Орусиянын Улуттук хоккей
федерациясы 80 миң
швейцария франкы же 85
миң АКШ доллар айып пул
төлөөгө милдеттендирилди.
17-майда дүйнө
чемпиондугунун финалында
Канадага утулуп калган
орусиялык хоккейчилер
медаль тапшыруу
салтанатынын аякташын
күтпөй муз талаасынан чыгып
кетип калышкан.
Финалдык беттешүүдө 1-6
эсеби менен жыдыган
Орусиянын хоккейчилеринин
көбү Канаданын улуттук
гимни ойноп, биринчи 3
орунду ээлеген командалардын
желектери көтөрүлө электе
эле сыртын салып, муздан
кетип калышкан. Орусиянын
Хоккей федерациясы
аянтчанын капталындагы
эшик ачык тургандыктан,
оюнчулар "бул - кете бергиле"
деген белги экен деп
ойлошконун айтып актанган.
Бирок Хоккей боюнча Эл
аралык федерациянын
тартипке тартуу комитети 24-
августта андай жүйөөнү четке
какты.
Орусиялыктардын аянтчадан
кетип калышы кайсы бир
жаңылыштыкка
байланышпаганын белгилеген
комитет, видеолорду көрүп
чыккандан кийин капитан
Илья Ковальчук кете бергиле
деп, башы менен ишара
кылганы анык көрүнүп
турганын билдирди. Анын
үстүнө тажрыйбалуу команда
катары алар бардык
эрежелерди билишери
комитет мүчөлөрүнүн
бүтүмүндө ырасталды.
“Тарыхта дүйнө
чемпиондугунун медаль
тапшыруу салтанаты аяктай
электе, бир да команда музду
таштап кеткен эмес” деп
айтылат Цюрихте жайгашкан
комитеттин билдирүүсүндө.
Өткөн жума күнкү угууларда
Орусия Хоккей
федерациясынын башкы
менеджери Андрей Сафронов
ал окуя үчүн өкүнүчүн
билдирип, оюнчулар менен
команда мүчөлөрүнүн жоругу
үчүн кечирим сурады.
Ошентип, Орусиянын
федерациясы 85 миң доллар
айып пул төлөөгө
милдеттендирилди.
Ал эми океандын ары
жагындагы белгилүү клубдарда
ойноп келген Ковальчук жеке
өзү эч кандай жаза алган жок.
2013-жылы ал Сочи Олимп
оюндарынын алдында Түндүк
Американын Улуттук хоккей
лигасынан - НХЛден кетип,
СКА Санкт-Петербург
командасына кошулган. Баса,
кышкы оюндарда да
Канаданын хоккейчилери
жеңишке жетишкен.
Орусиялык команданын
мындай мамилеси ошондо да
хоккей дүйнөсүнүн катуу
сынына кабылган. Канадалык
мурдагы машыктыруучу Дон
Черри:
- Биз аянтчада жалгыз
турдук. Алар жеңгенде биз эч
жакка жылбай туруп
бергенбиз, эми болсо алар кете
беришти. Бардык жагынан
утулушту, – деп
комментарийлеген.
Мекенинде да орус
командасынын мындай
жосунун көпчүлүк
күйөрмандар жактырган эмес.
Финалдын эртеси, 18-майда
алар Москвадагы Внуково
аэропортуна конгондо,
журналисттер гана тосуп
алышкан. Хоккей
фанаттарынын демейдегидей
тосуп чыгууга келбей
калышын айрымдар ошол
окуяга байланыштырып,
күмүш медаль деле жакшы
жетишкендик экенин
белгилешкен.
Gazeta.ru сайты ошондо
сурамжылоого тарткан 18
миңдей кишинин 95 % орус
оюнчуларынын Канаданын
гимни ойной электе эле
муздан кетип калышын
колдошпогонун билдиришкен.
Либералдуу көз караштары
менен белгилүү сайттын
редакторлорунун бири: “Биз ар
дайым башкалардан
баалулуктарыбызды,
жеңиштерибизди урматтоону
талап кылабыз. Бирок көп
учурда башкаларды
сыйлаганды унутуп калабыз”, -
деп жазганы бар.
Ошол эле маалда орусиялык
айрым маалымат каражаттары
бардык эле хоккейчилер
муздан чыгып кетпегенин
баса белгилешкен.
Маселен, Овечкин, Малкин,
Тихонов, Куликов өңдүү
оюнчулар медалдарын
алгандан кийин дагы бир
нече убакыт аянтчада туруп,
кийин гана башкаларга
кошулушканын ТАСС
агенттиги жазган.
Акыркы маалыматтарга
караганда, Орусиянын Улуттук
федерациясы Эл аралык
федерациянын чечимин
талашып, апелляция бербей
турганын билдирди.
Спорт жаңылыктары Акыркы спорт айдыңындагы кызыктуу факттар
#4323 28 August 2015 - 20:28
Хен Чжун Сук, "Витория Сетубалдын"
чабуулчусу оз созундо "Реалдын"
португалиялык жылдызы Криштиану Роналду менен бир командада ойноону каалайт.
"Мен "Реалда" карьерамды уланткым келет. Роналду - менин баалаган футболчум. Аны менен бир командада ойноо менин кыялым. "Мадридде" бир дагы Азия жактан футболчу ойногон эмес, мен алардын биринчиси болушумду каалайм", -дейт Сук.

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#4324 30 August 2015 - 20:19
Немецтик «Бавария Мюнхен» футболдук клубунун эки мусулман футболчусу жарнамалык сүрөт үчүн колдоруна сыранын айнек идиштерин кармап сүрөткө түшүүдөн баш тартышты.
Алар мындай чечимдерин диний ишенимдери менен түшүндүрүштү.
Сыра чыгаруучу ишкананын жарнамасы үчүн сүрөттө «Бавариянын» Франк Рибери менен Мехди Бенатиядан башка футболчулары колдоруна сыранын айнек идиштерин кармап турушат.
Биринчиси колун тизесине коюп отурса, экинчиси акыркы катарда жөн эле туруп турат.

Кудай буйруса баары жакшы болот!
#4325 31 August 2015 - 13:56
Сент Этьен Чабуулчусу оюн учурунда оору канага тушуп калды. ПСЖ клубунан Сент Этьен клубуна арендага келген чабуулчу Жан-Кристоф Баэбек бунку чемпионаттын 4-тур алгында откорулгон Бастияга (2:1) кары откорукгон оюнда биринчи таймды ойноп тыныгуу маалында алмаштырыкды.
Маалыматка ылайык футболчу дем акууга кыйналып кокурок болугунон оору сезген жана тездик мен оору канага жеткирилди.
Эми ал даарыгдрлер козомолундо болот. Оюндан кийинки пресс-конфиренцияда Сент-Этен баш насаатчысы Крисроф Галтье Баэбек тууралуу соз ачылганда козуно жаш алып жакшылыктан умут кылабыз деген жоопту берди.
Alhamdulillah
#4326 01 September 2015 - 12:29
Мария Шарапова эн бай спортчулардын катарын толуктады.
Форбс журналынын тандоосу боюнча Орусиялык теннисчи Мария Шарапова эң көп каражат төлөнгөн спортсмен деп табылды. Анын жылдык кирешеси 29 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 23 миллионун демөөрчүлүк келишимдер түзсө, калган 6 миллионун турнирлердеги байгелер түзөт. Форбс журналынын белгилешинче 26 жаштагы айтылуу теннисчи мындан сырткары жарнамалык роликтерден тапкан кирешеси 180 миллион долларды түзөт. #4327 07 September 2015 - 23:36
Улуттук 1-канал (КТРК) 12-сентябрьдан тарта Испания жана Германия чемпионаттарын түз эфирде трансляция кыла баштайт. Бул күнү Испания чемпионатынын 3-турунун алкагындагы борбордук беттеш Атлетико Мадрид - Барселона командаларынын оюну түз эфирде берилет
Alhamdulillah
#4328 08 September 2015 - 15:54
2018-жылы Россияда өтүүчү
дүйнөлүк чемпионаттын «Азия» зонасындагы
тандоо раундунун 7-айлампасындагы
Австралия менен Кыргызстандын ортосундагы
матч Канберрада өтөт. Бул тууралуу
Австралиянын футбол федерациясынын
расмий сайты билдирди.
Жолугушуу 12-ноябрга пландалды жана ал 25
миңден ашык көрүүчүнү батыра алган GIO
Stadium'да өтөт.
Бул матчка билеттер 22-сентябрда сатыкка
түшүп, коомчулукка 25-сентябрдан тарта
жеткиликтүү болот.
Акыркы жолу «соккерус» GIO Stadium'да 2011-
жылдын 7-ноябрында Малайзия менен
жолдоштук беттеш өткөрүп, 5:0 эсебинде
жеңишке жеткен.
Эске салсак, Кыргызстан менен Австралиянын
ортосундагы биринчи мелдеш 16-июнда
Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо
(«Спартак») өткөн жана матч 2:1 эсебинде
коноктордун пайдасына чечилген .

#4329 08 September 2015 - 16:49
Спорт жаңылктарын талкуу кылганы атайын тема бар, достор! Флуддабагыла,
эскертүү сызыгыңар толот!
#4330 09 September 2015 - 15:17
"ЕЧ-2016" тандоо оюндары. Лихтейнштейн 0-7 Орусия жана Артем Дзюба покер. Лихтейнштейндин борборбу Вадуц шаарында орун алган беттеште Орусиялыктар жети жоопсуз гол тээп, катарлаш откон оюнда Швециянын оз уйундо Австрияга уттуруп коюусу (1-4) менен Орусияга тайпадан экинчи орунду алып, финалдык болукко туз чыкчу мумкунчулук тузулду. Учурда тайпадан 21 упай топтогон Австрия, евро 2016нын финалдык болугуно жолдомо ала алды. 14 упай топтогон Орусия экинчи орунда. 12 упайы менен Швеция учунчу орунга жазылды. Лихтейнштейн-
Орусия 0-7 (0-3) Дзюба, 21' 45' 73' 90', Кокорин, 40' пенальтиден,
Смолов, 77', Дзагоев, 85'
Alhamdulillah
#4331 09 September 2015 - 15:28
Футбол. Германия чемпионаты.
12.09. Саат 22:25. Бавария-Аугсбург.
13.09. Саат 00:30. Шальке 04-Майнц. Испания чемпионаты.
12.09. Саат 00:25. Атлетико-Барселона.
13.09. Саат 22:45. Эспаньол-Реал Мадрид. КТРК. (УЕФАнын Чемпиондор Лигасындагы тайпалык оюндарды да эфирден берип калса гана, атаганат... Европа Лигасын айтпай эле кое туралы...)
#4332 09 September 2015 - 17:41
Бишкекте 16-20-сентябрда 16
жаштагы өспүрүмдөр арасындагы футбол
боюнча Азия чемпионатынын В тайпасындагы
тандоо раундунун матчтары болот.
АФКнын расмий сайты билдирегендей, бул
тайпада Кыргызстан, Иордания, Непал жана
Оман бар.
Бардык оюндар Бишкектеги Д.Өмүрзаков
атындагы (мурдагы «Спартак») стадиондо
өтөт.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен
финалдык бөлүккө 11 тайпанын жеңүүчүлөрү
жана өздөрүнүн тайпаларында мыкты
көрсөткүчтөр менен 2-орундарды ээлеген 4
команда чыгат.
Биринчиликтин финалы 2016-жылы Индияда
өтөт.
Матчтар тизими
1-айлампа , 16-сентябрь
15:00 Непал — Иордания
20:00 Кыргызстан — Оман
2-айлампа , 18-сентябрь
15:00 Иордания - Оман
20:00 Кыргызстан - Непал
3-айлампа , 20-сентябрь
15:00 Непал - Оман
20:00 Кыргызстан - Иордания

#4333 12 September 2015 - 21:32
Футбол. Испания чемпионаты.
19.09. Саат 22:50. Реал Мадрид-Гранада.
20.09. Саат 00:З0. Барселона-Леванте.
Германия чемпионаты.
19.09. Саат 00:З5. Дармштадт 98-Бавария. 20.09. Саат 22:45. Боруссия Дортмунд-Байер.
КТРК.
#4334 12 September 2015 - 23:41
Кыргыз балбандары 1993-жылы Швециянын борбору Стокгольм шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына эгемен өлкөнүн өкүлдөрү катары биринчи жолу катышып, жол ачкан. Дүйнө чемпионатына алгачкы ирет катышкан Сүйүн Сейитбеков,
Руслан Гебеков, Манас Мураталиев,
Юрий Мельниченко,
Раатбек Санатбаевди сыймык менен атайбыз.Аларга баш-көз болуп, дүйнө чемпионатына даярдап, баштап барган ошол учурдагы башкы устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмазбек Касенов болгон эле. 1994-жылы Финляндиянын Тампер шаарында өткөн дүйнө чемпионатына да ушул жигиттер барган.
1995-жылы Прага шаарында (Чехия) өткөн дүйнө чемпионатына да Сүйүн Сейитбеков, Дамир Чынаев, Манас Мураталиев, Дмитрий Звягинцев, Владимир Романенко, Раатбек Санатбаев барып, акырындык менен тажрыйба топтоп, эл аралык аренада аттары угула баштаган.
Кыргыз балбандары үчүн эр-азаматтар арасында дүйнө чемпионатынын байге эсебин 1999-жылы 23-сентябрдан 26-сентябрга чейин Грекиянын Афины шаарында өткөн дүйнө чемпионатында даңазалуу балбаныбыз, маркум Раатбек Санатбаев 85 кг. салмакта коло медаль тагынып, жол ачкан.
2006-жылы Кытайдын Гуанджоу шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 66 кг. салмакта атактуу балбаныбыз Канатбек Бегалиев финалга чейин жетип, кытайлык Ли Янянга аз упай менен утулуп Кыргыз спортунун тарыхында грек-рим күрөшү боюнча алгачкы күмүш медаль тагынган.
Андан кийин 2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 74 кг. салмакта белгилүү балбаныбыз Данияр Көбөнов коло байгелүү болгон. Ошондой эле эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык балбандар Кенжебек Өмүралиев, Алексей Крупняков жана Базар Базаргуриев коло медалдардын ээлери болушкан.
Балбандар дүйнө чемпионтында
29-августта кыргызстандык тандалган балбандар АКШга аттанышты. Ушул жылдын 7-сентябрынан 12-сентябрга чейин АКШнын Лас-Вегас шаарында дүйнө чемпионаты өткөрүлүп, мында алдыңкы беш орунду ээлеген 114 балбанга 2016-жылы Рио де Жанейро шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат. Бул ирет грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын 59 кг. салмакта Азия чемпиону Арсен Эралиев,66 кг. салмакта Азия чемпиону Руслан Царев,71 кг. салмакта өлкө чемпиону Кайратбек Түгөлбаев,75 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпиону Атабек Азисбеков, 80 кг. салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Самат Шырдаков,85 кг. салмакта Азия оюндарынын үч жолку коло байге ээси, Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев,98 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Бексултан Махмудов жана оор салмакта жаштар арасында Азиянын чемпиону Мурат Рамонов коргойт. Балбандарды Бээжин олимпидасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпионатынын да күмүш медалын жеңген, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, башкы устат Канатбек Бегалиев менен улук машыктыруучу Азат Эркимбаев даярдап, таптап, машыктырып, баштап бармакчы. Кызыгы грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Лондон олимпиадасынын катышуучусу даңазалуу балбан Данияр Көбөнов бул ирет эркин күрөш боюнча Лас-Вегас шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында күчүн сынап көрүү үчүн бармак болду.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Русланбек Мажинов АКШдагы лицензиялык дүйнө чемпионатына баруучу балбандарды аныктады.Кыргызстандык команданын курамына тандалган 6 балбан кирди.
АКШдагы таймаштарда Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өтүүчү жайкы Олимпиадалык оюндарга да жолдомолор ойнотулат. Бразилияга баруу үчүн балбан өзүнүн салмак категориясында алдыңкы беш орунга илиниши керек.
57 кг. салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Самат Надырбек уулу, 65 кг. салмакта эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Улукман Маматов, 75 кг. салмакта өлкө чемпиону Нарбек Изабеков, мурда 74 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча таанылган атактуу балбан Данияр Көбөнов 86 кг. салмакта эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын коргойт. Ал эми жогоруда аты аталган балбандар менен бирге 97 кг. салмакта Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азия чемпиону Магомед Мусаев жана оор салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Айаал Лазарев күчүн сынап, Рио-де-Жанейродо 2016-жылы өтүүчү жайкы Олимпиадалык оюндарга да жолдомо алууга аракет кылышат. Балбандарды өлкөнүн башкы машыктыруучусу Русланбек Мажинов менен улук устат, жаштар арасында дүйнө чемпиону Сүймөнкул Табылды уулу жетектеп барышат.
Ошондой эле кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков да АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган лицензиялык дүйнө чемпионатына тандалган балбан кыздарды баштап бармакчы. Кыз-келиндер арасындагы мелдештер 9-11-сентябрда болот. Бул өтө жооптуу сыноо болгондуктан жөн эле каражатты коротпой, байгелүү орундарга талапкер болчу эки кызды гана иргеп алышты. Алар 53 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Розалия Тилегенова менен 58 кг чейинки салмакта Азия чемпиону, Азия оюндарынын коло байге ээси, Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын коло медаль ээси, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова АКШда өлкө намысын коргойт. Бул дүйнө чемпионатында бешинчи орунду ээлеген балбандардын Бразилияда өтчү олимпиадага жолу ачылат. Кыргыз балбандарына үмүт артып, жолдомо алып келишине тилектеш болуп турабыз.
Мындан тышкары 2016-жылы Астана шаарында дагы Рио де Жанейро олимпиадасына жолдомо алууга укук берген мелдеш өтөт. Ошондой эле Монголия жана Түркияда өтүүчү эл аралык Гран-при турнирлеринде дагы жеңүүчүлөргө олимпидага катышууга жол ачылат. Алдыда 2016-жылы Рио де Жанейро шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарда да кыргыз балбандарынын жылдызы жанып, байгелүү орундарга жетет деп ишенип, үмүт кылып турабыз.
Кыргыз уландары дүйнө чемпионаттарында
1996-жылы Ирандын борбору Тегеран шаарындагы уландар арасындагы дүйнө биринчилигине Уран Калилов катышып, алтын медаль тагынып, уландар арасында дүйнө чемпиону аталган.
1997-жылы уландар арасындагы дүйнө биринчилиги Словениянын Марибор шаарында өтүп, мында кыргызстандык В.Черчевич финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон.
2012-жылы уландар арасындагы дүйнө биринчилиги Азербайжандын борбору Бакы шаарында өтүп, Атабек Азисбеков, Балбай Дардаков, Бек Коңурбаев жана Рустам Тейишов үчүнчү орундарга илинип, дүйнө биринчилигинде тажрыйба топтоо менен коло байге утуп келишкен.
2014-жылы уландар арасындагы дүйнө биринчилиги Словакиянын Снина шаарында өтүп, мында Лука Орлов финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынан. Керим Казакбаев менен Роман Ким үчүнчү орунду камсыз кылган.
Кыргыз жаштары дүйнө чемпионаттарында
1997-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты Финляндиянын Турку шаарында өтүп, Уран Калилов финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынып келген.
1998-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты Египеттин Каир шаарында болуп, Уран Калилов жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, анын алтын медалы үчүн Кыргыз туусу обого көтөрүлүп, гимн ойнотулган.
2000-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионаты Франциянын Нант шаарында өтүп, мында Ш.Капаров үчүнчү орунга жетип, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси болгон.
2003-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионаты Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, мында Жанарбек Кенжеев коло медаль утуп, чеберчилиги менен айырмаланган.
2005-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты Литванын борбору Вильнюс шаарында өтүп, мында Жанарбек Кенжеев бардык атаандаштарын жеңип, жаштар арасында дүйнө чемпиону аталган. Р.Усупжанов бул дүйнөлүк таймашта коло медаль тагынып келген.
2008-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын таймашуулары Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, мында Каныбек Жолчубековго теңдеш атаандаш болбой, ал жаштар арасында дүйнө чемпиону деген атак-даңктын ээси болгон. Арсен Эралиев да финалга чейин жетип, Стамбулдан күмүш медаль тагынып келген.
2009-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты Түркиянын Анкара шаарында өтүп, 55 кг. салмакта Каныбек Жолчубеков коло байгенин ээси болгон.
2013-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионаты Сербиянын Зренянин шаарында өтүп, Нурбек Максатбеков финалга чейин жетүү менен дүйнөлүк таймашта күмүш байгелүү болгон. Ал эми Бексултан Махмудов менен Нузупбек Топчубаев коло медаль тагынып келишкен эле.
2014-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионаты Хорватиянын Загреб шаарында өтүп, эл аралык спорт чебери Рустам Тейишов финалга чейин күрөшүп, дүйнө чемпионатынын күмүш медалына арзыган. Ушул келечегине үмүт жандырган жаш балбандар Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, жеңиштерге жетсе деген аруу тилек бар.

#4335 13 September 2015 - 18:06
Арсен Эралиевш олимпиадага жолдомо алды
Роналду - бул кайталангыс талант
#4336 13 September 2015 - 18:49
"Челси"
командасынын акыбалы Моуринью эле эмес,мышык ыйлачудай.Англия Премьер Лигасында 5 оюн откоруп,1 жолу утуп,1 тен чыгып,3 жолу женилип,жалпысынан топ айырмасы 5-11 болду жана таблицада 15 орунда турат, 5-тур бутсо мындан да ылдыйлашы мумкун.Ал эми Италиянын "кары синьора"каймана аталышы бар Ювентус да 3турдан сон 15-орунга тушту,2 жолу утулуп,1 тен чыгуу катталды.Челсинин мындай корунушу акыркы жолу 1988-жылы болсо,Ювентустуку 1956-жылы болуптур.
#4337 13 September 2015 - 20:09
В. Путин боксчу Р.Джонско орус жарандыгын берүү боюнча керектүү кагаздарга кол койду.
#4340 17 September 2015 - 17:27
Машыктыруучу Тажикстан жана Бангладешке каршы оюнга карата кеңейтилген курамга 32 футболчуну чакырды
Футбол боюнча Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин
кеңейтилген курамга 32 футболчуну чакырды. 23 футболчудан турган негизги курам машыгуу сборунун жыйынтыгында бекитилет. Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз Республикасынын курамасы 8-октябрда Тажикстан менен, 13-октябрда Бангладеш менен беттешет. Эки беттеш тең Бишкекте орун алат. Курам төмөнкүчө: Дарбазачылар:
Матяш Павел ("Maziya Sports" клубу, Мальдив аралдары), Кашуба Валерий ("Худжанд"
, Тажикстан), Агапов Максим, Зинченко Максим ("Дордой"
), Амиров Руслан ("Алга"
).Коргоочулар: Самсалиев Талант, Тэго Дэниел, Ажиниязов Марат, Шакиров Шерзот, Шератов Курсан, Байматов Азамат (баары "Дордой" ), Алимов Ильяз ("Алай" ), Кичин Валерий ("Тюмень" , Орусия), Козубаев Тамирлан ("Гранитас" , Литва), Майер Виктор ("SV Meppen", Германия), Умаров Акрам ("Абдыш-Ата" ), Юсупов Мустафа ("Ала-Тоо" ).
Жарым коргоочулар: Бернхард Эдгар (“Prachuap”, Тайланд), Землянухин Антон ("Раднички" Сербия), Дүйшөбеков Бахтияр, Мусабеков Фархат (экөө тең "Абдыш-Ата" ), Амиров Ильдар, Рустамов Турсунали, Сидоренко Павел (баары "Алга"), Сыдыков Азиз, Жыргалбек уулу Кайрат, Харченко Вадим, Шамшиев Ислам (баары "Дордой" ).
Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Нюрнберг- 2", Германия), Мирзалиев Алмаз, Тетте Дэвид (баары "Дордой" ), Мурзаев Мирлан (“Afjet Afyonspor”, Түркия), Филатов Иван ("Алга" ).
*************************************

Супер-Инфо
super.kg
видео