Суперстан: Эгер кыргыздын аялдары мал болбосо... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эгер кыргыздын аялдары мал болбосо... Данияр Айтмандын блогу.

#1 Пользователь офлайн   aikow92   24 Сентябрь 2015 - 16:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Бул жаман угулушу мүмкүн, бирок мен эркек болуп жаралганыма сүйүнөм. Анткени Кыргызстандагы аялдар малдан дагы арзан турушат, аларды эч ким баалабайт.

Кадимки бээ үчүн миң доллардан кем эмес акчаны төлөш керек. sapiens бээсин күндүзү эле эшиктен сүйрөп келип, короого байлап, көңүлүн алуу үчүн шириндик, жем берип койсоң болот.

Кыргызстанда жыл сайын миңдеген кыздарды ала качышат. Изилдөөчүлөрдүн баамында өлкөдөгү айымдардын көпчүлүгү ала качуу менен турмушка чыгышкан. Кордук, зомбулук көргөн аял коомчулукка жан дүйнөсүн арнаган партиот баланы тарбиялай алабы? Андай аял жапайы, кул жана малайларды гана тарбиялашы мүмкүн.

Кыз алакачууну токтотууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча кайсы бир партиянынпрогарммасынын биринчи катарында же алдыңкы катарына киргизилиппи? ,- деп суроосалдым. Улуттун көбөйүшүн шарттагандарды уурдаган браконьерлерди бычып же аздегенде 20 жылга эркинен ажыратуу керек.

Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – анда эмне үчүн бактысыз келинди көргөн туугандары, достору, коңшулары көрмөксөн болуп, тескери бурулушат. Эмне үчүн милиция адам уурдоолорду карабайт, жабырлануучуларды коргобойт. Эмне үчүн кыз ала качуу боюнча камалган адамдын мөөнөтү кой уурдаган адамдын мөөнөтүнөн аз.

Эгер кыргыз кызы мал болбосо – эмне үчүн ар бир жаш кыргыз кыздын, койчунун кызынан тартып шаардагы студент кызга чейинкилердин баркы кыздык белги менен ченелет.

Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн жаңы келиндин кош бойлуу экендигин сурап, текшеришет? Эмне үчүн 20 жаштан өткөн турмушка чыга элек кыздарды кара далы катары санашат? Эмне үчүн 30 жаштагы өзүн өзү толук камсыздай алган кыздарды оорулуудай сөөмөй менен көрсөтүшөт? Ал сөзсүз түрдө түрү суук болсо да бир дөбөткө тийиши керекпи?

Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн эркектердин уруп-согуу, кемсинтүү, көзгө чөп салуусуна карабай малай катары жашоосун өткөрүшөт?

Шаардагы каалаган кыргыздан “аял биринчи орундабы же ата-энеби деп сурап көрсөңөр. Ал “албетте ата-эне да. Алар жалгыз. Ал эми аялды алмаштырса болот” деп жооп берет.

12 жыл мурун европалык курсташтарым менен бирге бир залда кыргыз кыздарын ала качканы тууралуу даректүү тасма көргөндө мен уялдым. Мени менен чогуу окуган кыз келип “үйлөнөрдө эч качан кыз ала качпайм деп сөз берчи” дегенде уялганымдан денемди тер басып кетти.

Ошондон тартып кайсыл жерде болбоюн чет өлкөлүктөр менен Кыргызстан тууралуу сүйлөшкөндө мен Кыргызстан – бул аялдарды мал сыяктуу уурдаган өлкө экенин мойнума алып келем.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 24 Сентябрь 2015 - 16:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Daud   24 Сентябрь 2015 - 16:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Феминистик үгүттөөлор уланууда.

Аялды кордогон эркек кыргыздардан эле чыгып жатыптырбы! ? Же кыргыздын баары аялын кордоп жатыптырбы! ? Ата-энени аялдан бийик коюнун бул темага кандай тиешеси бар!? Аялым ата-энемден жогору турат деш керекпи!?

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 24 Сентябрь 2015 - 17:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   LETITGO   24 Сентябрь 2015 - 17:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 437
  • Катталган: 14 Июль 15
  • Соңку аракети: 20 Дек 2015 15:48

Кече ушул теманы орусчасын фейсбуктан окуп келдим эле, ушунча болду эми авторунда кошуп койбопсун...

Мен да ала-качууну жок кылгысы келгендерденмин. Ушул тема козголгон жерде ала-качууга каршы чыгам, элдер менен талашып. 2012жылы атайын статия чыгарышкан. Бул нерсе жапайычылык.


Эптеп кыздар менен тааныша албаган, элдин созу менен жашаган алсыз, коркок, коз карама эптеп зорго мурдун тарткан балдар кыз урдап уйлонушот!

Чыны эркек кызды сый урматы менен ата-энесинин ыразычылыгын алып, сойко салып, той кылып алып чыгып кетет....
К Черту Вашу Взрослую Жизнь..!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   LETITGO   24 Сентябрь 2015 - 17:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 437
  • Катталган: 14 Июль 15
  • Соңку аракети: 20 Дек 2015 15:48

Ала-качуу ооо илгери илгери откон заманда. Жаш кыздарды карыган чалдарга берип коюшкан мажбурлап, эгерде ал кыздын суйгону болсо тиги суйгону менен бироого болуу учун ала-качууну уюштурган. Дагы бир версия боюнча кыргыздар айылдарга болунуп бири бири менен кээде касташып турушкан, куда соок болуну калашпаганда кызды ала качышкан дейилет...


Эми ал замандар отуп кетти, адамдардын ан сезими осуп жатат. Бирок ала-качуу салт дегендерди чокусуна эле койгун келет да. Ала-качып омуру корбогон адамдар сенин жашоонду чечип коюшат. Сенде эч кандай укук калбайт, коркутушат, наазарга каласын, керек болсо карагашат. Бирок ал нерселердин бир да таасири болбойт эгер кыз бала психикалык жактан айтылган создорго конул бурбаса... Кыргыздын жапайычылыгын корсоткон бул адат канча кыздардын тагдырын бузду...


Кээ бир отуруп тынып калгандардын ооз коптургонун уксан, давлениян которулуп кетет. Бир кездерде малга салыштырылып, эркине каршы бироолор тагдырын чечип койгону менен иши жок...

Билдирүүнү түзөткөн: LETITGO: 24 Сентябрь 2015 - 17:15

К Черту Вашу Взрослую Жизнь..!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Topchubai   24 Сентябрь 2015 - 17:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Кыргыздын кыз келиндери,аялдары малдан жогору турат!Европалыктар айта беришет да,аларга баары бир да,бугун бири менен жатса,эртеге дагы бири менен жатат.Эми суроо да жалпына!Омур бою бир эркектин козун караган жакшыбы,же ар кимдин астында жатып,талпак болгон жакшыбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   LETITGO   24 Сентябрь 2015 - 17:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 437
  • Катталган: 14 Июль 15
  • Соңку аракети: 20 Дек 2015 15:48

》Шаардагы каалаган кыргыздан “аял
биринчи орундабы же ата-энеби деп
сурап көрсөңөр. Ал “албетте ата-эне
да. Алар жалгыз. Ал эми аялды
алмаштырса болот” деп жооп берет. 《

Бул суйломдордун мааниси, бир нерсе болсо 2нун бироосун таандабай керек болсо ата-эненин да сыйлаганча, аялын да сыйлай билуусу керек дегени... Кээ бир эркектер бир нерсе болсо эле ажырашам кочого чыксан кыз толоо дешет, бир аялды эптей албаган эркек эркекпи конечно жок...
К Черту Вашу Взрослую Жизнь..!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Topchubai   24 Сентябрь 2015 - 17:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Просмотр сообщения LETITGO (24 Сентябрь 2015 - 17:11) жазган:

Ала-качуу ооо илгери илгери откон заманда. Жаш кыздарды карыган чалдарга берип коюшкан мажбурлап, эгерде ал кыздын суйгону болсо тиги суйгону менен бироого болуу учун ала-качууну уюштурган. Дагы бир версия боюнча кыргыздар айылдарга болунуп бири бири менен кээде касташып турушкан, куда соок болуну калашпаганда кызды ала качышкан дейилет...


Эми ал замандар отуп кетти, адамдардын ан сезими осуп жатат. Бирок ала-качуу салт дегендерди чокусуна эле койгун келет да. Ала-качып омуру корбогон адамдар сенин жашоонду чечип коюшат. Сенде эч кандай укук калбайт, коркутушат, наазарга каласын, керек болсо карагашат. Бирок ал нерселердин бир да таасири болбойт эгер кыз бала психикалык жактан айтылган создорго конул бурбаса... Кыргыздын жапайычылыгын корсоткон бул адат канча кыздардын тагдырын бузду...


Кээ бир отуруп тынып калгандардын ооз коптургонун уксан, давлениян которулуп кетет. Биз кездерде малга салышытырып, эркине каршы бироолор тагдырын чечип койгону менен иши жок...


Азыркы тапта ала качуу бир топ басандаган. Азыр баары эле суйлошуу жолу менен турмуш куруп жатышат го.Болгону ошол ала качуу салтын колдонуп жатышат(кыз озу ушундай сунуш киргизгенде)

Билдирүүнү түзөткөн: Topchubai: 24 Сентябрь 2015 - 17:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Holerik10   24 Сентябрь 2015 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кана эми ушул жерде талашып-тартышсанар эле онолуп кетсек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Topchubai   24 Сентябрь 2015 - 17:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Просмотр сообщения LETITGO (24 Сентябрь 2015 - 17:14) жазган:

》Шаардагы каалаган кыргыздан “аял
биринчи орундабы же ата-энеби деп
сурап көрсөңөр. Ал “албетте ата-эне
да. Алар жалгыз. Ал эми аялды
алмаштырса болот” деп жооп берет. 《

Бул суйломдордун мааниси, бир нерсе болсо 2нун бироосун таандабай керек болсо ата-эненин да сыйлаганча, аялын да сыйлай билуусу керек дегени... Кээ бир эркектер бир нерсе болсо эле ажырашам кочого чыксан кыз толоо дешет, бир аялды эптей албаган эркек эркекпи конечно жок...


Анан эмне,уруш талаш болгондо биринчи аялды тандап,сени ушул даражага жеткирген ата-энендин конулун оорутуу керекпи?Жоок, мен андайды эч качан жасабаймын. Анткени,ата- эне ыраазы,Аллах ыраазы.Аял табылат,ал эми ата-эне эч качан табылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   AMAHAT   24 Сентябрь 2015 - 17:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 153
  • Катталган: 11 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Мар 2016 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эмне кызды ала качканы учун мал болуп жатабы? Ушул автору ким болду экен, бир кебетесин коруп сындап коелу! Малдыка жатпайт ал нерсе, ал деген илгерттен болуп келаткан САЛТ болуп калган. Сен ушул корунушун менен аялдарыбыздан эмес, Кыргыз экенине да уяласынго чиркин. Европанын паспортун ал дагын ошолордун салтын кош колдоп сатылып жаша анткени сен кайнап турган Канындан уяласын! Балким апанды атан ала качып алгандыр. Терен ойлонуп суйлоп жургун. Биз Кыргыздар мына ушундай салттарыбыз менен башкалардан айырмаланып турабыз. Кыргыз, Мусулман болуп жаралганына шугур кылсан боло, телегейи тегиз калкты карага шывап сындабай!
Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   LETITGO   24 Сентябрь 2015 - 17:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 437
  • Катталган: 14 Июль 15
  • Соңку аракети: 20 Дек 2015 15:48

Просмотр сообщения Topchubai (24 Сентябрь 2015 - 17:20) жазган:

Анан эмне,уруш талаш болгондо биринчи аялды тандап,сени ушул даражага жеткирген ата-энендин конулун оорутуу керекпи?Жоок, мен андайды эч качан жасабаймын. Анткени,ата- эне ыраазы,Аллах ыраазы.Аял табылат,ал эми ата-эне эч качан табылбайт!




Сиз болокчо ситуацияны мен болок ситуацияны карап жатам...
К Черту Вашу Взрослую Жизнь..!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Topchubai   24 Сентябрь 2015 - 17:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Просмотр сообщения LETITGO (24 Сентябрь 2015 - 17:34) жазган:

Сиз болокчо ситуацияны мен болок ситуацияны карап жатам...


Маселен кайсы ситуация?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Holerik10   24 Сентябрь 2015 - 17:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Урматту бир туугандар суранаар элем теманы талкууласак, авторду эмес,оз оюбузду жазайлы урушуп талашпай.

Бул бир эле ушул тема эмес башка жакта дагы урушуп автор го асыла кетишет,ошондой корунуштордон алыс болууга чакырам)

Бири-бирибиздин конулубузго тийбейли)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   nurai92   24 Сентябрь 2015 - 18:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Эгерде бул оюм авторго асылгандыкка жатса алдын ала кечирим сурайм. Бирок, ушул автор кобунчо кыргыз аялдары тууралуу жалан негатив, пессимист ойлорду жазат.

Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – анда эмне үчүн бактысыз келинди көргөн туугандары, достору, коңшулары көрмөксөн болуп, тескери бурулушат.


Тескери бурулушпайт, чыдамкайлыкка, кечиримдуулукко ундошот.
Азыр ар бир учунчу же тортунчу адам ажырашкан, ошолорго:
-"сен кочодо калыпсынбы"
-"андан жакшысын табасын"
-"озунду озун деле эптей аласын"
деп, тескери бурулуп кетпей ушундай акылдарды айтканы учун ажырашуулар коп болуп жатат.

Аллах уруксат берген, бирок эн жаман коргон нерсеси бул - ажырашуу.
Европаны туурайбыз, укугубузду тебелетпешибиз керек, демократия деп жатып оздугубузду жоготуп жатабыз.

Создун кыскасы, кыргыз аялдары илгеркидей баркталып, данкталбаса деле сиз айтканчалык денгээлге тушо элек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Umka..00   24 Сентябрь 2015 - 19:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ошону менен мал атка кондукбу канча жаман болсода малдан айырмаланып турабыз. Мал дебей эле суйлойлучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   beka1207   24 Сентябрь 2015 - 19:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Жакшы эле,кудайга шугур эле аялдарыбыз. .мал дегидей тартууга кетип же базарда сатылып жаткан жок...илгерки заманга караганда кыйла аялзатыбызды урматтап кастарлап калдык...ушунусуна каниет...
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   happy02   24 Сентябрь 2015 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Жашоосу "ала качуу" деген жапайычылыктан башталып, омур бою куйоосуно деген жылуу сезими жок, ичтен сызып, калп жылмайып жашаган айымдар миндеп саналат.
Мисалы ойлонуп корсонор биз малдын ой-пикири,сезимдери менен эсептешебизби? "Албетте жок, малдын да жан дуйносу, ой-жугуртуусу болчу беле!"-деп козунор чанагына чыга заар менен жооп берээринер шексиз. Демек аял деген- адам, анын сезими бар, сезими болгондо да кандай гана низик келет сезимдери, аял кишинин малдан айырмаланып ой-пикири бар экен, суйлоо жондомдуулугу бар экен. Эгер "аял" мал болбосо, анда эмне учун ойу менен эсептешпей, куч колдонуп жашап келесинер??
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Kg.lady   24 Сентябрь 2015 - 19:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ала качууну бир жактуу карабаш керекго менимче. Мисалы омуру корбогон эле бейтааныш бироо жолдо-белден бокторо качса менда каршымын! Мындайды каалабайм, себеби мендеда кыздар бар. Кыздарым келечекте андай кордуктун курмандыгы болушун кааламак тургай элестетким жок.
Ал эми жакындан бири-бирин тааныйт, же суйлошуп журот. Жигит уйлонгонго убактысы келген, а бирок шаан-шокоттоп той берууго жону жукалык кылат. Ошол кезде эмне кылыш керек. Казга тенелип буту сыныш керекби?Чамынып бар доолотун чачып той кылып, карызга белчеден батышы мумкун. Ошол кезде келечек жашоосун ошол адам менен откорууго козу жеткен кебир кыздар ала качууга макул болуп жургондорун кубо болуп журом. Себеби ала качууда шаан-шокоту жок, кызды кууп келишет чакан чойродо белгиленет. Кобунчосу экинчи турмуш кургандарда ала качып кетти дедиртип жубайын уйуно жетелеп кеткендер бар. Мына ушундай, кыздын укугу тебеленбей оз каалоосу менен качып кетти деп салтты он жака чечип койсо колдобогонго неге болбосун?

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   stimyl.kg   24 Сентябрь 2015 - 21:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Кыргыз аял заты,азыркы тушунугу тайкы эркектер аркылуу кордолуп басынтылып малдан айырмасы болбой жатканына чындыгында зеенин кеийт. Мына анча мынча ушул эле супер.кж га чыгып жатпайбы(сонку кабардан же болбосо атайын тема ачылып бир аялдын койгойун чагылдыра) кандай кордолуп кун откоруп жатышкандыгы. Ошондуктан мен да дегеле аял затына устомдук кылынуусуна каршымын. Туура,ушул кезге чейин ала качуу жолу менен кыргыз калкы онуп осуп кобойуп келдик аны танууга болбойт,салт катары кабыл алчуубуз кыз алып качууларды, бири бирин тааныбаса да никеден кийин отуруп калчу бир тутун булатып жашап калышчу. Алыс барбайлы озубуздун ата-эне жакын туугандарды эле карайлычы,алакачуу менен баш кошушкан адамдардан торолуп онуп осуп ушул жашка келдик. Бирок ким айтмакчы заман озгорду,адамдын жашоого карай ан сезими озгорду,ошондуктан аял адамды да оз каалосу мен болууга,баш кошууга озу каалаган адамга чыгууга адам катары укутуу болуп,тушунуу кези келди эмеспи. Мал деп малга тенеген кордоп уруп соккон кун коргозбогон, бул жеткен наадандык деп эсептейм,анткени ошол малга тенеп кордогон тепкилеп жаткан адам аялдан торолгонун унутпоосу керек. Чындыгында ата эненден кийики адам аялын келинчегин жубайын болуп эсептелет эмеспи,эгерде ата энен болбосо кайдан алган жарына кошулмак элен. Алачууга мен да каршы адамдарданмын.

Билдирүүнү түзөткөн: stimyl.kg: 24 Сентябрь 2015 - 21:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Gulnazz93   24 Сентябрь 2015 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Теманы башкачараак атабапсын автор!Ала качуу жонундо же башкачараак вариантта.Жаман угулат экен кудайга шугур демократия олкосундо жашап жатабыз, аялдар тен укуктуу, бийликте жана башка тармактарда деле аял кишилер иштеп жатат.Беш кол тен эмес кээ бироолор ала качуунун, зордук зомбулуктун курмандыгына айланып жатат мен да ала качууга каршымын.Баарыбызга жаратканым бактылуулукту насип этсин, ар бир аялзаты бактылуу жашоого акылуу!

Билдирүүнү түзөткөн: Gulnazz93: 24 Сентябрь 2015 - 21:12




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 04:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: