ayildik_kiz (07 Сентябрь 2015 - 21:07) жазган:
1. Создорду куюлуштуруп , саптарды ирети менен тизмектеп кызыктуу жазасыз.Бул талант сизге кимден откон?
2. Уй булонуз туралуу азыраак маалымат бере аласызбы?
3. Сиз учун ыр жазуу кызыктуубу же кара соз турундогу баяндама жазуубу?
4. Учурда кайсы кесипти аркалайсыз?
5. Жазган ырларынызды китеп кылып чыгарууну ойлойсузбу, же китебиниз чыкканбы?
Азырынча ушул суроолор,сиз кеткиче дагы келип кетем...
Кушубак кылсын Айылдык кыз.
Позитив тартуулап турган секилдеген пандаңызды көрүп,сизди да бала кыял,жан дүйнөсү аруу айым элестетип койдум

1.Алгач комплиментиңизге раазычылык. Бир бирине жалгашкан ойду тааный билген да мактоого татырлык эмгек.
Ал эми бул өнөр(талант деп деле айтуудан алысмын)жараткан тарабынан берилген бир кичинекей сыйлык болсо керек.Атамды жакшы билбей калдым.Апакемдин бир бирине куюлуштура сүйлөгөн өнөрү бар,бирок мындай "чымынын" байкабагам.
2.Азыраакпы? Макул).Үй-бүлөлүүмүн. Мээрман апакемин.
3.Кайсынысын колго алып чыгынсам аракетиме жараша кете берет.Бир кемчилдигим биринчи жазганымды оңдоп түздөбөй жарыялап жиберем.Кийин окуп ушинтип койсом болмок экен деп калам.
4.Кесибим окутуучу.Бирок шартка байланыштуу чакан жеке бизнес менен алектенебиз.
5.
Кыйыр салып кээде калам эскерип,
Кыйла кундор өтсө дагы тескелип.
Көп ырларым төрөлдү да жашабай
Калып кетти кадамдарга тепселип.
Калды ырларым чачыранды ар жерде,
Кынап жазган торчо,жолчо дептерде.
Күйүп кетти көз алдымда тамгалар,
Колдонулган тутуруктай беттерде.
Көөдөнүмдү ырым менен тазартам,
Келбетимди ырга түзөп жашартам.
Китеп,даңктын кереги жок эргүүгө,
Кереметин ыр дүйнөнүн жар салам.
Келип туруңуз

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 08 Сентябрь 2015 - 02:35