
Табият тартуулаган дене- мүчөнү сынга алуу туура эмес деңизчи. Ошенте да кээ бир ынгайсыздыкты жараткан учурларды туура тандалган кийимдин жардамы менен жашырса болот. Маселен, ашыкча толук, жоон санды ылайыктуу кийим менен жашырып коюуга мүмкүнчүлүк бар. Эгер сизде ушундай маселе болгон болсо,анда негизги эрежелерди эсиңизге сактай жүрүңүз. Эң эле маанилүүсү көкүрөгүңүз кичинекей ал эми саныңыз жоон болсо, анда көкүрөк тарапты да чоң көрсөтүүгө аракет жасабаңыз, масеелн кең кофта кийип, анда, төрт чарчы мүчөгө ээ болуп каласыз. Жоон санды кийим менен жашыруу жолдору
Жоон сандуу, көкүрөгү кичинекей айымдар төш чөнтөгү бар кофталарды кийсе болот. Ошондой эле жакачы төрт чарчы кесилген фасондогу кийимдер эн сонун жарашат. Узундугу жамбашка жетип турган болуусу шарт. Мындан сырткары, жеңи жок жилет, кемзелдерди кофтанын үстүнөн кийсеңиз болот.

Ал эми юбканы жоогазын стилинде кийсеңиз куп жарашат. Тизеден бир аз ылдый болгону дурус. Бут кийимди орточо узундуктагы туфлилер ылайыктуу. Таманы жалпак, жапыз же калың жалпак бут кийимдер бутуңузду кыска көрсөтүп коёт. Асынган сумкаңыздын узундугу белиңизге жетпегендей болсун. Белге тийип турганы жарашпайт.

Кеңсе стилиндеги кийимдер менен жоон санды жашыруу
Жамбашты жарым- жартылай жаап турган, бели чып отурган жакеттер өтө ылайыктуу. Ичинен классикалык көйнөк жана түз формадагы шым кийсеңиз болот. Бут кийимди орто узундуктагы шиш така кийсеңиз жарайт.
Кечелерге барганда жоон санды жашыруу
Кийген көйнөгүңүздүн арт тарабынын этеги эки- үч карыштай кесилген болсо жакшы. Ал эми бут кийимди жогоруда айтылгандай тандайсыз. Узун шуру тагынбаңыз.

Жоон сан спорттук формада
Машыгуу залына бара турган болсоңуз, анда, классикалык денеге чып жабышкан футболка менен кара өндөгү формасы туз тигилген спорттук шым кийип алыңыз. Ал эми бут кийимди ачык өңдүүсүн алыңыз. Ал көздү жакшы алаксытат.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 18:23