Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 186
  • 187
  • 188
  • 189
  • 190
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3741 Пользователь офлайн   Enesai   04 Сентябрь 2015 - 07:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (03 Сентябрь 2015 - 14:24) жазган:

For Enesai - on English
(Дагы бир жолу кечирим сурайм. Эксперимент- II)

You - "a simple woman from the village"
But, your poetry is a grand and very large
Also you told – “I'am not a professor”
But it must be, and it will be a furore

Come on, come on - all this formally
Your poems - are the best and tonally
So keep Enesai - until the end of the time.
I wish to you the poetry - the best and fine!


"Жигитке- жетимиш онор аздык кылат",
Англисче ыр жазыпсыз-тизип, кынап...
Орусчасын жазсаныз да-аяр,кылдат,
Окудум англисчесин- ото сыйлап!! !

Бирок эксперименттен отпой калдым...
Эки тилде тен,сизге ыр токпой калдым.
Дагы агай,кайсы тилде жазаар экен,
Сыноону жаны кандай-табаар экен?...

Кызыктым-уч тилде тен ыр жазыпсыз,
Уйкаштап-кыйналбастан соз табыпсыз!
Сизге мен-кайра эле суроо жазам;
Ырыныз топтомдорун кайдан табам?...

Дагы бир сизге-суроо туулат,
Жонокой эмессиз,аныныз сезилип турат!
Уч тилде ырлар жазып,создор курап-
Агайым,озу кандай кесип кылат?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3742 Пользователь офлайн   Enesai   04 Сентябрь 2015 - 10:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (23 Октябрь 2013 - 09:19) жазган:

Неферти айым кандайсыз,
Термени дайым тандайсыз
Жазуучу менен акындын –
Жазганын терең баамдайсыз

Антип жаткан себебим
Айтып жатка беремин:
“Кимге таандык” темадан
Кезиккем сизге непадам.

Кусейин деген байкенин
“Үчүнчү шарын” тапкансыз
“Сөрү” деген бир сөздөн –
“Мурза аке” деп айткансыз.

Мага жазган алты сап
Уйкаш экен, байкалат
Ошондуктан ой кетти,
Акын кыз го Неферти?


Адатымча айтыштарды окуп жатып,
Курбума жазганыныз мага жагып-
Алыстан алдынызга" суйроп"келдим,
Тан калган суроонузга- жообум бердим.

Жан курбум-чогуу окуп,чогуу жургон,
Жаштыктын жаркын доорун-бирге сургон,
Туугандан ашса ашаар-кем да эмес,
Мен учун-журогу ооруп,мага куйгон!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3743 Пользователь офлайн   Jeka   04 Сентябрь 2015 - 11:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Барс (03 Сентябрь 2015 - 20:29) жазган:

Туй, атаа, Жека,
Ты-энциклопедическая библиотека!
Пишешь стихов кыргызча, на русском, и даже in English,
Это еще от твоих өнөрово чети да.... :)

Эй, бул да просто эксперимент! !!!

Айтыш кызык, түркүн түстүү болсун деп,
Айтып койдум, түрдүү тилдүү бүркүм кеп.
Аракетти баалап, мактап койдуңуз -
Берекетти жыйнап алат, досуңуз!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Сентябрь 2015 - 12:32

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3744 Пользователь офлайн   osh93   04 Сентябрь 2015 - 12:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Айтышка кирип тан калдым,
Айтылган создо, жан барбын?
Айлантып кепти курупсунар,
Англисче ырдап турупсунар.
Айтышка кирип башкача
Ойлодум,
Точно эле, ушул темабы деп
Болжодум.
Англисчени, Кыргызча да,
Которгула.
Ай создорунорду,
Тушуно албай кор болдум.

Орусча кичине тушуном,
Орусияга келгенде.
Кичине мен ушугом,
Ушуп-тонуп калганда.
Колду уйлоп кушу... Гом
Кыргызча обон салгыла,
Кыргызча ырдап жаргыла.
Кыргыз болуп торолгон сон,
Комуздун куусун чалгыла. :)
:

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3745 Пользователь офлайн   Jeka   04 Сентябрь 2015 - 20:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Enesai (04 Сентябрь 2015 - 07:43) жазган:

...
Кызыктым-уч тилде тен ыр жазыпсыз,
Уйкаштап-кыйналбастан соз табыпсыз!
Сизге мен-кайра эле суроо жазам;
Ырыныз топтомдорун кайдан табам?...

Дагы бир сизге-суроо туулат,
Жонокой эмессиз,аныныз сезилип турат!
Уч тилде ырлар жазып,создор курап-
Агайым,озу кандай кесип кылат?...

Мен - жөнөкөй кыргызымдын баласы
Болгум келбейт бул жашоонун “балласты”
Алдан тайып, колдон кубат кеткиче -
Эли-журтка кызмат кылуу – максаты!

Чет тилдерде ыр жазгандын себеби:
“Акын төрдү бир кызытып береби”, -
Деген максат, тилек жана ой менен
Жазып койгом, тийип калаар кереги

Ойду топтоп, алгандан соӊ тыныгып -
Сураптырсыз “ыр топтомун” кызыгып
Ырларымдын баарын топтоп басууга –
Аракетти кыла элекмин, чыгынып

Ырга дагы, сөзгө дагы жакындабайт кесибим
Компьютердин ачып, жабам “эшигин”
Акын төргө кирип, чыгып жүргөнүм –
Акындыкка билек чындап түргөнүм!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 04 Сентябрь 2015 - 21:07

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3746 Пользователь офлайн   Narynbek   05 Сентябрь 2015 - 03:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Ассалому алейкум
Амансыңбы калайык
Амандашып алайын
Форумчулар кандайсың
Уч тилде эркин ыр жазган
Акындарым жакшыбы
Көптөн бери келбедим
Бүгүн бир айланып мен келдим.
жаңылыктар кандай бар
Акын айылы ичинде
Англисче жооп бербейт
Тилин билген жокпу дейм
Ден-соолук иштер жакшыбы?
Чай пай койгон эчким жок
Уйкуга баары кеткенби
Уктап жаткан болсоңор
Бейпил болсун түнүңөр
Жакшы түштөр көргүлө
Көрүшкөнчө достор
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3747 Пользователь офлайн   Enesai   05 Сентябрь 2015 - 09:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (04 Сентябрь 2015 - 20:48) жазган:

Мен - жөнөкөй кыргызымдын баласы
Болгум келбейт бул жашоонун “балласты”
Алдан тайып, колдон кубат кеткиче -
Эли-журтка кызмат кылуу – максаты!

Чет тилдерде ыр жазгандын себеби:
“Акын төрдү бир кызытып береби”, -
Деген максат, тилек жана ой менен
Жазып койгом, тийип калаар кереги

Ойду топтоп, алгандан соӊ тыныгып -
Сураптырсыз “ыр топтомун” кызыгып
Ырларымдын баарын топтоп басууга –
Аракетти кыла элекмин, чыгынып

Ырга дагы, сөзгө дагы жакындабайт кесибим
Компьютердин ачып, жабам “эшигин”
Акын төргө кирип, чыгып жүргөнүм –
Акындыкка билек чындап түргөнүм!


Куздун,кыштын кундору-шамал менен ызгаарда;
Тан агарып атканда,кун кызарып батканда;
Конулдун демин ысытып-оронуп алып ырларга,
Талыкпай ырлар жазыныз-сугарып терен сырларга...

Жакшы ырыныз аябай-ысыкка, суукка карабай;
Ырыныз жазып турунуз-акын тор болсун туурунуз!
Ыр менен калкка алынып-акын деп элге таанылып,
Айылга келип кайрылып-бизден да ырлар угунуз...



Азил-чыны аралаш...

Ырыма кошуп тамаша-
Чындыкка бир аз жараша;
Айтыштан кеп баштайын-
Агайга суроо таштайын.

Айтып бутпой Луиге-
"Махабаттын дастанын" ,
Сагынып кутуп журоспу-
Сулуунун сизге жазганын?...

"Бегимай" болуп сулуунуз-
"Раймалы" болуп турдунуз-
Айтыштан башка арнаган-
Луиге барбы,ырыныз? ...

Жазылган болсо ырыныз,
Болбосо-айтпас "сырыныз"
Окуганга кызыктым-
Чегинен чыгып"сызыктын"...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3748 Пользователь офлайн   SMS Aroma   05 Сентябрь 2015 - 09:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 801
  • Катталган: 03 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 13 Дек 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Онорунор оркундосун таланттар ...
Очпос болсун сиздер жазган ыр саптар !
Суктанамын , таазим кылып ,баарына ...
Талантынар ташкындасын дагы да !
Жека мырза , браво !!! (жакты англисче жазганыныз)
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3749 Пользователь офлайн   Enesai   05 Сентябрь 2015 - 11:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кайтпас иниме:

Бир тууганым бар эле,
Дайынын билип издейин-
Кайда журсо айтпаган-
Тентекти абдан тилдейин!

Кыз-келин калптан жагынат;
Дос деле кээде айрылат,
Алмашпас,сатпас эч кимге-
Бир тууган кайдан табылат?

Ашка тоюп журсом да,
Башка тоё элекмин,
"Бир тууган"десен кубандым,
Демек мен сага керекмин!

Башына катуу иш тушсо,
Аялын кетээр карабай;
Бой которуп калышат-
Саламга достор жарабай...

Бир тууган гана кайрылат,
Башкасы калптан жагынат!
Алыстап кетсен кун санап-
Бир боорун кутуп сагынат!

Атаандаш сага болбоймун,
Айтышсан сени колдоймун,
"Ашыкча" айткан созунду,
Кечирип эле койгонмун!

Тууганмын сени ойлоймун,
Чыгарып эстен койбоймун,
Жолундан кайтпас мунозун-
Кош колдоп гана колдоймун!

Уул бала мерез болчу эле,
Боор бербей бир аз турчу эле,
Эжесин эстеп сурабайт,
Эки сап ырын курабайт...

Боорум деп издеп турайын,
Жообунду сенин угайын,
Уй-було,иштер жонундо,
Озундон тактап сурайын?...

Билдирүүнү түзөткөн: Enesai: 05 Сентябрь 2015 - 11:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3750 Пользователь офлайн   kaitpas   05 Сентябрь 2015 - 13:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Энесай эжеме....

"Тентек" деп мени атаган,
Чын ойлойт укса жат адам.
Жок болбой карап турганмын
Бошобой жатканда "Жекадан"

Чыт тилде арнап агайым,
Бергенде ырдын сазайын.
Ойлодум эле кыпчылбай
"Очеред" келсе жазайын.

Жарышпай туруп жеңилген,
Ызаттап мага эңилген.
Мээрбан бир жан экенсиз
Сый-урмат берген теңирден.

Кетейин деген кебиңиз,
Ырга бар экен эбиңиз.
Айтышайын дегенде
Болду эми иним дедиңиз.

Ойлодум жооп күтпөйт деп
Айтышуу аягына бүтпөйт деп.
Андыктан жазбай карапмын
Мен үчүн эжем төкпөйт деп.

Эжекем сизди көп ойлоп
Түшүмө дагы кирипсиз....
Таарынган сымал негедир
Жоктугум дароо билипсиз)))
Жумуштар бүтпөй аз убак
Жоксуң деп ырды илипсиз
Ырахмат "тентек" болсом да
Иним деп көңүл бөлүпсүз.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3751 Пользователь офлайн   Enesai   05 Сентябрь 2015 - 13:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кайтпас иниме:

Онорун болсо-орго чап;
Ыр жазсан-акын торго чап!
Кезек кутуп турбагын-
Келип турса ырдагын!

Жарышып кайда бармакмын,
Баары бир деле"сынмакмын" ,
"Ашыкча" создор жаадырсан-
Жооп таба албай турмакмын...

Урунаарга тоо таппай;
Урушаарга жоо таппай;
Эжем деп козго илбестен,
Турганынды сезгенмин,
Эсимдин эле барында,
Женилип сага бергенмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3752 Пользователь офлайн   kaitpas   05 Сентябрь 2015 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

"Урунаарга жоо таппай"
Дегенди кандай түшүнөм?
"Урушаарга жоо таппай"
Дегенде кайтам күчүмдөн.
Эмиле жыргап жатканда
Ойгото коюп түшүмдөн.
"Тентектен алып урушчаак"
Жаңы бир атка кондум мен.;)
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3753 Пользователь офлайн   kaitpas   05 Сентябрь 2015 - 20:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения kaitpas (05 Сентябрь 2015 - 15:28) жазган:

"Урунаарга тоо таппай"
Дегенди кандай түшүнөм?
"Урушаарга жоо таппай"
Дегенде кайтам күчүмдөн.
Эмиле жыргап жатканда
Ойгото коюп түшүмдөн.
"Тентектен алып урушчаак"
Жаңы бир атка кондум мен.;)

Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3754 Пользователь офлайн   Enesai   06 Сентябрь 2015 - 07:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения kaitpas (05 Сентябрь 2015 - 15:28) жазган:

"Урунаарга жоо таппай"
Дегенди кандай түшүнөм?
"Урушаарга жоо таппай"
Дегенде кайтам күчүмдөн.
Эмиле жыргап жатканда
Ойгото коюп түшүмдөн.
"Тентектен алып урушчаак"
Жаңы бир атка кондум мен.;)


"Урунаарга тоо таппай,
Урушаарга жоо таппай"-
Деген создор тизмеги-
Эр Манастан алынган,
Окуп чыксан эпосту-
Баатырларга жазылган!

Озумун тилим боюнча,
Тушунук бере кетейин-
Айтайын деген оюмду-
Чечмелеп сага берейин!

"Урунаарга тоо таппай"...

Иштесе ишке тойбогон,
Жигиттин пири колдогон,
Энесайдан учкул соз-
Инисине жолдогон!

"Урушаарга жоо таппай"...

Суйлосо тилден чан чыккан,
Соз менен чалса-шарт жыккан,
Айтышаар адам издеген-
Женилгенди билбеген,
Акындарды айтканым-
Чечмелей кетсем-жазганым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3755 Пользователь офлайн   Jeka   07 Сентябрь 2015 - 11:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Enesai (05 Сентябрь 2015 - 09:28) жазган:

...
Айтып бутпой Луиге-
"Махабаттын дастанын" ,
Сагынып кутуп журоспу-
Сулуунун сизге жазганын?...

Махабатка тизе чөгүп, кул болгон
Жарды, кедей, падышалар - пул толгон
Өӊдөрү азып, адашышкан түз жолдон
Пушкин, Бальзак, сир Бонопарт Наполеон

Бүт акындар махабатты ырдады
Бирок такыр, аягына чыкпады
Ошондуктан, биз баштаган ыр дастан
Луи келсе, уланат го кайрадан...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 07 Сентябрь 2015 - 11:46

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3756 Пользователь офлайн   mega777   07 Сентябрь 2015 - 13:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Түркүн тилдер коштолуп,
Ырга толгон айылым.
Саптар коштой ачылып,
Сырга толгон айылым.
Дили тунук,өнөрпоз
Жанга толгон айылым,
Кереметтүү ыр чачып,
Шаңга толгон айылым.
Сөз ыргытып астыртан,
Сезим толгон айылым.
Өнөр толо чайпалган,
Деңиз болгон айылым .
Тааныштырып достукка,
Күбө болгон айылым.
Ынтымактык, сыйларга
Жүйө болгон айылым.
Сөз берметин кураган
Акын толгон айылым.
Бир бирине ыр менен,
Жакын болгон айылым.
Эчен өнөр талантка,
Суктандырган айылым.
Таасирлентип саптарга
Шыктандырган айылым.
Улутунуп астыртан,
Төксөм деп ырым ачылып
Убакыт таппай жазганга
Айылым жүрөм сагынып.
Акындар көз күйгүзөт,
Саптары бермет чагылып.
Жасанып бир келээрмин,
Ырымдан мончок тагынып.
Жеңилип берчү Мега эмес,
Убакытка багынып.
Көйкөлүп бир күн келээрмин,
Ырлардан ичик жамынып.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 07 Сентябрь 2015 - 13:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3757 Пользователь офлайн   Kg.lady   07 Сентябрь 2015 - 16:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения Narynbek (05 Сентябрь 2015 - 03:25) жазган:

Ассалому алейкум
Амансыңбы калайык
Амандашып алайын
Форумчулар кандайсың
Уч тилде эркин ыр жазган
Акындарым жакшыбы
Көптөн бери келбедим
Бүгүн бир айланып мен келдим.
жаңылыктар кандай бар
Акын айылы ичинде
Англисче жооп бербейт
Тилин билген жокпу дейм
Ден-соолук иштер жакшыбы?
Чай пай койгон эчким жок
Уйкуга баары кеткенби
Уктап жаткан болсоңор
Бейпил болсун түнүңөр
Жакшы түштөр көргүлө
Көрүшкөнчө достор


Аманбыз агай аманбыз.
Тандырга жапкан нандайбыз.))
Озунуз деги кандайсыз?
Форумдан кабар албайсыз.
Вирт ааламды негедир.
Унутуп бараткандайсыз.

Ордогу жокто талпынып,
Чулдугу бийлейт камынып.
Акындар жокто ашыгып
Менда келдим камынып.
Чай-пайдан заказ кылыпсыз,
Алып келдим шашылып.
Дасторкон салып жайнаттым,
Тапканым баарын чачтым.
Чайдан ууртап, даам татын.
Курсакты бир кампайтын.
Пайды анан сунайын.
Закускосун туурайын.))
Жашылча салат кылайын.
Огородко чыгайын
Помидор узуп алайын.
Бадыран, пияздан кошуп,
Шакарап жасап турайын.

Ага чейин келишер
Акындар шапар тебишер.
Ак дасторкон устундо
Соз берметин себишер.
Сармарден айтып беришер.
Акындардын ак оргоо шанга болоп кетишер...

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 07 Сентябрь 2015 - 16:48


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3758 Пользователь офлайн   Enesai   08 Сентябрь 2015 - 09:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (07 Сентябрь 2015 - 11:41) жазган:

Махабатка тизе чөгүп, кул болгон
Жарды, кедей, падышалар - пул толгон
Өӊдөрү азып, адашышкан түз жолдон
Пушкин, Бальзак, сир Бонопарт Наполеон

Бүт акындар махабатты ырдады
Бирок такыр, аягына чыкпады
Ошондуктан, биз баштаган ыр дастан
Луи келсе, уланат го кайрадан...


Махабатка тизе бугуп кул болгон-
Кыргызда да-эчен баатыр,уул болгон!
Даназалап арзууларын айтышкан,
Калем кармап,дастандарды жазышкан.

Токтогулга Алымканы-арманы,
Арзуусунан алыс кетип калганы...
"Молмол" сулуу Барпы акынды боздоткон,
Журок кылын-уккан сайын козготкон...

Махабатка жанын кылган курмандык-
Кишимжан деп,Олжобай деп ырдадык...
Анда дагы бутпой дастан айтылган-
Улуу акын жазат дартын кайгыдан:

Алыкулдун журок дарты-Айдайы,
Ал да арман-бирге болбой калганы...
Ыйлаттырып, журогумду сыздатчу-
Алыкулдун ыр саптарын жазганы...

Луи келээр-махабатты данктаныз,
Биз угалы,улуу айтыш баштаныз!
Умутунуз узулбосун! Кутунуз...
Акын тордон алыстабай журунуз!

Дагы улансын-" Махабаттын дастаны",
Биз суктанган эки акындын жазганы!
Кылымдарга даназалап жазылсын-
Акындардын- арзуу,суйуу,арманы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3759 Пользователь офлайн   Jeka   08 Сентябрь 2015 - 13:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алыс менен жакынды
Бириктирген - махабат.
Ачуу менен таттууну
Сиӊирттирген - махабат
Тааныбаган адамды
Сыйлаттырган – махабат
Жылуу сезим, дем берип
Жыргаттырган – махабат.

Башкаларга "сырдуу сөз"
Айттырбаган – махабат
"Башка" жигит, кыздарды
Жактырбаган - махабат
Ысык менен суукту
Билгизбеген – махабат
Бир-бирине суук сөз
Тийгизбеген - махабат

Айлуу аппак түндөрдө
Кездештирген– махабат
Асмандагы ай, күнгө
Теӊештирген – махабат
"Ашык" болгон балдарды
Тирештирген – махабат
Жигит менен кыздарды
Ширештирген - махабат

Орой, тентек балдарды
“Жибек” кылган – махабат
Ооруп жаткан чалдарды
“Жигит” кылган – махабат
Жаза берсеӊ майдалап
Чыга берет – дайралап
Айта берсеӊ кайталап
Алкыш айтат ээй, махабат!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 08 Сентябрь 2015 - 13:56

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3760 Пользователь офлайн   Enesai   08 Сентябрь 2015 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Айтаар созун камдаган,
Айттырбаган махабат!
Алдыга койгон максаттан,
Кайттырбаган махабат!

Тун уйкунду уч болуп,
Уктатпаган махабат!
Бассан-турсан оюнду,
Бучкактаган махабат!

Эки ашыкты дуйнодон
Кезиктирген махабат,
Бирин эрте бирисин,
Кечиктирген махабат.

Жылаан болуп муунтуп,
Уу ичирген махабат,
Жообун кутуп саргайтып,
Кун кечирткен махабат.

Туболукко жандабай,
Качып кеткен махабат,
Умутторду талаага,
Чачып кеткен махабат!

Кээде балын таттырып,
Ширин болгон махабат
Кээде кундо алмашчу-
Кийим болгон махабат!


Ырынызды шашыла улап койдум,капа этпейсиз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 186
  • 187
  • 188
  • 189
  • 190
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Авг 2025 04:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: