болунуп жарылбагыла. Адамдарды тенсинбоодон ыраак тургула. Кандай гана жагдай болбосун ар- кимге сый-урмат коргозуп, аларды ардактагыла. Тамак-ашынарды алар менен болушкуло жана алар менен болгон мамиленерди узуудон алыс болгула. "Жалган дуйно" деп коюу оной. Бирок, ошол нерсени чын дилден сезуу абдан кыйын. Жараткан ошону сездирсин.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#606 Пользователь офлайн   osh93   03 Сентябрь 2015 - 10:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

АЯЛ, АЛТЫН ,БАКЫТ.

Бир адам жакшынакай жар күтүп, эл катары үй-бүлө куруп бактылуу жашагысы келчү. Бирок алгач кенч таап алып, дароо байып, анан бардар турмушта жашасам дечү. Ошентип, куру кыялга алдырып, кенч издеп жүрө берет. Бир күнү кудук казып жатып, катуу нерсеге туш болот. “Кенч” деп ойлойт. Ал чынында эле чоң кулпу салынган сандык эле. Кыйла кыйналып жатып сандыкты ачып, ичиндеги дагы бир сандыкты көрөт. Эптеп жатып аны да ачат да, “Ким кенч издесе, деңиз түбүнө түшсүн” деген жазуусу жана картасы бар кагазды табат. Сүйүнгөн бойдон деңизге келип, ордун таап, ал жактан кенч издей баштайт. Ошентип, ал жактан алтын сандык таап алат. “Ичи толгон дүнүйө экен го” деп кудуңдап, чоң алтындан жасалган кулпуну ачат да, ичинен дагы бир кичинекей алтын сандыкка туш болот. Ал сандыкты да ачып, оролгон жалгыз кагазды көрөт. Ал баракта төмөнкүдөй жазуу бар эле:
“Оо акылман адам, аялзаты эмне да, алтын эмне?
- Аялзаты жүрөктү жалындатып жибитет, ал эми алтын жүрөктү муздатат;
- Аялзатынын жанында адамдын жүрөгү жумшарат, адам жароокер болот, алтындын жанында жүрөк катуу болуп, өзүмчүл, таш боор болуп калат;
- Алтынды сактап, ал үчүн жан үрөп кам көрөсүң, ал эми аялзаты сен үчүн кам көрөт;
- Аялзатын сүйгөн жүрөк нурга толуп, башка адамга да жакшылык жасоого умтулат, алтынды сүйгөн жүрөк ар дайым сарсанаа болуп, жакынына да жамандык кылууга даяр болуп калат;
- Аялзаты сени жамандыкатан сактайт, алтын болсо жамандыкка түртөт;
- Аялзаты демиңе дем берип, өмүрүңдү узартат, алтын болсо санаага салат, аны сактайм, көбөйтөм деп жүрүп, өмүрүңдүн кантип өткөнүн билбей каласың. Ошондуктан жашоодо биринчи эмне керек экенин жакшылап ойлон: байлыкпы же үй-бүлөбү? Алтын бактылуу кылабы же аялзатыбы?”.  
Ал адам баракты акырын бүктөп чөнтөгүнө салат. Сандыкты болсо жаап, кайра деңизге ыргытып жиберет.
Ошондон кийин үйлөнүп-жайланып, аялы жана бала-чакасы менен бактылуу жашап калат.

Нике менен үй-бүлө куруу – менин сүннөтүм, эгер ким менин сүннөтүмдөн четтесе, ал бизден эмес (Хадис).
Байлык мүлктүн көптүгү менен эмес, балким, напсинин токтугу менен эсептелет (Хадис).

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#607 Пользователь офлайн   osh93   03 Сентябрь 2015 - 11:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Бир адам ажылык кылып жүргөндө колуна карыган адамды көтөрүп бараткан бир кишини көрүп калат. Ошондо анын жанына келип:
– Атаңызга ушунчалык сый-урмат көрсөткөнүңүзгө Аллах ыраазы болсун,– деп ыраазычылыгын айтат. Ошондо ал киши:
– Бул адам менин атам эмес. Арафат тоосунан жолугуп калдым, эч кимиси жоктугунан улам ошол жактан Муздалифага чейин артыма көтөрүп келдим. Ал жерден Минага алып келдим,– деп жооп берет. Ошондо андан:
– А муну эмне үчүн кылдыңыз? – деп сураганда, ал:
– Аллах Таала Куранда: «Чындыгында, момундар – бир тууган деп айткан»,– деп жооп берди.

Албетте, ар бирибиз үлгү ала турган окуя. Эгерде сен ошол адамдын ордунда болсоң, ошончо алыстыкка тааныбаган эле адамды “бул менин мусулман бир тууганым” деп жонуңа көтөрүп барар белең? Мейли, жонуңа көтөрбөсөң да, ал сага “жол көрсөтүп койчу же баланча жерге жеткирип койчу” деп суранса, ишиң кычап турса да, ага жол көрсөтүп жеткирер белең? Албетте, ар бирибиз ойлоно турган иш.

А биз азыркы күндө канчалык деңгээлде бири-бирибизге болгон бир туугандык милдеттерибизди аткарып жатабыз? Ааламдардын Жаратуучусу Аллах Таала бизди улутубузга, уруубузга, келбетибизге, жашаган жерибизге карабай “силер бир туугансыңар” деп айтты. Келгиле, бүгүнтөн баштап бири-бирибизге болгон бир туугандык милдеттерибизди аткаралы. Бири-бирибизге күйүмдүү бололу, өзүбүзгө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалайлы, бири-бирибизди тааныбасак да салам берип амандашалы. Кайсы жерде болбойлу, эгерде бир мусулмандын жардамга муктаждыгын көрүп калсак, анда экиленбестен, кечиктирбестен ага биринчилерден болуп жардам берүүгө умтулалы. Ар бир кылган жакшылыгыбызды адамдар үчүн эмес, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана кылалы. Мына ошондо Аллах Таала ортобузда бири-бирибизге болгон жакшы көрүү сезимди жаратат жана өз ара биримдигибиз күч алат.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#608 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   03 Сентябрь 2015 - 17:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Таннгору, бир окуяны жуктосом, исчез болуп кетиптирго жуктолбой... ))

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif.Kg: 03 Сентябрь 2015 - 17:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#609 Пользователь офлайн   osh93   04 Сентябрь 2015 - 09:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

~ЭҢ МЫКТЫ ЖУБАЙДЫН ҮЛГҮСҮ~

Мен мисалга тартууга ниет кылып турган жана аты төмөндө аталуучу мыкты аялдай жубайды, менин оюмча, биздин кундөрдө табуу мүмкүн эмес. Мен азыркы аялдарды анын жолун жолдоп калышаар деген үмүттө мисалга келтирүүдөмүн.

Мындайча бир окуя айтылып келет:

Казы Шурайх бир жолу атактуу аш-Шаабиге жолугуп калат да, андан анын үй бүлөөсү тууралуу сурайт. Ошондо Шурайх ал суроого минтип жооп берет: "Мына 20 жыл болду, мен өз үй бүлөмдөн менин ачуумду келтирген бир дагы нерсени көргөнүм жок". Аш-Шааби андан: "Кантип?" ,—деп сурайт. Шурайх ага минтип жооп берет: "Мен (үйлөнгөн) биринчи эле күнү андан (аялымдан) сейрек кездешүүчү сулуулукту жана мээримдүүлүктү көрдүм да өзүмө өзүм: "Даарат алып, Аллахты (мага кылган мындай жакшылыгы үчүн) алкоо максатында эки рекет шүгүр намазын окуу керек",-деп ойлодум. Качан намазымды окуп болуп, артымды карасам, менин жубайым да артымдан намаз окуп бүтүп калган экен. Анан достор кетишип, үй ээн калган кезде, мен ага жакын келдим да колумду сундум эле, ал мага: "Ашыкпа, Абу Умаййа",-деди да, сөзүн минтип улантты: "(Оболу) мен даңазалаган жана жардам сураган Аллахка мактоолорду айтам, Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) га жана анын үй бүлөсүнө (б.а. андан тараган урук тукумдарга) Аллахтан салам-салаваттар болуусун тилейм. Мен сенин (азырынча) чоочун аялыңмын, ошондуктан сенин кулк-мүнөзүң мага белгилүү эмес. Мага түшүндүрүп берчи: Сага эмне жагат, мен ошону гана тартуулайын, сага эмне жакпайт, аны мен таштайын. Сенин урууңда үйлөнүүгө боло турган кыз-келиндер да бар эле жана менин уруумда да мага жарашыктуу күйөө боло турган эркектер да аз эмес болчу, бирок Аллахтын чечими ишке ашты да, сен (мага) ээ болдуң. Ошондуктан Аллах Таала сага кандай буюрган болсо (мага) ошондой мамиле кылгын: "(Өмүрлүк жар кылып) кармап турсаң жакшылыкка кармагын да, башымды бошото турган болсоң, жакшылык менен бошоткун" . Мен ушундай деймин жана Аллахтан өзүм үчүн да, сен үчүн да кечирим сураймын" .

Уландысы бар...
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#610 Пользователь офлайн   osh93   04 Сентябрь 2015 - 09:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

⭐Ыйык жума маарек болсун жалпыга. Аллах берсин бекем ыйман баарына, Аллах сактап балээ кырсык апааттан. Тынчтык берсин өмүр берсин калкыма, Ыйык Жума күндөрдүн эң мыктысы! А биз аны кадырлабай келебиз. Кайдагы бир валентина күнү деп. Майрам деп арак- шарак ичебиз. Ата- бабаң тосту беле бул күндү. Айтчы негебиз ушундай немебиз. Жаңылгандар менби? Сенби? Кимибиз? Чындыгында кандай иштер жасаба. Бир күн келип акыретке кетебиз!
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#611 Пользователь офлайн   osh93   04 Сентябрь 2015 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ИсламОнлайнKG ツ
Хасан Басри айтты:
«Адамдардын жүрөктөрүнүн бузулушуна алты нерсе себеп болот:
1. Тообо кылам деген үмүттө күнөө кыла беришет;
2. Илим алышат, бирок ага амал кылышпайт;
3. Эгерде илимине амал кылышса, анда чын ыкластан кылышпайт;
4. Аллахтын ырыскысын жешет, бирок Ага шүгүр кылышпайт;
5. Аллахтын ага берген ырыскысына ыраазы болушпайт;
6. Өлгөндөрүн көмүшөт, бирок өлүмдөн ибарат алышпайт».

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#612 Пользователь офлайн   kelechektegiata   04 Сентябрь 2015 - 22:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 346
  • Катталган: 17 Март 15
  • Соңку аракети: 03 Ноя 2015 00:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Аллахтын ыраазычылын коздогон ниетте куч бар.
Бир замандарда такыба адам жашаптыр. Ал динге ото бекем экен. Бур куну ал айылында элдер чон дарака сыйынып жатканын угат. Аллахтын ыраазычылыгы учун даракты кесип салууга аттанат. Жолдо шайтан жолугат да даракты кыйууга каршылык корсотуп такыба адам экоо курошо кетет . Такыба женет. Шайтан аны азгыра баштайт ар куну жаздыгынын алдына акча коюуп кетем деп кондурот. З кун жаздыгынан акча алат 4-куну акча жок. Жини келген такыба даракты кыйууга дагы жонойт шайдан дагы алдын тороп курошо кетет. Бирок бу жолу шайтан женет. Анткени такыба биринчисинде Аллах учун келип женет да экинчисинде акча учун келип женилууго учурайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#613 Пользователь офлайн   osh93   05 Сентябрь 2015 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

~ШАШЫЛУУ~

Адамдын табиятында шашылуу бар. Эки аяти кариманын мааниси:

«Адам шашкалаң табиятта жаратылды.”

[Анбия 37]”

«Адам абдан шашкалаң”.

[Исра 11]

Шашылууга шайтан аралашат. Эки хадиси шарифтин мааниси:

«Шашылуу шайтандан, шашылбоо Рахмандан”.

[Тирмизи]

«Шашылбаган адам максатка жетет, шашылган адам ката кылат.”

[Байхаки]

Ошондуктан иштерде шашылбоо керек жана дароо чечим чыгарбоо керек! Шашылыш берилген чечимге шайтан аралашат. Напси каалаган нерсе эске келгенде шайтан:

«Мүмкүнчүлүктү коё бербе, дароо кыл!” — дейт. Ошондуктан, көңүлгө келген нерсени аткаруудан мурда бул иштен Аллаху таала ыраазыбы, сооппу, күнөөбү деп ойлонуу керек! Күнөө эмес болсо кылуу керек! Мына ушундайча шашылбаган болот.

Бирок, 5 жерде шашылуу керек болот:

1- Конок келгенде дароо тамак берүү.

2- Күнөө кылганда дароо тообо кылуу.

3- Намазды маалы киргенде дароо окуу.

4- Маркумду көмүүгө шашылуу.

5- Кыз же уул балдарга дин маалыматтарын жана намаз окууну үйрөткөндөн кийин балакатка жеткенде өз теңи чыга турган болсо дароо үйлөндүрүлүшү керек.

Ашиат-ул-лемеат китебиндеги хадиси шарифте: «Эй, Али, үч нерсени кечиктирбе! Намазды маалы киргенде дароо оку, жаназа намазын дароо оку! Жесирди же кызды теңи сураган кезде дароо үйлөндүр! ” – деп буюрган.

(Тирмизи)

Ошондуктан, намазын окуган, күнөөлөрдөн сактанган жана нафакасын халалдан тапкан бири бар болсо дароо аны менен үйлөндүрүү керек! Эгер үйлөндүрүлбөй турган болсо фитнага себеп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси:

«Силер динин, ахлагын жактырган бир адам кызыңарга талапкер болсо дароо үйлөндүргүлө! Эгер үйлөндүрбөсөңөр фитна жана фасадга себеп болосуңар.”

[Тирмизи]

Ибадатта жана кайырлуу иштерди аткарууда шашылуу керек. Бир нече хадиси шарифтин мааниси:

«Өлүүдөн мурда тообо кылгыла! Кайырлуу иштерди аткарууга тоскоолдук чыгуудан мурда шашылгыла! Аллаху тааланы көп эстегиле! Зекет жана садага берүүдө шашылгыла! Ушундайча Раббиңердин ырыскыларына жана жардамына ээ болгула!”

[Ибн Мажа]

«Садага берүүдө шашылгыла, себеби, балээ садаганы өтө албайт.”

[Байхаки]

«Беш нерсе келүүдөн мурда беш нерсенин кадырын билгиле: Өлүмдөн мурда өмүрдүн кадырын, оорудан мурда ден-соолуктун кадырын, дүнүйөдө акыретти табуунун кадырын, карылыктан мурда жаштыктын кадырын, кедейликтен мурда байлыктын кадырын.”

[Хаким]

Зекетин бербеген жана байлыгын акырет жолуна сарптабаган адам кедей болгон кезде өтө өкүнөт. Бир хадиси шарифтин мааниси:

«Тасвиф кылган адам куруйт.”
[Берика]

(Б.а., жакшы иштерди кийинкиге таштаган адам.)



,, ФИКИХ" китеби...










. Тузотуунун себеби: толук жазылбай калыптыр эле.

Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 05 Сентябрь 2015 - 11:20

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#614 Пользователь офлайн   osh93   05 Сентябрь 2015 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

~ЭҢ МЫКТЫ ЖУБАЙДЫН ҮЛГҮСҮ~

Уландысы...

Анан Шурайх сөзүн андан ары улантты: "Ошентип, Аллахтын ысымы менен ант берем, Аш-Шааби, ал мени мындай сөздү айтууга мажбур кылды жана мен ошол сөздү (минтип) айттым: "Мен даңазалаган жана жардам сураган Аллахка мактоолорду айтам жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) га жана анын үй бүлөсүнө (б.а. андан тараган урук тукумдарга) Аллахтан салам-салаваттар болушун суранам. Эгерде сен азыр мен айткан нерселерди ээрчий (б.а. аткара) турган болсоң, ал сенин насибиң болот, а эгерде ээрчибей (аткарбай) турган болсоң, сен айткан сөздөр (Кыямат күнү) өзүңө каршы далил болот. Мен мобуну(н мобундай болушун) жактырамын, ал эми мобуну(н мобундай) болушун жактырбаймын. Эгерде жакшы нерсени көрүп калсаң, ашкере кылгын, а жаман нерсе көрүп калсаң аны жашырып кой. Ал менден: "Менин өз үй-бүлөөмдү, (ата-энемди кез-кезде сенин уруксатың менен) зыярат кылып турушума кандай карайсың?" -деп сурады. Мен: "Мени бажалар менен кайынага, кайынинилердин тажатуусун каалабаймын" -дедим (б.а. "ал аталгандардын ат тезегин кургатпай келе берүүсүн эмес, өз аялымдын маал-маал менен ошол жакта көрүшүп турушун кааладым" -деген мааниде).
Анан ал минтип сурады: "айтчы, сен кошуналардан кимди өз үйүңдө көргүң келет, мен ага (үйүбүзгө) кирүүсүн уруксат берейин, алардын (б.а. кошуналардын) ичинен кимди жактырбайсвң, мен аны үйгө киргизбейин. Мен ага: "Мобулардын үй-бүлөсү такыба адамдар, ал эми тигилердин үй-бүлөсү жаман адамдар", - деп жооп бердим.
Мен анан (аялым) менен эң бактылуу күндөрдү өткөрдүм. Өз үйүмдөн мага жаккан нерселерди көрүү менен бир жыл чогуу өмүр сүрдүк да, анан бир күнү кийинки жылдын башталышында мен бир соттук олтурумдан кайтып келип үйүмдө кандайдыр-бир бейтааныш аялды көрүп, аялымдан: "Бул аял ким?"—деп сурадым. Ал: "Сенин аялыңдын апасы",—деп жооп берди. Ошондо тигил аял мага карай бурулду да: "Аялың кандай?",—деп суроо берди. Мен ага: "Мыкты аял",—деген жооп узаттым. Ошондо кайын энем: "О Абу Умаййа, аялзаты эки гана учурда абдан жаман (аял) болот:
1)Уул бала төрөгөн кезде (текеберлик ээлеп кетсе),
2)Күйөөсүнө толук канааттанган (б.а. жыргалды көтөрө албай көөп кеткен) учурда. Анткени, Аллахтын ысымы менен ант берем, эркектер өз үйлөрүнө кириптер болгон азаптардын баары эрке аялдардан келип чыгат".
"Ошентип мен аялым менен 20жыл бирге жашадым, бир гана жолку нерсени эске албаганда эч качан аны уркшканым жок, анда да мен өзүмдө күнөө боло туруп бир аз тил тийгизип алгам".
Мына ушундай болсо, аттиң, аялдар, алардын апалары, энелери....

Соңу.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#615 Пользователь офлайн   osh93   07 Сентябрь 2015 - 21:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

~

Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 07 Сентябрь 2015 - 21:55

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#616 Пользователь офлайн   osh93   08 Сентябрь 2015 - 10:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

"УЛУУ СОЛИХ ЖАНА АЛСЫЗ ИНСАНДАРГА ЗЫЯН ЖЕТКИРУУДОН САКТАНУУ"


Улуу Алла Таала :
قال الله تعالى: {والذين يؤذون المؤمنين والمؤمنات بغير ما اكتسبوا فقد احتملوا بهتانا وإثما مبينا} [الأحزاب: 58]،
" Ушундай момундар менен момун аялдарды кылбаган нерселерин кылды деп зыян берип жатышкандар чындыгында аларга жалаа жабышты жана анык куноону мойундарына которушту " деп айтат. Чындыгында момун мусулмандын урматы бар кандай абалда болушуна карабай , ар кандай учурда болбосун урматын жайына койуш керек , улуу пайгамбарыбыз (сав) созунун маанисинде : " Оо Каъба сен урматтуусун бирок бир мусулмандын урматы сенин урматынан жогору турат" деди , бул жон гана бир мусулмандын урматы , ал эми илим- билим, таква , узун омур коруп карылык жашына жеткен олуя инсандарды акарат кылуу , алардын журогун оорутуу , конулун тушуруу , жинине туйуу , урматсыздык кылуу , тоготпоо , созун укпоо , капа кылуу эн чоон бир куноолу иштерден болот , улуу бир инсанды урматтабай конулун ооруткан пенде омурундо жакшылык корбойт отот , улуу инсанды кордогон кор болот , улуу инсанды урматтап урматын ордуна койгон инсан бакыт табат , улуу инсандай улуулука жетишет , ошондуктан эл арасында урматка ээ болгон таква инсандардын конулун оорутуудан катуу сактануу керек , мумкун болушунча конулун табып , журогуно суйунуч , кубаныч киргизууго аракет кылуу керек , ал эми алсыз бей- бечара , майып , кедей кембагал , жакыр , кадыр барксыз , байкуш пенделерди тоготпостук кылбай , жээрибей , устунон кулбой , создорун укпай , конул бурбай таштабастан балким журок жаман коруп турса да тил менен жылмайуу менен аларды жылуу жуз менен тосуп алып , улуу Алла алардын ордунда кылбаганына шугур кылып , андай алсыз пенделерге мумкунчулук болушунча соз менен мал-дуйно менен жылмайуу менен карап , колдон келген жардамдарыбызды корсото билишибиз зарыл , улуу Алла Таала :
وقال تعالى: {فأما اليتيم فلا تقهر وأما السائل فلا تنهر} [الضحى: 9 - 10].
" Бирок жетимди ызаа кылба жана суроочуну жемелеп кыйкырып кууба " деди.
Ошондой эле эл арасында сырдуу болуп жашыруун болгон олуя адамдар бар экенин унутпашыбыз керек , ал адамдар ушундай Аллага ушунчалык жакын болгон адамдар , эгерде аларга ким зыян жеткирсе Алланын лаанатында калат , Алланын азабына туш болот , Алланын каарында калат , ал адамдар белгисиз купия жашыруун адамдар , ким экенини билбейбиз , ошондуктан ар бир мусулман олуя болуп калбашы учун ар бир мусулманга аяр мамиле жасап , дайыма конулун которо билишибиз керек , Оо жараткан Алла мусулман пендеге жакшы коз карашта болууга насып кыл , улуу пайгамбарыбыз (сав) рываят кылган хадис кудсийде Алла Таала :
: «من عادى لي وليا فقد آذنته بالحرب».

" Ким менин бир олуяма душмандык кылса , мен ага каршы согуш ачам " дейт ,
башка хадисте : " Ким багымдат намазын окууса , ал Алланын коргоосунда болот , эч киминер Алланын коргоосунда болгон нерсени талап кылбасын , ким Алланын коргоосунда болгон нерсени талап кылса , аны (Алла ) кууп жетет , андан кийин аны жузу менен тозок отуна ыргытат " деп айтат. Мына ошондуктан ар бир момундун урматы бар , ар бир улуу инсандардын урматы бар , зыян берип конулдорун оорутуудан сак болойлу тескерисинче аларды урматтын бийик которуп ардактап , барктап , жакшы мамиле кылууну улуу Алла баарыбызга насып кылсын.

Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 08 Сентябрь 2015 - 10:31

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#617 Пользователь офлайн   osh93   08 Сентябрь 2015 - 10:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

⭐Кандай досум ал-акыбал жакшыбы?
Аллах اللّٰه кошот жакшыларга жакшыны.
⭐Аттап өтпө Жараткандын ысымын, Улуу тутуп жинди бүбү-бакшыны.
⭐Алар билбейт сенин жеке тагдырың, алар билбейт көрдүн кенен тардыгын.
⭐Алар билсе койбойт беле Жараткан, өлбөс кылып бакшылардын бардыгын.
Сен ишенгиң Жалгыз гана Аллага
Бүт ааламга Элик кылат Ал гана.
Эртеңдерден түшөрмүн деп түз жолго, деп өзүңдү апендиче алдаба...
Сен адамсың толук акыл жетишкен, кел кыймылга кур калбайлы жеңиштен.
⭐Ислам нуру кызматты⭐

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#618 Пользователь офлайн   osh93   08 Сентябрь 2015 - 10:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

⭐Абу Хурайра ( розияллоху анху ) дан риваят: " Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам айтты: Алты нерсе аркылуу мен башка пайгамбарлардан артык болдум: Мага жыйынтыктуу, баарын ороп алуучу келме берилген. Мага сүр жардам берилген ( Аллах мага сүр берип душмандарды коркуткан ). Олжо малын мага адал кылган ( мурдагы коомго малы адал кылынбай от келип күйгүзүп салган ). Жердин баарын мага жайнамаз кылып берилген ( мурдагы коомго бир эле жерге намаз окууга өкүм берген ). Баардык жерди ( топурактарын ) мага таза кылып ( таямум кылып тазаланам). Баардык макулуктарга пайгамбар кылып жиберилген ( мурдагы пайгамбарлар бир шаарга же бир коомго пайгамбар болгон ). Мени менен пайгамбарлардын дарбазасын жапкан ( Тактап айтканда, менден кийин пайгамбар болбойт)" . ( Муслим ).

Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 08 Сентябрь 2015 - 10:51

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#619 Пользователь офлайн   osh93   09 Сентябрь 2015 - 10:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

[size="4"][color=" Black"] ~ЫЙМАН~

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!


Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#620 Пользователь офлайн   osh93   09 Сентябрь 2015 - 10:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

~ЫЙМАН~

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
«Ыйман келтиргендер жана
жакшылыктарды жасагандар – бейиш
тургундары, алар анда түбөлүк
калышат» [Кураан, 2-сүрөө,
«Бакара», 82]

Аллах зыян кылганды кечирген,
жамандык каалаганга жакшылык
каалаган жана үзүлгөн
тууганчылыкты улаган мусулмандын
даражасын көтөрөт.

Аллахты сүйгөн Анын жараткандарын
да сүйөт.
Аллахты тапкан эмнени жоготту?
Аллахты жоготкон эмнени тапты?

➡Бейиштин ачкысы –таухид, жеңиштин
ачкычы-сабыр, намаздын ачкычы-
даарат, молчулуктун ачкычы-
чынчылдык, берекенин ачкычы –
шүгүр, жооптун ачкычы-дуба,
билимдин ачкычы- кунт коюу жана
туура суроо берүү.

➡Тилиңди Аллахты зикр кылуудан
токтомоюнча, периштелер бейиште
сенин сарайыңды куруудан токтобойт.

➡Кедейликтин сулуулугу –сабырдуулук,
байлыктын сулуулугу – шүгүрчүлүк.

➡Исламдан жогору сыймык жок,
такыбалыктан жогору жакшылык жок,
тообадан жогору коргонуч жок,
ийгиликтен кооз кийим жок.
Күмөндөн акыйкат жоголбойт.

➡Эгер сенин эсиң бекем болуп,
эстегениң арман болсо-демек сен эң
бактысыз адамсың.

✏Автор:Мыктыбек Арстанбек.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: