Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#861 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   07 Октябрь 2015 - 02:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мен мурда Зыйнатты аягынан бузулган, уяты жок шуркуя катары ойлоп жургон болчумун. Корсо, андай эмес экен. Зыйнаттын катын окуп боорум ооруп ыйлагым келди. Жакшыны жакшы деш керек.
"Бекер киши таза болбойт" дегендей, акылдуу аял тура. Жомокто деле бар го бири учун бир олуп, бири учун бири тентиген ажайып суйуулор. Ошондой суйуу, ошондой махабаттын кулу болгон экен ал келининиз. Ак тилек, аруу сезим учун куйоону да, баланы да Толкунбек учун тобокелге салып, махабат учун курошкон неме турбайбы.
Анын шору, озу Толкунбекти суйгондой, Толкунбек аны суйгон эмес экен да. Тек гана анын адамгерчилигинин кулу болуп жургон неме турбайбы уулунуз. Ошон учун Толкунбектин, анын балдарынын убал-сообунан коркуп, аны аяп:
"Эгерде уй-булоосуно барса, куйосунун журогуно тушунбой кабыл албай койсо, кор болуп калабы" - деп аяган экен ал. Эгерде андай болбогондо "Озум менен жашабагандан кийин, эмне болсо ошол болсун, мага десе тентип-тербип журуп талаада олсун" демек.
Баятадан бери эки байбиче Жайнагулду угуп олтурушуп, ооздору ачылды да калды. Оо, бир окумда Тумар улутуна дем тарты да минтти:
-Ал келинге эми тушунгон экенсин да, балам. Мен ошндо эле ..... "Бул келин жаман келин эмес экен. Сенден акылдуу тура" - дегеним эсиндеби.?
-Ооба, айткансын, эсимде. Адам баласы ошентип, бирине бири кээде тушунсо, кээде тушунбой журуп отот турбайбы.
Соз ушул жерге келгенде Жанаты жетелеген Толкунбек энелеринин устуно кирди. Бир демге унсуз тургандан кийин Жайнагулго карап минтти::
-Эмне Усонду лагерге, же башка бир жакка жибергени жатасынбы?
-Кайда жибермек элем. Эмне болду?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#862 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   07 Октябрь 2015 - 02:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Билбейм, Жанат айтат Жайна женем Усонду бир жакка жибергени жатат деп.
Жайнагул кызына алая карады.
-Эй, качан айтым эле. Бирдемени тушунбой суйлой берет экен.
-Тушуном мен. Ооба, жибересин. Усонду берем дебедин беле! -деди Жанат.
Жайнагул аласала томсоро тушуп, анан кайра кулгон болду. Созду дароо бурду.
-Энем Усонду мага бергиле, мен бала кылып алайын деп тамаша кылганынан "Мейлиниз алсаныз алып кетиниз" -деп койгомун, ошону айтып жатса керек. Оо, чыккынчы.
-Ооба, калп айтып жатасын. Энеме эмес эле, башка кишиге берем деп озун айтып ыйлабадынбы.
-Жашабагыр, качан айтып, качан ыйладым эле? -деди кызын
алая карап.
-Усонду айтып ыйлабадын беле?
-Ой, олуп кеткир, качан?
-.Жана таэнем менен энеме айттын го.
-Жашабагыр, чык эшикке.
-Капырай балам, эки созундун бир эле жашабагыр, олуп кеткир.
-Жашабагыр десе жашабай, олуп кеткир десе олуп кетмек беле. Ал тим эле создун куусу да, -Жайнагул кулду.
-Мен олумдон журогум ушугон катынмын, балам. Олуп кетпесе да "олуп кет, житип кет, олук-тирининди коройун, жашабай кал" деген сыяктуу создорду уккум келбейт. Айттым эле го сага сырымды. Мени капа кылып камыктырбайын десен козумдун тируусундо андай суук создорду кулагыма угузбагын, каралдым.
-Макул эне, айтпоого аракет кылайын. Бирок тируу жан болгондон кийин бирде болбосо бирде жанын кашайганда чыгып кетет тура создор. Кантип эле оз балдарымды озум жамандыкка кыйып, сизди капа кылайын деп ойлоюн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#863 Пользователь офлайн   bulak   07 Октябрь 2015 - 10:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 16 Май 14
  • Соңку аракети: 31 Дек 2015 17:02
  • Жынысы:Аялзаты

Колунуз дарт корбосун!
Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#864 Пользователь офлайн   nice.love   09 Октябрь 2015 - 01:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 461
  • Катталган: 06 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 15:08
  • Жынысы:Белгисиз

Капырай таза иш болдуго. Байкуш Жайнагул эки оттун арасында квлбадыбы? Зыйнатка деле оной эмес. Бирок, Зыйнатка берсе эле ала койбос, алган чактада Усон кала койбос дегендей. "Тууган эне эне эмес баккан эне дечу беле. Бул жагын убакыт коргозот.
Жазып жатканга ийгилик. Шашпай батырак жазыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#865 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кокустан, кээде бир тилимден жанылып, ошондой жагымсыз создор чыгып кетсе, коулунузго албай журсонуз, энекебайым, -Жайнагул Кынанын мойнунан орой кучактап, бетинен опту.
Энеси менен оз аялынын созун угуп туруп конулундо Толкунбек минтип ойлоп турду. "Вай, вай, вай, энемдин талабынын кучтуулугу ай. Кокустан, тилдуу-ооздуу, кыялы жаман, соз которуму жок, адамдын арзан-кымбатын билбеген келинге жолукса кантмек бул киши. "Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт" дегендей, Жайнагулдун оозунан жедеп жаман соз чыкпасына ишенип алып, болоор-болбос эле бир созду которо албай жатат ээ! Кудай Таалам Жайнагулду менин бактыма эмес, энем менен атамдын бактына берген экен да, -деди аялынын котороумдуулугуно ичи жылып. Болбосо: "Тилдесем, урсам оз балам кагылайын кайнене, коп какшабай жаагынды басып жон олтур" -десе, олтурат эле да кочугу менен дем алып.
Кына менен Жайнагулдун тушуно Аккыз кирген кундон баштап, кайнене менен келиндин ичин ит тырмап, "Кайгы жокто кайнене олгон кайгы экен" дегендей, жок жерден санаа табылды да калды. Толкунбек Тумар менен энесин алып, Жанат тортоо колго чогуу кетууго камынып калышты. Жигиттин ою алиги Казак Республикасынын "Ырахат" пансионатыда куруулучу курулушка катышуу, ал болбосо Кум-Тор алтын кенинде курулуучу курулуштарда иштоо эле. Толкунбек озу ала кеттуучу кийим-кечесин чемоданга салып жатып, бир-эки китеп алууну ойлоп, ирети менен дубалдын бир жак бетин бут алган китеп текчесин карап козу куйуп турду. "Туу, китептерди жыйган экен, Жакин. -Жигиттин колуна алган ар бир китеп бул дуйнодо куну жок, баа жеткис, биздин доорго чейинки байыркы философтор СОКРАТ, ПЛАТОН, АРИСТОТЕЛЬ, баш болгон адабият алптары ГОМЕР, ЭСКИЛ, СОФОКЛ, ЕВРИПИД, АРИСТОФАН, ЭПИКУР, ГОРАЦИЙ, ВЕРГИЛИЙ, ОВИДИЙ, КАТУЛЛ, МАРЦИОЛДАН тартып орто кылымдагы кайра жаратуучулары ДАНТЕ, БОККАЧО, РАБЛЕ ж.б.у.с Жусуп Баласагундун китептерин окубай эле кызыгып ар бирин кармалап барактап ачып-жаап жатып убакыттын канча болгонун да билбей калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#866 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

"Мына, - деп ойлоду Толкунбек, - жер шаарын дунгуротуп оз ысымдары олбос-очпос кылып урпактан урпакка калтырып кетишти акылмандардын байлыктары. Китептердин бирин алып бирин коюп жатып Гомердин китебинин ичин ача берип, озуно да, козуно да тааныш кол менен жазылган конвертти коруп журогу болк дей тушту. Дем тартпай бир демге колундагы катты тиктеп туруп калды. Жайнагулдун намына жазылган кат экен. Балким, окшош колдур, - деп ойлоду. Адрестин аягында "Москва" дегенден башка эч нерсе жазылбаптыр. Жигит конвертин ичиндеги каттан, кат эмес эле Зыйнаттын озу чыга калчуудай болуп журоксуп кетти. Бирок ачпай да , окубай да койо албады. Бул шайтан Жайнагулго эмне создорду жазды болду экен, - деп, ошол замат катты кандай окуп чыкканын да билбей калды. Зыйнаттын ар бир созу журогун удургутуп, ага болгон аёо сезим канын дургутуп жиберди.


Анын озуно болгон махабатын мурда анчалык этибарга албаган Толкунбек ичи эмне учундур сыйрыла тушту. "Ай байкушум ай, куноонун баарын оз мойнуна алып, болгон чындыкты жашырбай ачык жазган экен. Экообуз келип дарбазанын астына таштаган баланы., анан анын тонуп олгондугун угуп журогундо оту очпой калган трагедияны. Жайнагул кандай кабыл алды экен? Сенин журогуно тушунбогон ит экенмин го мен!" - деп жиберди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#867 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул саамда балдары менен бир айыптуу кишидей бажылдашып уйго кирип келаткан аялынын унун угуп колуна жансыз кармап турган катты шаша буктоп конвертке салып, Гомердин китебин текчеге коё койду.
Ачык турган эшиктен Толкунбекти коргон Усон чанк этти:
Усондун ууну ошол самда Зыйнаттын унуно окшоп кетти. "Кудай тобо, кадим эле Зыйнаттын уну" - деп ойлоп журогу туйлай тушту. Уулунун созун уккан Жайнагул кайра бурулду.
-Омей, сен кочого чыгып кеткен экен десем, уйдо белен?
Каткан катты окуп, Зыйнатты ойлоп, анын озуно болгон жакшы соз жагымдуу мамилелерин, анан дагы "тонуп олгон баласы" жонундогу , ар качандан бир качан: "Асан менен Усондун бири меники" - деп ботодой боздоп ыйлаган беймазалуу мезгилдерин коз алдынан откоруп турган Толкунбек, Жайнагулду кандайдыр ботон, бейтаныш бироого жолугуп: "Бул адамды кайдан кордум эле?" - деп бушуркоп турган сыяктуу кирпиктери ирмелбей калды.
Жигит ушул саамда озунун эмне ойлоп турганын да билген жок. Анын коз алдында Жайнагул эмес эле Зыйнат тургансыган бир элес тартыла тушуп жок болду.
-Папа, биздин китеп кооп бекен? - деди ээсин коргон иттей шыйпактаган Усон колунда кармап турган альбомун ары-бери ойнотуп китеп текчелерди корсотуп.
-Бул меники, бул Асандыкы.
-Жок, бул сурот китептер меники, -деди Асан.
-Алар китеп эмес альбом. ЧОКМОРОВ, АЙТИЕВ, ОСТАШЕВ, ЧУЙКОВ, ЖУМАБАЕВ, ЭСЕНОВА качан сеники эле. Бул текчени мамам мага берген.
-Баардыгы эле сеники боло береби?
Толкунбек Усондун мектеп босогосун аттай элек жатып авторлордун аттарын токтолбой жатка айтып турганына ичинен тан кала карап оозу ачылып калды. "Бул бала олбой тируу журсо адам болот экен. Тобо, Зыйнаттын да альбому бар турбайбы, -деп журогу зырп дей тушту.
Жайнагул уулдарына куло суйлоп минтти:
-Экоон качантан бери дунуйонорду болушо баштагансынар. ? Бардыгы экоондуку. Кийин чон жигит болуп, колукту алып, озунорчо болгондо озум болуп берем.
-Мен болунбойм, мама, Асан болунот.
-Жок, сен болуносун! Мен мамам менен калам, -деди Асан.
Жайнагул эки уулун эки ыптасына кучактап бооруна кысып ооп-ооп алды.
А Толкунбек болсо "бул дуйнолук адабиятчылардын байлыктарын кайдан таап, кимден алды болду экен?" деген ойдо китеп текчесинен болуно албай, сурай да албай оозу ачылып суктана карайт.
-Ооба, экоон тен мени менен болосунар. Эч качан болбойм силерди.
-А папам ким менен калат, ыя мама? -деди Асан.
Жайнагулго карап.
-Озунон сурагыла, ким менен каласын ? -деп.
-Папа, -деди эки уулу эки жагынан тарткылап. -Сен ким менен каласын, ыя?
-Ким менен каласын деген да соз болобу, маман менен калам да.
Усон башын чайкады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#868 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жок, папа сен мамам менен калбайсын, биз Жанат эжем, Асан болуп биз калабыз, мамам менен.
-Анан кайда барам мен?
-Алматыга жумушуна кетесин да .
-Жок, кетпейм. Мен силерди сагынып, маманды сагынып келбедимби?
-Уйундо ким бар?
-Уйум ушул да. Эми эч жакка кетпейм.
-Кетесин, бул сенин уйун эмес, бул биздин уй ээ мама.
Толкунбек манаттай кызарып чыкты.
-Ит го, ыя, балдарын. Булар мени жат киши катары сезишет турбайбы.
-"Болунгонду боору жейт" деген ошол. Балдарды унутуп жат болуп эле калбадын беле? Ошон учун сени ата экенинди билишпей: "Чоочун киши келди" деп мокочо коргондой качтыго келгенинде. Дагы ушунчалык папалап турганына ыразы бол.
Толкунбек аялынын созун угуп шылкыя тушту. Батынып жооп да айта албады. Эринен эр олтуруп кун га калгансып осуп турганын карап туруп, махабаттуу кундору калыбына келбей, конулу салкын тартып турса да, Зыйнаттын "Толкунбек жалгыз гана сизди суйот" деп жазган создорун эстеп боору ооругансып кетти.
Ошол саамда Усон колундагы альбомду кайра-кайра шарактатып барактап, кайра кайра бир коргонун мин коруп, улам бир суротту тиктеп туруп Жайнагулго минтти.:
-Мама, кулундун энесин ат дейби?
-Ат , дечуу беле бээ дейт.
Усон бир тууганына минтти, кыйкырып суйлоп.
-Ай, Асанчик , карачы мына бу ээни, кулунун бир атчан киши кочодо жетелеп баратат. Абайкуш кулун артын карап жулкунуп жетекке баспай, энесин чакырып кишенип баратат го ыя, карасан. Туу, эне бээни дубалдары бийик сарайга камап коюптур. Байкуш энеси кулунунун унун угуп, дубалдан секирип баратканын сонун тартыптыр ээ. Сен кандай ойлойсун, бээ дубалдан секирип кеталабы же арка мойну астында калып, бели узулуп олобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#869 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Билбейм, - деди Асан. Балким секирип кетет.
-Секирээрин секирет дечи. Бирок мынчалык бийиктиктен соо каларына ишенбей турам. Кандай аянычтуу картина.
Бармактай туруп Усондун чон кишилер ойлобогонду ойлогон ой жугуртуусунун кучтуулугун уккан ата эненин эмелки суйлошуп жаткан создору бычырап кетти.
-Алдагы альбом озундукубу? - деп сурады Толкунбек.
-Мамамдан акча алып жана сатып келдим.
-Канча сом экен?
-Кымбат.
-Кымбат болгондо канча? Берчи коройун, ким деген художниктин чыгармасы экен?
-Алиги алам деп айткан альбомун ушулбу? -деди Жайнагул.
-Ооба, ушул, мама. Дукончу эжей Асан экообузду таанып калыптыр. Силерге катып койгомун деп берди.
Усон мамасынан акча сураганда эле, Эсенованын чыгармасын алаарын айткан. Азыр оюнда бул альбом Толкунбекке кандай таасир этерин ойлоп, куйоосун сынай тиктеп олтурду. Ким эле болбосун, китептин бетин ачпай туруп, биринчи эле чыгарманын авторун карайт эмеспи.
Толкунбек Зыйнаттын фамилясын коруп, денесине ток тийгендей, башынан-аягына чейин бир ысык толкун дур дей тушуп, мээсине барып бир тийди. Коздору алачакмак болуп, эки бети албырып кетти. Зыйнаттын жаны эмгектери терууго дайардалып кол коюлганын билуучу. Толкунбектин конулундо: "Бечера Зыйнат, мени суйуп, менден бактылуу болуп ырахат коро алган жок эле. Эми оз талантынан, оз эмгегинен баар таап, узурун корсо экен" - деген ой ойлоп турду.
Ушул маалда Жайнагул, ону дароо озгоро тушкон эрин карап туруп анкор сурады:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#870 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эмнеге мынча ой басып тунуп кеттин? Берчи, мен деле коройун. Автору ким экен.?
Жигит аялын алагор козу менен жалт карап алып, альбомду суна берип минтти:
-Зыйнаттыкы экен.
-Ыя, папа, кыздар суротту жакшы тартат экен, ээ?
-Ооба, жакшы тартат.
-Папа, кулун менен энесин кордунбу? Мен кулунду тарта алам.
-Тарт, тарт.
Толкунбек аялын, Зыйнат жонундо какшыктап бирдеме деп соз тийгизээр бекен деп ойлогон. Бирок андай болгон жок, анын озу эмес, суротун да кеп кылбады. Тек гана жанакы "Автор ким экен?" деген создон башка ооз ачпай, сабыры сууз тартып турду. Жайнагулду карап туруп, анын ичин ийдилеп жаткан мушкул эмнеде экенин Толкунбек ачык билалбай тунгуюкка капталып, ар кайсыны ойлоно берет. АЖайнагул болсо, Толкунбектин Усондон шектенип, баягы оз эшигинин алдына оз колу менен алып барып таштап "тонуп олду" деген баласынын тируулугуно козу жетип, ичинен тымызын тынып журогун эчак эле билген.
Жайнагул колундагы альбомду ачып, озунчо эле бир ажайып кооздукка, башка бир адамдын ички дуйносун ырахатка бологон сонундар дуйносуно берилип, толкундап баратты. Ал Зыйнаттын кунулоштугун да унутуп, улам бир картинага сугуло карайт. Жайнагул алиги Усон айтып жаткан кулун менен бээге келгенде буулуп, кареги чачырай тушту. Чындыгында эле адам кызыккандай, мазмуну терен картина экен деп ойлоду Жайнагул. "Кудайа тобо, айбан аркылуу бир кучтуу трагедияны чыгармачылык менен сонун берген экен. Эмне деген ой, эмне деген талант. Бул турмуш, бул жашоо да. Айбан айбан башы менен баласынын артынан олор-тирилерин билбей дубалдан учуп баратканын кантип ойлоп тапты экен? Бул да болсо эненин балага болгон суйуусунун кучу да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#871 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагулго бул картина, башкача ой, башкача тасир калтырды. Картинадагы бул окуя башка эмес эле, айбан аркылуу берилген Зыйнаттын картиналарынан баш которо албай калган Жайнагул Толкунбек менен Усонду укпай калды. Аял чыгарманы аягына чыга толук коруп бутуп, оор улунунуп алып, альбомду Усонго кайра берди.
-Суротунорду таштагыла, тамак ичели. Калганын кайра келип коргуло, -деп чыгып баратып.
-Дагы башка кыргыз художниктеринин альбомдору жокпу?
-Бар.
-Кана, корсотчу.
Усон текчеде ирээти менен коюлган "СОВЕТТИК КЫРГЫЗСТАН" , дагы башка авторлордун уч-торт альбомун бирден алып атасына корсотуп, кайра ордуна коюп жатты.
Толкунбек озуно таныш альбомдорду коргондо журогу удургуй тушту. Кечээ жакында эле озунун жубайы болгон бул суроткер кунулошу жонундо балдарына эч нерсе айтпаган Жайнагулдун ички сырына тушуно албай айран-тан болуп турду. Анын оюна эмелеки озу окуган Зыйнаттын каты тушту. Анда Толкунбекке акаарат келтирген бир ооз да жаман соз жок болучу. Тескерисинче Жайнагул жонундо журогу тазалыгын жазган. Катты толук окуп чыккандан кийин Толкунбек: "Зыйнат, кеменгер, акылдуу аял турбайбы. Жаш болсо да башынан жамандык менен жакшылыкты коп откорду. "Билими кучтуу минди жыгат, билеги кучтуу бирди жыгат" дегендей, канча кылса билимдуу адам билимдуулук кылат экен да. Ал калп айтып, карозгой суйлогонду билбейт. Эгерде, бул бечара аял мени менен туболук жашап, Жайнагул торогон баланы ал тороп, санаасы тынч, конулу куунак болсо бир Зыйнат эмес, мындай эки Зыйнат болуп, даражасы даркан, таланты ташкан болмок
- деп ойлоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#872 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Папа, сен художникти тааныйсынбы?
-Кайсы художникти?
-Мына бул альбомду жазган кишини?
-Ал ким экен?
-Айтиев.
-Тааныйм.
-А мунучу.?
-Ким ал? -Усондун кармап турган альбомун колуна алды. Коргон козуно ишенбегендей коздору алая тушту.
-Айвазовскийби? Оо , муну кайдан алдын?
-Биз эн коп китеп сатып алганбыз.
-Кайдан сатып алдынар эле ?
-Бир карган киши саткан. Мамам ага кооп акча берген болучу. Мына мунун баарын (колу менен текчелерди корсотту), мен билем булар кимдердики экенин.
-Озун окуй аласынбы?
-Ооба, окуй алам.
-Кана, окуп корчу.
Усон китептерди улам бирден алып окуй баштады.
-Мольер, Байрон, Хафиз, Жами, Жусуп Баласагун... ....
-Оо, анык азамат бала турбайсынбы, ыя?
-Ыя, папа, сен Эсенова деген суротчу менен досунбу?
-Эмне болду?
-Мамам айткан Эсенова атандын досу деп. Сенин дагы башка суротчу досторун барбы?
-Ооба, бар! -Кантер экен деп минтти. -Суриков, Репин, Кончаловский деген суротчулорду уктун беле?
-Ооба билем алардын баарын.
-Оо, азамат, жакшы бала турбайсынбы. Репиндин чыгармасы барбы?
-Ооба , бар.
-Толкунбек озу мурда угуп корбогон атактуу адамдар менен Зыйнат аркылуу алардын баа жеткис мурастары менен таанышкан эмес беле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#873 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол орошон тагдырлардын кобу журогунун теренинде очпос болуп жазылып калган ысымдарды тим эле сыймыктануу менен Усондун алдында билимдуу, копту коруп, копту билген, коп окууган зирек адамдарча оозуна толтура суйлоп минтти:
-Сальводор, Пикассо, Куприн, Рерих, Микеланжело, Тансыкбаевди уктун беле?
-Жок, аларды уккан эмесмин. Оруспу же кыргызбы?
-Сальводор Куба, Пикассо менен Микеланжело итальянец, Куприн орус, Рерих индеец, Тансыкбаев озбек...... .
Усон тим эле жер шаарындагы бардык улутту таанып билуучудон бетер ун катпай муюп укту.
Толкунбек Усондун ою менен, бала менен бала болуп оозуна келгенди оттоп олтурган жок. Ал уулу менен кадырасе чон адам менен суйлошуп жаткансып, дунуйосу тугол, чечекейи чеч болуп, журогу жарыла суйлошуп жатып, тамакты да унутуп калды.
Ал учун бул нары ардактуу, нары туйшуктуу кесиптин туу чокусу болгон суротчулук искуствосу менен танапташ болгон ажайып кундору, Зыйнат менен ажырашкан муноттон тартып экинчи кайрылгыс болуп, ошол уйдо, ошол жерде калды деп ойлоп, экинчи андай бактылуу, дооту колдогон адамдар менен табакташта, талапташ да болом деп эч ойлогон эмес болучу.
"Аттин ай, бир кем дунуйо!" деген ойдо ичи эншерилип Зыйнат экоо жашаган уйдун эшигин акыркы жолу жаап кетээр алдында:
"Ушул жанга жагымдуу май боёктун жытын сагынаар бекемин" -деп коздоруно жаш айлана тушкон болучу.
Аздыр-коптур Зыйнат менен жашаган кундорумдун кубосу болгон алтын уям, кош бол.
Оз койнунда экообуздун кандай жашап, кандай турганыбызды сен гана билесин.
Эми минтип, акыры Зыйнатты да, сени да таштап оз уй, олон тошогумо, козум ачып коргон, оозун ачып оппкон балдарыма кетип жатам, кечиргиле мени.
Зыйнат мени суйуп, мени кастарлаганчалык, мен аны кастарлап, кубанычына- кубаныч кошуп, журогумду жарып кубандыра албадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#874 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   09 Октябрь 2015 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бул да болсо ар адамдын жан дуйносунун каалосунун ар башкалыгы окшобойбу.
Сен эми мени менен бактылуу боло албасан да Зыйнат менен бактылуу, ал учун "акжолтой жай бол" дегендей туркун турду ойго батып, оо бир окумга чейин уй ичин тегерете карап, Зыйнаттын баякы баёо журок балалык кездерин эстеп олтурду.
-Ойноп оюнга, кулуп кулкуго, иштеп ишке тойбой, эми-эми жетпегенге жетип, болуп-толуп турган кезинде тугойунон ажырап, зангыраган уч комунат тамда жалгыз калган жанына жаны кейип, кангырагы тутоп, деми ичине батпай, ордунан оор козголуп, бир озогу орттоно ушкуруп алган эмес беле.
Эми минтип ойдо жок жерден, очту деген оту жанып, олду деген баласы тирилип, Усондун сурот искуствосуна болгон тубаса таланты Толкунбекти коптон умуттонтуп, кайра баштан мурдуна май боёктун жыты келип, кайра баштан корком сурот онорканасына кылчайып турду.
Ушул саамда баякы "тонуп олду" деген баланын жарык дуйного келген кезин эстеп кетти.
....Зыйнаттын аман-эсен коз жарып, эки колун бооруна алып, кол башындай болгон кызыл эт ымыркайды журогунун тушуна кыса кучактаган аялын машинага салып кетип бараткандагы окуя Толкунбектин айлына жакындаган кезде минтти:
Толкунбек, ушул жерге машинанды четке буруп бир аз токтотчу.
-Эмне болду?
-Балага тигил байбиче оозанткан бойдон эмчек берген жокмун. Бир аз эмизейин Азыр коштошом да балам менен.
Ушундай кундо балалуу болуп, аны менен минтип ажырашам деп ким ойлоптур
Чолпон-Атага жакындаган сайын озогум орттонуп, журогум куйуп, ичек боорум эзилип баратат.
Башым да ооруп чыкты.
Мээме кан куюлуп, журогум кайгыдан жарылып оломбу деп турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#875 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   10 Октябрь 2015 - 00:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Машинанын дообушу менен Зыйнаттын ыйлап жатканын Толкунбек уккан эмес.
Ый аралаш дирилдеген унду угуп, артына кылчая карады.
-Ой, сен ыйлап келатасынбы?
-Ырдап келатат деп ойлодун беле? Ыйлап келатам.
Опко-опкосуно батпай озондоп коё берди.
-Жинди болбо, "Кенешип кескен бармак оорубайт" дегендей, кенешип, макулдашып ушул ишке бардык беле.
Баланы тим эле талаага таштап жаткансып суйлойсун да.
Болду эми боздобо. Жайнагул менен энем экоо коросун го, сен экообуздон артык бакпаса, кем бакпайт. Макул эми эмизем десен эмизип ал.
Машина буйткалуу жерге бурулду.
Зыйнат, калын ороо чулгонун ичинде жаткан баланын бетин аяр ачып, эмчегин чыгарды.
Бирок карангы аяздуу тундо баланын оозу кайда, козу кайда экенин да биле албады.
Иши кылып оозу мурдун болжолдоп урпун саап жалмалаткан болду.
-Зыйнат, сен бекер эле баланы да, озунду да кыйнап жатасын. Эмизем деп жатып бекер балага суук тийгизип алба, абайла...
Толкунбек оз кочосуно келгенде , машинаны уйунон жуз кадамча алыс токтотту
..Эшикти ачып баланы алайын десе, Зыйнаттын колу кучактаган бойдон балага карышып калыптыр.
Аны коруп журогу атып кетти.
Анын оюна уйкусу жок сак кулак атасы, булардын дабышын угуп дарбазадан чыга калуучудан бетер, Толкунбектин журогу алып учуп, муун-муунуна тийбей калчылдап кетти.
Ал Зыйнаттын боорундагы баланы куч менен жулуп алгандай болду.
Эси оогон Зыйнаттан, опко кагып соолуктагандан башка ун да, соз да чыкпады.
Толкунбек баланы таштап кайра келгенде Зыйнат олтурган ордунда тилсиз жаткан болучу.
Жигит анын абалына да конул бурган жок.
Анын бардык ою эч кимге корунбой, эч адамга туйгузбай, бул жерден тезирээк узап кетуу болучу.
Тим эле булардын артынан жоо кууп келаткансып, жолдун каарына да, тайгагына да карабай 100-120 менен олоор-тирилээрин билбей урдуруп келатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#876 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   10 Октябрь 2015 - 00:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Качан ЧОЛПОН-АТАДАН алыстап, тээ кыйла жерге келгенде гана бир "ох" деп алып, машинаны токтотту.
Толкунбек Зыйнатты коруп коргон козуно ишенбей журогу атып кетти.
-Зыйнат! Ай, Зыйнат! - жулкулдатты.
-Караса колу бутту тырышып эле тим болбостон, жаагы да кошо карышып калыптыр.
Толкунбек машинаны жылытып коюп, арак менен масаж жасап, буту колун тынымсыз ушалап жатып, келинди оо бир окумда арак эс алдырды.
Анан термостон ысык чай берди. Зыйнат чаранадагы баласы эмес, чарк токтолгон уулунан ажыраган немече жолдугатар Толкунбектин айласын алты кетирип, Бишкектеги уйуно жеткенче унун баспай бооздоп келди.
Эртеси толкунбек ЧОЛПОН-АТАГА кайра келип, бала жонундо жаман кабар алып келди.
Уулунун тонуп олгонун уккан Зыйнаттын ичинен кан журуп кетти.
Ал ооруканада копко жатып чыкты.
Бирок Зыйнат Жайнагулдун эгиз торогонун уккандан кийин баласынын олгонуно ишенбеген бойдон кала берди.
Ал ар качандан бир качан:
"Асан менен Усондун бири менин балам. Оз баламды озумо алып бер" деген создорунун чындыгы барына Толкунбектин козу эми жетип, эми ишеними кундон-кунго артып бартты.
Азыр басса турса ойлогону Усон болуп калды.
Байкуш Зыйнат баласынын тируу экенин, Асан менен Усондун озу айткандай бири озунуку экенин билбеген бойдон арманда кала береби!?
Кантип ачылат бул сыр?
-Озу менен озу суйлошот.
Ушул маалда уйго Асан атып кирди.
-Папа, чакырып жатат, тамак ичпейсинерби? -Усондун жанына келип тура калды.
-Сурот тартып жатасынбы?
Берчи коройун?
Колу менен калкалай калды.
-Тартып буткондо корсотом.
-Корсотсон эми?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#877 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   10 Октябрь 2015 - 00:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Билем кимди тартып жатканынды,
-Асан талаша баштады.
-Айрасын, тарт колунду. Мамама айтам.
-Айта бер, -Усондун колундагы коколото кармаган баракты бир секируу менен жулуп алды.
Кагаз айрылып кетти. Балдар кармаша баштады.. Толкунбек эки болунуп жаткан кагазды колуна алып караса, бири-биринен жашыра турган деле эч нерсе жок экен. Бар болгону ботала болгон бир баланын солокоту тушуруло баштаптыр.
-Ой бо-о-ой, мен силерди жакшы балдар экен десем, ынтымагы жок урушчаак балдар турбайсынарбы. Бир туугандар да силердей болобу? Усон сен дагы бир кызык экенсин. Бул суроттун эмнеси секирет, корсотуп эле койбойсунбу?
Экоонду кагыштырган бул балакеттуу суроттогу эмне болгон бала эле?
-Билем Усон мени тартып жатат. Жана айткан ошентип.
-Койчу, сен эмес эле турат.
-Ооба, ал менмин, -Асан ыйлап жиберди.
Толкунбек болунгон баракты бири-бирине бириктирип, абайлап кайра караса, чын эле Асанга окшогонсуп кетти.
Анан уулдарына минтти:
-Сен эмес эле, башка бала го?
-Ооба, менмин, тигине карабайсынбы?
-Сени мамам кечээ мокочо деди беле, мокочо деген, -деди Усон.
Анан эки колун бойрогуно алып тура калды Асан.
-Сен озун мокочо эмесинби? Кыйынсынып калган тура, мактанчаак.
-Качан мактандым эле. Озун мактанчааксын.
-Калп айтпа, сен озун мактанчааксын. Мен Асандан окууну жакшы окуйм деп таэнеме айткан жок белен.
-Айтса эмне экен? Сен окуганды да, жазганды да билбейсин.
Толкунбек экоонун ортосуна тура калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#878 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Болду, токтоткула созунорду. Сурот калып эми окууга отуп кеттинерби. Силерди улгулуу жакшы балдар десем андай эмес тура. Азыр кором экоонордун киминер кыйын окуурунарды.
Ушул убакта кайра-кайра чакырып, тамакка келбеген куйоосуно ачуусу келген Жайнагул озу келип, балдарынын талашын угуп, эшик алдына токтоп калды.
Толкунбек катарында турган китеп текчесинен колуна тийген бир китепти алды да, балдарына сунду.
-Кана, бул эмне деген китеп, киминер окуйсунар?
Усон кол которуп тура калды.
-Мен! -китепти колуна алды. "Кара шумкар!"
-Туура! Автору ким экен.
-Сардарбек Рыскулов.
-Ой, азамат, туура шар окудун.
Толкунбек китепти ордуна коюп, колуна урунган дагы бир китепти алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#879 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кана Асан, эмики кезек сеники. Эмне деген китеп экен, окуп корчу.
Асан китепти китепти колуна ачып, тамгаларды бирден терип эжелеп окуй баштады.
Аны карап туруп Толкунбек минти;
-Сен Усондой шар окуй албайт турбайсынбы. Бирок тамгаларды жакшы тааныйт экенсин.
Санаганды билесинерби?
-Билебиз. Асан деле, мен деле билем санаганды, -деди Усон.
Толкунбек Жайнагулду карады.
-Уулдарындын мектепке дайардыгы жакшы экен.
-Жакшы окугандыгы учун Усон дайардоо группасынан "Мактоо грамата" менен сыйланды. Бул балам англис тилинен да, орус тилинен да мыкты. "Алыбек алына жараша" дегендей Асаным Усонго караганда, сабак оздоштуруу жагынан анчалык болбой калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#880 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Билет экен тамгаларды, мектепке барганда жакшы окууп кетиши ыктымал.
-Деги ошондой эле болсо экен.
Ушул малда Усон Жайнагулго даттана кетти.
-Мама, сен Асанды айтпадын беле, жуунбаган немени мокочодой кылып тартып суротун илип кой деп. Тартсам айрып салды, карачы?
Жайнагул кулду.
-Кана берчи коройун. Озун коруп ичи куйгон го. Кагазды бири-бирине эптештирип коруп каткырып жиберди. -Так эле Асандын озу ботала болуп. Кайра тарт эми.
-Ыя, мама, тартпай эле коёюнчу? Асан жуунган жана.
-Анда жуунса тартпай эле кой.
Усондун жаркылдаган жайдары мунозун, кулгондо жузуно озунчо бир жарашык берген кош уурутундагы чыпалак басым чункурду коруп, Толкунбектин журогу турсулдой тушту.
"Зыйнаттын озу" -деп ойлоду.
Бир уйдо жашап, бир тошокто жаткандары менен бири бирине айталбай, коодонду ойуп, журокту тилген бу туюк жара Толкунбек менен Жайнагулдун тынчын алып эле тим болбостон, уйкусун да кошо алды. Экоо мурункудай эзилишип татуу да боло алышпады, конул калтырар каттуу соз айтышып ачуу да болалышпады.
Жайнагул канчалык куйоосунун ниетине тушунуп, мурункудай жароокер, жаны менен жаны бир жар болоюн, мынча болду откон-кеткенди унутайын дегени менен оз журогу озуно баш ийбей, кандайдыр бир комускодо жанын жай алдырбай оксук коодонун ойуп, кежигеси кер тартат да турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 20:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: