Суперстан: Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз .

#1 Пользователь офлайн   hihikayu   01 Август 2015 - 18:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Күнүмдүк жашоо- тиричиликте ар кандай көйгөй жана кырдаалдардын алкагында түгөйлөрдүн ортосунда чыр- чатак чыкпай койбойт. Бул учурда айрыкча аялзаты сабырдуу келип, ортодогу мамилени бузуп албаганга аракет жасоолору керек. Демек, бүгүн жолдошуңуз менен жарашуунун ыкмаларын үйрөнөбүз.

Психолог адистеринин айтымдарында үй бүлөлүк чыр- чатак учурундагы кеңири таралган кырдаал эч кимиси алгачкы жарашуу кадамын таштагысы келбегендикте болот. Себеби, мырзалар үй бүлө башчысы катары өзүнүн пикирин талашсыз туура деп эсептеп кежирленишет. Ал эми көпчүлүк айымдар мындай мамиледен жапа чегип калышат, анткени кандай аракет жасаарын билбей калышат. Андыктан психолог адистери мындай кежир жолдошу бар айымдарды сабырдуулукка чакырат. Ошол эле учурда ортодо чыр- чатак болуп өткөн соң, айымдар өздөрү күнөөлүү болуп жаткан маалда деле дароо эле кечирим сурай калуу дагы туура эместигин белгилешет. Муну менен айымдар өз баасын түшүрүп алышат жана сый- урматты экинчи көрбөй калышы да толук ыктымал.

Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз

Жолдошуңуз менен пикир келишпесик болур кер- мур айтышкан соң, тыныгуу жарыялаңыз. Эч нерсе болуп өтпөгөндөй эле түшкү же кечки тамакка даярданып даамдуу тамак жасап, дасторконду күндөгүдөн өзгөчөрөөк жасаңыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жолдошуңуздун үй бүлөлү досторунан "чай ичип кеткиле"- деп конокко чакыра коюңуз. Жолдошуңуз дострунун көзүнчө буга чейинки чыр- чатакты козгобойт, кээде таптакыр эле унутуп да калат. Ошол эле учурда сизди сыйлоосу жогорулайт. Демек, конокторду экөөңүздөр байкабай эле жарашкан абалда узатасыздар.

Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз

Жогоруда айтып өткөндөй чыр- чатактын келип чыгышына ар дайым эле мырзаларды күнөөлөгөнгө болбойт, айымдар деле себепчи болушат. Андыктан көпчүлүк айымдар мындай абалга кабылган соң, ачууга алдырып чыр- чатакты чыгарып алып ,кайрадан бардыгын орду- ордуна коё албай буйшайман болушат. Мындай учурда бир нече натыйжалуу ыкмаларды колдонсо болот.

Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз

1- Күтүлбөгөн жерден эле жолдошуңузга туугандардын үйүнө конокко барып келүүнү сунуштаңыз. Жолдошуңуздун ата- энесиникине барсаңыздар абдан жакшы болот. Себеби ар адам үчүн эне маанилүү ролду ойнойт эмеспи. Ачуусу тарап, көңүлү көтөрүлүп келет.

2- Романтикалуу кечки тамак уюштура коюңуз. Даамдуу тамак, жагымдуу музыка... Түгөйлөрдүн ортосундагы мамилени сактап калуу үчүн бул эң эле сонун ыкма болуп эсептелет. Андыктан дасмалыңызды кооз жасап алып жолошуңузду жумуштан жагымдуу маанай менен күтүп алыңыз. Мүмкүнчүлүк болсо белек берсеңиз да болот. Белек сөзсүз түрдө эле майрам күндөрү эмес, жөнөкөй күндөрү да берилгени жакшы.

Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз

Чыр- чатактын себепкери жолдошуңуз болсо....

Эгер чыр- чатакты жолдошуңуз баштаган болсо, анда, белгилүү бир ыкмада аялзаттык ыкма менен аракет жасашыңыз зарыл болот. Болгону аны менен макул болуп чыр- чатакка чопчоң болгон чекит коюп коюңуз. Кийинчерээк, бир аз убакыт өтүп, жолдошуңуздун кабагы ачылган соң жеңил. Жайбаракат абалда анын бир аз жаңылгандыгын белгилеп айтып коюңуз. Бирок, сеники туура эмес дебеңиз, бир аз жаңылыштың деп айтыңыз. Кээде өтө эле кежир мырзалар болот, алар эч нерсеге "алданышпайт" . Маселен, ата- энесине конокко барганда, үйгө достору келгенде же жубайы рматикалуу кечки тамак уюштурганда. .. Мындай мырзаларга жөн эле убакыт бериш керек... Баары өз ордуна келип калат. Жолдшуңуз күнөөлүү болгон учурда сиз кечирим сурабай эле коюңуз. Ал өзүнүн катачылыгын сезиши керек. .

Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз

Смс билдирүү жазып коюңуз...

Ар бир жубайлардын ортосундагы сыр катары кармалган сүйлөшүүлөр жана бири- бирине арналган жылуу сөздөр эмеспи... Жолдошуңузга ошондой жагымдуу сөздөрдөн бир сүйлөмдү смс менен жөнөтүп коюңуз.

Дагы бир маанилүү жагдай, чыр- чатактын чыгышына себепчи болгон айымдар өз катачылыктарын моюндарына ала билиш керек. Бул абдан маанилүү. Себеби кээ бир айымдар өздөрүнө чаң жугузбай, жолдошторун гана күнөөлүү деп эсептей беришет. Бул туура эмес. Өзүңүздүн катачылыкты моюнуңузга алганда гана үй бүлөлүк жашоодо бейпилдик болот. Экинчи ал катачылыкты кайталабайсыз.

Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз

Ошондой эле эч качан ата- эне, жоро жолдошторуңуздарды аралаштырып, аларга даттанбаңыз. Мырзалар муну абдан жаман көрүшөт. Мындан сырткары, абдан сабырдуу болуңуз эч качан ажырашуу темасын козгой көрбөңүз. Себеби мырзалар өз намыстарын бийик коюшат, андыктан кокусунан ажырашууга макул болуп жибериши ыктымал. Мындай учурда кырдаал кыйындайт.
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nur.88   01 Август 2015 - 18:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 372
  • Катталган: 13 Июль 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 01:49
  • Жынысы:Аялзаты

Жакшы кенеш экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Stella_1   02 Август 2015 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 537
  • Катталган: 24 Январь 14
  • Соңку аракети: 24 Авг 2020 07:49

кенешинерге чоон Рахмат пайдалуу экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   belinda   02 Август 2015 - 01:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 30 Июнь 15
  • Соңку аракети: 17 Авг 2015 15:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♥♥♥♥♥

Жакшы кенеш экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Emu-Janyl   02 Август 2015 - 13:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 497
  • Катталган: 18 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 21:53
  • Жынысы:Аялзаты

Пайдалуу кенештер экен.Бирок дааагы эле аялдар биринчи кадам ташташ керек.Эхххх. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mega777   02 Август 2015 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Emu-Janyl (02 Август 2015 - 13:11) жазган:

Пайдалуу кенештер экен.Бирок дааагы эле аялдар биринчи кадам ташташ керек.Эхххх. ..


Туура айтасыз.Куйоосу жаман болсо да аялы куноолуу,жакшы болсо да аялдан.Журуп кетсе "иий сөйрүйүп күйөөсүн тарттырып ийди"дешип баягыле аял жаман.Тиги эргул ошондо да "байкуш" ,тамагы жасалбай калса керек да,кири жуулбай калса керек да кайра боор ооруганга чейин барышат.Кантсин бечара дешипчи))Анан эле ушунча жүктү майтарылбай көтөргөн аялзатын "алсыз" дегендерине таңым бар да)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Gulnazz93   02 Август 2015 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Биз кече жолдошум экообуз таарынышып кайра бугун жарашып алдыык)))Менден кетти эле тчно эле биринчи ыкманы жасадым дасторкон жасап жактырган тамагын койуп бердим но ал кечирим сурадыы))



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   fittoniya   03 Август 2015 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Биз таарынышканда, кантип жарашканыбызды билбей калабыз.
Эки уч кундоп таарынышуу коркутуп суйлобой журоо беруу деген жок.
Уй -булоо болгондон кийин андай нерселер болуп турат да.
Жакшысы экообуз тен бат эле унутуп койгонубузда.
Табиятыманбы негатив ойлорду,стрессти, копко кармай албайм.
Тез эле ойлорумду жыйынтыктап, жолдошумду да,озумду да актап бутум чыгарып коём.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   fittoniya   03 Август 2015 - 17:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Коптон бери бир ыкманы колдонуп журом,майда чуйдо нерселерге баш оорутпай турган болуп.
Болбогон нерселерге эмнеге нерв коротушубуз керек,бир карасан оз ордуна келип,сенин нервинсиз эле чечилип калган болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   malika14   03 Август 2015 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Jakshy kenesh.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Prelestina   10 Август 2015 - 09:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 29 Июнь 12
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 23:56
  • Жынысы:Аялзаты

жакшы жакшы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   airada   15 Август 2015 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Мен болсо кечирим сурап эле журо берипмин ал кунолуу болсо деле, срочно самооценканы жогорулатыш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   asi15   15 Август 2015 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 067
  • Катталган: 14 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2019 07:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ордолуу ОШ

Бизди балдар жараштырат. Анан кайын ата кайын энемдин козунчо жакшынакай болуп суйлошуп олтурушубуз керек,болбосо мага тултундап былтындап берген тамагыны ичпейбиз дешсе,жолдошума дункуюп отурбай кирип жат дейт,кирип жатып алса эмне бизди козго илбей атасынбы дейт. Анан айла жок кулуп жайнап олтурганга туура келет. Ошентип таарынышканыбыз деле эстен чыгат.
Мени жаман көргөндөрдү, мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   meerim8793   26 Август 2015 - 13:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Таарынышып кеткенде эгер күнөө менде болсо, дамдуу тамак жасап, өзүмда жасанып алам. Бирок,такыр билгизбейм. Таарынган адам болуп сүйлөбөйм, тамак ичип алың деп алдына коюп берип коём. Унчукпай жүрө берем, анан эле өзү жабышып сүйлөп баштайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   DilaraHamza   05 Октябрь 2015 - 16:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 25 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 17 Окт 2016 17:53

Урушуп ,таарынышып калган учурда эн негизгиси САБЫР.Кечинде эки болок жатпоо керек...жана таарыныч узактыгы шейшеп кургагычакты гана моонотто болуш керек делет ислам дининде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Asan-aka   05 Октябрь 2015 - 16:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 548
  • Катталган: 10 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 12:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ЫЗЫ ЖАНА ЧУУ БОЛСО НАК ОШОЛ ЖЕРДЕ.

Чын чынына келгенде баары бекер болуп калат.Нар жактан конулун сууп калган болсо башынан ылдый алтын куйса да
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР







А.ОСМОНОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   angels   06 Октябрь 2015 - 18:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 246
  • Катталган: 18 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Мар 2019 13:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Катуу урушуп кеткен элек. Мен туугандарымдыкына кетип калгам. Анан келдим. Чарчап уктап жаткан экен. Уйду жыйнап анан жанына жатып уктагам. Ал эч нерсени билбей уктап жаткан. Кучактай калсам шарт туруп кыйкырып кетип калды токто десем болбой. Эшикке чыгып бетин жууп токтотконума да конбоду. Ыйлап жатып сонун уктаптырмын. Эртеси келип жалгыз элем Ким кучактап атат деп кечинде коркуп чыгып кеткем. Шайтансын да сен. Бетимди муздак сууга жууганда озумо келдим деди. Урушуп кетсек же ал же мен эч нерсе билбегендей кучактап алабыз. тултундап тырындап анан жарашып калабыз.
МЕН ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА БОЛОМ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   orhideya   07 Октябрь 2015 - 04:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Просмотр сообщения Gulnazz93 (02 Август 2015 - 22:47) жазган:

Биз кече жолдошум экообуз таарынышып кайра бугун жарашып алдыык)))Менден кетти эле тчно эле биринчи ыкманы жасадым дасторкон жасап жактырган тамагын койуп бердим но ал кечирим сурадыы))



Мага да ошол ыкма кобуроок керек болот окшойт.Выдырук да эми, урушуп кетсек. Таттуу тамактар кобуроок кызыктырса керееееек))
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Gulnazz93   07 Октябрь 2015 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения orhideya (07 Октябрь 2015 - 04:05) жазган:

Мага да ошол ыкма кобуроок керек болот окшойт.Выдырук да эми, урушуп кетсек. Таттуу тамактар кобуроок кызыктырса керееееек))

Эркектин курсагы тойгондо жайдары болуп калат гоо ,урушпай эле койунузчу))

Менин куйоом кекчил эмес бат жазылат а мен кокмун.Таарынышышып калсак конулуму которуп тамашалап кулдуруп турат.Анан мен да муйлоп кетем коктугуму унутуп баратам деп суйунуп коем))



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   zaada   08 Октябрь 2015 - 23:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 27 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2017 18:56
  • Жынысы:Аялзаты

Биз бугун эрте м.н уруша кеттик. Жолдошум бат эле жазылат, мен журо берем кок беттенип. Азыр келсе озум соз баштасамбы деп олтурам.....)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 04:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: