Jeka (19 Сентябрь 2015 - 17:53) жазган:
Айткан сөзү ар дайым экиленген
Адегенде, олдоксон айтышат да -
Андан кийин, “тамаша” - деп коюшат
“Ойлонбостон жаздыӊыз” деп - адегенде
“Тамаша” – деп кутулдуӊуз, кеп келгенде
“Ойлонбостун” кайсыл жери тамаша экен
Айтыӊызчы, Энесай кыз, күтөйүн мен...
Соз,айтканга чейин-
Адамдын кулу болуп келип,
Айтылган сон,адам созго-
Калат экен озу,кул болуп берип!
Мен дагы айткан созумун-
Аброюна адвокат болуп,
Жообумду тактап жазайын,
Ырымдын намысын коруп!
"Ойлонбостон жаздыныз" дегеним,
"Дежур" соз колдоноорунуз билбедим.
Кайтпастын созун-озунузго алгыдай,
Андай сапат сизде жогун билгемин.
Создорго тиешесиз,сизден алыс,
"Ойлонбой жооп жазыпсыз" ,дегем калыс.
Аягына тамаша создор жазып,
Кызысын деп ойлогом-айтыш, жарыш!
Ырымдын эки сабы-катуу тийген,
Мынчалык ызы-чуусун кайдан билгем?!
Ырымды башынан тамаша деп жазгам,
Бирок,жолдоп сизге-адашып калгам.
Адамдарга салыштырып, желпилдеген,
Айымдарга окшотупсуз экиленген!
Шерлок эгер болсонуз-чындыгына жетээрсиз,
Болбосонуз эгерде-жаман ойдо кетээрсиз!
Дагы бир жолу-сизди урматтап,
Салыштыруунузду" унутуп"койдум,
Жообумду копчулук баалап койсун,
Ырларым-кур жалаадан алыс болсун!