Суперстан: Айландын окуясы: Күнөө кимде? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Айландын окуясы: Күнөө кимде?

#1 Пользователь офлайн   Balamir   04 Сентябрь 2015 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Абдуллах Курди Европадан орун-очок алып, өз үй-бүлөсү үчүн жакшы шарт түзүп бере алам деп ойлогон. Эми ал деңизди жектеп, балдарынын сууга чөгүп бара жатканы көз алдынан кетпей турат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Сириялык качкын, Грецияга жетем деп баратып, бүтүндөй үй-бүлөсүн жоготкон Абдуллах Курди Sputnik Türkiye маалымат агенттиги менен өз кайгысын бөлүшкөн.

Шаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон. Сириялык баланын өлгөн сүрөтү интернетте пайда болуп, дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салды.

Баланын атасынын айтымында, ал үй-бүлөсү менен 2012-жылга чейин Сириянын Шам провинциясында жашаган, бирок согуш башталганда өлкөнүн түндүгүнө, Кобаниге көчүп келишкен. Үй-бүлөсүн ал жакка таштап коюп, өзү акча табыш үчүн Түркияга келген экен.

" Стамбулда курулушта иштедим, бирок согушкерлер Кобани шаарына чабуул коё баштаганын укканда, үй-бүлөмдү Стамбулга алып келгем", — дейт Курди.

Ал өзү иштегенине карабай, жашоо кыйын болчу дейт. Бир тууганы Канадада, эжеси Швейцарияда иштейт экен.

" Эжем бизди Европага чакырган. Ошол үчүн эмнеси болсо да ал жакка кетели дегенбиз" , — дейт качкын.

Курди качкындарды ташып жүргөн бир контрабандистти тапканын айтат. Ал Курдиге Грецияга жеткенге жардам берем деп убада кылып, кызматы үчүн 1200 доллар алган экен. Контрабандист анын үй-бүлөсүн Бодрумдун көп көзгө илинбеген булуңдарынын бирине жеткирет.

" Түн ортосуна жакын мен үй-бүлөм жана дагы өзүмө окшогон 13 киши менен кайыкка отурдук. Деңиз жээгинде бизден башка эч ким жок болчу, биз жакшы жашоону беттей жөнөдүк. Кокустан пайда болгон толкун кайыкты чайпай баштады", — дейт качкын.

Контрабандист кайык оодарылганга чейин андан секирип кеткенге үлгүргөнүн айтат Курди.

" Кайык көңтөрүлгөндө баарыбыз толкуган деңизде калдык. Мен уулдарымды сактап калганга аракет кылдым, бирок колумдан келген жок. Баары менин көз алдымда чөгүп кетишти", — дейт кайгыга муунган ата.

Дагы беш адам, анын ичинде эки кенедей бала чөгүп кеткенин, сууда сүзгөндү билген сегиз гана адам аман калганын ал кошумчалады

" 3,5 сааттан ашык сууда болдум, анан мени куткаруучулар таап алышты", — деди Курди.

Анын айтымында, ал үй-бүлөсүн жерге берип, алардын жанында калыш үчүн Кобаниге кайтып барат.

" Мен өз уулдарым Айланды, Галипти жана аялымды аябай жакшы көрчүмүн. Европада орун-очок алып, өз үй-бүлөм үчүн жакшы шарт түзүп бере алам деп ойлогом. Эми ал деңизди жек көрөм, көз алдымда балдарымдын сууга чөгүп бара жатканы кетпей турат", — деди Курди.

Качкын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн мыйзамсыз мигранттардын өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырат.


Спутниктен

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Сентябрь 2015 - 20:38

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Balamir   04 Сентябрь 2015 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт


Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Balamir   04 Сентябрь 2015 - 21:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Аллах элибизге тынчтык, амандык жана ынтымак берсин!
Мындай окуя ар бирибиздин башына келиши толук ыктымал. Балким, Европа өлкөлөрү мигранттарга эшигин ачканда, качып отурбай эле кыйынчылыксыз жетип алышат беле. Кантсе да Аллахтын буйругу.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Сентябрь 2015 - 21:25

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aijan   04 Сентябрь 2015 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Мага окшогон жаш балалуу энелерге катуу эле тиет экен, чынында. Теманын жабылуусуна кандай карайсыз, автор? Же жок дегенде белги коюп койсочу?

Кандай айырма, ким куноолуу, балдар олуу болгонунун озу канчалык жаман нерсе! Бул жерде "башка кайталанбоосу учун, тудум, судум" деген ото гумандуу миссияны коздоп башка мигранттардын балдары, оздору учун ылайык келген жолдордун варианттарын караштырып, чечим кабыл алып, аны Евросоюзга жонотуп, алар биздин пикирдин негизинде оз саясатын озгорткон кундо деле... кокустук, бешене, Кудайдын ою(божий промысел) дегендин да кайсы бир денгээлде оз пайызы бар...

Дуйнодо бул эки баладан болок миллион, миллиард киши олуп жатат. Саат сайын, минут сайын, секунд сайын...
Адамдардан болок канча жан жаныбар, курт кумурска омуру менен коштошууда.

Жон эле журокту жаралай бербегилечи. .. Бул суроодо мен кумга башын каткан страус эле болуп калгым келет.

Себеби тируу нерсе созсуз олот. Эртеби, кечпи...

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aijan   04 Сентябрь 2015 - 23:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Болгону эч бир ата-эне балдарынын озунон мурун коз жумуусун каалабайт.

Азыр эми бул кичинекейлердин олумуно каршы биз эч нерсе кое албайбыз. Бизде андай салмактуу нерсе жок. Жон эле журок тилинип жатат да.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Gulnazz93   05 Сентябрь 2015 - 00:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

aijan, эженин созуно кошулам коруп алып боорум ооруп кетти эч бир энени баласынан ажыратпасын Жаратканым!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   medina.   05 Сентябрь 2015 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

:(
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Narynbek   05 Сентябрь 2015 - 03:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Дүйнө эли тынч болсунчу.Элибизде макал бар эмеспи.Коңшуң тынч өзүң тынч деген.Элибизге эле эмес дүйнө элине тынчтык каалайлычы.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   TbIKE   05 Сентябрь 2015 - 23:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 648
  • Катталган: 31 Май 14
  • Соңку аракети: 12 Дек 2015 21:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар мекени!

Күнөө кимде экенин биз эмес, тергөөчүлөр да аныктай албаса керек...
"МЫ часто обманываем самих себя. Мы думаем, что мы особенные, но судный день действительно покажет, какие мы особенные."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Vo_i_ni   09 Сентябрь 2015 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2015 21:35
  • Жынысы:Эркек

Абдан аянычтуу...,балдардын атасына жана жакындарына терен кайгыруу менен кoнул айтам... Кайрат кылыныздар. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   meerimka86   09 Сентябрь 2015 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Окуя абдан аянычтуу..Качкындар жонундо окуп отуруп ойлоном да,Сириядан качкандар кобу(баары десем да болот)мусулмандар, неге Сауд Аравия аларды чакырбайт.Эн бай олколордун катарын толуктайт го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Balamir   14 Сентябрь 2015 - 19:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Кайгырба наристе!
Баары өлөт,
Кимдир топуракка,
Кимдир жүрөккө көмүлөт.

Туура, учурда бир гана Айлан эмес миңдеген жаш балдардын өмүрү кыйылып жатат. Бир эле Сирия эмес. Газа, Иордания, Бирма, Африка өлкөлөрү. Көпчүлүк ММКларда өлүгү жээкке чыкпай калгандыгы үчүн маалымат катары берилип гана тим болуп атышат. ММКнын ролун көрдүңөрбү? Сирия башталды Газа унутта калды. Ушундай...
Бул сүрөт Айланды гана эмес тагдыры өзүнө окшоштордун баарынын абалын көрсөткөн сүрөт. Балким, Айландын ордунда киттин баласы же европалык бирөө болгондо башкача болмок. Дүйнөнү дүңгүрөткөн дөө ММКлар, телевидение, газеталар тынымсыз жарыяласа керек эле. Өлгөндөр мусулман болгондугу үчүн, адам укуктары деп кыйкырган ЕС, ООН сыяктуулар азыр үч маймыл. Буларга эмне, бир тараптуу караганда туура кылышат! Өлүп аткан христиан же еврей болбогондон кийин. Бул уюмдар өздөрүнө кызмат кылуу үчүн түзүлбөдү беле!
Ошентсе да европалык жарандардан жардам колун сунгандар көп. Пайгамбарыбыздын (сав) убагында жашаган Нажашинин небере - чеберелери азыркы күндө да бар экен. "Исландиялык 13 миң үй-бүлө Сириялык жарандарга эшигин ачты" деген кабарды окуп калдым эле. Өлкөсүнө бир да качкын албаган Сауд Арабистан, Катар ж. башкаларына сабак болсун. Баарына.
Күнөөнү кимден издемек элек? Мусулмандар топ-топ болуп христиан өлкөлөрдөн жардам сурап жатса...
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: