kaitpas (21 Сентябрь 2015 - 00:52) жазган:
Акын төрдө өзүн кыйын сезгендер,
Мен айтайын айтышуудан безгендер.
Анан дагы билесизби алар ким,
Адам тандап аралап эл кезгендер.
А биз болсо сиз айткандай сезбейбиз,
Айтышуудан эч үмүттү үзбөйбүз.
Ким кошулса кабыл алып катарга
Келер замат чекелетип сүзбөйбүз.
Мактаганга катуу тыюу салбадым,
Ушул жерде эжем "наглый" алдадың.
Коркпоймун деп Кайтпасыңдын каарынан
Каардуу кылып иниңди сен талдадың.
Анан дагы баалап иниң Ошуңду
Бойго чыгарып туура эмес жалдадың.
Чыксам чындап сиз айткандай бирме-бир
Бир байкуштун убалына калбагын))))
Кайтпас иним,кечээ эле "соттолуп" ,
Эки саптын азабынан "жок болуп",
Турган кезде-дагы "сотко берипсин" ,
"Алдапсын" деп-оз эженди жээрипсин.
"Наглый" депсин,макул аны айтпайын,
Тамашанды кабыл алып,качпайын,
Калп айтуунун эн биринчи душманын-
Бул эмнеси-"калпычы" деп турганын?!
Дагы бугун-оз созумо "актоочу" ,
Болот окшойм,оз чындыгым-тактоочу!
Келтирейин мисалымды ырындан-
Кутулайын-" калпсын"деген" чырындан" !
"Кайра-кайра" дежур созун колдонбогун,
Жагынам деп"комплимент" жолдобогун.
Бириндикин- бирин мактап журо берип,
Акыйкатты" подхалимдей" кордобогун." -
Деген ырындан"коркуп" калганым бар,
Эми айтчы,менин кайсы"жалганым" бар?)))
Анан дагы"чочуп" бугун турамын,
Оозум таптап,чын-тогунун сурадым;
Аскар экоон"союз" тузуп алыпсын-
"Ок"даярдап ырды катуу жазыпсын!
Мылтыгынар кимге турат мээленип?
Кайсы "жоого" каршы экоон-ээленип?
Мага дагы кокусунан катылып,
Калбайын мен-байкоосуздан" атылып"?
Колдойм бирок-ынтымактуу болгула,
"Огунарды" макул камдап койгула!
Бирок экоон-акындарды "коркутпай" ,
Тынч болгула-конокторду "чочутпай".)))