Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#761 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   24 Сентябрь 2015 - 00:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Чыгыш тарапты караган чон терезенин пардаларын тешип отконсуп, кочодогу прожектордон тушкон жарыкка аралашып чакыя тийген Ай нуру болмонун ичин будомук нурга болойт. Жигиттин козуно урунганы озуно тааныш эки кишилик короват болду. Толкунбек ботон бироонун гул багына ууруга кирген шектуу адамдан бетер, коодонун жарып чыгуучудай болгон журогунун албуут согушун басып, энтигип турду.
Бул кезде Жайнагул Толкунбектин жанына жакын келип токтогонун билип турса да билмексен болуп, эч нерсе сезбеген терен уйкуда жаткан адамдан бетер дым тартпай калды. Ал куйоосунун ысык демин сезген сайын дене-бою чыналып, журогу коодонуно батпай думугуп баратты. Конулундо Толкунбекти жектоону да билбей калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#762 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

А Толкунбек болсо Жайнагулдун тошогуно дароо кирип баруудан батына албай, алда кандай жагымсыз соз угам деген ниетте, короваттын жанына чоголоп олтура калып, он колу менен мандайын аста сылап, сактана суйлоп минти:
-Жайна, алтыным, мен сенсиз жашай албайт экенмин. Сенин астында куноом тоодой. Тоодой болсо да кечирим сурайм. -Бетин бетине тийгизди. -Менин журогум сен учун мурда кандай болсо, азыр да ошондой эле Жайнагул деп ырдап да, ыйлап да турат. "ЧЫГАШАГА ЭЭСИ БАШ" дегендей, байкоостон чалдырап койдум. Сенден ажырап, балдарымдан кеткени, жыргап журду дейсинби. Канткен менен адам экенбиз да. "КАРЫШКЫР ЖУНУН УРПОЙТОТ, ИТКЕ СЫРЫН БИЛГИЗБЕЙ" дегендей эле кеп. Сен мага кечирим кылбай койгондон кийин намыс кучумдон, Зыйнат менен жашоого аргасыз болдум. Уктасам тушумдо, ойгонсом онумдо ичтен жеген курттай болуп, озумду озум соттоп, куурап жургонумду кайдан билмек элен. Зыйнат экообуздун "бирге жашадык" атыбыз болгону менен ал менден бактылуу бололбады... ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#763 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбектин созуно муюп, ишенип турса да , аялдык ар намысы деген куч кучтуулук кылып, оозунан кенедей жылуу соз чыкпай турду. Куйоосуно сыр корсотуп, кокурокко туртуп, "экообуздун жумушубуз эчак буткон, тарт колунду темселебей. Сен мен учун тируу болсон да олгон кишинин бирисин" деген соз тилинин учуна эчен келип, эчен кетти. Чындыгында эле бул кезде Жайнагул элдин созунун, ал эмес оз энеси Тумардын Толкунбекке куноо койбой, озуно койгон дооматынын тууралыгына козу жетип калган. Жайнагул Толкунбек менен ажырашып жалгыз жашаган мезгилдин ичинде копту коруп, коп нерсеге козу жетти. Ал ажырашып кайра табышкан башка адамдардын турмушунан эле эмес, аялы менен майдай-суттой акар чакар болуп жашап жаткан эркектердин да, ал эмес аялдардын да ууру жолдо жургон фактыларын оз козу менен коруп, оз колу менен угуп, конулундо озуно озу бушайман болуп, Толкунбектин бир куноосун элге жарыя кылбай эле кечирип койбой, колунан чыгарып жибергенине окунуп жургон кезинде кутуусуз жерден Зыйнаттан кат алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#764 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Катты окуп ыйлады. Толкунбектин жакшы мамилесин, жайдары мунозун, жагымдуу создорун кайра баштан энсеп, кайра баштан сагына баштады. Канчалык куйоосунун ысык кучагы тартып,эркектин зери учуруп, журогу толуп турса да Жайнагул мелтейип койду. Оо, тагдыр деген татаал нерсе белем. Кечээ жакында эле, эми экообуз туболукко бирикпей калдык го деп тунулуп жургон Жайнагулдун алдында Толкунбек кечирим сурап жалдырап турду.
Эчен , эчен соз келип турса да соз айткысы келбеди. Айтуучу созду а детиртпей, айтты да кечте. Кокустан жаман соз угуп жанына батса: "СЕН ТЕКСЕН, МЕН ДА ТЕКТИМ" деп кетип калчуудай болуп туюлуп турду Жайнагулго. Толкунбек каттуу айтылган жагымсыз созду анчалык кабыл алуучу эмес. Ага мактоо жарашчу. Анткени балдары токтобой журуп, олумдон журогу ушуп жургон ата-эне Толкунбекке "О" деген соз эмес, оодо карабай, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып журуп, жедеп кондургон да. "Кечтеги менин созумду кантип чыдап укту экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#765 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбектин кулундай туйлаган журогу коодонун жарып чыгуучудан бетер алып-желеп болуп турсул согушу короваттын четинен отуп, Жайнагулдун кулагында дупулдоп жатты. Анын илебинен чыккан ысык аптап аялдын деми кысып, айланасы уп болгонсуп баратты.
-Мындан ары эч качан мындай болбойт, кечирип койчу эми!

А Жайнагул болсо жигиттин созун ойлонбой туруп эле минти:
-А балким, болуп калсачы?
-Болбойт. Уктун го сен учун кандай абалда жургонумду.
-Колдорунан опкулоп жиберди. -Сагындым сени, сагындым жытынды. Толкунбек аялынын ысык койнуна кандай кирип кеткенин озу да билбей калды.
Жайнагул эмне деп айтарын билбей курмоло тушту. Толкунбектин эриндери тийген жерлери оттой ысып барып, анан ток тийгендей болгон бир жылуу толкун бутундой денесин каптап отту. Экоонун журогу бири менен бири ун алышып жаткансыган бир куч аралашты да кетти. Соз токтоду. Сагынышкан эки жар камырдай жуурулушуп, отко салган темирдей чыналышып, биринен бири болуно албай махабаттын кучагында кандай термелишип, рахатка батып кеткенин оздору да элес албай калды. Качан жатып, кандай уктагандарын да билген жок.
"Эси - дартым эримде, эки козум балтамда" дегендей, бул туну тигилерден жаман тынчы кеткен Тумар болду. Ой-максатынын баары кыз - куйоосундо болуп, санаасы самандай сапырылып жатып начар уктады. Оюна дегеле жамандыктан башка жакшылык кирбей, эси эки болду. Деги адамдан жукчул, адамдан санаачыл эч несе болбосо керек. Бир заматта бутпогонду бутуруп, болбогонду болтурган ал ою заматта жыгылган теректей оморулуп, Жайнагулдон ыйман кетип, Толкунбекти томсортуп, дили карарып, айтканынан кайтпай, чалпоо байталдай чунандап, жанына жакын жолотпой койгондой каны дургуп, санаага батып жатып тан атырды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#766 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

"Оо, жараткан, эки балама ынтымак, ырашкер берип, дилдерин агарта кор. Замананын ооматы ооп турган кезде чачылганы жыйналып, узулгону уланаар бекен? Кагылайын жараткан АЛЛА, сен деп башка пенделериндин ишенээри да, жардам берип, жакшы жолго салары да жок" - деп Кудайга мунажат кылып озу менен озу болуп жаткан эне Жанатын чынырган унун угуп журогу атып кетти.
-Таэн-е-е! Таэне-е-е! -Озондоп ыйлап болмого жугуруп кирди.
Тумар тошогунон томолонуп турду.
-Ой, каралдым, эмне болуп кетти катыгун? -Кучактай калды.
-Абам кетип калыптыр , таэне! -Озун токтото албай, уйду уч которуп ботодой боздоп опко кагып жатты.
Окуянын арты мындай окунучтуу бутоорун ойлобогон, умуттуу Тумардын ону бузулуп, кулагы чуулдап кетти.
-Онбогон бейбак, онбой калган экен ээ. "КОЛГО ТИЙГЕН КОЁНДУ, КОЁ БЕРГЕН ОНОБУ" дегендей, чолпондой болгон куйоосунон эми биротоло ажыраган тура, деп ичинен кан отуп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#767 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Муун-муунуна тийбей калчылдай баскан эне, акыл токтото албай кымкап кемселинин бир женин кийип, бир женин кийбеген калыбында далиске чыкты. "АЧУУЛУУНУН АСТЫНАН ЧЫКПА" дегендей, ушул тапта Жайнагулду таап, желкесинен тиштеп жыгылчуудай мунозундо, ону очуп, коздорунон ачуу буркуп, эшик астында турган галошун чала-була кийип, коридорго чыга берип, Толкунбектин машинесин коруп эсине келе тушту. Таэнесин бучкактай илминдей басып артынан онгуроп ыйлап келаткан небересин токтой калып алая карады.
-Ой, каралдым, абан кетпей эле мында го. Тигине машинеси короодо турбайбы, э каты гун. Эмнеге ыйладын кетип калды деп, же туш кордунбу?
-Ойгонсом тошогумдо абам жок экен. Жайна женем урушуп кетирип жиберген экен деп ойлодум. Ыя, таэне, анан абам кайда кетип калды мени таштап.?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#768 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бетин чымчып, Тумар кулду, Анан небересин кулагына шыбырап минти:
-Абан сени уктатып коюп, Жайнага кетип калган тура. Сенден откон мен макоо турбаймынбы, балам. Журу коридордо кыжылдашып турбай уйго кирели. Азыр тан жаны эле атты. Экообуздон башка элдин баары кызуу уйкуда жатат. Кокустан тигилерди ойготуп албайлы.
-Абам менен женем чогуу жатыбы ыя, таэне.?
-Чогуу жатса керек. Болду эми суйлобо, балам.
Таэнесин туурап Жанат да шыбырап минти:
-Жайна женем эми абам менен урушпайбы?
-Урушпаган учун бир тошокто уктап жатса керек.
-Мен барып карап коройунбу ыя, таэне?
-Кой, кокуй караба, уят болот.
Тумар небересин жетелеп кирип, Асан менен Усондун катарына жанаша салынган оз ордуна жаткырып атып минтти:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#769 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Мен даарат алып намаз окуюн, балам. Кудай берет деген ушул . Абан менен женене Кудай десе берген экен. Эми мындан ары чогу жашайсынар.
-Атам менен энем суйунот ээ, таэне?
-Суйунбой анан, Санаа тынды, балам, туболугу туз болсо экен эми. Укта эми жыргап.
Тумар аста басып сырткка чыгып кетти. Намаз окуп бутуп, аш уйго кирди. Аялдын оюнда, айтканын аткарып, Кудайды алдабай "тогуз токоч баабедин" откоруу болуп турду. Анткени кечээ Толкунбек келгенде кызынын кыртыштап, куйоосуно он соз айтпай, согуно жеткире соз айтып силкилдеп., муздай тонуп турганынан алда кандай болот деп чочулап "ТОГУЗ ТОКОЧ БААБЕДИН" ДЕГЕН СОЗ оозунан чыгып кеткен. Эми аны аткарбаса Тумардын жаны жай алып, санаасы тынчудай эмес. Ал ушундай кен пейил, айтканынан кайтпаган аял да. Вананын тушунан отуп баратып, чала жабылган эшиктен Жайнагуул менен Толкунбектин унун угуп кетенчиктей тушту. Аялдын дитине башка эч нерсе кирбей эле, кыз-куйоосу бет алдынан чыга калчудай болуп, анан алардан Тумар саксактап атайын эле андып жургондой болгон бир осол ой коодонун каптап отту. Анткен менен кубанычтан мандайынан тер чыга тушконун да билбей калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#770 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Озу менен озу суйлошуп "Жараткан жалгап, эки баламдын жылдызын кошкон экен, ыраазымын Жараткан сага" -деп кудундаган Тумар эч бир максатсыз эле короого чыгып кетти. Анын бет алдында балбылдап жаны эле которулуп келаткан Кунду эми эле коруп жаткансып токтоп калды. Ал эми кун сайын эртен менен эрте туруп Кундун нуру жер бетине жер бетине жаны чачырай баштаганда Жайнагул менен Толкунбектин тилегин тилеп тоботопук кылып, ээги жерге тийгенче энкейип мунажит кылып, аткан тан менен чыккан Кундон ырайым кутуп, тилек тилоочу жаны, бугун деле кундогусундой кузгун заардан эрте турса да, ыкласынан тайып, кубанычтан кайпактап журуп, демейдеги убактысынан кечигип калганына озун куноолу сезип, эки колу менен жакасын муунта кармап турду.
"ТИЛЕГИМ ОРУНДАЛДЫ АЙЛАНАЙЫН, КУН. Бугун сен да мага окшоп жадырап мунсуз экенсин. Молмулдоп асманын ачык, улп эткен желин жок, кирпигине кир жукпай он сегиз мин ааламды алтын нуруна болоп, озгочо бир толукшуп турупсун. Ылайым туболукко асманын ачык болсун....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#771 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

.Тумардын ою обого сермелип турду.
Толкунбек Зыйнатка урдалган журогу эми мага мурдагыдай болбой калдыго деген ой конулунон кетпеген Жайнагулго, Толкунбек озунун жаштык жалыны али очпогон суттой таза махабатын, кусалуу журогун корсотуп койду. А Жайнагул болсо Толкунбектин ысык илебинен келген кучко туруштук бералбаган аялзаадалык кумар тутуусу жан дуйносун булундуруп, тунгуюк кусалыктын журоктон кандай жаралып кеткенин озу да билбей калды. Бул туну Зыйнаттын жазган катындагы айтылган ар бир созу Жайнагулдун кодонундо удургуп турду. Бечара келин, чындыкты жазган экен деп ойлоду.
Ал эми Толкунбек болсо Зыйнатты, Жайнагулду суйгончолук бир жолу да ал каалагандай бактылуу кылалбагандагы конулуно кайра-кайра кылт эте тушуп жатты. "Байкуш Зыйнат, деди ичинен, -чыдады мага жакшы эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#772 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Умуту узулуп, тилеги орундалбай калганына козу жеткенде гана "Толкунбек озу сунуш киргизип ажырашууну баштай электе, озум уруксат берейин" деген экен акылдуу байкуш. Анан калса бир уйдо жашап, бир тошокто жатып эрди-катын болуп жашоого мени, анын адамгерчилиги мажбурлады кайгыс кылып. Ооба, чындыгында эле Толкунбекти Зыйнатка аркан-жипсиз байлап турган дагы бир куч баякы баёо журок секелек кыз кезиндеги куноосуз жароокер, адамгерчиликтуу муноздорун эстеген сайын ичи жылып, аяп кеткени, анын дагы Аккыз эженин олум алдындагы айткан керээз созу болду го.
Эми минтип "АДАШКАНДЫН АЙЫБЫ ЖОК БОЛУП" Жайнагул менен Толкунбек жаны уйлонгон кыз-куйоодон бетер, Тумарды ваннанын чала жабылган эшигинен коруп, бирин-бири карап тилдерин чыгарып, создору ооздорунан тушуп, ундору очо тушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#773 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

ТУ-У-У, ЭМИ КАНТЕМ, УЯТ ЭЛЕ! Байкуш кызым "ТУЗ СУРАГАН КОЙГО ОКШОП" бир тунго озун кармай алган эмес экен го.!
-Койчу, апам эч качан антип ойлобойт. Кайра экообуздун тил табышып, ынтымакка келгенибизге суйунуп жаткандыр.
-Суйуноорун суйунот дечи, Ошентсе да, баары бир бетке чиркоо болот тура.
-Алтыным, эки дуйнодо ыраазымын сага, соз бутту. Отконду козгошмой жок. "Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт" турбайбы. -Толкунбек Жайнагулду кайрадан кучактап, кайрадан алкымынан жыттагылайт. -Менин журогум жалгыз гана сени суйот экен, ишенесинби, ушуга?
-Жок, ишенбейм. Зыйнат суйууго татыксыз, анча-мынча аялдардан эмес го. Анын билгендер анын талантын да, акылын да жогору баалашат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#774 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Анан ушундай асылзаада аялды суйбогон эркектин журогу журокпу? Суйгон жокмун десем эле Жайнагул ишенип калат деп турасынбы?
-Эмне, ишенбейсинби?
-Ишенбейм. Тундо айтын го Зыйнатка кетууго озун себепкер болдун деп. Бул тим эле актануу да.
-Жок, актануу эмес, чындык. Бир куноомду кечирип койгонунда, бирибизден бирибиз адашып, мынчалык оюндан от чыгып таталдашып кетпейт элек го.
-Сенин оюнча бардык куноо сенде эмес, менде турбайбы. Ушундайбы?
Толкунбек Жайнагулдун созуно эмне деп жооп берээрин билбей чочулап суйлоду. "ЧЫРДЫН БАШЫ БОК ЖЕБЕДЕН" башталат дегендей, олгон-талаганда тил табышып, жаны эле ымалага келип олтурган аялынын талуу жерине тийип алдымбы деген ойдон журогу зырп этти. Жайнагулдун оозунан "СЕНИ ЧАКЫРГАН ЭМЕСМИН, КЕЛГЕН ЖОЛУН, АНА, КЕТЕ БЕР" деген соз чыгып кетуучудой болуп туюлду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#775 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жок, Жакин, ошентип кантип ойлоюн. Чындыгында сен мени минтип: "ТОШОГУМДУ АТТАЙТ" -деп ойлогон эмессин да. Сени тамаша кылып чычалатам деп, туура эмес суйлоп алдым окшойт. Бардыгына мен озум куноолуумун. Суйлоштук го. Дегил ушул откондогу каран калган кайгылуу кундор жонундо унутуп коёлучу. Кереги эмне кайталап.
-Унутулбайт го ыя, Толкунбек. Оозубузду алаканыбыз менен басып, озубузду озубуз зордоп тыйганыбыз менен журок менен козду кантебиз, конулду кантебиз? Онго эстен чыкса да Зыйнат эстен чыкпас дейм.
Толкунбек Жайнагулдун далысынан имере кучактады:
-Сен эмне эле Зыйнатты мактап, анын созун суйлоп калгансын?
-Менин Толкунбегимди суйгон Зыйнатка окшогон кыргыздын таланттуу кызын ардактайм да. Ошондой аялдын суйуусуно татыктуу болгон жигит менен сыймыктанып жатпаймынбы.
Толкунбек ичинен тына дем алып башын чайкады:
-Болду эми. Какшыкты ыраса жакшы оздоштуруп алыптырсын.
-Жок. Билсен бул какшык эмес. -Колуна кармап турган сулгуну куйоосунон алып, илгичке илди. -Сен чыга бер эми. Мен азыр.
Толкунбек халатын чечейин деп жаткан аялын кучактай калды.
-Алтыным, жакшы эле аялсын. Кудай Таалам сага бардык турпатты берген. Отуном, сен учун журогумдун тазалыгына, суйуумдун актыгына ишеним берип, дилинди агартчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#776 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мурда конулум кандай таза, кандай ак болсо, азыр да ошондой ыйык, ошондой кирсиз. Адам бири-биринин арзан-кымбатын да, баасын да алыс жургондо билет окшобойбу. Азыр мурдагыдан да сенин асылзаадалыгынды кобуроок билип, сага кобурок тушунгондой болгон бир куч менен акыл-эсимди бутундой ээлеп алды.
"ЖАКШЫ СОЗ ЖАН ЭРГИТЕП" дегендей Толкунбектин журогу жылуу соз угуп, жандуйносу эрип, эмне деп айтарын билбей толкундап кетти. Ал Жайнагулдун жамынып турган халатын жулуп алып ыргытып, эки кабат болуп жыгылды.

-Ой, кантесин Толкунбек, бала болуп турасынбы. Коё бер эми.
-Сагындым, алтыным. Туртпочу. Баякы эле ооп-жытап жургон эмчек, ошол эле курсак да.
-Анда жаш болчубуз.
-Азыр деле жашпыз.
-Ушул жерде дагы оюна дагы бир соз келип турду. Ал болсо "БЭЭ ТУУБАСА БАЙТАЛ АТЫ ОЧПОЙТ, КАТЫН ТУУБАСА КЕЛИН АТЫ ОЧПОЙТ" дегендей,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#777 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   25 Сентябрь 2015 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Зыйнат жаштык кылып, бири-биринди ушинтип суйуп, ушинтип эркелетип журуп конгон немелер окшобойсунарбы" -деген соз болучу. Бирок "Ойлонсон да ойлоп суйло" дегендей, ар бир кыймыл, ар бир созду ката кетирбей тескери чалып, тил кайрып турса бирин бири куталбасын тушунгон Жайнагул озун озу тыйып койду.
-Опчу мени! -дейт Толкунбек.
-Макул обойун.
-Жигит аялын бооруна кыса кучактайт.
Ушул маалда тыштан: "Таэне-е-е! " -деп кыйкырган кызынын унун угуп, экоо кучакташкан калыбында дымый тушушту.
-Таэне-е-е! Абам кеткен жок бекен?
-Жок, кеткен жок, балам.
-Жайна женемдин тошогундо жок турбайбы!
Куйоосунон олактай берген Жайнагул минти:
-Ой, иттин кызы, шерменде кылат экен го. Сени издеп журот, чыкчы. Анкылдап уктап жаткан балдарды ойготмой болду.
Ачык турган айнектен тышта суйлоп жаткан Тумардын уну угулду:
-Келе гой, куймак же.
-Таэне, май токочпу?
-Ооба , май токоч.
-Мен абамды таппай жатпаймынбы. Жайна женем урушкан жокпу, ыя таэне?
-Эмнеге урушмак эле?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#778 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Урушат мен билем.
-Кой антип ашепке суйлобо, балам. Кел бери.
-Энем айткан, абан менен женен урушпасын, карап тур деген болучу.
-Карабай эле кой.
Тумар кыз-куйоосу тургуча очокко от жагып, тундо жууруп койгон камырын эчак бышырып, чоймосун чоюп, куймагын куюп, тогуз токочун жасап, дасторконун жайнатып, ак сомоорун кайнатып, балдарынын турушун кутуп олтурган убакта, ары жактан эки карысына эки уулун кондуруп алып конулдуу келаткан Толкунбекти коргон Жанат унунун бардыгынча кыйкырып, озун дароо атасын коздой атты.
-Абаке-е-е! Сен мени тундо таштап коюп кайда кетип калдын?
-Эч жакка кеткен жокмун.
-Жайна женеме кеттин беле ыя, абаке!
Ары жактан Тумар ун катты:
-Келгиле чайга, балдар!
-Саламатсызбы, апа! -Толкунбек ийиле тушуп салам айтты.
-Жакшы алдына кетейин, жогору откуло. Ой, зонкойгон кучуктор тушкуло. Папанар чай ичсин. Жайнагул кана чакыргыла.
-Келатат таэне! Мен абамды кетип калыптыр деп ойлогон болчумун.
Толкунбек кызынын созун дароо башка жакка бурду.
-Сен Асанды жакшы коросунбу же Усонду жакшы коросунбу?
-Усонду да жакшы кором, Асанды да жакшы кором, -Бобокторуно калп эле тийишип суйлоду. -Эй, сен Асансынбы?
-Мен Усонмун! -деди Толкунбекти жарк эте караган Усон кулуп.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#779 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Аа, анда сен Асан турбайсынбы, ээ! -Атасынын экинчи ыптасындагы бобогунун колун кармап силкилдетти.
Ушул жерде Толкунбектин журогу солк этирген бир иш Усондун карагаттай жайнаган жоодур кара коздору болду. Ал эмес ушул саамда анын кулкусу да, уну да Зыйнатка окшоп кетти.
"Бул кандай жандырмагы жок табышмак болуп турат!" деген ой конулун буй кылып, ички дуйносун чагылгандай чарт этип аралап отту. Анан анын оюна Зыйнаттын ар качандан бир качан: "АСАН МЕНЕН УСОНДУН БИРИ МЕНИН БАЛАМ. Алып бер оз баламды озумо" деген созу тушуп турду.
"Мал ээси машаяк" дегендей, эне журогу баласынын олбой житпей эле аман-эсен Жайнагулдун эгизинин тугойу болуп журогунон сезеби!? Болду болбоду бул ишти Жайнагул озу жалгыз жасаган жок. Муну атам да билет, энем да билет. Кудая тообо, "Коп ооз бир болсо, бир ооз тек турат" деген ушундай болобу? Ал баланын тируу экени чын болсо, ушул бойдон билинбей калабы же, балким, "Кыныр иш кырк жылдан кийин да билинет" дегендей, эртеден-кечтир баары бир турмуш чындыгы туюкта калбайт болуш керек деген сыяктуу туркун ойдун турмогун чубап олтуруп, Жайнагулдун жанына келип олтурганын да сезбей калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#780 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Толкунбектин чайы муздап калды, жаныртып куй, - деген кайненесинин созун угуп, туйшоло тушту. -Капырай, - дейт Тумар да туура тушунгон жок. Эки дуйнону бирдей билген эстуу аял, кызы экоо оздорунчо болгондо минтти энеси:
-Толкунбектин келгени жакшы болду. Эми акылын болсо откон ишти козгоп, оодо-ылдый суйлоп аялдык кылба, балам. Тигил колуктусуна деле мээримин тогуп жыргатып жибербептир го.

-Толкунбек экообуз да сиз айткандай отконду эскербейли дештик. Болоору болгондон кийин отконду козгодун эмне., козгободун эмне, эчтеке чыкпайта андан. Ошого тушунбогон келесоо белем. Ал жагынан кадырыныз жан болсун, эне.
Толкунбек менен Жайнагулдун ичин тымызын тырнап ийделеп жаткан би иш Усон болду. Толкунбек Усонду коргон сайын, улам бир жеринен Зыйнатка окшоштук таап, ичинен дем алып, баягы мурдагы ойлогон оюнан алыс кете албай Зыйнаттын: "Балам! Балам!" -деп ботодой боздогон мезгилдерин эстей берет.
Бул жерде Толкунбектен мурда, Жайнагулдун журогу тымызын тытып жаткан сары санаа да Усон болуп турду. Зыйнаттын катынан кийин Усонду ким тууганы Жайнагулго айдан ачык болуп чыга келди. Баласын коргон сайын Зыйнатты эстей берип эшиги жок, тору жок карны тунгуюкка капталып, аба жетпей алкымы буулуп, озунон озу кыйналып кетуучу дартка жолукту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 19:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: