Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 568
  • 569
  • 570
  • 571
  • 572
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#11381 Пользователь офлайн   asylzaadam   08 Сентябрь 2015 - 02:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения ayildik_kiz (07 Сентябрь 2015 - 21:07) жазган:

Саламатсызбы? Конок торго куш келипсиз!

1. Создорду куюлуштуруп , саптарды ирети менен тизмектеп кызыктуу жазасыз.Бул талант сизге кимден откон?

2. Уй булонуз туралуу азыраак маалымат бере аласызбы?

3. Сиз учун ыр жазуу кызыктуубу же кара соз турундогу баяндама жазуубу?

4. Учурда кайсы кесипти аркалайсыз?

5. Жазган ырларынызды китеп кылып чыгарууну ойлойсузбу, же китебиниз чыкканбы?

Азырынча ушул суроолор,сиз кеткиче дагы келип кетем...


Кушубак кылсын Айылдык кыз.
Позитив тартуулап турган секилдеген пандаңызды көрүп,сизди да бала кыял,жан дүйнөсү аруу айым элестетип койдумСүрөт

1.Алгач комплиментиңизге раазычылык. Бир бирине жалгашкан ойду тааный билген да мактоого татырлык эмгек.
Ал эми бул өнөр(талант деп деле айтуудан алысмын)жараткан тарабынан берилген бир кичинекей сыйлык болсо керек.Атамды жакшы билбей калдым.Апакемдин бир бирине куюлуштура сүйлөгөн өнөрү бар,бирок мындай "чымынын" байкабагам.

2.Азыраакпы? Макул).Үй-бүлөлүүмүн. Мээрман апакемин.

3.Кайсынысын колго алып чыгынсам аракетиме жараша кете берет.Бир кемчилдигим биринчи жазганымды оңдоп түздөбөй жарыялап жиберем.Кийин окуп ушинтип койсом болмок экен деп калам.

4.Кесибим окутуучу.Бирок шартка байланыштуу чакан жеке бизнес менен алектенебиз.

5.

Кыйыр салып кээде калам эскерип,
Кыйла кундор өтсө дагы тескелип.
Көп ырларым төрөлдү да жашабай
Калып кетти кадамдарга тепселип.

Калды ырларым чачыранды ар жерде,
Кынап жазган торчо,жолчо дептерде.
Күйүп кетти көз алдымда тамгалар,
Колдонулган тутуруктай беттерде.

Көөдөнүмдү ырым менен тазартам,
Келбетимди ырга түзөп жашартам.
Китеп,даңктын кереги жок эргүүгө,
Кереметин ыр дүйнөнүн жар салам.

Келип туруңузСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 08 Сентябрь 2015 - 02:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11382 Пользователь офлайн   Xanif   08 Сентябрь 2015 - 03:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Ассалааму алайкум Аруузаадам. Кандайсыз? Куш келипсиз допросканага, менда бир-эки суроо таштай кетейин...

1 Суроо. Ислам дини боуюнча, маалыматтарыныз кандай?... (Ошого карап суроолоруму берейин дегем).

2 Суроо. Кайсы ЖОЖ до, кайсыл кесипти бутургонсуз? ...

Азырынча ушулар, жоопторго карап, келем дагы иншаа АЛЛААХ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11383 Пользователь офлайн   rumaika5544   08 Сентябрь 2015 - 12:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Саламатсызбы! Куш келипсиз.

1. Дайыма сырдуу журосуз,себеби эмнеде?

2. Сын -пикирди кандай кабыл аласыз?

3. Сезимталсыз э? (жазгандарыныздан байкайм). Копко таарынасызбы?

4. Канча жаштасыз?

5. Чыныгы атынызды жашырасыз,сураганым м.н айтпайсыз,эмнеге?

6. Адамдык сапат кандай болот?

7. Кандай муноздуу адамдар жакпайт?

Кенээн жооп кутом.
Ийгилик анда :)

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11384 Пользователь офлайн   nik_tappay_koidum   08 Сентябрь 2015 - 14:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 310
  • Катталган: 24 Июнь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 12:23
  • Жынысы:Белгисиз

Мен да келип калдым, бир эки суроолорумду которунуп.

Саламатсызбы Асылзаадам! Алгач сизге каалоо тилектер. Ар дайым бар болунуз, уул кыздарыныздын сый-урматына болонуп журо бериниз. Коп, коп жашаныз! :)

Суроо:
1. Сиз кызыгып окуган китеп?
2. Адамдардын биринчи эмнесине конул бурасыз?
3. Жети атанызды атап беринизчи)
4. Жакында шайлоо болот, кимди бийлике татыктуу коросуз?
5. Сиз учун вирт...?
6. Форум жонундо кыскача ыр жаза отунузчу) азырынча ушул суроолор, буйруса дагын келээрмин. Ийгилик! :)
Мир двоих, не понять миллиардом!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11385 Пользователь офлайн   asylzaadam   08 Сентябрь 2015 - 18:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Xanif (08 Сентябрь 2015 - 03:31) жазган:

Ассалааму алайкум Аруузаадам. Кандайсыз? Куш келипсиз допросканага, менда бир-эки суроо таштай кетейин...

1 Суроо. Ислам дини боуюнча, маалыматтарыныз кандай?... (Ошого карап суроолоруму берейин дегем).

2 Суроо. Кайсы ЖОЖ до, кайсыл кесипти бутургонсуз? ...

Азырынча ушулар, жоопторго карап, келем дагы иншаа АЛЛААХ...


Уа алейкума ассалям.

1.Дин боюнча топтогон маалыматтарым чектелүү.Дегеним атайын илим албагам.Буйруса ибидаттарды тургузууга, ыйманды бекемдөөгө ниеттер бар.

2.ОшМудан билим алгам.

Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11386 Пользователь офлайн   Speznaz41   08 Сентябрь 2015 - 18:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

Просмотр сообщения asylzaadam (08 Сентябрь 2015 - 18:29) жазган:

Уа алейкума ассалям.

1.Дин боюнча топтогон маалыматтарым чектелүү.Дегеним атайын илим албагам.Буйруса ибидаттарды тургузууга, ыйманды бекемдөөгө ниеттер бар.

2.ОшМудан билим алгам.

Рахмат.


Кесибинизчи? ...
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11387 Пользователь офлайн   lucia01   08 Сентябрь 2015 - 18:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2017 21:38

саламатсызбы асылзаадам айым!
Сизге бир эле суроом бар. Эмнеге журок сырындагы теманызды улантпай койдунуз? Суроом катуу тийбеди деп умут кылам. Интервьюнузга ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11388 Пользователь офлайн   asylzaadam   08 Сентябрь 2015 - 18:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения rumaika5544 (08 Сентябрь 2015 - 12:51) жазган:

Саламатсызбы! Куш келипсиз.

1. Дайыма сырдуу журосуз,себеби эмнеде?

2. Сын -пикирди кандай кабыл аласыз?

3. Сезимталсыз э? (жазгандарыныздан байкайм). Копко таарынасызбы?




Саламатчылык Румайка,кушубак кылсын.

1.Сырдуулугум бул принцип деле эмес.Жөн гана вирт менен реалды аралаштыруудан алыс болгон аракетим.

2.Алгач укканда белгилүү реакциялар козголуп кетет.Өңүм кубарым,чачымын учуна чейин чымырап дегендей.Жашырганда не.Акырындап демимди басып туруп ойлонуп кабыл алуума туура келет.Себеби өзүңө байкалбаган кемчилигиң сырттан караган адамга байкалышы мүмкүн.Сын-пикир мен үчүн жакшы тарапка оңолуунун демөөрчүсү десем туура болчудай.

3.

Башкалардай, өзгөчө эмес адаммын,
Бирде таскак бирде жай,бат кадамым.
Кээде бирок шашмалыгым ашыкча,
Кенебестик муноздон кур калганмын.

Күзгү алып өзүмдү өзүм карадым,
Кем-ашыгы жок кадимки адаммын.
Көзүм артып тоготпоско суктанам,
Кээде тартып сезимталдык азабын.


Жүрөгүмө жакын алып кайгырам,
Жок нерсени өзүмө алып таарынам.
Жел үйлөсө сыртта болуп сыдырым,
Жылуу үйдө мага тийип жабыгам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11389 Пользователь офлайн   Meruet84   08 Сентябрь 2015 - 19:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Асылзаадам эже куш келипсиз! .

Сизге суроом оор тийсе кечрим сурайм ""Тагдыр майданын" " баштан аяк окуп келе жаткан элем , негедир орто жерине келгенде токтотуп койдунуз улантасызбы эгер улантпасаныз мага сиздин ушул убактагы жашоонуз кызыктырып жатат.Сурайын дегеним азыноолак айта кетесизби.

Сизге эки дуйно бактылуулук каалайм.
Ар дайым ийгилик коштоп журсун .

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 08 Сентябрь 2015 - 19:40

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11390 Пользователь офлайн   asylzaadam   09 Сентябрь 2015 - 10:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения rumaika5544 (08 Сентябрь 2015 - 12:51) жазган:



4. Канча жаштасыз?

5. Чыныгы атынызды жашырасыз,сураганым м.н айтпайсыз,эмнеге?

6. Адамдык сапат кандай болот?

7. Кандай муноздуу адамдар жакпайт?

Кенээн жооп кутом.
Ийгилик анда :)



4.Алыкулдун ак бозун минип алып эки-үч кадам арыштап койдум)


5.Жашоодо көп нерсени ичиме катып,башкага жарыла албаган адаммын.Ошол сыңары атымды ачыктасам жазып төгүлүүмө бир аз чек коюлуп калабы деген ой менен жүрөм.Розысктагы адам эмесмин,кабатырланбаңыз:)

6.Адамдын нарк-дүйнөсүн, ыйман-беделин сыпаттап турган оң жана терс сапаттары болот эмеспи.Ошол жакшы сапаттардан баалаганым Даанышмандык. Бул сапаттагы адамдар акыл жагынан да сырткы келбет жагынан да алдыда болот.Баскан- турганы,сүйлөгөн сөзү,жасаган нематтары менен үлгү болчу адам.

7.Кимдир бирөөнү"жамансың" деп тескегенге даражам туура келбей экен.Адамдагы терс сапаттар анын жашоодогу тандаган ордуна,турмуштагы түшкөн жолуна түз түз таасирленип калыптанат окшобойбу.Бирок текебердик деген"дартка" чалдыгуудан аябай абайлайм.Жүрөктөгү кымындай текебердик бейишке кирүүдөн алыстатат деп окуганым бар эле.Кэнээн эки күн жазып,эки бөлүп жооп бердим окшойт.Улам жазгандарымды өчүрүп алып ,кайра баштан жазып убараланганымчы)Купулуңузга толоор бекен Румай кыз:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11391 Пользователь офлайн   asylzaadam   09 Сентябрь 2015 - 13:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения nik_tappay_koidum (08 Сентябрь 2015 - 14:35) жазган:

Мен да келип калдым, бир эки суроолорумду которунуп.

Саламатсызбы Асылзаадам! Алгач сизге каалоо тилектер. Ар дайым бар болунуз, уул кыздарыныздын сый-урматына болонуп журо бериниз. Коп, коп жашаныз! :)

Суроо:
1. Сиз кызыгып окуган китеп?
2. Адамдардын биринчи эмнесине конул бурасыз?
3. Жети атанызды атап беринизчи)
4. Жакында шайлоо болот, кимди бийлике татыктуу коросуз?
5. Сиз учун вирт...?
6. Форум жонундо кыскача ыр жаза отунузчу) азырынча ушул суроолор, буйруса дагын келээрмин. Ийгилик! :)


Саламатчылык Назик кыз,келиңизСүрөт Каалоо-тилектер үчүн раазычылык.

1.Китепти бала кезимде көп "мүлжүгөм" .Ал кезде интернет деген түшүнүк жок болчу.Ата-эне, мектептен сырткары тарбия булагына китептерден сугарылчубуз. Мектептен келип,ары-бери үй жумуштарын бүткөрө коюп китепке телмирип отуруп калчумун.Кээде шыпыргымды көтөрүп кирген боюнча китепке сүңгүп кеткен жеримден шыпыргы шыйрагыма "шак"дей түшкөндө тура калып ишимди улачумун.Жарыкты өчүрбөй китеп кучактап жатып уктап калып апаман деле көп тил угуп жүргөм.Кийин окуу жай,турмуш,бала- бакыра деген түйшүктөр бир аз алыстатып койду.Негизи окуган китептерим дээрлик эле кызыгуу менен окупмун.Ар бири өз жанрына ылайык мактоого татырлыгы да бар.Тескерисинче тажатмалары жарым жартылай калып кетет аягына жетпей.Азыркы мезгилде дин жаатындагы китептерге кызыгып жүрөм.Негедир жандүйнөмдүн кемтигин толуктоочу негиз издегенсийм. Жакында Чубак Жалиловдун "Бактылуулук формуласын" электрондук жааттан таап алып кызыгып баштадым.

2.Эң алгач көз карашына.Себеби кайсы жаатка ыктаганын билип алып мамиле түзүү же баарлашуу мен үчүн оңойураак.

3.Бувама чейин эле билет экем...

4.Бийликке ишеним артпай калгандардын арасын толуктайм.Алдыга озуп,төбөсү көрүнө баштаган саясатчылар сөзсүз камалат же белгисиз себептен өлүмгө дуушар болот.Ат салышкан 14партиянын платформасын окуп келсең баягы эле адатка айланган тил эмизүү.Элдин добушу менен чечилишине көзүм жетпейт.Кимиси келсе да тынч өтүп эл үчүн иштеп коюшса деген үмүт.

5.Түрдүү адамдардын психологиясын өздөштүрүп, ошол аркылуу жеке жашоомо сабак алуу.

6.

Сүймөнчүк болуп жакталган,
Суктанып окуп баркталган.
Суперде бар керемет,
Сыйкырлап көптү тарта алган.


Назарын көптүн бура алган,
Нарктуу кеп менен сугарган.
Нурданып турсун түбөлүк,
Нускалуу дүйнө Суперстан!

Рахмат Назик кыз.Сага да жакшылыктар жар болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11392 Пользователь офлайн   asylzaadam   09 Сентябрь 2015 - 14:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения lucia01 (08 Сентябрь 2015 - 18:35) жазган:

саламатсызбы асылзаадам айым!
Сизге бир эле суроом бар. Эмнеге журок сырындагы теманызды улантпай койдунуз? Суроом катуу тийбеди деп умут кылам. Интервьюнузга ийгилик!


Саламатчылык. Бул жакка мурунку чакырылганда да кетенчиктеп келбей койгон себебимдин бири "Тагдыр майданында" баяны болчу.Толук жазып бүтүп келем деп ойлогом.Тилекке каршы чыгынып улай албай жүрөм.Буйруса жакын арада баштаган ишимди акырына чыгаруу планына бел байлайм.Жумшак эле суроо экен,рахматСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11393 Пользователь офлайн   Kg.lady   09 Сентябрь 2015 - 14:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Эжем кандайсыз?:)
Сизди тагдыр майданынан кийин жакындан тааныдык окшойт. Суроолорумда ушул баяндын тегерегинде болсун.
1.Мени кызыктырганы Асылзааданын тун кызынын ден соолугу. Кызынын азабын бир даалай эле тартпадыбы. Азыр кандай?
2.Биздин каарман бугунку кундо канча баланын энеси?
3.Кайненениз баягы дымыгынан кайттыбы, же дагы деле кактабай канынызды алып келеби?
4.Жанада Асылзаадамдын жолдошуна болгон сезимдери азыр кандай, конулу башканы дегдеп журуп, ата-энесинин созунон чыга албай, тууганына баш байлаган сулуу балдары учун жолдошун суйо алдыбы, же никеден кийинки сезимдер эркин бийледиби?
6.Баяныныздын журушундо ар турдуу билдируулорду калтырып жатышты, бири аяп, бири мактап, бири сындап дегендей. Ошолордун ичинен сындагандарына токтолгум келди.
"Ушунчалыкда бош болосунбу, кайненене каяша айтпаган?! "
"Элдин баары жаман, Асылзаадам жакшы, тема бир жактуу айтылып жатат!" ,
"Кайненеси жаманда, апасы жакшы!" деген сыяктуу коментарийлер болуп жатты. Окуяга кубо болбогон сон сындап коюш негизи оной эмеспи, окурмандардын билдируулоруно ошондогу сиздин реакцияныз?


Дагы келермин, азырынча ушулар.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11394 Пользователь офлайн   Giza   09 Сентябрь 2015 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсызбы? Тагдыр майданында деген теманыз чыгармабы же сиздин жашоонуздан алынганбы? Дагы бир суроо теманын уландысын качан окуйбуз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11395 Пользователь офлайн   FIALKA.   10 Сентябрь 2015 - 07:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 22 Март 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 23:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сырдуу ааламда.

Саламатта журосузбу эжеке?
"Атымды атасам вирт дуйносуно баш отум менен кирип, жан-дуйномдогу сырымдын баары тогулуп, чачылып жатып калам" деген пикиринизге анча кошула албай жатам да. :)

Билдирүүнү түзөткөн: FIALKA.: 10 Сентябрь 2015 - 07:58

Адамдын акылдуулугу берген жообунан эмес,
берген суроосунан билинет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11396 Пользователь офлайн   asylzaadam   10 Сентябрь 2015 - 15:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Meruet84 (08 Сентябрь 2015 - 19:34) жазган:

Асылзаадам эже куш келипсиз! .

Сизге суроом оор тийсе кечрим сурайм ""Тагдыр майданын" " баштан аяк окуп келе жаткан элем , негедир орто жерине келгенде токтотуп койдунуз улантасызбы эгер улантпасаныз мага сиздин ушул убактагы жашоонуз кызыктырып жатат.Сурайын дегеним азыноолак айта кетесизби.

Сизге эки дуйно бактылуулук каалайм.
Ар дайым ийгилик коштоп журсун .


Кушубак кылсын Мерует айым.
Талуу жерден кармадыңыз окшойт.Аттап өтүп кетүүгө болбодуСүрөт
Бул баянды өзүм жактуу кылып жазганым менен негизги каарманы жакын адамым болчу.Окуянын жүрүшүндөгү башка каармандардын арасынан жашоодо мени көрүүгө болот.Жогоруда айткандай баш каарманымдын кээ бир кайгысына кубанычына ортоктош болуп,козум менен көрүп жүргөндүктөн бул баянды жазуу мага кыйла эле оор болду.Ошол күндөрүн эстеп,элестетип, каармандын ордуна өзүмдү коюп жазууда кыйла эле көз жашымды төгүп алдым.Өзүңүз окугандай апасы өткөн жерине келип токтотконмун. Ошол кезде мага да оор болгон.Ал эми менин азыркы жашоомду сурасаңыз кудайга шүгүр эл катары эле.А "Тагдыр майданын" буйруса жакын арада жыйынтыктап калам.
Сизге да жараткандын чексиз мээримин тилейм.Бар болуңуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11397 Пользователь офлайн   peri-jan   10 Сентябрь 2015 - 16:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 460
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Июл 2016 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сырдуу дуйно

Ассаляму алейкум, Асылзаадам эжеке.
Менде да суроо жаралды сизге..
"Тагдыр майданында "чыгармасындагы башкы каарман сиз эмес окшойсуз менин тушунугум боюнча же адашып жатамбы?
Сиз болбосонуз, озунуздун тагдырынызга канчалык окшоштуктары бар ушул окуянын.
Канча уул жана канча кызыныз бар, айта кетсениз.
Балдарыныз чоноюп эле калса керек, аларда да сиздикиндей, созго чечен, акындык онор байкадынызбы? Айтайын дегеним кимге окшош кобунчо.
Акыркы суроом, форумга катталганга чейин да кирип жургонсузбу?


Алдын ала жоопорторунуз учун рахмат. Сизге уй булоолук бакыт каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11398 Пользователь офлайн   asylzaadam   11 Сентябрь 2015 - 13:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Kg.lady (09 Сентябрь 2015 - 14:18) жазган:

Эжем кандайсыз?:)
Сизди тагдыр майданынан кийин жакындан тааныдык окшойт. Суроолорумда ушул баяндын тегерегинде болсун.
1.Мени кызыктырганы Асылзааданын тун кызынын ден соолугу. Кызынын азабын бир даалай эле тартпадыбы. Азыр кандай?
2.Биздин каарман бугунку кундо канча баланын энеси?
3.Кайненениз баягы дымыгынан кайттыбы, же дагы деле кактабай канынызды алып келеби?
4.Жанада Асылзаадамдын жолдошуна болгон сезимдери азыр кандай, конулу башканы дегдеп журуп, ата-энесинин созунон чыга албай, тууганына баш байлаган сулуу балдары учун жолдошун суйо алдыбы, же никеден кийинки сезимдер эркин бийледиби?
6.Баяныныздын журушундо ар турдуу билдируулорду калтырып жатышты, бири аяп, бири мактап, бири сындап дегендей. Ошолордун ичинен сындагандарына токтолгум келди.
"Ушунчалыкда бош болосунбу, кайненене каяша айтпаган?! "
"Элдин баары жаман, Асылзаадам жакшы, тема бир жактуу айтылып жатат!" ,
"Кайненеси жаманда, апасы жакшы!" деген сыяктуу коментарийлер болуп жатты. Окуяга кубо болбогон сон сындап коюш негизи оной эмеспи, окурмандардын билдируулоруно ошондогу сиздин реакцияныз?


Дагы келермин, азырынча ушулар.

Мен дайымкыдай ЧолпонСүрөт.
Ооба бул ник ушул баянды жазуу үчүн ачылган болчу.Кийин сынакка катышып алдынкы орунга жетишкен "ак жолтой"ник болдуСүрөт.

Суроолорун баяндын кульминациясын камтыйт экен,баарын айтып берип койсом кийин окубай койосуң да))
Жараткан ары жактан түбөлүгүн түптөп берсе,кичинекей сыноолор убактылуу болуп кала берет.Ошондуктан "туулганына сүйүнбөй турганына сүйүн"деген кеп бекер айтылбаса керек.Куудул Күмөндөр айткандай "Сталин акем жети айлык,Ленин акем жети айлык,мен..." деп өзүн кошо коет эмеспи.Ошо сыңары айына жетпей төрөлгөндөр өмүрүн берсе чыйрак болушат.Бир кездеги "бир литрлик баклашкадай" болгон кыз секилдеп чуркап жүрөт.

Бул баянды "Жүрөк сырына"ачкан себебимдин бири толук сын-пикир жана талкууга ыктаг
аным болгон.Ошондуктан сын-пикирлерге каршы эмес экенимди бир билдирүү менен билдирип да кеткенмин.Ар адамдын жашоодо ээлеген ордуна байланыштуу көз -карашы да ар түрдүү болот эмеспи.Канча түрдүү адам болсо ошончо түрдө тагдырлар." Тагдыр майданындагы" баяндалган тагдырдын кемчилдиги, боштугун баамдап түшүнүп сындалганы демек менин баяндоомдогу максатка жеткеним деп түшүнсө болот.Кээ бир жаштар аз да болсо сабак алса деген үмүт болгон.
Рахмат Чолпон.Кичинекейлерин менен аман бол!

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 11 Сентябрь 2015 - 13:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11399 Пользователь офлайн   asylzaadam   11 Сентябрь 2015 - 13:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Giza (09 Сентябрь 2015 - 16:19) жазган:

Саламатсызбы? Тагдыр майданында деген теманыз чыгармабы же сиздин жашоонуздан алынганбы? Дагы бир суроо теманын уландысын качан окуйбуз?


СаламатчылыкСүрөт
Чыгарма деп кесе айта албайм.Чыгарма болуш үчүн анын талаптарына жооп бериш керек.Бул менин жашоомдун эмес мен жашоодо аралашып көргөн тагдырдын,бир аз көркөмдөлүп белгилүү себептер менен аз гана(!)кээ бир жерлерине өзгөртүүлөр киргизилип жазылган баян.Буйруса жакын арада.
Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11400 Пользователь офлайн   asylzaadam   11 Сентябрь 2015 - 13:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения FIALKA. (10 Сентябрь 2015 - 07:57) жазган:

Саламатта журосузбу эжеке?
"Атымды атасам вирт дуйносуно баш отум менен кирип, жан-дуйномдогу сырымдын баары тогулуп, чачылып жатып калам" деген пикиринизге анча кошула албай жатам да. :)


Саламатпыз Фиалочка! Сүрөт
Канчалык виртти вирт боюнча калтырам деген аракетимди вирттен тапкан жакшы санаалаш адамдар четке кагып келет.Албетте баардык нерсенин чеги болгондой бул"пикир" да бир күнү чегине жетсе керекСүрөт.Тобокелчи, өз кызыкчылыгымды кандай абалда болсом да кое бербеген жан экенимди билесиң гоСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 568
  • 569
  • 570
  • 571
  • 572
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Авг 2025 15:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: