Анан Роберт Де Ниро катышкан жаңы фильм тууралуу маалымат окуп калып, премьерасын чыдамсыздык менен күтүп баштадым. Ал - "Стажер " болчу. Премьерасынан бир күндөн кийин эле жетип бардык)
Кыскача: Де Ниро менин сүйүктүү актерлорумдун сап башында. Тээ "Крестный отец" легендасынан бери жактырам) Улгайып калса да, кинолорго тартылууну улантканы өзүнчө даңк! "Стажердо" эң эсте калган эпизоду боссунун алдында көзүн ирмеген кадрлары болду.
Энн Хэтэуэй (ух, айтылышы эле азап фамилия) - мен бул актрисаны жөн гана "Дьявол носит Prada" киносундагычы деп калам))) Андан тышкары "Жейн Остин", "Война невест" фильмдеринде роль жаратканы өзүнчө мактоого аларлык.
"Стажерго" келсек, режиссерлор бир ооздон айткандай, көрүүчүлөрдү ыйлаткан да, күлдүргөн да чыгарма болуптур! Айрыкча, Де Ниро Эннге өмүр бою иштеген жеринин ордун көрсөткөнү бар эмеспи, мукактанып барып, көздөрүмө жаш айланып-айланып, анан жоголуп кетти))) Көп ойлорду жаратты, дал "стажер" персонажына окшогондордун армиясы дагы 50 жылдай актуалдуу болот болушу керек. Иштермандардын армиясы! Пенсияга чыккандан кийин да тынч эс ала албагандардын армиясы))) Биринчи постко эле узунан узун жазууну токтоюн, кийин дагы улантам...
Кинону көргөндөр болсо, оюнуздар менен бөлүшүүнү суранам


Супер-Инфо
super.kg
видео















