Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#821 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ал эми бала-чаканын ажары, тууп тукумун берген аял, байлык менен мансабындын баардыгы чогулуп келип тыйынга татыбай турган неме экен, ов.
Башкалардын козуно бактылуу корунгонум менен оз керт башым учун, бир кун тийбеген тунгуюкта эптеп септеп кунумдук жашоону башынан кечирип жургон арманы арылбаган байкуш экенимди озумдон башка эч ким билбейт , Толкунбек укам.
Коптон бери коодондон эч жака чыкпай жаткан сырды азыр сага чечилип айтып олтурам. Кайран гана козу ачык кеткен чолпонум, мен учун, менин махабатымдын курмандыгы болбодубу ал.
"Алы жетпеген акыретчил" дегендей, "Убалыбыз жетсин, тигил дуйнодо Гулгаакынын кара эшеги болоор" -деп суйгон жардан ажырап боздоп олтуруп калдым. Гулгаакынын артынан олойун деп тируулуктон кечип, мойнума сыйыртмак салып жаткан жеримден алып калышты. "Олом" деген кишиге олум бат эле экен. Апамдын коз жашын тогуп ботосу олгон ингендей боздоп туруп айткан созун угуп, кара ниеттиктен кайттым. Энемди гана кыйбадым да. Болбосо бир иш болот эле. Азыр деле кээде жашоодон тоюп кетем. Эмдигиче тушумдон да, онумдон да кетпейт. Ал жакта Гулгаакы менин келишимди кутуп жаткандай сезилет мага.
Баятадан бери Акбар Сатаровичтин созун кунт коюп угуп шылкыйып олтурган жигит, оор дем алып башын которо тигил кишинин коз жашын коруп журогу болк дей тушту.
-Жарыктык, ыйлап жатасызбы?
-Айтым го, коптон бери минтип эч кимге сырымды айталек элем . Эски дартым эсиме тушуп, сага эреркеп кетимби же чыным менен эле бугумду чыгара албай жургомунбу, озумо озум ээ болалбай кеттим окшойт, -Акбар Сатарович салаа-салаа болуп бети ылдый куюлган жашын сурто берип, кулгон болду.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#822 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Мына ушул мага окшогон адамдардын жашоо турмушуна аргасыз турмуш. Каныш экообуздун никебизди аргасыз нике деп айтса болот го дейм.
-Тообо, мен сизди бул чолкомдо армансыз жашаган адамдардын бири болсо керек деп ойлоочу элем. Корсо "Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар" деген ушул экен да. Каныш эже жакшы аял. Бирок сиз суйбогонунуз менен ал киши сизди суйот болуш керек.
-Ал Каныштын оз бактысы учун. Бирок бул мен учун чон трагедия, Толкунбек.
-Эгерде, Акбар Сатаровичтин башынан оорду толбогон чон суйуу откон десе, ким ишенет.
-Ишенбесе койсун. Бул суйуу дегениниздин озу омурго омур, конулго конул улоочу шаттык менен жаштыктын мурогу тура.
-Деги суйбосонуз дагы журогунуз жылып, эженин конулун которгон мезгилдериниз болобу? Канткен менен балдарыныздын энеси, уйунуздун куту да.
Акбар Сатарович кулду.
-Бир уйдо жашап, жанаша тошокто жаткан эрди-катын болгондон кийин, албетте, журокту жарган махабат оту болбосо да, Обо эне менен Адам атадан калган эрди-катындын ортосундагы тошок устундогу дурт эткен лаззат болот да. Бул катын деген капыр, адам эмес шайтандын тилин билип, эркектин эсебин да, эбин да тапкан эл болот тура. Деги Каныш жароокер да, амалкой да ургачы экен. Ошон учун торго тушурду да мени. Оо, мунун алдооч баштыгы кыйын. Анан озун ойлобойсунбу, ортодо эрди-катындык байланыш болбосо балдар кайдан болот эле. Бул да болсо бешенеге жазган тагдыр тура. Менин аягыма тушоо салган ошолор болбодубу. Бир кезде ойлочумун:: "Коп эле кишинин аялы олот экен, эмне учун менин аялым олбойт" -деп.
-Азыр да ошентип ойлойсузбу?
-Ойлобой калайын,. Кыргызда бир жаман каргыш бар.
"Карыганда катынын олсун, алыскы жолго чыккан да, ара жолдо атын олсун" деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#823 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Анын сынарындай азыр Каныштын артында калбасам экен деп, мурда жаш кезимде ойлобогон ойду эми ойлоп, байбичемдин омурун тилеп калдым.
-Каныш апа сиздин Гулгаакы жонундогу арманынызды билеби?
-Билгенде кылаары не. Олгон киши менен очошсо озуно жаман. Отоор иш отту, болоор иш болду. Уйу устундо, казаны астында, балдары жанында. Бул "БОК ДУЙНО" дегенин да адамдын экинчи бактысы окшобойбу. Байбичемдин бир мага жакпаган кемчилиги , дунуйокордугу. Жаш кезде журогумдун мээримин тогуп кубандыра албаганым менен, балдарым учун кучумду аяганым жок. Ашык дунуйо жыйа албасам да кийем дегенин кийгизип, ичем дегенин ичирип, эч нерседен кем кылбадым. Каныш ошого, анан менин койнумда жатканына ыраазы. Ал ошону менен сыймыктанып, ошол экоонон ырахат алат. Сыртыбыздан коргондор бизди бактылуу уй булоо дешет. Бул бечераны карап олтуруп кээде боорум ооруп, аяп кетем.
-Анда байбичениз, сиздин тапкан дунуйонузду суйуу деп билет экен да. Дунуйокор десениз иренжий туштум. Ал киши сиздин суйбогонунузго карабай, озунун суйуусу менен байлыкты бакыт деп тушунгон аял экен да.
-Анысы да бар, мунусу да бар. Апандын мага болгон махабатты кучтуу. Эгерде экообуз бирдей бири-бирибизди суйушпой, жек корушуп турсак, мындай турмуш болбойт эле да. Мени да суйот, дунуйону да суйот. Орус элинин "Озун суйгонго уйлонбо, озунду суйгонго уйлон" деген созунун чындыгын ушул апандан улам даана билдим. Мен тараптан кеткен кемчиликтердин баарын которду, кечирди. Болоор-болбос бир нерседен кыйкым таап колум да, тилим да тийген мезгилдер кооп эле болду. Башын жара чапсам да, буркулдап ыйлап-ыйлап алып жолугун ылдый салынып алып, эч нерсе болбогонсуп, жан адамга билгизбей оокатын кылып:: "Акаш, менден кеткен кемчилик болсо кечирип койчу!" -деп жалдырап тураар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#824 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Деген менен акылдуу аял экен. "ШАШПА АКЫРЫ КОЛУМА ТУШОСУН" деген тура онбогон тулку. Минтип карылык карышы келип, уйдон чыкпай мандайына озум эле олтуруп бердим.
Баятадан бери Толкунбек Акбар Сатаровичтин созун угуп олтуруп, Зыйнаттын озуно болгон мамилесин канчалык баалаганы менен Жайнагулчолук суйо албай, ага боору ооруган мезгилдерди эстеп кетип жатты. Тобо, мындай муноз, мындай журок менде эле бар экен десем, башкаларда да болот турбайбы. Бул кишинин арманы да куч экен деген кыялдуу оюн Акбар Сатаровичтин суроосу бузуп кетти.
-Сенден бир суроо суроого болобу?
-Эмне учун болбосун, сурай бериниз, -деди жигит.
-Эки аялындын кимисин кобуроок жакшы коросун?
Ойдо жок жерден берилген бул суроого мукактанып тушуп, тээ бир окумда кулоо суйлоп минти::
-Жайнагулду. Анын устуно сиз айткандай балдар бар да.
-Туура айтасын, энеси да кымбат, балдары да кымбат. Экоо тен кыйбас. Суйгон жардан асыл нерсе болобу?! Гулгаакы болгондо мынчалык картайбайт элем деп ойлоп кетем.
-Азыр да жаман эмессиз, тообо деш керек.
-Ооба, тобо дейм,. Мен сенин келгенинди угуп аябай кубандым. Тушуном. Бардык куноо сенин бул жакта жалгыз бой копко журуп калганын себеп болду кыясы. Андан кору бир кем дунуйо деген ушул. Бечара Эсенова да ченде жок, экинин бири ургачы эмеспи. Кантесин, айла жок, тагдыр деген татаал нерсе турбайбы. Ага боор толгогон жоксунбу?
-Жайнагул менен балдарды ойлоп журуп, анын жакшы жактарын, билип-коруп турсам да анчалык баалабаган окшойм Акбар Сатарович. Бул жакка келгенден кийин , кайта аны эстеп, журогум ооруп кетчу болду. Ал мага озу уруксат берди. Москвага кетерде кат жазып калтырыптыр.
-Анан Жайнагул Казиевна кандай кабыл алды? Катуу кеткен жокпу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#825 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Айтат да айтчууну. Билбейм, азырынча бирибизден бирибиз сактангансып, анчалык батыша албай турабыз. Анда куноо жок да. Куноолу мен озум болуп жатпаймынбы. Коодон толгон кусанды канчалык журогун жарылып айткын келип турса да мурункудай даай албай калат экенсин. Бир жакшы жери кайненемдин мында болгону болду. Ал киши болбосо билбейм, кандай болот эле!
-Ооба, мен да ошону ойлодум. Кайненен мыкты киши. Ошон учун адамды салабатынан таны дешет турбайбы. Сен да бактылуу жигит экенсин. Жайнагул эртеси жок, кечи жок эзилип мыжындай бере турган тушунугу жок акылсыз аялдардан эмес болсо керек деп ойлойм. Эми сынган журок калыбына келип, кадыр-конул табышып, толук тынышканча, анын октоосун которосун да.
-Айтпасаныз деле жасакерленип, жагынуунун аракетин кылып, козун карап турам.
-Ооба, анпесен болбойт. Адамдын коону кызыл гул. "Жылуу-жылуу суйлосо жылан ийнинен чыгат" деген эмеспи . Менимче келгенин туура эле болду. Деги жакшы аялдардан жолдуу экенсин. Бактылуу болгула.
Ушул жерде Толкунбек эчен-эчен Зыйнат экоонун ортосундагы бала жонундогу трагедияны, анан дагы Усон жонундогу шектенуусун Акбар Сатаровичке айтып жибере жаздап барып токтоду. Экоо тен бир окумга чейин чечиле суйлошуп олтурушуп, алдыларындагы ашты кандай жеп, канча чайнек чай ичкендерин да билбей калышты....
Толкунбек Ташкент кочоосуно бурула берип, журогу болк дей тушту. "Оо, биздин уй" -деп жиберип, кайра оз оюнан озу чочуп кетти. Тим эле:: "Биздин уй" -дейм да. -Жигит озуно тааныш уйду алыстан тиктеп, тушала тушуп ойго батып кетти. -Ушул кочоо менен Зыйнат экообуз канча жолу жанаша басып, канча жолу эки башка ойго батып, эки башка санаа чегип, ишенимсиз бирге жашаган кундор аяк башы жок чала коргон туштой болуп, бир дем тартканча корунбой коздон кайым болуп артта кала берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#826 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бечара Зыйнат, мени менен баш кошсо эле бактылуу болчудай болду эле. Бирок бактылуу боло албады. Мен деп журуп бир башы эки болбой жалгыз калды. Мына анын суйуудон тапкан пайдасы деп журогу тилинип, Зыйнатты ойлоп, аны аяп турду. "Жакшы адам бир жеринен кем болот" деген шор ушундай болсо керек.
Минтип оз махабатты озуно душман болду. Зыйнаттын суйуусу анын озуно эле эмес, мени да кошо, чала олгон жылаандай кылып мертинтип кетти.
-Ушул саамда ары жактан кол арабага кандайдыр бир нерсе салып алып суйроп келаткан Токтогул таякенин карааны карегине оттой кадала тушту. Чалына жетер-жетпес болуп эки колун артына алып божондой басып келаткан аялды коруп шыпшынып алды. "Колдорунан ак нанын жеп, кызыл чайын ичтим эле. Бир барып ал-абалдарын сурап, учурашып коюшум керек экен", -деп ойлоду. Анан оз атасы Мансурдун::

"БУЛ ДАГЫ БОЛСО ПЕНДЕЧИЛИК,
ОЛБОСО ЖУРОТ СЕНДЕЛИП,
КАРЫП БОЛУП КАЛГАНДА,
КАДЫРЫН СУРАЙТ КИМ КЕЛИП",-

деген созун эсине тушту. Кайран кишилер, картайып калышкан экен. Кайгы-капасы жок, саналары тынч болсо мынчалык карылыкка алдырып коё турган мезгилдери эмес эле. Эр адамдын 60 жашы да жашпы. Бул кишиге караганда согуштан алган жаратынан жабыркап, жетимишти желкелеп турса да атам тын, шайдоот киши. Ону да жаш, конулу да жаш. Булардын туу тутканы жалгыз Зыйнат. Куйуту кучтуу болсо да салабаты менен карыган, нускалуу кишилер. Менин Жайнагул менен ажырашып, Зыйнаттын устуно кирип бергеним чал-кемпирге ошондо эле жаккан эмес. Жээнин куноолошуп, бироонун уйун бузуу шаар бузган менен барабар. Каргышка калып онбой калдын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#827 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   30 Сентябрь 2015 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Экоондун жашоон кунумдук жашоо дешкен. Эми минтип Зыйнат менен ажырашып, кайра уй-буломо келгенди угушса. "АТ АЙЛАНЫП КАЗЫГЫН ТАБАТ" . Акыры ушундай болорун билгенбиз" -дешээр эми. Толкунбек жолдун ортосунда тигилерди умсуна тиктеп турду. Алар качан гана коросуна кирип кеткенден кийин эки жагын коз токтото бир карап алып бурула берип, бет алдынан озунон карагин албай кадала тиктеп турган адамды коруп, бушуркой карады.
-Саламалейкум, сисизби, Толкунбек ака!
-Алеки салам, ооба менмин.
Жигит жадырай басып келип кош колун сунду.
-Сизди коруп суйунуп кеттим. "Эки тоо корушпойт, эки адам корушот" деген ушул. Качан келдиниз? Казакстанда иштейт экен деп уктук эле. Жанылыктарыныз коптур. Баякыдай эле биздегидей курулуштасызбы?
-Ооба, анан кайда барам. Жанылыктарыныз коптур дейсин да , укам. Жанылыгы жок да адам болчу беле. Озундо кандай жанылыктар бар? Мен билген, мени менен чогуу иштеген кесиптештердин бардыгы аман-эсен журушобу?
-Аман-эсен, жакшы эле турушат. Бир жаман жери иш баягы сиз бардагыдай болбой калган. Курулушта иштеген жумушчулардын копчулугу кыскарууга дуушар болуп, солоктоп бош калышты. Кыскартуу да , кымбаттоо да ажыдаар сыяктуу оозун араандай ачып турмушубузга ушунчалык тез кирип келди го. Ал эми казак туустарда кандай?
-Жалгыз эле силер эмес, бардык жер, бардык элде ушул да.
-Эми эмне болот? Минтип олтурса жашоо кыйын болуп калат го?! Коммунизимде жашап жургонубузду билбей эле коммунизим курабыз деп кутуруп жургон турбайбызбы.
-Кой, антип кооп эле армандай бербе. Минтип оз киндигибизди озубуз кесип, оз тагдырыбызды озубуз чечип, эгемендуу республика болууга жетишип олтурабыз. Бул биз учун оной бакыт эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#828 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ар нерсенин башталышында, озгочо бул сыяктуу чон откоол мезгилдерде кыйынчылык болбой коймок беле. Билсен биз учун жакшы кундор, жакшы жашоолор али алдыда. Аман болуп ошол кунду, ошол турмушту корсок экен десен. Экообузго саясат-маясаттын кереги жок. "Жатып ичер бар болсо, жардылык жанга тынч экен" деген мезгил отуп кетти. Эми андай жашоо да, андай иштоо да болбойт . Жакшы кундо, жакшы турмушта жашоо учун жанды жанга уруп, кучу менен курошуп иштегендер гана бактылуу боло алышат , Сейит. Сен уйун ушул тарапта беле? -Жок, бул жакта тагам бар. Ошондо келгемин. Сиздин уй тигил кызыл тунике менен жабылган Эсенованын чарбагы да. Отпускага келгениниздер го? Толкунбек жигиттин суроосуна эмне деп жооп берерин билбей, аптыга тушту. Баарынан да "Эсенованын уйу, сиздин уй да" деген созу жигитти басынткансып, катуу тийди. "Атандын кору, иттин баласынын айтып турган созун кара" -деп ойлоду. Бул жигитин аялы Камалдын балдызы экенин Толкунбек жакшы билуучу. Озу жонундо аки-чукуну айткысы келбей, созду башка жакка бурду Толкунбек.

Билдирүүнү түзөткөн: Nyrjamal.Teshebaeva: 01 Октябрь 2015 - 01:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#829 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-"Башканы коюп Манасты айт" дегендей, мен го мен, а тиги сенин ак журок, иштерман, кылдан кыя баспаган Камал бажанды кайсы кара теке капталга сузду. Мен Алматыда иштеп жургондо угуп ишенген эмес элем. Корсо чын турбайбы.
-Аа, Казакыстанда журуп уккан турбайсызбы! Тобо, жамандык жерде жатпайт деген ушул ээ. "Торкунундон озун ит, торкулоп келген кызын ит" дегендей эле иш болду. Кайнежем кара жерге кирсин, коз коруно сиздин жана сиздин уй-булоонуздун каргышына калып, ит кемирген чукодой болуп талаада калды. Кудай сизди да, сиздин ажырашкан "догдур" аялынызды да бекер жараткан эмес экен. "Бироого оор казсан кен каз, ага озун тушосун" дегендей эле болду. Камалдын он жылга сотолгонун билесиз. "Пулун болсо кулунмун" дегендей, пулдун кучу менен бат эле бошоп келди. Аялы менен мурда эле салкын туруучу эле дешет. Бирок мен анысын Кудай акы жакшы билбейт экемин. Турмодон келгенден кийин ай айланбай уй-булоосу менен ажырашты да, соодада иштеген Мукарам деген кызды алып, дароо Озбекстанга кирип кетти. Мен кийин уксам, кайра-кайра кат жазып, кайра-кайра телефон берип журуп, сиздин аялынызды жолдон чыгарган ошол менин карабет кайнежем болуптур. "Темир токмок кучтуу болсо, кийер казык жерге кирет" дегендей Камал озунун арам аюн ишке ашырууга аялы Саадатты аргасыз кылган тура желмогуз. Азыр ушул тапта Камалдын баякы жаш аялы кетип калып келбей жаткан имиш деп жатышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#830 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мына, Кудай жеткирет деген мындан артык болобу, Толкунбек Мансурович. Ал эми озунуздун турмуш абалыныз кандай, Эсенова менен эле туруп жатасызбы?
-Мен да ажырашкам Эсенова менен.
-Коюн а?
-Койбой эле.
-Анан бул "догдур" аялынызга келдинизби?
-Анан эмне кылам келбегенде.
-Аа, ошондой дениз. Мен сизди Эсенованын уйуно бараткан экен деп ойлоптурмун.
Экоо суйлошуп олтуруп аялдамага кандай жеткендерин да билбей калышты. Сейит Толкунбекке карады::
-Мен автобуска олтурбасам, уй алыс. Бул жерде болсонуз корушобуз.
-Албетте, корушобуз. Жакшы бар эми.
Толкунбек келгенде уйу толо киши экен. Ал тыштан эле меймандардын кайдан келгенин, кимдер экенин корбой туруп эле дароо унунон тааныды. Бири Екетерина Ивановна экен, бири кунчулук жерден таанымал Сергей Сергейивичтин кулкусу. Кайран каркыбарлар, менин келишимди угуп, учурашалы деп келишкен экен чогулуп. Ту-у-у, иттин баласы Тажымамат да келген тура. Тамагын кыра суйлоп дегеле болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#831 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кадыр-конул калышпаган кесиптеш досторум, силерди мен эле сагындым го десем, силер да мени унуткан эмес окшобойсунарбы! " Ачык турган эшиктен аста басып астанадан атаган жигитти коруп, орундарынан дур турушуп, кыйкырып жиберишти.
-О-о-о, дос салам! - дешти бир ундон.
А Толкунбек болсо аласала кубанычтан оозуна соз кирбей коздору жайнап, жузу албырып кучагын жая каткырды.
-Салам! Салам!
-Биз сизи сагындык, Толкунбек Мансурович.
-Мен да силерди сагындым.
-Биздин келгенибиз качан. Кетип, анан келелик десек Жайнагул Казиевна бир жактан, апаныз бир жактан чыгып жибербей коюшту. Эриккенден карта ойноп да жибердик.
-Туура эле болуптур. Мен билген жокмун да Телефон шынгыратып койсонуздар болмок.
-Сиздин келгенинизди угуп токтоно албай койдук. Телефон чалуу да ойго келбептир....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#832 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бир нече жыл бирге иштеп, бир уй булоодой болуп, бири-биринин ачына айланып, тогуна толгонушуп, жедеп ата-бабадай болуп калган кесиптештер тээ бир окумга чейин дасторкон устундо ичтейлери ачыла суйлошуп олтурушуп тышка чыгышты. Ашканада жургон Жайнагул меймандарын коруп чочуп кетти.
-Силер кайда?
-Кетип жатабыз, Жайнагул Казиевна, жакшы калыныздар!
-Эч жакка кетпейсиздер . Ооруканага барып келгенимче эле ушул болду. Казанда бышып жаткан тамакты таштап кетуу кыргыздын салтында жок. Сен эмнеге туруп калдын, Толкунбек, алып кирбейсинби буларды.
Толкунбек оз уй, олон тошогум, аялым, балдарым деп кара жанын камчылап, кош канатын сабап келгени менен, Жайнагулдун минтип чын ыкыластан озуно буйра тике суйлогонун уга элек болучу. "Жакшы соз жан эргитет" дегендей, ушул бир ооз создон тула бою ысыган жигит албыра тушуп аялына минтти::
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#833 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Мен тамак барын билген жокмун да, Жакин.
-Ооба, билген жоксун. Киргиле эми.
Ушул малда, Толкунбек меймандарын кайра залга баштап баратып, ары жакта карала-торала болуп ылай менен ойноп жаткан Асан менен Усонду бир карап алып отуп баратып: "Па-па-а! Бизди карачы, сени жасап жатабыз" -деген уулдарынын жарыша чыккан унун угуп журогу серпиле тушту. Уйго жаны эле босогону аттайын деп аяк таштап бараткан крановщик Тажымамат бутун тартып алды.
-Оо, сиздин уулдар го, ыя, Толкунбек Мансурович.
-Ооба, менин балдарым.
Жигит Асан менен Усонду суктана карап минтти::
-Атасын ылайдан жасап жаткан жакшы балдар экенсинер да.
-Жо, бул атам эмес да.
-Антип айтпагыла да, жакшы балдар да ошентип суйлойт бекен? -Тажымамат жаман оюнда, Толкунбекти ата дебей, тунулуп калышкан экен балдары деп ойлогончо болбой, Усон минтти::
-Атам Чолпон-Ата да, бул папам да, - деди колуна кичинекей тактайдын устуно чоподон тургузулган адам солокотун кош колу менен коколото кармап, кубанычтан мандайы жаркып, коздору жайнаган Усон.
-Муну киминер жасадынар?
-Усон жасады, -деди Асан.
Толкунбектин оозуна соз кирбей какап калды. Ушул маалда анын козуно Усондун козу эмес эле, Зыйнаттын козу корунуп, журогу оозуна каптала согуп, дене бою ысык аптап уруп, мандайынан тер чыгып, турган жеринде селейди.
-Папа! Сага окшош бекен? - деди кулундогон Усон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#834 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ооба, окшойт экен, -деп койду баланын конулун улаган жигит. Ушул маалда ар жакта колуна шорпо куючу кеселерди жаны эле ашканага алып кирип бараткан Жайнагул тигилердин суйлошкон создорун угуп озунон-озу калчылдап, эки аягынан жан кетип дел боло тушту. Ал колуна кармап турган падностогу усту-устуно кабаттап коюлган кеселери кыйшайып барып жерге шарк дей тушкондо гана уйкудан ойгонгон ойгонгон адамдан бетер селт этти. Соорудо олтурган Тумар Жанатка карады:: -Эмне болду, карачы балам, шарак-шурак эле деп калды. Женен чыны чайнектерин талкалап алды го деп турам. Ангыча ар жактан кимдир буроонун уну кулагына шак дей тушту. -Ка-а-а-п, биз жардам берелик десек унабай койбодунузбу.

Билдирүүнү түзөткөн: Nyrjamal.Teshebaeva: 01 Октябрь 2015 - 01:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#835 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мудурулуп кеткенсиз го. Ту-у, далай идишиниз талкаланган тура деген жигиттин созун угуп, Тумар ордунан турайын дегенче болбой Жанат чуркап кирип энтиге суйлоду::
-Таэне, Жайна женем чыныларды колунан тушуруп жиберип сындырып алыптыр.
-Ырас болуптур сынса. Идиш сынган жакшы болот, балам.
Тумар, асфальтка тушуп таруудайдан талкаланган кеселерди сыныктарын шыпыргы менен чогултуп жаткан мейман жигитке минтти::
-Алдына кетейин, муну мага бер. Чогултуп Жайна менен балдарынын башынан тегеретип, таштачу жерге мен озум алып барып таштайын. "Жакшы мал жанга аралжы" - дейт. Идиштин сынганы жакшы болот. Жайнагул кейип калгандыр ээ!
-Кейиген жок.
-Кейибесин.
-Энем кызык, идиш сынды деп да кейуучу беле, -деди энесинин жанынан отуп бараткан Жайнагул, - чыны-чайнек эмес, киши деле олот турбайбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#836 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Текст терүү үчүн ушул жакка басыңыз Бери болчу, балам башындан тегеретейин, -Тумар кеселердин сыныктарын колуна чогултуп кармаган калыбында кызын коздой басты. -Мен коюп, балдардын башынан тегеретинизчи. -Балдарына да жетет каралдым. Мен оз балам деп сага боор тартсам, сен оз балдарынды айтып кылчактайсын да. Ой, куураган эне ай. Эненин журогу балага чаап койгон тура. Жайнагул ансыз деле, мунсуз деле жакындан бери санаачыл болуп кеткен. Озгочо Зыйнаттын каты, анын тынч жургон дурболонго салуучу озунчо бир айыкпас оору болду. Жайнагул ал катты бир эле жолу окуган бойдон тим болгон жок. Усонду коргон сайын Зыйнатты эстеп, Зыйнатты ойлой бере турган болуп кетти. Калп айткан менен болобу, ак дилден чындыкты чындай айтып, болгонду болгондой, жашырып-жаппай ачык айткан ар бир созу Жайнагулдун ага болгон кара дилин агартып, ички дуйносун уламдан-улам тазартып баратты. Кундошунун ушул жазган катын Жайнагул канча жолу кайталап окууганын озу да билбей калды. Ал катты окуган сайын Толкунбектин Жайнагул учун жарты тыйынчалык жазыгы жоктугун, махабатынын хурусталдай тазалыгы улам кенип, улам терендеп баратты. Ал эми бул каттын дагы бир жакшы жагы суроткер аялдын талантынын бийиктиги канчалык корком, канчалык жогору болсо, анын адамгерчилигин, акылдуулугун, ички дуйносунун кенендигин, ошончолук айгинелеп турган ажайып дуйно болду. "Сырдашып туйун чечишпей, сырдана болбой жашка жаш" дегендей, ушул каттан кийин Жайнагулдун озогун орттогон дагы бир иш Зыйнаттын тагдыры менен Усон болуп турду. Ал болсо "Эми бул аял, баладан да жок, эрден да жок талаада калабы!?" -деген санаа болучу. "Капка шибеге катылбайт" дегендей, баарынан да энесин тартып бешиктен бели чыпай жатып, суротко шыктуулугу, кандан канга отуп, кандайдыр бир таланттуу адамдын махабатынан сызылып, жатынын жарып чыккандыгын далилдеп, Жайнагулдун заманасын кууруп турган от болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#837 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бир кезде Усон жонундогу жашыруун сырды эч кимге айткысы да, аны эч кимге билгизгиси да келбеген Жайнагул азыр эки дуйнону да ойлоп турган кези.
Ал эмес эмелеки Усондун ылайдан жасаган адам солокотун коруп Толкунбектин оозу ачылып турган корунушу Жайнагулдун коз алдынан кетпей койду.
Андан дагы Толкунбек келген куну Усондун:: "Папа, Асан экообуз сени Ленин атадай кылып чоподон жасап, жумушунду бутуп келгенде корсотолу деп, сарайдын артына катып койсок жаандан эзилип калыптыр" , - деген созун угуп, эмне дээрин билбей, санаага ошондо бир алдырган болучу.
-Кудай тобо, булар менден мурда атасын кутуп, камынып жургон балдар турбайбы, - деп эрдин кесе тиштеп, башын чайкап алган. Толкунбек келгенден бери Жайнагулдун тынчы кетип, жаны жай албаган бир турлуу санаадан алыстай албаган ушундай убайымга туш болду да калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#838 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бири-бирине чындыкты ачык айтышпагандары менен Толкунбек экоо бир тошокто жатып , бир казандан аш ичип, бир уйдо турганы менен экоо эки башка ойдун, эки башка санаанын жибин чубай беришет.
"Эркектин ары караса соорусу суук, бери караса мандайы ысык" дегендей, жигит бечера, аялына болгон кусалыктан куурап, сагынычтан сары оору болуп, озокту жарган тунук махабатын азгектеп баякы бойдон конулундо кыяртпай таптаза сактап келген сезимин Жайнагулдун журогуно жеткирип, ишенимине ээ болуп, санаасы тынгансып турган менен, али да болсо журоктун теренинде комуско жаткан туюк жаранын оозу ачылып, тымызын тынчы кетип жургон кези.
Кандай уйку басып карайлап, козу илинууго дайар турса да, тошоко жатып, жаздыка башы тийди дегенче, уйкусу умачтай ачылып, Усонго болгон шектенуусу уламдан-улам кучоп, уламдан-улам анын бир жери, улам бир кыялы Зыйнатка окшоп, ушул уйдун босогосун аттап кирген муноттон баштап конулуно булук тушту да калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#839 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

"Олду" деген баласы тирилип, жоготкон жогу табылып, кубанычтын устуно кубаныч кошулабы же, кайрадан кайгы каптап, караан кун башка тушобу? деген ой Толкунбекти толкутуп турган ушундай бир, эч кимге ачык айталбаган аты жок санаа болду.
Кокустан Усон Зыйнаттын баласы экени чындык болгон кундо да эне менен бала бирин бири билбеген, бири-бирине жетпеген бойдон кала береби? -дейт Толкунбек оз ичинен.
Ушул кезде Жайнагул уктап жатып оор улутунуп алып, бир демден кийин, кайра озогу орттоно ушкуруп алды.
ТОЛКУНБЕКТИН СЕЗИМТАЛ ЖУРОГУ СОЛК ЭТИП:: "Тобо, уктап жатып да адам туш ушуркот экен , ээ!" -деп ойлоп, озунчо кабатырлана жаздыктан башын аста которуп, аялынын жузуно кареги кадалып турду. Терезе парданын жабылбай ачык калган кичинекей тилкесинен Жайнагулду урдана шыкалай караган Айдын суттой аппак шооласынан, жузу мунайынкы, кабагы кабатыр сыяктуу корунуп кетти козуно . Жакшы коргон жарынын мандайы конулсуз корунушунон улам минтип ойлоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#840 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   01 Октябрь 2015 - 01:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Текст терүү үчүн ушул жакка басыңыз "Мен эле санаадан тынчым кетип уктай албай жатам го десем, бул байкуш да, уйку бербеген убайым бар окшобойбу. Чын-чынына келгенде мында эмне куноо!? Зыйнатты да, муну да куураткан мен болдум.....Ошентип Толкунбек Жайнагулдун жадыраган жузуно суктана карап: "Байкушум, озун жакшы сактаган экен. Баякы кыз кезиндегидей эле чырайына чыгып, супсулуу, туптунук.... Ушул маалда жигит Зыйнатты кандай ойлоп, кандай эстеп кеткенин билбей калды. Коз алдында оз махабатынын кулу болуп, коз жашын кол кылып: "Экоонун бир менин балам, Асан менен Усондун бирин алып бер!" -деп ботодой боздоп турган аял турду. Толкунбек онтоп жиберди. Зыйнаттын бала жонундогу арылбас арманы Толкунбекти тируусундо эле эмес, олгондо да корго тынч жактырбоочудай болгон бир осол ойлор журогун эзет. Адам тагдыры жонундо биринин ички дуйносун бири билбеген, бирине бири сыр сандыгын ачпаган ушундай тынчы жок мунот, тынчы жок сааттар жипке тизген мончоктой болуп козго илээшпей отуп жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: