Кызым сенден бир сураныч,эч качан бироону каргаба,эгер озун бактылуу кундорду кааласан.Башка адамды да озундой кор.Экобуз бактылуу боло албадык,мейли аллахым да аны бактылуу жарга насип этсин деп тилесен,сен озун бактылуу кундорго жетишесин...
Сен ызаага алдырба,чечкиндуу бол.Оз катанды да ойлон.Эч качан бир адам эле куноолуу болбойт,аз да болсо бир аз куноон болот.Ошон учун оз куноонду да ички туйумунда сезип билсен турмуштан жанылбайсын.
Никекайып буйурбаса ажырашканын,
жок буйруп калса мин жок десен да айланып кайра барып калышын кеп эмес.
Ошон учун али тагдырын чечиле элек,ичкен кудугуна тукурбой тур.Дагы бир нерсе тагдыр дейт.Тагдырына жазылган буйрукту коросун,корбошко арган жок.Ошон учун сабыр кыл кызым...
Жөн гана жакшы сөз айтчы мага
#62 16 Сентябрь 2015 - 14:59
Салам баарынарга!
Менде Аллана шугур баары жакшы. Жолдошум мн ажырашкандан кийин копко кармалбай Москвага келе бердим. Ыйлап сыктап жатканда Эжем алып кетти алаксыйсын унутасын деп. Келдим ишке орноштум иштеп журом жакшы баары. Коп эстебегенге аракет кылам. Убакыт дарылайт деген соз чын экен. Башында ага таарынып жинденип каргап журдум эле азыр анымдын бири жок. Кайда болсо да аман болсун деп калдым. Кече Мамам мн суйлошкондон баштап журогум ооруп атат. Жолдошум мен кеткенден баштап ичип журуптур. Уйундогулор мн уруша кетип озунчо болунуп да алыптыр. Жакшы жерде иштечи ал жумушунан да чыгып калыптыр ичип барбай коюп. Достору мн да катышпай калыптыр. Кебетеси кеткен дейт бомждан айырмасы жок кундоп тундоп ичип калыптыр. Шаарыбыз кичине болгон учун баары жетип турат бизде. Угуп алып боорум ооруп ыйладым биринчи жолу. Кебетесин элестетип алып. Эмне кылсам кайра озум чалып кел Москвага деп чакырып алсамбы? Талаага таштагым келген жок. Ага айтпай кетип калгам да мен Москвага. Ал мени таба албайт. Номеримди билбейт, соц.сайттарымды тазалап салгам мени таппай калсын деп. Кайненем мени каргап отурса керек сонун баламды бузду деп. Коргон тушторум да жаман тушумо байкуш мусапыр адамдай болуп кирет. Эмне кылсам? Конулум дагы эле бар экен. Ичип журуп бир куну олуп калса эмне болот? Эжеме уйдогулорго айта элекмин. Айтсам тажабаган неме экенсин деп урушабы деп корком. Мен аны кыя албай атпаймбы. Суранам жакшы кенеш эле бергилечи?
#63 16 Сентябрь 2015 - 15:33
Тообо кылдым, кандай кайнене экен ал?...
Кайнене эмес ал ошол балдарынын апасы го...
Кайнене эмес ал ошол балдарынын апасы го...
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
#66 16 Сентябрь 2015 - 20:11
Окунучтуу... Не дешти да билбейм, азыр сен да индебей тура берчи конулу болсо озу издеп табат дагы кичине билсин кадырынды куйоон эле эмес кайненен дагы.
#67 16 Сентябрь 2015 - 21:07
Окуп, жүрөгүм ооруп кетти...Ата энелерге айып койгондон өтө алысмын,бирок кее бир жерлеринде ажырашууга алар да себеп бп калышат окшойт деген ой кетти.Өз турмушу мн болоюн десе ата энеси,ортодо эркек кишиге эле кыйын болот экен эки от арасында.
Менин оюмча өз ата энең мн кеңешип көр деер элем,аларда сени жарашып калсын деп эле отурушса керек.Аларга оюңду ачык айтканың жакшы.Дагы өзүң билесиң албетте,бирок чакыртып жарашсаң жакшы эле
Менин оюмча өз ата энең мн кеңешип көр деер элем,аларда сени жарашып калсын деп эле отурушса керек.Аларга оюңду ачык айтканың жакшы.Дагы өзүң билесиң албетте,бирок чакыртып жарашсаң жакшы эле
#68 17 Сентябрь 2015 - 09:31
Ар бир ата эне баласынын бактылуу болушун каалайт.Эркек бала болобу,кыз болобу бапктысы келишпесе кыйын.Эки тараптын тен балдарына кайдыгерлиги турмуштуу татаалдандырат.
Мен эки тарапты тен куноологум келди.Кайын журт келин келсе ,душман келгендей,журогундо бир мээрим жок,таштанды кыздай кабыл алган жер болот.Бул бироонун баласы ушуга да убал го,тамак ичип атабы,ач калдыбы,жаны кыйналып атабы жок кызыкпайт.Куду малай келди иш кылсын,азыраак ичип,коп жумуш жашасын,азыраак уктап ылаажысы болсо,уктабай эле роботтой иш кылса.Эч текени укпаса,тили дулой болсо,козу корбосо жакшысы манкурт болсо бирок оздоруно келгенде келин кайнененин кирпигинин кыймылын сезип чуркаган,журогундогуну айтырбай билген,айт дегенде куйт деп чуракп турганын каалашат.Кайненелер бир нерсени эсинен чыгарып койушат.Колунан иш келген келиндин тилинен да иш келерин ....
Мындай тагдырга туш болгон кыз турмушка чыдаш керек,чыдап туруп уйдогу бийликти женип,оз бийлигин,акыйкат бийлик,тенчилик бийлик жургузгонго жетиш керек.
Олбой туруп очумду кетпей туруп кегимди алам дегендей.Сен чыныгы акылдуу аялсынбы,акылына салып турмуш тербет.жен.Кете бергендей сен куурчаксынбы? Кет десе кетип,отур десе отуруп калгандай.Сен адамсын,сенин жашоон болуп атат.
Эми кыз жак тарап энелерге.
Ыйлап келген кызды башынан сылап тозуп ал ,кызында ызаалык бар.Эртеси эсине келтирип жеткирип бер.Бир жактан кепейт сен де да бар деп кагып койуш керек.Чыдаганга чыгарган турмуш дегенди чыдасан баарын женесин деп акыл кенеш айтып кызды туртуп туруш керек.Кошо куйо баланы жаман коруп,кайненесин жамандашсан анда кызын чалкасынан кетип качкака айланат.Чыр болуп келдиби,аркасынан куйоо келдиби ошого шугур кылда жакшылап сыйлап туруп кошуп бер,созду жаныртпа.Созго соз кошулат,жаман созго жаман соз айтылат,конул калуулар кобойот.Оз куноосун сезген учун артынан келди.Бир жолу менинкызым датаарынып келе бериптир.Кайненесинин созун уксан адам чыдагыс аркасынан кайнатасы звонок кылып кечирим сурап звандайт барайын деп.Жок сиз келбениз кимге керек болсо ошол адам келсин деп койдум.Копко келе албай атышты.Бир куну куйоо балам озу келди,чайымы берип сыйымды корсотуп унчукпай кошуп бердим куду айылчылап келгендей жонотуп ийдим.,тынчышты. Бир жолу кызым ыйлайт эненди деп согот деп.
Э кызым илгеркилер айтчуу кызды узатканда канжыгана башымды байлап бердим деп,мен да сени узатып лимузинге отургузганда башымды машинага салып бергем ага эч капа болбо дедим.Сен жакшы болсон эненди дебейт,балам эстуу болсо,мени сыйласа эненди дештен уялат учуру келгенде деп койдум.Энеди деп соктуруш ,соктурбош кыздын озунон.Коп соз айтайын дедим эле убактым жок болуп калды кийин бир кайрылам.Жаштарга сабак болор дейм да

#69 18 Сентябрь 2015 - 21:17
Рая эже психолог болчудай талантыныз барда,азаматсыз!
уландысын кутобуз
#70 18 Сентябрь 2015 - 22:24
Рая Эже, менин кайненем болгонунузда го.... Автор сага айтчу болсом , женилдик кылыпсын. Албетте ачуу устундо болуп кеткен болушу да мумкун. Мумкун менин тагдырым сага сабак болоор...
Турмушка чыккан куну кабылгам мен кайненемин каарына. Тур деди мен босогосун кечинде аттап, эртеси эл тараган сон, эмне олтурасын, сени алам деп деп балам арыктап кетти. Бир нерсе болсо, капа болбо, деди. Жолдошумун эки досу акардеонун которгончо чыга жоношту. Чыгып баратып, капа болбо аяш деп коюшат. Аллам оозуман учту, нымтырап жер карагам. Эмне деген гана создорду укпадым, не деген гана кылыктарын которбодум жашымы аарчып койбой, тиштенип, ун дебестен ыйлап гана отуруп берчумун. Тагдыр очошсо, кайра кайра башына каранкун тушот. Бир жыл ичинде 2 жолу боюман тушуп, торт айга жакындаганда учунчусун тазалаткам. Ичимен кан отуп ыйлаганым эсимде, олгонго комгон кылып к Энем больницага келип расса каргаган, йод ичип тушурдун сен деп. Ойлонуп отуруп эстейм больницадан чыккандан кийин уйго жонотсо, апам кайра ээрчитип келген.. Ошондогу байкуш апамын абалыыы, эстесем тытып жегим келет буларды. Корсо болду кайра келбесин, тазалаткандан кийин боюна болбойт дешкен экен акылы кыскалар, а мени апам ээрчитип келген эле. Жашабайм деди куйоом,алып кетиниздеди

#71 18 Сентябрь 2015 - 22:47
Апам ун дебеди да, бас кеттик деди, а мен жок АПА мен ажырашам деп тийбегем, мен жашайм деп тийгем деп болбой койдум. Коздору каканактап чыгып кетип аткан бечара апам коз алдымдааа. Апам азыр жок ааламда, ошондогу, андан кийинки апама кылган мамилелерин эстесем, озуму озум аскым келет. Мен деп бул коронгосу кем журогу жоктордун алдында мункуроду экен, тынып кетсин деген да байкушум. Ото оор, онойлук менен бироого жаман айтпаган Жан эле байкушум, ичине салып журуп эрте кетти...ошентип кет дегенден кийин бир ай жашадым, апам кетээри менен сездим туболуктуу нерсе жок, жашайм, уй булону сактайм деген мен эле экенмин корсо. Баарын ичиме салдым, ундобостон тиргилигими кылып журо бердим. Мен кеткен сон да менин жамандыгымы ит менен издеп да таба алышпасын деп жанымы карч уруп тиргилик кылдым. Ажырашкан эки кайнежем, бирден кыздары бар. Кайнене кайната, жолдошум жалгыз уул. К Эже, к синдилердин да т.... бери жуудуртушат.
Бир айга жетпей коргон месяч.... Кийин торобойсун деп башташты, чыдаап 15 кур журдум, акыры козум жеткен сон байкуш апамы чакырып ажыраштык. Ажырашкан кыз бала болобу, уул бала болобу ото оор тиет.
Арадан бир жума отпой боюмда кумон бар экенин сездим. Бирок к Энем ал менин баламан эмес деп чыкты...
Сенин каргаганыны тушуном, мен да ошондо расса каргагам к энеми...
Арадан бир жума отпой боюмда кумон бар экенин сездим. Бирок к Энем ал менин баламан эмес деп чыкты...
Сенин каргаганыны тушуном, мен да ошондо расса каргагам к энеми...
Билдирүүнү түзөткөн: jasgul: 18 Сентябрь 2015 - 22:50
#72 18 Сентябрь 2015 - 23:02
Озум учун тороп, балам учун жашашка бел байладым. Атанын уйундо журуш ото кыйын, сыгылдым, ыйладым, акыры 9 Айдан сон кыз таптым. Ушунчалык сулуу, чачтары бетин жаап тогулот,ошол элеси гана коз алдымда кызымын. Жок болуп калды, жок дагы жок,бешенеме жазганын кором деп....эстесем ошол кундоруму эх...
Ишке кирдим, убакыт баарын дарылайт экен, бирок бала жетелегендерди корсом жашым куюлат болчу, уч жылдан сон жолдошуму уйлошту, 40 кун жашабай жолго тушуптур, аркасынан эле тезегин кургатпай дагы бироону ал да 2 айга жетпей келген жолуна тушуптур. Издеп таап жолдошум за кылды. Уйлонгонун уккан эмесмин да, жолугайлы соз бар деди, мага да ар Ким соз айттырып, шаштым кетип аткан. Кыз баланын чырагы кырк дейт, анан Бироо очту,39 бар деп журо берсен чекеден очо берсечи

#73 18 Сентябрь 2015 - 23:03
Кудай башкасынан айтпаса да(Карьера,байлык)Багыбызды ачсын,бала берсин
Сизге сабыр.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#74 18 Сентябрь 2015 - 23:05
Ошентип жолугууга макул болдум, кайра башка турмушка чыгууга журок даабады, кудайым биринчисинен айрыбасын. Мен сени менен гана бактылуу болом,деди. Ойлонуп коруп макул болдум
#75 18 Сентябрь 2015 - 23:17
Ошондо келбесем болмок, бирок ширин уулдарымы, супсулуу акылдуу кызымы коруп тоба кылам, пешенем да. Апам о экинчими торогондон кийин к эжемин чакчандаган созунон кийин чыдасан сен чыда балам,мен буларына чыдай албайм деп олгучонду 5 жыл келбей койду. Бала учун баарына чыдайсын, уйга жугон салабы,уйронгон адат калабы деген. Асылганы асылган, суйлобосом тоготпойт, антпедим минтим десем тилдуу атка кондум. Башыма каным дургуп суйлоп жатканда ушул создорду укпай Тарс деп жыгылып кетсем экен деп тиленчумун.
К эжем менен к энемин акыркы жасаган кылыгынан сон, куйоомо тил бутту да болунуп чыгып кеттик, бирок алыс эмес. Ошондо ыйлап жатып боздооп боздоп ыйласам, эч качан аралашпаган жолдошум ыйлаба сен да бир куну жакшыы кундордо жашайсын дегени эсимде...
#76 18 Сентябрь 2015 - 23:29
Болунсок деле тамак ашы мойнумда болчу, уйуно киргизишпейт болчу, балдарым да алдыбыздан чыга калса, АПА Энем келе жатат сизди ураат деп судурошчу.жакын жашайбыз, баарына жамандайт, баламы тартып Алды, Антти, минтти деп. К атама мен Берген тамакты ичкенге тыюу салыптыр. Кой балам, ар нерсени токуса шумдук дейт болчу ыраматылык.
Каза болушту экоо тен, а мен оорукчанмын,
нерв которо албайт ызы чууну. Башым ооруйт. Тапканым ашырганым оору болду, ошон учун Адам бир жолу гана жашайт, козун жетеби жаша, жолдошуну чакырып алып, ичкенин койбосочу, анда кантесин. Жети олчоп, бир Кес.
#77 18 Сентябрь 2015 - 23:53
Бул жактан ото коп кайгылуу окуяларды окудум.Окуп буткучо журогум сыгылып кети.Бирок бардык иштерге озубуз эле себепкер болобуз да.
#78 19 Сентябрь 2015 - 20:18
jasgul турмуштун оор сыноолорун башыныздан откоруптурсуз окуп козумо жаш алдым. Азыр куйонуз мененсизби ошондо кайра балалуу болдунузбу?
Сураганым учун капа этпениз.
#79 19 Сентябрь 2015 - 23:19
Ооба эки уул, бир кызым бар. Жогоруда айткандай к Энем каза болгон, жолдошум кудаага шугур.турмушум эл катары. Болгону журокто толо окунуч..,
#80 20 Сентябрь 2015 - 08:43
Айгул кызым сен журогуно окунучтордуу топтобо.Озун откон турмушунан сабак ал.Ойлонуп тагдырынды таразага сал.Сага жаманчылык кылгандар турмушунда жакшылык кордубу?Жыргап кеткенин кордунбу?Башым ооруйт дейсин денсоолук сага керек.Ден соолугун сага керек.Сен балдарына керексин.Эч качан каргап сага жаманчылык кылган адамдарга кек сактаба.Таш менен урдубу,аш менен,кылып кызматын менен уруп,тепкилеп сал.Сага аллахым озу берет.Мен коп нерсе айтпайын биринчи уулумду колго алганымда.Балам мен сенин аялынды,менин келинимди эч качан коз жашын агызбайм,ушул созумо ишен деп убадамды балам экобузго ант сыяктуу берип бетинен суйгом.Ойлонуп кор акыбалымдын оор болгонун.Кек сактап,жаман ойлободум,каргабадым деле.Ыйлап,ыйлап озумо келип,ишими кылып кете берет элем.Ушунчалык азап корсом да ии деп апама айтпадым.27 жашынан эрсиз калып бизди бактылуу кылам деген бир эненин журогун орутпадым.Чыдадым,
ийилдим сынбадым,чозулдум ризинадай бирок узулбодум.Акыры башым ооруйт эле ал ооруу толгодон да отор эле.Врачка корундум,коп корундум акыры врач.
-Кызым сен дартынды,журогундогу азабынды кимгедир болуш деди.Кимге болушом,апама айта албайм,тентуштарга айтсан соз кобойот.Менде эже синди жок.
Бала кезимде китеп коп окуйт элем,китеп окуй баштадым.Жолдошумдун жанын койбойм природага чыгып кетебиз,кино зоок,драмдарга барабыз.Жер коруп ,чет республикага саякаттап музейлерге, атагы чыкан жерлерге барып журдук.Чындап баш оорудан арылдым...
Ал эми кайын журтардын азабын жакшылык менен жендим.Чыны таш койгонду аш койдум.Жаманчылыктарына жакшылык менен жооп кылдым.Эч жаман болбодум,балдарым эр жетип,убадамды аткарып,келиндеримди раазы кылышка аракет кылам.неберелеримдин асты бой жетип,кыз жандап небере келиндуу кылган турат.Эн негизи чыдап журуп,жаманчылыкты жакшылык менен жооп берип журуп,балдарымдын ата журту бар.Той кылганыбызда калдайып ата журт болуп турганда суйунуп сурдугуп тобо,ушунчасына шугур деп раазы болуп карап турам...
Бир кездерде ээрчип келген аркалык канчык (бейгубар таза келсем да) ,эненди аркалык деген соз менен жашап турмушумду баштасам.Азыр кел,келегой, торго от.келиниз жене,келиниз чон апа,келиниз таэне (мени жек коргон адамдын неберелери таэне дешет,анткени анын апаларын мен окутуп,турмушка мен узаткам да) деп сыйдын устундо чон атам экообуз коруудобуз. Ошон учун айдын жарымы кара,жарымы ак деп бекер айтпайт да балдарым ...
Жаш кезде берсин мээнетти,карганда берсин доолоттуу дешет го.Жаштыгым менен,жаштык кайратым менен, намысым арым деп журуп женгенимди да байкабай калган экем...