Ото кошулам
Дааватчылар Фанатизм
#422 02 February 2015 - 16:56
Эээ азр даават иши м.н Кыргызстан ушундай алхамдулилла жакшы элебиз.карабайсынарбы жакынкы эле кошуна Озбекстанды,
Казакстанды ал жерде жоок даават.Дааватка уйронгону анан уйроткону чыгабыз.
#423 06 February 2015 - 10:28
Мен жамаат таблигх же салафи же хизб да эмессмин, бирок аларды жаман аттуу кылып эл адында шылдындоо, басмарлоону да туура эмес деп келем. Бир илим ээсинин айтканы бар божомолдуу мааниси "Эгер адамдын акыйдасын түздөйм десен дааватты ага купуя жана жеке кыл, себеби көпчүлүк алдында ондоп баштасан анын напсиси аны коё бербей сен менен душмандашып кетет, сен менен душмандашып сен айткан акыйкатты дегиле кабылдабайт.
" деген сынарда (өтө божомолдуу эсимде калганы боюнча жазып жатам).

Туура айтасыз,азыр жамааттар ортосунда талашып-тартыша турган убак эмес го деп ойлойм,андан коро динден тушунугу жок,б.а."уктап" аткан адамдарга жеткируу керек го.
#424 27 August 2015 - 11:06
Аллах, К. Р на аман-эсен жатсем дааватка чыгуу ниетим бар. Баардык адамдардын тилегин кабыл кыла кор(ооминь)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#425 30 August 2015 - 05:46
"ЭЛ КӨРСҮН ДЕП ЭМЕС,АЛЛАХ ҮЧҮН ,АКЫРЕТИҢИЗ ҮЧҮН ЗИКИР КЫЛЫҢЫЗ"
Абдулло Зул Биджадейн разияллоху анху,бала кезинде жетим калган сахабалардын бири эле. Ал аталаш агасы менен бирге жашачу.Агасы ага жакшылап көз салып турчу эле.Ал исламды үйүндөгүлөрдөн жашыруун кабыл алган.Агасы ал жөнүндө билип калып.Аны үйүнөн кийим жок бойдон кууп чыгат.Апасы да карабай койот. Бирок эне деген эне да.Анын жалаңач экенин көрүп эски (чадр)жамынчы берди.Ал аны эки бөлүп айрыды да бири менен авратын жаап,экинчисин үстүнө ороду.
Ал Мадинага келди жана көбүнчө Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва салламдин үйүнүн жанында, каттуу үн чыгарып зикир кылчу эле.
Умар разияллоху анху аны көрүп
— Бул ушинтип зикир кылып, элге көрүнөйүн деп жатабы?—деди.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам
—Жок, балким бул (аввабиндерден)Аллахка толук кайрылгандардан болот-деп айтты.
Ошентип ал Табук согушунда каза болду.
Сахабалар түндөсү мүрзөдө чырак күйүп турганын көрүштү.Жакын барып карашса Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам мүрзөгө түшүп алып.Абу Бакир жана Умар разияллоху анхуга, "бир тууганыңарды мага алып бергиле "—деп жаткан экен.Ал экөө Абдуллах разияллоху анхунун сөөгүн алып беришти.Сөөк коюлгандан кийин Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам
—Эй Аллахым! Мен андан ыраазымын.,сен дагы андан ыраазы бол деп айтты.
Ибну Масьуд разияллоху анху бул бардык окуяны көрүп туруп,"Аттиң" ушул сөөк меники болгондо эле,—деп эңседи.
ЫЙМАН НУРУ

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#426 30 August 2015 - 06:07
БИР ДААНЫШМАНДАН ШАКИРТТЕРИ.
..
— Биз эмне кылсак тынч,ырахаттуу өмүр кечиребиз? — деп сурашты.Даанышман аларга карап:
— Эч жерде,эч кимге жаман, ушак сөз сүйлөбөй эле,сүкүт салып унчукпай жүргүлө,— деп жооп берди.Шакиттери ага карап:
— Деги биз ар дайым эле сүкүт салып,унчукпай жүрө беребизби,буга чыдоого мүмкүн эмес!—дешти. Даанышман аларга мындай кеңеш берди.
— Сүкүт тартып унчукпай жүрө албасаңар— сүйлөгүлө, бирок кыска жана маанилүү сүйлөгүлө.Оозуңардан эч качан жүйөөсүз сөз чыкпасын.Бардык балээ тилден келет,жаман сөз угуучунун көңүлүн ирээнжитет, ошондон сактангыла деди.

#427 30 August 2015 - 06:09
ӨТӨ ТААСИРДҮҮ СӨЗДӨР ЭКЕН...!!
!
- Жакшына даарат аласың, атрынан түтѳтүп тамеки тартасың.
- Уяттуу жерин тосуп жоолук салынасын, үстүңѳн буркуратып атыр себинесин.
- Түндѳсү намазга турасын, бирок күндүзү бир туугандарың менен мамиле кылбайсын.
- Эртеден кечке орозо кармайсын, бирок оозуң бирѳѳлѳрдү гыйбат кылуудан бошобойт.
- Бирѳѳгѳ садака бересин, бирок анын үстѳнѳн милдет кыласың.
Мына ушул сыпаттар сенде болгон болсо, билгин мусулман бир тууганым….
Сен бир түбү тешик капка сооп чогулткандайсын…
(Мухаммад Арифий).

#428 02 September 2015 - 10:57
Дааватчыга кат
Ардактуу жана урматтуу бир тууганым!
Ырасында, сен Ислам дининин бардык кыйынчылыгына ыраазы болгонуңду билдирипсиң, бул кабарың менен бизге сүйүнүч жана дем-күч берип жатасың. Андай болсо буларды жакшылап ук:
Милдетиң – тикендердин арасынан гүл топтоо болсун. Жылаң аяк бутуңа тикендер кирет. Жылаңач колуңду сайгылайт. Буга сүйүнөсүң!
Фараондордун кучагында чоңойгон Мусаларды катарыңа кошосуң. Кошкондугуң үчүн сени токмоктошот. Ооз ачып сүйлөгөнүң үчүн сени зынданга салышат, ага сүйүнөсүң!
Чөлдөргө сүргүндөлсөң, каның менен дарак өстүрөсүң. Түндүк уюлга сүргүндөлсөң, денеңдин жылуулугу менен мөмө-жемиштерди өстүрөсүң. Мөмөлөрүңдү жактырбагандар болот. Тебелеп, тепсешет. Сен муну сабырдуулук менен карайсың!
Караңгы зынданга ташташса нур, үмүтсүз адамдарды көрсөң үмүт, ыймансыз жүрөктөргө туш келсең нур бересиң. Бергениң үчүн сени күнөөлөшөт, барганың үчүн сени жазалашат, сүйлөгөнүң үчүн сени соттошот. Буга шүгүр кыласың!
Апаңдан, досторуңан, жакындарыңан айрылсаң, жан-дилиң менен КУРАНГА жабышасың. Тамчы болсоң деңиз, жел болсоң куюнга айланасың. Дартыңды жазыш үчүн териңди кагаз, каныңды сыя кыласың. Эч ким менен жолуктурушпаса, Лейланы издеген сыяктуу Мажнун болуп чөлгө кетесиң. Ал жерден НУР издегендерди табасың. Табалбасаң өкүнбөйсүң!
Мапсап, байлык, бийлик беришсе, напсиңди унутасың…
Жалган жалаа, будуң-чаңга туш келсең, сезимдерге алдырбайсың… Алдыңа темирден тосмо курушса, тишиң менен тешип өтөсүң. Тоолорду казуу керек болсо, ийне менен казасың.
Унутпа, кайсы жерде болсоң да, ыймансыздыктын, сабатсыздыктын жана караңгылыктын тамырын түбү менен чиритесиң!
Бир күнү, КУРАНдын айланасындагы чептердин жыгылганын көрсөң, дароо сөөктөрүңдү таш, эттериңди ылай, каныңды суу кылып, айланаңа илимден, билимден, пазилеттен, адеп-ахлактан чеп курасың. Чептер курмандыкты талап кылат. Кандай болсо да, сен дагы ичинде курбан болгун! Бул катты окуганда Месневини окуган Юнус Эмире сыяктуу: «Мынча узун жазылган?» дешиң мүмкүн. Мынчалык узартуунун эмне кереги бар эле, кыскача “Курандын шакирти болосуң!” – десең жетмек, дешиң мүмкүн…
Туура айтасың. Анткени, Ислам жолуна кирген ар бир адам, бул жолдун кылдан ичке, кылычтан курч экендигин жана ар кишинин эмес, эр кишинин жолу экендигин билет. Сени бүткүл жан-дилим менен кучактап, көздөрүңдөн өөп, сен үчүн дуба кылам. Катымды аяктап жатып, Аллах ыраазы болгон чөйрөдө көрүшкөнгө чейин, жаңылыш жолдо жүргөн боордошторумдун кыска убакыт ичинде, сен сыяктуу туура жолго салуусун Жараткан Аллах тааладан суранам. Аамин.

#429 03 September 2015 - 10:46
ДААВАТ КЫЛУУНУН АДЕПТЕРИ
Аллах таала бизди даават кылууга милдеттендирди жана анын себеби менен бизди башка адамдардан артык кылды. Даават кылуу – Аллахтын бизге берген чоң нээматы. Аллах таала ыйык Куранда айткан:
«Аллахтын динине чакырган, жакшы иштерди кылган жана “мен мусулманмын” деп айткан адамдан да жакшы сүйлөөчү ким бар?!». (Фуссилат сүрөөсү 33-аят)
Аллахга чакыруу – бул өтө чоң жоопкерчилик жана өтө зарылдуу милдет. Аллахтын динине даават кылгандар – алар пайгамбарлардын жолун жолдогондор жана алардын сүннөтүн аткарып ээрчигендер. Аллах таала ыйык Куранда:
«Адамдар Аллахга (актанып) далил кылбоолору үчүн – (Биз аларга) сүйүнчүлөөчү жана коркутуучу элчилерди жибердик»,–дейт. (Ниса сүрөөсү 165-аят)
Шарияттын негизинде адамдарды туура жолго багыттап, жамандыктан эскертип жана жакшылыкка чакыруу – бул өтө чоң милдет. Аллах таала ыйык Куранда айткан:
«Айткын: Мына ушул менин жолум. Мен жана мени ээрчигендер далилдердин негизинде Аллахтын (динине) даават кылабыз. Аллах аруу Зат жана мен ширк кылуучулардан эмесмин». (Юсуф сүрөөсү 108-аят)
Аллахтын динине чакырган адам бул милдеттин канчалык улуу даражадагы нээмат экендигин билүүсү зарыл. Ал Аллахга чакырууда даават кылуунун эрежелерин сактап, аларды талаптагыдай аткаруусу керек. Мына ушул эң маанилүү талаптардан. Даават кылуу – Аллахтын бизге тартуулаган улуу белеги. Даават кылуунун эрежелеринин бири – адамдарды туура жолго чакырууда алардын абалын эске алуу менен бирге түшүнүктөрүнө жана деңгээлдерине жараша даават кылуу. Ошону менен бирге аларга динди туура жеткирүүгө болгон күч аракетин жумшоо.
Даават кылган адам Аллахтан сооп-сыйлыктарды үмүт кылуу менен Анын ыраазылыгы үчүн гана кылуусу зарыл. Ал эми башка ниетте даават кылса, анда ал акыреттеги сооп-cыйлыктардан куру калат. Ошондой эле даават Аллахтын Элчисинин сүннөтүнө ылайык болуш керек. Даават эки шарттын негизинде кылынат – Аллахка болгон ыкластуулук жана Пайгамбардын сүннөтүнө туура келүүсү зарыл. Даават кылган адам ушул эки шарттын негизинде даават кылыш керек. Себеби буларсыз адамдын эч кандай иш-аракети кабыл кылынбайт.
Дагы бул нерселерге кошумча, даават кылган адам кулк-мүнөздүү, сабырдуу, токтоо, кичи-пейил болуш керек. Ошондой эле даават кылууда жакшы сыпаттарга ээ болуусу зарыл. Аллах таала ыйык Куранда айткан:
«Раббиңдин ырайымы себептүү сен аларга жумшактык кылдың. Эгерде сен орой жана ташбоор болсоң, алар сенден алыстап кетишмек». (Ааль Имран сүрөөсү 159-аят)
Аллахтын динине чакырган адам мамилесинде, жүрүм-турумунда жана ибадатта Аллахтын Элчиси үммөтүнө кандай үлгү болсо, ал дагы башкаларга ошондой үлгү болуш керек. Ыйык Куранда Аллах таала айтат:
«Чындыгында силер үчүн Аллахтын Элчисинде эң жакшы үлгүлөр бар. Аллахтын (сооп-сыйлыгын) үмүт кылгандар, акыретте (Анын ырайымын) каалагандар жана Аллахты көп эстегендер андан үлгү алышат». (Ахзаб сүрөөсү 21-аят)
Аллахга чакырган адам үчүн эң коркунучтуу нерсе – анын сүйлөгөн сөзү кылган ишине туура келбей калышы. Ушундай кылганы үчүн Аллахтын каарына дуушар болот. Аллах таала Куранда айтат:
«Эй, ыйман келтиргендер! Эмнеге силер өзүңөр кылбай туруп башкаларды кыл деп айтасыңар. Өзүңөр кылбай туруп башкаларды кыл деп айтканыңар – Аллахтын алдында кандай жек көрөөрлүк иш!». (Соф сүрөөсү 2-3-аяттар)
Аллах таала башка бир аятта:
«Адамдарды жакшылыкка чакырып, а бирок өзүңөрдү унутуп каласыңарбы? Силер китепти окуйсуңар го! Акыл жүгүртпөйсүңөрбү? !»,– деп айтат. (Бакара сүрөөсү 44-аят)
Даават кылган адамга эң коркунучтуу болгон нерселердин дагы бири – ал орой мүнөздө болуусу жана пайдасыз иштер менен алектенүүсү. Текеберлик, бузукулук, гыйбат кылуу, көралбастык, бир нерсеге баш-оту менен кирип кетүү,чагымчылык кылуу ж.б. ушул сыяктуу жаман сыпаттар дааватка терс таасирин тийгизет. ]

#430 03 September 2015 - 10:49
Лукман Хакимдин баласына айткан осуятын Аллах таала ыйык Куранда кабарлайт:
«Жакшылыкка чакыр, жамандыктан тый жана (бул жолдо) сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл. Мына ушул аткарыш керек болгон Аллахтын буйруктарынан. Адамдарга кекирейбе жана жолдо текеберленип баспа. Чындыгында Аллах таала бардык мактанчаак менен текеберлерди жакшы көрбөйт. Басканда орточо жүргүн жана сүйлөгөндө жай сүйлө. Анткени эң жаман үн – эшектин үнү».(Лукман сүрөөсү 17-19-аяттар)
Кыскасын айтканда, Аллахтын динине чакырган адам Аллахтан корксо, акыретте ар бир иш-аракеттерине жооп берерин дайым эстеп жүрсө жана өзүнүн абалын оңдоого аракет кылса, анда ал сөзсүз ийгиликке жетет. Ыйык Куранда Аллах таала айтат:
«Чындыгында, биз мурда дүйнөдө үй-бүлөбүз менен жашап жатканда Аллахтын азабынан коркчу элек. Анан Аллах бизге (хидаят берип) ырайым кылды жана бизди заардуу азаптан сактады». (Тур сүрөөсү 26-27-аяттар)
Оо, Аллах! Баарыбызга хидаятта жүрүүбүз үчүн ийгилик бер! Бизди туура жолго сал! Баарыбызды Өз мээримиңе бөлөп, күнөөлөрүбүздү кечир!

#431 03 September 2015 - 11:07
Бир тууганым, ушул маалыматтарды кайсы булактан алып атасын?
шилтемесин таштап койчу.
шилтемесин таштап койчу.
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
#432 10 September 2015 - 10:24
ДААВАТ - БУЛ ШАРИАТ ИБАДАТЫ, ДЕМЕК ШАРИАТ КӨРСӨТКӨНДӨЙ АТКАРЫЛЫШЫ КАЖЕТ
Бисмилляхи- р-Рахмаани-р- Рахиим
Ислам динине даават кылуу (даъва) деген - ушул динди түз кармансын деп адамдарга чын жүрөктөн насаат кылууң (насыха), жакшылыкты көрсөтүп (иршаад) жана ага буюруп (амр би-ль-маърууф), жамандыктан кайтарууң (нахий ъани-ль-мункар). Ар бир мусулман үчүн күчүнө жана илимине жараша Аллахка даават кылуу милдет. Ар бир адам - эркек же аял болсун - динди башкаларга жеткирүү (таблиг), даават кылуу, туура жол көрсөтүү, чын жүрөктөн насыят берүү милдетинен үлүшү бар. Ислам динине даават кылуу деген - таухидке, намазды бекем сактоого, зекетти берүүгө, Рамазанда орозо тутууга, мүмкүнчүлүгү болгондор ажылыкка барууга, ата-энеге кайрымдуу болууга, тууганчылыкты чыңоого, бардык күнөөлөрдү таштоого чакыруу (Ибн Баз “Шарх салясати-ль- усуль”)
Бисмилляхи- р-Рахмаани-р- Рахиим
Ислам динине даават кылуу (даъва) деген - ушул динди түз кармансын деп адамдарга чын жүрөктөн насаат кылууң (насыха), жакшылыкты көрсөтүп (иршаад) жана ага буюруп (амр би-ль-маърууф), жамандыктан кайтарууң (нахий ъани-ль-мункар). Ар бир мусулман үчүн күчүнө жана илимине жараша Аллахка даават кылуу милдет. Ар бир адам - эркек же аял болсун - динди башкаларга жеткирүү (таблиг), даават кылуу, туура жол көрсөтүү, чын жүрөктөн насыят берүү милдетинен үлүшү бар. Ислам динине даават кылуу деген - таухидке, намазды бекем сактоого, зекетти берүүгө, Рамазанда орозо тутууга, мүмкүнчүлүгү болгондор ажылыкка барууга, ата-энеге кайрымдуу болууга, тууганчылыкты чыңоого, бардык күнөөлөрдү таштоого чакыруу (Ибн Баз “Шарх салясати-ль- усуль”)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#433 10 September 2015 - 10:26
Даават (ад-Даъва) – динге чакыруу, үгүттөө. Даават бул Шариат ибадаттарынын бирөөсү, демек Шариат көрсөткөн тартипте аткарылышы зарыл. Себеби пенде намазды же орозону же ажылыкты өзү каалагандай,
өзү туура деп эсептегендей аткара албайт, анын ибадаты кабыл болсун, натыйжалуу болсун десе сөзсүз Шариат көрсөткөндөй шартта аткаруусу зарыл. Ошондой эле даават кылуунун да шарттары бар.
Дааваттын максаты – адамдарды караңгылыктан нурга, күнөөдөн ибадатка, наадандыктан илимге, Тозоктон Бейишке чыгаруу. Бул ишти пайгамбарлар кылып келген.
Дааватты Шариат белгилеп кеткен эрежелердин негизинде аткаруу керек. Эгер алардын бирөөсү бузулса Исламга зыян болот. Бүгүн көп мусулмандар даават кылабыз деп ойлошот, бирок бул эрежелерди карманбагандыктан динге зыян гана жеткизишүүдө.
Дааваттын максаты – адамдарды караңгылыктан нурга, күнөөдөн ибадатка, наадандыктан илимге, Тозоктон Бейишке чыгаруу. Бул ишти пайгамбарлар кылып келген.
Дааватты Шариат белгилеп кеткен эрежелердин негизинде аткаруу керек. Эгер алардын бирөөсү бузулса Исламга зыян болот. Бүгүн көп мусулмандар даават кылабыз деп ойлошот, бирок бул эрежелерди карманбагандыктан динге зыян гана жеткизишүүдө.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#434 10 September 2015 - 10:29
ДААВАТ КЫЛУУНУН (ДИНГЕ ЧАКЫРУУНУН) КЭЭ БИР ШАРТТАРЫ:
“Айткын [о, Мухаммад]: «Менин жолум ушундай – Аллахка чакырамын (даъва) илимдин (басыро) негизинде – мен жана мени ээрчигендер»” (Куран 12:108)
Тафсирчилердин имамы деп эсептелген ат-Табари айтты: “Менин жолум ушундай” дегендин мааниси “Менин дааватым ушундай” (Табари: 19984)
1-ШАРТЫ: ИЛИМДИН НЕГИЗИНДЕ ЧАКЫРУУ.
аш-Шаукани жогорку аяттын тафсиринде айтты: “б.а. айкын далилдин үстүндө даават кылабыз. Басыро – акыйкат менен жалганды айырмалай турган түшүнүү жана илим” (Фатхуль-Къадир: 1/298)
Ибн Теймия айтат: “Жакшылыкка чакыруудан, жамандыктан кайтаруудан мурун – ал жөнүндө билүү турат. Жакшылык/жамандык эмне билбеген киши – ага чакырып/кайтара албайт” (Тафсир Кибар: 5/304)
2-ШАРТЫ: ИСЛАМ ДИНИНЕ ЧАКЫРУУ. АНЫ ТОЛУК КАРМАНУУГА ЧАКЫРУУ.
Аятта айтылгандай “Аллахка чакырамын”. Бир жамаатка же аалымга же организацияга чакыруу эмес. Аллахтын дини Исламга чакыруу. Исламдын бир бөлүгүн карманып, калгандарын таштоого эмес, толук Ислам динин карманууга анын акыйдасын, ибадатын, адеп-аклагын, экономикасын, саясатын, дааватын ж.б. толук карманууга. “Эй, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле” (Куран 2:208)
3-ШАРТЫ. ШАРИАТ КӨРСӨТҮП КЕТКЕН ЖОЛ (МАНХАЖ) МЕНЕН ЧАКЫРУУ.
Даават жолун жаңыдан калыптоонун кереги жок. Ал эшик жабылган. Эч ким Пайгамбар ﷺколдонбогон жаңы жол ойлоп табууга акысы жок. Ал көрсөтүп кеткен жол (манхаж) менен гана даават кылынуусу керек.
Шейх Ибн Касим айтты: “Дааваттын эки шарты бар: биринчиси Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн болуусу, экинчиси Анын Элчисинин ﷺсүннөтүнө шайкеш келүүсү. Биринчи шартын бузган киши - мушрик, экинчи шартын бузган киши - бидаатчы” (Хашия Китаб ат-таухид: 55)
Са’ид ибн Джубайр, Хасан аль-Басри жана Суфьян ас-Саури айтышты: “Сөздөр амалсыз кабыл эмес. Сөздөр менен амалдар туура ниетсиз кабыл эмес. Сөздөр, амалдар жана ниеттер сүннөткө дал келмейинче кабыл эмес” (аль-Лялякаи “И’тикъаду ахли-Ссунна” 1/57)
Ибн Касир жогорку аяттын (12:108) тафсиринде айтты: “Аллахтын Элчисин ﷺээрчиген ар бир киши ал эмнеге чакырган болсо ошол нерсеге [гана] чакырат” (Ибн Касир 12:108) демек Пайгамбар ﷺчакырбаган нерсеге ким бүгүн чакырык жүргүзсө – ал адашуучулардан болуп калат.
‘Умар ибн аль-Хаттаб айтты: “Силер эң кор адам элеңер, Аллах болсо силерге Өз элчисин ﷺжиберип силерди урматтуу кылды. Эми урматтуулукту Анын элчисинин ﷺжолунан башка жолдон издесеңер – силерди Аллах кор кылат” (аль-Хаким 2/245, иснад сахих) Умардын сөзүнө көңүл бурсаңар – ал айтып жатат ызаттуулукту, урматты бир гана Пайгамбардын ﷺжолун ээрчип тапса болот деп!
Чындыкты айтты Имам Малик: “Үммөттүн акыркылары (халаф) эч качан ийгиликке жетишпейт, бир гана үммөттүн абалкылары (салаф, б.а. сахаба, табаин, табатабаин) ийгиликке жеткен нерсени кармануу менен жетишет”(аш- Шифа: 2/676)

#435 10 September 2015 - 10:35
АЛЛАХКА ЧАКЫРУУНУН ЖОЛУ (МАНХАЖ АД-ДАЪВА ИЛЯ-ЛЛАХ):
ДААВАТТЫ АДАМДАРДЫН АКЫЙДАСЫН, ТАУХИДИН ОҢДООДОН БАШТОО. АНДАН СОҢ ГАНА ИБАДАТ Ж.Б. МАСЕЛЕЛЕРГЕ ӨТҮҮ.
Аллах айтат: “Биз ар бир элге «Аллаhка гана ибадат кылгыла, (башка) "кудайлардан" алыс болгула» (деп айта турган) Пайгамбарларды жибергенбиз” (Куран 16:36). Дагы айтат: “(О, Мухаммад! ) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп вахий кылдык” (Куран 21:25)
Себеби адамдын амалында ширк бар болсо, таухид туураланбаса ибадат кабыл болбойт. Аны ибадатка чакыруу натыйжасыз болуп калат. “Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың өчүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!»- деп вахий кылынды” (Куран 39:65)
Пайгамбарчылыктын биринчи он жылдыгында адал-арам маселелери айтылган эмес, намаз-зекет парз болгон эмес, негизинен таухид-ширк гана баяндалган.
Муазды Йеменге жиберип жаткандагы Пайгамбарыбыздын ﷺага берген осуяты бул болгон – эң абал келмеге чакыруу, эгер аны кабыл кылышса гана намазга чакыруу, эгер намазды да кабыл кылышса зекетке чакыруу (Бухари, Муслим)

#436 10 September 2015 - 10:51
Osh93. Иним Аллах раазы болсун сенден, динге болгон кызматынды жараткан озу кабыл кылсын!
#437 16 September 2015 - 04:12
Мен жамаат таблигх же салафи же хизб да эмессмин, бирок аларды жаман аттуу кылып эл адында шылдындоо, басмарлоону да туура эмес деп келем. Бир илим ээсинин айтканы бар божомолдуу мааниси "Эгер адамдын акыйдасын түздөйм десен дааватты ага купуя жана жеке кыл, себеби көпчүлүк алдында ондоп баштасан анын напсиси аны коё бербей сен менен душмандашып кетет, сен менен душмандашып сен айткан акыйкатты дегиле кабылдабайт.
" деген сынарда (өтө божомолдуу эсимде калганы боюнча жазып жатам).
Таблиг бул озунчо (фырка)болукчо эмес балким баардык уммотко бирдей коз караш.
#438 21 September 2015 - 17:12
Даават кандайча фанатизм болуп калат? Бул даават пайгамбарлар,
сахаабалар,
таабейиндер,
табатаабейиндер кылган иш го?
Сага ашык болуп, жашоомду махабат менен кооздодум.
#439 07 March 2016 - 04:03
Таң эртен менен автобуска олтурдум. Түшө турган аялдамам "Бакыт"
деп аталат. Муну айдоочуга эскертип койдум да, отургучка көчүк бастым. Кетип барабыз....
Мына "Балалык" аялдамасы. Мында көп кызыктарым калган... Мында түшпөйм...
Ошентседа,терезеден кыйла карап, сагыныч менен өтө бердим...
"Кыз-жигит" аялдамасы... Чынын айтсам, бул жерге далайлар менен бир топ келгем, бирок, унутуп ал күндөрдү унута баштаптырмын. ..
Тээтигине "Намаз " аялдамасы. Бул аялдаманы көп адамдан уккам, бирок, эч түшкөн эмесмин. Негизи эле муну айткандар көп, түшкөндөр аз...
А бул болсо "Махабат" аялдамасы. Ооо, мына ушунда калып калгым келет. Бирок, мага "Бакыт" аялдамасы зарыл...
- А, булчу? Баса "Кызганыч" аялдамасы турбайбы?! Бул жерде далай кызыктар менен кайгылуу окуялар болуп өткөн. Мында кайрылып келгим келбейт...
"Мечит" аялдамасы... Өтө таза аялдама, бирок, түшүп калууга убакыт тар, батыраак "Бакытка" жетүү керек. Жүрөгүм таза, ниетим жакшы; азырынча зарылчылыгы жок....
Охоо, "Клуб" аялдамасы. Аттиң, түшүп калгым келип турат...
"Намаз" аялдамасы... Дагыбы?
"Сабыр" аялдамасы... Хмм, жок, азыр эмес...
"Байлык" , Оюн-күлкү" аялдамаларында көп түшүп калчумун убагында...
Аа, автобуста адам калбадыбы? Баары жетчү жерине жетип алган окшойт....
Айдоочунун жанына чуркап бардым:
- "Бакыт" аялдамасына жеттикпи?
- Тууганым ай, эртерээк айтпайт белең, ал үчүн сен "Намаз" , "Мечит" аялдамаларынан түшүп калышың керек болчу. Биз эми артка кайтпайбыз, кайта да албайбыз, акыркы аялдамага келип жеттик.
- Баса, кичи пейлдикке айтып койосузбу, бул эмне деген аялдама?
- Бул аялдама "Кабыр" деп аталат, тууганым?! .[/size]

#440 10 March 2016 - 09:44
Ас саламу алайкум. Менин суроом бар, фитна кылуу максатта эмес. 1-Мухаммад Ильяс Кандахлави ким? 2-"Дар ул улум деобанд" деген китеби жонундо маалымат бериниздерчи?
3-киргизген тартиби жонундо (3 кун 40 кун 4 ай) 4-Мухаммад И. Книн уйкусу тушундо аят тафсирлениши жонундо айтып бериниздер?
Мен бул суроолорду берген себебим турк теолог Осман Карабайыктын "Ислам дини" китебинде "Таблиги жамаат" (Жамаъат ут Таблигийа) болумунон окугам. Ал китепте Таблиги жамаат Ахли Суннадан сыртка чыккан жамаат деп айткан. Ушул нерсени ачыктап бере ала турган адамдар гана жооп бериниздерчи сураныч?

Супер-Инфо
super.kg
видео