Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#801 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Озунун кызыкчылыгынан башкалардын кызыкчылыгын жогору коючу. Ал болсо минтет экен, тигинтет эле дешип эмдигиче ооздорунан тушурушпой жомок кылып айтып журушот сени. Мындай кадыр-баркка жетиш ар бир адамдын колунан келе бербейт, укам. Бул учун сыймыктаныш керек. Билесизби, чынымды айтсам, сен жонундо жакшы соз уккан сайын, мен озумдон озум сыймыктанып, озумдон озум кубанып калам.
-Ырахмат Акбар Сапарович. Маган сиздин пейлиниздин туз экенин башынан билем. Иштеп журот экен десем, пенсияда турбайсызбы.
-Уч жыл болбодубу пенсияга чыкканыма. Иштесем иштей берет элем го. Ден соолугума карап эс алайынчы дедим. Туура эле кылган экенмин, эми ойлосом. СМУнун иши деп чапкылап журуп жан багууну унутуп койгон экемин. Ментимден тайып калыптырмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#802 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   26 Сентябрь 2015 - 01:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жаман кишиге айла жок тура, мен кетсем эле бутундой курулуш уюму астым-устум тушуп токтоп калуучудай ойлогон турбаймынбы. Корсо, анда эмес экен. Мен эс алууга чыккандан кийин деле иш сопсонун эле журуп жатты, токтобой эле.
-Азыр бул жерде курулуштун абалы кайда?
-Начар. Озубузчо эгемендуу республикка болгонбуз жакшы эле кубанарлык иш болду дечи. Азыр кээ бироолор эркиндикке эми жеттик деп кокурогун койгулап журушот. Создун чын-чынына келгенде биз кыргыз эли эркиндикке 1923-жылы жеткенбиз. Улуу Ленин башында турган Коммунисттик партиянын жетекчилиги астында калкыбыз сабатсыздыктан, туташ сабаттуулукка, илим-билим алууга жетишти. Мурда ким элек, ким болдук? "Кудайды козун менен корбосон, акылын менен тааны" дегендей, ойлонуш керек да. Акыркы эгемендуу олкобуздун окмот башчыларынан тартып, райондук, шаардык жетекчилерден, айыл жериндеги майда атка минерлерге чейин, баякы эле союздун барында жоопкерчиликтин бир жагын чойгондордон эмес беле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#803 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Окурмандар сабыр кылсанар башында айтым го убактыма карап жазып турам деп. Субота, базар куну жазганга убактым болбойт , капа болбой тургула. Экинчи китеби эми башталды али 100 чу бетке да жете элекпиз 50 чи бетерди жазып атам озу китеп 627 беттен турат. Баарынарга сабыр берсин.







Корсо биз "Эне менен атанын какордугунда эч нерседен кем-карчысыз жашап туруп эле, капысынан ата-энесинен ажырап кароосуз жетим калган балага окшоп" калдык окшобойбузбу. Кайсы элдин, кайсы жомогу болбосун: "Илгери, илгери бир заманда...." -деп башталган сыяктуу союз мезгилиндеги онугуп-осуу, улут менен улуттун ортосундагы бир туугандык достук: "Баарыбыз бирибиз учун, бирибиз баарыбыз учун", , "Адам адамга дос жана бир тууган" деп эмгектенген кундор, жомоктогудай эле илгери-илгери бир кезде ушундай турмуш, ушундай мамилекет болгон экен" деген сыяктуу имиш иш болуп калды окшойт. Кайсы эле тармакта болбосун, эмнелер керек болуп, эмнелер жетишпесин, сеники-меники жок эле, жогу барынан суудай сузуп алып туруучу мезгилдер союз тарары менен кан буугандай токтоду.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#804 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ал эми ошол бутундой он беш республика козун караган Россиянын озундо да адамдардын жашоосу бизден ашып кеткен жери жок. Корсо, дайранын башы булак болгон сыяктуу, ошол он беш союздук республика бутундой олконун экономикасын туш-туштан толуктап турган экен да. "Болунгонду боору жейт" дегендей кутулбогон жерден союздун тарашы элдин эсин тез эле оодарып салды.
-Мамлекетибиз оз жанын озу багып, оз элин озу , тейлеп, бакыбат турмушка жеткенче бир топ эле кыйынчылыктар болот го, сыягы.
-Казак туугандардын жашоо турмушу, ал-абалдары кандай? Курулуш жааты биздей эле болсо керек.
-Ооба, ушундай эле. Мен озум прораб, озум инженер, озум биргадир болуп иштеген тогуз кабат уйдун жумушу менен алпурушуп, журуп, убакыттын кандай отуп, турмуштун кандай озгоруп кеткенин да билбей калдым. Курулуш ойдокудай бутуп, пайдаланууга берилери менен эле, бошонуп кете бердим. Жумушчулардын турмушу азырынча жаман эмес. Акчаны алар коп алышчу. Бардыгынын уй-жайы, чарбагы, мал-жайы бар. Иштебей уйлорундо олтуруп оздорун тейлесе деле бир топко мунбай оокат кылып кетууго кудуреттери жетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#805 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Оз уйундо бардыгы шайма-шай болуп турса, башкалардын турмушу деле ушундай жетиштуу болсо керек деп ойлошот болуш керек. Мына мен озум эле бала кезимде бардык адамдар бирдей бизге окшоп жашап жаткандай созуучумун. Корсо, андай болбойт турбайбы. Менимче, дароо эле жакырланып калуунун бирден бир себеби, маянага караган адамдар иштебей жумушсуз олтуруп калса эле коргон куну ошол болот да.
-Ооба, туура айтасын, уулум. "Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт" деген ошол.
Жокчулук башындан отпосо эмнени билмек элен.
-Калетсиз соз айттыныз, Акбар Сатарович. Бирок сиз мени али толук билбейсиз. Ачарчылык менен жокчулуктун эмне экенин, ал кандай болгондо пайда болорун жакшы билемин. Бул жерге мени жыргап журуп келди деп турасызбы? Кокустан кимдир бироо мен жонундо чыгарма жазса оло сонун болмок. Мен орто мектепти бутуп, жогорку окуу жайына отпой, экзаменден кулап калгандан кийинки шорум али кунго чейин эсимде. "Чыгашага ээси баш" дегендей, жаман жолго озум барып урунуп, бардык балакетти озум таап алдым, Акбар Сатарович. Мен Эсенова менен ошондой опурталдуу жолдо жургондо ошолордун уйундо бирге жашап калдым. Жакшы кыз эле, энеси да жакшы аял болучу. Зыйнаттын атасы менен атам дос, энеси менен энем дос эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#806 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эми ойлосом, бул да тагдыр болсо керек. Атасы олгондон кийин энеси шал оору менен ооруп жатып калды. Баш тоголотуп, балдарды жолго салуучу жандын жоктугунан болгон окшобойбу эми ойлосом. Эмил Кудайдан жоо качкан калпычы, колу туткак бала болуптур. Сыягы турмуш ошого туртсо керек. Мен окуга отпой , ошолордукунда жашап, Эмилди эрчип журуп ууру кылганга, киши тоногонго, карта чаап, кумар ойногонго чейин барган болчумун. Ошол сормо сааздан сууруп чыккан Жайнагул менен Сады Казиевич болду го....
-Чунак бала , ушундай де. "Жакшылыкка жамандык" деп ушуну айтышат да. Бул аялын эстуу келин тура бечара.
Ушунча жылдан бери ал бечаранын жакшылыгынан башка жаманаттысын эч укпадым. Серпилбеген токтоо экен. Билем, коргон-оскону жакшы, тарбиялуу жердин кызы турбайбы. Сады Казиевич эмне деген жигит! Эл Эсенованы да макташат. Деги жаздыгын жакшы, качын мыкты экен. "Бирин кайын, бирин тал, биринди айтсак бирин бар" дегендей эле ургачыларга туш болгон экенсин. Конбойт да азыркы жаштар, "болбосо" деп Акбар Сатарович оор улутуна дем алып, созунун аягын жутуп алгансып, коздору жашылдана тушуп башын кейиштуу ийкеп койду. Ал болсо "Аттин, бир кем дунуйо. Экоону тен колдон чыгара турган келиндер эмес экен" деген ой сыртка ачык чыга албай, коодонундо ойноп турду. Анын устуно "бвкырдын жайын жакыр билет" дегендей, ал кишинин жандуйносун жарым кылымга жакын убакыттан бери жай алдырбай келаткан туюк жараны эч бир адам билуучу эмес.
Толкунбек бул кара кылды как жарган калыстык менен, эмгек менен бактылуу тынч омур суруп келаткан Акбар Сатаровичей орноктуу адамдын кош кареги армандуу мунайып, коздорунун кычыгына толо тушкон жашты коруп тандана тушту. "Мен бул кишини кайраты кара таш жарган кучтуу адам деп журсом, жашык киши беле жарыктык?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#807 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Же болбосо адам улгайганда ушинтип бошоп кетуучу немеби? А балким, ичмекейи ичинде жургон куйуту куч армандуу адамбы? Тобо, эчтекеден эчтеке жок эле, эмнеге мынчалык жашып кетти?" -деп ойлоп кетти.
Тээ бир оокумда ортодогу тынчтыкты Акбар Сатарович озу бузду.
-Сен бактылуу жигитсин, Толкунбек. Созунду угуп, мен сенин аялдарына да, озуно да, ал эмес тагдырына да суктанып олтурам. Тушунуктуу, эстуу адамга кандай акрат келтире аласын. Сенин создорун менин эски жаратымды козгоп, журогумду тилип кеткендей болду. Адам баласы бири-биринин кадырын тируусундо сезбейт турбайбы.
Толкунбек томсоро тушту. Ал оюнда, бул киши бир куйумдуу жакын адамынан ажырагандай болгонсуп, аны Толкунбек укпай дулой болуп олтурган куноолу адам сыяктуу сезип кетти озун. Анан жигит Акбар Сатаровичти айбыга карап минтти:
-Кечиресиз, "БИЛБЕГЕН АДАМ УУ ИЧЕТ" дегендей, мен эч нерсе уккан эмесмин. Кыязы, жакындарыныздан кимдир бироо кайтыш болгонбу кандай, тушунбой калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#808 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Карыянын кабагы серпиле тушуп, мыйыгынан жасалма кулуп, бир демге бир демге жигитти ойлуу тиктей берип минтти:
-Жок, жок андай жамандык жок бизде, чочубай эле кой. "Житкен окту аткан ок табат" дегендей, сенин турмушунду коруп, кабарынды угуп олтуруп оз башымдан кечирген, эбакы бир озокту жарган бир оркунучтуу трагедия эсиме тушуп кеткен тура. Мен да сендей болгомун, кополон атка конгомун. Кыз тандап, кыз суйуп, кызыгын корбой дуйнонун, жалынсыз отко куйгомун, балам. Бир жолу кыз оюнунда Гулгаакы аттуу кызды бир корушумдо эле ашык болуп жактырып калсам болобу. Ал да суйду, мен да суйдум. Суроттой кыз болучу. Алты дубан эл деп аша чаап кетпейин, бир дубандын ичинде аты алыска, данкы далайга кеткен мыкты деген чыгаан кыздын бири болучу. Узун создун кыскасы экообуз таанышкандан арадан ай отуп, отпой тобокелге салып, Аксыдагы таякемдикине ала качып кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#809 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мен озумдун жаман оюмда, Оштон алыс алып кетсем эле, ал жерге эч ким жетпей калучудай ойлоптурмун. Из сууганча ботон жерге барып башпаналап турсак, анан бул ишке таякем аралашып, кайнатамдын алдына барып койсо эле баары чыр-чатаксыз жайында болуп калат экен деген ишенимде болгон турбаймынбы. Биз келгенде эле окуяны угуп, таякемдин муруту сербейе тушуп: "Кыргызда кыздар кырылып калгансып, жаман ишти баштап алыпсын" - деди. Окуя таякем айткандан да ашып тушту. Учунчу кун дегенде, минген атын кара терге тушуруп куугунга кайнатам озу келип калса болобу. Келгенде да жон келбей, окуруп-бакырып, айылды асманга, уйду устуно которуп жер сабап келди.
Эл-эли менен, журт журту менен -ачуулунун алдынан чыкпа- дегендей, ал кишинин ачуусун сурап, могодой салбырап турушту. Кайнатам келээри менен Кызыл-Жарда каза болгон аяшына топурак салууга кеткен таякеме киши чаптырып алып келип калышты. Таякем Аксы ороону боюнча улуу-кичууго танымал, кадыр-баркы бар эстуу киши болучу. Аттан тушоору менен эки колун бооруна алып:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#810 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кулдугум бар куда, аз айып, коп куноо болсо кечирип коюнуз. Балдар балалык кылып коюптур, малыбыз эмес башыбыз тартуу. Жаны замандын шарапаты менен азыркы жаштар оз суйгонун озу тандап, оз тенин озу таап жатпайбы. Анучун сизде да, бизде да куноо жок, куда. Окмот менен партия жаштардын созун суйлоп, жаштардын качысын чаап , жаштарга какордук коруп жатса, бизде эмне кеп. "Улугун сокур болсо, козунду кыс" дегендей, мыйзамдан алыс кеталбай калбадыкпы.
Кайнатам таякемдин жанында турган айылдык кенештин торогасы менен мурда эле тааныш экен. Аны коруп, андан бетер эки козун кан тээп чычаладай кызарып, кош уурту озунон озу кыймылдап, каны ичине тартып муундары титиреп озун кармай албай турду. Анан ону очкон калыбынан озгорбой сельсоветке карап каардана минти:


-Ой, Сардар укам, сиздин бул жерде экенинизди билбептирмин. Билгенде туз эле сизге барбайт белем, темтендеп убара болбой. Кызымды алып кетейин, жардам бериниз. Окмоттун зан-закунундо кыз уурдап, кыз алакачкандар, жазага тартылбайбы? Баламды колума салып бербесенер, силер менен олбогон жерде калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#811 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Коюнузчу, Усуке, ошондой да соз болчу беле. Кызынызды эч ким ала качпай эле оз эрки менен келиптир. Андан коро балдар бактылуу болсун дегиз да. "Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер" дегендей, азыркы заман баягы кыз менен уулду ата-эне билген заман эмес. Деген менен Гулгаакы акылдуу кыз экен, туурун туура тандаптыр. Баарынан окунучтуусу куугунга озунуз келгениниз осол болуп калды. Качан кыздын артынан атасы кубалап барат деген кайсы кыргыздын салтында бар эле. "Атын чыкпаса жер ортто" дегендей эле иш болуп калды сиздики.
-Эл журтка шерменде болуп бетим карарып жатса, куугунга озум келбегенде, кимди жиберет элем. Сен бала, кыз уурдап, кыз ала качкан буларды кунолобой, мени куноологону турасынбы. Жок, жолдош, андай болбойт.
Окмот-сокмот, закун-макун деп мени дайыны жок коркута бербей жардам бергиле. "Айтпай турган соз эле, айтылып кетти озу эле" дегендей, жалган айтсам "Тошу" туктуу жер урсун, тобосу ачык кок урсун". Менин соогум сыздатпагын, Сардар. Баякы жылы атынды кочку алып, каралап жоо калганында "Тааныбасты сыйлабас" кылбай, атымды токуп, алдына тартканымда айттын эле го, мен дагы: "Бир керегинизге жарармын" - деп. Ошол озун айткан керекке жарачу мезгил эми келди. (Усуп эскертпесе деле Сардар оюнда ойлоп турган болучу. Пулуна сатып алса да ат минген. "Кыргыздыкы кырк жылда" деген ушул экен деп ойлоду. Эчен-эчен: "Ат минсем акчасын алгансыз" - деп айтып жибере жаздап барып токтоду).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#812 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Олтурсон, койсон озун бил, кызымдын кайындап койгон кайыны бар. Ошон учун "Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын. Эч адамга билгизбей, эч бир жанга туйгузбай: "Эжесиникине кетти эле" -деп тун катып алып кетип калайын.
-Айланайын аксакал, колдон келбес ишке туртуп жатасыз мени. Оздору бирин бири суйуп, бирин-бири жактырып баш кошкон жаштарды ажыратуу колумдан келбейт да, Усуп аке.
-Андай болсо кызымды алып чыгып, экообузду бетештиргиле. Козмо-коз суйлошуп армансыз болоюн. Эгерде бул отунучумду орундатпай турган болсонор, силер менен олбогон жерде калам. Бул жерден мени тируу кетет экен деп ойлобой эле койгула. Анда мен кызымды да олтуром, озумду да олтуром.
Бирок андай жамандыкка баргым келбей турат. Мен адамгерчилик кылгандан кийин, силер да адамгерчилик кылып койгула. Менин угаарым, Гулгаакы оз каалосу менен келдиби, же балким, зордук-зомбулук менен келдиби, эки ооз соз. Эгерде, чыны менен: "Озум суйуп, оз каалом менен келдим" -десе, було силердики. Анда арадай жерге чарадай жыйын курбай, эки балага бак таалай тилеп, ак батамды берип акырын келген жолум менен кете бермей.
Кайнатамдын отунучун бардыгы колдоп кетишти, Кубанычы койнуна батпаган таякем аялын чакырып, болгон ишти айтып, Гулгаакыны атасы менен беттештирууго алып келууну табыштады. Бирок Гулгаакы атасы менен беттешип жооп берерин укканда коздору алайып куту уча тушуп:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#813 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жок, жок, атам менен беттешпейм. Андан коро кат жазып
берейин .
-Антпе, айтарын бир эле ооз соз. "Озум суйуп озум келдим ата, кечирип кой мени" - десен эле болду.
Кыз мойнунан байлаган иттей болуп, таяжемдин коштоосунда титирей басып тышка чыкты. Кайнатам болсо , УШУНУ ЭЛЕ КУТУП ТУРГАНСЫП, жалган кулгон болуп, Гулгаакыны короор замат, чап билектен алды да , жетелей берип минтти


-Журу, озубузчо тигиндейрээк барып суйлошолу, кызым. Силер кудалар, -деди тургандарга, - було силердики, алда кандай болот деп чочулабай эле койгула.
Куугум кирип, каш караарып калган мезгил болучу. Усуптун созун угуп биздикилер жарданган боюнча, тигилерди ээрчий тиктеп туруп калышты. Арадан он мунот оттубу, откон жокпу, бир кезде: "Айланайын атаке-е-ее, кечирип кой, жан соо-га" деген ачуу ун айлананы жарып кеткендей болду. Тургандардын баардыгы ун чыккан жакты коздой оздорун атты. Козун жамандыкды корбосун биз барганда Гулгаакы атасынын таман алдында ит талаган тооктун чожосундой болуп жер кучактап томолонуп жатыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#814 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Сентябрь 2015 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Копчулукту коргондо кайнатам озу эле кызын таштап четтей берди. Амен болсом кулагым тунуп, козумо эч нерсе корунбой Гулгаакыны кучактай жыгылдым. Ошол саамда кайнатам минтти..
-Мына, булоонор було,. Кыз силердики. Мен айтканын айткандай аткарган убадага бек кишимин. Озу суйуп, оз каалосу менен келгени чын экен. Мен кеттим, кайыр", кошкула - деп томондой басып терс бурулуп кетти.
-Анан ал киши кетип калдыбы ошол бойдон?
-Кетти да. Тургандар ал кишинин созун угуп, кеткенин билмек турсун, Гулгаакы менен алек болуп калышты, Ооруган жерин айталбай, бирде эсине келип, койчо оттогон алсыз кызды эки киши которуп уйго алып кирип шам жагышты. Орун салы салып, башын бийик жаздап жаткыралы деп оодо которо бергенде оозу-мурдунан кан агып кетти.
Таякемдер уй-булос менен, кошуна-колондору болуп Гулгаакы менен алек болуп жатканда. Сардар аке районго барып милицияга кабарлап, андан да догдур алып келууго улгуруптур. Ал кезде биздин район боюнча бардык ооруну коруп дарылоочу жалгыз эле козго басаар бир киши бар болучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#815 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол келген догдурдун айтуусу боюнча атасы кызынын кабыргаларын талкалап, опко боорун эзе тээп, жан жерин талкалап салганын билдик. Гулгаакы тилге келбей жатып, жумган козун ачпаган бойдон ошол эле куну келбес сапарга кете берди. Мына ушундай шор болгон , Толкунбек.
-Андан кийин бул байбиченизге уйлонгон экенсиз да.
-Уйлонбой - уйлонбой журуп, кыркка чукулдап барып баш коштум бул кишиге.
Гулгаакынын куйуту онойго турган жок мага. Ошол кезде каным бузулуп, артынан олгум келип да журду. Бирок жан таттуу тура, ололбадым. Мен учун жашоонун кызыгы кетип, Гулгаакыга окшогон акылы артык Айперидей сулуулар эч жерде жоктой болуп, демим сууп, баягы суйууго дилгир болуп жалындап турган журогумду кимдир бироо сууруп алып муздак сууга ыргытып жибергендей келечеги жок, максатсыз кун откоруп жургон бир макулук сыяктуу болдумда калдым. Деги суйуудон бактысыз экемин.
-Ниетинизге жараша, балпайган, мандайы жарык жакшы байбичениз бар. Антип армандабаныз, дагы эле бактылуусуз, Акбар Сатарович.
-Ооба, ооба, жаман киши эмес. Агартып уул, кызартып кыз тороп берген аялды жаман болсо да жакшы дейбиз да. Эгерде Гулгаакыдан ушинтип шагым шактап, когум коктоп момологон болсом, Акбар акандын зомбулосу мындан да бийик, мындан да ооматтуу адам болбойт беле. Армансыз дунуйо болбойт тура, Толкунбек. Адам баласы мандайга жазганды корот экен да.
-Бул байбиченизди деле озунуз таап, озунуз суйуп, озунуз тандасаныз керек. Канча кылса кыз алган жарынызда.
Акбар Сатарович башын силкип алды.
-Мен сени менен асылкеч тентушумдан бетер, эч кимге айтпаган , карыгандагы сырымды айтып, журокто жургон эбаккы жаралуу дартымды ортого салып жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#816 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Чалбаш буурадай болгон бул чал тантып, оозуна келгенди оттоп жатат деп куноолой корбо мени. "Тишим кетик болгону менен конулум баягы жапжаш бойдон Гулгаакыны эстегенде гулдоп турат, Толкунбек, -Акбар Сатарович каткырып кулду.
-Адамдын озу картайып, сырт кебетеси озгоргону менен ички дуйносу, ички сулуулугу ошол бойдон кала беруучу неме турбайбы. Ошон учун мени кечирип кой, укам.
-Жок, жок, Акбар Сатарович, кадырыныз жан болсун. "Созду угаар жерге айтып, сууну синээр жерге тогот" эмеспи. Мунун баары менин койгойумдон улам келип чыкты. Чындыгында эле сизде ушундай махабаттуу трагедия бар экенин ким ойлоптур. Окунучтуу экен, Акбар Сатарович.
-Ооба, бул апанды озум таптым. Эрден чыккан тастарлуу жубан экен. "КОП БАСКАН АЯК , БОК БАСАТ" болуп, бойдоктуктун залдарынан кайып-каскагынан аралашып калып, бул каманга капысынан чалдырып койдум. Кош бойлуу болуп калыптыр. Догдурлар менен суйлошуп алдырып салалы десем: "Акбардын баласын олтуруп, канын аркалай албайм", -деп турса болобу. Анын устуно ошол кезде жаны эле партиянын мучолугуно откон кезим болучу. Бул да оной аял эмес экен. Ылайыгы келип турган бактысынан ажырагысы келген жок. Эгерде албасан арызданам дегенге чейин барып, талуу жерден кармап туруп алды.
Айлам кетти.
Эч адамга сырымды айтпаган жаным, озум менен озум кенешип олтуруп, акыры апама бир ооз айтып макулдашып корууну чечтим. Ошол кезде ал киши алтымыштан ашып калган кези болучу.. Акылдашар атамдын козу эбак откон. Менден кийинки иним мага карап, улуу агам уйлонбой турса мен уйлонмок белем деп, мойноп журуп, менин озумдон уруксат болуп, ыраазычылык менен аял алып, бала-чакалуу болуп калган кези болучу. Жалгыз карындашым бар эле, ал да куйоого кеткен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#817 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Апам маркум:: "Качан уйлоносун? Сени менен тен балдардын баары шаар болуп, бала-чакалуу, акар-чакар болуп осуп баратышат. Козумдун тируусундо санаамды тындырып, бирдеме алсан боло. Сенин келеченинди ойлой берип жинди болуп кетмей болдум" -деп кан-какшап журуп, акыры "аял ал" деген созду айтпай да калган.
Бирок, апам озу айткандай, мен деп, менин тагдырым деп журуп санаадан саргайып, кайгыдан эрте картайып кетти. Бирок мен деги куру намыс, энеге уялбай эрден чыккан жубанга уйлонууну айтуу ото оор болуп турду. Анан озумчо ойго батам. Кайсы эрте бактылуу киши элем. Ошончо жылдан бери Гулгаакыга болгондой суйуу, Гулгаакыга болгондой энсоо кайрадан жанып, откондогу оксугум толуп, Гулгаакынын ордун алмаштыруучу бироо болоор бекен деп канчалык кутуп, канчалык издесем да андай бакыт кушу башыма конбой койду. Эрден чыккан айыбы болбосо, бул аялдын жаман ургаачы эсес екенин билип турсам да, эмне учундур аны баалагым да, аягым да келбейт.
Билбейм эмне учун??? Козумдун агы менен тен айланып, айтканымды айткандай, дегенимди дегендей аткарып, мышыктай жалдырап алдыма тошолуп, ичи-койнума кирип турат. Турмуш болсо болоор, болбосо ажырашып кетермин. Эмнеси болсо да апама айтып коройун, эмне дээр экен, деген ойдо, дем-алышта уйго келип калдым. Ал кезде мен Кара-Суу районунун бир курулуш уюмунда пророб болуп иштеп жаткан кезим болучу.
Кечки тамактан кийин апам экообуз, аркы-беркини суйлошуп соорудо олтурдук. Созду эмнеден баштаарымды билбей, башымды апамдын тизесине коюп, чалкамдан жаткан болчумун. Чачымдан кайра-кайра сылап эркелетип унсуз олтурган апам, оор улутунуп алып минтти:
-Э, каралдым, сенин чачын эмитеден агара баштаган го, ыя Акбар?
-Ал ак чач, мурда эле бар болучу, апа!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#818 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кой, балам, антип калп айтпа. Ак-магы жок эле, кундуздай болгон кара чачын бар эле го.
-Ушул саам да бетиме бир тамчы ысык жаш тып дей тушконун байкап, апамды жалт карай салганча болбой, кош карагинен аккан ысык жаш мандайыма устокко-босток таамып кетти. Ошол замат башымды тизесинен жулуп алып чочулай сурадым.
-Эмне болуп кетти ыя, апа? Ыйлап жатасынбы?
-Ооба, ыйлап жатам, - деди коз жашын салаа агызып.
-Сени бироо капа кылдыбы? Айтчы , эмне болду?
-Мени эч ким капа кылган жок, балам. Мен сен учун, сенин тагдырын, сенин келечегин учун, азыр эле эмес, ар дайым ыйлап жургонумду кайдан билмек элен.
-Мен учунбу ыя, апа? -Кулдум.
-Ооба, сен учун. Сен деп журуп кол башындай журогум, кой башындай болду. Кууратын го кулунум. Сен кандайча мындай намысы жок, ары жок адам болуп калганынды билбейм. Бир кезде бир кызды суйуп, ал олуп калды эле деп, дуйнодон так отойун дединби? Дагы уялбай кулот. -Эмне мени карап туруп эликтеп койду.
-Анан кулбогондо сага кошулуп мен дагы ыйлайынбы? -Кучактап коз жашын суртуп, беттеринен ооп, ээгинен эркелетип минттим.
-Сага ошончолук эле уйлонушум зарыл болуп турса, эртен эле бироону суйроп келе коём.
Жубан болсо деле мейлиби, ыя апа?
-Жубан дейсинби? Эмне, коз салган келин-кесегин барбы?
-Толуп жатпайбы. Эмне коп, аял коп азыр. Оюмда жургон бироо бар. Сага жагабы, жакпайбы билбейм.
-Мени эмне кыласын, балам, сага жаккан мага да жагат, башкага да жагат. Озундун деле такыялуу кыз алуудан жашын отуп баратат. "Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар" каралдым. Мейли, жубан болмоктон жубан болсун, иши кылып "Кызтеке" болбосо болду. Жердиги кайдан экен? Торкун-тостуу немеби деги?
-Ооба, ата-энелуу, бир туугандары бар. Кара-Сууда мен иштеген кварталда жашайт. Жердиги токтогулдук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#819 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Оозуна май, жакшы созун бар экен. Мени кубандырып койдун, балам. Деги туболугу туз болсо болду. "Бука болсун, чорт болсун, балаларга сут болсун" дегендей, мынча болду кадырына жете турган, акыл-эстуу неме болсо экен.
-Олдо айланайын апакем ай, Акбарым, Акбарым деп тилегимди тилемчидей тилеп журуп отуп кетти.
-Анткен менен уйлонгонунузду корду да.
-Корду, корду.
-Апаныз, Каныш эжени жактырдыбы анан?
-Жактырды. Бул байбичемдин бир жакшы жери, келген кундон баштап, апамдын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып, оту менен кирип, кулу менен чыккандай эле болду. "Жакшы журмок бар, жакшы олмок жок" дегендей, кийин апам оорукчал болуп, бир жак ыптасы кыймылдабай, шал болуп тошоко жатып калды. Карылык каршы келип, ден соолугу кеткенде, энеге кайсы уул-келини куйумдуу болсо, ошол жакка качып калат экен.
Байбичем апамды, олор-олгончо кабагым-кашым дебей, бир жерин кетирбей, бир конулун калтырбай кукуктун балапанындай бапестеп бакты. Оорукчал киши капачыл да, кылдан кыйкым тапкан таарынчаак да, ачулуу да болуп калат экен. Кокус шартка жараша айтканы айткандай убагында аткарылбай калса, кээде балача ыйлап беймазаны алса, кээде кербезденип конул калар, конул сырларды билбей тикендей тили тийип:: "Мени кудай албай жамандарга кор кылды. Жоголгула козумо корунбой" -деп колуна эмне тийсе, ошону менен уруп, буркан-шаркан тушуп кетер эле.
Бул бакуш Каныш ошондо да солк этип койбой:: "Апакебай, кечирип коюнузчу мени!" -деп алдында айланып туручу. Анан апам ачуусу тарап эсине келгенде:: "Мен сага ыраазымын Каныш, сен да мени кечирип кой. Катуу айтсам капа болбо. Мени сыйласан, сени Кудай сыйласын, алганын менен тен карып, башындан бакыт, Акбарындан доолот кетпесин. Мага корсоткон сыйынды сен балдарындан кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#820 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Укум-тукумун осун, орушун ордоп, олтурган ордун тордо болсун, балам" -деп кайра-кайра батасын беруучу. Мына ошол Каныш ушул. Апамдын батасы менен кошогосу когоруп, ооматтуу кунго жетти. Он эки баланын энеси болду. Учоо жерде. Тогузу болсо билесин, тогуз тогуз жерде щаар.
-Оо, Каныш апа "Баатыр эне" турбайбы, азамат экен.
-Ооба, азаматтыгын айтпа. Ойдо жок жерден жургон салбай минип, капканга тушурдуго бул ит. Мени бир кармаса бала менен кармап, кызматы менен жагарын билген турбайбы. Токкондо дагы кызды кыздай, уулду улдай удаасы менен тогуп-тогуп салып олтуруп калды.
Толкунбек Акбар Сатаровичти сынай сурап минти::
-Сиздин Гулгаакы кызга болгон махабатыныздын жалынын Каныш эженин ажары акыры акыры баскан экен да.
Карыя Толкунбекти жалт карап, томсоргон калыбында минтти::
-Жок, озумду басканы менен журогумдун отун баса алган жок. Кудуреттин кучуно даба жок окшобойбу. Суйгон жардан мындай кайгы менен ажыроону адам баласынын башына салбасын. Бул куйут, журок менен конулдун орду толбой туболукко сакталып калчу кемтик болду мен учун. Гулгаакы деген перизаттын аты да, анын элеси да менин омурум менен бирге жашап, соогум менен бирге жата турган арылбас арман.
Андан бери арадан жылдар жылып, айлар агып, ата сакалы ээгиме бутуп, акар-чакар болуп, шагым шактап, гулум гулдоп, жетимишти желкелеп турсам дагы Гулгаакы менен бирге болгон ошол бактылуу кундордогу, журокко батпаган ажайып кубанычтын да, ырахаттын да даамынчалык даамды эч тата албадым. Мен азыр да кээде кандайдыр бир нерсем жетпегенсип озумдон озум жалгызсырап, туталанып турган мезгилдерде Гулгаакынын наристе жытын энсеп, аны ойлоо менен озумду озум алаксыткан мезгилдерим али коп. Адам баласынын жашоосундагы омурдун эн бир урунттуу бактысы да, таттуусу да суйгон жар менен туболукко кол кармашып жашоо тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: