Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#721 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   12 Сентябрь 2015 - 02:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ооба, Асан! Усон! -деп бизди чакырды. Биз качып кеттик, -деди Асан, мурдун шуу тартып.
-Ал эмне болгон чоочун киши экен?! Жалгызбы, же жанында башка кишилери да бар бекен?
-Жайнагул колундагы газетаны таштап, ордунан турду.
-Бир эле киши, апа, машинадан тушуп эле бизди чакырды. Анан биз уйго качып кеттик.
-Султан абаны тааныйсынарбы? Ал эмеспи?
-Жок, чоочун киши апа, -деди Асан. Ага удаалаш Усон да эдирендеди.
-Ооба, чоочун киши экен, машинаны озу айдап журот.
Экоо киши эмес эле маймыл коргонсуп, тышты коздой кайра жугурушту. Жайнагул балдарынын артынан ээрчий басты. Дарбазанын босогосунан аттап кочого чыгаар чыкпастан эле, Жанатты машинадан тушуруп, усту-башын ондоп, орумго келбей калган мандайндагы сексейген секелегин сылап жаткан Толкунбекти коруп, журогу болк дей тушту. Дабыштан артын бурула караган жигит да элее карады. Экоо эки жерде биринен бири чочуп, биринен бири корккон макулуктан бетер жалдырап, туттугуп туруп калышты. Ошол саамда бобоктору менен Жайнагулду коруп,
Жанат суйунгонунон кыйкырып жиберди:
-Жайна жене абам келди.
-???
-Жанат анан бобокторуно кыйкырды:
-Ай, Асанчик, эй Усончик, карагылачы папа келди!
А балдар болсо эжесинин созун угуп, бул кишинин чын эле атасы же атасы эместигин ажырата албай элее карап турушту. Жанат болсо бобокторун коздой кополоктой учуп чуркап келатты.


БИРИНЧИ КИТЕПТИН АЯГЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#722 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   12 Сентябрь 2015 - 02:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

МЫНА ОКУРМАНДАР УШУ МЕНЕН "ЧООЧУН КИШИ" КИТЕБИНИН БИРИНЧИ КИТЕБИН АЯКТАДЫК, ЭКИНЧИ КИТЕБИ КИМДЕ БОЛСО ЖАЗА БЕРИНИЗДЕР

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: ........................................................................................-.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#723 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   12 Сентябрь 2015 - 02:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

*****ЧООЧУН КИШИ*** 2-китеп 1-болум. *БИРИНЧИ БОЛУМ*



Кызынын сексейген уйпаланган чачын машинанын жанында кайра-кайра тарап, усту-башын тузоп, журогу турсул согуп,жарылдаган унду угуп бурула караганча болбой, жанынан Жанаттын кандай узап кеткенин байкабай калды. Анан: "Папа келди!" -деп бобокторун коздой кополоктой учуп баратканын коруп, эмне кылаарын билбей сурдоодон коздору ала чакмак болуп туруп калды. Толкунбектин жузун эми гана бушуркой карап, эжесинин созун угуп , ата-энени тушунгон балдар ошол замат Жанатка кошулуп, ун алышып кыйкырышып: "Папа келди! -деп, олоор - тирилерин билбей,атасын коздой куштай учуп баратышты. Толкунбек уулдарын коргондо, кучагын жайып жиберип, жуйурто басып олтура калып экоону бирдей бооруна кыса кучактап, алмак-салмак опкулоп, алмай термей жыттап, эки ийнине которгон бойдон ордунан туруп, аягын шилтей берип, эшиктин алдында муздай катып турган Жайнагулдун солокоту карегине кадала тушту. Ошол замат Асан менен Усонду кайра жерге тушуруп, кош аягы чалыштап, кулагы озунон озу чуулдап, карактери карангылап, куну тун болуп Жайнагулдун алдында ат которгус айыпка жыгылып, эми андан ырайым сурап, кечирим кутуп келген куноокор менен куноосуздун ортосундагы он метрчелик аралык. Толкунбек учун он чакырымдай болуп кетти. Уйуно кантип келип, аялы менен кантип бетешип, кантип кечирим сураарын билбей эси энгиреп турган Толкунбек, Жайнагулдун алдына келгенде, акыл-эсин жоготкон макулуктан бетер ойдо жок жерден бугуло тушуп, келиндин кош аягын кучактай жыгылса болобу. Жайнагул селт этти. Ушул саамда кечээ жакында эле Толкунбекке окшоп биро аягына жыгылганын эстеп конулу иренжий тушту. Жайнагул, ал жигит адам эмес эле бир жерин чагып алуучу улуу жылаандан бетер буткон бою жыйрылып, каны кайнап, аны кандай теп жибергенин озу да билбей калды. Ошондо ошол жигиттин айткан созу, азыр да кулагына жанырып кетти. "Ушундайындан эрин уйдон чыгып, кайрылгыс болуп кеткен экен да. Сен сулуу аялдын кебин кийген коркунучтуу айбан турбайсынбы. Акыры мендей азаматтын кусуру уруп, эркектин заарын тартарсын. Башымды тартуу кылып аягына жыгылсам, башка тептин", -деп ордунан шарт туруп, кылчайбай басып кеткен. Азыр да Жайнагул Толкунбекти буту менен итерип жибергиси келип барып, "астапырылда" кылды. Анан Зыйнаттын жазган катындагы "ТОЛКУНБЕК СИЗДИ ГАНА СУЙОТ" деген созун эстеп кетти. -Аз айып, кооп куноом болсо кечир, ЖАЙНА. "Алдына келсе атандын кунун кеч" деген соз бар эмеспи. Чынымды айтсам мен сенсиз жашай албайт экемин ЖАКИН.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: .........................................................................................-.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Nyrjamal.Teshebaeva: 12 Сентябрь 2015 - 02:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#724 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Сентябрь 2015 - 03:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Махабаттуу, бактылуу кундорум сени менен отуп, бардык бакыт - таалайым сени менен калыптыр. Мен учун болбосо да балдарым учун, Жанат менен Асан-Усон учун, атам менен энем учун кечирип койчу куноомду. Жайнагул Усондун атын укканда журогу туйлай тушту. "Ах, уятсыз,Усонду кошуп коёсун да, Жайнагул эч нерсе билбейт" -деп жатсан керек. Ал Зыйнаттын перзенти. Менин эле эмес,аны да шордотуп тозокко салган сенсин да" -деп, ачуусу менен кыйкырып жибере жаздап барып токтоду. А Толкунбек болсо,аялынын кош аягын кучактап, бук тушкон калыбында кайра - кайра кечирим сурап, могодой салбырап жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#725 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Сентябрь 2015 - 03:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол маалда Тумарды чукул коштоп: "Ыя таэне, Жайна женем абам менен урушпайбы?" -деп текилдей басып келаткан кызынын созун укпаган Толкунбек озу менен озу болуп, чоккон нарга окшоп, аялынын аягын кучактаган калыбында, жагымдуу жалгыз ооз соз укпай озунун бул дуйнодо бар экенин же жок экенин билбей, жигиттик оз касиетин озу тебелеп жаткан кези болучу. -Э, катыгун, бул кандай корунуш болуп кетти. Ой, балам, тур айланайын. Бироо корсо эмне дейт кокуй. Ушундай да кун болот экен ээ, шумдук. Кечээ эле бирин ишкер, бирин бал эмес белен. Болду, откон иш отту, болор иш болду. "Адашкандын айыбы жок, кайрылып уйурун тапкан сон" -дейт. Жаш кезде жанылып жаздым баспаган ким бар дейсин балам. Тумарды коруп, анын созун угуп, коздору аласала тумандай тушту. "Жузум бар уялам, журогум бар корком" дегендей, ал кишинин кеменгер, кечиримдуу, акылга дайыккан аял экенин билсе дагы эненин суру онойбу. Андан дагы баягы оздору жаны уйго келгенде Сады Казиевич болуп орлуктоп келген бойдон корушо элек эле да. Озу эле кайненеси менен кайнагасынын бетин кантип карап, кантип беттешерин билбей, сар санаа болуп жургон жаны, Кудай айдагансып кайненесинин бул жерде болуп калганын коруп бир чети суйунуп турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#726 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Сентябрь 2015 - 03:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбек ордунан жер таяна очорула туруп, Тумардын козуно тик карай албаган калыбында жалтандай тушуп, калтырааган ун менен,: "Энеке! " -деп, бир апкарып суйлоп алып, оз боюн аялга таштап кучактай калып ыйлап жиберди. -Кечириниз мени. Иттик кылдым. Оз бактыма озум чыккынчы болдум. "Киши арыгын сактаса тобо кандайт, мал арыгын сактаса ооз майлайт", -деген ушул да. "Суйгон жарга адамдын озу тарынса да, журогу таарынбайт" , дегендей, Зыйнаттын катын окугандан бери, Жайнагул оз конулундо Толкунбектин ал жакта Зыйнат менен кандай кундо, кандай абалда жашагандыгына тушунуп, аны мурдагысындай, куноологусу келбей калган. Болбосо, бул кунго чейин, конулундо Толкунбек Зыйнат менен бактылуу болгондой, Жайнагул деген ысымды, колунон эбак биротоло сызып салгандай ойлоочу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#727 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Сентябрь 2015 - 03:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Анын устуно мурдакысындай, бакчага балдарын коргону келбей калбадыбы. Зыйнаттын каты, аны бир отоло сууп бараткан журогуно от коюп, конулуно кайра баштан дурболон салып баштаган. Толкунбектин келерине бул кезде козу жетип калган мезгил болучу. Бирок, ошондой болсо да, аны кайра кантип кабыл алаарын билбей "ту" деген тукурукту оозуна салгысы келбей, мурдагы чечиминен кайтпай коюну ойлогондо, журогу сызыла тушуп, конулундо коксоп, коодонун тиреп турган кусалык баарынан кучтуулук кылып кетти. "Жок, мен энеме айтып, энем менен кенешишим керек бул ишти" -деп ойлоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#728 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Сентябрь 2015 - 03:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагул энесинин, Толкунбекти коргоп, Толкунбек жактык болооруна козу жетип, билип туруп эле атайын телефон чалган. Зыйнаттын кат жазганын айткан. "Сыягы, Толкунбек жакын арада биротоло келип калат окшойт. Кокустан келип калса эмне кылайын?!" -деген кызынын созун угуп, Тумар сынамакка минтип сураган: "Озун эмне кылсам деп турасын?!" -дегенде: "Озум эмне кылмак элем. Калган кадыр менен чыккан жан табылбайт окшойт, эне. Толкунбек келгенче отпуска алып коз коргус, кулак уккус бир жакка безип кетким келип турат"..... Тумар кызынын ойлобой туруп айткан созун угуп, куло багып минткен: "Ой айласы кеткен кураган балам ай!" Анпе, "Эр менен эттен конул калуучу беле. Балдарын бар эмеспи", -деген болучу. Ооба, чындыгында Тумардын бул сапар келишине каттын кабары себеп болду. "Куру намыс баш жарат" -дегендей, намыстанымыш болуп, сыр корсотом деп туруп,кайрылып келип колуна конгон кушту, кокустан чочутуп учуруп жибербесин" деген ойдо, Тумар атайын Толкунбек учун келип кутуп жаткандагы кербези эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#729 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Сентябрь 2015 - 03:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

КУНДО АЗ АЗДАН ЖАЗЫП ТУРАМ КАПА БОЛБОЙ ОКУП ТУРГУЛА , СЕБЕБИ ИШИМ БАШТАЛДЫ КУНДО ИШ, ОТЧЕТ КИТЕП ЖАЗЫП КОЛУМ БОШОБОЙ КАЛЫП АТАТ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#730 Пользователь офлайн   mega777   17 Сентябрь 2015 - 22:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Тема тазаланды.
Окуган соң башкаларга тоскоол болчу ашыкча билдирүүлөрдү жазбай эле чыгып кете берсеңер.Сын- пикирлер үчүн атайын тема бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#731 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Сентябрь 2015 - 02:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Баятадан бери ун катпай, мисирейип ийсинген бээдей болуп кучунаштап сыр корсотуп турган Жайнагул энесин бир карап алып минти:
-Толкунбекке дагы эле тартат экенсин да. Эмине, бул куйоо баландан дагы эле конулун калелек беле ыя, эне?
-Ооба, калалек конулум.
-М-м. Калалек дечи. Бул сыяктуу уяты жок адам менен сен тил табышып келишсен да, мен келише албайм, эне. "Жакшы ит олугун корсотпойт" -дейт. Мунун ордунда мен болсом, сенин алдына келип жузумду корсотмок турсун, караанымды корсотмок эмесмин. Бул кишиде ыйман да жок, уят да жок.
-Жайна! -Толкунбектин эрди дирт дей тушту.
-Суйлобо! Мени тууганга кулку, душманга таба кылып, бироонун элинде, бироонун жеринде, кызыл чийээдей балдарым менен талаага таштап кеткенин да жетишет. Алты-жети жылдан бери башка дуйно, башка уй, башка аял менен жашап жатасын. Туштон кийин эми эмне келдин, жашай бербей Зыйнат менен. Же андан да сонунун таркадыбы! Сен бир эле мени эмес, бала-чаканды, ата-эненди ЗЫЙНАТ деген шуркуяга садага чаап, баарыбыздан кечип кетпедин беле?
Жанат Жайнагулду тизесинен орой кучактап ыйлап жиберди.
-Болду, болду, абам менен урушпачы женекебай !
Тумар башын чайкап Жанатка карады.
-Ой, журогу ушугон куураган балам ай, ыйлаба. Женен урушпай эле, суйлошуп жатпайбы женен менен.
Опко кагып, солуктаган кыз жер тепкилеп бооздоп жиберди.
-Ооба, урушуп жатат , мен билем. Жайна женем абамды кет деп жатпайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#732 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Сентябрь 2015 - 02:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагул кызын булка кармап, озунон олоктата туртуп жиберди. -Турчу наары, бутка илээшкен чоптой болгон жашабагыр. Тим эле атасагын айтайын мунун. Мени урушат десен, абанды алып козумо корунбой жоголгула, экоон тен. Жанат жерге бир олтуруп, бир туруп чынырып жиберди. -Абамды урушпа, Жайна жене, кет дебе. Эжесинин жанында коркок коздору менен оздорунон оздору бакырып жиберчуудой, ээктери эмшендеп турган АСАН менен УСОН мыйтыйган кичинекей колдору менен ЖАНАТтын коз жашын арчыган болуп, ага боор тартып аяп турушту. Ошол малда ЖАНАТ бобокторуно минтти: -Экоон тушунуп жатасынарбы, мама папаны кет деп жатат. Биз азыр кайра кетебиз Чолпон-Атага. -Эжесинин кетебиз деген жагымсызсозун угуп, экоо бирдей ун алышып чынырып жиберди. Кетпе эже! Кетпе папа! Тумар жайнагулго кучоно бурк этти: -Болду токтот созунду, Эмнеге мынчалык азаан-казан тушуруп жатасын балдарды боздотуп. Ой, чиркин ай, мынчалык озгоруп кеткенинди билген эмес турбаймынбы. Мен сени баякы майболпоч, кыял кыз бойдон болсо керек деп ойлогон болчумун. Качантадан бери тажаал болгонсун? Же, эри жок катындын баары эле сага окшоп ооздугу жок аттай болуп, баш бербей калучу неме беле, э, кокуй. "Чыгашага ээси баш" дегендей, ачык айтайын, сенин озундон да кеткен куноо. "Алдына келсе атандын кунун кеч" дегендей, ошол кезде кенедей бир болбогон иш учун уугуп, оор жанынды женил кылып, арадай жерге чарадай жыйын куруп, канча жылдан бри куноолоп келетасын. Атууга кеткен кишиге деле кечирим болот турбайбы. -Бала бала дейбиз- Чын чынана келгенде,, бала деген жон эле бир шылтоо. Мен билишимче. Толкунбек балдар учун емес, так сен учун келип олтурат болуш керек. Адам олсо: "Бул балалуунун мурзосу, бул балаcsplsy мурзосу" -дебейт экен. Короормун балдарымды да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#733 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Сентябрь 2015 - 02:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

"Он уулум болгуча, оосурак чалым болсунчу" -деп бир байбиче арман кылган имиш. Анчалык анырандап аша чаппа, балам. Келгени бир чай кайнам болду. Толкунбекти уйго кир деген да киши жок. Бул байкушту олтурсон да уйго алып кирип, бир чыны чай берип туруп анан олтурбойсунбу? Сабасан да далдаа жерге алып кирип сабап, тилдесен да далдаа жерге алып кирип тилдебейсинби. "Чакырганга келбеген, ымдаганга кор болот" -дейт. Коркуткандын да коркуткандай жуйосу бар. Таарынычтын да таарынычтай ыгы бар. -Мен эч кимге да таарынбайм, эч кимди да коркутпайм. Кызын Тумар эликтеди. -Бы-ы-ш, коркутпаган киши. Коркутпасан уйго киргизбейсинби, эшик ачып. "Кир дебейм, кирбесе келген жагына кете берсин. Мен муну чакырган эмесмин" деген соз тилинин учуна илинип туруп кайра тартты. Зыйнаттын катында жазылган жагымдуу создор конулуно тушкондо, эмелеки энесинин: "Сенден да куноо кеткен" -деп, бетине баса айткан созун угуп, айтса-айтпаса тугонбу деген ойго жетеленип кетти. -Журу, балам, короонун чок ортосунда туруп чырылдашпай, уйго кирип суйлошолу. "Ачуу шайтан, акыл дос" -дейт балам, "ойносон да, ойлоп суйло" дегендей, кеткени келип, кемтиги толот деген ушул. Мынчалык кагуу жеп, катуу соз угуп корбогон Толкунбектин конулу бир бузулуп, бир астапрыла келтирип, олгонунон зорго чыдап турду. Эгерде Жайнагул кайра-кайра какшанып, кагып-силке берсе, которо албасын билип, каны кайнап турган Толкунбек, кайненесинин созун угуп, журогу боксоро тушту. "Ой, акылындан айланайын алтын энем, озум эле эмес, соогум ыраазы сизге. Сиз болбосонуз, менин созумду ким суйлоп, ким тарамимди талашат эле. Кудай айдап менин багыма келген турбайсызбы. Омурум откончо милдеттуумун сизге, эне.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#734 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Сентябрь 2015 - 02:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ылайым бар болсонуз экен" -деп, конулу колдой чалкып кетти. Ушул маалда эки бобогунун ортосунда ыйлап турган Жанат кош кареги бирде Жайнагулдун, бирде Толкунбектин козун алмай-термей жалжылдай карап, опко кагып титиреп турган болучу. Бир кезде Усон Толкунбекти шынарылай карап туруп, бироо уйротконсуп минтип сурады: -Папа, кетпейсинби эми? -Кетпейм, балам.! -Ура-а-аа ! Папам кетпейт. Усонду туурап Асан да кыйкырды. -Кудай, Кудай папам кетпейт экен. -Папа, сен биздин атабызсын ээ! -деди Усон. -Ооба, атанармын. Ошол учун балдарым бар деп, силер учун келбедимби. Ушул жерде Усондун козу-козуно урунганда Толкунбектин журогу удургуй тушту. Ал болсо баланын козундогу магиниттуу сулуулуктун Зыйнатка окшоштугу болучу. Дароо эле Толкунбектин оюна Зыйнаттын ар дайым "Асан менен Усондун бироо менин балам" деген дооматы тушуп кетти. Балдарынын созун угуп, Жайнагул башын чайкады. -Оо, атадан козу каткан шордууларым! -Кой, антип шордуу деп айтпачы, балам, -деди Тумар. -Ай жазыгы жок каралдыларым ай, окшошкон. Азыр эле : "Чоочун киши келди" -деп уркуп жаттынар эле. Кандайча бат эле папалап калдынар кетиргинер келбей, -деди Жайнагул. Тумар кызын эркелетип бетинен опту. -Алдына кетейин, билет да атасын. Болду балам, Толкунбек учун бир ачуунду мага бер. Жайнагул ушуну эле кутуп тургансып, энесинин мойнуна кош билегин арта салып, кучактап ыйлап жиберди. -Ой, энекебайым ай, сен мен учун эмес, Толкунбек учун келген киши турбайсынбы. Качан болсо Толкунбекти жактайсын да турасын . "Уурусу куч болсо, ээсин доого жыгылат" дегендей, Толкунбекти куноолобой мени куноологонун акыйкаттык эмес. Сенин калыстыгын ушул экен да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#735 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Айттым го, озундон да кеткен кемчилик. -Менден эмне кемчилик, кандай куноо кетти эле? Огой болсон, огойлугунон ушинтип куноосуз кызын какшатып жатат дейт элем. Бирок сен озун да. -Энесин коё берип жерге олтура калып, кош алаканы менен бетин басып, булкулдап ыйлап кирди. Толкунбек конулундо аялдардын бул сыяктуу капсаландуу талаш-тартыштарда ыйлаганы, анын ачуусу тарап, каргашалуу кайраты кучунон тайып баштагандыгынын белгиси, -деп ойлоп, ичинен тынып турду. -Таэне, Жайна женем эмнеге ыйлап жатат? - деп Жанат эки жагын элейе карады. -Суйунгонунон ыйлап жатат , - деди Тумар. -Абамды келди деппи? -Ооба, келди деп. -Эми урушпайбы? -Урушпайт, балам. Жанатын созун Усон бузду. -Таэне, мен папамды бат эле таанып алдым, ээ? -Мен да папамды тааныдым, таэне, - деди Асан озунчо мактанып. -Ооба, ооба, тааныдынар, жакшы балдар турбайсынарбы. -Жайна, тур балам уйго кирели. -Жайнагул ордунан салмактуу козголуп ыкшоо турду. Энесинин артынан басып баратып, Жанаттын окуусун эстей коюп: "Ой, катыгун ай, Толкунбекке алаксып жатып , кызымдын класстан класска кандай кочконун да сурап, бетинен опкон эмес турбаймынбы" - деген ойдо, озунун катарында илминдей басып бараткан кызды колдон алды. -Э, Жанат, секет кетейин каралдым, экинчи сыныпты (Тумар дайым классты сынып деп суйлоочу, Жайнагул да энесин туурап суйлоду) кандай аяктадын?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#736 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Отличник болуп, учунчуго кочподумбу. -Ой секетин болоюн каралдым, жакшы болгон тура. Кут болсун. -Аа, атандын корунун эси, баса Жанат экинчини бутту ээ? Мына чон кыз болгонун ошол. Эне-атанды жакшы бак эми. -Багып жатам таэне. -Бакканындан секет кетейин сексегим, - бетинен опту. Денинер сак омурлуу болсонор экен. А, Толкунбек болсо эки уулун эки мурусуно кондуруп алып, кайненеси менен аялынын артынан келатты. Тумар атасынын мойнуна асылып экоо эки жагынан кучактап кубанып келаткан Асан менен Усонго карады. -Окшошкон кучуктор, уят эмеспи, чон эле балдар атасын которткону. -Бул атам эмес да таэне, - деди, Толкунбектин мойнун кыса кучактап, бетин бетине тийгизип, чечекейи чеч болгон Усон. Тумар чочуп кетти. -Ок, антип айтпа. Атам эмес деген дагы соз болобу.? -Бул папам да, атам Чолпон-Атада турат таэне. -Аа, баса, атан Чолпон-Атада эмес беле. Туура айтасын, балам. -Сен билбей калдынбы ыя, таэне. -Ооба, билбей калган турбаймынбы, - Тумар кулду. Озунчо эле кубанычы койнуна батпай кудундап келаткан Жанат токтой калып, Толкунбекке кыйкырып жиберди. -Ава, АСАН менен УСОНдун велесипедин качан бересин? Жигит токтой калды. -Аа, ал таза эсимден чыгып кеткен турбайбы, - деп балдарды которгон бойдон машинаны коздой кайра басты. -Биз машине алып келдик экооно. Тебаласынарбы? - деди ТОЛКУНБЕК балдарды жерге тушуруп, машинанын артын ачып, окшош эки велосипедди алып чыгып жерге коёр-койбостон эле, экоо экоону баса жыгылышты. Балдарга калчандап карап турган ТУМАР минтти:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#737 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ой-ий, балдарым, аргымагынар кут болсун. Папанар силерге сонун белек алып келген турбайбы. Ырахмат дединерби? УСОН ТОЛКУНБЕКти жадырай карап, "Ырахмат" - деди. -А, сен, ырахмат айтпайсынбы, ыя АСАН, - ТУМАР небересинин чачынан сылады. -Каралдым, как журогум. АСАН таэнесинин созун уккан да жок. Укса да этибар албай, велосипедге алаксып, озунчо эле кудундап жатты. -Мунсуз эле уйго киришчу эмес эле. Кудай бербедиби эми экооно. Кочого чыкпай короодо ойногула, уктунарбы? -деди ЖАЙНАГУЛ. -Макул, чыпайбыз, мама, - УСОН илгиртпей жооп берди. Адатынча ЖАЙНАГУЛ, УСОНдун озуно тийешелуу созду дароо кабыл алып, жоопсуз калтырбаганын ойлоп, Зыйнат да ушул УСОНго окшоп жашынан сезимтаал, илберинки болсо керек. Жатынын тартса бул адам болот. А АСАН болсо маныроо байкушум..... Ушундай ойлорду ойлоп балдарды алмай-термей тиктеп турган ЖАЙНАГУЛдун кыялын ТУМАРдын уну бузду -ЖАКИН, уйго кирели, балам. ТОЛКУНБЕКтин келиши менен уй ичинин коркуно корк кошулуп, озунчо эле бир ажайып дуйного толуп, береке кирип, конулдуулук каптап кетти. ТОЛКУНБЕКке мындай корунуш байкалбаганы менен ТУМАР менен ЖАЙНАГУЛдун козуно дароо урунду. Алар "Баш мээси менен, мал ээси менен" деген ушул экен да дегендей, экоо тен конулундо бир жагдай ойду тымызын ойлоп олтурушту. ЖАЙНАГУЛду ТОЛКУНБЕККЕ кайрадан байлап, жакындатып турган куч Зыйнаттын асылзаадалык менен болгонду болгондой, чындыкты жашырбай ачык жазгпн каты болду. Баягыда, энем айткандай, ЗЫЙНАТ ырас эле менден акылдуу экен деген ойго батат. Эгерде, коп аялдын бири болсо, ТОЛКУНБЕКти мага табыштап жазбайт эле да, катты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#738 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Суйуу дем мына ушул ЗЫЙНАТтын махабатын айтыш керек, экен. Кокустан, ЖАЙНАГУЛ кабыл албай коюп, орто жолдо кор болуп калбасын деп ТОЛКУНБЕКти аяган экен да, байкуш. "Ой, тубун тушкон опосуз турмуш ай. БИРООГО КОР ДУЙНО, БИРООГО ЗАР ДУЙНО" деген ушул. "Суйушкондор бактысыз болбосун" деген экен акылдуу аял.
Айткан менен болобу, ЖАЙНАГУЛ, ТОЛКУНБЕКтин кайрылып келгенине окунгон жок. Тескерисинче, сыр билгизбегени менен журогу толуп, конулундо кубанып турду.
Бирок эр коодок ТОЛКУНБЕК ЖАЙНАГУЛдун аялдарга муноздуу сегиз кырдуу, тогуз кырдуу амалкойлук менен сыр бербей, сыртын салып мант берип турганын билбей, журогу тилинип анын баякы озуно тааныш журогуно жакын кусалуу махабатын, сагынууга сабырсыз мунозун издеп таппай жатты.
Жигиттин конулун чочутуп, журогун ойуп турган бир коркунучтуу иш бул болду. Кечээ жакында эле жадырап-жайнап туруучу бала кыял, баёо журок, жазыксыз жарынын муноозу озгоруп, тили чыгып, бети ачылып калганын коруп чийки май жегендей болуп абыгер тартат. Озу бузуп, озу талкалап алган бул шорду, кайра калыбына келтирип алабы, жокпу, жандырмагы жок татаал табышмак болду.
"Менден конулу калган бойдон агарбай койсо кантем? Андай ынтымаксыз табышып, бирге жашагандан коро,баягы табышпаган бойдон болок жашаган жакшы болоор. Эмелеки:
"Абанды алып, козумо корунбой, жоголгула экоон тен" - деп ЖАНАТка айткан жагымсыз созу конулунон кетпей, кекиртегине кептелип турду. Азыркысы эчтеке эмес, кийин деле айтат го мындай жан кейитээр жагымсыз создорду" , - деп ойлоду. Анан бир казак досунун турмушу эсине тушуп кетти. Алар дагы озуно окшоп ажырашып, кайра табышкан немелер болучу. Мага окшоп ал дагы бир уядан жалгыз жигит эле. Аялынын бир жаман жери кайнене, кайнатасын киши ордуна корбогон бир Кудай ургандай тажаал неме экен. Ата менен энеге эч нерсе беруучу да, эч нерсе жылдыруучу да эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#739 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жигит аке-шашесине барса жалгыз баручу, жардам берсе аялына айтпайт, озунчо жашыруун беруучу. Торт баланын бирин эрмек кылалы деп сурап алалбай коюшкан. Ушундай ыйкы - тыйкы кундордун биринде энеси ашказанынан ооруп догдурга корунгону шаарга, уулунукуна келет. Бул мезгил аялдын оорусу кескин кучоп, ичкен - жегени синбей калган учур болучу. Кайненесинин абалын коргон келин, териси тескери айланып, коргусу келбей кагып - силкип баштайт. Байбиченин келгенине экинчи куну болсо керек. Уулу догдор алып келип, энеси жаткан болмого кирип баратып, короодогу эски уйдон аялынын кимдир бироо менен урушуп жаткан ачуу унун угуп токтой калат. -Сен олбойсун, мастен! Олсон да баарыбызды астына салып, кара башын калганда ыйман укпай олосун. Тамагынды тартпай, козуно корунгондун баарын ылгабай ичип жеп жатып бузулгансын да. Кусуп - чычып жатып уйдун абасын бузуп, жаткан тошогунду булгап салган турбайсынбы. Эми буну ким жууп, ким тазалайт. Сен муну мага очошуп атайын жасап жатасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#740 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кой,антип катуу кетпе, чырагым. Кантип эле таза жанымды оору кылып догумду артайын. Напсимди тыйбай эмненди ичип жеп эншерип жибердим. Сага очошуп атайын ушинтсем , жаткан ордумдан турбай калайын. Тамак эмес суу ичсем да, сууну суу бойдон кусуп жатканымды коруп туруп да ушинтип айтасынбы. Батамды берейин карагым, жаман айтып жанымды кейитпечи. Балдарым бар, келиним бар деп келбедимби. Чыдап койчу, балам, андан коро догдур адам болбойт десе, багалбайсын оз колун менен уу берип, эч кимге айтпай , жан кишиге билгизбей, тындым кылып сал. Жан деген кыйын тура, жылуураак жапчы, ушуп жатам, - дейт байбиче,. -Жаппадымбы. Кун жылуу, жылыйсын. Жигит аялынын жагымсыз созун угуп эмне кылаарын билбей кетенчиктей тушот. Окуяны жашыра албай догдурду аялынын уну чыккан жакка баштап кирет....


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 32 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 32, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 19:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: