ААЛЫМ МЕНЕН ААБЫДДЫН (ЖӨНӨКӨЙ АДАМДЫН) АЙЫРМАСЫ [ИЛИМ АЛУУ АДЕБИ - ИЛИМДИ КИМДЕН АЛУУ КЕРЕК]
Токсон тогуз кишини өлтүрүп, анан тооба издеген киши тууралуу хадисти баарыбыз эле билебиз, туурабы[1]? Бул хадистен төмөндөгүчө пайдаларды алсак болот:
1. Тооба кылайын дегенде “эң илимдүү адамды издеди”: киши өлтүргөн жахил болсо да, бул мыкаачы, дин тууралуу фетваны эң илимдүү адамдан гана алыш керек экендигин сезди.
2. Тооба кылуу ниетинде адамдардан “ким эң илимдүү?” деп сурады. Элдер ага аабыдды (монахты), б.а. көп ибадат кылган жөнөкөй кишини көрсөтүштү.
Эмнеге? Элдер илимдүү деп сырткы кебетесин гана карашат, илим бул узун процесс экенин билишпейт. Көп ибадат кылганынан,
сырткы кийиминен, кооз сүйлөгөн сөзүнөн, элдин арасындагы авторитетинен эле карап илимдүү экен деп ойлой беришет.
3. Бирок монах аалым эмес, ал жөн гана өз алдынча ибадат кылып жаткан адам. Ал илимдүү деп айтылбайт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз ﷺайтат: “Аалымдын аабыддын үстүнөн артыкчылыгы – толгон айдын башка жылдыздардын үстүнөн артыкчылыгындай”.
Жылдыздын нуру өзү үчүн, ал эми айдыкы бардыгына пайда берет.
Адам өзү үчүн такыба болушу мүмкүн, бирок элдерге фетва берүүгө укугу жок. Имам Малик айткандай: “Мединада жетимишке жакын такыбалыгында эч кемтик жок адам бар болчу. Кимисине болсо да Байту-ль-Малдын (мамлекеттик казына) ачкычын тапшырсаң аманатка турушмак. Бирок илимди алардан алууга жарактуу эмес кишилер болушчу”. Себеби илим Куран тууралуу сүйлөгөн ар бир эле адамдан алына бербейт. Илим берүүнүн талаптарына,
шарттарына жооп берген гана киши элдин алдына чыгып, сабак өтүп, фетва бериш керек.
4. Монахтан илим издеп фетва сурашса ал дагы “менин илимим жок” деп айтпастан дароо фетва бере баштайт -“сениң тообаң кабыл эмес” деп. Себеби ал акылы менен калчап “99 адам өлтүрсө бул чоң күнөө кылыптыр, анын тообасын Аллах кабыл кылбайт” деп ойлойт. Бул сөздү уккан мыкаачы жини келип монахты да өлтүрүп салат.
Кайран монах. Өзүнүн тилинин балээсинен өзү жабыр тартты. Аллах балээсин бул өлтүргүчтүн колу менен ага берип койду. Балким канча деген бул күнөөкөр адамга окшош тооба издеп келген адамдардын тообасын тосту болду экен. Эми жазасы башына тийди. Ошондуктан акысы жок туруп дин тууралуу сүйлөө – чоң күнөөлөрдөн.
5. Адамдар аалым менен жөнөкөй ибадатчыл адамды айырмала алышпайт. Бирок көпчүлүк учурда ошол ибадатчыл адамдар да өзүн аалымсына берет, өзүн илимдүү кылып көрсөтөт. Ага келген кишилерди “менден фетва сурабагалы” дегендин ордуна, аларга диний маселелерин чечип бере баштайт, сүйлөгөн сөзүндө, кийиминде, кылыгында аалымдарга окшошо берет.
6. Киши өлтүргөн мыкаачы тообасын токтотпой чыныгы аалым кишини издейт. Аалым кишиге барганда ал суроосуна туура жооп берди - “тообаң кабыл болот” деп, андан тышкары да күнөөсүнүн себебин кошо көрсөттү - “сениң айланаңдагы адамдар бузуку экен” деп, анан үчүнчүдөн бул кыйынчылыктан кутулуу жолун кошо көрсөттү - “ал жерден кетишиң керек” деди. Илимдүү адам ушундай. Чыныгы аалымдын пайдасы көп.
7. Тооба кылчу киши авторитет, дос, дүйнө бардыгын таштап тооба кылуучу жолго чыкты. Жана ушул жолдо өлдү. Аллах анын тообасын кабыл кылды.
Ислам динин жаңы баштоочуларга. Илим алуунун пайдасы
#1 10 September 2015 - 10:57
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#2 10 September 2015 - 11:00
Имам аль-Бухари жана Муслим келтирген, Абу Саид ал-Худрий ривая кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ﷺ) айттыдейт: «Силерден мурда жашаган элде токсон тогуз кишини өлтүргөн бир киши болгон. Бир күнү ал жер бетинде эң билимдүү инсан жөнүндө сураганда, ага ибадатты көп кылган инсанды (монахты) көрсөтүштү.
Монахтын алдына келип өзүнүн токсон тогуз киши өлтүргөнүн айтып, бул кылган ишине тооба кылса болобу деп сурады.
Монах: «Жок, бул нерсеге тооба жок» -деп жооп берди. Ошондо ал монахты да өлтүрүп аны менен жүздү толуктайт.
Андан кийин дагы жер бетиндеги эң билимдүү инсан жөнүндө сурайт. Ага бир аалым кишини көрсөтүшөт. Ал аалымга өзүнүн жүз киши өлтүргөнүн айтат да "эми мен тооба кылсам болобу?" -деп сурайт.
Аалым ага: «Ооба болот» -дейт да, сени менен тообанын ортосун ким тосот, -деп кошумчалайт. Анан, Аалымал жүз киши өлтүргөнгө, “ушундай болгон бир жерге бар, ал жерде жалгыз Аллах Таалага ибадат кылган эл бар, ошолор менен сен да ибадат кыл, өз жериңе кайтпа ал жаман жер” -дейт.
Ал аалым айткан айылга кетип баратып жолдун ортосуна жеткенде өлүм периштеси келип анын жанын алат. Ал өлгөндөн кийин мээрим жана азап периштелери келип, биринчиси бул мен жакка деп экинчиси мен жакка баруусу керек деп талаша башташат. Мээрим периштеси болсо: «Бул тооба кылып чын жүрөгү менен Аллахка кайтты,» -деп айтса, азап периштеси болсо: «Ал эч кандай жакшылык кылган жок» -муну мен алып кетем деп талашты.
Ошентип экөө талашып жатканда алардын алдына адам сүрөтүндө бир периште келди. Ал экөө аны көрүп экөөнүн талашын чечип беришин сурашты. Ал, адам сыпатында келген периште мындай деп айтты: «Эки жердин ортосун өлчөгүлө, кайсыл айылга жакын болсо, өлүк ошонуку болсун,» -деди.
Периштелер эки айылдын аралыгын өлчөштү, ибадат кылган элдин айылы тарапка жакын экенин көрүштү. Ибадат кылган элдин айылына жакын болгондуктан мээрим периштеси аны алып кетти.

#3 10 September 2015 - 11:04
КҮНӨӨҢДҮ ТОКТОТЧУ, БИР ТУУГАНЫМ!
АЛЛАХКА БАШ ИЙБЕГЕНДЕЙ АЛ САГА ЭМНЕ КЫЛДЫ?!
Мусулман бир тууганым!
Чындыгында, бүткүл аалам, анын ичинде кичинекейи да, чоңу да, Кудуреттүү, Улуу Аллах Таалага багынат. Бүткүл аалам Аллахты мактап улуктайт, жана Ага кулчулук кылат. Аллах Таала (Куранда) айтат: «Асмандагылар менен жердеги бүткүл нерсе Аллахты даңктап-аруулашат» (Куран, аль-Хадид 57:1).
Акыйкатта, бүткүл жаратылыш Аллахты билет, Аллахтын алдында баштарын төмөн түшүрүп Ага моюн сунат. Бирок, бул ааламда өтө кичинекей, жексөөрүн-кенебес бечара, бир тамчыдан жаратылган болор-болбос гана бирөө бар, ал – текебер, айтышчаак, ар нерсеге талашкыч келет, бүткүл аалам бир багытта жүрүп бара жатса, мына бирөөсү ага каршы багытта жүрөт. Ал Аллахка багынуудан, Ага моюн сунуудан, Ага шүгүр-мактоо айтуудан баш тартат. Чындыгында, бул айтып олтурганыбыз – адам аттуу макулук, ал Кудуреттүү Улук Аллахка баш ийбейт!
Аллаху акбар, бул адам баласынын бой көтөрүп кекирейгендиги ал ушунчалык зор болгонуданбы? ! Бул адам баласы ушунчалык акмак болгонуданбы? ! Аллаху акбар, бул адам ушундай төмөн, арзыбаган болсо да, тартипке келтирилген бул ааламдын ичинде бузукулук кылып жүргөнүн карачы!
Канча ирээт ага тообо кылуусуна мүмкүнчүлүк келди, ал тообо кылбады. Анын канча жолу Аллахтан кечирим суроого мүмкүнчүлүгү турду, ал кечирим сурабады. Ага канча ирээт Аллах (жолуна) кайтуусуна мүмкүнчүлүк болду, ал Аллахтан тескери качты. Анын канча ирээт Роббисине жакындоого мүмкүндүгү бар эле, ал болсо Ага жакындамак турсун, Андан жүз буруп, текеберленип тескери кетти!
Бир тууганым!
Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда бул жашоо тууралу, өмүрдүн канчалык кыска экенин, анын тырмактай баасы жок экенин,,, жана өмүрдүн аягы өтө тез келээрин эсиңе тут! Жер бетинде өмүр сүрүүчүлөр тууралу ой жүгүрт,,, (кечээ барлар бүгүн жок, бүгүн барлар эртең жок).
Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда кабыр азабы тууралу, анын канчалык узак экенин, жана о дүйнө – нагыз чыныгы дүйнө, барзах ааламы – сапар тартуучулардын соңку аялдамасы жана жолдун аягы экенин унутпа!

#4 10 September 2015 - 11:08
Бир тууганым!
Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда Тозок тууралу, анын ысык оту, алоолонгон жалыны тууралу, тереңдиги түпсүз туңгуюк экенин, куйкалоочу ысыгын, Тозоко түшкөндөр кандай оор азапка дуушар болоорун ойлонууга тийишсиң!
Өз күнөөлөрүң тууралу ойлон, ошол күнөөкөрлөрдү сүйрөп барып, төмөндү карай алоолонгон от ташкынына бети менен ыргытканын, алар отун сымал өрттөнүп жатканын элестетчи!
Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага баш ийгиң келбесе, анда Бейиш-Жаннат тууралу, Аллах Өзүнө моюн сунган пенделерине ошол Жаннаттын ичинде көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамзаттын оюуна да келип көрбөгөн нерселерди жана ар түрдүү суусундуктар, даамдар, кийимдердин эң керемет түрлөрүн даярдап койгону тууралу, ошондой эле ал жакта ыракат менен кооздука, кубаныч менен шаттыка бөлөнгөндөр жөнүндө ой козгоого тийишсиң!
Бул нерседен чындыгында Жаннаттан алыстатылгандар гана кур калат.
Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда бул дүйнөдө канча өмүр сүрөөрүңдү ойлончу! Алтымыш (60) жылбы, сексен (80), жүз (100) жыл, балким миң жылбы?Ал эми андан кийин эмне болот..?!Андан кийин – өлүм келет, андан соң же Бейиш, же Тозок (андан Аллах сактасын)!
Бир тууганым!
Сен бир нерсеге умтулаарың ырас болсо, дал ошол сыяктуу Өлүм Периштеси да сага карай келе жатканы ырас. Сааттар өтүүчү, күндөр өтүүчү, жылдар өтүүчү жана сен байлыгыңсыз, туугандарыңсыз, досторуңсуз жалгыз өзүң кабырда жатасың. Кабырдын караңгылыгын, анда жалгыз өзүң болооруңду, кабырдын тардыгын, кайгы-муңга салынарыңды, кабырга түшкөн кезде бүт дене-боюңду катуу коркунуч басаарын ойлоп кабыргаң кайышканын сезесиң.
Бүткүл адамзат Аллах Тааланын алдында тураарын, жүрөктөр коркунучка толоорун, өз бала-чакаңан, өз ата-энеңен, тууган-уругуңан, досторуңан качкалактап калчу Кыямат-Сурак Күнүн унутпа! Ошондо момун пенделер Аллахты көрүшүп, ал эми күнөөкөрлөр Андан жашырылган болот, Анын кереметтүү Жүзүн көрө алышпайт!
Ошол Кыямат Күнүндөгү ордуң кандай коркунучтуу болоорун эсиңде тут! Адилеттүүлүк таразасын орноткон кезде, адамдын амалдары жазылган китептер пайда болгон саатта – канча катаң, иштериңде канча кемчилик бар экенин түшүнөрсүң. Бүткүл ааламдын Эгеси, Адилеттүү Аллах Таала Өзүнө карай чакырган кезде сен качып жүргөн элең, эми сен Анын алдында турасың, колуңда китеп, ал китепте кичине да күнөөң, чоң да кылмыштарың калтырылбаган, бардык нерсең жазылган. Аллах сенин өмүрүң жөнүндө, жаштык чагың, жасаган иш-амалдарың менен мал-мүлкүң тууралу сурак алган кезде эмне деп жооп бересиң? Анын алдына кайсы бутуң менен барасың? Ага кайсы көзүң менен карайсың? Ал сага: «О, пендем! Мен сени менен чогу болдум, Мен сага назар салдым, ал эми сен көңүл кош болдуң. Сени көзөмөлдөдүм, сен кайдигер болдуң. Мен сага жакшылык кылбадымбы, сага ырыскы бербедимби, эмнеге Мага моюн сунбадың?»,- деген кезде кайсы жүрөгүң менен жооп бересиң..?

#5 10 September 2015 - 11:12
Бир тууганым!
Ушул камчынын сабындай гана кыска өмүрдү.. Аллахка моюн сунуу менен өткөзүү сага ушунчалык кыйынбы? Эң негизги болгон жеңиш үчүн, түбөлүктүү ыракат үчүн, түбөлүк бактылуулук үчүн сабыр кылууга болбойбу?!
Бир тууганым!
Бул жашоого жөн эле келдим, боштондука, эркиндике калтырылдым, өмүрүм жөн оюн-тамаша деп эсептегендер бар. Жакшы насаат айтсаң, андайлардын көзү дароо сокур, кулактары дүлөй, жүрөктөрү бүркөк-жабык, акылы кем боло калат. Андайлардын жүргөн жеринде Курандан башкасынын баары бар, Куран гана жок. Себеби алар Аллахты эске алышпайт.
Аллах Тааладан качтым дегени менен, алар баары-бир Аллахтын кулу, Анын алдында, Анын колунда болуп кала берет. Аллах аларды чакырды, ал эми алар жооп бербеди, бирок ошол аркылуу шайтандын чакыруусуна жооп берип, өз көңүл-каалосуна (напсисине) ээрчигенин түшүнбөйт... Алар шайтандын чакыруусун кабыл алып, Рахмандын чакыруусуна көңүл бурбай, назардан тышкары калтырганы эрксиз таңдай кактырат! Алардын соо акылдары кайда кетти..?! «Чындыгында көздөр сокур эмес, бирок көкүрөктөрүндөгү жүрөктөр сокур» (Куран, аль-Хажж 22:46)
Сен Аллахка моюн сунбагыдай Ал сага эмне кылды ошончолук?! .. Аллах эмеспи сени жараткан, Ал эмеспи сенин өмүр сүрүшүң үчүн зарылдуу нерселерди берген, Ал эмеспи сага мол ырыскы мал-мүлк, дениңе соолук берген?! Аллах Таала сага жакшылык кылганы үчүн айыптуу болдубу ошондо?.. Сен али күнөөлөрдү жасап жүрөсүң, ал эми сага ошол саатта ажал келсе кантесиң?!
«Аллахтын (аларды жазалоо) амалкөйлүгүнөн кооптонушпайбы? Аллахтын амалкөйлүгүнөн бир гана зыянга учуроочулар гана кооптонушпайт»(Куран, аль-А’раф 7:99-аят).
Кымбаттуу мусулман бир тууганым, сак бол!
Ошондой адамдардан болуп калбоого болгон күч-аракетиңди жумша жана бул дүйнөгө эмне максат үчүн жаратылган болсоң – ошого шайкеш амал кыл! Аллах менен ант берейин, акыйкатта, сен улуу бир максат үчүн жаратылдың. Аллах Таала (Куранда) айтат: «Мен жиндер менен адамзатты бир Өзүмө гана сыйынуулары үчүн жараттым» (Куран, аз-Зарият 51:56).

#6 10 September 2015 - 11:16
Бир тууганым!
О, Аллахка моюн сунуудан баш тартуучу! Өз Роббиңе кайт, Тозоктон корксоңчу, анын отунан сезгенсеңчи. Чындыгында, алдыңда коркунуч менен кыйынчылык, азгыруулар менен күнөөлөр күтүп турат. Андан башка, сыйынууга татыктуу зат болбогон Аллах менен ант берейин, эч качан ыр-күлкү да, шыңгыраган добуштар да, арзыбаган аракеттер да сага пайда алып келбейт, үй-бүлөң менен бала-чакаң да, туугандарың менен досторуң да, байлык-бийлигиң да сага жардамдашпайт. .. Жакшы-солих амалдарың менен жакшылыктарыңан башка эч нерсе пайда бербейт.
Бир тууганым!
Аллах менен ант берейин, мен бул сөздөрдү сенин ак жүзүң Кыяматта кара бетке айланып калбасын деп гана жаздым... жана назик денеңе Тозоктун ысык оту тийбесин деген ниет менен жаздым. Бир аз ылдамда, бир тууганым, Аллах Таала сени Тозоко түшүп калуудан сактасын. Жана ушул сааттан баштап чыныгы түрдө тообо кыл! Тообаң үчүн кийин эч качан өкүнбөйсүң, керек болсо чыныгы бактылуу болосуң. Ал эми эгер күмөндөнүп, ылдамдабасаң, мен сенин кайгыңы бөлүшкөн жөн гана ишенимдүү кеңешчиң гана боло алам.
Аллахтын тынчтыгы менен мээрими жана берекеси болсун!

#7 10 September 2015 - 11:24
"ТУРМУШУМДУ ОҢДОП АЛАЙЫН АНАН ИСЛАМГА КЫЗМАТ КЫЛАМ" ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН:
Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам эгер кааласа, Кисронун жана Цезарьдын сарайынан да аземдүү сарай курдурууга мүмкүнчүлүгү жетмек. Бирок, ал акыреттик сарайды ыктыяр кылды. Тогуз аялынын бөлмөлөрү, бардыгын кошуп эсептегенде араң 25 чарчы метр чыгат эле. Таш, кирпич жана ылайдан тургузулган Айша энебиздин бөлмөсү ушунчалык тар болгондуктан пайгамбарыбыз түндө туруп, нафил намазын окуганда, Айша энебиз сунулган бутун жыйнап, намазга орун бошотуп берчү. Ал эми жеген тамагына келсек, Айша энебиз айткандай: “Бир-эки айлап үйлөрүндө нан бышыруу үчүн от жагылбаган учурлар болгон”. Кабар алганы келген адамдар: “эмне менен тиричилик кылып жатасын?” деп сурашканда: “Эки карандай нерсе (суу жана курма менен)” деп жооп беришкен.
Шамсудин Хакимов

#8 11 September 2015 - 02:42
ПАЙГАМБАР МУХАММЕДКЕ ﷺ САЛАВАТТЫ КЫСКАРТПАЙ ТОЛУК ЖАЗУУ КЕРЕК
Мухаммед Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллям) атын жазганда САВ же С деп салаватты кыскартуудан аалымдар кайтарышат, бул жакшы эмес. Бул адат мусташрикиндердин (востоковед, динге каршы маалымат топтош учун Исламды изилдеген каапырлар) адаты. Бир дагы мухаддис аалым: Бухари болобу, Имам Ахмад болобу ж.б. өзүлөрүнүн китептеринде салаваттарды эч кыскартышкан эмес. Мисалга алсак Имам Бухаринин “Сахих” китебинде 7 миң, имам Ахмаддын “Муснад”ында болсо 40 миң хадис бар, бирок кайсыл жеринде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) аты эскерилсе сөзсүз салаватты толук жазышкан.
Пайгамбарыбыз (соллаллооху алейхи ва саллям!) айткан эле: "Чындыгында, ким мага 1 салават айтса Алла ага 10 салават айтат" (Муслим 384).
Алланын салаваты бул адамга хидаят бергени, Туура Жолго чыгарганы. Куранда Алла айтат: "Ал [Аллах] силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге салават кылып турган Зат! Ал момундарга Ырайымдуу! " (Куран, аль-Ахзаб: 43)
Эгер биз салаватты толук жазсак, аны бирөө окуп салават айтса – ага сооп жазылат, биз дагы анын сообуна шериктеш болобуз!
Салаватка байланыштуу кызыктуу маселелер:
1. ? Медина шаарындагы Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллям) кабырына барып салават айткан менен бул жерде Кыргызстанда туруп айтылган салаваттын айырмасы барбы? ЖООП. Жок, айырмасы жок. Кайсыл жерде айтылбасын ал салаваттар бирдей. Хасан ибн Хасан Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллям) кабырынын жанында кечке чейин туруп салават айтып жаткан кишини көрүп ага эскертме берет: “Силер жана Андалусиядагы* адамдар бирдейсиңер” (Абдурраззак “Мусаннаф”: 3/71, Альбани иснадын айтты: мурсал ковийй). Ошол киши Андалусиядан келген мусапыр эле.
*Андалусия – азыркы Испания мамлекети, Медина шаарынан он миң км аралыкта жайгашкан. Андалусия 800 жыл мусулмандардын карамагында болуп, дүйнө жүзү боюнча ири илимий борбор катары эсептелген.
2. Жума күнү айтылган салаваттар өзгөчөлүккө ээ. Пайгамбар Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллям) айткан: “Күндөрүңөрдүн ичинен эң абзели Жума күнү. Ошондуктан анын ичинде мага салаватыңарды көбөйткүлө. ” (Абу Дауд, сахих)
3. MS Word программасынын ичинде салаватты кыскартпай, толук арабча жазып кеткенге атайын команда бар. Ал үчүн Word программасын ачасыз, U+FDFA деп жазасыз, аны выделить кыласыз, жана сол жактагы Alt+X баскычын басасыз. Алдыңызда могундай жазуу чыгып калышы керек:
ﷺ

#9 11 September 2015 - 02:48
Ислам динин тааныткан көптөгөн китептер бар. Булардын ичинде эң баалуусу Имам Раббанинин 3 томдук “Мектубат” китеби. Мындан кийин Мухаммед Масумдун 3 томдук “Мектубат” аттуу китеби эсептелет. Хазрети Мухаммед Масум Мектубаттын 3-чү тому, 16-чы катында мындай дейт: “Ыйман дегенибиз – калимаи таухиддин “Лаа илаха иллаллах” жана “Мухаммадан Расулуллах” деген эки бөлүгүнө тең бирдей ишенүү”. Б.а., мусулман болуш үчүн Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар экендигине да ишенүү керек. Аллаху таала Жабраил аттуу периштеси аркылуу Пайгамбарына Курани каримди жиберди. Курани карим – Аллаху тааланын сөзү. Курани карим Мухаммед алейхиссаламдын ойлору эмес, же болбосо, философтордун же тарыхчылардын сөзү эмес. Мухаммед алейхиссалам Курани каримди тафсирлеген,
б.а.,маанисин ачып түшүндүргөн.
Бул түшүндүрмөлөр хадиси шариф деп аталат. Демек, Курани карим менен хадиси шариф диндин негизин түзөт. Дүйнөнүн миллиондогон Ислам китептери Курани карим менен хадиси шарифтердин түшүндүрмөлөрү болуп саналат. Мухаммед алейхиссаламдан келбеген сөз Ислам китеби боло албайт. Ыйман жана Ислам дегенибиз - Курани карим жана хадиси шарифтерге ишенүү дегендик. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) сөздөрүнө ишенбеген адам Аллаху тааланын сөздөрүнө да ишенбеген, б.а., ыймансыз болуп эсептелет. Мухаммед алейхиссалам Аллаху тааладан келген кабарлардын бардыгын сахабаларына үйрөткөн. Сахабалары буларды шакирттерине үйрөтүшкөн.
Алар болсо бул илимдердин бардыгын китеп кылып жазышкан. Ошол китептерди жазган аалымдар ахли сүннөт аалымдары деп аталат. Ахли сүннөт китептерине ишенген адам Аллаху тааланын сөзүнө ыйман келтирген болот, б.а., мусулман болот. Аллаху таалага шүгүр, биз динибизди дин реформисттеринин,
атеисттердин ойдон чыгарып жазган китептеринен эмес Ахли сүннөт вал-жамаат аалымдары жазган китептерден үйрөнүүдөбүз.
Расулуллах:
“Үммөтүмдүн арасында фитна, фасад (бүлүк) жайылганда сүннөтүмө жабышкан адамга жүз шейиттин сообу бар”, - деп айткан. Сүннөткө жармашуу Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуу жана аларга жараша амал кылуу менен гана жүзөгө ашат. Мусулмандардын төрт мазхабынын кайсынысынын аалымы болсо да Ахли сүннөт аалымдары деп аталат. Ахли сүннөт аалымдарынын башчысы - Имам Азам Абу Ханифа Нуман бин Сабит
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#10 11 September 2015 - 10:07
АЛГЫ СӨЗ (1) Аллаху тааланын дүйнөдөгү бардык адамдарга деген мээрими чексиз. Адамдарга керектүү жакшылыктарды жаратып, баарына жиберүүдө. Дүйнөдө жана акыретте бакытка жетүүлөрү үчүн бул жакшылыктарды кандай колдонуу, кандай пайдалануу керектигин да көрсөткөн. Ислам тууралуу эч кабар укпаган капырлардын Тозокко кирбей тургандыктарын,
эсеп-кысаптан кийин жаныбарлар сыяктуу жок боло тургандыктарын хазрети Имам Раббани 259-катында билдирген. Уккандан кийин ыйман келтиргендерди Бейишке киргизет. Кулдарына ойлонуу үчүн бир өмүрлүк убакыт берген. Напсилерине,
жаман досторго, зыяндуу китептерге жана чет элдик маалымат каражаттарына алданып куфурга түшүп калгандарды жана жаңылыш жолдо жүргөндөрдүн ыйман келтиргендерди кечирет. Аларды түбөлүк балакеттерден куткарат. Ал эми азгын, залым кулдарына хидаятты (ыймандуулукту) насип кылбай, аларды өздөрү жактырган, каалаган, ичине түшкөн капырлык баткагында калтырууда.
Акыретте Тозокко кирүүсү керек болгон момундардан каалагандарын күнөөлөрү бүткөнгө чейин Тозокто азап тарттыргандан кийин кайра Бейишке киргизет. Бүткүл жандууларды жараткан, бардык нерсени дайыма бар кылып турган, баарын коркунучтан жана кыйынчылыктардан коргоп турган – жалгыз Ал. Кимде-ким каалаган бир убакытта, каалаган бир жерде, каалаган бир адамга, каалаган бир нерседен улам, каалаган бир түрдө мактоо жана шүгүр кылса, ушул мактоолордун жана ыраазычылыктардын баары - Аллаху таалага таандык. Себеби, бардык жакшылыктарды жаратуучу, жиберүүчү дайыма Аллах. Ал ойго салбаса жана күчкубат жана мүмкүнчүлүк бербесе, эч ким эч кимге жакшылык жана жамандык кыла албайт. Дайыма анын тилегени болот. Анын тилебегенин эч ким жүзөгө ашыра албайт. [Хадис-и кудсиде: “Инсандарды мени таануулары үчүн жараттым”
, - деп айтылган. Муну угуп “капырлар дүнүйөдө Аллаху таалага ишенбей жатышат. Бул хадис-и шариф жүзөгө ашпай жатат го” деп айтуу туура эмес. Себеби, аалымдар, олуялар белгилүү бир деңгээлге көтөрүлгөндө,
белгилүү бир жашка чыкканда, Аллаху тааланы тааный башташат. Капырлар да акыретте таанышат. Тааныбаган адам калбайт
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#11 11 September 2015 - 10:17
Хамд - бардык жакшылыктарды Аллаху таала жараткан жана жиберген деп ишенүү жана айтуу дегенди түшүндүрөт.
Шүгүр деген сөз бардык жакшылыктарды ахками иламияга (диндин буйруктарына) ылайык колдонуу дегенди түшүндүрөт.
Нимат деген сөз пайдалуу нерсе дегенди билдирет. Ниматтар Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде жазылган. Ахли сүннөт аалымдары
- белгилүү төрт мазхабдын аалымдары. Анын сүйүктүү Пайгамбары,
адамдардын ар тараптан эң сулуусу, эң жогорусу болгон Мухаммед алейхиссаламга жана Анын көркөм ахлак жана илим чачкан аалине, б.а., үй-бүлө туугандарына жана сахабаларынын бардыгына “рыдвануллахи таала алейхим ажмаин” бизден дубалар жана саламдар болсун! Мусулмандардын үйрөнүүлөрү зарыл болгон илимдер – “Ислам илимдери” деп аталат. Ислам илимдери экиге бөлүнөт: “Диний илимдер” жана “ТАБИЯТ ТАНУУ ИЛИМДЕРИ”. Табият таануу илимдери “ХИКМАТ” деп аталат . Динде реформаторлор табият таануу илимдерин “Рационалдык илимдер”, ал эми диний илимдерди “Схоластикалык илимдер” деп аташат. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи васаллам”: “Хикмат - мусулмандын жоготуп алган байлыгы сыяктуу. Аны кайдан тапса алсын!” - деп буюрган. Ушул хадис-и шариф табият таануу илимдерин үйрөнүүнү буюрат. Диний илимдердин негизи жыйырма илим. Булардын сегизи “жогору”, он экиси “жардамчы” илимдер. Жогорку илимдердин бири – “Ахлак илими”. [Көркөм мүнөздүү болгон жана табият таануу илимдерин үйрөнгөн мусулман “Маданияттуу”,
б.а. прогрессивдүү адам деп аталат. Табият таануу илимдеринде өнүккөн, оор индустрияга ээ, бирок ахлакы начар болгон адам “Заалым”, б.а. “Эскичил”,
каракчы жана диктатор деп аталат. Табият таануу илимдеринде жана искусстводо артта калган, ахлакы начар болгондор “Жапайы”, б.а. адий (төмөн) деп аталат. “Маданият” шаарларды куруу жана адамдарга кызмат кылуу дегенди билдирет. Бул табият таануу илимдери, искусство жана көркөм мүнөз аркылуу жүзөгө ашат. Кыскасы табият таануу илимдери жана искусствонун көркөм мүнөз менен бир арада болуусу “Маданият” деп аталат. Маданияттуу киши табият таануу илимдер
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#12 11 September 2015 - 10:29
менен искусствону инсандарга кызмат кылуу үчүн колдонот. Ал эми залымдар болсо аны адамдарды кыйноо үчүн колдонот. Көрүнүп тургандай чыныгы мусулман прогрессивдүү адам. Динсиз, ыймансыз адамдар болсо бактысыз адамдар. Белгилүү болуп жаткандай маданият – шаарлар, имараттар салуу жана илгерилөө деген сөз. Бул да табият таануу илимдери жана искусство аркылуу жүзөгө ашат. Адамдардын ыракат, жакшы өмүр сүрүүлөрү Ислам ахлагы жана пикирлердин өркүндөөсүнүн аркасында болот.] b Ар бир мусулмандын Ислам илимдерин өзүнө керектүү деңгээлде үйрөнүүсү фарз. Ошондуктан,
Ислам аалымдары көптөгөн китептерди жазышкан. Ахлак китептеринен Насриддуни Мухаммед Туси тарабынын жазылган “Ахлакы насырый” жана Жалалуддини Мухаммед Деванидин жазган “Ахлакы Жалалий” жана Хираттык Хусейин Ваизи Кашифинин жазган “Ахлакы мухсини” аттуу китептери белгилүү. Китеп Мухаммед Хадиминин “рахимахуллахи таала” (1762-жылы кайтыш болгон) “Барика” китебинен которулган.
Булкитепте Исламият тарабынан жактырылбаган кулк-мүнөздөрдү жана алардан коргонуу жана кутулуунун жолдору билдирилет.
Бул жаман мүнөздөр – көңүл оорулары болуп саналат. Көңүлдү жана рухту түбөлүк өлүмгө алып барат. Башка китептерден алынган кошумчалар,
кашаанын ичинде жазылган. Бул китебибизди окуган окурмандар,
ата-бабаларынын дени соо, көркөм мүнөздүү, эмгекчил, маданияттуу,
прогрессивдүү болгондугун түшүнүшөт, Ислам душмандарынын жалгандарына,
жалааларына алданып калуудан сактанат. Насируддин-
и Тусинин аты – Мухаммед бин Фахреддин. Хижри 597-жылы Туста, б.а., Машхад шаарында туулуп, 672 [м. 1273 -ж] Багдадда көз жумган. Шии эле. Хулагунун Багдадды өрттөп талкалоосуна,
жүз миңдеген мусулмандарды өлтүрүүсүнө себеп болгондордун бири. Хулагунун вазири болду. Төрт жүз миң китеп болгон бир китепкана жана обсерватория,
бир академия салдырган. Көп китеп жазган. “Фаидели билгилер” китебинин 97.чи барагын карагыла!
Мухаммед Жалалуддин-
и Девани “рахима-хуллаху таала” 829жылы туулуп, 908 [м. 1503-жылы] Ширазда кайтыш болгон. Ислам
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#13 11 September 2015 - 10:34
аалымдарынын эң улууларынан.
Көп китеп жазган. “Ахлак-ы желали” аттуу китеби фарсча жазылып, 1304 [м. 1882-жылы] Индустанда сегизинчи басмасы басылган. Англисчеге да которулган.
Хусейин бин Али Ваыз-и Кашифи “рахима-хуллаху таала” Хиратта ваазчы болгон. Хижри 910 [м.1505-жылы] ошол ежрде кайтыш болгон. Эй, көңүлү таза жаштар! Ислам дининин көркөм мүнөзүн үйрөнүү менен жаюуда өмүрлөрүн сарп кылган, Аллаху тааланын динин жаюуда жандарын курман кылган шейиттердин асыл жана кадырлуу урпактары!
Кадырлуу ата-бабаларыбыздын силерге толук жана туура алып келген, аманат кылган ыйык Ислам динин жана анын билдирген көркөм мүнөзүн жакшы үйрөнгүлө!
Кереметтүү журтубузга көз тиккен дин, жан, ахлак душмандарына каршы ушул ыйык аманатты сактап калууга, дүнүйө жүзүнө жайып, адамдардын бакытка жетүүлөрүнө себепчи болууга аракет кылгыла! Унутпагыла,
динибиз көркөм мүнөздүү болууну, бири-бирибизди жакшы көрүүнү, улууларды сыйлап, кичүүлөрдү изаат кылууну, адамдардын баарына да жакшылык кылууну буюрган. Ар бир адамдын кул акысын жана башка акыларын өтөгүлө! Мыйзамдарга,
мамлекетке каршы чыкпагыла!
Салыктарды убагында төлөгүлө!
Аллаху тааланын туура жолдо жүргөн кулдарын ар дайым колдой турганын унутпагыла!
Бирибирибизге жардамдашалы,
бири-бирибизди сүйөлү, жардамчыбыз Аллаху таала болсун! Ислам аалымдары мындай дешет: “Аллаху таала адамда үч нерсени жаратты: акыл, көңүл жана напси. Булардын эч бири көзгө көрүнбөйт. Булардын бар экенин таасиринен,
иштеринен жана динибиздин билдирүүсү аркылуу билебиз. Акыл жана напис дымагыбызда (мээбизде), ал эми көңүл - көкүрөгүбүздүн сол жаагында жайгашкан жүрөгүбүздө.
Булар көзгө көрүнө турган зат эмес, белгилүү бир орунду да ээлебейт. Алардын бар экендиги электр кубаты, электромагниттик толкундар сыяктуу. Акыл табият таануу илимдерин таанууга, түшүнүүгө аракет кылат. Исламга ылайык болбогон, жакшы жана жаман нерселерди бири-биринен ажыратат. Жакшы-жаманды Ислам ажыратат. Исламды билген, аны карманууну каалаган акыл “Акли салим” (жаңылбаган акыл) деп аталат. Акылы аз, ар дайым ката кылуучу адам “Акмак”, ал эми акылы жок адам [color="#ff0000 "“Жинди"
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#14 11 September 2015 - 10:35
аалымдарынын эң улууларынан.
Көп китеп жазган. “Ахлак-ы желали” аттуу китеби фарсча жазылып, 1304 [м. 1882-жылы] Индустанда сегизинчи басмасы басылган. Англисчеге да которулган.
Хусейин бин Али Ваыз-и Кашифи “рахима-хуллаху таала” Хиратта ваазчы болгон. Хижри 910 [м.1505-жылы] ошол ежрде кайтыш болгон. Эй, көңүлү таза жаштар! Ислам дининин көркөм мүнөзүн үйрөнүү менен жаюуда өмүрлөрүн сарп кылган, Аллаху тааланын динин жаюуда жандарын курман кылган шейиттердин асыл жана кадырлуу урпактары!
Кадырлуу ата-бабаларыбыздын силерге толук жана туура алып келген, аманат кылган ыйык Ислам динин жана анын билдирген көркөм мүнөзүн жакшы үйрөнгүлө!
Кереметтүү журтубузга көз тиккен дин, жан, ахлак душмандарына каршы ушул ыйык аманатты сактап калууга, дүнүйө жүзүнө жайып, адамдардын бакытка жетүүлөрүнө себепчи болууга аракет кылгыла! Унутпагыла,
динибиз көркөм мүнөздүү болууну, бири-бирибизди жакшы көрүүнү, улууларды сыйлап, кичүүлөрдү изаат кылууну, адамдардын баарына да жакшылык кылууну буюрган. Ар бир адамдын кул акысын жана башка акыларын өтөгүлө! Мыйзамдарга,
мамлекетке каршы чыкпагыла!
Салыктарды убагында төлөгүлө!
Аллаху тааланын туура жолдо жүргөн кулдарын ар дайым колдой турганын унутпагыла!
Бирибирибизге жардамдашалы,
бири-бирибизди сүйөлү, жардамчыбыз Аллаху таала болсун! Ислам аалымдары мындай дешет: “Аллаху таала адамда үч нерсени жаратты: акыл, көңүл жана напси. Булардын эч бири көзгө көрүнбөйт. Булардын бар экенин таасиринен,
иштеринен жана динибиздин билдирүүсү аркылуу билебиз. Акыл жана напис дымагыбызда (мээбизде), ал эми көңүл - көкүрөгүбүздүн сол жаагында жайгашкан жүрөгүбүздө.
Булар көзгө көрүнө турган зат эмес, белгилүү бир орунду да ээлебейт. Алардын бар экендиги электр кубаты, электромагниттик толкундар сыяктуу. Акыл табият таануу илимдерин таанууга, түшүнүүгө аракет кылат. Исламга ылайык болбогон, жакшы жана жаман нерселерди бири-биринен ажыратат. Жакшы-жаманды Ислам ажыратат. Исламды билген, аны карманууну каалаган акыл “Акли салим” (жаңылбаган акыл) деп аталат. Акылы аз, ар дайым ката кылуучу адам “Акмак”, ал эми акылы жок адам “Жинди"
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#15 11 September 2015 - 10:42
деп аталат. Салим акыл Ислам дини билдирген жакшы нерселерди жүрөккө билдирет. Жүрөк да буларды жасоону каалап, акыл-ойдон чыккан аракеттердин себеби менен дене мүчөлөрүнө жасатат. Жакшы жана жаман нерселерди жасоо аракетинин жүрөккө орношуусу
“Ахлак”, “Мүнөз” деп аталат. Напис - денеге жагымдуу, лаззат бере турган нерселерди жакшы көрөт. Алардын жакшы же болбосо жаман, пайдалуу же зыяндуу экендигин ойлобойт. Анын каалоолору Исламдын буйруктарына шайкеш келбейт. Ислам тарабынан тыюу салынган нерселерди жасоо написти кубаттандырат.
Ал андан бетерин жасоону каалайт. Жаман, зыяндуу нерселерди жакшы кылып көрсөтүп, көңүлдү алдайт. Көңүлгө ошолорду жасатып, каалоолоруна жетүүгө аракет кылат. Көңүлдүн написке алданып, жаман мүнөздүү болуп калбашы үчүн Ислам дини билдирген өкүмдөргө моюн сунуп, көңүлдү кубаттандыруу жана написти алсыратуу керек. Акылды кубаттандыруу үчүн Ислам илимдерин үйрөнүү зарыл болгону сыяктуу жүрөктү кубаттандыруу жана тазартуу үчүн Ислам өкүмдөрүнө моюн сунуу зарыл. Ислам динине моюн сунуу үчүн ыклас керек. “Ыклас” (ихлас) деп иштерди, ибадаттарды Аллаху тааланын буйрук кылгандыгы үчүн орундоону, башка дүнүйөлүк пайдаларды ойлобоого айтылат. Жүрөктө ыкластын пайда болуусу, көңүлдүн зикир этүүсү менен б.а. Аллаху тааланын ысымын көп айтуу менен болот. Зикирдин кандай кылына тургандыгын
“Муршиди камил” деп аталуучу кемел устаздан үйрөнүү жана акылда, сезимде пайда болгон дүнүйөлүк түшүнүктөрдү жүрөктөн чыгаруу шарт. Дүнүйө тууралуу ой калбаса, көңүл өзүнөн өзү зикир эте баштайт. Зикирдин кандай кылына тургандыгы “Сеадет-и Эбедиййе”
китебинин 921-бетинде жазылган. Идиштин ичиндеги суу бошотулганда абанын өзүнөн өзү кире тургандыгы сыяктуу, көңүлдү (жүрөктү) дүнүйөлүк ойлордон сактоо да көңүлдүн кемел муршиддин жүрөгүнөн “Фейз” (нур) алуу аркылуу болот. Көңүлдөн көңүлгө бул фейз, махабат жолу менен куюлат. Муршиддин (устаздын) башка мамлекетте жашап аткандыгы же кайтыш болгондугу фейздин келүүсүнө тоскоол болбойт. “Муршид” деп Ислам илимдерин жакшы билген, Исламга толук моюн сунган, ыкластуу Ахли сүннөт аалымын айтат. Исламга моюн сунуу көңүлгө кубат бере тургандыгы сыяктуу напсини алсыратат
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#16 12 September 2015 - 10:10
Ошондуктан,
“Нафс” көңүлдүн Исламга моюн сунуусун, кемел муршиддин сухбатында болуусун, китептерин окуусун каалабайт. Акылын эмес, напсин эрчиген адамдар динсиз болуп калууда. Напис өлбөйт. Бирок, күч-кубаты азайганда, көңүлдү алдай албайт.” Азыркы тапта дүйнөдөгү мусулмандар үч топко бөлүнгөн. Биринчи топ - сахабалардын жолун карманган чыныгы мусулмандар.
Булар “Ахли сүннөт”, “сүннү” жана “Фыркайы нажия”, б.а. Тозок азабынан кутулган топ деп аталат . Экинчи топ - сахабаларга душман болгондордун тобу. Булар “Шии” же “Фыркайы далле”, б.а., адашкан топ деп аталат. Үчүнчү топ – сүннүлөргө да, шииттерге да душман болгон топ. Булар “Ваххаби” жана “Нажди” деп аталат. Анткени, булар алгачкы жолу Арабстандын Нажд шаарында пайда болушкан. Бул топту “Лаанаттуу топ” деп дагы аталат. Анткени, ваххабилердин мусулмандарды мушрик деп атай тургандыгы “Кыямат жана акырет” жана “Садати абадия” китептеринде жазылган. Мусулмандарды капыр деген адамга пайгамбарыбыз лаанат айткан. Шиит тобун еврейлер, ваххаби тобун англичандар курган. Ал эми Ахли сүннөт жолун түрки элдер карманып, сактап калган. Кайсы гана топтон болбосун напсине баш ийген жана көңүлү кир, бузук адам Тозокко кирет. Ошондуктан,
ар бир мусулман напсин тазартуу үчүн дайыма “Ла илаха иллаллах”
жана көңүлүн напсиден, шайтандан, жаман достордон жана зыяндуу китептерден келе турчу куфурдан, күнөөлөрдөн сактоо үчүн ар дайым “Астагфируллах”
деп истигфар айтып жүрүү керек. Ислам динине ылайык жүргөн адамдын дубалары сөзсүз кабыл болот. Намаз окубагандардын,
ачык кийинген аялдарды карагандардын жана арамдан ичип-жегендердин Ислам динине ылайык жүрбөгөндүгү,
ага баш ийбегендиги белгилүү болот. Булардын дубалары кабыл болбойт. Милади жыл 2013 Хижри шамси 1392 Хижри камери 1435
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#17 13 September 2015 - 08:08
ИСЛАМ АХЛАГЫ
[ Биринчи бөлүм Китебибиздин биринчи бөлүмүндө жаман ахлактардын эң маанилүү болгон кыркы жана булардын даарылары тууралуу түшүндүрүлөт. Төмөндөгү маалыматтардын бардыгы Абу Саид Мухаммед Хадиминин “рахима-хуллаху таала” “Барика” китебинин биринчи томунан котормолонгон. Бул китеп арабча жазылган жана эки томдон турат. 1284 [м.1868] жылы Стамбулда бастырылган. 1411 [м.1991] жылы (Хакикат Китеп Үйү тарабынан кайрадан бастырылган). Хадими хазреттери 1176 хижри камери [м.1762] жылы
Кониянын Хадим деген шаарчасында көз жумган.
ЖАМАН МҮНӨЗ ЖАНА
АНДАН КУТУЛУУНУН ЖОЛДОРУ
Адамга дүйнөдө жана акыретте зыян тийгизе турган нерселердин бардыгы жаман мүнөздөн пайда болот. Б.а., зыяндардын, жамандыктардын башы - жаман мүнөздүү болуу. Арамдардан (жаман нерселерден) сактанууга “Такваа” деп айтылат. Такыбаа - ибадаттардын эң жакшысы. Анткени, бир нерсени кооздоо, жасалгалоо үчүн алгач андагы кир нерселерди, жамандыктарды жоюу керек. Ошондуктан, күнөөлөрдөн арылмайынча Исламга моюн сунуунун, ибадаттын эч кандай пайдасы болбойт. Жасагандарына сооп берилбейт. Жамандыктардын эң жаманы - куфур болуп саналат. Капырдын (Аллахка душман болгон адамдын) эч бир жакшылыгы акыретте пайда бербейт. Зулумдук менен өлтүрүлгөн капыр шейит болбойт. Бейишке дагы кирбейт. Ыймансыз болгон адамдын эч кандай жакшылыгына сооп берилбейт. Бардык жакшылыктардын негизи - такыбаалык. Бардык нерседен мурда такыбаа болууга аракет кылуу керек. Бардык адамдарга такыбаалуу болууну буюруу жана насаат кылуу керек. Дүйнөдө ыракатка, тынчтыкка жетүү, таттуу өмүр сүрүү, акыретте дагы чексиз азаптан кутулуп, түбөлүк жакшылыктарга, бакыттарга жетүү такыбаалык менен гана болот. Жаман мүнөздөр көңүлдү оорулуу кылат. Бул оорунун күчөөсү көңүлдүн өлүүсүнө (б.а. куфурга) себеп болот. Жаман мүнөздөрдүн эң жаманы болгон ширк

#18 13 September 2015 - 08:19
б.а. куфур жүрөктүн эң жаман уусу. Ыйманы жок адамдын “Менин жүрөгүм таза. Сен жүрөгүмдү кара!” деген сөздөрү бош нерсе. Өлгөн жүрөк таза болбойт. Куфурдун түрлөрү бар. Булардын ичиндеги эң жаманы, эң чоңу - ширк болуп эсептелет. Бир жамандыктын түрлөрүн билдирүү үчүн көбүнчө булардын эң жаманы айтылат. Ошондуктан,
аяттарда жана хадис-и шарифтерде кездешүүчү “ширк” сөзүнөн куфурдун бардык түрү деген маани түшүнүлөт. “Ниса” сүрөсүнүн 48 жана 116-аяттарында мушриктердин кечирилбей тургандыгы билдирилген.
Ушул аяттар капырлардын Тозок отунда түбөлүк кала тургандыктарын билдирет. Ширк - Аллаху таалага шерик (орток) кошуу, окшотуу деген сөз. Окшоткон адам “мушрик”, окшотулган нерсе “ширк” (шерик) деп аталат. Бирөөдө, бир нерседе улухият (кудайлык) сыпаттарынын бирөөсүнүн бар экендигине ишенүү аны кудайга шерик кошуу болуп саналат. Аллаху таалага таандык болгон сыпаттар б.а. (зати жана субути сыпаттар) “улухият сыпаттары” деп аталат. Чексиз бар болуу, жаратуу, бардык нерсени билүү, ооруларды айыктыруу кудайлык сыпаттардан болуп саналат. Кандайдыр бир адамда, күндө, уйда, кандайдыр бир макулукта кудайлык сыпатынын бар экендигине ишенип, ага таазым, урмат көрсөтүп жалбаруу - ибадат кылуу, сыйынуу деп аталат. Мындай сыйынылган нерселер “санам” (бут) деп аталат. Капырлардын айкелдерге,
сүрөттөргө жана мазарларынын алдында таазым кылуучу сөздөрдү айтуу, таазым кылуу, ибадат кылууда ширк болот. Бир адамда илахи сыпаттардын болгонуна ишенбей, Аллаху тааланын сүйүктүү кулу экенине же болбосо, мекенге, элге кызмат кылганына ишенип, анын сүрөтүнө, айкелине таазым кылуу, урмат көрсөтүү ширк дагы, куфур дагы эмес. Бирок туш келген адамдын сүрөтүнө урмат көрсөтүү арам болгондуктан,
таазым, урмат көрсөткөн мусулман фасык (күнөөкөр) болот. Бир нерсенин арам экендигине маани бербесе “муртад” болуп, динден чыгат. Мушрик болбогон яхуди жана христиандар да Мухаммед алейхиссаламга ишенбегендиктери үчүн капыр болуп саналат. Булар “китептүү капыр” деп аталат. Азыркы тапта көптөгөн христиандар Иса алейхиссаламда кудайлык сыпат бар дегендиктери үчүн мушрик
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#19 13 September 2015 - 08:24
болушту. Барнабас “Варнава” менен Ариус мазхабында болгондор китептүү капыр болушса да, азыркы күндө алар калган эмес. Көңүл ооруларынын ширктен кийинки эң жаманы - бидаттарга ишенүү жана бидат кылуу. Бидатардан кийин күнөөлөрдөн сактанбоо. Кичүү болсун, чоң болсун, ширктен б.а., куфурдан башка күнөө кылып, тообо кылбай өлгөн момун шапаатка жетип же болбосо эч бир себепсиз эле, жалгыз Аллаху тааланын ырайымы менен кечирилүүсү мүмкүн. Кичине күнөөлөр кечирилбесе,
Тозокто азап чегет. Кул акысы бар адамдын күнөөлөрүнүн кечирилүүсү кыйын жана азаптары өтө оор болот. Жубайынын махрын бербөө жана адамдардын хак динди үйрөнүүлөрүнө тоскоол болуу - кул акыларынын эң чоңу болуп саналат. Хадис-и шарифте мындай деп айтылган: “Ушундай бир заман келет, адамдар иштеп тапканын адалдан же арамдан экенин ойлобойт” жана “Ушундай бир заман келет, Ислам динин кармануу колунда от кармап тургандай кыйын болот” . Ошондуктан арам нерселердин баарынан жана тахриман (арамга жакын) макрухтардан сактануу такыбаа болот. Фарздарды жана важиптерди таштоо арам. Суннат-и муаккаданы себепсиз таштоо тахриман макрух болот деп айтылган. Акыйдада (ишенимде), ахлакта (кулк-мүнөздө),
амалда (ибадатта) буйрук кылынгандардан баш тарткан адамга кыяматта азап берилет. Азаптанууга себеп боло турган нерселерден баш тартуу зарыл. Мисалы, намаз окубоо жана аялдардын, кыздардын көчөгө ачык чыгуулары чоң күнөө. Күнөөдөн тыйылуу, мисалы, күн сайын беш маал намазды окуу өтө зарыл. Ал эми биз бул китебибизде баш тартылбоосу зарыл болгондорду эмес, тескерисинче баш тартылуусу зарыл болгон нерселер тууралуу баяндайбыз.
Орундалбоосу зарыл болгон нерселер белгилүү бир дене мүчөсү аркылуу жасалат же болбосо бүткүл дене аркылуу жасалат. Күнөө кылуучу дене мүчөлөрүнүн сегизи белгилүү. Булар: көңүл (жүрөк), кулак, көз, тил, кол, ашказан, жыныстык органы, бут. Көңүл - адамдын көкүрөгүнүн сол жагындагы жүрөк деп аталган эт бөлүгүнө үйлөнгөн руханий абал, сезим. Рух сыяктуу, зат эмес мужаррид (жалгыз) болмуш. Күнөө кылган бул мүчөлөрдүн өздөрү эмес, буларда боло турган сезимдин кубаттары. Дүйнөдө жана акыретте бакытка жетүүнү, ыракат өмүр сүрүүнү каалаган адам ошол дене мүчөлөрүнү
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#20 13 September 2015 - 12:04
күнөө кылуусуна тоскоол болушу керек. Күнөө кылбоо деген нерсе жүрөгүндө табият, адат болуп калышы керек. Намаз окуй турган, арам кылбай турган сүннү адам “муттаки”
(такыбаа” жана “салих” (жакшы адам) деп аталат. Аллаху тааланын ыраазычылыгына,
сүйүүсүнө жетүү аркылуу Аллахтын “олуя)сы болот. Көңүлдө табигый түрдө болбой, өзүн кыйнап күнөөлөрдөн сактануу аркылуу такыбаа болсо да, олуя болуу үчүн күнөө кылбоо табигый мүнөзгө айлануусу зарыл. Ал үчүн көңүлдүн жаман мүнөздөн арылуусу керек. “Көңүлдүн тазалануусу,
Ислам динине моюн сунуу менен гана болот.” Ислам дини үчкө бөлүнөт: илим, амал, ыклас. Биринчиси - буйруктар менен тыюуларды үйрөнүү. Экинчиси - үйрөнгөндөрү менен амал кылуу. Үчүнчүсү - буларды бир гана Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн кылуу. Курани каримде ушул үчөө буйрук кылынып, макталган. Бул китепте жүрөктү тазалоо үчүн бир гана баш тартылуусу зарыл болгон күнөөлөр айтылат. Булар “жаман кулк-мүнөз” деп аталат.
ЖАМАН МҮНӨЗ ЖАНА АНЫН ДАРЫЛАРЫ
Мусулман баарынан мурда өз көңүлүн тазартуусу зарыл. Себеби, көңүл - бүткүл дененин башчысы. Бүткүл дене көңүлдүн (жүрөктүн) кол астында. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”: “Адамдын денесинде бир эт бөлүгү бар. Ал жакшы болсо, бүткүл мүчөлөр жакшы болот. Ал жаман болсо, бүткүл мүчөлөр жаман болот. Ал – калб (көңүл)”, - деп айткан. Б.а. бул - жүрөк деп аталуучу эт бөлүгүндөгү көңүл. Көңүлдүн таза болуусу - жаман мүнөздөн тазарып, жакшы мүнөз менен кооздонуу дегенди билдирет. Адамдын сырткы көрүнүшү, кебетеси “дене”, “халк” деп аталат. Адамдын жүрөгүндөгү абал “кулк мүнөз” деп аталат. Көңүлдүн оорулары “Ахлаки замима” деп аталат. Булардын айыгуусу өтө оор. Ал үчүн дарыларын жакшы билүү жана жакшы колдонуу керек. Кулк-мүнөз - жүрөктөгү адат, каалоо, ал-ахвал деген сөз. Адамдын итикады, сөздөрү, аракеттери, бардыгы дагы ошол кубаттан улам пайда болууда. Эрктүү аракеттери мүнөзүнүн таасиринен пайда болот. Мүнөздү өзгөртүүгө болот. Жаман мүнөздөрдөн арылып, жакшы мүнөздөрдү алуу аркылуу өзүн-өзү тарбиялоо мүмкүн. Хадис-и
ЖАМАН МҮНӨЗ ЖАНА АНЫН ДАРЫЛАРЫ
Мусулман баарынан мурда өз көңүлүн тазартуусу зарыл. Себеби, көңүл - бүткүл дененин башчысы. Бүткүл дене көңүлдүн (жүрөктүн) кол астында. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”: “Адамдын денесинде бир эт бөлүгү бар. Ал жакшы болсо, бүткүл мүчөлөр жакшы болот. Ал жаман болсо, бүткүл мүчөлөр жаман болот. Ал – калб (көңүл)”, - деп айткан. Б.а. бул - жүрөк деп аталуучу эт бөлүгүндөгү көңүл. Көңүлдүн таза болуусу - жаман мүнөздөн тазарып, жакшы мүнөз менен кооздонуу дегенди билдирет. Адамдын сырткы көрүнүшү, кебетеси “дене”, “халк” деп аталат. Адамдын жүрөгүндөгү абал “кулк мүнөз” деп аталат. Көңүлдүн оорулары “Ахлаки замима” деп аталат. Булардын айыгуусу өтө оор. Ал үчүн дарыларын жакшы билүү жана жакшы колдонуу керек. Кулк-мүнөз - жүрөктөгү адат, каалоо, ал-ахвал деген сөз. Адамдын итикады, сөздөрү, аракеттери, бардыгы дагы ошол кубаттан улам пайда болууда. Эрктүү аракеттери мүнөзүнүн таасиринен пайда болот. Мүнөздү өзгөртүүгө болот. Жаман мүнөздөрдөн арылып, жакшы мүнөздөрдү алуу аркылуу өзүн-өзү тарбиялоо мүмкүн. Хадис-и
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

Супер-Инфо
super.kg
видео