Sonun
Iygilik
Кайтпастын калемдеринен Жан дүйнөмдүн жаңырыгы
#82 16 November 2013 - 06:01
Байлык үчүн бул дүйнөдө жан кыйган,
Адамдар бар, алыс урмат, ар сыйдан.
Өтөр, кетер бул бир келген дүйнөдө,
Өлсөң калат денең муздап суналып.
Өлүгүңдү жууйт элдер суу алып,
Өзгөгө сен бербеймин деп байлыгың.
Ала албайсың кошо жанга суранып.
Өлсөң калат байлык-мүлкүң сен жыйган!
Бизге берген жанды Кудай кымындай.
Зыкым болбо, сараң киши зыкымдай.
Биз жашайбыз бул дүйнөдө аз гана.
Конуп, кайра учуп кеткен чымындай!
Адамдар бар, алыс урмат, ар сыйдан.
Өтөр, кетер бул бир келген дүйнөдө,
Өлсөң калат денең муздап суналып.
Өлүгүңдү жууйт элдер суу алып,
Өзгөгө сен бербеймин деп байлыгың.
Ала албайсың кошо жанга суранып.
Өлсөң калат байлык-мүлкүң сен жыйган!
Бизге берген жанды Кудай кымындай.
Зыкым болбо, сараң киши зыкымдай.
Биз жашайбыз бул дүйнөдө аз гана.
Конуп, кайра учуп кеткен чымындай!
#83 05 September 2015 - 22:29
Кредит.
Кичине эле өлкөбүз,
Жакшылап көңүл бөлсөңүз.
Кредит берген жерлер көп
Кыдырып шаарды көрсөңүз.
Жазылып турат ар жерде,
Жарнама кагаз бар жерде.
Чапталып турат желимдеп
Ажааткана тар жерде.
Аргасыз элим алданып,
Банкма-банк жүрөт жалданып.
Көпчүлүгү төлө албай,
Үй-жайсыз калды карганып.
Арам тамак аш болбойт,
Адашпаган баш болбойт.
Алгандан соң артынан
Ыйлаган туура жаш болбойт.
"Бизнесин" баштап алууга,
Заңгырак коргон салууга.
Алышат кээ бир журтташтар,
Курсагын сактап калууга.
Үй-жайын коюп "залогко"
Тапканы кетип "налогко"
Айласы кетип кээ бири
Аракеч болот "камокто"
Түшүнгүн элим түшүнгүн,
Барында иште күчүңдүн.
Аз эле өмүр жашайбыз
Берилген эмне үчүн күн?
Бай болом деп алганың,
Кедейликке жеткирет.
Карыздын өсүп пайызы
Абийриңди кеткирет.
Төлөбөсөң маалында,
Бар байлыгың жеп кирет.
Талап-тоноп бар малың
"Реализация" эттирет))))
Кичине эле өлкөбүз,
Жакшылап көңүл бөлсөңүз.
Кредит берген жерлер көп
Кыдырып шаарды көрсөңүз.
Жазылып турат ар жерде,
Жарнама кагаз бар жерде.
Чапталып турат желимдеп
Ажааткана тар жерде.
Аргасыз элим алданып,
Банкма-банк жүрөт жалданып.
Көпчүлүгү төлө албай,
Үй-жайсыз калды карганып.
Арам тамак аш болбойт,
Адашпаган баш болбойт.
Алгандан соң артынан
Ыйлаган туура жаш болбойт.
"Бизнесин" баштап алууга,
Заңгырак коргон салууга.
Алышат кээ бир журтташтар,
Курсагын сактап калууга.
Үй-жайын коюп "залогко"
Тапканы кетип "налогко"
Айласы кетип кээ бири
Аракеч болот "камокто"
Түшүнгүн элим түшүнгүн,
Барында иште күчүңдүн.
Аз эле өмүр жашайбыз
Берилген эмне үчүн күн?
Бай болом деп алганың,
Кедейликке жеткирет.
Карыздын өсүп пайызы
Абийриңди кеткирет.
Төлөбөсөң маалында,
Бар байлыгың жеп кирет.
Талап-тоноп бар малың
"Реализация" эттирет))))
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#84 05 September 2015 - 22:39
...............
Өткөндү эстеп сагыныч менен,
Өзгөчө болду чымырап денем.
Өмүрдүн басып бир канча жолун
Өзүңсүз мында кыйналып келем.
Бир кезде абдан бактылуу элем,
Сен дагы мендей бактылуу элең.
Ошол кез, ошол күндөрдү эстеп
Айперим сени сагынып келем.
Күн санайм өтпөйт убакыт деген,
А бирок өмүр билесиң ченем.
Өзүңсүз канча кыйналсам деле
Ичиме жутуп кусаны жеңем.
Күз келди кайра суугу менен
Саргайып мендей зар болдуң белең.
Биз жүргөн ошол эң таттуу күндү
Эстедим бүгүн сагыныч менен!
Өткөндү эстеп сагыныч менен,
Өзгөчө болду чымырап денем.
Өмүрдүн басып бир канча жолун
Өзүңсүз мында кыйналып келем.
Бир кезде абдан бактылуу элем,
Сен дагы мендей бактылуу элең.
Ошол кез, ошол күндөрдү эстеп
Айперим сени сагынып келем.
Күн санайм өтпөйт убакыт деген,
А бирок өмүр билесиң ченем.
Өзүңсүз канча кыйналсам деле
Ичиме жутуп кусаны жеңем.
Күз келди кайра суугу менен
Саргайып мендей зар болдуң белең.
Биз жүргөн ошол эң таттуу күндү
Эстедим бүгүн сагыныч менен!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#85 05 September 2015 - 23:25
Бөлүнбөгүн кыргызым!
Жети облус, жети бөлөк жүрсө да,
Жети бөлөк сүйлөсө да күлсө да.
Жети атанын балдарыдай бир болуп,
Жектешпейли, бөлүнбөйлү түртсө да!
Тилибиз бир, дилибиз бир, улут бир,
Жерибиз бир, асманыбыз-булут бир.
Ошол бирдик айрылбастан эч качан
Бөлүнбөгөн эл бололу улук бир!
Ким болсок да бөлүнбөйлү "бөрү" жейт,
Бир болбосок келгиндердин кору жейт.
Түндүк мага, түштүк сага дей берсек
Тебеленди улуу кыргыз жери дейт.
Кемтик издеп чукугандан не пайда,
Ушак айтып уят болбо бе пайда.
Жерди сатып, ынтымакты качырып
Бөлүп бербе Өзбек, Казак, Кытайга!
К.И
Жети облус, жети бөлөк жүрсө да,
Жети бөлөк сүйлөсө да күлсө да.
Жети атанын балдарыдай бир болуп,
Жектешпейли, бөлүнбөйлү түртсө да!
Тилибиз бир, дилибиз бир, улут бир,
Жерибиз бир, асманыбыз-булут бир.
Ошол бирдик айрылбастан эч качан
Бөлүнбөгөн эл бололу улук бир!
Ким болсок да бөлүнбөйлү "бөрү" жейт,
Бир болбосок келгиндердин кору жейт.
Түндүк мага, түштүк сага дей берсек
Тебеленди улуу кыргыз жери дейт.
Кемтик издеп чукугандан не пайда,
Ушак айтып уят болбо бе пайда.
Жерди сатып, ынтымакты качырып
Бөлүп бербе Өзбек, Казак, Кытайга!
К.И
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#86 05 September 2015 - 23:37
Мен кыздардан таарындым!
Көңүлүңдү бөлгүм келди баарыңдын,
Ага-ини, эже-сиңди жарыңдын.
Ар намысты тебелеген кээ бирки,
Кыргызымдын кыздарынан таарындым!
Капа болдум, жоктугуна арыңдын,
"Түкүрөмүн" тартибине шаарыңдын.
Келе калып өз билгенин жасаган
Чынын айтсам мен кыздардан таарындым!
Бириң ичип, бириң чегип жүрөсүң,
Бириң болсо түзүксүнүп күлөсүң.
Кыргызым деп салам берсем кыргызча
Түшүнбөстөй карап көзүң сүзөсүң.
Бузганың бар, бирөөнүн үй-бүлөсүн,
Өзүң билбей оюн болуп жүрөсүң.
Капа болбо, катуу айтсам бирок чын,
Арам жүрүп, бир күн баарың өлөсүң!
Көңүлүңдү бөлгүм келди баарыңдын,
Ага-ини, эже-сиңди жарыңдын.
Ар намысты тебелеген кээ бирки,
Кыргызымдын кыздарынан таарындым!
Капа болдум, жоктугуна арыңдын,
"Түкүрөмүн" тартибине шаарыңдын.
Келе калып өз билгенин жасаган
Чынын айтсам мен кыздардан таарындым!
Бириң ичип, бириң чегип жүрөсүң,
Бириң болсо түзүксүнүп күлөсүң.
Кыргызым деп салам берсем кыргызча
Түшүнбөстөй карап көзүң сүзөсүң.
Бузганың бар, бирөөнүн үй-бүлөсүн,
Өзүң билбей оюн болуп жүрөсүң.
Капа болбо, катуу айтсам бирок чын,
Арам жүрүп, бир күн баарың өлөсүң!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#87 06 September 2015 - 08:00
Ырларын-таасирдуу,
жандуу жазылыптыр!
Калемин колундан тушпосун! Биз издеп окуй турган-сонун чыгармаларды жарата бер!
Калемин колундан тушпосун! Биз издеп окуй турган-сонун чыгармаларды жарата бер!
#89 12 September 2015 - 22:36
Кайтпас акем каякта журот десем кыздарга таарынып жургон турбайбы.Онолуп кетишет ал кыздар капаланбаныз!
Калеминиз курчуй берсин.Жоголуп кетпей ыр саптарынызды калтырып турунуз.Ийгилик сизге!
Калеминиз курчуй берсин.Жоголуп кетпей ыр саптарынызды калтырып турунуз.Ийгилик сизге!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#90 13 September 2015 - 11:00
Кайтпас акем каякта журот десем кыздарга таарынып жургон турбайбы.Онолуп кетишет ал кыздар капаланбаныз!
Калеминиз курчуй берсин.Жоголуп кетпей ыр саптарынызды калтырып турунуз.Ийгилик сизге!
Калеминиз курчуй берсин.Жоголуп кетпей ыр саптарынызды калтырып турунуз.Ийгилик сизге!
Рахмат!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#92 26 September 2015 - 05:32
Бaрaкелде,өнөрүн өркүндөй берсин!
все что ни делается все к лучшему :(
#93 26 September 2015 - 09:50
Рахмат достор, силерге жакканынан кубанычтамын!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#95 19 December 2015 - 00:48
Кылчайчы калкым артыңа!...
Кайрылам кыргыз калкыма,
Мекендеш болгон жалпыңа.
Баспаган жериң калбады,
Кылчайчы эми артыңа.
Күйөмүн кеткен баркыңа,
Оңолбос оору дартыңа.
Өз жаның эле ойлобой,
Кайрылчы калкым артыңа.
Байлыкты кошуп салтыңа,
Адаттап алдың талпына.
Май баскан көзүң чоң ачып,
Карачы кээде артыңа!
Макул деп ар ким шартына,
Селсаяк болбо тартына,
Бейиштей төрүң жоготуп
Тарттырба Кытай, сартыңа!
Кызыгып арзан наркыңа,
Түшкөндөй "түлкү" артыңа.
Сак болгун элим, сак болгун!
Кайрылам бүгүн жалпыңа!
Доо кетпей атак-даңкыңа,
Сөз тийбей улуу калкыңа.
Ойгонгун элим, ойгонгун,
Сак болгун алды-артыңа!
Кайрылам кыргыз калкыма,
Мекендеш болгон жалпыңа.
Баспаган жериң калбады,
Кылчайчы эми артыңа.
Күйөмүн кеткен баркыңа,
Оңолбос оору дартыңа.
Өз жаның эле ойлобой,
Кайрылчы калкым артыңа.
Байлыкты кошуп салтыңа,
Адаттап алдың талпына.
Май баскан көзүң чоң ачып,
Карачы кээде артыңа!
Макул деп ар ким шартына,
Селсаяк болбо тартына,
Бейиштей төрүң жоготуп
Тарттырба Кытай, сартыңа!
Кызыгып арзан наркыңа,
Түшкөндөй "түлкү" артыңа.
Сак болгун элим, сак болгун!
Кайрылам бүгүн жалпыңа!
Доо кетпей атак-даңкыңа,
Сөз тийбей улуу калкыңа.
Ойгонгун элим, ойгонгун,
Сак болгун алды-артыңа!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#96 19 December 2015 - 01:10
..........
Бала элем, бүгүн өзүм атамын,
Эмнегедер ишене албай жатамын.
Кубанычым батпаса да койнума
Таштап кеткен балалыктан капамын.
Кучагынан чыккым келбей апанын,
Чоңойгонмун колтугунда атанын.
Чуркап кечке ойногонум эсимде,
Жылаң айлак жарылганча тапаным,
Бала элем, бүгүн өзүм атамын,
Эмнегедер ишене албай жатамын.
Кубанычым батпаса да койнума
Таштап кеткен балалыктан капамын.
Кучагынан чыккым келбей апанын,
Чоңойгонмун колтугунда атанын.
Чуркап кечке ойногонум эсимде,
Жылаң айлак жарылганча тапаным,
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#97 19 December 2015 - 12:38
Ийе Кайтпас баракелде. Ручканын запасы түгөнбөсүн,
түгөнсөда жүрөктөгү талантың өчпөсүн.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#98 19 December 2015 - 13:01
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#99 23 December 2015 - 21:30
Кайтпас акоов Кыргызстанга келип эле калемдеринизди ары бери шилтебей калдыныз го.Сизден дагы ачуу чындыгы бар ырларды кутуп калам...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#100 24 December 2015 - 09:16
Заманыбыздын койгойлуу темаларын ырга айландырган сизге БАРАКЕЛДЕ дегим келип турат!
Калеминиз курчуп, окурмандарыныз арбый берсин!
Калеминиз курчуп, окурмандарыныз арбый берсин!
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)

Супер-Инфо
super.kg
видео
















