Ар бир аял мырзалардын жүрөгүн багындырууну каалап оюна келген ар түрдүү ыкмаларды жасашат. Айрымдар ар кандай жолдор менен эркектердин башын айландырышса,
кээси сулуу көрүнүш үчүн пластикалык операцияга чейин барышат. Дал ушундай мырзалардын жүрөгүн багындыргысы келген кыздарга эң жөнөкөй ыкмаларды сунуш кылабыз.
Сулуу болуңуз
Эмне деп айтпайлы, мырзалар алгач аялзатынын сырткы келбетине, сулуулугуна карашат. Андан кийин жан дүйнөсүн билгиси келет. Ошондуктан мырзалардын көңүлүн буруу үчүн өзүңүздүн келбетиңизге карагандан баштаңыз. Сулуулук салондоруна барып чачыңызды жасалгалатып,
макияж жасаңыз. “Ансыз деле болот” деген сөздү унутуңуз, аял деген кемчиликсиз болушу керек.
Башкалардан айырмаланып туруңуз
Сулуу болуу, албетте, жакшы, бирок ажарлуу аялдар көп экенин унутпаңыз. Ошол сулуу аялдардын арасынан эркек сизди гана тандашы үчүн башкалардан айырмаланып туруңуз. Салонго барып башкалардыкына окшошпогон чач жасалга жасатып, оригиналдуу кылык-жорук ойлоп табыңыз.
Жүрүш-турушуңузду көзөмөлдөңүз
Сиз жүрүш-турушуңуз негизги маселе эмес, таң каларлык бийик такалуу туфли менен эле эркектердин көңүлүн бурам деп ойлойсуз. Бул оюңуз деле жакшы. Эркектер сиздин келишимдүү буттарыңызды байкашат, бирок сиздин каалооңуз аларга жакканы менен сизди жеңил ойлуу айым катары карашат. Билесизби, эпсиз туфли кийген аялга караганда жүрүш-турушу жакшы аял такасыз, жеңил бут кийим менен деле жакшы көрүнө алат.
Жылмайып жүрүңүз
Эркектер аялдын жүзүндө жылмаюу болуп, жаркылдап турганын жактырышат.
Жылуу жүздүү, кабагы ачык адам менен мамиле куруу да жагымдуу. Бекеринен ак ниеттүү адамды күнгө салыштырышпайт.
Алар жанындагы адамга күн сыяктуу жарык жана жылуулук тартуулап турушат.
Дайыма өзүңүзгө карап жүрүңүз
Эч качан эркекке кир халат, чоюлган жемпир, саксайган чачыңыз менен көрүнүүгө жол бербеңиз. Айланаңыздагыларды сыйлаңыз, аларга кир кийимчен адамды көрүү жагымсыз экенин эстен чыгарбаңыз.
Жарым саат убакыт бөлүп өзүңүздүн келбетиңизге кам көрүп коюңуз. Жыйынтыгында жагымдуу жүзүңүздү көрүп маанайыңыз да ачылат.
Агрессивдүү болбоңуз
Эркектер ашыкча активдүүлүгүн көрсөткөн аялдардан коркушат. Алар өзүлөрүн аңчы катары эсептешкендиктен мындай мүнөздөгү аялдарга жем болуп калуудан чочулашат. Ошондуктан жаныңыздагы эркекке жаман жоруктарыңызды көрсөтүп аны качырып албоо үчүн бул адаттан арылыңыз.
Өтө эле акылдуу боло бербеңиз
Аялдар дүйнөдө ар кандай кырдаалда өзүн көрсөтүүгө жөндөмдүү. Эркектер мындай аялдарды сыйлашат, бирок алар менен мамиле курушпайт. Анткени өтө эле акылдуу боло берген аялдар өз алдынчалуулукту жактырышат.
Эркектер болсо аларга моюн сунган аялдарды баалашат. Аял эркекке жөлөнүп, балдарга кам көрүп, үйгө жылуулук тартуулап туруусун каалашат.
Жароокер болууга үйрөнүңүз
Сиздин образыңыз, кандай болбосун, эркектердин жанында болгондо бет кабыңызды чечкенди үйрөнүңүз. Анткени аларга жумшак, уга билген, түшүнүктүү аялдар жагат. Жыландай муздак аялдар жеке жашоосунда көп бактылуу боло беришпейт, алар эркектердин жүрөгүн багындырып алганы менен бактысы көпкө созулбайт.
Өзүңүздү баалай билиңиз
Биринчи жолукканда эле эркектин артынан чуркай бербеңиз. Ал адамды сүйүп калган учурда да ага көп берилбей, сезимиңизди ката билиңиз. Болбосо эркектин сизге болгон кызыгуусу тарап башкага кетип калат. Өзүн баалаган аялдарды байкап көрсөңүз, алардын сүйүктүүлөрү башкага кетпейт.
Баракча 1 - 1
Мырзаларды артыңыздан чуркаткыңыз келсе... Мырзаларды артыңыздан чуркаткыңыз келсе...Ар бир аял мырзалардын жүрөг
#3 05 Октябрь 2015 - 08:45
Жакшы кенештер.
Бирок биз кандай болсок ошол боюнча суйуп,сыйлаган мырза болсо жакшыго дейм...
Бирок биз кандай болсок ошол боюнча суйуп,сыйлаган мырза болсо жакшыго дейм...
Билдирүүнү түзөткөн: Geran: 05 Октябрь 2015 - 08:46
#5 05 Октябрь 2015 - 23:10
Эркектер болсо аларга моюн сунган аялдарды баалашат. Аял эркекке жөлөнүп, балдарга кам көрүп, үйгө жылуулук тартуулап туруусун каалашат.
Ушуга бир аз кошула албайм да..Беш кол тең эмес деген сыяктуу,кээ бир эркектер кайсар,оңою м.н моюн сунбаган аял затын жактырышат. .
Ушуга бир аз кошула албайм да..Беш кол тең эмес деген сыяктуу,кээ бир эркектер кайсар,оңою м.н моюн сунбаган аял затын жактырышат. .
Билдирүүнү түзөткөн: XuLiGaNkA: 05 Октябрь 2015 - 23:12
Сени менен бактылуумун)
#6 06 Октябрь 2015 - 17:50
Салонго барып боёнуп жасанганга кошулбаймын бул болгону убактынчалык алдоо. Боёнуп жасанып ботон эркекке жагынуу шариятыбызда жаман корунуш. Ошончо салонго барып каш чийип, чач кырккандан корокчу кудайдан Жакшы адамга жар кылуусун сурангыла.
Внешность - это козырь , но не туз…
#7 06 Октябрь 2015 - 19:17
Мен табиятыман сырттанткараган адамга каардуу,сурдуу корунот экенми,мага сезилбеген менен коп жолу укканмын бул созду эч жылмайып журо албаймын.
Бир жолу жигитим менен жолугуушуга ич ичимден,чын дилимден суйунуп бара жаткам,бул суйунууну жузумо чыгып,сырттагы адамга билинип кплган экен,жолдон бир катар жигиттер комплемент айтканга улгурду кадам сайын,мурун кочодон компл.укчу эмес элем.Ушундан байкадым эркектер жылмайып жургон адамга тартылат. Жылмайып журунуздор )) ) -бул суннот..
Бир жолу жигитим менен жолугуушуга ич ичимден,чын дилимден суйунуп бара жаткам,бул суйунууну жузумо чыгып,сырттагы адамга билинип кплган экен,жолдон бир катар жигиттер комплемент айтканга улгурду кадам сайын,мурун кочодон компл.укчу эмес элем.Ушундан байкадым эркектер жылмайып жургон адамга тартылат. Жылмайып журунуздор )) ) -бул суннот..
#9 07 Октябрь 2015 - 22:18
Эксперимент жургузуп коруш керек экен, ушул кенештердин негизинде.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#10 08 Октябрь 2015 - 00:45
Өзүңүздү баалай билиңиз
Биринчи жолукканда эле эркектин
артынан чуркай бербеңиз. Ал адамды
сүйүп калган учурда да ага көп
берилбей, сезимиңизди ката билиңиз.
Болбосо эркектин сизге болгон
кызыгуусу тарап башкага кетип калат.
Өзүн баалаган аялдарды байкап
көрсөңүз, алардын сүйүктүүлөрү
башкага кетпейт.
Ушул пунктка 200% кошулам... жана ушул кенешти эстеп калдым, калгандары мен учун эмес...
Каяктагы кочодогу жигиттерге жагынуу учун аракет кылуу тоже не мое...
Биринчи жолукканда эле эркектин
артынан чуркай бербеңиз. Ал адамды
сүйүп калган учурда да ага көп
берилбей, сезимиңизди ката билиңиз.
Болбосо эркектин сизге болгон
кызыгуусу тарап башкага кетип калат.
Өзүн баалаган аялдарды байкап
көрсөңүз, алардын сүйүктүүлөрү
башкага кетпейт.
Ушул пунктка 200% кошулам... жана ушул кенешти эстеп калдым, калгандары мен учун эмес...
Каяктагы кочодогу жигиттерге жагынуу учун аракет кылуу тоже не мое...
Билдирүүнү түзөткөн: LETITGO: 08 Октябрь 2015 - 00:51
К Черту Вашу Взрослую Жизнь..!
#11 08 Октябрь 2015 - 11:54
Пешене жазып койсо жолдощун болуп калышы мумкун сен айткан"каяктага кочодогу жигит".Кыз-
жигиттин 50-60% кочодон(парк,
астановка,такси)таанышат менимче.Келишип жолугушуп таанышкандар,
кафе-бар,тунку клубта таанышкандар аз,болсо дагы андай жерге барган эркектин ойу кыска болот.
#12 08 Октябрь 2015 - 12:14
Жогору да жазылы отулгон... кочодогу эркектерге жагынам деген ой менен ашыкча озун карап, жасалма болуу бул куноо деп...
Жасанбаш керек десе эле эшике бетти жубай эле чыгуу эмес. Адам баласы туз ойдо эле озун тыкан, таза алып журушу керек озу учун да и болоктор учун да...
Сиз айтып жаткан нерге озунуз да амал кылбайсыз. Сиздин маанайыныз жок болсо, элге жагынам деп жылмайып журо аласызбы? -Конечно жок...
Жасанбаш керек десе эле эшике бетти жубай эле чыгуу эмес. Адам баласы туз ойдо эле озун тыкан, таза алып журушу керек озу учун да и болоктор учун да...
Сиз айтып жаткан нерге озунуз да амал кылбайсыз. Сиздин маанайыныз жок болсо, элге жагынам деп жылмайып журо аласызбы? -Конечно жок...
К Черту Вашу Взрослую Жизнь..!
#13 08 Октябрь 2015 - 13:34
Жароокермин))))
Чуркаткым келбейт!
Чуркаткым келбейт!
Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун!!!
Баракча 1 - 1