КЫРГЫЗСТАНДЫК ЗЫЯРАТЧЫЛАРДЫН АРАФАТ ӨРӨӨНҮНДӨГҮ АЖЫЛЫК АМАЛДАРЫ БАШТАЛДЫ
Баткен облусунан ажылык амалдарын аткарып келүү үчүн кетишкен зыяратчылар Минадан Арафат өрөөнүнө келип жайгашып, ажылык амалдарын башташты. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын фатва бөлүм башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев жеринен кабарлады.
Арафат Харам мечитинен 17,7 км. чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурда Кыргызстандык ажылардын ден- соолуктары,
жана маанайлары жакшы-деди жеринде Абибила Кадырбердиев.
23.09.2015 10:27
Исламий жаңылыктар...
#101 24 September 2015 - 17:10
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#102 24 September 2015 - 17:11
“МУЬАЗ ИБН ЖАБАЛ” МЕДРЕСЕСИНДЕ КУРМАН АЙТКА КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ ЧАРА ӨКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Баткен шаарындагы Муьаз ибн Жабал” медресесинде мусулмандардын ыйык майрамы болгон улуу Курман айт күнүнүн урматына карата медресенин кыздар бөлүмү тарабынан майрамдык иш чара өткөрүлдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы маалымдады.
Медресе студенттери эки топко бөлүнүп, турмуштан алынган тарбиялык маанидеги окуяларды чагылдырып, ислам түркүктөрү боюнча суроо-жооп таймашын уюштурушту. Ошондой эле «мусулман даамы» таймашы деген аталыштагы теманын алкагында өз күчтөрүн сынашты.
Иш чарага облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов, медресе мүдүрү Исраев Султанмурат, студенттердин ата-энелери жана шаардагы мектеп окуучулары катышышты. Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө облус казысы катышуучуларды келе жаткан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, сынактын катышуучуларына ийгиликтериди каалады. Иш чара соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга баалуу белектерге ээ болушту.
23.09.2015 09:23

#103 26 September 2015 - 22:00
КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИ 600 СТУДЕНТКЕ КУРМАНДЫКТЫН ЭТТЕРИН ТАРАТТЫ
Мусулмандардын ыйык майрамы болгон улуу Курман айт күнүндө Кыргызстан Ислам Университети 600 студентке курмандыктын эттерин таратып берди.
Быйылкы жылы КИУ 55 кой жана 4 бодо мал курмандык чалды. Курмандыктарды жеке ишкерлер, фонддор, жана элчиликтер беришкен.
Атап айтсак, жеке ишкерлер тарабынан 1 топоз, 5 кой, «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы»- 1 бодо мал, «Элим барсы жана Адеп башаты» фонддору 2 бодо мал, «Ассалаам» фонду 50 кой, Түрк элчилиги 4 кой берген.
Иш чарага КИУнун проректору Ибраев Марс ажы, окуу бөлүмүнүн башчысы Абан Матраимов жана окутуучулар жамааты катышышты.
«Илим алуу оңой эмес. Илимди бир күндө эмес, өмүр өткөнчө изденүү керек. Жараткан алып жаткан илимиңерге берекесин берсин. Курмандык – бул жалпы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тообо келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-ниматтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Курмандык беришкен кайрымдуу жарандарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз», -деди КИУнун проректору Ибраев Марс ажы.
25.09.2015

#104 26 September 2015 - 22:02
КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИ БЫЙЫЛКЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА 300 СТУДЕНТТИ КАБЫЛ АЛДЫ
Кыргызстан Ислам Университети быйылкы окуу жылында 300 окуучуну кабыл алды. Университет жаңы окуу жылына жакшы даярдыктарды көрүп, окуучулар үчүн жаңыча шарттарды түзүп берген.
«Учурда Кыргызстан Ислам Университетинде 780 студент билим алат. Алардын төрт жүз отузу кыздар болсо, үч жүз элүсү балдарды түзөт. Университет азыркы мезгилде КР билим берүү министрлигинен лицензия алууга аракет кылууда»,-деди КИУнун окуу бөлүм башчысы Абан Матраимов.
КИУда студенттерге аудитория жетишпегендиктен 2 смен окушат. Студенттер араб тили жана шариат багыттары боюнча кесипке ээ болушат. Быйылкы жылы Кыргызстан Ислам Университетин 82 студент бүтүрүп, атайын дипломдорду тапшырмакчы.
Эскерте кетсек, Кыргызстан Ислам Университети – Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) алдындагы Ислам дининин баалуулуктарын жана шарият өкүмдөрүн илимий негизде үйрөткөн жогорку окуу жайы. 90-жылдардын башында Кыргызстандагы диний башкармалыктын башчысы (муфтий) Кимсанбай ажы Абдрахманов ошондо эле Бишкек шаарында Ислам медресесин ачуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ошентип, 1991-жылдын башында өлкөбүздөгү жалпы мусулмандардын колдоосу менен Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган жана ага Темирбай ажы Орунбаев алгачкы мүдүр болуп дайындалган. Өнүгүүнүн туура багытын карманган медресе тез аранын ичинде эле, тагыраак айтканда, 1993-жылы КМДБнын алдындагы Азирети Умар атындагы Ислам институтуна айланган. Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугунун арасында белдүү абройго жетише алган институт 2003-жылдын 25-апрелиндеги Кыргызстан Мусулмандарынын II курултайынын жана Уламалар Кеңешинин чечими менен универститет статусуна ээ болуп, Кыргызстан Ислам Университети (КИУ) деп аталып калган.

#105 26 September 2015 - 22:04
КР ЖК ТӨРАГАСЫ ШЕЙХ РАВИЛ ГАЙНУТДИН МЕНЕН ЖОЛУКТУ
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын жана Муфтийлер кеңешинин төрагасы, муфтий-шейх Равил Гайнутдин менен жолукту.
Төрага Москвадагы башкы мечиттин курулушунун аякташына жана анын салтанаттуу ачылышына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасына болгон куттуктоосун тапшырды.
Жээнбеков Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу учкай кеп кылып, көз карандысыздык жылдарында динге ишенгендердин саны кыйла арбыгандыгына токтолду. Спикер - президенттин жеке демилгеси боюнча “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлүп, исламдын чыныгы баалуулуктарын бекемдөө, өлкөнүн дин кызматкерлеринин адистигин жогорулатууга көмөктөшүү, салттуу ханафи масхабынын негизинде агартуу иштерин жүргүзүү жагынан ийгиликтүү иш алпарып жатканын баса белгиледи.
Төрага - "Калыбына келтирилген Орусиянын башкы мечити - мусулмандардын дуба кылуучу жери гана эмес, маанилүү рухий борборлордун бири болорун" - белгиледи.

#106 26 September 2015 - 22:05
МИНАДАГЫ КЫРСЫККА КАБЫЛГАНДАРДЫН АРАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЖОК
Минадагы кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандык зыяратчылар жок. Бул туурасында Мина өрөөнүнөн штаб мүчөсү Шергазыев Жоробай ажы жана Умар Карыпов билдирди.
Учурда Сауд Арабиясындагы ажылык милдетин аткарып жаткан зыяратчылардын арасында кырсыкка кабылгандардын ичинде Кыргызстандык ажылар жок. Штаб мүчөлөрү жана ажы башчылар өз тобундагы ажыларды такташып чыгышты.
Алардын берген маалыматында кырсык 1 сызыкта болгон. Ал эми Кыргызстандык ажылар бул учурда 2 сызыкта ажылык милдеттерин аткарып жүрүшкөн.
Минадагы кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандык зыяратчылар жок. Бул туурасында Мина өрөөнүнөн штаб мүчөсү Шергазыев Жоробай ажы жана Умар Карыпов билдирди.
Учурда Сауд Арабиясындагы ажылык милдетин аткарып жаткан зыяратчылардын арасында кырсыкка кабылгандардын ичинде Кыргызстандык ажылар жок. Штаб мүчөлөрү жана ажы башчылар өз тобундагы ажыларды такташып чыгышты.
Алардын берген маалыматында кырсык 1 сызыкта болгон. Ал эми Кыргызстандык ажылар бул учурда 2 сызыкта ажылык милдеттерин аткарып жүрүшкөн.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#107 26 September 2015 - 22:44
Москвада он жылга созулган курулуш иштеринен соң 10 миңге жакын адамды батыра алган жаңы мечит тургузулду.
Эски мечит 1904-жылы курулуп, совет маалында Москвадагы жалгыз мечит катары сакталып келген. Учурда анын аймагы 964 чарчы чакырымдан 19 мин чарчы чакырымга чейин кеңейтилген. Расмий маалыматтар боюнча Москвада 2 миллион мусулман калкы жашайт. 1904-жылкы эски мечиттин мунарасынын бөлүгү кичи мунарада сакталган. Мунаралар орус муналарына окшош болуусу талап кылынганы белгиленет.
Мечит Москвадагы проспект Мира метросунда Дуров жана Выползов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Эски мечит 1904-жылы курулуп, совет маалында Москвадагы жалгыз мечит катары сакталып келген. Учурда анын аймагы 964 чарчы чакырымдан 19 мин чарчы чакырымга чейин кеңейтилген. Расмий маалыматтар боюнча Москвада 2 миллион мусулман калкы жашайт. 1904-жылкы эски мечиттин мунарасынын бөлүгү кичи мунарада сакталган. Мунаралар орус муналарына окшош болуусу талап кылынганы белгиленет.
Мечит Москвадагы проспект Мира метросунда Дуров жана Выползов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#108 26 September 2015 - 22:46
#109 26 September 2015 - 22:48
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#110 26 September 2015 - 22:51
Курулуш бардык заманбап талаптарга жооп берет. Жалпысынан мечитте жети лифт жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар каралган.
Жаңы мечит «Монарт Иншаат» түрк ишканасы тарабынан курулган. Мурунку курулушчу «Бетрио» сегиз жылдан ашык курулуш иштерин созуп келген.
Мечиттин архитектурасы орус, татар жана түрк стилдеринде жасалгаланган.
Жаңы мечит «Монарт Иншаат» түрк ишканасы тарабынан курулган. Мурунку курулушчу «Бетрио» сегиз жылдан ашык курулуш иштерин созуп келген.
Мечиттин архитектурасы орус, татар жана түрк стилдеринде жасалгаланган.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#111 30 September 2015 - 21:49
БҮГҮН ЧҮЙ ЖАНА БИШКЕК ШААРЫНЫН ЗЫЯРАТЧЫЛАРЫ МЕКЕНИБИЗГЕ КАЙТЫП КЕЛИШЕТ
Джидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек жана Чүй облусунан учуп кетишкен зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн мекенибизге кайтып келишмекчи.
27-августта Чүй жана Бишкек шаарынан Сауд Арабиясына ажылык амалдарын аткаруу үчүн жөнөп кетишкен зыяратчылардын алгачкы тобу кайтып келишет. «Учурда зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Ар бир топ өздөрүнүн рейстерин күтүшүүдө», -деди жеринде штаб мүчөсү Умар Карыпов.
Бүгүн Мекке шаарындагы зыяратчылар Сауд Арабия убактысы менен 11:00, Кыргызстан убактысы боюнча саат 14:00 учушат. Ал эми Джидда-Бишкек багыты боюнча учкан учак Бишкекке саат 19:30 коноору күтүлүүдө.
30.09.2015 10:16

#112 30 September 2015 - 21:51
Ноокат районундагы «Атаназар кары» атындагы медресесинде кыз- келиндер бөлүмү ачылды
Кечээ Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндө жергиликтүү калктын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен «Атаназар кары» атындагы медресесинин кыз-келиндер бөлүмүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ачылыш аземге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын төрагасы Саид Баюми, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Ноокат районунун акими Бекболот Айтиевдер катышты.
Ачылыш аземде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бөлүмдүн ачылышы менен жамаатты куттуктап, медресенин алдында ачылган кыз келиндер бөлүмү Куран үйрөнүүчүлөргө мүмкүнчүлүк катары, намаз окуучуларга таалим тарбия берүүчү жайга айланып, мусулман аялзатынын ислам таануусуна чоң өбөлгө болоорун белгиледи. Мындан сырткары жергиликтүү жамаатка, кыз келиндер бөлүмүнүн курулушуна эмгеги өткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, «Атаназар кары» атындагы медресесинде буга чейин балдар гана окуп келсе, азыркы күндө жаңы ачылган кыз-келиндер бөлүмү өзүнчө 3 кабаттуу имаратта 200 орундуу болуп ачылды.
30.09.2015

#113 30 September 2015 - 21:52
ЗЫЯРАТЧЫЛАРДЫН АЛГАЧКЫ ТОБУ МЕКЕНИБИЗГЕ КАЙТЫП КЕЛИШТИ
Бүгүн Ош шаарынан ажылык парзын аткарып келүү үчүн жөнөп кетишкен зыяратчылардын алгачкы тобу түңкү саат 3:20 да Ош Эл аралык аэропортуна келип конду. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ажыларды аэропорттон Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана казыят кызматкерлери тосуп алышты.
«Ош шаарынан 25-августа алгачылардан болуп учуп кетишкен 200 зыяратчы сак-саламат, тынч, толук ажылык ибадаттарын аткарып, өз мекенине келишти»,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 25-август күнү Ош аба майданынан ыйык Медина шаарына 200 зыяратчы ажылык амалдырын аткарып келүү үчүн жөнөп кетишкен.
29.09.2015

#114 30 September 2015 - 21:54
Голливуд актеру Стивен Сигал Москвадагы борбордук мечитти зыярат кылды
Белгилүү Голливуд жылдызы Стивен Сигал Москва шаарындагы борбордук мечитти зыярат кылды. Ал зыярат учурунда кеңейтилген мечиттин ички жана сырткы жасалгалары менен таанышып чыкты. Стивен Сигал Орусия мусулмандарын бул жакшы саамалыгы менен өз сапары учурунда куттуктады.
Голливуд актеру Стивен Сигал Орусия вице-премьери Дмитрий Рогозин менен бизнес ачуу ишин сүйлөшүү үчүн келген.
Булак: Islam-today
29.09.2015
Белгилүү Голливуд жылдызы Стивен Сигал Москва шаарындагы борбордук мечитти зыярат кылды. Ал зыярат учурунда кеңейтилген мечиттин ички жана сырткы жасалгалары менен таанышып чыкты. Стивен Сигал Орусия мусулмандарын бул жакшы саамалыгы менен өз сапары учурунда куттуктады.
Голливуд актеру Стивен Сигал Орусия вице-премьери Дмитрий Рогозин менен бизнес ачуу ишин сүйлөшүү үчүн келген.
Булак: Islam-today
29.09.2015
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#115 30 September 2015 - 21:55
Сауд Арабиясы ажылык амалдарын аткарышкан зыяратчыларга 2 млн Куран китебин таратат
Быйылкы жылы ажылык амалдарын аткарышкан зыяратчыларга ыйык Куран китебинен 2 млн нуска таратылаарын падышалыктын ислам министрлиги билдирген. Ыйык китеп Саудиянын Абдел Азиз атындагы эл аралык аэропортунда таратылмакчы.
Жалпысынан белектерди таратуу иш чарасы өлкө аймагындагы 50 пунктта өткөрүлөт. Бул үчүн 1 000 кызматкер иштешип, ажылык амалдарын аткарып, өз мекендерине сапар алып жатышкан зыяратчыларга беришмекчи.
Булак: Islam-today
29.09.2015
Быйылкы жылы ажылык амалдарын аткарышкан зыяратчыларга ыйык Куран китебинен 2 млн нуска таратылаарын падышалыктын ислам министрлиги билдирген. Ыйык китеп Саудиянын Абдел Азиз атындагы эл аралык аэропортунда таратылмакчы.
Жалпысынан белектерди таратуу иш чарасы өлкө аймагындагы 50 пунктта өткөрүлөт. Бул үчүн 1 000 кызматкер иштешип, ажылык амалдарын аткарып, өз мекендерине сапар алып жатышкан зыяратчыларга беришмекчи.
Булак: Islam-today
29.09.2015
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#116 30 September 2015 - 21:56
ТИКА башкармалыгы Караколдогу жетим балдар үйүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөттү
Мусулмандардын ыйык майрамынын бири улуу Курман айт күнүн урматына Түркия Республикасынын премьер-министрлигине караштуу «Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА)» тарабынан Каракол шаардык «Иброхим ажы» атындагы борбордук мечитинин алдындагы кирүү жолу толугу менен оңдолуп, жаңыланды. Ошондой эле ТИКА башкармалыгы облус аймагында жайгашкан жетим балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, медресе студенттерине, муктаж үй-бүлөөлөргө, жетим-жесирлерге жана облустук казыятка атайын арыз менен кайрылгандарга атайын чалынган курмандыктын эттерин таратышып, ал эми келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандарга үйлөрүнө жеткирип, жарандарыбыз үчүн майрамдык маанай тартуулашты.
Саамалыкка КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Джаныбеков Акылбек Кадырович, Каракол шаарынын мэри Калыгулов Рыскул Уркалыевич, облус казысы Сагындыков Алмазбек ажы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышып, эли-жерибиздин жаркын келечеги жана жаштарыбыздын ыймандуу, адеп-ахлактуу тарбияланышы үчүн өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышты.
Маалымат: Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#117 30 September 2015 - 21:57
Сауд Арабиясында айдын тутулушу менен мечиттерде диний жөрөлгөлөр аткарылды
Дүйшөмбү күнү таң эрте Сауд Арабиясында айдын жаңырышы менен Жаратканга ибадат кылышты. Мындай көрүнүш 18-жылда бир кайталанат.
Бул күнү ибадат кылуу жөрөлгөлөрү Пайгамбарыбыз (ﷺ) көрсөтүп кеткен таризде падышалыктын алдындагы бардык мечиттерде аткарылды. Айдын тутулушу 1982-жылы катталган. Эми 233-жылга чейин жер менен ай бир сызыкка дал келбейт,-деп жазат АрабНьюс.
Дүйшөмбү күнү ай менен жер бир сызыкка дал келип, жер өзүнүн көлөкөсү менен айды жаап калган.
Булак: Islam-today
29.09.2015
Дүйшөмбү күнү таң эрте Сауд Арабиясында айдын жаңырышы менен Жаратканга ибадат кылышты. Мындай көрүнүш 18-жылда бир кайталанат.
Бул күнү ибадат кылуу жөрөлгөлөрү Пайгамбарыбыз (ﷺ) көрсөтүп кеткен таризде падышалыктын алдындагы бардык мечиттерде аткарылды. Айдын тутулушу 1982-жылы катталган. Эми 233-жылга чейин жер менен ай бир сызыкка дал келбейт,-деп жазат АрабНьюс.
Дүйшөмбү күнү ай менен жер бир сызыкка дал келип, жер өзүнүн көлөкөсү менен айды жаап калган.
Булак: Islam-today
29.09.2015
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#118 30 September 2015 - 21:58
Муфтият жаңы окуу жылында диний окуу жайларга акчалай жардам көрсөтөт
2015-2016-жылдагы жаңы окуу жылында Кыргыз Республикасындагы бардык диний окуу жайларында окутуу иштери башталып, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан бекитилген окутуунун бирдиктүү программасынын алкагында билим беришүүдө.
Жаңы окуу жылын өлкө аймагындагы диний окуу жайлар ийгилитүү башташкан. Айрымдары өздөрүнүн окуу жайларына балдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшкөн.
«Быйылкы жаңы окуу жылында Талас облусундагы 2 медресе окутуу иштерин бир айга кечирээк баштоого аргасыз болушту. Себеби, окуучулар ата-энелерине талаачылык иштерине жардам беришип, окууну кечеңдетишти. Бирок, бул диний окуу жайлар эми окуу жылынын акырында калтырылган убактыларын толуктап беришмекчи», -деди КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы диний билим берүүчү окуу жайларга өзүнүн жардамын берип, окуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүгө бар күчүн жумшап келет. 2014-2015-жылдагы жаңы окуу жылында муфтият өлкө аймагындагы бардык медреселерге компьютерлерди жана интернет модемдерин тапшырып, материалдык базаларын чыңдоого көмөк көрсөткөн.
«2015-2016-жылдагы жаңы окуу жылында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы бардык диний окуу жайларына 2015-жылдагы фитир-садакадан келип түшкөн акча каражатынын эсебинен 4,5 млн сомдук акча каражатын бөлгөнү турат. Бул дагы болсо диний окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатын мындан да жакшыртууга чоң өбөлгө болмокчу»-деди КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы.

#119 30 September 2015 - 22:00
Дааватчылардын билим денгээлдерин көтөрүүчү курс кайрадан ишке кирди
Бишкек шаарынын борбордук мечитинде дааватчылардын билим деңгээлдерин көтөрүүчү «даават» курсу өз ишин баштады.
Бул жолу өлкө аймагынан чогулган дааватчылар Бишкек шаарынын борбордук мечитиндеги окуу класстарында билимдерин жогорулатышууда. Ал эми 15-октябрдан тарта Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Бишкек шаарында «даават» курсу уюштурулмакчы.
«Дааватчылардын билим сапатын көтөрүүчү курс жай айына чейин улантылып, жайында эс алууга чыгышты. Ал эми бүгүнкү күнү курс өз ишмердүүлүгүн кайрадан баштады»,-деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Абдылдаев Жолдошбек.
Эскерте кетсек, буга чейин даават курсунда жалпысы болуп 1019 адам өздөрүнүн билимдерин жогорулатышып, атайын сертификаттарга ээ болушкан.

#120 30 September 2015 - 22:03
2039-ЖЫЛЫ 2 ЖОЛУ АЖЫЛЫК АМАЛЫН АТКАРЫП, 3 ЖОЛУ АЙТ МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕЙБИЗ.
МУНУН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?
Саудия университетинин астрономия мугалими доктор Абдулла Маснад 2039-жылы мусулмандар Арафатта 2 жолу болорун жана 3 жолу Айт майрамын майрамдарын интернет барактарында айтып чыккан. Окумуштуунун айтымында 2039-жылы январь айынын башталышында бир ажы амалы аткарылса, ушул эле жылдын декабрь айынын аяк ченинде экинчи жолу ажы амалы аткарылат, тагыраак айтканда, 6-январь Арафатта туруу күнү болсо, ушул жылдын 26-декабрында дагы Арафатта турушат. Ал эми эки айттын ортосунда б.а. 19-октябрында Орозо айт майрамы белгиленет. Натыйжада, бир жылда үч жолу Айт майрамы белгиленип, эки жолу Ажы амалы аткарылат. Мындай эсебин доктор төмөнкүчө түшүндүрөт: Хижри жыл санагы (Ай менен эсептелет) Милади жыл санагынан (Күн менен эсептелет) кыска болот. Ай эсеби менен эсептелген хижри жылы, Күн эсеби менен эсептелген Милады жыл санагынан кээде 10, кээде 11, кээде 12 күн кыска болот. (Ошондуктан, Милади жылы боюнча Хижри жылы бир жылда он күн алдыга жылып турат. Рамазан айынын жыл сайын он күндөн алдыга жылып турганы ушундан улам болот). Тактап айтканда ар бир үч жылда, бир ай алдыга жылат. Мына ушундай Милади жылынын Хижри жылынан узун болгону себептүү, бир Милади жылына эки Ажы амалы туш келип калуусу мүмкүн б.а. Хижри жылы жаңырат да, Милади жылы жаңырганча экинчи ажылык убак кирип калат.
Мына ушул сыяктуу эле пикирин Алжирлик астроном жана физик Лут Банатиру да билдирген. Бул пикирлердин туура чыгуу-чыкпасы азырынча маалым эмес. Анткени, Хижри жылы айдын жаңырышы менен гана белгилүү болот. Ал эми айдын канча күндө жаңырышы белгисиз. Эмнеси болсо да, ошол күндөргө жетүүнү Алла насип кылса, мүмкүн бир жылда 3 жолу Айт майрамын майрамдап, 2 жолу ажыга жөнөп каларбыз. Алла баарыбызга ажы амалын аткарууну насип кылсын

Супер-Инфо
super.kg
видео