Билдирүүнү түзөткөн: Альбина: 27 Июль 2009 - 12:31
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Улуттук суусундуктар кыргызымдын улуттук суусундук, ичимдиктери
#1 27 Июль 2009 - 12:30
#2 27 Июль 2009 - 15:02

#4 28 Июль 2009 - 13:56
#5 28 Июль 2009 - 15:21
Цитата
Кымызды кышкыга деп чаптап коюшат, чапталган кымызды ичсен ваахххх, кышкы суукта.
#6 28 Июль 2009 - 15:31
Билдирүүнү түзөткөн: Альбина: 28 Июль 2009 - 15:31
#7 28 Июль 2009 - 16:14
Цитата

P.S. Кеч куздогу кымызды чапташат, анткени ошол убакта кымыз кучуно кирет. Баклашкага чапталган кымызды этияттап ачпаса...
#8 30 Июль 2009 - 16:47
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#9 30 Июль 2009 - 18:47
Цитата
Мисалы 3 литр сутко канча кымыз кошот?
#10 31 Июль 2009 - 13:10
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#11 27 Сентябрь 2009 - 08:55
Бозону болсо жугорунун , куручтун, арпанын унунан жасашат .
Жугоруну ондуруп угут жасап талкалап кургатып анан жугору арпа же куручтун унун сууга чылап койот .Кийин чыланган ун ачыганда угутту кошот да бир кун койуп койот .Андан кийин марлиден откоруп суу кошуп суусундук даярдашат .
#12 12 Октябрь 2009 - 11:03
#13 27 Июль 2010 - 21:41
Кымыздын курамы; организмге пайдалуу протеин, амин кышкылдарынын 26 туру, 17 гидролизденген белоктук амин кычкылдары, 28 турлуу микроэлементтер, коптеген витаминдер, тритерпеноидтар, аденозин, трифосфат, стероид, жыныс гормоны, кортикалдык буйрок устундогу бездин гормоны, коптогон алкалоид, альдегидтер, децил спирти бар..
Бир сутка сакталган кымыздын курамында-1, 75% спирт
Бир жумалык жана андан коп сакталган кымыздын курамында-4, 5% спир болот экен.
Кымыздын даарылык касиеттери;
Туберкулезго, ашказан жарасына,бактерияга каршы(бактерицидный), ич откокко,рак клеткаларынын осуусун азайтат ,кандын(гемаголобин, лейкоцит) кобойтот экен,бойрок, боор ооруларына жана коптогон нерв ооруларына дабаа экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Acia: 27 Июль 2010 - 21:42
#14 20 Июнь 2011 - 13:35
Бээнин сүтү – кымыздын негизи. Ошол саалган сүттү кымызга айланткан азык – көрөңгө (ачыткы). Кыргыздар кымыз жасоо тажрыйбасында көрөңгөнүн эки түрүн колдонуп келишет.
Күзгү кымыздын үрпүн чогултуп көрөңгө даярдашып, аны ышталган чаначтын түбүнө сакташат. Жаз келип, бээ саанга киргенде ошол үрптү кайнатылган жылуу сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2-3 күн ачытып, көпкө бышып, кымызды көрөңгөлөп алышат.
Көрөңгөнүн экинчи түрүн тоңдурма кымыз же тоңдурма көрөңгө деп коюшат. Аны кышкы же кеч күздөгү кымыздан алып, муздак жерге сактап же тоңдуруу жолу менен даярдашат.
Кымызга сүт менен көрөңгөдөн башка кымыран же жылуу суу кошулат. Сабадагы көрөңгөнүн үстүнө табы кайткан сүт куюлган соң бир сааттан ашуун бышып, жылуу ороп коюу керек. Бул саамал делет. Кымыз жетилип, куяр кезде дагы бышуу зарыл. Кымыз канчалык көп бышылса, ошончолук жагымдуу, сиңимдүү жана даамдуу болот. Кымыз 8-10 саатта жетилет. Эгер көрөңгөсү көп болсо, анда 2-3 саатта эле табына келип калат.
КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ
Ууз кымыз – эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалган кымыз. Кымыздын бул түрү элдик медицинада ар кандай ооруга даба катары бааланат. Анткени бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Ууз кымыз ошого жараша таттуу келет.
Жайдын толугу менен күзгө чейинки кымыз гүл кымыз деп аталат. Муну кээ бирөөлөр кызыл кымыз деп да коюшат. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убакта даярдалган бул кымыз күчтүү келет.
Чөп бышкан күздөн кышка чейин даярдалган кымыз сөөк кымыз же шырылдаң деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.
Кымыз жасалуу жолуна карата да ич ара бөлүнөт.
Бал кымыз байтал бээнин сүтүнөн жасалат. Анын диеталык жана дарылык касиети күчтүү.
Саамал кымыз – ачый элек кымыз.
Тунма кымыз – эң күчтүү кымыз. Балга чайкап, мейиз кошуп 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
Чайкаган кымыз. Жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
Ачыган кымыз. Жакшы бышылган жаш кымызга саамал, ак чүпүрөккө жанчылган мейиз, набатты түйүп, чаначтын түбүнө салып бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.
Кымыздын малдын сүтүнө карата төө кымыз (төөнүкү), уй кымыз (уйдуку), көөрчөк (кой-эчкиники) деген түрлөрү да бар.
Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө карата бир нече түргө бөлүнөт.
Бир күндүгү жаш кымыз, эки күндүгү күчтүү кымыз, үч күндүгү өткүл кымыз деп аталат.
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 20 Июнь 2011 - 13:45
#16 24 Июнь 2011 - 04:57
Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-5 литр, Талкан – 200-300 грамм, Суу май – 1 аш кашык, Ун – 1 аш кашык
Туз татымына жараша
Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.
Жасалуу жолу:
1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак ( айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.
#17 07 Октябрь 2011 - 05:23
КЫМЫЗ ТУУРАЛУУ
*
Бээнин сүтү ирибейт. Андыктан андан айран жасоого болбойт.
*
Сүт болжолдуу түрдө бишкек менен 700-1000 ирет бышылат.
*
Кымыздын өңү бээлердин жеген чөбүнө жараша кызгылтым (Арпа, Ак-Сай тарапта), агыш (Суусамырда) болот.
*
Элибизде бээ байлаган үйгө кайрылбай кетүү, көрмөксөнгө салуу баба салтын билбегендик, үй ээсин жана өзүн сыйлабагандык деп эсептелет.
*
Кулундар байланган желени аттоого болбойт. Анткени кымыздын башаты желеден башталат.
*
Учурда 1 литр кымыздын баасы 60-70 сом. Бээнин сүтү 100-150 сом.
ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА. ..
Кымыз жөнүндөгү эң байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда «князь Игорь Северский тоолуктардын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыккан» деп жазылат. 1245-жылы айтылуу Батый хан князь Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жөнүндө да маалымат бар. Белгилүү европалык саякатчы Марко Поло 13-кылымдын экинчи жарымында Орто Азияга жасаган саякатынан кийин кымызды ак шарап деп жазып калтырган.
Ал эми орус окумуштуусу В.Даль 1843-жылы кымыздын организмге пайдалуу экендигин байкап: “Кымыз ичти муздатат, жаныңды жыргатат. Аны бир жума ичсең денеңе кадимкидей күч-кубат кошулуп, өзүңдү сергек сезип, ден соолугуң чыңалып, эки бетиңе кызыл жүгүрөт. Эгерде кымызга көнүп алсаң, бөлөк ичкиликке эч көңүлүң тартпайт”,- деп айтканы бар.
КЫМЫЗ КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Бээнин сүтү – кымыздын негизи. Ошол саалган сүттү кымызга айланткан азык – көрөңгө (ачыткы). Кыргыздар кымыз жасоо тажрыйбасында көрөңгөнүн эки түрүн колдонуп келишет.
Күзгү кымыздын үрпүн чогултуп көрөңгө даярдашып, аны ышталган чаначтын түбүнө сакташат. Жаз келип, бээ саанга киргенде ошол үрптү кайнатылган жылуу сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2-3 күн ачытып, көпкө бышып, кымызды көрөңгөлөп алышат.
Көрөңгөнүн экинчи түрүн тоңдурма кымыз же тоңдурма көрөңгө деп коюшат. Аны кышкы же кеч күздөгү кымыздан алып, муздак жерге сактап же тоңдуруу жолу менен даярдашат.
Кымызга сүт менен көрөңгөдөн башка кымыран же жылуу суу кошулат. Сабадагы көрөңгөнүн үстүнө табы кайткан сүт куюлган соң бир сааттан ашуун бышып, жылуу ороп коюу керек. Бул саамал делет. Кымыз жетилип, куяр кезде дагы бышуу зарыл. Кымыз канчалык көп бышылса, ошончолук жагымдуу, сиңимдүү жана даамдуу болот. Кымыз 8-10 саатта жетилет. Эгер көрөңгөсү көп болсо, анда 2-3 саатта эле табына келип калат.
КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ
Бээлер чыңыртып кулун байлаган чын курандан (март айынан) тартып кеч күзгө чейин саалат. Кымыз жыл мезгилдерине карата ууз кымыз, гүл кымыз, сөөк кымыз деп бөлүнөт.
Ууз кымыз – эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалган кымыз. Кымыздын бул түрү элдик медицинада ар кандай ооруга даба катары бааланат. Анткени бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Ууз кымыз ошого жараша таттуу келет.
Жайдын толугу менен күзгө чейинки кымыз гүл кымыз деп аталат. Муну кээ бирөөлөр кызыл кымыз деп да коюшат. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убакта даярдалган бул кымыз күчтүү келет.
Чөп бышкан күздөн кышка чейин даярдалган кымыз сөөк кымыз же шырылдаң деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.
Кымыз жасалуу жолуна карата да ич ара бөлүнөт.
Бал кымыз байтал бээнин сүтүнөн жасалат. Анын диеталык жана дарылык касиети күчтүү.
Саамал кымыз – ачый элек кымыз.
Тунма кымыз – эң күчтүү кымыз. Балга чайкап, мейиз кошуп 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
Чайкаган кымыз. Жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
Ачыган кымыз. Жакшы бышылган жаш кымызга саамал, ак чүпүрөккө жанчылган мейиз, набатты түйүп, чаначтын түбүнө салып бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.
Кымыздын малдын сүтүнө карата төө кымыз (төөнүкү), уй кымыз (уйдуку), көөрчөк (кой-эчкиники) деген түрлөрү да бар.
Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө карата бир нече түргө бөлүнөт.
Бир күндүгү жаш кымыз, эки күндүгү күчтүү кымыз, үч күндүгү өткүл кымыз деп аталат. Үч күндөн өткөн соң кымыз какырым даамданып калат. Мындай кымыздан илгери арак тартышкан.
КЫМЫЗДЫН КАСИЕТИ
Кымыз – дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, спирт, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңдирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору. 100 грамм бээнин сүтүндө 95-100,
уй сүтүндө 25-30 пайызды түзөт. Ошондуктан бээ сүтүндөгү май бүртүкчөлөрү ичеги-карынга тез сиңип, канга айланып пайдалуу холестерин болот.
Бээ сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы – анын курамында кант жана лактоза көп болгондуктан, ачыганда спиртке айланганында. Ал кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет. Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу. Айрыкча бээлер жаңы тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жеңил келип, кан басымын жогорулатпай, боор, өпкө, өт жана ашказандын, нерв системасынын, дем алуу органдарынын иштешине өтө чоң таасир тийгизет.
Кымыздын эң чоң касиети – иммунитетти бекемдеп, жугуштуу оорулардан сактаганында. Кымыз менен кургак учуктун бардык түрлөрүн, аз кандуулук, өнөкөт бронхит, итий, гастрит жана башка ооруларды дарылоого болот. Аны такай ичкен адамдар узак жашаары айтылып келет.
Жылкы бруцеллёз, кургак учук, кара өпкө, кара сан деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан анын сүтүн саап бүтөр замат сүзүп иче бергенге болот. Ал эми июлдун экинчи жарымынан тартып чөп бышып баш алып, мал семирип, үркөр чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт.
КЫМЫЗ ЖАСООДО КОЛДОНУЛУУЧУ БУЮМДАР
1) Чанач – кымыз куюучу идиш. Ал эчкинин, кийиктин туюк сыйрылып алынган чылгый терисинен жасалат. Ал көчүп-конууда, жол жүрүүдө канжыгага байлап алууга өтө ыңгайлуу. Чаначты мезгил-мезгили менен ыштап, майлап турса, андагы азык көпкө сакталат.
2) Көнөк – шириден тигилген идиш. Ага бээ саалат, кымыз куюлат. Аны убагы менен ыштап турса, көпкө урунулат.
3) Көөкөр – шириден ышталып, бычылып тигилген кымыз куюлуучу идиш. Орточо көөкөргө 4-5 литр кымыз батат.
4) Саба – кымыз ачытылуучу шири идиш. Ал жылкынын, төөнүн, уйдун терисинен жасалат. Жакшы иштелип, жакшы ышталган сабанын сыртынан кымыз кылкылдап көрүнүп турат жана даамдуу болот.
#18 07 Октябрь 2011 - 09:19
#19 10 Октябрь 2011 - 00:23
Талкан-200граммдай мен коз олчом менен жасап конгом,
койдун майы( тон май)- 2 чон кашыктай
ун- куурганга 3-4 чон кашык, ачыткыга 2-3 чон кашыктай.
суу- 3 литрдей
ачыткы-максым(100 гр) жок болсо шородон ачытса болот
Жасалышы- мискейди кургактап отко кактап кургагандан кийин койдун майын салабыз.Май эрип ысыганда ундан 3-4 кашыктай салып кууруйбуз.Кызарганча кууруп суу куябыз( айта кетчу нерсе ундун ордуна талкандын озун да кууруса болот). Суу кайнап баштаганда талканды чалгыч менен болток калтырбай абдан чалып сууга салып бышканча кутобуз. Талкан даамы чыгып бышканда отту очуробуз. Жарма жылымык болуп муздаганча кутобуз. Тузду жарма жылуу болгондо гана кошуш керек ысык кезинде салынган туз жарманын онун бузуп кара жарма кылып жиберет. Туз максымдын ачышында чон роль ойнойт.Туз кем болуп калса да максым ачыбай койушу мумкун. Даамдап коруп кичине откурурок болсо жакшы болот. Бышкан жармага ачыткыны куйуп,ун чалып (болток кылбай)аралаштырып, устун жаап жылуулап койобуз. 6-8 сааттан кийин буркулдап ачыган максым даяр. Оной, суу ичкенче жасап корсонор ток да, суусунун да канат. Мен ысык май токоч менен максымдан жутуп алып жайдары жумуш бутургонду жактырам.

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 10 Октябрь 2011 - 00:25
#20 08 Ноябрь 2011 - 23:16
Чай – 10 гр., сүт – 200 гр., суюк каймак – 50 гр., ун – 30 гр., суу – 300гр., туз – 1гр.
Жасалышы:
Чайды фарфор чайнекте демдейбиз. Алгач аны ысык суу менен чайкап алып анан гана чай салабыз. Кайнак сууну чайнектин үчтөн бир бөлүгүнө чейин куябыз. Үстүн сүлгү менен жаап коебуз.
Унду казанда (же сковородкада) тынбай аралыштырып ачык күрөң түстүү болгуча отко коебуз. Даяр демделген чайды идишке куюп, кайнатабыз. Кайнагандан кийин үстүнө сүт, суюк каймак, ун жана тузду кошуп дагы бир жолу 3 мүнөтчө кайнатабыз.
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »