Суперстан: Тагдырдын тамашасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тагдырдын тамашасы

#1 Пользователь офлайн   Rozalia   12 Сентябрь 2015 - 02:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Темасы ТАГДЫРДЫН ТАМАШАСЫ болчу ката жазып алыпмын,оңдой албай койдум.


Ооба,тагдыр мени менен азыркы убакта тамашалашып турган чагы.Өткөн жашоомдогу адамдын бакытка балкып турган үй бүлөөмдүн эшигин какылоосуу жүрөгүмдү оорутуп келет.Баарына көз жумуп,чындыкты айтайын десем, айланамдагы мен сыйлап жакшы көргөн адамдарды азапка салып,көңүлүн калтыргым келбейт.Айтпай койсом да,аягы жаман бүтөбү дейм.
Дал кинодогудай эле жашоо чиркин.....
Көп жолу убараланып жазганымды өчүрүп,кайра жаздым.Сиздердин башыңыздарды өзүмдүн көйгөйүм менен ооруткум келбеди чыгаар....
Балким,сиздердин кеңешиңиздер менен бул азаптан кутулаармын, балким, жөн гана сиздерге жан дүйнө төңкөрүшүн төгүп алгым келгендир,айтоор, билбейм.
Студенттик доорду сүрүп, 3-курста окуп жаткан кезимде Амантур аттуу өзүмдүн айылдаш байкем жолугушууга чакырып калды.Көрсө, ал мени өзүнүн эң жакын досу менен тааныштырмак экен.
-Алмаз,деп курч көздөрү менен караган жигиттен мен да кем калбай
-Айпери,дедим көзүмдү албай.
Ал мени өзүн таза алып жүргөнү,чечкиндүүлүгү, өзүнө ишенимдүүлүгү менен арбап алган.Дал ушундай жигитти кыялымда багып жүргөм.
Убакыттын өтүшү менен экөөбүздүн махабат баяныбыз уланып,көптөгөн кызыкттуу күндөрдү өткөрдүк.Ал ансайын Амантур кудундап сүйүнүп алат."Силер экөөң мага эң жакын адамсынар.Кармашкан колуңар үзүлбөсүн" деп.Ал өзү Казакстанда окугандыктан, кетээринде "Алмаке карындашты жакшы кара.Таарынтсан капа болбо"деп алып кетчү.
Сүйлөшкөнүбүзгө жарым жыл болгондон кийин,окуум аркылуу жумуш таап алдым.Эми экөөбүздүн жолугуушуларыбыз бир аз да болсо азайып,көбүн эсе телефон аркылуу байланышып турдук.
Кызганыч деген нерсе жакшы дечи.Адам сүйгөнү үчүн кызганат.Бирок, аша чаап кызгануунун кереги жок деп ойлойм.Эң башкысы сүйүктүү адамына болгон ишенич.А Алмаз менин баскан турганымды баарын текшерууго отту.Кээде клиенттер келип алаксып калганымда телефон чалып калат,ала албай калсам,жинденет, кызганат.Айтоор бара бара биздин уруштар кобойо баштады.Мен негизи ото эле сабырдуумун. Болгон жинимди ичиме сактап,унчукпай журо берем.Болгону, эч бир адам жокто кыйкырып,ыйлап алмайым бар.Алмаз экообуз урушканыбызда да "Алтыным, эн башкысы ишенич.Сенин кызгануун менен сен мага ишенбейт деген кудук ойлор пайда болот.Сабырдын болчу"деп урушту басканга аракет кылсам да,бир аз басылып эле кайра телефондогу кат алышуу менен адамдын мээсин жеп жиберээр эле.Бир куну чыдабадым дагы,"Кел анда биздин жумушка кел.Сен да жумушка орнош"дедим. Ошол кезде озу да жумушунан чыгып,кыйналып жургон."Мен бироого жалданып иштебейм,озумо озум кожоюн"деп керсейип койду.
Биздин суйлошконубузго бир жыл болгон.Биздин таанышкан кун да келе жаткан.Суйуктуумо белек камдоону ойлонуп,жумуштан эрте суранып,шаардагы соода борборлорунун бирине барып калдым.Алмаз кичинекей белгилуу маркадагы машиналарды коллекция кылаарын угуп калгам.Мен да бир аз салымымды кошкум келип,катарлардан издеп журуп,белегимди да даярдап алып,сыртка жонодум.Бир маалда мага тааныш ун менен,ага кошумча эле кулкусун угуп калдым.Айланамды карадым,таптым. Таптым да жер айланкочок болуп кеткенсиди.
Менин "суйукттуум" деп жургон адам,кыналыша бир кыз менен отургучтардын биринде отуруптур.Ордумдан шарт бурулдум да,эшикти коздой чуркап жонодум.Уйго кандай келгенимди билбейм.Болмомо кирип эле,тошогумо кулап коз жашымды колдотуп ыйлай бердим.Мени коргон эжекем келип,"эмне болду"десе да суйлободум. Улам жездем кирет,кайра синдим кирет.Эч бирине ооз ачып эч нерсе дебедим.Тек гана ошол Алмаз басып жургон,ал дем алып жаткан абадан,баардыгынан баш тартып башка жака кетип калгым келди.Журогумдун ооруганы,анын мени кызганып,озу башка кыз менен жургонуно ичим орттонуп орттонуп кетип жатты.
Ыйлай берип уктап калыптырмын. Телефонума чакыруу келгенден ойгонуп кеттим.Сыртта карангы кирген экен.
-Алло
-Алло,алтышка кандай?Каяктасын?
-Уйдо.
-Жумушундан алып кетем дебедим беле,не чалган жоксун.
-Эрте кеттим уйго.
-Сен жакта журом,чыга калчы,10 минутадан кийин.
-Макул.
Кийинип эшикке чыгып баратсам,эжекем "Каякка?" деп калды."Азыр келем,сарсанаа болбонуз" деп коюп чыктым.Келди. Адаттагыдай эле шайыр.Эч нерсе болбогондой. А эмне болду,ал мени коргон жок да.Болгону кантип эки саат мурун башка кызды кучактап турган адам,эми мага келгени уяты тынчтык бербей элеби деп тан берип турдум.
-Бул не белек деди,машинага тушуп жатсам колумдагы ага арналганды коруп.
-Бул сага!Эртен биздин таанышканыбызга, кыз жигит болгонубузга бир жыл болот.
-Анда неге эртен берген жоксун.Билгенде мен да белек ала келмекмин да.
-Камсанаба,мен сенден укмуш белек алдым бугун.
-Кандайча?
-Мени унут.Ал кызын менен бактылуу бол.Мен сени баарынан артык коруп,суйуп, сыйлап келсем.Сен менин сезимдерим менен тек гана оюнчук катары ойногон экенсин.Ал кыз да сенин бул кылыгынды билбесе керек.Уятын бар болсо ачыгын айтып,эсине кел,-деп чыгып кеттим.
Уйго кирээрим менен эле телефон чалып баштады.Албадым. Кат жазды,Жооп бербедим.Ал мага эми жок адам болуп калды.Баардык ага деген сезимдерим жоголуп,журогумдо жылуулук очуп калгандай эле.
Эртеси куну сабактан чыгып,жумушка барайын деп маршрутка кутуп турсам,келип токтоду.Эшигин ачып "Айпери,кел тушчу.Суйлошолу. Баарын тушундуруп берем"дегенин кулак сыртымдан кетирип койсом,ага карабай машинадан тушуп алып,колуман суйрой баштады." Кое бер.Сени менен суйлошчу созум жок"дегениме карабай жаткандан,бир улуураак байке "Ай жигит,кыздын жайына кой.Ушул эркектик ишпи"дегенде гана кое берип,машинасыны каттуу айдап кетип калды.Андан кийинки кундорумдо да мага тынчтык бербей,жумушка, уйго,окуума келип,суйлошкусу келип жатты.А мен аны коройун деген козум жок эле.Суйуудон жек корууго бир кадам деген создун торкунуно эми тушунуп жаткан элем.Мен аны жек кордум.Ар бир суйлогон,ар бир чалуулары,ар бир каттары учун жинденип кетчу болдум.
Окуум жана жумушум котормочу болгондуктан, ошентип ызага батып жүргөн күндөрү директор чакырып калды.Ал мени 6 айлык командировка жана тажрыйба алуу менен Швецияга баруумду сунуштап,эртең жообумду алаарымды айтты.Албетте, сүйүндүм.Үйгө келип жакындарым менен бөлүштүм.Баары колдоп,мен эми чет мамлекетке кетүүгө даярданып баштадым.Ошол күндөн бир аз күн өткөндөн кийин Амантур чалып калды.
-Айпеш,кандайсың? Ден соолуктарың жакшыбы?
-Жакшы.Өзүңүз кандайсыз?Келдиңизби?
-Ооба келдим.Жолугалыбы?
-Макул.
Бир сааттан кийин экөөбүз кафелердин биринде отурдук.
-Арыктап кетипсиң го.Жумушуң кыйын болуп атабы?
-Жоок ай баары жакшы.Жаңы диета кармадым "Жоопсуз сүйүү"деген.
-Эмне деген?А айтмакчы,Алмазка чалсас албады го..Сен билбейсиңби каякта экенин.
Баш чайкадым.
-Менин жаңылыгым бар.Буюрса кийинки жумаларда чет өлкөгө кетип атам.Жарым жылга.
-Охооо,жакшы жаңылык.Алмаз не деди?
-Аман ага,ал менин жашоомдо жок болду,-дедим. Ал ансайын көзүмдөгү жаштар куюлуп кетти.
-Эмне?!Э кандайча?Ошо Алмакенин телефон албаганында бир сыр жаткан.Болду ыйлаба!Өзүм сүйлөшөм аны менен.
-Туура кыласың.Эл жер көр ошентип.Кыргызстан менен чектелбе,-деди бир топтон кийин.
-Макул.Бүрсүгүнү апам атам айылдан келет.Сиз да келиңиз.Алар да сизди көрүп кубанышат.
-Барам.Сөзсүз барам.
Көп өтпөй эле чет мамлекетке кеттим.Сагынуу кусалык менен бирге болгон күчүмдү окууга,жумушка арнап,татыкттуу сертификат алып,жарым жылдан кийин мекениме кайтып келдим.Ал убакта Амантур ага менен байланышып турдум.Башында Алмаз жөнүндө кеп козгогондо, токтотуп койгом.Ошол бойдон ал жөнүндө экөөбүз да унутуп калгандайбыз. Сыягы эки дос аябай эле таарынышкан көрүнөт,бирок достуктары токтолбоду, токтолушун да каалаган эмесмин.
Мекениме келип,мурун иштеп кеткен жумушта иштеп баштадым.Бир күнү сокур ичеги болуп болур ооруканага түшүп калдым.Ошол жерден Бектурду жолуктурдум. Бою узун,чымыр денелүү,көздөрүндө от жайнаган,баардык ооруулууларына бирдей караган,жаш болсо да өзүнүн жумушун мыкты билген жигит.Ал күндө келип баарыбызды текшерип кетет.Бир жолу китеп окуп жатсам кирип калды.
-Кана,Айпери, бүгүн абалыңыз кандай?
-Рахмат,жакшы.
-Канат менен Зарина,жакшы китеп.
-Бирок,тилекке каршы андай сүйүү азыркы заманда жок.
-ЭМнеге антип ойлойсуз?Мүмкүн бар болсочу?
Мен тек гана ийнимди куушуруп койдум.
Ошол күндөн баштап биз жакын болуп,көп баарлашып турчу болдук.Палатадагы эжекелер да "Ай Айпери,бул доктур жигит сени сүйүп калган ушу","Доктур жигит келе жатат..."деп тийишип күлүп калышчу.Менин больницадан чыгып жаткан күнү,экөөбүз телефон номерлерибизди алмашып алдык.
Биз Бектур экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк.Андан кийин ал мага турмушка чыгуумду суранып,экөөбүз баш коштук.Ал күндөр менин эң бактылуу күндөрүмдүн бири.
Мен ошентип,көлдүн жана каада салтты каттуу кармаган үй бүлөөнүн жана уул кыздардын кичүүсү болгон адамдын келинчеги болуп калдым.Бектурду сүйлөшүп жүргөндө эле "Сиз"деп кайрылчумун. Акырындан ал дагы үйүндө баарына "Сиз"деп кайрылуумду, улуу кичүүнү тергешимди айтып өтүндү.А мага бул нерселер абдан жагат эле,күлүп эле макул болдум.
Үй бүлөөлүк жашоодо биз мурунку бойдок кездегиден да ынак болуп калдык.Нике ысык болот деген чын сөз экен.Экөөбүз айылда бир ай тойдун аягы бүткүчө,кызматыбызды кылып,шаарга жумушубузга келдик.Эртең менен ээрчише жумушка кетип,кечинде жан шеригим келгиче тамак жазап күтүп алам.
Үй бүлөөлүк жашоонун агымы менен жүрүп отуруп,3айдан кийин кош бойлуу экенимди билдим.Анан 9ай өтүп, балканактай уулу төрөп,кайын журтумду,ата энемди,эң башкысы өмүрлүк жарым Бектурду кубандырдым. Чоң атасы азан чакырып Назар деген ысым ыйгарды.
Кайын атамдар улуу агабыздын тун кызын кичинесинен багып өстүрүп,баарыбыз үйдүн кенжесиндей көрөөр элек.Мен жаңы келин болуп келгенде да экөөбүз ынак болуп,ал мага жаңы үйгө көнүшүмө да көп жардам кылды.Шаарга көчүп келгенден кийин аз өтпөй биз менен туруп калды.Жогорку окуу жайлардын биринде акыркы курстарында окуйт.Бир күнү экөөбүз Назарды сейилдетип жүргөнбүз.Анан мага суроо салып калды.
-Жеңе,сиз байкем экөөң сүйлөшүп баштаганда кандай сезимдер болду эле?
-Башында тек гана эч кандай сезим күткөн эмесмин.Байкең, менден өткөн кыялкеч.Дайыма менин көңүлүмдү көтөрүүчү,кубандыруучу сюрприздерди жазап жатып,өзүн сүйдүрүп алды.
-Аа...экөөң аябай жарашасыңар бири бириңе,-деп унчукпай калды.
-Э кызыке?Сен ушул сүйүп калгандан соосуңбу?
-Мен бир адамды сүйөм.Бирок, билбейм анын сезимдерин. Антейин десеи жакында эжеси менен тааныштырды. Сүйбөсө,олуттуу мамиле кылбаса тааныштырбайт эле го э жеңе?
-Ооба,а экөөң качантан бери сүйлөшөсүңөр?
-Жарым жыл болду.
-Мдаа,жарым жыл деле оңой эмес
-Жеңе,аны сиз менен тааныштырайынчы. Байкап көрүңүзчү?Суранааам. ..
-Маакул,кызыке. Болочоктогу күйөө баланы көрөлүчү.деп күлүп калдык.
Эртеси күнү эле Бектурга биз Назарга кийим алабыз деп,соода борборуна жеткирип коюнуу өтүедүк.А кайын сиңдим жигитин ошол жерге чакырмак.
Экөөбүз кафелердин бирине кирип,мен жаңы гана эки айлык наристемди уктатып коюп отуруп калдык.Бир маалда эле кайын сиңдим тура калып бирөөгө колун булгап калды.Артымдан келген адамды көрүп оозума келмем келип калды.
-Жеңе,таанышып алыңыз,Алмаз. А Алмаз бул менин жеңем Айпери.
Ооз учуман бир нерсе деп эле саламын алып отуруп калдык.Маңдайымда отурган Алмазда ыйгайсызданыр турганын байкадым.Бир маалда"бул мени алдабады беле?Эмнеге тартынышып керкк"деп ачык эле "Кандай тааныштыңар? Анан бир ок менен эки коёнду атып жүргөн жигиттерден эмессиңби?28 жашка келиптирсиң Үйлөнбөгөнүңдү себеби эмнеде?же үйбүлөөң барбы?"Деп суроолорду жаадыра бердим.Алмаз ал ансайын сөз таппай кайсалактайт. Бир маалда Бектур чалып,15минутадан кийин барып алып кетем деп калды.
Биз кетүүгө камынып,коштошоордо "Таанышканыма өтө кубанычтамын" деп колун каттуу кысып алып кетип калдык.Эми үйгө келип алыр,кайын сиңдимди да мурдагы мендей кылыр жүрөгүг оорутуп койбосо эле.болду деп ойлонгонум ойлонгон.А мен кызыбайды аябай жакшы көрөм.Ал дагы балакыял,ишенчээк. Аларды ойлой берип балама деп жылытып аткан сүтүп ташып кетиптир.Жан шеригим ашканага кире калды.
-Айпеш,сүт ташып атпайбы?!
-Ооой,кечириңиз. Мен ойлонуп кетипмин,-деп тазалоого кириштим.Андан кийин мага дагы бир нерсе сүйлөп атса укпартырмын. Маңдайыма келип,
-Сага не болду?
-Эээ..эчнерсе дедим калп айтканымды жашырып.
-Кечетен.бери башкачасың. Бир жериң ооруп турабы?
-Жок баары жакшы.Ойлонуп кетипмин.Мага эмнени айтып аттыңыз эле?
Сөздү ушинтип буруп кеттим.
Менин жан шеригим Алмаз жөнүндөгү окуямды билет,бирок, ал кайра биздин жашоого аралашканын, карындашынын жигити экенин билсе соо койбосун билем.Корком. Негизи сабырдуу адам.А мен Гүлжанаттын жүрөгүн оорушун да каалабайм.
Кандай чечим кабыл алаарымды билбей жатам.Балким өзгөргөндүр ал жигит дейм,бирок көнгөн адат калбайт эмеспи.Баарына көз жумуп,мен аны таанымаксан болоюн десем да кыңыр иш баары бир билинет,анын үстүнө өмүрлөшүмдөн кантип сыр жашырып айтпай коё адам?!Кандай айла кылам билбейм....

Билдирүүнү түзөткөн: Rozalia: 12 Сентябрь 2015 - 02:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jon_jurbos   12 Сентябрь 2015 - 02:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 03 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2017 22:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстанда

Жакшы сабаттуу жазылган окуя эке.Значит так.Кебир сырлар сыр бойдон калып кеткени эле жакшы.Алмаз менен бир ынгайын табып тихоря жолугуп барын сыр бойдон калтырууга суйлошуп алгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Holerik10   12 Сентябрь 2015 - 02:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Башында Алмазды бир кыз менен коргондо астына барып жакалаш керек эле да))Тамаша))

Омурлук жарыныз болсо андан жашырасызбы эми Анын устуно билет экен сиз менен мурда суйлошконун. Куйоонуз сабырдуу болсо барып Алмаз менен жолугушуп э ука тынч кой карындашымды болбосо башка чара колдоном деп айтып суйлошсун,сиз кайын синдинизге тушундуруп коюн ал сага татыктуу эмес башкасын суйуп каласын суйлошпо деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Rozalia   12 Сентябрь 2015 - 02:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения jon_jurbos (12 Сентябрь 2015 - 02:17) жазган:

Жакшы сабаттуу жазылган окуя эке.Значит так.Кебир сырлар сыр бойдон калып кеткени эле жакшы.Алмаз менен бир ынгайын табып тихоря жолугуп барын сыр бойдон калтырууга суйлошуп алгыла.

Андай кадамга барууга алым келбейт экен.Мен аны көргүм келбегенден бириничи өмүрлөшүмдүн жашырынып бара албайм(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   medina.   12 Сентябрь 2015 - 02:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

jakshy okuya eken.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   fea-11   12 Сентябрь 2015 - 07:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 01 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2016 15:58

Ой муну кимисинедир созсуз айтышыныз керекго!Балким кайнсиндинизге айтаарсыз байкен билсе каршы болот,ал билелегинде токтот деп.Же мени алдаган деп эле айтсаныз кол узушу да женилиреек болоттур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   1985lana   12 Сентябрь 2015 - 11:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 16 Июнь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:59
  • Жынысы:Аялзаты

Баарына жакшы болсун десениз, жолдошунузга чындыкты айтыныз. Кыныр иш кырк жылда билинет дейт. Эгер, "кызыкениз" Алмазга турмушка чыгып, эртенки куну турмушу болбой калса, жана эле сизге айтат. Билген экенсиз башында бул адамдын кандай экенин, эмнеге айткан жоксуз деп. Ошон учун эрте ишти кеч кылбай, убагында айтыныз.
Счастье не в деньгах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   1985lana   12 Сентябрь 2015 - 11:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 16 Июнь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:59
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Rozalia (12 Сентябрь 2015 - 02:28) жазган:

Андай кадамга барууга алым келбейт экен.Мен аны көргүм келбегенден бириничи өмүрлөшүмдүн жашырынып бара албайм(((

Жашыруун жолугууга барбай эле койунуз! Не стоит. Лучше поговорите с мужем.
Счастье не в деньгах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   egiz-jigit   12 Сентябрь 2015 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

Кайынсиндинизге эле тушундуруп айтыныз жакшылап,куйоонузго айта корбонуз куйоонуздун озунуздон конулун калтырып алышыныз мумкун,мин сабырдуу болсо да койнундагы аялын мурунку жигиттин айтып отурса элестет.. Мумкун сен дагы эле ал менен жолугуп жатасын ошого акыркы кундору башкачасын деп ойлошу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   egiz-jigit   12 Сентябрь 2015 - 11:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

Просмотр сообщения jon_jurbos (12 Сентябрь 2015 - 02:17) жазган:

Жакшы сабаттуу жазылган окуя эке.Значит так.Кебир сырлар сыр бойдон калып кеткени эле жакшы.Алмаз менен бир ынгайын табып тихоря жолугуп барын сыр бойдон калтырууга суйлошуп алгыла.

Элестет сенин аялын башка жигит менен тихоря жоолугуп журот эгер жолуканы куйоосуно жетсе билбейм не болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kera2   12 Сентябрь 2015 - 12:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 148
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Мар 2016 12:04

Канча кеч билинсе , ошончо башкада шек саноолор коп болот. Ошого Сиз атайлап экоону тааныштырбагандан кийин, жолдошунузгале ачыгын ушундай болуп жатат, сиздин оюнуз кандай эмне кылалы, Сиз бир нерсе дениз ошого карап иш кылалы десениз жолдошунузда тушунот. Жаап жашыргандын эмне кереги бар, качан билинип калаткен деп журосузбу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   ailam14   12 Сентябрь 2015 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 300
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 25 Июл 2016 17:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эжеке жолдошунузга айтып корорсуз,бирок (один но) жолдошунуз кызганабы деп,ойлоп жатам,себеби сиз наристенизге кийим алам деп баргансыз да жолгушууга. Кээ бир сырлардын айтылбай калганы деле жакшы бир четинен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Rozalia   12 Сентябрь 2015 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эрте кунду кеч кылбайын деп бугун жолдошум эс алууда болгондуктан, баардыгын айттым.Унчукпай угуп,эшикке чыгып кетип калды.Корконумдан эмне кылат деп,аркасынан терезеден карасам,эшиктин алдында отургучта отуруптур,жанына барып "Биз жаш эмеспиз го,мен болгону кызыбайдын абалын ойлодум.Сенден жардам сурадым,кенешели дедим.Мага таарынбачы, алтыным"десем, унчукпай дулдуюп отуруп алды.Балам ыйлап калгандан уйго чуркап кирип кеткем.Уулума тамак берип жатсам,келип отурду мандайыма "Мен сага таарынган жокмун.Болгону ошол жигит айланып келип жашообузга келгенине жиним келип атат.Сен кызыбайга унчукпа.озум суйлошом" деп бала менен алаксып экообуз жакшы эле суйлошуп кеттик.Кечинде кайынсиндим келгенден кийин,экоо суйлошту.Жолдошум уулум менен андан кийин ойноп жаткандан кийин,кайынсиндимдин болмосуно кирсем ыйлап жатыптыр...оххх журогум ооруп кетти.Ушундай коз жашынан корккон элем да.Мурун бир да суйлошкону жонундо айтчу эмес.Тентек кыз баш оту менен аны суйуп калгандай... .
"Агам,жигиттинди экинчи жанынан корбойун.Анын кандай адам экенин билем.Менин созумду уксан токтот баарын деди женее"деп ыйлайт аны менен кошо мен жашып алдым...
Эми эмне болот билбейм...уффф...

Билдирүүнү түзөткөн: Rozalia: 13 Сентябрь 2015 - 00:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   1985lana   12 Сентябрь 2015 - 23:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 16 Июнь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:59
  • Жынысы:Аялзаты

Жолдошунуз жакшы "жененинди ушунтип жаштыгында алдап кеткен экен" деп айпабтыр. А то, кайын синдиниз сизди жек коруп калмак.
Счастье не в деньгах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   1985lana   12 Сентябрь 2015 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 16 Июнь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:59
  • Жынысы:Аялзаты

Кайын синдиниздин абалын элестетип, менда жашып алдым. :(
Счастье не в деньгах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Raduga90   13 Сентябрь 2015 - 02:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 28 Август 15
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2015 02:02

Эх бул алланын берген сыносу Аллах таалам эмнени бешенесине жазсаа ошону корот да бул кундор да унутулуп кетет! Болгону убакыт керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Raduga90   13 Сентябрь 2015 - 02:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 28 Август 15
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2015 02:02

Аябай жакшы жазыпсыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Leo.   17 Сентябрь 2015 - 13:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Emi bul jerde sinsin kunoonuz jokta! Tagdyr!
Buirusa, baary oz orduna keldi dep ishenem. Baktyluu bolunuz. Kyzybaiynyzda baktyluu bolsun!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Prelestina   17 Сентябрь 2015 - 16:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 29 Июнь 12
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 23:56
  • Жынысы:Аялзаты

кызыкко...Алмаз озу деле мамилесин узсо болотта, кайын синдинизге айтпай эле. Кызыбайыныз ошондо агасын эле эмес Алмазды да жаман кормок.
Алмаз деген ат жакпайтта.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Rozalia   17 Сентябрь 2015 - 17:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Prelestina (17 Сентябрь 2015 - 16:04) жазган:

кызыкко...Алмаз озу деле мамилесин узсо болотта, кайын синдинизге айтпай эле. Кызыбайыныз ошондо агасын эле эмес Алмазды да жаман кормок.
Алмаз деген ат жакпайтта.

Азыр мамилелерин үзүштү,акесинин сөзүн эки кылбайт,бирок, кайын сиңдим аябай кыйналып жатат,аны көрүп мен жаман болом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 21:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: