Дүйнөнүн эң коркунучтуу көпүрөсү
Бул көпүрө америкадагы Луна-парктарга окшошуп кетет. Ылдый түшүп келатканда кадимкидей коркунуч басат. Бул ажайып тик көпүрө тууралуу Day.Az булагы жазууда.
Маалыматка ылайык бул көпүрөнүн ылтый, тик жери 44 метр узундугунда. Атактуу Эшима Охаши көпүрөсү американын луна-парктарындай эле таасир калтырып, ылдый эңкейиши эч кимдин эсинен кетпей турган ирмемдерди жаратат. Көпүрөнүн мындай бийиктиги атайын Нэкоми көлүнө кемелердин өтүшү үчүн ылайыкталып жасалган. Бул инженердик курулуш Мацуэ жана Сакаиминато шаарларын бириктирип турат. Эшима Охаши көпүрөсү татаал конструкция менен курулган жана көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү көпүрө болуп саналат. Көпүрөнүн жалпы узундугу 1,7 километр, туурасы 11,3 метр. Чындыгында америкалык луна-парктагы чукул көпүрөлөр, сүрөттө көрүнгөндөй коркунуч жаратпайт. Ал эми Жапон көпүрөсү алдый эңкейиши 6.1% жана 5.1% түзөт. Анын алдынан бардык өлчөмдөгү кемелер кенен эле өтүп кетишет.

