Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#741 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол куну, ошол эле замат, багыуучу келиндин кыялын, оору адамдын абалын коргон догдур, озу тушуп келген "Тез жардам" менен ооруканага алып кетет. Байбиче суук тийуудон кабылдап кеткен ашказаны толук айыкканча дарыланып жатып толук айыгып, соо-саламат уйуно чыгып кетет. Акелини болсо, кайненеси жаткан жуурканды эшикке чыгарып салган бойдон ачык асман алдында жаткан тошончону, апасынын тили менен чердакка алып чыкканы жатып уулу минти: -Апа,муну эмнеге чердакка чыгарып жатасын? - деп сурайт. Анда энеси ачуулуу бурк этип: -Эй, макоо, кокустан тигил кемпир келип калса жатпайбы. -Анда, чердакка чыгарбай эле уйго жайып койбойсунбу? -Сасытыппы? - дейт аял. -Кемпирдин ичи откон буга. Бала апасын тандана тиктеп туруп башын чайкайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#742 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Сиз ушундай адамгерчилиги пас адам экенсиз ээ, апа. Атам корсо капа болбойбу. Аке-шишесинен башка эмнеси бар ал кишинин. -Жаныдан алып чыгып бараткан жуурканды ыргытып жиберип,тепкичтен секирип тушот бала. Аял уулун алая карайт. -Эмне, сен айтканды аткарбай кошо айтышасын мени менен. Алып чык азыр. -Алып чыкпайм. -Олуп каласын байкуш. -Олтурсон олтуруп сал. -Эй, башы жок, балам, сен чыгарбасан эле чыкпай калат деп турасынбы? Сен чыгарбасан озум чыгарам. Бала каткырып кулот. -Чыгар, чыгар,. Шаты которсо эле болду. Ачуусу менен жерде жаткан жуурканды которуп алып , шатыга которуло берип, тортунчу тепкичке жеткенде, жыгач кычырай тушуп, аялды которо албай, он буту басып турган жеринен чорт сынып, аял ошол замат бакырып барып, донгочтой болуп жерге талп дей тушот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#743 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол саамда энесин ооруканага жеткирип жаны эле короого кирген уй ээси, аялынын жерде кокуйлап жатканын коруп чочуп кетет. Жигит ары жакта эки колун чонтогуно салып, кумсарып турган уулун карап: -Эй, бала, бул кандай корунуш, апан эмне болду? -Апамды чон апамдын кусуру урду. Тим койунуз, эс алат азыр, жата турсун.... Оспурум болгон окуяны токпой - чачпай атасына толугу менен айтып берет. Мына ушул окуядан кийин, жигит бир сыйра кийимин алып уйунон чыгып кетет. Бирок окуя жигиттин озу ойлогондой болбой калат. Ал конулундо ата энеси уулунун аялы менен ажырашканына кубанат экен десе, тескерисинче, экоо бирдей капа болуп уулуна ачууланып минтишет: -Э, КАРАГЫМ АЙ, битке очошуп да койногу отко салабы? Аялындын кыз кезиндеги кыялы, катын болгондогу каадасы да. Анын адам эмес Кудайдын алы жетпей калганын билбейсинби? "Катынды башынан, баланы жашынан кармаш керек" болучу .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#744 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   19 Сентябрь 2015 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ото эркелетип, ою менен ойнотуп, айтканын айткандай кылып аткарып, козун карап журуп коптуруп жиберген биринчи куноо озундо. Эми тородой болгон уулдарын, торайымдай болгон кыздарын турса, аларды кантип кыйып таштайт экенсин. -Менин кунум отот дегилечи. Бирок силерге жакшылык кылбаган аял менен ушунча жыл чыдап жашаганым да жетишет. Ал, оздон коро бейтаныш, чоочун, алыскы адамдарды сыйлаганды жакшы корот. Бала, бала дейсинер, баладан ким жакшылык коруп жатыптыр. Бала менминби? Оорусанар карабасак, карысанар карабасак, ушул да бала, ушул да келинби? -Карабасандар карабай элк койгула. Озун сыртыбыздан адатынча коз салып тураарсын. Аялын келбесе озун келип, аялын бербесе озун берип жатпайсынбы. Багат деген ошол, балам. Биз учун шаарынды бузба. Алдында ага, артында ини жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#745 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Сентябрь 2015 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

КЕЧИРЕСИНЕР МЕН ЖУМУШТАР МЕНЕН ЖУРДУМ, КОЛУМ БОШОБОЙ.



Балдарындан башка кимин бар ишене турган. Уулдарын да, кыздарын да эстуу. Бирине толбогон кемтик биринен толоор. Ажырашууну мурда, бала-чакалуу, акар-чакар бололегинде ойлонушун керек эле да. Бул келиндин кербездиги мурда эле белгилуу болчу. Бизден болунуп, озунчо жашап билинбей калбадыбы. Ошондо да жон журбой, "жеткенге сийдигин чачып, жетпегенге кобугун чачып" журду. Эми ошонун акыркы жыйынтыгы бул болду. Биз бул келинге уйлоном дегенинде эле, карышы чыксак болгон эмессин. "Силер жашабайсынар, аны менен мен жашайм" дегенсин. Жашай бер эми. Мурда да анча мынча умутум бар эле, "катын карыган сайын акылдуу болот" дегендей, жаман-жакшыны коруп кагылаар, арзан менен кымбаты билээр дедим эле, болбоду. Ушул сапар ооруп барышымда тушунуктуу болду баары. Айла жок. ОЗУНДУН ДЕЛЕ ЖАШЫН ЖЕТИП КАЛДЫ. Катын кетирип, катын алуучу мезгилин эмес азыр. Анын устуно турмуш да, жашоода каталдашып баратат. Биз да карыдык. Толубуздон корубуз жакын калган кезде, сени аялындан ажыратып не мураска жетебиз. Ырас эле биз учун ажырашканын чын болсо, чечиминди бузуп кайра бар. Эл барында, журт барында бизден кам санаба, балам, дешип кулагына кумдай куюп жатып уулун кайра жолуна салышты.

Билдирүүнү түзөткөн: Nyrjamal.Teshebaeva: 22 Сентябрь 2015 - 12:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#746 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Сентябрь 2015 - 12:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эрди - катын кайра табышып, кайра эле баягыдай бирге жашап калышат. Бирок балдарым бар деп артын карай учканы менен арты жакшы деле болгон жок. Ажырашып да кете алышпайт. Коргон куну кор болду да, укканы уудай соз болду. Кенедей кылт этсе эле, жок жерден кыйкым таап: "Дагы кеткин келип калдыбы? Конуп калбадынбы, качкак катындай болуп, сени мен качырып келген эмесмин. Мына эшик ачык, келген жолун менен кете бер. Соок андыган доботтой болбой, чыгып кет. Итти кет десе деле кетет. Эмне, сен итчелик жоксунбу? - дейт да турат. Толкунбек озу кубо болуп, оз козу менен коргон ушул турмушту ойлоп кетти. Бирок Жайнагул ата-энеге мээримсиз, ниети кара, таш боор аял эмес да. "Оо, кудирети кучтуу Жараткан Алла, озун жар болуп, ишимди он жолго сала кор" - деп ичинде ойлогонун сыртында айтып жибергенин байкай коюп, ысык толкун бир дур этип алып, эки бетти чоктой албырып кетти. Баятадан бери астыртан Толкунбекти байкап олтурган Жайнагул, куйосунун созун угуп, сыр билгизбей мыйыгынан кулуп койду. Бирок бул созду атайын эле озуно уксун деп айтып, озунон кечирим сурап жаткандай сезди. Мейли, зарлана берсин, - деп ойлоду ичинен. Оз колу менен кылган куноосун, оз мойну менен тартсын. Мени жерге урган балапандай кылды эле, тим эле экинчи кайрылбоочудай болуп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#747 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Сентябрь 2015 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Оз ордуна Зыйнатты кечирим суратып, далдалчы кылбай эле , ошондо изин суутпай озу келгенде эле, мынчалыкка барат белем , барбайт белем ким билсин. "Ачылуунун астынан чыкппа" дегендей, ачынып турган жаным, кечирууго алым жетет беле, жетпейт беле, деги айтуу кыйын. Эми экообуз кайра жарашканда мурункудай бактылуу боло алабызбы, жокпу? Уккан эл эмне дээр екен? Эртен эле шаарга дун дей тушоор.
Толкунбектин кетишин бардыгы менден корушот "Катуу-кутуу жебеген, кара-кура корбогон кишиче" куйоосунун бир куноосун кечире албады. Кайран жигит, аялынын алсыздыгынан эл караган жузу, жер карап калгандан башка эл, башка жерге ооп кетти деген сыйактуу создорду эчен-эчен уккан Жайнагулду ой басып турду.
Баятадан кыз-куйоосун алдыртан сынай тиктеп олтурган Тумар Жайнагул менен Толкунбекти суйлошуп алсын, балким, менден жазганып олтурушабы деп ойлоп, ордунан туруп, баштык алып чыгып бараткан энесин коруп:
-Кайда барасын? - деди Жайнагул.
-Бул жаныбыздагы наабайдан нан алып келейинчи чайга.
-Нан бар да, эне.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#748 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Сентябрь 2015 - 12:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ысык нан менен чай ичеличи, балам.
Бирое Тумар ойлогондой болгон жок. Эки жаш бири-бирине даай албай, унсуз-созсуз дымып олтургандан кийин Жайнагул ашканага чыгып кеткен бойдон, энеси келгенде кирди.
А тОЛКУНБЕК БОЛСО, Асан менен Усондун тамашасына батып, озунчо эле жыргап, дунуйоосу тугол болуп алаксып олтурду.
-Бул менин папам! - дейт Усон атасынын мойнуна асылып.
-Сеники эмес, менин папам, - дейт Асан Усонду туртуп.
-Сен менин папамсын ээ?
-Мен экоонордун тен папанармын.
-Сен эртен кече-е-е эле жумушта журдун, ээ папа. Биз сенин суротунду тартканбыз.
-Кайда ал суротунор?
-Коросунбу?
-Кором, алып келгилечи.
-Асан менен Усон Толкунбектин устунон томолонуп тушушту. Анан текчеде турган суроттуу журналдарды биринин артынан бирин алып, чийилген кагаздарды аралаштырып издей баштады. Жайнагул киргенде экоо жарыша сурады:
-Мама папамдын суроту кана?
-Эмне? Кандай сурот?
-Усон экообуз тартпадык беле.
-Ой, кыйын суротчулор ай, кайда койдунар эле аны?
-Сага бергенбиз, мама.
-Тантыбагылачы, мен коргон эмесмин.
Жайнагул балдарынын созун угуп, эмне учундур Усонду ойлой ичи тарый тушту. А Толкунбек болсо, баягы кара кийген тундогу окуяны эстеп журогу удургуп, кабагы чытыла тушту.
-Мама кагаз берчи? - деди Усон.
-Эмне кыласын кагазды? Жайнагул бурк этти.
-Папамдын суротун тартам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#749 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   22 Сентябрь 2015 - 12:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ушул экоонун суротчу болгону отуп кетти мага. Экооно эки барак кагаз берди. -Экинчи кагаз суроочу болбогула.
Толкунбек Усонду тиктей берип ондонуп олтурду.
-Кана,киминер кыйын суротчу экенинерди коройунчу?
-Усон сен папамды тарткын ээ.
-Сен тартпайсынбы, мени, -деди Толкунбек.
-Анан тартам деди, - деди Асан.
Усон кагаздын бетин ары бери чиймелеп койсо эле кадим эле адам сымал болуп калды.
-Мына тартым , ПАПА....
-Толкунбек Усондун тартып жаткан суротун коруп олтуруп, Зыйнаттын балалык кзин, анын тарткан суротторун биринин артынан бирин ойлоп, кыялы кым-куут болуп жатты. Андан да, Уондун бир жери Зыйнатка окшоп , санаасы самандай сапырылып турду.
Толкунбек, кайненесинин суйлогон созунун кулагына бири кирсе, бири кирбей, озу менен озу болуп, бардык дити Усондо болуп жатып, чай клгенде гана бир серпилди.
-Кудайа тообо,, мына бул отуз тыйындык нан бир сом болуп кетиптир. Товар кымбаттайт акча алмашат экен дешип жан будоогу тушуп жатышат кошуналарын. Наабайчынын уйу уй эмес эле дукон болуп кетиптир. Кездемелерди рулон-рулону менен алып келип жатышат. Эчтеке ойлобогон эле сенсин Жакин.
-Ойлогондо эмне кылат элем. Кымбаттаса кымбатай берсин. Кымбаттаганда канча кымбаттамак эле. Ашып кетсе он-он беш тыйынга кымбатаар. Акча алмашса, акчанын ордуна акча берет да.
-Ой, билбейм, азыркы орус акчасынын жуз сому эки сом, мин сому беш сом болот имиш деп уройду учуруп жатышат бул эл.
-Койчу энеке, кантип эле адамдардын таман акы, мандай теринен, айлап, жылдап таап, жыйнап терген акча тыйынын желге учуруп жиберсин окмот. Эл башында да эл багуучу адамдар бар да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#750 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Камасанаба, эне, Турмушубуз мурдакыдан да сонун болот. Коросун го, Кыргыз эли эркиндике жетип, оз алдынча эркин мамилекет болду. Бул жыргал да.
-Ай, ошондой эле болсо экен. Олумтугубузго деп ичпей-жебей чогулткан тыйын-тыпырыбыздан ажырап калбасак эле болду.
-Канча акчанар бар кассада.?
-Он минден ашык го.
-Ой, бай турбайсыздарбы, эне!
-Атан экообуз беш баланы остуруп, эрезеге жеткирип, ушул жашка келдик. Байкуш атан силердин рахатынарды коруп, чайынарды иче турган мезгилде отуп кетти. Ал кишинин оз малы озуно жетти. Эч киминерди кейиткен жок. Эми мен дагы тиги дуйнонун камын корушум керек.
-Койчу энеке, сенин кызматынды кылуучу уулдарын, кыз-куйоолорун турбайбы.
-Туура, балам,. Бирок ар кимдин оз сарамжалы, оз мандай тери таттуу да.
-Ал кассадагы акчанды чогултканына канча жыл болду?
-Коп эле болду, балам. Согуштан кийин сала баштадык, аманат кассага. Ашыкча акчан болсо салып, керек болгондо алып турат экенсин. Атан каза болгондо жыйырма минден ашык болучу. Ошондон калган коронгосу бул. Абышка олоордо айтты . "Байбиче мындан ары дунуйо жыйам, акча салам дебе. Менден калганы олумтугуно кенири жетет. Кийген кийимин, жаткан орунун тынч болсо болду. Калган кемтиги болсо, балдарын оздору толуктайт" деген эле. Ошол атан экообуздун мандай терибизден жыйналган он мин сомдун элуу сом болуп калганы кантип жакшы болсун.
Акча алмашса алмашаар. Бирок мин сом беш сом болбос. Мейли алмашса. Ансыз деле союз таркап, ар бир улут озунчо эгемендуу республика болгондон баштап, орус акчасынын куну учуп, тамак-аштын баасы асмандап кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#751 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Балким оз акчабыз чыкса токтолоор баа.
-Мал да, жер да менчиктештирилет. Акчалуулар мал эмес зоот-фабириктерди сатып алат деп жатышканы кандай? Бул жерде бироонун элинде, бироонун жеринде журуп, эл алган жерден, эл алган малдан куру кол калбасанар экен, - деди Тумар.
-Атам менен энем бар да, алышат да болуштурсо, - деди Жайнагул.
Баятадан унчукпай кайненеси менен Жайнагулдун созун болбой угуп олтурган Толкунбек созго аралашты.
-Ооба, менчикке ото баштадык. Бирок малды багыш керек, жерди иштетиш керек. Азыр мурдагы союз бардагыдай, алабыз дегенди алып, жулабыз дегенди жулалбайбыз. Базар экономикасына откондон кийин кымбатчылыктын болгону болгон. Бара-бара мамилекеттик чек коюлган баа болбойт.
-Ар ким оз билгенин жасап, оз билгенинче жашап калабы?
-Ооба, эне, анда ар ким оз кучуно жараша жашап калат. Мисалы: сиз огордунузга ондургон продукциянызды озунуз билип сатып, озунуз билип ичип-жебегенде, маилекет билип, мамлекет бийлик кылмак беле.
Тумар Толкунбектин ишин ойлоп минтип сурады:
-Жанкы окмот салдыруучу уйлор кандай болот анда?
Мурдакыдай эле салына береби, же ал да токтойбу?
-Окмот салып, элге берилген уйлордун баары менчике берилип, сатыла баштады . Мындан ары эл учун окмот тарабынан уйлор салынары салынат. Бирок алар мурункудай жол менен берилбей сатыкка коюлат.
Жайнагул кулду.
-Мага караганда ой жугуртуун да, тушунугун да кучтуу экен ыя, эне. Эгемендуу республика болгонубузга кубанып журуп, базар экономикасы, менчиктештируу жонундо эчтеке ойлобоптурмун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#752 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Курсагын ача элек экен да, балам. Ошон учун ойлонбой жатасын. Эмитеден эле кээ бироонун дасторкону боксоруп калды, балам.
-Ким билет, менимче, анчалыкка бара элек го эч ким. Суйлоп олтуруп чайын да муздап калды. Келе чынынды, жаныртып куюп берейин.
-Мени коюп Толкунбекке берчи. Бул чай дегенин эр жигитке муноозду тамак эмес. Тамагын быша элекпи.
-Быша элек.
-Дасторкондогу таттуу-паттуу, момо-чомону улам Толкунбекти коздой жылдырып коёт Тумар.
-Алсан, балам.
-Алып жатам, апа!
-Балдарын кайда кетти?
-Волосипедге алаксып, уйду унутуп калды окшойт. Ойной беришсин. Алардын курсагы ток.
Жайнагул менен Толкунбек чечилип суйлошпогон бойдон кеч киргизишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#753 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагул суз, Толкунбек ботон уй, ботон бироонукуно келгенсип басмырт. Кечки тамактан кийин чогуу олтуруп телевизор корушту. Асан менен Усон мультфилим коруп олтуруп эле, олтурган жерлерине томурайып уктап калышты. Бул уйдо уйкусу качкан жалгыз Жанат. Ата-энесинин айткан создору эсине тушкон сайын: "Абам менен качан урушаар экен?" - деп санаасы тынбай андыганы да, сактанганы да Жайнагул. Анын эсинен кетпей журокзаада болуп коргогону жалгыз Толкунбек.
Телевизордон акыркы кабарды берип буткондон кийин, Толкунбек ордунан туруп, тышка чыгып кетти. Тумар куйоо баласынын жогунан пайдаланып минтти:
-Мага тошокту балдар менен ушул жерге эле салып бер. Жанат, сен мени менен жатасынбы?
-Жок, таэне, мен абам менен жатам.
-Кой, абан менен жатпай эле мени менен жат, каралдым. Экообуз сагынышып калбадыкпы.
-Ал кызды эмне кыласын, жата берсин Толкунбек менен, - деди Жайнагул.
-Мен бул жакка сени менен жатсам, Жайна женем абам менен урушат да, уйуно кет деп.
-Урушпайт, тун ичинде кайда кетмек эле.
-Уру-ша-а-а-а- т!
-Урушам абанды кайтарып жат, Желмогуз эле кызсын да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#754 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ой, кокуй ай, бала менен бала болбочу. Акылын менен болсон боло. Толкунбек талаада калчу бала эмес. Сен деп, балдарым деп келип олтурат. Тигил Зыйнат деле жазган тура ачыгын. Байкуш балам, "куру намыс баш жарат" дегендей, калпеле мант берип, намыстанымыш болгондун эмне кереги бар. "КОНОКТОН УРКОН БЭЭ ЖАМАН, ТОШОКТОН УРККОН ЭР ЖАМАН" дегендей, конулун суутуп алба. Экинчи колундан чыкса кайрылбайт. Минтип заман озгоруп, зан озгоруп турат. Кандай кун, кандай турмуш болоорун ким билсин. "МАЛ ЭЭСИ МЕНЕН, БАШ МЭЭСИ МЕНЕН" дегендей, уул балдарды ата тарбиялангандай болобу. Жаман айтпа Толкунбекке. Узур-мазыр тарынчынды жуйосу менен айт, уяткарып. Сенден да коркуп калдым, кызым. Кой оозунан чоп албаган токтоо, момун бала элен, озгоруп кетиптирсин, тилин чыгып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#755 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ой, энекебайым ай, озум кечирейин десем да, журогум болбой жатса эмне кыл дейсин. Мен деле балдар менен сенин жанына эле жатып алайынчы.
Тумар, эчен-эчен куйоондун шагын сындырбай, чогуу эле жатып алсанчы, деп айтайын деп айталбай минтти:
-Кой, балам, антпей тошогуно бар. Толкунбекке озунчо салып бер аркы уйго.
-Жайна жене, мен абам менен жатам, - деди Жанат.
-Сени ким жатпа деп жатат, жата бер.
-Мени менен эле жатчы, - деди Тумар кайталап.
-Жатпайм....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#756 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

......Тышта басып журуп, Толкунбек бир окумда уйго кирди. Атасынын киришин кутуп, сак жаткан Жанат залдан атып чыкты.
-Аба, жатасынбы, журу, мен сени менен уктайм, деп колунан жетеледи.
Жигит озунун орду залда экенин тушунду.
-Экообуз ушунда жатабызбы? -Жанат менен кошо кирди,. -Асан менен Усон жаттыбы?
-Ооба, алар эчак эле уктаган. Экоо тен таэнем менен укташты. Сен кайда бардын ыя.ю абаке?
-Тим эле аба жутуп тышта журдум. Сен женен менен жаткан жоксунбу? (Кызынан эмне соз чыгат экен деп сурады) Баары уктаган го, ээ?
-Жаткан жокмун Жайна женем менен, ал бирдеме жазып жатат.
-Уйкун келдиби? -Жанаттын кайра-кайра эстеп турганын коруп туруп сурады.
-Жок, - деди, - менин уйкум келбейт.
-Кой, антпе, жаталы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#757 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жаны жуурканга жаны шейшеп капталганын Толкунбек дароо билди. Жаны кездеменин жагымдуу жыты мурунду ордойт. Ушул саамда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде майданда журуп жубайына жазган Темиркулдун бир ырынын эк сабы эсине кылт этти.

"......БИРИНЧИ ТУНУ БИЗ ЖАТКАН,
ШЕЙШЕПТЕЙ АППАК БОЙДОНМУН... .."

Бул жаны шейшеп, жаны жууркан Толкунбекке чыны менен эле Жайнагулдун актыгын, анын журум-турумун тазалыгын айгиленеп айтып турган кубо сыяктуу болуп туюлду. Санасы сандап, журогу турсулдоп согот. "Бугунку тун Жайнагул экообуздун тагдырыбыздын чечилуучу тун" - деп ойлоду. Откондогу каргашалуу опосуз окуялар биринин артынан бири коз алдынан тартылып отуп жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#758 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбек ойлой берип, Жайнагулдон оозго алып,бетке кармай турган кылдан кыйкым табалбады. Мен оз бактыма, оз махабатыма озум чыккынчы болдум. Жайнагулдун мен деп соккон жазыксыз журогуно, ак пейлине, адал эмгегине каракчылык кылдым.
Ошон учун "Адам арыгын сактаса тобо кандайт" дешет турбайбы. Толкунбек Зыйнатты эстегенде онтоп жиберди.
"Ай Кудайым ай, бул да бир махабаттын кулу болгон байкуш экен. Мен деп журуп чачы агарып кетти. Анын да убалына калдым. Зыйнат эмне, жаман аялбы?
Жок, жок, ал деген тогорогу топ келген акылдуу тулку. Анын байлыгы да, ырахаты да мен болчумун. Бирок мен анын оюндагысындай жар боло албадым. Торобой да калды. Талантынан башка бардык ырахатын мен учун курмандыкка чалды. Ушул жерге келгенде Усондун кээ бир жерлеринин окшоштугун ойлоп, журогу сызыла тушту. Бир кезде кандайдыр бир шоокумдан селт этип ою чачылып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#759 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жигит озунун кайда жатканын эстей коюп, жаздыктан башын жулуп алды. Саатын карады. Убакыт он экиден отуп кеткенин коруп ордунан козголо берип, жанында жаткан Жанаттын демин тыншап токтоду. Анан ордунан туруп короватынын четине кочук басып, катарындагы Жайнагул жаткан болмону тем тартпай элейе тыншап турду.
Ал эми Жайнагул учун бул тун, башкача бир тынчын алып, уйку бербеген тун болду. Ойлогон оюнун баары Толкунбек. Энеси менен балдары жаткандан кийин уй ичин иретке салып, идиш-аягын жууган болуп кайпактап журуп, эмнегедир ваннага кирип тишин тазалап, бети колун жууп, трюмонун алдына келип токтоду. Калп айткан менен болобу, Толкунбекти канчалык кагажытып, кагып-силккени менен, жигиттин башкага баш ийбеген кусалуу журогунун ысык илеби Жайнагулдун тымызын тынчын алып жатты.
Ал минтип ойлойт: "Балдарым деп, мен деп келгени чын болсо кайда кетмек эле. Бир-эки кун жаныма жакын жолотпой жалдыратайын" -деп озу менен озу кенешип, озун озу бекиткени менен бары бир эси дартынын баары Толкунбекте болуп, андан алыстай албай турду. Устундогу когултур жибектен аземдеп, жарашыктуу тигилген тунку ич койногун кийген бойдон кузгу алдында тарынып эмнеге турганын озу да билген жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#760 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагул Толкунбектин жотолун угуп журогу болк этти. Ал азыр болмосунон чыгып, озун ушул жерден камынтпай кучактай калчуудай сезилип кетти. Андан дагы: "Мени кутуп турган тура жатпай" -деп ойлойт экен деп аялдык намыстан эмне кылаарын билбей шашылып калды. Ал бир колу менен ич койногун буктой кармап которгон бойдон шашыла жарыкты очуро салып, оз болмосуно кирип тошогуно кулады.
Толкунбек эшикти аяр ачып чыгайын дегенче болбой, Жайнагулдун светти жалп очуруп, оз болмосуно кирип кеткенин коруп, бир демге туруп калды. Анан аста басып мышык дабыш менен босогонун тубуно келип токтоду. Журогун басып бир демге тургандан кийин, кокус илип алган жок бекен деген ойдо, эшиктин туткасын аяр кармап аста тартты. Жок, бекитпептир, ачык экен. Куноолуу адам кыяматтын кыл копуросунон отуп бараткан немедей босогону аттады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 19:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: