Суперстан: Мырзакматовдон кийин Ташиев алынды жарыштан - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Мырзакматовдон кийин Ташиев алынды жарыштан

#41 Пользователь офлайн   realmadrid.   30 Сентябрь 2015 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 409
  • Катталган: 11 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Садыр жапаров бар ошону шайлагыла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   edu.kg.   30 Сентябрь 2015 - 22:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 14:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Садыр Жапаров, экс-депутат:
“Текебаев менен Мадумаров анчалык деңгээлге түшпөй эле коюшса болмок”
Экс-депутат Садыр Жапаров менен баарлашып, түз эфирде орун алган дебаттар, шайлоо, жана башка маселелр тууралуу ой бөлүштүк.

Садыр мырза, шайлоо алдындагы түз эфирдеги дебаттар партиялардын көп добуш алышына же тескерисинче лидерлердин жүзүн ачып элди иренжитүүгө салым кошобу?

Албетте, салым кошот. Ал тургай баарынын тагдырын теле дебат чечип коет. Анткени, шайлоо алдында элдин баары теледебатты кутот. Ким эмне деп айтат. Кимдин кандай программасы бар, кимиси эмнеси менен айырмаланат? Ким эмне иш аткарды. Кимдин сөзү салмактуу. Кимди ээрчисек болот деген суроолорго жооп алгылары келет. Теле дебаттан Чыныбайга окшоп тантыгандарды көргөндө эле элдин кускусу келип шайлабай коёт. Эгер Чыныбайдын партиясы бийликтин партиясы болбой жөнөкөй партиялардын катарында болгондо парламенттин эшигин аттамак тургай караандабай калмак. Ал эми өзүнүн ишин, программасын, келечектеги багытын элге түшүндүрө жеткире алган партия лидерин көрүп, эл да ошол партияны ээрчип кетет. Теле дебаттын күчү ушунда.

Текебаев, Мадумаров, Төрөбаев катышкан теле дебатын көрүп кимисине ынандыныз?

Экөө бири-биринин абийирлерин ачышты. Анчалык деңгээлге түшпөй эле коюшса болмок. Экөө тең саясатта жыйырма жылдан бери чогуу жүрүшөт. Саясаттын ачуу таттуусун бирге татышты. Эл кимдин ким экенин экөө бири бирине акаарат айтпаса деле талдап алмак. Башка дебаттарга караганда күчтүү болду дегенибиз менен олдоксон кептер орун алып кеткени орунсуз болуп калды.

Ошол дебатта Текебаев “Атамбаев бийликтен кетсе, Рысалиевге кылмыш иши козголот” деди го? Ишенсек болобу?

Негизи бизде мыйзам иштебейт. Ким бийликте олтурса, ким күчтүү болсо ошонун заманы болуп жаткан учурда жашап жатабыз. Эгер Текебаев бийликке келип калса, чынында эле Зарылбек Рысалиевди камайт. Бул турган иш. А эгер Зарылбек Рысалиев бийликке келип калса анда, ал Текебаевди камайт. Анткени, экөөнүн тең бири-бирине болгон компр материалдары жетиштүү. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын күтө туралы.

Бакыт Төрөбаев неге “мен”, “өзүм” дегенден өйдө боло алган жок?

Ар ким өзүнүн жасаган ишин мен жасадым дейт да. Ошон үчүн Бакыт Төрөбаев мен жасадым, мен өзүм каржылап атам деген сөздөрүн көп айтты. КСДПнын жыйырма жылдан бери жасалып келе жаткан жакшы иштерди өздөрүнө ыйгарып алып мактангандарына караганда Бакыт Төрөбаевдин жасаган ишин айтып, мен, өзүм дегенин туура эле кабыл алдым. Эки жылдан бери МТС сервистерди уюштуруп болсо да, элге жардам берип келе жатканын көрүп жүрөбүз. Эч нерсе эмес. кагылып, согулуп, ушинтип сүйлөп анан такшалат саясатта. Кийинки беш жылдыкта сөздөн да, иштен да алдына саясатчы чыгарбаган Төрөбаевди көрүшүбүз мүмкүн.

Шайлоого саналуу эле күндөр калды. Бул шайлоо Сарпашев айткандай таза өтөбү же адаттагыдай эле бурмалоо орун алып, мурдагылар шайланып келип калышабы?

Кыргызстандын тарыхында 2010- жылдагы парламенттик шайлоо таза болгон. Ал жылы апрель окуясы болуп, аны жасагандар эйфорияга батып, таза шайлоо өткөрөбүз, биз гана өтөбүз, эл бизди гана шайлайт деп ишенип олтуруп уттуруп жиберишкен. Жыйынтыгында, таза шайлоо өтүп, “Ата-Журт” партиясы биринчи орунду ээлеген. Ошондон кийин катуу сабак алышып, "оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп, 2011-жылкы президенттик шайлоодо компьютер аркылуу шайлоо өткөрүшкөн. Ошол шайлоого катышкан кандидаттардын ар биринде фактылары бар. Кыйкырып эч нерсе кыла алышпай кала беришкен. Эл да митинг, пикеттерден тажаган мезгил болгон үчүн көңүл бурган эмес. Эми бул шайлоону дагы көнгөн адаттарынча компьютер аркылуу жасап коюшат. Биометрика аркылуу таза шайлоо өткөрөбүз дегендери бул жомок. Накта жасалма шайлоо өткөрүп алыш үчүн биометриканы ойлонуп чыгышкан. Эгер бийлик башында турган адам чындап таза шайлоо өткөргүсү келсе беш секундда таза шайлоо өткөрө алат. Албетте, ал адам таза шайлоо өтүшүн каалабайт. Себеби, таза шайлоо өткөрөм десе өзүнүн партиясы өтпөй калат. Ошол себептен бул шайлоо эч качан таза өтпөйт. Президент кайсы партияларга бата берген болсо, ошол партиялар өтүп келишет. Чындап эл шайлаган партия же эл шайлаган талапкер эч качан парламентке келе албайт.

Чыныгы эл шайлаган партия келе албаса, алар ушунча чыгым коротуп коюшуп тынч эле олтуруп калышабы? Эл которулуп кетпейби?

Азыр эл митинг, пикеттерден тажап калган. Шал болсо да ушул бийлик олтура берсинчи дегендер басымдуулук кылат. Анткени, эки революция болду. Эч өзгөрүү жок. Ал эми элдин добуштарын сатып алып жаткан партиялар элди көтөрүп чыгабыз дешсе, КТР аркылуу беш эле мүнөттө мокочо кылып көрсөтүп коет. Бакиевдер каржылап атат деп бир эки дежур чалды сүйлөтүп койсо эле болду. Элдер чын экен деп олтуруп калышат. Калп экени элге толук жеткиче бир эки жыл убакыт өтүп кетет. Ал убакта кеч болуп калат. Муну беш жылдан бери көрүп келе жатабыз.

Буга чейин "жасалма парламент келсе кнопка сатышат" деген мегиңиз чыкты эле. Кантип кнопка сатса болот? Кнопка кандай бааланат? Аны кимдер сатып алат?

Кнопка кандай сатылат, кандай бааланат, кимдер сатып алат муну 20 жылдан бери депутат болуп келе жаткандар беш колундай билишет. Бирок, ачыка чыгаргандан коркушат. Баарын айтып олтурсам өзүнчө эле тарых болот. Бир аз мисалдарга токтолоюн. Мисалы: мамлекеттик чоң, чоң кирешелуүү ишканаларды сатууда каршы чыккан депутаттар болот. Азыр да андай кирешелүү чоң ишканалар сатылуу алдында турат. Каршы чыккан депутаттарды бийлик же мекемени сатып алып жаткан тарап дароо колго алышат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп миллиондорду берип же туугандарына кресло берип сатып алганга отушот. Бийликке караштуу депутаттардын добушун жөн эле алып коюшат. Лидер фракциянын "шеф суранып атат" деген бир эле сөзү жетиштүү болот. Ошентип жетиштүү добуш болуп калгандан кийин добушка коюп сатып жиберишет. Ал эми таптакыр сүйлөшүүгө барбаган, сатылбаган депутаттар менен сүйлөшүп дагы убара болушпайт. Алар кыйкырып, кыйкырып кала беришет. Алардын каршы берген добушу эч нерсе чечпей калат. Бийлик менен бийликке ыктаган көпчүлүк депутаттар мыйыгынан күлүп, аларды шылдындап журо беришет. Мына ушундай жолдор менен кнопкалар сатылат. Буга чейин жалпы эл күбө болуп келген бир топ эле окуялар болду. Анын баарын санап олтурсак санак жетпейт. Бүгүн деле уланып атат. Мыйзамда болсо депутат сүйлөгөн сөзү, берген добушу үчүн жооп бербейт деп жазып коюшкан. Ошол үчүн мен депутаттардын ар бир берген добушу эгер мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган болсо, жоопко тартылышы керек деген сунуш берип келе жатам. Тилекке каршы, бул маселенин өтүшү кыйын. Эгер өтүп кетсе анда накта мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон депутаттар пайда болмок. Добуш берээрде биринчи кезекте президенттин өтүнүчүн эмес, өзүнүн кийинки күнүн ойломок. Же болбосо партиялык тизмени жоюп, бир мандаттуу округ аркылуу шайлоо кылышыбыз керек. Ошондо гана парламентке 90 пайызы татыктуу, таза депутаттар келмек. Себеби, ар бир район өзүнүн чыгаан, татыктуу талапкерин шайлап жиберишмек. Антпесек бүгүн партиянын артына жашынып алышып, парламентке кимдер гана келбеди.

Ушундай терс көрүнүштөрдүн баарын жоюп, таза башкаруу системасына өтүүнүн кандай жолдору бар? Сунушунуз?

Биринчи, өкмөттү президент өзү башкарыш керек. Бүгүнкү күндө экөө бирин-бири кайталоо болуп, эффективдүү эмес, ашыкча бюджеттик чыгым кылган башкаруу болуп жатат. Рыноктук экономикада мындай башкаруу банкротко алып келет. Тагыраагы алып келди.
Экинчи, парламент бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Ошондо гана ар бир депутат эч бир бийликке көз каранды болбостон өзүнүн гана элине көз каранды болот. Эл үчүн иштейт. Элине отчёт берет.
Үчүнчү, жылда бир жолу жалпы элдик Курултай болуп, президенттен, парламенттен, башпрокурордон, жогорку соттон отчёт алып туруш керек. Мына ушундай болгондо гана эффективдүү, адилеттүү, иштерман, ар бир кылган иши үчүн жооптуу система түзүлгөн болот. Бул боюнча эки жыл мурда ММКлар аркылуу элге кайрылуу жасагам. Ошол жерде майда -чүйдөсүнө чейин жазылган. Бирок бул сунушумду бийлик ишке ашырбайт. Анткени, жыл сайын эмес, беш жылда бир дагы жолу элге отчёт бербеген бийлик жыл сайын эл алдына чыгып отчёт бериштен коркот.

Асылкан кызы Перизат

7
113•Класс!
Поделиться

Комментарии
10:55
Миргуль Турдуевна
С. Жапаров эн туура жооп берген. Теле дебатта биринин артын бири чукумай. Эл башкарат деген адамдар ошончолук томон денгээлде болуп жатышса булардан кандай жыйынтык кутсо болот. Бизде акылмандардын созу бар адамды кийимине карап тосуп ал да акылына карап узат деген...
Бул шайлоонун таза отушуно эч ким ишенбейт.
Биздин олкодо кылган ишине эч ким жооп бербейт ошондуктан башаламан баардыгы. Качан гана ар бир бийликчил адам кылган ишине жоопкерчиликтуу болгондо гана олкодо онугуу жана туруктуулук болот деп ойлойм.
С. Жапаров сиздин сунуштаган системаныз эн туура деп эсептейм.
Аллахым буюруп, элибиз колдоп президенттике барып калсаныз олкодо туруктуулук жана онугуу болот деген ишеничтемин. ..

4•Класс!
Ответить

10:58
НАЗИРБЕК AКМАТОВ


1•Класс!
Ответить

13:29
NAZGUL KEMELOVA
Тупа туура айтасыз

1•Класс!
Ответить

14:29
Дильшодбек Аллаев
Ен туура соз айтыныз

1•Класс!
Ответить

17:01
Касиет Ураимова
Садыр мырза сиз партиядан чыгып кеттинизби, кыргызга ушу тапта сизге окшогон лидер керек болуп турбайбы.

Класс!
Ответить

19:11
Назгул Эшеналиева ответила Касиет Ураимовой
Садыр мырза учурда "Мекенчилдер" партиясынын тен торогасы,туура айттыныз,азыр кыргызга Жапаровдой мекенчил,таза

Класс!
Ответить

19:11
Назгул Эшеналиева
лидер керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   bessmertnyi   30 Сентябрь 2015 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 412
  • Катталган: 11 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2016 19:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кемпиримдин журогу.

Бул Ташиев эчак элдин каргышына калган адам. Жол тоскон адам эчкачан онбойт. Жол тосуп журуп канча адамдын убалына калган. Менин бир таанышым Баткенден, Аравандан 400мин сомдук момо-жемиш алып Бишкеке баратып жол тоскон Ташиевчилердин айынан ото албай 3 кун кармалып калып товары чирип кетип банкрот болуп, анын айынан олчойгон кредит алып бугунку кунго чейин кутула албай Ташиевди уй-булосу менен каргап-шилеп журот. Бул 1 эле мисал. Айтарым олуп баратсанар да эчкачан элдин каргышына калып жол тоспогула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   medina.   01 Октябрь 2015 - 00:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Райондук сот Борбордук
шайлоо комиссиясынын
Камчыбек Ташиевди
шайлоодон алып салган
чечимин мыйзамдуу деп
тапты.
“Республика Ата-Журт”
партиясында тизмеде 41-болуп
шайлоого бараткан Камчыбек
Ташиевди Борбордук шайлоо
комисcиясы 28-сентябрда
тизмеден чыгарган. Мындай
чечимге макул болбой, партия
райондук сотко кайрылып,
жыйынтык "Республика Ата-
Журт" күткөндөй болгон жок.
Сот чечимине нааразы болгон
партиянын расмий өкүлү
Елена Жылкычиеванын
айтымында, алгач Ташиевди
тизмеден алып салуу менен
БШК мыйзамды одоно бузса,
райондук сот партиянын
өкүлдөрү келтирген
фактыларды эске алган жок.
- БШК мыйзамды гана аттап
өтпөстөн, талапкердин
конституциялык укугун
тебеледи. Себеби, алар
партиянын пикирин укпастан
күн тартибине шашылыш
коюп, биз тарапка айтпай, өз
алдынча чечим кабыл
алышты. Бизге БШК чечим
чыгарышары тууралуу
билдирүү берген эмес. Биз эми
соттун чечимине макул
эмеспиз. Ошондуктан жогорку
инстанциядагы сотко
кайрылабыз.
Тасмада: Камчыбек
Ташиев урду деген
Абдыманап Абдыбахапов
"Муштумуна эмес, үгүттү
бузганына карата чечим"
Борбордук шайлоо
комиссиясынын төрагасы
Туйгуналы Абдраимов
Камчыбек Ташиевди 26-
сентябрда атаандаш "Өнүгүү-
Прогресс" партиясынын
кеңсесинде чуу чыгарып, үгүт
материалдарды тытканы үчүн
күнөөлөдү.
- Биз Ташиев башка талапкерге
кол көтөрдү, кабыргасын
сындырды деген маселени
караган жокпуз. Аны атайын
органдар иликтесин. Биз ошол
күнү Ташиев үгүт иштерин
жүргүзгөнгө тоскоолдук
кылды жана үгүт маалында
мыйзамды бузду деген эки
факты менен талапкерлигин
алып салдык.
БШКнын мурдагы төрагасы
Акылбек Сариевдин
пикиринде, талапкерди
тизмеден алуудан мурда ага
бир катар эскертүүлөр
берилиши керек эле. Алсак,
буга чейин “Бир Бол”
партиясынын мүчөсү Нурбек
Мурашевге башка партиянын
өкүлүн сабады деген маалымат
үчүн эскертүү берилген.
Акылбек Сариев “Республика
Ата-Журттун” теңтөрагасына
да алгач эскертүү жетиштүү
болмок деген ойдо:
- Мыйзам боюнча БШК
талапкерди каттоодон алса
болот, бирок ага чейин бир
нече эскертүү бериши керек да.
БШК кийинки күндөрү соттон
дагы жогорку орган болуп
алгандай элес калтырууда.
Мисалы, Жогорку Сот
Карганбек Самаковду үй
камагына чыгарган. Бирок
БШК ага үгүткө катышууга
уруксат берип койду. Эмне
БШК Жогорку Соттон дагы
жогору турабы деген суроо
туулат.
Айрым саясат талдоочулар
БШК Ташиевге карата саясий
чечим кабыл алганын, бийлик
шайлоо алдында атаандаш
партиянын төрагасын
тизмеден чийип, анын
үгүтүнө тоскоолдук кылганын
белгилешүүдө. Ошол эле
учурда партиянын
теңтөрагасынын маселелерди
муштум менен чечүүнү эп
көргөнү саясатчыга да,
партияга да аброй алып
келбейт дегендер четтен
табылат.
Райондук соттун чечимине
нааразы болгон “Республика
Ата-Журт” партиясы 1-
октябрда Жогорку Сотко арыз
менен кайрылганы турат.
Алар Ташиевдин шайлоого
катышуусуна жол ачуу үчүн өз
аракеттерин токтотпосун
убада кылышты.
Өз кезегинде БШК Камчыбек
Ташиевге Жогорку Сот тизмеге
катталууга уруксат берсе, ал
чечимди аткарууга даяр
экенин маалымдады.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   OYSI   01 Октябрь 2015 - 01:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 15 Май 15
  • Соңку аракети: 09 Фев 2020 04:17

Саясатта турллуу эн жогорку денгелдеги сапаттуу оюундар ойнолуп келген,ойноло берет,бирок мындай жаш баланын Оюуну ойнолгону мамлекеттик саясатынын томондоп кеткенин тушундурот. Канчалык Ташиев менен Мырзакматовду четке каккан сайын ошончолук элдин ишеничи Ташиев менен Мырзакматовка гана кучоп барат. Азыркы мезгилдеги эн эле татыктуулар четке кагылганы окунучтуу болуп жатат.эмне болсо да тынчылык болсун!! ! Оо жараткан жакшылыгыны амба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   OYSI   01 Октябрь 2015 - 01:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 15 Май 15
  • Соңку аракети: 09 Фев 2020 04:17

Просмотр сообщения OYSI (01 Октябрь 2015 - 01:36) жазган:

Саясатта турллуу эн жогорку денгелдеги сапаттуу оюундар ойнолуп келген,ойноло берет,бирок мындай жаш баланын Оюуну ойнолгону мамлекеттик саясатынын томондоп кеткенин тушундурот. Канчалык Ташиев менен Мырзакматовду четке каккан сайын ошончолук элдин ишеничи Ташиев менен Мырзакматовка гана кучоп барат. Азыркы мезгилдеги эн эле татыктуулар четке кагылганы окунучтуу болуп жатат.эмне болсо да тынчылык болсун!! ! Оо жараткан жакшылыгыны аяба!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   kelechektegiata   06 Октябрь 2015 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 346
  • Катталган: 17 Март 15
  • Соңку аракети: 03 Ноя 2015 00:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бир адамды жаман корсон жаман жактары эле козуно корунуп туруп алат. Ташиевди билбедим бирок Мырзакматов элдин адамы эле. Чыгаан саясатчы , корогоч чечкиндуу анан патриот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Shanson   08 Октябрь 2015 - 18:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Манаска теңей албайм дечи, бирок, Камчыбек Кыдыршаевичке Бакай атабыздын "Эрдигиң бар, эсиң жок!" деген сөзү дал келмек болушу керек.
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   admiral   26 Октябрь 2015 - 16:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Билбейм,бул кишиге эмне дешти деле
Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 12:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: