„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#1121 30 Август 2015 - 06:39
Умму Фарфа (р.а) айтат: " Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга "Эн жакшы амал кайсы?"-деген суроо берилгенде, Ал :"Убагы кирген маалда (башында) окулган намаз"-деп жооп берди. (Абу Дауд).
Науфал бин Муавия (р.а) дан риваят: "Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам: "Бир намазды каза кылган адам, уй-булосунон, малынан ажырап калган сыяктуу"- деди. (Ибн Хиббаан).
Абу Хурайра (р.а)дан риваят: "Пайгамбар сальаллоху алайхи ва саллам айтат: "Илимди уйронуп алып, бирок аны жайылтпаган (уйротпогон) киши, кенди казып алып, анан аны коротпогон киши сыяктуу". (Табарани).
Анас (р.а)дан риваят: "Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам айтты: "Кимде-ким озунун мусулман бир тууганын кубандыруу учун Алла каалагандай (мисалы: жакшы маанай м-н) корушсо, Алла Таала аны Кыямат куну кубандырат" . (Табарани).
Абу Умама Бахилий (р.а) дан риваят: "Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам айтат: "Озу учун гана, Озунун ыраазычылыгы учун гана, чын ниет м-н жасалынган амалдарды Алла Таала кабыл кылат". (Насаи).
Айша (р.а) риваят кылат: "Алланын элчисинин уй-булосу Расуулуллох саллаллоху алайхи ва саллам коз жумганга чейин, эки кун катары м-н арпанын нанын эч качан тоё жешкен эмес". (Муслим)
"Тандалган хадистер" китебинен.
ЫЙМАН НУРУ
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#1122 30 Август 2015 - 22:08
«Тозокто эң күчтүү азапка кабыла турган кишилер – сүрөтчүлөр. » (Бухари-Тесавир, 89)
«Ким сүрөт тартса, Аллах аны кыямат күнү тарткан сүрөтү үчүн аларга рух үйлөгөнгө чейин азаптайт. Эч качан рух үйлөй да албайт.» (Кутуби Ситта, хадис №2168)
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1123 02 Сентябрь 2015 - 07:51
Бир күнү үч адам жолдо келе жатышса нөшөрлөгөн жаан жаап калат.Үчөө үңкүргө кирип жаандын токтошун күтмөк болушат. Капысынан чоң таш урап үңкүрдүн оозун жабат, алар канча аракет кылып түрткөнү менен болбойт. Анда алар Аллахка жакшы амалдары менен кайрылышып дуа кылмак балушат. Биринчиси минтип баштайт: «Менин эки карылыкка жеткен ата-энем бар эле. Алар тамак ооз тиймеинче ага мен кол сунчу эмесмин. Бир күнү келсем аларды уктап жаткан абалында таптым да алар ойгонуп ошол тамактан оокаттанмайынча жанында таң аткыча турдум. О Аллахым эгер ушул ишти сениң гана ыраазычылыгыңды каалап кылган болсом бизди ушул ахвалыбыздан куткар» – деген экен. Ошондо таш бир жылып үңкүрдүн оозу кичине ачыла түшөт. Бирок алар батпайт экен.
Анда экинчи киши улантат: «Менин таякемдин бир сулуу кызы бар эле. Ага мен аябай ашык болчумун. Ошол убактарда катаал уруп алар жакырчылыкта жашап калышты. Бир күнү келип менден карыз сураганда «Өзүндү берсең анан берем» дедим эле. Ага макул болбой кетип калды. Бирок акыры муктаждык аны менин айтканыма мажбурлады. Мына экөөбүз кошулалы дегенде «Аллахтан коркпойсуңбу» деп кыйкырды ошол замат кызды дагы акчаны дагы албай кетип калдым. О Аллахым эгер ушул иште сениң гана ыраазычылыгыңды каалаган болсом бизди ушул ахвалыбыздан куткар» – дээр замат таш эми бир козголуп эшиктин оозу дагы ачыла түштү. Бирок алар батпайт экен.
Ошондо үчүнчү киши окуясын баштады: «Менин кол алдымда иштеген бир киши маянасын албай шашып кетип калган. Анысын малга кошуп бир күнү келсе берем деп күтүп жүрө бердим. Жылдар өттү. Баягы маянасына алган мал төлдөп бир жайыт болду. Бир күнү ал киши келип маянасын сураганда ошол жайыт малды бергем. Ал таң калган бойдон ыраазы болуп эч нерсе калтырбастан айдап кетти эле. О Аллахым эгер ушул иште сениң гана ыраазычылыгыңды каалаган болсом бизди ушул ахвалдан куткар» – дейт. Айтып сөзүн жыйгыча чоң кара таш омкорулуп сыртка — жол ачылат.
Мына ушинтип адамдар чын ыкласынын себебинен балээден кутулушуптур.
(Хадис, «Момундардын бакчасы» Имам ан-Навави).
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1124 02 Сентябрь 2015 - 07:54
Хадистер
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ыймандын жетимиштен ашык шагы бар. Алардын эң улуусу – «Лаа илааха иллаллох» сөзү, эң кичинекейи — жолдогу ыза берүүчү нерсени алып коюу. Ошондой эле уялуу да ыймандын бир шагы». (Муслим).
Түшүндүрмө: Уялуунун акыйкаты – инсанды ката иштен тосуусунда жана укуктуу кишинин укугуна кыянат кылуудан тосууда жатат.
Абу Бакр (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Менин тууганыма (Абу Талиб) (өлөөр алдында) бул келмени сунуш кылганмын. Ким ушул келмени кабыл кылса, ал анын кутулуусуна себеп болот». (Ахмаддын «Муснады»).
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Силер ыйманыңарды жаңылай жүргүлө». Бирөөлөр: «Оо, Аллахтын Элчиси, ыйманыбызды кантип жаңылайбыз? » –деп сурашты. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Лаа илааха иллаллох» келимесин көп айткыла» –деп жооп берди». (Ахмаддын «Муснады»).
Жаабир (разияллооху анху) айтат: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын: «Зикирлердин эң абзели: «Лаа илаха иллаллох» келимеси, дубалардын эң абзели «Алхамдулиллах» – деп, айтканын укканмын». (Тирмизи).
Пайдасы: «Лаа илаха иллаллох» климесинин улуулугунун себеби: бүткүл дин ушул келимеге топтолгон. Ал болбосо ыйман да дурус болбойт жана ансыз эч ким мусулман да боло албайт. «Алхамдулиллахтын» улуулугунун себеби: Берешенди мактоо Анын өзүнөн гана суроону туйунтат. Аллах Таалага дуба кылуу – Андан гана суроонун бир аталуусу. («Музахир Хак»).
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким чын жүрөктөн «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтса, ага сөзсүз асмандардын эшиктери ачылат да, бул келме «Аршка» жетет. (Башкача айтканда анын дубасы тезинен кабыл болот). Эгерде келме айтуучу чоң күнөөлөрдөн сактанган болсо.» (Тирмизи).
Түшүндүрмө: Чын жүрөктөн айтса дегендин мааниси – айтуунун максаты эл уксун же эки жүздүүлүк үчүн болбогон болсо. Чоң күнөөдөн сактанууну шарт кылганынын себеби дуба тез кабыл болсун үчүн. Эгерде чоң күнөөлүү адам айткан болсо деле, ошондо да, ал пайда-сооптон кур калбайт. («Мишкат»).
Я‘ла бин Шаддад (разияллооху анху) айтат: «Мага атам хадис айтканда Убада бин Самит (разияллооху анху) дагы бар болчу жана ал анын сөзүн тастыктаган эле. Ал айтат биз: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдында турганда Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Колуңарды көтөрүп «Лаа илаха иллаллох» деп айткыла» – деди. Бир аз убакытка биз колубузду көтөрүп, (келмени айттык). Анан Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) колун түшүрүп «Алхамду лиллах» – деп, «Оо, Аллах! Сен мага бул келмени түшүргөнсүң, бул келмени жеткизүүнү өкүм кылгансың жана бул келмеге бейишти убада кылгансың. Сен убадага каршы чыкпайсың» – деп андан кийин айтты: Сүйүнбөйсүңөрбү! Себеби Аллах силердин күнөөңөрдү кечирди». (Ахмаддын «Муснады», Табарони, Баззар, «Мажма’у завааид»).
Абу Зар (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким «Лаа илааха иллаллох» деп айтып өлсө, сөзсүз бейишке кирет. Мен айттым: «Ал киши зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулук кылса да. Мен (дагы) айттым: «Зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулуккылса да». Мен (кайра дагы) айттым: «Зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулук кылса да» — деп, сөзүн улап, «Абу Зардын мурду топурак болсо дагы ал киши сөзсүз бейишке кирет» — деди. (Бухари).
Түшүндүрмө: Арап сүйлөмүндө «мурду топурак болсо» деген сөз өзгөчө бир маанини билдирет. Анын мааниси: эгерде ушул иш силерге жакпаса да жана силер ушул ишти каалабасаңар да ушундай боло берет дегенди туюнтат.
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1125 02 Сентябрь 2015 - 07:58
Хузайфа (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи васаллам) айтты: Кийимдин оймолорунун кооздугу эскирип, өчүп калган сыяктуу, Исламда да ушундай бир убакыт келет. Элдер орозо, садака берүү, ажылык кылуу эмне экендигин да билбей калышат жана бир түн келет Куран жүрөктөрдөн көтүрүлүп, жерде бир дагы аяты калбай калат. Бир гана картайган абышкалар же кемпирлер минтип айтышат: «Биз өзүбүздөн улуулардан ушул «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтканын уккан элек, ошондуктан биз дагы ушуну айтып жүрөбүз». Хузайфа (разияллооху анху) дан шакирти Сила: «Алар орозо, садака жана ажылыкты да билишпесе, аларга бул келме кантип пайда берет?» — деп сурады. Хузайфа (разияллооху анху) жооп бербеди. Сила суроосун үч жолу кайталаганда Хузайфа (разияллооху анху) ал суроодон жүз буруп, анан жүзүн буруп, ага кайрылып минтип айтты: «Ушул келме аларды тозоктон сактайт». (Хакимдин «Мустадрагы»).
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ким «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтса, күндөрдөн бир күнүндө сөзсүз пайда берет (кутулат). Андан мурда бир аз жаза тарткан болсо да». (Баззар, «Табарони, Таргиб»).
Абдуллох ибн Умар (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Мен силерге «Нух» (алайхис салам) уулуна кандай осуят айтканын айтып берейинби? — деди эле, сахабалар айтышты: «Ооба». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деди: «Нух (алайхис салам) уулуна (мындай) осуят кылган: «Оо, уулум, мен сага эки нерсени кылууңа осуят кыламын жана эки нерседен тосомун: Биринчиси: «Лаа илааха иллаллох» сөзүн осуят кылам, себеби бул келме таразанын бир жагына коюлса, экинчи жагына бардык асмандар жана жерлер коюлса, бул келме аларды басып кетет, (б.а. алардан оордук кылат,) Экинчиси: «Субхааналлохил ‘азиим ва бихамдихи» келмесин окуу, себеби бул бардык макулуктардын ибадаты. Ушунун берекетинен бардык макулуктарга ырыскы берилет. Мен сени эки иштен тосомун «ширк» (Аллахка шерик кошуу) жана текеберчиликтен, себеби бул экөөсү Аллахтан алыстатат». (Баззар, «Мажмау завааид»).
Анас (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Жүрөгүндө арпанын салмагынчалык жакшылык (ыйман) болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат. Андан кийин жүрөгүндө буудайдын салмагынчалык жакшылык (ыйман) болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат. Андан кийин жүрөгүндө кыпындай жакшылык болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат». (Бухари).
Ибн Шимаса Махри (рахматулоохи алайхи) ден риваят: «‘Амр бин ‘Ас (разияллооху анху) өлүм төшөгүндө жатканда биз анын алдында элек. Ал жүзүн дубалга буруп алып көпкө чейин ыйлады. Анын уулу: «Оо, атаке! Сизге Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) сүйүнчүлүү андай мындай кабарларды айткан эмес беле? (Башкача айтканда, сизге зор сүйүнүчтүү кабарларды айткан эле го)» – деп айтып жатты. Амр (разияллооху анху) бул сөздү угуп дубалдан бурулуп айтты: «Акыретке эң чоң даярдыгыбыз – Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү» – деп
Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 02 Сентябрь 2015 - 07:59
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1126 02 Сентябрь 2015 - 08:03
Майз (разияллооху анху) дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан кайсыл амал абзел деп суралынды? Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): Аллах Тааланын жалгыздыгына ишенүү андан кийин, Аллах жолунда күрөшүү, андан кийин кабыл болгон ажылык. Бул амалдар менен башка амалдардын айырмасы күн чыгыш менен күн батыштын ортосунчалык. (Ахмаддын «Муснады»).
Суфян бин Абдулло Ас-сакафи (разияллооху анху) дан риваят: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан «Исламдагы жыйынтыктуу сөздү айтып бериңиз, аны мен сизден кийин эч кимден сурабайын» — деп айттым. Ал айтты: «Сен: «Аллахка ишендим» деп айт, андан кийин ошого бекем тургун». (Муслим).
Түшүндүрмө: Биринчи Аллах Тааланын зат жана сыфаттарына чын жүрөктөн ыйман келтирип, Аллах Тааланын жана Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын өкүмдөрүнө үзгүлтүксүз бекем туруу.(«Музаахир хак»).
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Лаа илааха иллалох» деп күбө берүүнү көп айткыла» аны менен силердин ортоңор (өлүм, оору менен) тосулуп калаардан мурда. (Абу Я‘лаа, Таргиб).
Макхул (рахматуллоохи алайхи) айтат: «Кашы-көзүн жапкан картаң киши Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдына келип: «Оо, Аллахтын элчиси, бир киши убадага каршы аракет кылат, күнөө иш кылат, дурус жана дурус эмес иштерди жасайт, анын күнөө иштери ушунчалык көп, анын күнөөлөрүн жердегилерге таратса алардын баарын жок кылат. Ушундай кишиге тообо жолу барбы?» – деп сурады. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) «Сен мусулмансыңбы? » – деди. Ал айтты: «Ооба, жападан жалгыз Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сен ошол күбөлүгүңө бекем турсаң Аллах Таала сенин күнөөлөрүңдү жакшылыкка алмаштырат». Ал киши айтты: «Оо, Аллахтын элчиси, менин убадаларды бузгандыгым жана жаман иштерим кечирилеби? » Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 02 Сентябрь 2015 - 08:04
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1127 02 Сентябрь 2015 - 08:34
Абдуллох бин Амр бин Ас (разияллооху анху) айтат: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай деп айтканын уккам: «Кыямат күнү Аллах Таала менин үммөтүмөн бир кишини элдин алдына чакырып, ага токсон тогуз амал китебин ачат. Амал китебинин чоңдугу көздүн жеткен жерине чейин. Андан кийин ал кишиге айтат: «Ушул амал китептериңди жазуучу периштелерим кемчилик кетиришкенби? ». Ал киши айтат: «Жок, оо, Роббим». Аллах Таала айтат: «Ушул күнөөлөрүңдү кылганыңа үзүр же себеп барбы?». Ал киши «Себеп жок» — деп айтат. Аллах Таала айтат: «Менин алдымда сенин бир жакшылыгың бар. Бүгүн сага эчким зулум кылбайт»- деп бир кагаз алып чыгат, анда «ашхаду аллаа илааха иллаллооху ва ашхаду анна мухаммадан абдуху ва росуулуху» деп жазылган болот. Аллах Таала: «Муну таразага тарт» – деп айтат. Ал пенде «Оо, Роббим! Ушул барак мынча көп китепке кантип тең келмек эле» деп айтат. Аллах Таала айтат: «Сага эчким зулум кылбайт».Ошентип баракты таразанын бир жагына коюп, экинчи жагына китептерди койгондо ошол барак оордук кылып басып кетет. Аллах Тааланын ысмынан ашкан салмактуу эч нерсе болбойт. (Тирмизи).
Абу Катада (разияллооху анху) атасынан риваят кылат: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким Аллах жалгыз жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси деп, анын тили ушул менен алек болсо жана көп айткандан жүрөгү тынч болсо, аны тозоктун оту жебейт». (Байхаки).
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Лаа илааха иллаллох» келимесин калыс жүрөктөн айткан, Кыямат күнү менин шафаатымдан көбүрөөк пайдалануучу киши». (Бухари).
Абу Зар (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким жүрөгүн ыйманга калыс кылса, (куфр жана ширк)тен таза тутса, тилин чын кылса, жүрөгүн (Аллахты эстеп, Анын ыраазычылыгына умтулса), өзүн оңдосо (күнөөгө барбаса) кулагын чын сөздү уга турган кылса, көзүн (ыйман жолун көрө турган) кылса чындыгында мындай киши бактылуу». (Ахмаддын «Муснады»).
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1128 02 Сентябрь 2015 - 10:30
Ирбаз бин Сариййа (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт:
«Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бизге абдан таасирлүү, абдан керектүү бир насаатты айтты. Муну уккандан кийин баарыбыздын жүрөгүбүз ичиркенип, көзүбүзгө жаш тегеренди. Биз:
– Оо, Алланын Элчиси! Бул насаатыңыз кудум дүйнөдөн көчүп бараткан жандын осуятына окшоп турат, бизге башка эмне айтасыз? – дедик. Ошондо Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«–Силерге Алланын алдында такыбаа болууну, Ага моюн сунуп, таазим кылууну буйруйм. Жетекчиликке Хабашстандык кул келген чакта да аны тыңдагыла жана баш ийгиле. Менден кийин бул дүйнөдө калып, көпкө жашагандар далай башаламандыкты көрүшөт. Ошондо силер менин сүннөтүмдү бек кармап, тууралыкты тутунган (рашид) халифалардын жолунан тайбагыла. Сүннөттөргө бекем болгула. Кийин ортого чыгарылган бидаттардан (иш-аракеттерден) өтө алыс болгула. Анткени бардык бидат – адашуу жана бузукулук (алып барат)»
(Абу Давуд, Суннат, 5/4607; Тирмизий, Илим, 16; Ибн Маажа, Мукаддима, 6).
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1129 09 Сентябрь 2015 - 10:58
Жабир ибн Абдулла р.а дан риваят: Пайгамбарыбыз с.а.в айтты:
" Кедей мусулмандар бай мусулмандардан кырк жыл мурда Бейишке кирет".
( Тирмизи)
Нуьман бин Башир р.а дан риваят: Пайгамбарыбыз с.а.в айтты:
" Аллах Таала асман жерди жарата электен эки мин жыл мурда бир китеп жазган. Ал китептен эки аят тушургон, ушул экоосу менен Бакара суроосун аяктаган, ушул эки аят кайсыл жерде уч тун окулса ал жерге шайтан жакындай албайт".
(Тирмизи)
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#1130 12 Сентябрь 2015 - 04:15
«Силердин ар бириңердин жаратылышыңар [3] эне курсагында 40 күндө суюк абалда топтолот [4] (нутфа), жана ошончолук убакыт ичинде [5] уюган канга айланат (‘алака) жана ошончолук убакытта бир үзүм эт абалына келет (мудга). Андан кийин ага бир периште [6] жиберилет. Периште ага рух үйлөйт жана периште төрт нерсеге буйрулат: түйүлдүктүн ырыскысын [7] , ажалын [8], аткара турган иштерин [9], бактысыз (тозокко кирүүчү), бактылуу (бейишке кирүүчү) боло тургандыгын жазат[10] .
Андан башка илях жок болгон Аллахка ант ичем, силердин бирөөңөр бейишке кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп[11] анан ага (Бейишке) кирээрине бир кулач калганда китептеги жазымыш өткүрлүк кылат да тозокулардын кылчу иштерин [12] кыла баштап акыры Тозокко кирет.
Ошондой эле, силердин бирөөңөр тозокко кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп анан ага (Тозокко) кирээрине бир кулач калганда китептеги жазымыш өткүрлүк кылат да бейишилердикиндей иштерди кыла баштап акыры Бейишке кирет.
(аль-Бухари, Муслим)
الحديث الرابع: مراحل الخلق
عنْ أبي عبدِ الرَّحمنِ عبدِ اللهِ بنِ مسعودٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ قالَ

Пайдалары:
1. Башталыш жана акыбет (акыреттеги бара турган жер) тууралуу илим: адамдын денесине байланыштуу маселелер, бактысыздыктагы жана бактылуулуктагы адамдын ахвалы.
2. Угуучуну ынандыруу (ишендирүү) үчүн чындык кабардын алдында ант ичүү.
3. Өлүмдөн кийин тирилүү чындык экенин эскертүү: ким инсанды бир жардыбаган суудан жаратууга (сууну канга айлантты, кийин аны эт кылды, кийин ага жан салды) кудурети жеткен болсо – адам топурак болгондон кийин ага жан салып, чачылып кеткен сөөктөрүн кайра чогултууга күчү жетет.
4. Чындыгында Аллах бир сөзү менен эле адамды жарата алмак. Бирок энеге мээримдик кылып, даанышмандык талап кылгандай жогорку айтылган стадиялардан өтүүнү талап кылат. Себеби, эне ошентип көнбөсө баланы багуу машакаты ага оор көрүнмөк. Ошондуктан, жатындагы бала толук чогулмайын, Аллах аны даражалап эненин ичинде даярдайт. Кимде ким өзүнүн келип чыгышына ой жүгүртсө - өз Раббисине чыныгы ибадат менен ибадат кылуу, Ага моюн сунуу жана күнөө кылбоо керек экендиги ага ачык айкын болот.
5. Тагдырга ыйман келтирүүнү бекемдөө: бардык жакшы-жаман окуялар Аллахтын гана алдын ала жазылган тагдыры менен болот.
6. Болгон нерсеге канаттанууга үндөө жана чоң каалоолордон кармануу. Ырызкынын өлчөмү тагдырда эбак белгиленген, ошентсе да шаритта кесиптик кылуу милдет болду: даанышмандык бул дүйнөдө амал кылууну талап кылат, ал эми кесиптик кылуу ырыскынын келишинин бир куралы.
7. Адамдын акыбети (акыры) белгисиз болгондуктан эч кимге тирүү адамдын сырткы ахвалы боюнча өкүм чыгаруу уруксат эмес. Ушундан улам – динде бекем болуу жана жакшы өлүмгө дуушар болуу дубасы – шариатта бар.
8. Тооба – ага чейинки болгон нерселерди өчүрөт.
9. Ким кайсы нерседе өлгөн болсо ошону менен жакшы же жаман деп өкүмдөлөт (баа берилет). Бир гана куфр кылбаган күнөөкөр мусулмандар Аллахтын каалоосунда – кааласа кечирет, кааласа азаптайт.
10. Бактысыздык да, бактылуулук да китепте жазылып, алар амалдардын акыркысы менен этибарга алынат. Ар кимге өз иши жеңилдетилет.
Ар бир иштин жакшы акыбетин тилөө: «Аллахумма, ахсин ‘аакыбатанаа фи-ль-умуури куллиха; ва ажирнаа мин хызйи-д-дунйа ва ‘азааби-ль- аахыро!» (Мааниси: О, Аллахым! Бардык иштерибиздин аягын жакшылык кыл; акырет азабынан жана бул дуйнөдө шерменде-уят болуудан бизди куткар!)
#1131 12 Сентябрь 2015 - 04:17
БАКТЫЛУУЛУКТУН ҮЧ БЕЛГИСИ: ШҮГҮР, САБЫР, ИСТИГФАР

Бул дүйнөдө эң кымбат нерсе ыйман эмеспи. Адам өзүнөн өзү ыймандуу боло албайт. Аллах тандап, Өзүнө жакындатып, жакшы көргөн пендесине гана ыйман насип кылат. Ал эми кимге ыйман насип кылса – Акыретте Бейишке киргизет, бул дүйнөдө болсо бактылуу кылат.
Адамда ыйман бар экенинин белгиси – жакшылыкта шүгүр кылганы, кыйынчылыкта сабыр кылганы жана күнөө-ката кетирсе анысынан дароо тооба кылганы. Бул бактылуулуктун 3 жакшы сыпаты.
[color=#444444 !important]Аллах Таала айтат: “Эгер шүгүр кылсаңар силерге көбөйтүп берем. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу” (Куран, Ибрахим 14:7)
Көп адамдар эгер ага нээмат (жакшылык) берилсе ага шүгүрсүз болушат, аны Аллахтан деп билишпейт, ибадат жолунда сарп кылышпайт. Ошентип ага берилген нээмат анын бактылуулугуна эмес, бактысыздыгына себеп болот. Ал эми ким шүгүр келтирип жүргөн болсо Аллах убада кылат: “Эгер шүгүр кылсаңар силерге көбөйтүп берем. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу” (Куран, Ибрахим 14:7). Эгер сенде болгон жакшылык көбөйсүн десең – Аллахка шүгүр келтир, ал эми ал жакшылык кетип калсын десең – шүгүр келтирбе.
[color=#444444 !important]Аллах айтат: “Албетте, Ал [Аллах] сабырдууларга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет.” (Куран, аз-Зумар 39:10)[/color]
Адам бул дүйнөдө ар кандай кыйынчылык- кырсык менен, каапыр-мунафыктардан болгон душмандар себептүү ар кандай сыноолор менен сыналат. Ушул учурдасабырдуу болуп Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөө зарыл. Фитналар келгенде өзгөрүлүп кетпей же аларга багынып бербей динге бек болуу зарыл. Дин тутунуунун оорчулуктарынан жапа чеккен учурда сабыр кылуу зарыл. Ал эми сыноо келгенде сабырсыз, Аллахтын мээриминен үмүтсүз болгондордун башына балээ үстүнө балээ түшө берет.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Аллах бир коомду жакшы көрсө аларга сыноо берет. Ким ыраазы болсо [Аллах] андан ыраазы, нааразы болсо [Аллах] андан нааразы”, дагы айтты: “Эң чоң сыноо пайгамбарларга келет. Андан соң аларга окшогондорго. Андан соң аларга окшогондорго. ”. Аларга окшогондор – бул сыддыкиндер, андан соң шейиттер, андан соң момундар. Алар сабыр кылышты.
Ал эми мунафиктер тууралуу Аллах Таала айтты: “Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллаhка [ыйман жана каапырчылыктын] мизинде ибадат кылат. Эгер ага [ибадаты себептүү] бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир сыноо жетсе [динден] жүз буруп кетет. [Мындай адамдар] дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!” (Куран, аль-Хажж 22:11).
Дүйнө дайым жапжашыл, таттуу, жумшак боло бербейт. Жок. Аллах жакшылык-жамандыкты дайым пенделердин арасында кезектештирип турат. Үммөттүн эң абзел адамдары – сахабалар – кандай гана сыноолорго учурабады. Аллах Таала айтат: “Биз бул [жеңген жана жеңилген] күндөрдү адамдар арасында [кезектештире] айлантып турабыз.” (Куран, Аалу Имран 3:140).
Ошондуктан пендеге сыноо түшсө бул нерсе жалгыз гана ага келбегендигин, андан мурда да Аллахтын эң жакын пенделерине ушул нерсе келип жүргөнүн билсин,сабыр кылсын, Аллах Тааладан жеңилдик күтсүн. Ал эми жакшы натыйжа такыбалардын артында эмеспи.
[color=#444444 !important]Аллах Таала айтат: “Алар бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллаhты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат – күнөөлөрдү Аллаhтан башка ким кечирмек эле – жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт. ” (Куран, Аалу Имран 3:135).[/color]
Ким күнөө кылып, бирок анысын таштоонун ордуна кайра көбөйтсө – бактысыз адам. Аллах бизди андан сактасын. Ал эми момун пенде ар күнөө-ката кетирсе дарооистигфар кылышат, тообага шашат.
“Албетте, Аллаhтын тообаларды кечирүүсү күнөө ишти наадандыктан жасап алып, кийин дароо тооба келтиргендерге арналган.” (Куран, ан-Ниса 4:17). Наадандык деп бул аятта илимсиздик деген мааниде эмес, себеби билбей жасалган иш айыпталбайт. Наадандык бул жерде сабырдын жоктугу, динге бекемдиктин жоктугу деп тафсирленет. Ошондуктан ар бир күнөө кылган киши – наадан (жахиль), б.а. сабыры, акылы, адамкерчилиги аз, керек болсо ал аалым болсо да.
“Дароо тооба келтиргендер” – ар күнөө кылган сайын дароо истигфар кылышат. Ката-кемчиликтен таза бир дагы адам жок. Бирок, аль-хамду лиллях, Аллах тооба эшиктерин ачып койду. Пенде ката кылаар менен тообага шашылуусу керек. Ал эми истигфар жана тооба кылбагандык – бактысыздык белгиси. Андай кишиге шайтан келип “сага тооба жок” деп азгырып, ошентип ал Аллахтын чексиз ырайымынан үмүтсүздөнөт.
[
Билдирүүнү түзөткөн: medina.: 12 Сентябрь 2015 - 04:17
#1132 26 Сентябрь 2015 - 22:38
Анда экинчи киши улантат: «Менин таякемдин бир сулуу кызы бар эле. Ага мен аябай ашык болчумун. Ошол убактарда катаал уруп алар жакырчылыкта жашап калышты. Бир күнү келип менден карыз сураганда «Өзүндү берсең анан берем» дедим эле. Ага макул болбой кетип калды. Бирок акыры муктаждык аны менин айтканыма мажбурлады. Мына экөөбүз кошулалы дегенде «Аллахтан коркпойсуңбу» деп кыйкырды ошол замат кызды дагы акчаны дагы албай кетип калдым. О Аллахым эгер ушул иште сениң гана ыраазычылыгыңды каалаган болсом бизди ушул ахвалыбыздан куткар» – дээр замат таш эми бир козголуп эшиктин оозу дагы ачыла түштү. Бирок алар батпайт экен.
Ошондо үчүнчү киши окуясын баштады: «Менин кол алдымда иштеген бир киши маянасын албай шашып кетип калган. Анысын малга кошуп бир күнү келсе берем деп күтүп жүрө бердим. Жылдар өттү. Баягы маянасына алган мал төлдөп бир жайыт болду. Бир күнү ал киши келип маянасын сураганда ошол жайыт малды бергем. Ал таң калган бойдон ыраазы болуп эч нерсе калтырбастан айдап кетти эле. О Аллахым эгер ушул иште сениң гана ыраазычылыгыңды каалаган болсом бизди ушул ахвалдан куткар» – дейт. Айтып сөзүн жыйгыча чоң кара таш омкорулуп сыртка — жол ачылат.
Мына ушинтип адамдар чын ыкласынын себебинен балээден кутулушуптур.
(Хадис, «Момундардын бакчасы» Имам ан-Навави).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1133 27 Сентябрь 2015 - 18:18
Түшүндүрмө: Уялуунун акыйкаты – инсанды ката иштен тосуусунда жана укуктуу кишинин укугуна кыянат кылуудан тосууда жатат.
- Абу Бакр (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Менин тууганыма (Абу Талиб) (өлөөр алдында) бул келмени сунуш кылганмын. Ким ушул келмени кабыл кылса, ал анын кутулуусуна себеп болот». (Ахмаддын «Муснады»).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1134 27 Сентябрь 2015 - 18:19
- Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Силер ыйманыңарды жаңылай жүргүлө». Бирөөлөр: «Оо, Аллахтын Элчиси, ыйманыбызды кантип жаңылайбыз? » –деп сурашты. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Лаа илааха иллаллох» келимесин көп айткыла» –деп жооп берди». (Ахмаддын «Муснады»).
- Жаабир (разияллооху анху) айтат: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын:«Зикирлердин эң абзели: «Лаа илаха иллаллох» келимеси, дубалардын эң абзели «Алхамдулиллах» – деп, айтканын укканмын» . (Тирмизи).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1135 27 Сентябрь 2015 - 18:20
- Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким чын жүрөктөн «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтса, ага сөзсүз асмандардын эшиктери ачылат да, бул келме «Аршка» жетет. (Башкача айтканда анын дубасы тезинен кабыл болот). Эгерде келме айтуучу чоң күнөөлөрдөн сактанган болсо.» (Тирмизи).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1136 27 Сентябрь 2015 - 18:22
- Я‘ла бин Шаддад (разияллооху анху) айтат: «Мага атам хадис айтканда Убада бин Самит (разияллооху анху) дагы бар болчу жана ал анын сөзүн тастыктаган эле. Ал айтат биз: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдында турганда Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Колуңарды көтөрүп «Лаа илаха иллаллох» деп айткыла» – деди. Бир аз убакытка биз колубузду көтөрүп, (келмени айттык). Анан Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) колун түшүрүп «Алхамду лиллах» – деп, «Оо, Аллах! Сен мага бул келмени түшүргөнсүң, бул келмени жеткизүүнү өкүм кылгансың жана бул келмеге бейишти убада кылгансың. Сен убадага каршы чыкпайсың» – деп андан кийин айтты: Сүйүнбөйсүңөрбү! Себеби Аллах силердин күнөөңөрдү кечирди». (Ахмаддын «Муснады», Табарони, Баззар, «Мажма’у завааид»).
- Абу Зар (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:«Кимде- ким «Лаа илааха иллаллох» деп айтып өлсө, сөзсүз бейишке кирет. Мен айттым: «Ал киши зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулук кылса да. Мен (дагы) айттым: «Зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулуккылса да». Мен (кайра дагы) айттым: «Зынаа, уурулук кылган болсо дагыбы?» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Зынаа, уурулук кылса да» — деп, сөзүн улап, «Абу Зардын мурду топурак болсо дагы ал киши сөзсүз бейишке кирет» — деди. (Бухари).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1137 27 Сентябрь 2015 - 18:23
- Хузайфа (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи васаллам) айтты: Кийимдин оймолорунун кооздугу эскирип, өчүп калган сыяктуу, Исламда да ушундай бир убакыт келет. Элдер орозо, садака берүү, ажылык кылуу эмне экендигин да билбей калышат жана бир түн келет Куран жүрөктөрдөн көтүрүлүп, жерде бир дагы аяты калбай калат. Бир гана картайган абышкалар же кемпирлер минтип айтышат: «Биз өзүбүздөн улуулардан ушул «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтканын уккан элек, ошондуктан биз дагы ушуну айтып жүрөбүз». Хузайфа (разияллооху анху) дан шакирти Сила: «Алар орозо, садака жана ажылыкты да билишпесе, аларга бул келме кантип пайда берет?» — деп сурады. Хузайфа (разияллооху анху) жооп бербеди. Сила суроосун үч жолу кайталаганда Хузайфа (разияллооху анху) ал суроодон жүз буруп, анан жүзүн буруп, ага кайрылып минтип айтты: «Ушул келме аларды тозоктон сактайт». (Хакимдин «Мустадрагы»).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1138 27 Сентябрь 2015 - 18:24
- Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ким «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтса, күндөрдөн бир күнүндө сөзсүз пайда берет (кутулат). Андан мурда бир аз жаза тарткан болсо да». (Баззар, «Табарони, Таргиб»).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1139 27 Сентябрь 2015 - 18:26
- Абдуллох ибн Умар (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Мен силерге «Нух» (алайхис салам) уулуна кандай осуят айтканын айтып берейинби? — деди эле, сахабалар айтышты: «Ооба». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деди: «Нух (алайхис салам) уулуна (мындай) осуят кылган: «Оо, уулум, мен сага эки нерсени кылууңа осуят кыламын жана эки нерседен тосомун: Биринчиси: «Лаа илааха иллаллох» сөзүн осуят кылам, себеби бул келме таразанын бир жагына коюлса, экинчи жагына бардык асмандар жана жерлер коюлса, бул келме аларды басып кетет, (б.а. алардан оордук кылат,) Экинчиси: «Субхааналлохил ‘азиим ва бихамдихи» келмесин окуу, себеби бул бардык макулуктардын ибадаты. Ушунун берекетинен бардык макулуктарга ырыскы берилет. Мен сени эки иштен тосомун «ширк» (Аллахка шерик кошуу) жана текеберчиликтен, себеби бул экөөсү Аллахтан алыстатат». (Баззар, «Мажмау завааид»).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1140 27 Сентябрь 2015 - 18:31
- Анас (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:«Жүрөгүндө арпанын салмагынчалык жакшылык (ыйман) болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат. Андан кийин жүрөгүндө буудайдын салмагынчалык жакшылык (ыйман) болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат. Андан кийин жүрөгүндө кыпындай жакшылык болуп, «Лаа илааха иллаллох» келимесин айткан пенде тозоктон чыгат».(Бухари).
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.