Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 189
  • 190
  • 191
  • 192
  • 193
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3801 Пользователь офлайн   Enesai   20 Сентябрь 2015 - 07:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (19 Сентябрь 2015 - 17:53) жазган:

Адамдар бар дүйнөдө желпилдеген
Айткан сөзү ар дайым экиленген
Адегенде, олдоксон айтышат да -
Андан кийин, “тамаша” - деп коюшат

“Ойлонбостон жаздыӊыз” деп - адегенде
“Тамаша” – деп кутулдуӊуз, кеп келгенде
“Ойлонбостун” кайсыл жери тамаша экен
Айтыӊызчы, Энесай кыз, күтөйүн мен...


Соз,айтканга чейин-
Адамдын кулу болуп келип,
Айтылган сон,адам созго-
Калат экен озу,кул болуп берип!

Мен дагы айткан созумун-
Аброюна адвокат болуп,
Жообумду тактап жазайын,
Ырымдын намысын коруп!

"Ойлонбостон жаздыныз" дегеним,
"Дежур" соз колдоноорунуз билбедим.
Кайтпастын созун-озунузго алгыдай,
Андай сапат сизде жогун билгемин.

Создорго тиешесиз,сизден алыс,
"Ойлонбой жооп жазыпсыз" ,дегем калыс.
Аягына тамаша создор жазып,
Кызысын деп ойлогом-айтыш, жарыш!

Ырымдын эки сабы-катуу тийген,
Мынчалык ызы-чуусун кайдан билгем?!
Ырымды башынан тамаша деп жазгам,
Бирок,жолдоп сизге-адашып калгам.

Адамдарга салыштырып, желпилдеген,
Айымдарга окшотупсуз экиленген!
Шерлок эгер болсонуз-чындыгына жетээрсиз,
Болбосонуз эгерде-жаман ойдо кетээрсиз!

Дагы бир жолу-сизди урматтап,
Салыштыруунузду" унутуп"койдум,
Жообумду копчулук баалап койсун,
Ырларым-кур жалаадан алыс болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3802 Пользователь офлайн   Enesai   20 Сентябрь 2015 - 08:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

[quote name='Enesai' date='19 Сентябрь 2015 - 16:10' timestamp='1442657446' post='2570586' ]
Кайтпаска:

Жазбайын деп,кайра эле кармап "оорум" ,
Жакпай калат тамаша жазган жообум,
Азил созго тушунбой калмайым жок-
Он келтирип-очумду алмайым жок!

(уландысы бар))))
[/quote

Уландысы...

Жазамын деп,убакыт таппай калган,
Улантайын ырымды актай калган.
Ок атылса жашынчу-эжен эмес,
Октон корксо-айылга келмек эмес!

Аткан октон жашынып,калмайым жок,
"Жоодон" коркуп,бекинип жатмайым жок.
Жоолукчан деп,кемсинтип койбосонор,
Ашыкча соз эч кимге айтмайым жок!

Чегирткеден коркчу адам-эгин экпейт,
Максатына коркоктор такыр жетпейт.
Чындык кепти суйлогон-бийик болот,
Калп созундун аягы-чирик болот!

Акын болсон-чындыктан коркпой ырда,
Туура деймин-калп созду,кошпой ырда!
"Коркуп калбай"ырга жооп жазып койдум,
Айтыштарга ак эшик ачып койдум!
(калпычы деген жокмун,жон гана чындык жонундо ыр жаздым))))

Билдирүүнү түзөткөн: Enesai: 20 Сентябрь 2015 - 09:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3803 Пользователь офлайн   Askar.96kg   20 Сентябрь 2015 - 11:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Сен 2020 20:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

Тең жарышып акындар жүрүп келет
Тамашалап чындыкты айтып күлүп келет.
Тийип калат окшойт кээ бирине катуу.
Тыкылдатып эки жеңин түрүп келет.

Акындарга арнап мен да ыр жазайын,
Enesai эжеме да үн катайын,
Ырларыңыз абдан жакты келгенде эле,
Мактабаймын бирок, чындыкты айтайын.

Дагы бирөө бар экен Kaitpas деген.
Чындыкты айтса дагы жакпас экен
Ырлары кудум эле окко окшош,
Атылса кайра артка кайтпас экен


Osh93 сизге дагы рахмат айтам.
Жылуу-жылуу ырлар менен жооп кайтарган
Ар бирине ылайыктуу саптар курап,
Алардын мүнөзүн да жакшы байкаган

Түшүнгүлө бул менин ыр-саптарымда
Жазылган ынтымактын максатында



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3804 Пользователь офлайн   Enesai   20 Сентябрь 2015 - 12:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Askar.96kg (20 Сентябрь 2015 - 11:42) жазган:

Тең жарышып акындар жүрүп келет
Тамашалап чындыкты айтып күлүп келет.
Тийип калат окшойт кээ бирине катуу.
Тыкылдатып эки жеңин түрүп келет.

Акындарга арнап мен да ыр жазайын,
Enesai эжеме да үн катайын,
Ырларыңыз абдан жакты келгенде эле,
Мактабаймын бирок, чындыкты айтайын.

Дагы бирөө бар экен Kaitpas деген.
Чындыкты айтса дагы жакпас экен
Ырлары кудум эле окко окшош,
Атылса кайра артка кайтпас экен


Osh93 сизге дагы рахмат айтам.
Жылуу-жылуу ырлар менен жооп кайтарган
Ар бирине ылайыктуу саптар курап,
Алардын мүнөзүн да жакшы байкаган

Түшүнгүлө бул менин ыр-саптарымда
Жазылган ынтымактын максатында


Ырларындан уйкаштыкты байкадым,
Маанисинин терендигин тактадым.
Мактаганга катуу тыю салса да,
Кайтпас иним "каарынан" качпадым.

Бирок,Кайтпас созу октой-женилгем,
Бой которгон текебердей сезилген)))
Таамай жазып,"октоп" атат ыр сабын,
Аяп койбойт,каарданса бул акын)))

Ош иними мен да кечээ бааладым,
Кайтпас менен "бойго" чыгып алганын)))
Акын деген,айтыштарда такшалат,
Эр жигиттер" жоо бетинде"- жакшы адат!

Бирок жакшы,тамашаны тушунсо,
Таарынышпай- улуу,кичуу козунчо,
Айтышууда" аша чаап"кетишпей,
Акын тордо озун"кыйын" сезишпей.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3805 Пользователь офлайн   Askar.96kg   20 Сентябрь 2015 - 19:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Сен 2020 20:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

Эмнегедир акындар көп жазбай калды,
Же мага окшоп "илхомдорун" таппай калды,
Таамай аткан Kaitpas акын да көрүнбөйт,
Балким, ок түгөнгөнбү атпай калды?



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3806 Пользователь офлайн   Askar.96kg   20 Сентябрь 2015 - 19:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Сен 2020 20:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

"Алтындай жылтыраган жылдыздар" деп
Кана эми, акындарды бир мактайын,
Ырларына баа берип адатымча,
Нур чачкан калемдерин мен саптайын


Ар дайым ачык болсун кабагыңар,
Кемибестен толсун акын табагыңар,
Ырымдын "секретин" байкасаңар,
Негизи баш тамгалардан табасыңар.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3807 Пользователь офлайн   Барс   20 Сентябрь 2015 - 21:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Кээ бир акындарга кеңеш катары

А, алтындарым, а,
бириңе бириң тыңсынып,
Өрөпкүйсүң жөн эле,
Өзүңдүкүн чынсынып...
Ырдаганыңда уялып,
Калам кээде кымсынып...

«Өй, карыя, бил», - дейсиң,
«Өтө ыйык кыргыз тил» - дейсиң,
«Сабатсызсың, - дейсиң – аксакал!»
Бирок,
Өзүңдүкүн неге билбесиң! 

Өтө эле көп ырдайсың,
Өткүрө дайым сындайсың.
Өзүңдөн ката көп кетет,
Өзүңдү качан чыңдайсың!

Аллахтын атын сүйлөйсүң,
Ажырымын билбей «кирдейсиң».
Аятты го мейли, шариятты
Ашкере толук билбейсиң.

Бакыра бербе өнү жок,
Сыныңды койгун жөнү жок.
Жазганыңдын карасаң,
Кыргызча сөздүн ӨҢҮ жок!

Бакырган менен пайда жок,
Бакырчактар кайда жок...
Ойлонбосо баш менен,
Баары бир эле айла жок!

Ошондуктан, алтындар,
Ой жүгүрткөн калкың бар.
Оштонуп кээде кетпестен,
Олуя өзүңдү сезбестен,
Ордуңду билгин, « АКЫНДАР»!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3808 Пользователь офлайн   kom   20 Сентябрь 2015 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Ассаламу алейкум
Амансынбы баарынар
Коптон бери кирбегем...
Озгоруптур шаарынар
Караандары корунбойт
Мурунку жургон жарандар?...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3809 Пользователь офлайн   Askar.96kg   21 Сентябрь 2015 - 00:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Сен 2020 20:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

Просмотр сообщения kom (20 Сентябрь 2015 - 23:41) жазган:

Ассаламу алейкум
Амансынбы баарынар
Коптон бери кирбегем...
Озгоруптур шаарынар
Караандары корунбойт
Мурунку жургон жарандар?...

Ва алайкум уссалаам кош келипсиз,
Жалгызмын азырынча сиз шериксиз,
Шаарыбыз тынч-аман баары жакшы
Алтындай акындар жок кайда качты.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3810 Пользователь офлайн   kaitpas   21 Сентябрь 2015 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Askar.96kg (20 Сентябрь 2015 - 19:34) жазган:

Эмнегедир акындар көп жазбай калды,
Же мага окшоп "илхомдорун" таппай калды,
Таамай аткан Kaitpas акын да көрүнбөйт,
Балким, ок түгөнгөнбү атпай калды?

Биринчиден куш келипсиң төрүмө,
Келгениңе көңүл калды бөлүнө.
Таамай аткан окторума кызыгып,
Күйөрманым болуп калба өзүмө)))
Кулак салсаң жакшы болмок сөзүмө,
Көп "чындыкты" көрсөтмөкмүн көзүңө,
Кээ сөздөрдү, кээ акындар түшүнбөй,
Таарынгандай жаман алды өзүнө.

Анан айтсам Kaitpas али ата элек,
Атса дагы "ок" түгөнүп жата элек.
Ок түгөнөт, кимдир атпай сатканда
Байкең бир да "патронуну" сата элек.

Ырда иним чымының бар окшойсуң,
Тийишкениң "че то" бир аз шоктойсуң.
Акын болгун ачык айткан бетине
Ошондо сен өзүң айткан октойсуң!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3811 Пользователь офлайн   Askar.96kg   21 Сентябрь 2015 - 00:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Сен 2020 20:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

Kaitpas байке сизге кулак салайын,
Сабак алып, шакирт болуп калайын.
Акындарга тең айтыша келгенде,
Ырларым да таамай тийсе ылайым.
Мага айткан сөзүңүздү тыңшап турам,
Айткан акыл-насааттарың угайын.
Акындар менен тең тайлашып жатканда,
"Патрон" ташып жаныңызда турайын:-)

Билдирүүнү түзөткөн: Askar.96kg: 21 Сентябрь 2015 - 00:42




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3812 Пользователь офлайн   kaitpas   21 Сентябрь 2015 - 00:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Энесей эжеме...

Акын төрдө өзүн кыйын сезгендер,
Мен айтайын айтышуудан безгендер.
Анан дагы билесизби алар ким,
Адам тандап аралап эл кезгендер.
А биз болсо сиз айткандай сезбейбиз,
Айтышуудан эч үмүттү үзбөйбүз.
Ким кошулса кабыл алып катарга
Келер замат чекелетип сүзбөйбүз.

Мактаганга катуу тыюу салбадым,
Ушул жерде эжем "наглый" алдадың.
Коркпоймун деп Кайтпасыңдын каарынан
Каардуу кылып иниңди сен талдадың.
Анан дагы баалап иниң Ошуңду
Бойго чыгарып туура эмес жалдадың.
Чыксам чындап сиз айткандай бирме-бир
Бир байкуштун убалына калбагын))))
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3813 Пользователь офлайн   kaitpas   21 Сентябрь 2015 - 01:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Askar.96kg (21 Сентябрь 2015 - 00:34) жазган:

Kaitpas байке сизге кулак салайын,
Сабак алып, шакирт болуп калайын.
Акындарга тең айтыша келгенде,
Ырларым да таамай тийсе ылайым.
Мага айткан сөзүңүздү тыңшап турам,
Айткан акыл-насааттарың угайын.
Акындар менен тең тайлашып жатканда,
"Патрон" ташып жаныңызда турайын:-)

Болду иним, кабыл алдым сунушуң,
Жакты мага айтканымды угушуң.
"Шакирт өтөт устазынан" дечү эле
Тилейм анда сага өнөр жугушун))
Мындан ары айтыш мында курушум,
Оңой болор атаандашып урушум.
Жакшы болду түгөнгөндө жеткирип
Жанымда сен "патрон" ташып турушуң:)

Анда иним мээлегенде шашпагын,
Мааниси жок бекерге ок чачпагын.
Коркуп турам атың Аскар экен деп
Жоо келгенде Акаевтей качпагын))
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3814 Пользователь офлайн   Askar.96kg   21 Сентябрь 2015 - 01:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Сен 2020 20:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

Kaitpas "устазыма"


Атым окшош Акаевге затым башка,
Ал качканда, мен болсо тогуз жашта,
Мөндүрдөй жаап акындардын огу келсе,
Алдыңызга чыгамын го качпай артка.
Сиз айткандай окту бекер кетирбеймин,
"Патрон түгөндү"гө жеткирбеймин.
Улам сизден насаат алып, жанып турсам,
Ар дайым жаңы болуп эскирбеймин,



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3815 Пользователь офлайн   osh93   21 Сентябрь 2015 - 07:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Барс (20 Сентябрь 2015 - 18:50) жазган:

Кээ бир акындарга кеңеш катары

А, алтындарым, а,
бириңе бириң тыңсынып,
Өрөпкүйсүң жөн эле,
Өзүңдүкүн чынсынып...
Ырдаганыңда уялып,
Калам кээде кымсынып...

«Өй, карыя, бил», - дейсиң,
«Өтө ыйык кыргыз тил» - дейсиң,
«Сабатсызсың, - дейсиң – аксакал!»
Бирок,
Өзүңдүкүн неге билбесиң! 

Өтө эле көп ырдайсың,
Өткүрө дайым сындайсың.
Өзүңдөн ката көп кетет,
Өзүңдү качан чыңдайсың!

Аллахтын атын сүйлөйсүң,
Ажырымын билбей «кирдейсиң».
Аятты го мейли, шариятты
Ашкере толук билбейсиң.

Бакыра бербе өнү жок,
Сыныңды койгун жөнү жок.
Жазганыңдын карасаң,
Кыргызча сөздүн ӨҢҮ жок!

Бакырган менен пайда жок,
Бакырчактар кайда жок...
Ойлонбосо баш менен,
Баары бир эле айла жок!

Ошондуктан, алтындар,
Ой жүгүрткөн калкың бар.
Оштонуп кээде кетпестен,
Олуя өзүңдү сезбестен,
Ордуңду билгин, « АКЫНДАР»!



Ассалааму алайкум! Ава кандайсыз?
Айылдан кабар албайсыз.
Ай кунуго эле журосуз го,
,, Акындар айтышы"-жака неге жазбайсыз?

Бууданды чабаар кезде,
Чабыш керек.
Тууганды чанаар кезде,
Салыш керек.
,, Кыргызча" -ырлар жазбай биз турганда,
Сиздей бир,, Аксакал"- бизге керек.


Аайатты абакебай билиш учун,
Аалымдан,, Сабакты"- коп алыш керек.
Ар-ким эле билебербейт экен туура,
Билбегенди, , Аалымдан "-сура.
,, Шариятты" - коп билбеймин,
Бул созунуз туура.
Билемин озумо жараша,
Бир топ,, Суро"
,, Шариятка" -тийишкендин опкосун тебем узо.
Мен жонундо жаман ойлобой аба,
Пейлин тузо.

Бакырбаймын, , Ону"-жок,
Тилдин Аба,, Соогу"-жок.
Мен жазбаймын жону жок,
Мындай создор жазба деген
Форумда, адамдардын озу жок.

Асманда эмес, жердебиз
Куноо кылуучу пендебиз,
Барбы аба,, Келмениз" ?
Бар болсо, анда,, Келмениз"
Баарын,, Куран"-окуп эмдениз.


,, Оля" - аба мен эмесмин,
Адамдарга айтамын кееде.
Пайгамбарлар кереезин. :)

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3816 Пользователь офлайн   osh93   21 Сентябрь 2015 - 07:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

,, Кайтпас"(агага тамаша)

Ассаламу алейкум!
Аманбы,, Кайтпас"- баланыз?
Айылга алып келин.
Атка оноруп алабыз,
Тынчыдыбы санааныз?
Эгиз балага атасыз,
Уйго карай шашасыз.
Уул болбойт! Ага батасыз,
Эгиздерди алып келин эмне
Бекитип жатасыз;)?

Аманбы? Женебиз,, Луи"
Очбодубу? "суйуу"
Барбы агамдын,, Уйу"
Эгиздердин канча болду куну,
Чыгайын дедиби уну?:)

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3817 Пользователь офлайн   mega777   21 Сентябрь 2015 - 15:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кээде качып туйшук толгон турмуштан
Акын торго баш калкалап тырмышам.
Эзелтеден нарктуу создор айтылса
Коз тийгенби мода болуп чымчышкан.

Оо акындар биримдикке келели,
Жан эргиткен жакшы созду илели.
Асмандагы айды кармап алсак да,
Катуу кетпей ордубузду билели.

Балп дедире айтып койгон кеп эмес,
Улуу адамды сыйлабаган эл эмес.
Акыл айтып опурулуп тынсынба,
Чынар талды жыга койчу жел эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3818 Пользователь офлайн   mega777   21 Сентябрь 2015 - 15:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кайтпас иниме.

Кирбей койсом кичине,
"Дурмоттолуп" тим эле.
Мени чанып кетипсин иним,
Ини болуп оо Энесай эжемеСүрөт

Аянбай созду таштаптын
"Проблеманы" так кабыргасынан баштапсын.
Тамашанбы чынынбы,
Мактаганга чычалап,
Козунду жаман жаштапсын.

Ачык айт депсин жаманды,
"Аллергия" кылбай адамды.
Мактап жактап журчу элек
Каран кун
Сени деги кайсы бурго талады.

Чекеден кырып обдулуп,
"Подхалим "атка кондуруп.
Жамандап опшум таштапсын иним,
Андабай оозун толтуруп.

Эмии кандай десен андай де,
Тушундум максат мааниңе.
Чогултуш учун жасаган,
Идеяң жакты эжеңеСүрөт

Макташып эле отурсак,
Кызыксыз чындап төр сумсак.
Чогула тушот экенбиз,
Чымчыкей менен ыр сунсакСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 21 Сентябрь 2015 - 15:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3819 Пользователь офлайн   mega777   21 Сентябрь 2015 - 17:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Журсом дагы убакыттан жазгана,
Кол бошобой эки сапты жазганга.
Тек шашылыш ойтолгоомду курадым,
Унут калып кетпесин деп арманда.

Мактап келгем мактай берем онорду,
Жактырамын жакшы жакты коргонду.
Конулдорду калтырбоого тырышам,
Эстегенде бир кун очуп олоорду.

Сакоо кылбай тилди берсе жараткан,
Аны кантип жаман созго агытам.
Колдор менен жансап ымдап жургонду,
Коруп туруп кантип тилим кор тутам.

Азиз кылбай козду берсе жараткан,
Жакшы ишти кором аттап жамандан.
Жарыктыкты бир корууго зар болгон,
Жанды коруп көздөрүмө жалынам.

Мунжу эмесмин кол бут берди жараткан,
Кана эми жакшы жумуш аткарсам...
Коруп жанды мурусунон колу жок,
Кантип анан жаман созду жаза алам.

Мен ушундай шугур кылган пендемин,
Асманда эмес эл катары жердемин.
Туура келбейт мага мындай эреже,
Мактап келгем дале мактай беремин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3820 Пользователь офлайн   Askar.96kg   21 Сентябрь 2015 - 17:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Сен 2020 20:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

Ушундай акындардын айтышы,
Ыр-сап менен бирин-бири жыгып кетет.
Сылык сүйлөшүп, сырдаша келгенде
Ичте каткан сырлары да чыгып кетет,
Кээ учурда катуу тийип калгандар бар,
Түшүнбөстөн дароо эле сынып кетет,
Октой учуп, кылычтай курч ырлар менен,
Анча-мынча алсыздарын кыйып кетет,
Бирок да, ошол менен айтыш кызык
Түшүнбөсө "акын шаардан" жылып кетет.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 189
  • 190
  • 191
  • 192
  • 193
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Авг 2025 02:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: