Ажолукка баары татыкттуу,
Алла аны колдосо!!
!
Аксакалы жаштары да,
Ажолукка жолдосо!!
!
Калкында да кадыр болуп,
Ыймансыздар болбосо!
Эми иштеп башганда,
Аны сатып койбосо!!
!
Кийинки президент болууга ким татыктуу?
#122 23 September 2015 - 09:51
Ажолукка баары татыкттуу,
Алла аны колдосо!! !
Аксакалы жаштары да,
Ажолукка жолдосо!! !
Калкында да кадыр болуп,
Ыймансыздар болбосо!
Эми иштеп башганда,
Аны сатып койбосо!! !
Алла аны колдосо!! !
Аксакалы жаштары да,
Ажолукка жолдосо!! !
Калкында да кадыр болуп,
Ыймансыздар болбосо!
Эми иштеп башганда,
Аны сатып койбосо!! !
Поезия жака жассаныз, талант бар турбайбы
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#123 26 September 2015 - 22:07
" Эл эмне дебейт,ит эмне жебейт" Адахан Мадуморов суппер.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#124 26 September 2015 - 22:39
Адахан болбойт татыксыз президенттике
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#125 27 September 2015 - 00:01
Азырынча Атамбаев А.Ш. Кийин кудай билет!
Жалгыз гана жаратканга - ар адам ар башкача сыйынышат!:)
#126 27 September 2015 - 00:06
Атына заты жарашкан Алланын пендеси. Кудай элдин шартына жараша башчы берет дейт.
Жалгыз гана жаратканга - ар адам ар башкача сыйынышат!:)
#127 27 September 2015 - 19:35
Мадумаров тилинен чан чыгара суйлогон,созго чечен адам. Бирок чаныта суйлогону менен ишке келгенде ноль! Кыргыз жерин болуп саткан адамдан кандай жакшылык кутуп колдоп жатасынар билбедим. Мадумаров айтылуу Манас эпосунда айтылып жазылган Каркыра жайлоосун казак боордоштордон кайрып алып келсе анан ишенбесек. Манас атабыздын кумбозун ачуу идеасынын авторлорунун бири ушул эле Мадумаров аганар!президент эмес жон гана губернатор болуп иштесе да шугур десенер,мисалы депутаттыкка отпой калганда андан кийин деле тузук эле кызматта иштедиго ошол кызматы аркылуу деле мактанган программаларын аткарса болмок да кыргыз калкына чындап жан тартса куйсо жардам берем десе,же созсуз эле парламент депутаты же президент,премерминистир болуусу керекпи? Суроо туулат,эмнеге ошончолук кыйын,иш билги,акылдуу,
билимдуу баарын кыйратып кыргызстанды гулдото турган,тилине жараша иш кылган саясатчы болсо,эмнеге кыргыз калкы дегеле мекендештер колдобойт аны?
#128 28 September 2015 - 09:47
Мадумаровду президент болуусунан Кудай сактай кор. Баарыбыз эле суйлоп иш кылбай жатып калабыз го анда. Ал качандан бери саясатта журот, коомдук ишмер, саясатчылар,
журналисттер арасында ага болгон сыйдын денгээли томон экенин гана коруп келе жатам. Кооз суйлогону эле болбосо чындыгында - ноль.
#129 28 September 2015 - 10:16
Мадумаровду президент болуусунан Кудай сактай кор. Баарыбыз эле суйлоп иш кылбай жатып калабыз го анда. Ал качандан бери саясатта журот, коомдук ишмер, саясатчылар,
журналисттер арасында ага болгон сыйдын денгээли томон экенин гана коруп келе жатам. Кооз суйлогону эле болбосо чындыгында - ноль.
Бир эле Мадумаров эмес баары эле "ноль" болсо керек.-))
Бирок кооз сүйлөгөнда жакшы Атамбаевке окшоп тили айланып калгандан көрө. -))
Жолуңдан адашпа Айкөлдүн урпагы!
#130 28 September 2015 - 11:43
Бир эле Мадумаров эмес баары эле "ноль" болсо керек.-))
Бирок кооз сүйлөгөнда жакшы Атамбаевке окшоп тили айланып калгандан көрө. -))
Бирок кооз сүйлөгөнда жакшы Атамбаевке окшоп тили айланып калгандан көрө. -))
Туура.
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#131 28 September 2015 - 14:22
25 жылдан бери кылам деген адам кыйла иштерди жасап коймок 25 жыл энесинин оюнубу ошончодон бери колунан эч нерсе келбеген эми эмнени кыйратышмак
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#132 28 September 2015 - 18:45
Чынын айтканда мындан башка президент болууга татыктуу адам жок.. теке талтайып болбойт.. Бабановко бизнес болсо болду..россияга 10догон завот фабрикаларды куруп кетип калат..Мадумаровтон откон адам жок азыркы учурда
#133 28 September 2015 - 21:35
Ал дейсинер бул дейсинер,кийики президент Бабанов болот. Бул качантан бери даярдалып пландалган нерсе. Менда Бабановдун фанаты эмемин бирок бул нерсеге 100%ишенем анткени бул идеасы аткарылат Бабановдун.
#135 28 September 2015 - 22:03
Азыр эле Башат ТВдан Мадумаровду жамандап атайын репортаж кылып көрсөтүштү.
#136 02 October 2015 - 14:35
Бакиев режиминдеги Адахандын кыжыр кайнаткан жүрүштөрүнөн бир үзүм
Кошкон: Таалайбек Асан Тарых: Жум, 02/10/2015 - 11:09
“Бүтүн Кыргызстан” деп партиясына ат коюп, жамы кыргыздын бүтүндүгүнө, эртеңки жыргал келечегине боор толгогондой кооз сөздөрдү сүйлөгөн Адахан Мадумаровдун кечээки жазмышына көз чаптырдык. Себеби, адамдын өтмүшү болочокто анын кандай максат, кайсы ийгиликтерге жетерин же тескеринче оозунан өрт бүрккөнү менен иш жүзүндө колунан пок келбээрин аныктайт.
Каркыраны кайындарына берген
Ачыгын айтыш керек, Мадумаров акеңер Аскар Акаев режиминин чекесине чыккан чыйкан болуп, түз жүрдү, элге алынды. Раматылык, бейиши болгур Мелис Эшимканов агездеги досунун ийгилигине, ишине кубанып, “Адахан -- дулдул, Адахан -- булбул” деп мактап, калк арасында мартабасын көтөрдү. Саясый аренада рейтингин жогорулатты. Бирок, Бакиев бийлигинин келиши менен Мадумаров ээрден түшпөс эрке кадрга айланып, иштебеген жогорку тепкичтеги кызмат орду калган жок. Кайран Адахан беш жыл доор сүргөн Курманбек Бакиевдин хандык доорунда баш вазир, ордо башчы, миңбашчы... тоюс, вице-премьер, депутат, мамкатчы, ЖК спикери, коопсуздук кеңешинин катчысы сындуу чо-оң креслолордо чочоңдоп отурду. Мүнөзү Кокон хандыгындагы элди тырмагына теңебеген баш вазир, ордо башчылар сыңарындагы феодалдарга окшошуп. Мурда айткан убадасынын өтөөсүнө чыккан Адахан ошол кезде мансапка мас болуп көптү, кошоматчылыктын заманбап дагы, классикалык дагы түрүн көрсөтүп, калп айткандын устасына айланды. Сөзүбүз кургак болбос үчүн төмөндө айрым фактыларды назарыңыздарга суналы:
Маселен, Адахан эл менен жолукканда, гезит-телеге интервью бергенде айтылуу Каркыра боюнча суроо берилсе эле “ой аны казактарга берүүгө Акаев 2001-жылы кол коюптур. Менде күнөө жок” таризинде так секирет.
Биринчиден, кыргыздын, Манастын намысын, айкөлдүгүн, баатырдыгын даңктаган айтылуу “Көкөтөйдүн ашы” касиеттүү Каркыра жайлоосунда өткөн. Кабылан Манас кытай-калмактардан калкалап алып калган Каркыраны казактарга берүүгө 2001-жылы ошол кездеги президенттер А.Акаев менен Н.Назарбаев кол койгон. 2003-жылы казак парламенти бул келишимди колдоп берген. Экинчиден, кыргыз парламенти Каркыра боюнча келишимге кол коюп, ратификация кылмайынча кайран жайлообуз өзүбүздө кала бермек. 2005-жылы шайланып келген Жогорку Кеңеш бул келишимге каршы чыккан. Бирок, жалаң бакиевдердин “любимчиктеринен” куралган “Акжол” партиясы жана анын төрагасы Адахан Мадумаров баш болгон депутаттар Каркыраны казактарга өткөрүү келишимин ратификациялап, кол коюп беришкени – тарыхый факт!
Андыктан, Каркыра темасы козголсо эле кагынып-силкинип сүйлөп, аны Акаевге шылтап, элди макоо санаганы Адаханчикке абийир алып келбейт.
Антаунетта- Адаханчик тандеми
2007-жылы Бакиев бийлигинин шалаакы чиновниктери – андагы каржы министри Акылбек Жапаров, матрезервдин экс-жетекчиси Ж.Нуржановдун “көрөгөчтүгүнүн” айынан Кыргызстанда ун кризиси башталган. Себеби, 2007-жылы Ж.Нуржанов буудайдын бир тоннасы 122 доллар кезинде 100 миң тоннага чейин буудай алууга Казакстан менен келишим түзүп келсе, Жапаров “акчаны депозитке кармоо пайдалуу” деп керектүү сумманы которбой койгон. Ошол жылдары бакиевдер үй-бүлөсү казак буудайын дүңүнөн алып, ортодо миллиондоп пайда көргөндүктөн, кыргыз дыйкандарынын буудайы өтпөй, Кыргызстанда буудайдын эгилиши өтө төмөндөп, ушул фактордон улам 2007-жылы өлкөнү ун кризиси каптап, анын кесепети ар бир кыргызстандык үй-бүлөгө тийген. Анан ошол кездеги Адаханчиктин нан кризисине жообу эмне болду дебейсизби? Орусча айтмакчы, “Если у них нет хлеба, пусть едят пирожные” деген атактуу француз фразасына түспөлдөш жоопту айтты да, кайран эр, баса, 18-кылымда дүйнөлүк коом түзүлүшүнө бурулуш жасаган белгилүү Улуу Француз революциясынын астында ал өлкөдө жөнөкөй элдин көйгөй, дартын уруп ойнобогон абсолюттук монархия өкүм сүрүп, карапайым француздардын канын кайнатчу. Баарынан да мансапка, байлыкка мас ханыша Мария Антуанеттанын кылык-жоругу, ойлонбой сүйлөгөн орунсуз кептери төгүлчү чөйчөккө акыркы тамчыларды тамчылатар эле. Ошол кезде Францияда дагы азык-түлүк кризиси башталып, ачкачылыктан каржалган эл нан сурап, Людовик XVIнин ак сарайына барышса, балкондон Мария ханум чыгып, жогоруда тарыхта калчу сөзүн “балп” эттирген да! Антуанетта–Адаханчиктин “тарыхый-тандемдеш” фразасы ошол окуядан көп өтпөй кайра жаңырды.
2008-жылдын 8-апрелинде Мадумаров жергиликтүү ММКга маек берип жатып, биздеги болуп өткөн ун кризисин жакшы жашоо издеп, Казакстан, Россияга кетип жаткан мигранттарга шылтады. Анын айтымында, ошолордун айынан жүз миңдеген гектар жер айдалбай калган имиш. Анан сыртка кеткен жаштар ата-энесинен эркин жүрүүнү каалашат экен. Кудум дискотека же сайраң клубдарына кетип жаткансып. Ушундай таризде жооп кайтарды кайран “кыйкырчаак короз”. Париждеги Людовиктин ак сарай балкону гана жетишпей турду да чиркин! Дыйкандардын кайнаган, тер төгүлгөн көйгөйү, өкмөттүн аларга эч кандай шарт түзүп бербегени, айдаган буудайын сатуудагы мамлекеттик камкордук, коопсуздуктун ж.б. жоктугу тууралуу ооз ачканга жарабады.
Себеби, мындай көйгөй 2009-жылы кайра жаңырды. 2008-жылы Бакиев өкмөтү дыйкандардын муңун уккан кишиче 200 миң тонна буудайды, 20 сомдон алууга убада берет. Бул ишти көзөмөлгө алууну “Агропродкорпорациясына” тапшырат. Сүйүнгөн баба дыйкандар кредитке, карызга акча таап, буудай айдап, мол түшүм (1 млн 200 миң тонна – авт.) алышат. Тилекке каршы, жалаң “алып-сат” философиясынан алыс кете албаган, ортодон “чотур” көрүүнү чоң бизнес катары түшүнгөн Максимдин “Агропродкорпорациясына” чогулган шулерлери болгону “20 миң тоннаны 10 (!) сомдон алабыз” деп чыгышат. Казак буудайынан 400 миң тонна сатып алышат. Ошондо дыйкандардын бакиевдерди каргап-ыйлаганын айт да, асты биртке пайда көрүп, арты карыз алган акчасын араң төлөгөнүн айт. А эмнеге азыркы тапта калк жыргалчылыгын жатса-турса да ойлонгондой түр көрсөткөн Кимсанбай молдонун уулу ошондогу дыйкандардын куураганын айтып чыга алган жок? Себеби, агезде Адахандын көзүн арзыматчылыктын сөзү жаап калган болчу...
Мадумаровдун дагы бир калпы – 2005-жылы маркум ага-инилер Тынычбек, Рысбек Акматбаевдердин Чолпон-Атада өткөзгөн тоюуна катышпаганын айтып безеленгени. 2005-жылы ал тойго мен дагы баргам. Адахан адатынча сахнаны бербей сүйлөп, Рысбек Акматбаевге карата “түштүк менен түндүктү бириктирүүдө зор кызмат өтөп жатат” деген таризинде КурСалиевичтин ыраазычылык салам-дубайын айтууну да унутпаган.
Семетей Талас уулу, эркин журналист
P.S. Бул Мадумаровдун 2010-жылга чейинки, Курманбек Бакиевдин доорунда тайралаңдаган гана кербези. А андан беркиси боюнча сөз оо, өтө-ө көп. Кезеги келсе кайран элибиз күбө болоор...
Булак: "Азия ньюс"

#137 02 October 2015 - 15:02
Азыркы кезде ар бир партия ичиндеги парламент талапкерлерин карасан ар биринде акаев бакиев режиминде иштеп элибиздин бейкут жашоосу учун мамлекетибиздин онугуп осуусу учун, терс кадамдарын таштаган жашоо шартыбызга кыйынчылык алып келууго аябагандай зор салымдарын кошкон адамдар кайра эле аркандай амал менен келууну коздоп жатышканын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан мекендештер силерден суранаарым келечек биздин колубузда , жанылбай аз да болсо эл учун иштеп бере турган адамдарды тандоонорду суранат элем! Биз дагы да жанылып алардын амалдарына татуу создоруно ишиенип келечегибизди олкобузду колдоруна салып бергибиз келбейт! Бизге онуп осуу жаркын жашоо тынчылык керек! Эки кун калды жакшылап тандоо жасаныздар!
Мен бир эле Мадумаровдо гана эмес азыркы ар бир партияда партия мучолорундо мурда кийин бийлик бутактарында иштеп кеткен адамдарда акркасында толтура былыктары бар экенин унутпообуз керек деп айтмакчымы!
Туура дандоо жасашыныздарга ийгилик каалайм!
#138 02 October 2015 - 20:46
Бул жака да кирип жамандап,тиги жака да кирип жамандап жанын жай албаганына эмне себеп болду экен тууган?
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#139 03 October 2015 - 02:40
Чынын айтканда мындан башка президент болууга татыктуу адам жок.. теке талтайып болбойт.. Бабановко бизнес болсо болду..россияга 10догон завот фабрикаларды куруп кетип калат..Мадумаровтон откон адам жок азыркы учурда
Чеченди сөзгө эле койсок кантет?
Сөздөн ишке өтө алчусун караштырып көрсөк деле болсо керек... Же, 5 млн кыргыздан татыктуусу бир эле адам дейсиңерби?
"Бир эле Мадумаров татыктуу" дегениң
жарабайт, тууган.
Эски саясий элитадан тажай элек өңдөнөбүз.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#140 03 October 2015 - 12:37
Бул жака да кирип жамандап,тиги жака да кирип жамандап жанын жай албаганына эмне себеп болду экен тууган?
Адахан тынчын алгангоо.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!

Супер-Инфо
super.kg
видео