Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#461 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жигит ушундай сонундар дуйносундо
шапар тээп журуп, Асан менен Усонду да унутуп калды. Баягы, Жайнагул, бала деп,
жалындап сокчу журоктогу мээрим, азыр Зыйнаттын махабаттуу адамгерчилиги,
кереметтуу эмгеги менен алмашты.

Зыйнат Толкунбектин мунозун да,
журогун да конулундо сынап журду. Кундор отуп жатты. Кыраакы аял, акыры анын
уй-булосун мурункудай эстебей баратканын кун откон сайын кобуроок сезе баштады.
Бирок Толкунбек унутканы менен Зыйнат Асан менен Усонду унуткан жок. Эмилдин
балдарына, синдилерине деп шылтолооп саякатта жургон мезгилдеринде алган
белектерин Москвага келгенде
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#462 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

болуштуро баштады. Ал Толкунбекке айтпай Асан менен Усонго деп арнап алган окшош костюм менен Жайнагулго алган койноктук кездемени озунчо, Толкунбектин ата-энеси менен Жанатка алган белектерин почта аркылуу оз-озуно жиберип ийди.
Алар саякаттары аяктап, алыскы жолдон кайтып келгенде, Зыйнат бир арасат ишке дуушар болду. Уйун ачып кирери менен таяке, таженеси, тигилердин артынан эрчий киришти. Кол алышып корушуп, аман -эсен келгендерине карыя алакан жайып дуба кылды. Зыйнаттын козу тигилер алып кирген бандеролдон отуп турду. "Мен жиберген посылкага окшош экен" деп ойлогончо болбой, таженеси кучагындагы газета, журналдарга аралаш, тигини да стол устуно койду.
-Бул эмне посылкабы?,- деди Толкунбек адресин карап. Ошол замат жигиттин козу Зыйнатты суроолуу карап мостое тушту. Бирок келин аны караган да, посылканын оз уйуно келгенине танданган да жок. Тек гана ундобогон клыбында ордунан турду. Жерде турган чемодандардын бирин ачып, байбичеге алып келген белектерин берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#463 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Карылар кубанычтан коздору нурданып, ууруттарынан кулку тогулуп, Зыйнатты алкап жиберишти.
-Рахмат алдына кетейиндер. Ылайым кем болбогула. Биринердин убайынарды биринер коргуло. Мен самоор коеюн, тигил уйго барып чай ичкиле. Самоордун чайын жакшы коруучу эмес белен, сагынгандырсын. Силерди келип калабы деп бугун эртелеп нан жапкамын.
-Жарайт, жарайт, тажене, кайнаганда баралы.
Уйдун ичи мемиреп жылуу экен. Дароо экоо тен, ички-тышкы кийимдерин чечинишип, башка кийимдерин кийишти. Толкунбек кайра чыгып газета, журналдар додо болуп уйулуп жаткан столдун жанына келип, ак матирялга дыкан оролуп тигилген алиги, бандеролго окшогон суйру баштыкка козу тушту. Анда Толкунбектин мурдагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#464 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

уйунун адреси менен жиберилген Жайнагулдун фамилясы бар болчу. "Тобо, Зыйнаттын колу экен. Кайсы убакта жиберууго улгурду экен бул посылканы. Кызык. Муну менден жашырып айтпаганы кандай.? Анан. Жайнагулго барбай, кайра бул жакка келип калышына тушунбой, ойго батып турганда, жанына Зыйнат келип минти:
-Эки айдан бери тим эле тоо болуп уйулуп кетиптир го газета, журналдар. Кат-кабар бар бекен?
Зыйнаш, кат-кабардан мурда мына бул посылканын сырына тушунбой жатам да. Сенин унчукпаганындан кийин, мен да сурай алган жокмун тайкелеринден. Адреси чаташкан эмне болгон посылка? Муну жазган сенин колунбу, же?
-Ооба, менин колум, коруп турбайсынбы?
-Жайнагулго бир деме жибердин беле?
-Асан менен Усонго костюм салгамын.
-Толкунбек Зыйнаттын эмне учун, кандай себептен жибергенин териштирип сураган да жок. Айткпндан эле:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#465 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Бекер кылыптырсын. Бир ооз мага кенешсен болмок экен. Костюм эмес, ага каптаган алтындын кереги жок. Ушуга кандайча акылын жетпей калды....
Зыйнаттын эмики кайгысы Толкунбектин ата-энесине жиберген посылкасында болуп турду. Кокус Жайнагулго айтса, кайра жибертип жиберуучудой болгон олку'-солкулук журогун ойуй баштады.
-Мен дагы бир посылка жибергемин, -деди Зыйнат, кабатырланып.
-Эми ал да кайра келеби?
-Кимге ? Дагы Жайнагулгобу?
-Жок, сенин ата-энене.
Толкунбек аялын тиктеген бойдон ойлоно тушту.
-Тобо, мунун баарын кайсы убакта, кайдан жиберип журосун. Бирге жатып, бирге туруп журуп билбей кплганыма тан калып олтурам. Жиберсе кайра жиберип да коюшат. Эчтеке айталбаймын. Эмне, Москвадан салдын беле?
-Ооба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#466 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Айылдагыларга ким жиберди деп жаздын эле?
-Сени.
Толкунбек башын чайкап унчукпай калды. Анан кайра келген бандеролдун тигиштерин согуп ача баштады. Анда балдарына атайын заказ менен ьигилгендей болгон татынакай окшош кастюм, бурап койсо ун чыгарып, озу басуучу пилдин кичинекей балдары менен энеси бар экен. Экоо эки жерде туноруп карап турушуп. Асан менен Усондун ушул костюмдарды кийбей, оюнчуктарды ойнобой калганына ичтери сыйрылды. Тээ бир окумда Зыйнат куйоосуно карады:
-Журу эми, чал-кемпирдин чайын ичип чыгалы. Кутуп кплышты го.
Уй ээлеринин мандайлары жаркып, "балдарынын" барган жерлеринен эмнелерди корушконун, кандай шаар, кандай жерлерде болушкандарын жарыша сурап жатышты.
-Мен согуш мезгилинде Киевде, андан кийин Савастополдо салгылаштым. Кайран шаарларды кан менен бошотук эле. Фашисттер тарпын чыгара талкалабадыбы. Ошон учун согуш, ошон учун душман экен да.
-Оо, эми корчу болсонуз, ал жерлерди тааныбайсыз. Эмнесин айтасыз, коргон адамдын козу тоюп, конулу кокко сермелет. Баскан-турган жерлердин баары тим эле кузгудой жалтырайт. Ушундай тазалыкты коруп туруп, ширенкенин талын таштоодон, айбыгасын. Андагы талкаланган имараттардын ордуна асман мелжиген кабат-кабат уйлор салынган. Дукондор толо дунуйо, тамак-аш. Барчылык да, токчулук да бизде тура, таяке. Ылайым ушул кунубуз кут болсо экен....
-Ии, болсун, болсун! Жакшы созунор бар экен.
-Бир барып, озунуз салгылашып, озунуз душмандан бошоткон жерлерди коруп келсениз, он жашка жашарып кайтаар элениз....
-Толкунбектин ушинтип кызуу созго кирип, суйлошуп олтурганынан пайдаланып, Зыйнат таженесине энкее берип, жанагы посылканы ким
алып келгенин шыбырай сурады. – «Алиги, оруулууларга баруучу догдурдун
машинасын айдаган орус жигит келип, Эсеновага берин коюнуз» - деп таштап кетти
балам. – М-м, - деп ичинен улутуна деп алып, унчукпай калды муну уккан келин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#467 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

– «Алиги, оруулууларга баруучу догдурдун
машинасын айдаган орус жигит келип, Эсеновага берин коюнуз» - деп таштап кетти
балам. – М-м, - деп ичинен улутуна деп алып, унчукпай калды муну уккан келин.

Алар кошунасыныкынан чыкканда
кундузгу бошон тарткан копшок карлар кайра муздай тонуп, тун чакыроон тартып
турган. Зыйнат куйоосун колтуктап алып, салмагын сала басты.

-Эмне кылалы, кийинип алып бир аз
аба жутуп келелиби басып?

-Албетте, ушул бойдон жатып алсак,
ашказандын шору катат го.

Алар таза абада бир саатча басып
журуп, чыйрыгып ушуй баштаганда Гана кайра тартышты. Экоо эртенки кунду кандай
откорорду, кайда барууну суйлошуп жатышып, бир созго келе албай коюушту. Бири
тоого барып лыжа тебебиз десе, бири музга барып кечинде коньки тебебиз дейт.
Акыры бул талашты уйуно келгенде, каракотон кармашып ошондон кийин жыйынтык
чыгарышмак болушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#468 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эртеси ойдо жок жерден тундогу лыжа менен
тоого барабыз деген пландары бузулду да калды. Толкунбек гараждан машинасын
айдап чыгып, усту-бащын айнегине чейин жалтырата суртуп, чехолдорун чыгарып,
башкасын кийгизди. Анан бир чон туйунчок болуп туйулгон кирлерин кир жучу жайга
откоргону салышты да аялы экоо жоноп кетишти.

Озунун уйунун терезесинен карап
турган таеженеси озунчо ойго батат. «Бечара, Зыйнат акылы бар, эстуу киши
болуптур. Бул суротчулук деген чон кесип экен го. Анан муну окмоттун жогору
баалаганын кара. Куйоосу уйунон чыгып, жумуштан бошоп кайра келгенче жаркыраган
бир «Волгоны» алып келип токтотуп койду. Илгери ат мингизген атак эле. Азыр
Адам бири-бирине ат ордуна машина мингизип калган заман болгон тура. Ой
бо-о-о-й, бул, дунуйо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#469 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

дегендин кызыгы оной эмес экенго чиркин. Бала-чакасын, айнактей болгон колуктусун унутуп, Зыйнаттын уйуно баш-оту менен кирип берди бул жигит. ". Аял ушуларды ойлоп туруп, оор улутунуп алды: "Бироо балага жетпей зар энгиреп журсо, бироо баладан безип!" "Бироого зар дуйно, бироого кор дунуйо", -деп ошол учун айтат тура.
Бир демге ой басып туруп, тушку тамакка эмне жасасам экен дегенсип, казан-аяк жагына бир карап алып, кой, "бекер турганча бекер иш" дегендей, балдарга каттама жасап берейин деп ойлоду. Балакетинди алайын, Зыйнат катаманы жакшы корот эмеспи. Озунун тушку тамакка ушуну тапканына кубанып да кетти. Жаны эле идиш алып унга чыгайын дегенче болбой, машинанын уну дур дей тушуп, дарбаза шарт ачылды.
-Ырыс тажене, -деди Зыйнат машинедеги баштыкты колуна алып.
Аял Зыйнаттын уну чыгар-чыкпастан эле уйдон жугуруп чыкты.
-Тез эле келип калдынар го кызым?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#470 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Келин колундагысын аялга берип жатып суйлоду.
-Бат эле келдик. Бул эт. Озунуз билип тушко бир тузук тамак жасарсыз. Менин бл сапар тамак жасоого пайдам тийбейт. Уй ичин бир сыйра кар барда кубуп-кагып алалы дедим.
-И-и, ошенткиле. Кун узарып, кыштын шайы ооп калбадыбы. Мен озум эле жетишем, балам. -Ырыс апа уйун коздой кетип баратып, кылчая карады. -Эгерде аш манты жасап берсем кандай болоор эле?
-Болот, болот, тажене.
Толкунбек менен Зыйнат журкан-тошокторун, килем-келчелерин, жерге салган паластарын бут алып чыгып, кунго жайып жаны эле бутушкондо. Толкунбек кермелердин оор салмактан чоюлуп кеткендерине тирооч коюп жаткан.
А Зыйнат болсо ми гана полдорду жууганы чылапчынга суу куюп жуучу чупурокту жаныдан эле олуна алган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#471 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул кезде Толкунбек менен
алы-жаны калбай эпилдеп учурашып жаткан аялдын уну Зыйнаттын кулагына шак дей
тушту. Тааныш адамдын уну сыяктанат, ким болуп кетти деген кыялда кылчайып
караганча болбой колуна сумка кармаган Толкунбектин баягы Акмат деген
кошунасынын аялы Кермекаш эже Зыйнатты карап жарк этти. Зыйнат да аялды коруп,
чыны менен эле, эмне деп айтаарын билбей суйунуп кетти.

-Оо, келиниз эже, келиниз! – Келин
колун чайкап, аял менен кол алышты. – Бизди эстеген экенсиз да.

Ал эми Кермекаш болсо Зыйнатты
кучактап, эки беттинен эки опту.

-Эстебей анан. Баягыда бир аябай
камынып алгамын. Учурашканча, Толкунбек экоонун баш кошконун куттуктайын деп,
чыкканы жатсам, ким бироо: «Алар туристтик путевка менен саякаттап жер кыдырып
кетишти» - деп айтса, оозубуз ачылып, эсибиз ооп калыптыр. Ошондогу окунгонум
ай, аябай капа болбодумбу. «Буйругу жок ашка мурун канайт» деген ошондой болот
экен. Кандай деги, барган жеринер багып, кыз конулго жагып дегендей, жакшы барып,
жакшы келдинерби. Ленинград менен Москвада биздин Кыргызстанда болбогон не бир
сонун буюмдар болот дейт го. Тим эле коптугунон уйулу-у-у-п, уйулу-у-ууп турат
имиш. Дунуйону аябай эле басып келсенер керек. – Аял акырын суйлоп, Зыйнаттын
кулагына оозун жакындатып: - Толкунбек момундай жигит, - деп баш баргмагын
корсотуп койду. – Качан келдинер?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#472 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эки кун болду. – Зыйнат аялдын
эчтеке корбогондой, жамажайынан шилекейи акканча дунуйо деп, олуп-очуп суйлоп
жатканына итатайы тутулуп, куйкасы куруша тушту.

-Келип алып эле кырынып-жышынып,
уйунорду тазалап кирген экенсинер да.

-ООба, эже, бир сыйра кагып-кугуп
алалы дедик. – Зыйнат уй жууганы жаткан чупурогун чылапчындагы сууга



кайра таштады. Ушундай кысталыш мезгилде чакырылбай келген мейманына ичинде: "Же эрте келбей, же эртен келбей" дегенсип турду. Бирок сыр билгизбеди. -Уйго кириниз. Кап, баарын чыгарып салбадык беле. "Конок менен олум айтып келбейт" деген ушул да, демиш болуп койду.
-Уй жууганы жаткансын го.?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#473 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ооба, жууюн деп жаткамын. Мейли эми кийин деле жуулар.
-Кийин деген эмнеси. Баштаган ишти таштаган кантип болсун . Мен деле пол жууп , уй кармап жургон катынмын. -Кермекаш чечине баштады. -Келе жанагы уй жууган чупурогунду. Кудай ала койсун, сокур ит итаягын жалаганча ары-бери кылып жиберем.
-Жок, жок, мен озум эле жууйм эже, азыр жуулбаса кийин жуулар. Шашылыш жок. Уй жууган колунуздан айлансын. Уйго келген мейманга жумуш жасатып, уй тазалатып жинди белем.
Аял шымаланып, чылапчындагы чупуроко кол узатты. Зыйнат Кермекаш жаны эле суудан алган чупурокту талаша баштады.
-Кагылайын, наамыстанбай эле койчу, Зыйнат пол жуудурду деп кочого чыгып кыйкырмак белем. Мен озум сурап жатпаймынбы.
-Бул ишиниз жарашпай эле калды. Бекер эле кожолуп жатасыз. Бериниз озумо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#474 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эки аял уй жууган чупуроктун бир жагын бири, бир жагын бири кармап коебербей турушту. Зыйнат тажаганда чупурокту кое берип туруп калды. Зыйнат тигил аял бир болмону жууп чыкканча, озу калган бардык болмолорду молтуротуп жууп, айнек-терезелерди, жыгачташтын бардыгын жаналекетке тушуп суруп чыкты.



Демиккен аял Зыйнаттын шамдагай-шайдоотугун коруп туруп ыраазы болду. Кудая тобо, уй кармап, оокат кылышты кайдан уйронду юолду экен., -деп ойлонуп минтти:
-Азамат турбайсынбы. Мен сени сурот тартып койуп эле, койкойуп боюн жасап, озун сылагандан башканы билбеген ак кол, ак чучтун бири го дечу элем. Корсо, онордун баары сенде жаткан турбайбы.
Зыйнат каткырып кулду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#475 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кудай аял кылып жараткандан кийин, аялдык сапат да болуш керек да , эжеке....
Толкунбек менен Зыйнат жайылган оокатарын кубуп-кагып, уйуно алып киришип, бир аматта ыйнаштырып жиберишти. Анан мейман аялды Зыйнат залга баштап кирди. Кермекаш эки жагын тегерете карап, эмне унуйосу бар экен деп сынап жаткандай туюлду.
Аял аста мурдун чуйруп койду. "Оокат дегендей оокаты деле, дунуйоо дегендей дунуйосу деле жок, жупуну жашаган неме тура. Тапканынын баарын эркектер менен журуп, эки жакка барып, конул ачканга жумшаса керек. Бой-бойдок адаидын кылаары ушул да.
"Кундук омуру болсо, туштугуно жорго минип" жашаган неме да.
Анан эмне, энкейген кары, эмгектеген балдары болбосо. Тулкудой жойлоп журуп, бироонун ак никелуу эрин тартып алды. Толкунбек бунун эмнесине кызыкты экен. Келген аял ушуларды ойлоп олтурду. Анын ичин озгочо коптуруп турган дагы бир нерсе болду. "Силердикине барганда ичип-жешип туралы, биздикине келгенде ойноп-кулуп туралы" деген соз оюна кайра-кайра тушо берди. "Тобо, жок дегенде койгон чайы, жайган дасторкону жок, какшыган немелер го. Зыйнат барганда айтарга созумду, берерге ашымды таппай калчу эмес белем. Дагы кой союп, коноко чакырам муну. Буга караганда Жайнагул жайыл дасторкон келин тура. Толкунбек таштап кетсе да, казаны боксо кайнай элек. А бул азезил болсо, жылаанга ак чачпаган жезтырмактын бири тура. Мында деп алып кел-
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#476 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

ген сумкасын эстеп, бергиси келбей айнып
калды. Буларга бергенче кайра уйумо алып кетейин. Талаада жаткан оокат бар
бекен. Ошентип, эки жагын айланта карап, булардын турган турмуштарына, жыйган
дуйносуно ыраазы болбой, сабыры салкын тартып олтурду. Сумкасында баягы жанын
жай алдырбаган бир шише арак менен бир килограмм конфетти дагы эле жадысына
жабышып, оюнан оолактабай, мээсин сукуп жатты. Ушул убакта тыштан Толкунбек
менен Зыйнат ээрчише кирди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#477 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Мен кетейин, - деди аял ордунан
козголо берип. – Мына бул жогору жакта бир тааныш дукончунукуно барып келатып
эле, силердин уйдо коруп Кире калдым.

-Эмнеге кетесиз, тамак ичиниз
олтуруп.

-Ракмат. «Асыла эле кашка
куткончо, атандын башына кут» дегендей, быша элек ашка кандай кутом. Жайнагул
экообуз да бир жакка бармак элек. Эрте келиниз эже, - деп калды эле. – Бул
созду Зыйнат кантээр экен дегенсип, азыр эле оюнан чыгарып айта салды.

Зыйнат эчтеке айтпай дасторкон жая
баштады.

-Антип «Асыла элек ашка куткончо…»
- деп катуу кетпениз эже. Биздин тамак озу эле быш десек бышып, туш десек тушуп
калат дасторконго.

Кермекаш чыны менен эле тан калып
олтурду. «Э Кудай, эчтекеден эчтеке жок эле дасторкон жайган эмнеси. Же муздак
бирдеме менен узатайын деп жатабы».

Кермекаш ушинтип ойлоп олтурган
кезде, эшик ачылып, Ырыс апа, булоолонтуп аш мантысын которуп келип,
дасторкондун ортосуна койду. Анын артынан кок буусун кокко буркуп, ак самоор
кирди.

-Булар ким? Короонордо башка
кишилер да бар турбайбы ээ. Биз дагы силерди оздору эле жалгыз турат экен
дептирбиз. Квартиранттар го?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#478 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жо, квартиранттар эмес, бир
тууган таякем. Кочуруп келип алганмын. Коп болду. Канна, ашка караныз эже.
Муздап калбасын. Биз жакта муну аш манты деп коёт.



Кермекаш келгенден бери Толкунбектин эсине Асан менен Усон, Жайнагул баш болуп кайра-кайра тушуп турду. Зыйнаттын козунчо аларды дап да сурай алган жок. Ал эми Кермекаш болсо, Толкунбек балдарын сурар бекен деген ойдо, аны сынай тиктей берет.
-Аштан алыныз, чайдан ичиниз....
-Ичтим алдынакетейиндер. Эмесе, дасторконго батаа кылып койолу. Менин ниетим силер учун ак. Ошон учун ак даамынардын устунон чыгып олтурам. Оомийин, экоонду бак дарып, кызыр дарысын, алдынарды балв, артынарды мал басын....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#479 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ой, рахмат, айтканыныз келсин., -деди Зыйнат аялдын созун кубаттаган болуп.
Зыйнат бул аял жонундо жакшы соз уккан эмес. Баягы уйуно конокко чакырганын бироолорго айтса, "О, кокуй, андан сак бол. Кермекаш деген кер ооз аял. Эки жуздуу, ушакчы неме" деген. Ошондон кийин Кермекаштан чочуп калган. Бирок Асан менен Усон учун аргасыз баруучу. Кийин барып Жайнагул куйосунун куносун кечирип коюусун суранган. Бирок бул аялга бузуп айтканын, же тузоп айтканын ушул убакка чейин билбеген бойдон калды,. Зыйнат азыр бул аялдын, жок шылтоону айтып баса келгенинен шектенип, анчалык ачыла бербей олтурду. "Биздикине кандайча келип калды. Отуп баратып эле кирип калган имиш. Жок, жок, бул атайы келди. Максаты эмне болду экен? Кетем деп шашылымыш болуп дасторконго бата кылып коюп, эмнеге олтуруп калды кетпей".
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#480 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   06 Сентябрь 2015 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Зыйнат ушуларды ойлоп. А Кермекаш болсо созду кайсы жактан, эмне кылып баштаарын билбей, уй элерин алмай-термей карап, бир ааз унчукпай олтуруп, анан минти:
-Баягыда, Толкунбекти иштеген жеринде карайт экен деген куну, мага кайненемдин ден-соолугун билип бериниз деп телефон члбадын беле, Зыйнат. Ошондо эмне болду дебейсинби? Баса сенден мурда Жайнагул да кайнанеме чай берип коюнуз деп сураган. Калп-чынын билбейм, озу



бир торой албай жаткан аялга "апареция" жасаганы жаткан имиш. Эки келиндин тапшырмасы эки жагымдан кулагымды чуулдатканынан, жумушумду таштап басып бардым. Толкунбектин энеси чын эле ооруп тошокто жатыптыр. Ангыча бир орус кыз келип укол куюп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 09:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: