Хан
, курамы окшош сайттардын шилтемесин калтырууга болбойт! Сизге эскертүү!
Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан Куттуктайбыз!!!
#44 07 Февраль 2015 - 03:56
Эл туруп эне тилин унуткан бар
Эл-безер атка конуп куруткан бар
Эненин сутун эмип тилин билбей
Эненин сай-соогун сыздаткан бар
Эл-безер атка конуп куруткан бар
Эненин сутун эмип тилин билбей
Эненин сай-соогун сыздаткан бар
#46 22 Сентябрь 2015 - 09:51
kaniet (22 Сентябрь 2015 - 09:35) жазган:
Кыргыз тил Гимнин жүктөгүлөчү сураныч, керек болуп жатат!
Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик тил гимни.
Сөзү: Сейит Алтымышовдуку.
Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку.
Тил жаралып Көкө-теңир таңынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.
кайрыма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тили Атажурттун кареги,
Биримдиги, күч-кубаты, тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
кайрыма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан жаныбыз,
туубуз,
Атажурттун келечеги, ак таңы.
кайрыма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан!
#47 15 Январь 2016 - 20:43
Ооба кыргыз тилимди эч ким тарыхтан очуро албайт, кыргыз тили жок болуп кетет деп эмне эле коркуп жатат тушунбойм, кыргыз тили эч качан, эч убакта жок болбойт .
#48 19 Сентябрь 2017 - 06:55
Мен дил баян жазуум керек эле тил боюнча 23-сентябрга карата,кенеш бергилечи кандай кылып жазсам ?монолог турундо баштасамбы же бир окуя мененби ?кандай дейсиздер жардам бергилечиии!
?
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
#49 19 Сентябрь 2017 - 23:37