Кадимки бээ үчүн миң доллардан кем эмес акчаны төлөш керек. sapiens бээсин күндүзү эле эшиктен сүйрөп келип, короого байлап, көңүлүн алуу үчүн шириндик, жем берип койсоң болот.
Кыргызстанда жыл сайын миңдеген кыздарды ала качышат. Изилдөөчүлөрдүн баамында өлкөдөгү айымдардын көпчүлүгү ала качуу менен турмушка чыгышкан. Кордук, зомбулук көргөн аял коомчулукка жан дүйнөсүн арнаган партиот баланы тарбиялай алабы? Андай аял жапайы, кул жана малайларды гана тарбиялашы мүмкүн.
Кыз алакачууну токтотууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча кайсы бир партиянынпрогарммасынын биринчи катарында же алдыңкы катарына киргизилиппи? ,- деп суроосалдым. Улуттун көбөйүшүн шарттагандарды уурдаган браконьерлерди бычып же аздегенде 20 жылга эркинен ажыратуу керек.
Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – анда эмне үчүн бактысыз келинди көргөн туугандары, достору, коңшулары көрмөксөн болуп, тескери бурулушат. Эмне үчүн милиция адам уурдоолорду карабайт, жабырлануучуларды коргобойт. Эмне үчүн кыз ала качуу боюнча камалган адамдын мөөнөтү кой уурдаган адамдын мөөнөтүнөн аз.
Эгер кыргыз кызы мал болбосо – эмне үчүн ар бир жаш кыргыз кыздын, койчунун кызынан тартып шаардагы студент кызга чейинкилердин баркы кыздык белги менен ченелет.
Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн жаңы келиндин кош бойлуу экендигин сурап, текшеришет? Эмне үчүн 20 жаштан өткөн турмушка чыга элек кыздарды кара далы катары санашат? Эмне үчүн 30 жаштагы өзүн өзү толук камсыздай алган кыздарды оорулуудай сөөмөй менен көрсөтүшөт? Ал сөзсүз түрдө түрү суук болсо да бир дөбөткө тийиши керекпи?
Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн эркектердин уруп-согуу, кемсинтүү, көзгө чөп салуусуна карабай малай катары жашоосун өткөрүшөт?
Шаардагы каалаган кыргыздан “аял биринчи орундабы же ата-энеби деп сурап көрсөңөр. Ал “албетте ата-эне да. Алар жалгыз. Ал эми аялды алмаштырса болот” деп жооп берет.
12 жыл мурун европалык курсташтарым менен бирге бир залда кыргыз кыздарын ала качканы тууралуу даректүү тасма көргөндө мен уялдым. Мени менен чогуу окуган кыз келип “үйлөнөрдө эч качан кыз ала качпайм деп сөз берчи” дегенде уялганымдан денемди тер басып кетти.
Ошондон тартып кайсыл жерде болбоюн чет өлкөлүктөр менен Кыргызстан тууралуу сүйлөшкөндө мен Кыргызстан – бул аялдарды мал сыяктуу уурдаган өлкө экенин мойнума алып келем.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 24 Сентябрь 2015 - 16:37