- Күйөөң сабачу беле? - дешет.
- Жок.
- Күйөөң ичкилик ичкенби?
- Жок.
- Эмне, норкаманбы?
- Жок.
- Анда эмнеге ажыраштың? Алты бала
менен болгондо да?
- Ажырашуунун негизги себептери “арак”
же “таяк” болот, - дегенди да көп айтышат. Ар кандай божомолдорду айта беришет. Мен болсо унчукпай эле күлүп коём. Сени жамандабайм,
ал тургай кээ бир кемчилдиктериңди жашырып да коё алам. Унутуп деле калгам.
Мен бардыгы үчүн ыраазычылык билдирип көнгөм. Өткөн күндөрүм үчүн да, азыркы күндөрүм үчүн да, келечегим үчүн да Кудайга чексиз ыраазымын. Анткени баары Анын колунда.
Мен сага чо-оң үмүт, бийи-ик максаттар менен баргам. Оюмда сага жардамчы болуу, сени бактылуу кылуу, сени менен чогуу өзүм да бактылуу болсом деген гана тилегим бар эле. Сен менин баарым болчусуң. Анткени баардык жагың: кыял-жоругуң,
жүргөн-турганың,
кылган иштериң, сүйлөгөн сөздөрүң – баары мага үлгү болушун каалап, баарынан жакшылыктарды гана издээр элем. Сенин мага чын дилиңен сүйлөп, баарлашып, кеңешип койгонуң эле зор бакыт болчу. Бирок турмушта башкача болду. Ал жооштугуңбу,
токтоолугуңбу же кайдыгер, жоопкерчиликсиздигиңби азырга чейин ажырата албайм. Анткени адамдын ичин жалгыз гана жараткан Кудай билет эмеспи.
Мен сени өтө-ө чыдамкайлык менен күттүм, ишендим, бактылуу келечекти самадым... Кээ бир нерселерди дароо эле унутуп калып, кек сактабадым.
Сени менен бактылуу жашоо негизги максатым болчу. Бирок... аргасыз болдум...
Анткени мен адам менен сүйлөшүүнү каалайм. Дайыма эле жакшы сөздөрдү сүйлөп, эркелетип, колдоп, мактап турууну эмес, жөн гана көңүл бурууну, камкордукту,
жылуулукту,
жакыным бар деген сезимди каалагам.
Бирок жакшы сөз күтпөгөнгө көнүп да бараттым. Эңсөөлөрдү,
каалоолорду ооздуктаганды үйрөндүм. Анткени экөөбүздүн уул-кыздарыбыз төрөлгөн. Кудай бизге уулдарды да, кыздарды да берди. Ал тургай, алты балабыздын ичинен эки эгизибиз да бар. Уулдардан да, кыздардан да эгиздер. Бардыгы үчүн Кудайга миң алкыш.
Мен сага студент кезимде эле күйөөгө чыккам. Бул сенин каалооң эле, анткени жашың менден улуураак болчу, үй-бүлөңдө эң улуусу элең. Бир жарым жылдан кийин тун уулубуз жарыкка келди. Албетте кыйналдым, биринчи төрөт. Төрөт үйүнөн чыгаарда врачтар сага: “Мүмкүн болсо, жаткан бойдон алып кеткиле, абалы оорурак, али отурууга да уруксат эмес”,-дешти.
Мен болсо үйгө чыгарыма кубанып кийине баштадым. Карасам, өтүгүм жок. Сыртта кар, шамал, суук. Сен менин өтүгүмү унутуп калыптырсың.
Мейли деп, бактылуу бойдон тапочкам менен сыртка карай жөнөдүм. Бирок сен машина алып келбептирсиң.
Сени менен сыртта, суукта туруп машина тостук. Анан жайлуу машинада, жатып кетмек тургай, биринчи эле келген машинаны тосо коюп, эптеп үйгө жеттик (ал да жүк жүктөгөндөй катуу машина экен). ТАҢ КАЛДЫМ... Күндөр өтүп жатты.
Бир күнү группалаш кыздар менен экзаменге даярданып, анан үйгө кеткенче кеч болуп калды. Уулубуз бир жашта, анан да боюмда бар, айы-күнүмө да жетип калгам. Күн суук, февралдын карлары жатат. Кыздар “кала бер” дегенине болбой, корку-уп, (караңгыдан бир корксом, тайгакта жыгылып кетүүдөн бир коркуп) атып үйгө кечки ондордо келдим. Барган жерим алыс болчу. Келе жатып сени аяп, сагынып, сага айтар кебимди камдап, “дароо эле кечирим сурайын” деп даярданып келе жаттым. Анткени сен мени издеп, баланы көтөрүп алып ары-бери чуркап, айлаңды таппай, ойлонуп, тынчсызданып жүргөндөрүңү элестеттим.
Ал мезгилде уюлдук телефон да жок. Эптеп үйгө жеттим. Сырттан көрүнбөйсүң.
Бир топко эшикти чертип турдум. Акыры көптө барып ачтың.
- Кечирип койчу, барган жерим алыс экен, келгенче ушундай болуп калды,- деп жалооруп жибердим. Сен:
- Калып кала бербейт белең, - дедиң.
- Кантип, сен тынчсызданып,
түнү бою
уктабай, кантип издээриңди билбей, кыйналмаксың да.
- Жо-ок, мен уктап кетипмин, бала да бир
аз эле мурда уктаган, - дедиң. Мен үчүн бул чоо-оң жаңылык, таң калыштуу нерсе эле. Анткени айы-күнүнө жетип турган аялы, эч нерсе дебей эле барган жагынан түндө үйгө келбей калса, кантип тынч уктай алсын?.... ТАҢ КАЛДЫМ...
Уул, кызыбыз бойтоңдоп чоңоюп баштаган кез. Менин боюмда эгиз балдар. Анан бир классташың келип калды. Ал түрмөдөн бошонуп келе жатыптыр. Эмне себептен дароо үйүнө кетпегенин билбейм. Үй-бүлөсү да жок экен. Кургак учук менен ооругандыгын,
анан ар кандай түрмөдөгү окуяларды сүйлөйт сага да. Биздин үйдө бир топ туруп калды. Отуруп-тургандан кыйналам, балдар кичинекей, кыштын күнү, сыртка басып кете албайм. Ар кандай жыттардан окшуп, кыйналып “таксикоздун” азабын жакшы эле тартып жаткан кез. Классташың да кечке кара-ап отуруп алат. Үйүбүз бир гана бөлмө. Сен жумуштан кеч келесиң.
Бир күнү адаттагыдан да көбүрөөк кыйналдым. Бирок баары бир күндөгүдөй эле эптеп тамак жасадым. Анын суусун куйганча эле 10 жолу кускандай болдум. Балдарды да кароо керек. Өө-ох, акыры кечке маал сен келдиң. Тамак да бышайын деп калган. Бир мезгилде баарын даярдап, аягында дагы бир жолу тузун көрүп, куяйын десем эле, тамагым бир нерсе...? Тамакка окшошпойт. Ого бетер окшуп, акырын сени ашканага чакырдым. Эмнегедир дароо эле:
- Сен байкабай, бирдемени туура эмес
кошуп койгон жоксуңбу тамакка? – дедим. Анткени терезе жакта аш содасын салган банка ачык туруптур.
- Тамактан ооз тийип көргүм
келди. Анан тузу азыраак болгондой сезип, бул банкадан туз кошуп салып койдум, - дедиң. Ушу-унчалык кыйналып жасаган бир казан тамагым эч нерсеге жарабай калды. Балдар да тамак ичиш керек болчу, конок да бар, баарыбыз тамак иче турган убакыт келип калган. Кайра баары башынан башталабы? Көзүмөн жашым төгүлүп кетти. Анткени ушунчалык кыйналып жасагам аны. Классташың акыры бир күн кетти. Бирок, кеткенинен көп узабай эле (2-3 айбы, билбейм айтор) каза болуптур. Анткени кургак учуктан жабыркаганын укканбыз. Эмнеге бир бөлмөдө кышында, эки кичинекей бала менен, боюнда эгиз баланы көтөрүп жүргөн келинчегиңди эртеден кечке андай адам менен жалгыз, айлап таштап койдуң экен? ТАҢ КАЛДЫМ... Бирок Кудайга шүгүр, эч кимибизге эч кандай оору жукпады.
Кошуналар менен да киришпейсиң.
Досторуң да жок болчу. Ата-энеңе мен ыйлагыдай болуп атып, анан кээде гана телефон менен сүйлөштүрөм.
Күндө кечке чейин сенин жакшы сөзүңү самап күтө берем. Сага эркелегим келет, баарын төгүп-чачпай айткым келет. Анан сенден жумушуңда эмнелер болгонун сурайм.
- Анын сага эмне кереги бар, - деп коёсуң. Мен кээ бир нерселерди айтсам:
- Анын мага эмне кереги бар, - деп коёсуң.
Акча болсо жетишпейт. Телевизор, радиолорду да оңдотконго акча жетпейт. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Туугандар, классташтар алыста. Кээде гана коушуналар менен киришебиз. Балдар кичинекей. Менин ааламым - сен ганасың. Бирок сен... Ушундайсың.
.. ТАҢ КАЛАМ...
Ошентип Кудай бизге уул, кызыбыздан кийин эки эгиз уул берди. Бир күнү алар экөө тең ооруп калышты. Ысытмалары түшпөй, жөтөлүп, дем алгандары оорлоп. Экөөнү тең ооруканага алып жаттым. Ал мезгилде “памперс” да жок. Экөөнүн кирин жууйм, экөөнүн тамагын берем (5-6 айдан баштап сүт жетпей, экөө тең жасалма жол менен тамактанышат),
укол, массаж, физиотерапия ж.б. Керели кечке 5 мүнөткө да жаным тынбайт. Бири уктаганда экинчиси ойгонот, экөө уктап калса кир жууганга же сүттүн идиштерин жууганга чуркайм. Бирине ийне сайдырып келгенче, соороткончо экинчиси булганып алган болот... Кыскасы чымын-куюн болуп эле күн өтөт. Түндө да ооруп аткан балдардын тынчы кетет. Жалгыз гана сооронучум - сени күтөм. Сен келгенде эч нерсе сүйлөбөй эле анча-мынча алып келген тамактарыңды берип кайра үйгө жөнөйсүн. Мен болсо сенин сурап, көңүл бөлүп, сооротуп, үмүт берип коюшуңду ушунчалык каалайм. Бирок сен унчукпайсың.
Коридордогу кичинекей терезеден сүйлөшөбүз.
Мына, дагы келдиң. Жанымдагыларга балдарды дайындап коюп, сага чыктым. Эмнегедир ушул жолу сага жеткенде колумдагы “электроника” саатты карап, белгилеп койдум. Саламдаштык,
турабыз. Убакыт өтүүдө, 3 мүнөт, 5 мүнөт, 8 мүнөт өттү, 10 мүнөт, 15... Унчукпайсың.
Бул жолу мен дагы унчукпай күтүүдөмүн.
“Балдарым эмне болду экен?... Кетип калсамбы унчукпай?... Эмне десем?...” Үшүп да кеттим. Акырында чыдабадым:
- Эмнеге унчукпайсың?
- Эмне дейин?
- Сурабайсыңбы бизди, сүйлөбөйсүңбү?
- Эмне демек элем, ушинте бербечи!?
- Эмне демек элең, “Балдардын ысытмасы
түштүбү” де. “Түндө кандай укташты” деп сура. “Тамак иче башташтыбы” деп сура, - деп ызаландым. Сен нараазы болдуң. Мен:
- Макул анда, жакшы барагой. Үйдөгү
балдарды жакшылап кара. Өзүң да жакшы жүр, жылуу кийин, - деп көзүмө кылгыра түшкөн жашты көргөзбөгөнгө аракет кылып бурулуп кеттим. Бирок, алар тарап кетпей эле мөлтүлдөп туруп, төгүлүп кетти. Дарыгерлер мени дайыма аяшчу. “Эки баланы кантип эптеп атасың? Бирөө кошо жатсын”,- дей беришчү. Андай шарт жок эле бизде. Алар менин көз жашымды көрүп :
- Эмне болду, эмне болду?- деп калышты. Бирөөлөрү тамашалап:
- Күйөөсүнө эркелеп атат да, - дешти.
Унчукпай жашымы аарчый күлүп койдум. Аттиң ай, андай болсо кана... Эркелемек тургай, эки баланы эки ооз сөз менен сурап коюусуна зар болуп 15 мүнөт күттүм го.. Күндө күтөм, болгону эле жылуу сөздү, камкордукту,
көңүл бурууну. Бүгүн да ушинттиң... ТАҢ КАЛГАН бойдон калдым.
Ошол күнү балдардын бирөөсү өтө
кыйналып жатты. Мөөнөттө турган дарыгер да келип кетти. Бөлмөдө баары уктап жатышат. Менин бир уулум, ойдолоп, жөтөлүп, кыйналууда.
Аны улам карап, үстүн жаап басып жүрөм. “Горизанталдык” абалда 5-10 мүнөт эле жата турсам эң бир бактылуу болот элем деп эңсейм. Анткени канча суткадан бери 1-2 сааттан гана эс алам же ал да жок. Ошондой шарт болду. Балдарымды жаныман артык көргөн жүрөгүм жатууга жол бербейт. “Мен уктап калсамчы? Анан уулум сууланган бойдон ачык жатып калсачы? Ого бетер ооруп калат да” деп, ары-бери басып жүрөм. Аларга саламаттык сурап Кудайга жалынам.
Бир маалда ушундай бир “жакшы” ой келди. Мен тор керебеттин четиндеги темирге жарым эле жатмай болдум. Эптеп эле “горизанталдык” абалда 5-10 мүнөт болсо да эс алса болду буттарым. Жаттым: жарым денем керебеттин четинде, омурткаларым керебеттин темирлеринде,
жарым денем абада асылып, калкып тургандай боштукта. Ушинтип жатсам уктап калбайм деп ойлодум да. Карачы болбой эле...
Мени абдан жакшы көрүп жүргөн классаташым бөлмөгө кирип келди. Анын көздөрүндө аёо менен кейүү бар эле. Мага колун суна:
- Гүкүш, бул эмнең? Карачы кантип
жатканыңды?
Ушунчалык азап тартып кыйналдың ээ, асылым. Турчу, турчу, акырын колуңу бер. Абайлачы, бир жериңи кокустатып алба. Мынча эмне өзүңү аябайсың, кымбатым? Сенин абалыңды көрүп туруп атайын келбедимби.
Тура гой асылым, боорукерим.
Балдарың айыгат, көп кейибе. Азыр баланы карап койсоң, келе колуңду, акырын тур, - деп мээрим төгүп, акырын колуман тартты. Көрсө түшүм экен. Уктап кетиптирмин!
!!
Уулум! Ал эмне болду-уу !!!??? Карасам ал сийип коюп, төшөгүн тээп салып уктап атыптыр. Аны керебети менен кошо кучактап, буркурап ыйлап жибердим. Ал укпаса да, түшүнбөсө да өзүмдү ааламдагы эң бир жаман күнөөлүү кишидей сезип, уктап аткан баламдан кечирим сурап, “эмнеге жата койдум экен деп өкүнүп”, астын кургактап көпкө ыйладым. Эки-жагымды карап коём, мени сүйгөн классташым көрүнчүдөй болуп.
Кантип? Менин ак никелүү жарым, 4 баламдын атасы качандыр бир кезде мени сүйгөн классташымдай (Мен билген эмесмин анын сүйүп жүргөнүн. Бирок, ал аскерден кат жазып жүргөн. Ага “жооп” кылып мен күйөөгө чыгып кеткем.) боло албадыбы? Анын түшүмдө айткан сөздөрүн өз күйөөм айтса болот эле да... ТАҢ КАЛДЫМ САГА.. Классташымдын түшүмдөгү сөзү, камкордугу мага бир нече күнгө чейин дем берди.
Кийин 4 жылдан кийин эгиз кыздуу болдук. Кандай гана бактылуубуз!
Бирок сен баягыдай элесиң? Кандай жансың? Түшүнбөйм...
ТАҢ КАЛГАН нерселер 100дөп саналып, алар канчалаган ыза, таарыныч, таң калуу, зарыгуулар менен коштолгон күндөр көп эле болду. Бирок мен балдарым үчүн өзүмү арнап койгон элем...
Али алдыда дагы сонун “кызыктар” бар экен. Сага берген жаштыгым, тазалыгым, үмүтүм, чыдамым, ишенимим, баарын-баарын тоңдуруп, тебелеп, булгап коёр күн да келди. Ал - сенин мени башкага алмашып, ак никебизди баалабай, өзүн жакшы алып жүрө албаган, жеңил ойлуу аял менен канчадан бери байланышып жүргөнүңдү мойнуңа алган күнүң болду. ТАҢ КАЛДЫМ... Кантип, кантип ушундай болсун?!
Үшүдүм, тоңдум, муздадым, жийиркендим,
бүттү...!!
! ЗАГС га барып ажырашууга арыз жаздым. 7 айдан кийин ажыраштык. Ошондон бери 6 баламды эч кимге док урунбай, сүйүп, бөпөлөп, ардактап багып келем. Алардын да сендей кайдыгер болуп калыптанышын каалабайт элем...
Элдин баары “эмнеге” деп эле сурай беришет.
- Күйөөң сабачу беле?- дешет.
- Жок.
- Ичкилик ичеби?
- Жок.
- Эмне, норкаманбы?
- Жок.
- Анда эмнеге ажыраштың? Алты бала
менен болгондо да? Же ырысыңды көтөрө албаган аялсыңбы? Үлпүлдөгөн эркесиң го ээ?- дешет. Ар кандай божомолдор,
тамашалар, кызыгуулар,
таң калуулар... кыскасы баары айтылат.
Балким биз акыркы мезгилде үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн себеби ушулар гана деп ойлойбузбу?
... Билбейм. Мен сенин жаныңда жашап туруп жалгызсырадым,
карап туруп куса болдум... Канча жашасам да (10жыл) сени тушүнө албай койдум, тааный албадым. Эң-эң бир жакын кишим десем, жаттай болдуң, болоор-болбос,
колуңдан келген нерсеге да мени суусатып, зарлатып койдуң. Мен көптү күткөн жок элем го.
Бир жолу ичимден ушундай ыр кайрыктары ырдалып атканын байкабай да калыпмын:
Суусаган чөлдө гүл болдум,
Булуттан чыкпас күн болдум.
Уккандын моокун кандыраар,
Бирок, угулбас шыңгыр үн болдум... Кызык качан ыйлап баштагам?
Мен сени балдарыма такыр жамандабайм.
Ажыраашуубуздун 000000,1 гана себептерин эскерип өттүм. Көрсө ага сөзсүз эле “арак” же “таяк” себеп болбойт экен да...
Кааларым: эркектер, күйөөлөр, аталар, бир аз сергегирээк,
кыраакыраак болсо. Бул “эркек киши” үчүн, “үйдүн башчысы-кожоюну” үчүн, “күйөө” үчүн, “ата” үчүн абдан маанилүү нерсе.
Мага көптүн кереги жок болчу...
Көптүн кереги жок эле...(Курбумдун айткандарынан) автору;Жумагүл Газыбаева.
#2 06 October 2015 - 17:00
Курбума чалдым:
- Кайдан да айттың эле? Кайдан да жаздым эле? Канчаларды кейиттим, өзүм да кошо кейидим.
- Эмне болду, тынчтыкпы?
- Тынчтык алтыным. Мен кечээ сенин таң
калып жүрүп акыры 6 бала менен ажырашкан тагдырыңды жазып койгом. Сенин тагдырыңа кызыккандар өтө эле көп болду. Жеке почтама жазып, чалып: “Уландысы барбы? Качан жазасыз. Эртереээк койгулачы интернетке. Күтүп атабыз” деп сурагандар да абдан көп болду.
- Анан?
- Анан, ошол. Албетте ар бир адамдын
жашоосунун өзү эле - канчалаган роман, китеп болоору чындык дечи. Антсе да, өзүңдүн өзгөчө жашооңдогу кээ бир учурларынан айтып бере аласыңбы дагы? Же коё турсаң, дароо эле тактап сурап алайынчы. Кээде мен сураган кезде өзүң каалаган кээ бир эскерүүлөрүңдү окурмандар менен, замандаштарыбыз менен бөлүшө аласыңбы? Анткени кээде адам өзүндөгү болуп жаткан нерселерди сырттан карап, башкалардын жашоосу же айтып бергендери аркылуу салыштырып көрүп жакшы түшүнөт эмеспи. Анын үстүнө, сенин тагдырың, өзгөчө ажырашууң көпчүлүк азиянын аялдары же азиялык түшүнүк үчүн бир аз адаттагыдан башкачараак эмеспи. Макулсуңбу, эгер мен “Курбумдун айткандарынан” деп сенин айтып бергендериңи элдин назарына коюп турсам?
- Эгерде сен айткандай болсо, б.а. кимдир бирөөлөргө пайдасы тие турган болсо, анда мен макулмун. Мен азыр алардын көбүн унутуп калганыма карабай, кээ бир эскерүүлөрдү сенин суроолоруң боюнча айтып берейин. Макул, сура анда.
- Ырахмат Гүлкайыр, албетте кээ бир адамдарга пайдасы тиерине ишенем.
- Суроо кандай?
- Эгиздерди төрөгөн оор бекен? Негизи эле, төрөттөрүң кандай өттү эле? Ошондон айтып берсең.

#3 06 October 2015 - 17:01
Гүлкайыр өзүнө жарашыктуу жумшак жылмаюусу менен сөзүн минтип баштады:
- Адатта адамдар “эркек болсо экен” же “кыз
болсо экен” деп каалашат эмеспи. Биз анткен жокпуз. Биринчи эркек бала төрөлдү. Кичинекей салмак менен. Ошентсе да, 2-3 күн кыйналып төрөдүм. Студент кезде (күндүзгү бөлүмдө, ал кездеги жалгыз университетте окуйм). Балабызды абдан кыйналып, “нянкага” берип атып чоңойттук. Бирок бир да жолу экзамен, зачеттордон “кулаган” учурум болгон жок. “Кызыл” диплом албасам да стипендия алып, экзамен, зачетторго экинчи жолу кайра кирбей (дароо эле өтүп кетчүмүн) окудум. Анан уулубуз 2 жаш болгондо мен окууну бүтүп жаткам. 3-июнь күнү диплом жактамакпыз. Аппоненттин жазган пикирлерин, дипломдук ишимди алып үйгө келдим. Эми эле кийимдеримди которунуп алып чай ичейин, анан уулумду нянкадан алып келейин деп аткам. Эшиктин коңгуроосу басылганынан ачсам, почтольён экен.
- Телеграмма бар силерге, - деди.
- Эмне телеграмма?
- Билбейм, биринчи мага кол коюп бергиле,
анан карап окуп аласыңар,- деди. Мен кол коюп бердим. Ал дароо кетип калды. Анан... !!! Аанан...аппа- а-а-аа-а!! ! Апам, апаке... Телеграммада: “Апаң каза болду, тез келип кал” деген жазуу бар экен. Баары астын-үстүн болуп кетти. Кантип апам ушундай болсун... Күнүм баткандай... Жашоо кызыксыз... Эч нерсенин мааниси жок... Баары бир... Дүйнө астын-үстүн. .. Кантээримди билбей, алсырап, көзүмдөн жаш кетип, ыйлап жүрүп уулумду “нянкадан” алып келдим.
Анан айылга кеттик. Барсам апамды коюп коюшуптур. 3-4 күн туруп эле кайра шаарга кайттык. Анткени эки жашка чыгып, чыга элек бала башкалар менен калган, менин төрөөр айым ушул ай, дипломду коргоону 3-июндан 9 - июнга которуп коюшкан.
Келдим, баары көңүлсүз. “Дипломду алсам, аман-эсен көз жарсам, той үстүнө той болот деп ойлоп жүрсөм”...
Кантейин, тирүүнүн күнү өтүп жатты.
Бир күнү толгоо башталып таңында, чак түштө төрөт үйүнө кеттим. Күйөөм жумушта. Баланы кошуналар алып калышты. Күн ушунчалык ысык, саат 14:30 да төрөй турган бөлмөгө алып киришти.
Аба жетпей, кусуп, дем ала албай, жан алакетке түшүп кыйналып аттым. Акушер-врач эже терлеримди аарчып жетишпей атты. Ал менин апакеме ушунчалык окшош экен. Улам карап коём. Санитарка да чуркап жүрөт. Бир мезгилде бала жарыкка келди! Кыз! Болгондо да 4 кг! Уулум 2 кг.га да бир аз жетпейт болчу.

#4 06 October 2015 - 17:02
Анан баланы педиатр (балдар дарыгери) карап жатты. Тим эле катуу ыйлап атат дейсиң. Кандай гана бактылуумун!
Бирок апам болгондо... Акушер эже мага кам көрүп, жанталаша чуркап жүрөт. Мени куттуктап, терлеримди сүрүп калды. Ошондо мен:
- Эже, сиз менин апама абдан окшош экенсиз,- дедим жылмая.
- Ии, садагасы. Апаң азыр кайсы жерде?, -деди.
- Мындан 28 күн мурда жер үстүнөн кетип калбадыбы.
- Ыя, эмне дейт!? - деп катуу чоочуду. Анан эле,
суу шаркырап креслодон ылдый карай куюлгандай, катуу үн угула баштады. Эже мени жууп - тазалап кирген окшойт. Суусу да эң эле сонун экен, тим эле жылуу, жагымдуу. Ушунчалык жагып жатты мага. Көшүлү-үп эле уктагым келет. Эже чыркырап жиберди:
- Айланайын, айланайын көзүңдү жумба,
көзүңдү жума көрбө берекем!! !
Заматтын ичинде айланама 15-20дай врач толуп кетти. Мени төрөткөн эже ыйлап алган:
- Апасы каза болуп калган экен жакында. Мени
“сиз апама окшош экенсиз” деп туруп эле ушинтип кетпедиби, - деп ыйлап атат. 40-45 жаштардагы санитарканын көзү төптөгөрөк. Бир мезгилде врачтардын бири “таа-а-зик, та-азик” деп кыйкырып жиберди. Бир врач санитарканы кош колдоп түртп жиберип:
- Оор төрөт болгондо бул ушинтип жинди
болуп калат өзү, - деди. “Мага ушунчалык жагымдуу болуп жатса, эмне эле булар дүрбөп атышат? Оор болгон менен баары артта калбадыбы” деп ойлоп коём. Уктагым келип, кирпиктеримин үстүнө оор таштарды коюп койгондой көшүлүп, жырга-ап бараттым.
Бир врач:
- Уктабаңыз, уктабаңыз, көзүңүздү ачып туруңуз. Кызыңызды көргүңүз келеби?- деди.
- Ооба. Ал кана?- дедим.
- Азыр мына, алып келишет. Ороп атышат,
кызыңыз сонун, тың кыз экен. Көзүңүздү жумбаңыз, жакшы нерселерди ойлоңуз. Же ты-ынч эле ойлонбой жата туруңуз. Болгону, жумбаңыз көзүңүздү, - деди.
Эмнегедир врачтардын баары эле мени өтө эле бир аянычтуу көздөрү менен карашат. Жана төрөгөнгө чейин бир врач менен эле, бир санитарка бар болчу го? Кызык, эми эмнеге келип алышты баары? Төрөткөн эже эмнеге дагы эле ыйлап жатат? Макул, эч нерсе ойлонбой, көздөрүмдү жумбай, шыпты карап жата турайынчы. О-ой, мен буга чейин кирпиктеримдин салмагы ушунча экенин билбептирмин да. Дагы эле жылуу суу менен жууп жатышабы?
Анан жууп - тазалап бүтүштүбү, айтор суунун шары токтоп калды, врачтар да кечке мени карап тизилбей, ары-бери баса башташты.

#5 06 October 2015 - 17:03
Көз жашын аарчып алган эже да кайра келип:
- Мен уктай берсең болот деп айтмайынча, көзүңү такыр жумбагын ээ,- деп айтты.
- Эже, көтөрө албай атпаймбы көздөрүмдү, дедим. - Кирпиктеримдин салмагы ашып кетти го, - дедим жылмая.
- Алтыным менин, сен азыр биринчи төрөттү
башыңан өткөргөндөй болбодуңбу. Анткени кызың 4 кг. Биринчиң 2 кг дебедиң беле. Ошондуктан, бир аз кыйналып калдың да. Эми баары жакшы болот, - деди.
Врачтар акырындык менен азайып баратты. Жууп-тарап, дарылап бүтүштү окшойт. Бир маалда ичиме грелка менен муздак музду коюп коюшту. Ушунчалык жыргап калдым. Бирок, менин алдымдан дарыгерлер кетпей коюшту. Улам алмашышып, жамынган шейшебимдин четип кармалап, мени өзүм араң турсам, ар нерсени сурап сүйлөтүшүп эле тынч коюшпайт. Ой бир жыргап уктасам экен дегенде эки көзүм төрт. Бир маалда дагы бир врач келип:
- Кана жанакы келин, канча болду жатканына?- деди.
- 2 саат 45 мүнөт болуп кетти, сизди бир көрсүн деп күтүп аттык,- дешти.
- Палатага которо бергиле, алып барып жаткыргыла, -деди.
- 5-палатага, - деди бирөө.
Мени “каталка” менен алып жөнөштү.
Анан палатага жеттик. Мкени акырын түшүргөнү атышкан... Оо-ох, бетими бирөө сыйрып, чымчып алгандай болуп кетти? Ким антти экен?... Көзүмдү ачсам дагы то-олтура ак халатчандар. Эмне болуп кетти?
- Ач көзүңдү!
- Ач көзүңдү!
Кызык, дагы эле уктасам болбойбу? Эмне болуп кетти экен? Бардык жагым суу, тим эле шейшеп менен бассейинде калкып калгамбы?
- Ай сулуу кыз, эмне эле элдин баарын коркутуп атасың? – деди бирөөсү.
- Ой 1-2 стакан сууга кебелбей койбодубу, дейт бирөөсү.
- Дагы жакшы, чакада таптаза суу бар экен.
- Пол жууганга камдап койгон го... “Пол жууган суу? Анын мага кандай тиешеси бар” деп ойлоп коём ичимен.
- Ай сулуу кыз, сен өтө көп кан жоготтуң.
Ошондуктан эгер уктап кетсең, ошол бойдон түбөлүк уйкуга кетип каласың. Алаксып, уулуңду, азыр эле төрөлгөн али эмизе да элек наристе кызыңды ойлогун. Чыйрал, азыр уктасаң болбойт, - деди бирөө.

#6 06 October 2015 - 17:04
- Матрацтарга чейин алмаштыргыла эми, муну
шейшеп менен көтөрө туруп, кургактап жаткыргыла, - деди жанакы артында келип мени карап, палатага жиберген врач.
- Карачы, кандай суу болуп калды.
- Бир чака суу оңой бекен анан.
- Тигил врач да ушундай бир чапты дейсиң,
эркек деген эркек да, - десе бирөө, дагы бирөөсү болсо:
- Эми байкуштун жаагы көгөрүп калбаса экен,
- деп коёт. Аа-ий ошончо чаптыбы ээ мени? Анан баарын кургактап жаткырышты. Дагы уктатпай “кайтармак” болушту. Мага 2-3 укол сайышты.
- Күчтүү болосуң,- деп күлүп койду уколдорду
сайып жаткан медайым. Мени ал күнү ордумда карашты.
Баланы алып келишти, тим эле татынакай кыз экен, абдан тың (активдүү), жанталаша тамак издеп, соруп кирди. Кызымды көргөндө эми эле бир чака сууну куюп, эркек врачтардан жаакка жеп араң көзүмдү ачкан абалым тап-такыр унутулду да калды. Кудайга ырахмат, менин уулум да, кызым да бар эми. Баары бир мени ал күнү тургузбай коюшту. 1 күн өттү. Эрте менен саат сегиздерде гана мага бир дарыгер келди:
- Кана эрке кыз, жур “обход” башталганча
“оброботкага” барып келели процедурныйга. Акырын тур кана, эми далыма колуңу арт, ал колуңду тиги кыздын далысына кой, колдоруңдун учун биз кармап, бир колубуз менен сени бек-кем кучактап алабыз...
Мени булар кай жакка учуруп жиберишти? Оо-иий, ушунчалык да сонун булуттар болобу? Аа-ий, жанынан көргөндө бул сулуулук укмуш турбайбы... Эмне мен жалгыз элеминби? Ап-ей, о-ох булуттар жамгырга айланып кеттиби? Ким ыйлап атат? Карайынчы...
Мени эми эле тургузуп, тамашалап жаткан медсестра го? Эмнеге? Көрсө дагы эсими жоготуп, кулап калыптырмын. Экөө тең жакшы кармай албай, уабарага түшүп, коркуп, көтөрүшүп, суу чачып, чапкылап жүрүшөт. Кайра врачтар толду палатага.

#7 06 October 2015 - 17:05
- Оброботканы ушул эле жерден кылгыла,
төшөнчүлөрүн которгула. Тамырга (внутри венный) сайылган уколдорго дагы муну кошкула,- деди карап жаткан врач. Бул кызды абдан багалы ээ? Алаканга салып жатсак да, сен эмне эле кетип калып атасың сулуу кыз? – деп врач мага жылмая, аёо менен карады.
Мен болсо: “Менин булуттарды аралап келгенимди кайдан билип койду?” деп ойлонуп коём. Ал күнү да мен ордумда жаттым. Бирок тамырларымы таппай кыйнашты, уколдордон заарканып, колдорум көгала. Ал тургай, буттарыма чейин сайылган тамчы уколдордон денем когоруп кетти. Жаагым да эркектердин чаап ойготууларынан бир аз көк тартып калыптыр.
Үчүнчү күн болду. Анда да “булут аралап, гүл талааларына” барып келдим. Мага эмне болгон мынчалык? Врачтардын айтымында кан өтө көп кеткен, Кудайдын ырайымы менен гана аман калган экем. Көрсө, мага “жагымдуу суудай сезилип” шаркыратманын үнүндөй болуп агып аткан өзүмдүн каным турбайбы. Анда “тазик” деп кыйкырып, санитарканы түртүп жибергенге жетип урушуп аткан врачтардын дүрбөлөңүндө кеп бар экен да. Ошон үчүн мени уктатпай атышыптыр. Мурда китептерден окуп калганым бар эле: “төрөттөн кара басып өлүптүр” дегенди. “Көрсө жакшы эле төрөгөн менен мага окшоп кирпигин көтөрө албай, ал кездеги медицинанын жоктугунан мурда көп аялдар мезгилсиз оо дүйнө салышкан тура” деп ойлоп калдым.

#8 06 October 2015 - 17:07
4-күнү мен тургум келди. Баары жок, жалгыз калгам. Акырын турдум. Керебеттин баш жагындагы темирди бекем кармап алгам. Калтылдап, термелип аткансыйм. Бирок, керебеттин темирин карыша кармап тура бердим. Анан акырын кадам шилтедим дубалга жабыша. Ааламга жарыя кылып кыйкыргым келип атты: “Мен бастыы-ым, турду-ум” деп. Анткени мен үчүн өзүмдүн бир-эки кадам коюп жатканым, сөз жеткис бакыт эле! Үстүмөн бирөө суу куйгандай болуп, терлер агып атат. Бут астымдагы жер бирде оң жагыман, бирде сол жагыман өйдө көтөрүлөт. Мен жарганаттай болуп, дубалга бекем жабышып алгам. Бирок, турам жарым кадам жасаган сайын бактылуу болуп.
Аңгыча бир медсестра көрүп калды да, чурка-ап эле жетип кармап калды:
- Ой “баа-атыр”кайда сапар алдыңыз?
- Баскым келди.
- Азаматсың, бирок жалгыз мындай
“баатырдык” кылуу опурталдуу азырынча. Канчадан бери төрөт үйү боюнча сени эле аяган эл. Медиктердин сөзү эле сен болдуң го 4 күндөн бери. Баскың келгени жакшы, айыгып, күчкө толуп баратасың. Кыскасы, жа-шай-сың, деп күлүп койду.
- Анан кандай болмок эле, жашайм да эже, - дедим жылмайып.
- Ар кандай болуп кетет да, бирок биз
баарыңардын кубаныч менен, балаңарды кучактап үйүңөргө кеткениңерди каалайбыз жүрөгой,- деп кайра жаткырып койду.
Ошондон баштап кичинеден баса баштадым. Алты күн өттү. Туулган күнүм болчу. Үйүмдү сагындым. Уулумду да сагындым. Жай саратандын ысыгы да жүдөтө баштады. “Булуттарды аралабай” калдым. Үйгө кетким эле келип туруп алдым. Акыры убада берип, “өзүм жооптуумун өз өмүрүм үчүн” деген тил катты жазып, үйгө кетмей болдум. Оюмда кечинде күйөөмдүн самаайыман сылап: “Карачы, кандай бактылуубуз. Кудай бизге уулду да, кызды да берди. Сен окууңду да бүттүң. Апабыздын жаны бейиштен орун алсын, кейибе. Тирүү кишинин жашоосу улана берет. Уул, кыздарыңа алаксыйсың. Карачы, тай энесине оп-окшош кыздуу болдуң (кызым чын эле апама окшош экен). Баары жакшы болот эми”, - деп бир колунда кынала жатып, убактылуу алсырап турган мени чекемен өөп, сооротуп, шыктандырып, эркелетип, жылуу сөздөрүн айтып жатканын эстегенде үйгө учуп эле кетким келип, документтеримдин даяр болушун күтүп отурам. Бир маалда үйгө келдик. Эшиктен кирээр менен мен жубайымды карап, күлүмсүрөп туруп калдым. Бекем кучактап, бетимен өпкүлөп, жакшы сөздөрдүн жаанын “жаадырат” деп күтүп атам. Бирок ал антпеди. Баланы “манежге” жаткырдык. Уулубуз да чулдурап сүйлөгөнсүп, кубанып жүрөт. Чай ичтик. Кеч кирди анан мен экөөбүзгө төшөк салдым. Өзүм жакка, кичинекей төшөктү уулума салдым. Күйөөмдүн мээримдүү сөзү менен, жагымдуу колдорунун чачыман сылап атканын чыдамсыздык менен күтүп атам. Ал эшиктерди жаап келе жатты. Мен күлүмсүрөп ага карап коём.

#9 06 October 2015 - 17:08
Келээр менен эле:
- Эмне баланы четке жаткырып салдың? –деди.
- Эч нерсе болбойт, мен карап жатам.
- Кой, ары кулап кетсечи. Ортого эле
жаткыралы, -деп баланы алып ортого жаткырып койду. Анан уктай баштады. Коңуругу абдан катуу. Кошуналарга да угулса керек. Мен балдарымын атасын аяп, анын менсиз 7 күн бою баланы кантип багып, бизге - төрөт үйүнө да барып кантип жетишти экен деп аяй карап коём. Тигил бөлмөнүн жарыгын жандырып койгондуктан баары көрүнүп турат. Ка-ап, тез эле уктап кетпедиби. Эмесе мен ага мен төрөгөндөн берки эмгеги, аракети үчүн ыраазычылыгымды айтмакмын да. Уктап калбадыбы. Ка-ап... Мен эмнеге ыйлап атам? Кызык, мен эмнеге ыйлап атам өзү? Көздөрүмдөн тынбай куюлган жаштарга өзүм таң калам. Күйөөм, балдарым аман-эсен жанымда. Мага эмне болду?...
Көңүлүмдүн түпкүрүндө нази-ик желдей болгон бир нерсе умсунган бойдо-он сыртка умтулгандай, бир түшүнүксүз сезимде болуп жатам да?... Азыр апамды деле эстеген жокмун... Жаным деле ооруган жок... Болгону кыймылдаганымда мурдагыдай шайдоот эместигим байкалат. Анан эмне ыйлап жатам? Билбейм. А балким, күйөөм азыр мага 2-3 эле мүнөт сүйлөп, анан уктасак болот беле? Аа-а ошондойбу? Мына ушул ой түпкүрдөгү сезимге төп келгендей... Бирок мейли, эс алсын... Бактыма ыраазы болгондой уктап кеттим. Тез эле тыңый баштадым. Эртеси эле ишке аралашып, үй чарбасын колго ала баштадым. Тез эле баары жакшы боло баштады.
Баары жакшы болот. Бирок.. мен эмне мынчалык анын саамайымды сылаган колдоруна муктаж болдум?... Кызык... бул эмнеси?... Ошентип ойлонуп атып уктап кеткен экем, бир мезгилде баланын чукурангандай болгон үнүнөн ойгонуп кеттим. Атасынын коңуругун бул али укпайт болуш керек. Анткени уулум дагы бейкапар уктап атат. Кызымды эмизип, кайра ороп: “Жаным кызы-ым менин, сенин атакең ушундай уктайт. Байкең менен мага окшоп сен да көнүп каласың ага. Атаңа ырахматыбызды эртең айтабыз ээ”, деп эркелете жыттап туруп, ордуна жаткырдым. Оо-ох, баланын жыты ай. “Сүт эмген бала жыттанган” деп бекер жеринен айтылбайт да-а” ,- деп ордуна жаткырдым. Уулумдун чекесинен өөп, күйөөмдү да акырын чекесинен өөп койдум. Башымы өйдө көтөрүп атып, бир нерсени эстегендей селт эте түштүм... Чын эле... чын эле ай!!! Эмнеге?! Мени күйөөм бир да жолу өөп койгон жок го?! Төрөт үйүнөн келгенде дагы! Жана коридордо да күлүмсүрөп карай күтүп туруп калганда, ошону күтүп аткам да. Анан дагы алаксып кеткем. Чын эле, ал эмнеге эстебейт?... Мейли, бүгүн алаксып, чарчап калды да. Эртең, баары эртең болот. Өзү да күлкүсү келсе керек бул жоругуна” деп коём. Мейли, ал анча сүйлөбөсө да, мен ага баарын айтып, өзүм эле көтөрмөлөп, көңүлүн кубантып турам. Бул кызыбыз чоң салмак менен, тың төрөлдү, баары жакшы болот. Мен күйөөмдүн эң мыкты жардамчысы болом. Эртерээк күчкө толсом баары артта калат, баягыдай эле аны алаксытпай, жаркырап узатып, жаркырап тосуп алам, көңүлүн көтөрөм. Уктап кеттим ойлонуп атып. Тан атты, күйөөм жумушка кетти.

#10 06 October 2015 - 17:09
Убакыт өтүп жатты. Тызылдап эле кир жуумай, үй жыйнамай, үтүктөмөй, тамак жасамай, балдарды киринтмей. Анын үстүнө ушунчалык баарын иреттүү кылганга аракеттене берем. Жалаяктардын баарын үтүктөйм. Астына салафан салбаганга аракетенем.
“Памперс” жок болчу ал кезде. Дагы бир жолу үтүктөнүп атсам, эшиктин звоногу басылды. Ачсам участкалык врач, балдардын врачы эмес. Саламдашып,
үйгө киргиздим.
- Эмнеге поликлиникага барбай атасыз? “Роддомдон” чыкканыңызга 20 күн болуп бараткан турбайбы.
- А эмне үчүн барам? Мен жакшы элемин да. “Роддомдон” чыккандан кийин барыш керекпи?
- Сиз жөн эле чыккан жоксуз да, тил кат жазып туруп, өмүр, ден соолугуңуз үчүн жоопкерчиликти өзүңүзгө алып, ошончо укол, дарыдан кийин 60 гемоглобин менен чыкансыз да. Өзүңүздү кандай сезип атасыз азыр? – деди врач.
- Жакшы, жакшы сезип атам, көрүп турасыз го, -дедим.
- Биздин элде аялдар өзүн карабайт. Жок дегенде жакындары кам көүш керек да. Күйөөңүз кайда?
- Жумушта.
- Ал билеби кантип төрөгөнүңүздү? Ал келбейби жыйырма күндөн бери, сиз алсырасаңыз. Бизди чакырбайбы. Дагы жакшы роддомдон келип айтып калышты. Дароо келдим анан.
- Эже, мен жакшы элемин. Гемоглобиним канча экен дейсиз?
- 60, бул ошончо уколдон кийин, чыгып жаткан күнүңүздөгү анализдин көрсөтмөсү. Мындай болбойт да, 20 күн бою унчукпай жүрө берген. Эртең барып анализ тапшыргыла. Күйөөңүз алып барсын, -деди.
Макул болуп, врачты узатып калдым. Анын кечке “20 күн, 20 күн бою” деген сөздөрү кулагыма жаңырып атты. Үтүктөөнү уланттым, анан бир маалда дагы селт эте түштүм. Үтүктү баскан бойдон тура бериптирмин. Бир маалда жыттана баштаганынан карасам, ап-апакай жалаяк үтүктүн изи менен сап-сары болуп күйүп калыптыр. Анда ошол 20 күндөн бери күйөөм менин күткөнүмдү аткара элек. Ал ошондон бери мени эркелете өөп, жакшы сөздөрүн айта элек. Жо-ок, ал бизди жаман көрбөйт, бизди ойлобой койбойт. Тамак-ашка жардам берет кечинде келгенде. Бирок... бирок баягыдай эле коңурук тартып уктап калат. Мен дагы убаракерчиликтер менен жүрүп биринчи күнү келгендегидей күтпөптүрмүн деле, ал тургай унутуп да калыптырмын. 20 күн... Анан кечинде келгенде тамактанып отурдук.

#11 06 October 2015 - 17:10
Ошондо мен врач келип кеткенин, анын эмне дегенин айттым. Анан:
- Ошол 20 күндөн бери мени бир да жолу
чекемен өөп, “Кыйналдыңбы, баары жакшы болот” деп жылуу сөзүңү айта элек экенсиң. Мен бала менен үйгө чыгып келгенде да бетимен бир жолу өөп койгон жоксуң. Мен күндө “эртең” деп күтүп атканыма көрсө 20 күн болуптур, - дедим. Ал күлүп коюп:
- Ошого да таарынат бекен, - деп келип мени
олдоксондук менен бетимен өптү. Мен да унчукпай жылмайып койдум. Баары өз нугу менен баратты, баягы тиричилик өтүп жатты.
Мен мурдагыдай жолдошумдан өзгөчө
мамилени күтпөй деле калдым. Балдар менен кантип таң атып, кантип күн батканын да бидбей калам. Алар чоңоюшуп жатты. Анан эгиз уулдарым ды төрөгөм, 2 жылдан кийин. Ал тууралуу өткөндө бир аз айтпадым беле, - деди курбум мага карап көзүн сузө жылмайып. Анан да дагы минтип кошумчалады:
- Сен төрөт жөнүндө сурадың да ээ? А мен
болсо, эмненин баарын кошо айттым. Бирок, ал күндөр менин өмүрүм да. Бир берилген, кайталангыс өмүрүм, кымбат өмүрүмдөгү окуялар да.
Ошону алиге чейин эмнеге эстейм десең, кантсе да изи калып калган окуялар го. Мен кызыктаймын өзү. Ушундай майда-барат нерселерге маани берген. Кечирим сурайм алтыным.
- Мен деле каалайт болчумун роддомдон бала
кучактап келгенде күйөөмдун кучактап, өөп, эркелетип, жылуу сөздөрүн айтканын. Менимче ар бир аял ошону каалайт. Баары жакшы эле. Калган төрөттөрүң кандай болду эле? – деп сурадым курбумдан.
- Калгандары баары жакшы болгон. Ал тургай
эгиз уулдарымды да, эгиз кыздарымды да андай кыйналбай эле, 3 – 4 күн эсимди жоготпой эле, 3-4 сааттан кийин басып кетип эле, жакшы төрөгөм.
- Аа, жакшы экен анда. Бактылуусуң, Кудай
сага эгиздеп балдарды берген. Өмүрлүү, бактылуу, ыймандуу болушсун. Балдарың дегеле сезимдүү, эстүү балдар, - дедим чын жүрөгүмдөн. Курбумдун балдарынын да артыкча адамкерчиликтүү экендиктерин баамдагам.
- Анан ошол кызың канчада азыр?
- Ал азыр 28 де. Айтмакчы, дагы бир күлкүлүү
нерсени айтып берейин ошол төрөткө байланыштуу. Бир жолу кыздарым, ошол эжеси болуп отуруп сүйлөшуп атканбыз. Анан мен ошентип 2-3 күн бою жыгылгандарымды, врачтар кечке укол менен дары сайып, тамакты күчтөп жедиргенин сүрөттөп айтып берип койгон окшойм. Бир күнү эле ашканада жүрсөм кичинекей эгиз кыздарымдын бири ыйлап атат. Эжеси экөө бирдемеден таарыныша кеткен го кыязы. Алар 3 - класс, эжеси 7- класста болсо керек эле.

#12 06 October 2015 - 17:11
Кичинекей кызым абдан ыйлап, тим эле шолоктоп айтып атыптыр:
- Керек болсо, апамдын фигурасы сен үчүн
бузулган, -дейт. Анан мен кирип сооротуп, тынчтандырдым.
Экөөбүз тең күлүп калдык.
Курбум сөзүн улантты:
- Мен чын эле ошол төрөттө тамырга укол
алуудан тажап, заарканып калгам. Анан врачтан “уколдорду албай эле коёюнчу” деп суранганымда:
- Кантип, кантип уколду албайсың? Роддомдун
тарыхына жазылып атсаң. Кебетеңи кара, алсызсын, арыксың. Тамакты кандай жейсиң?- деген.
- Жакшы, - дедим дароо. Чын эле тамакка
табитим дайыма эле жакшы болчу. Кана, жүрөгой палатаңа, ошол жактан түшүндүрөм, сүйлөшөбүз ,- деп кошо келди врач кагаздарын көтөрүп алып.
Биздин палатада ошол төрөт үйүндө иштеген бир дарыгер (медайым) төрөп жатат эле биз менен чогуу. Врач кирип эле:
- Бул сулуу кыз тамакты кандай жейт экен?, -
деди палатадагыларга кайрылып. Ошол эже (43 жаштардагы, толук эже болчу) дароо эле:
- Буга өтө көп тамак-аш келет. 3 литрдик
банкалар менен даамдуу шорполор келет, такыр ичпейт экен, бизге эле берип салат,- дейт. Мына сага тамаша!
- Кантип эже? Мен көп эле жейм го. Келгендин баарын эле кайсы жагыма батырам анан?, - дедим чырылдай.
- Кыскасы, аз жейт,- деп салды ал. Мына менин
тамактарымды бөлүшкөндөгү алган “алкышым”. Врач:
- Аа, сен бар эмессиңби, сен карап тур дайыма
тамактанаарда, канча жегенин. Анткени бул “уколду токтот” деп эле жалдырап атат кечээден бери. Бирок, байкуш кыздын денеси бүт көгала болуп бүттү, -деп мени башыман сылап койду. Ошондон баштап тигил аял мени кайтарды да калды. Тим эле теше тиктеп алат да тамактанып атканда. Өзү да анча-мынчаны түшүнбөгөн кызыктай “киргиздерден” эле. Ушунчалык нараазы болуп, ал караганда эле абадан жеп аткан киши болуп кечке чайнап калам. “Жакшы жейт” деп айтсын дейм да. Бирок чын эле, жакшы эле, тоё жейм. Ал кайра эле баягысын айтат тобо. Болгондо да “эч нерсе жебейт” дейт да. Чынында мага тамак -аш көп келчү. Жанымда жаткандар: “Мынча эмне көп киши келет сага? Булар кимдер, туугандарыңбы? ” – деп сурашчу. Мен:

#13 06 October 2015 - 17:14
Мен:
- Жок бул жерде менин күйөөм менен баламан башка туугандарыбыз жок. Алар кошуналарым, - десем, бир уйгур келин:
- Ошондой кошуналар кайда экен? Мен да силер жакка көчүп барайын, - деп коёт.
Тигил медайым болсо мени кайтарып калды.
Бирок кантип жейм баарын?
Кыздарыма ошонун баарын айтып берип
койгон элем да. Ошого сезимтал кызым абдан жүрөгүнө кабыл алып алган тура. Ошол курбум. Анан мен ага да көнүп калгам. Эми жолдошумдун мени өөп койгону, мага жылуу сөз айтканы мааниге деле ээ болбой калды. Мен чарбакер аял, мээрман, камкор эне болууга бардык дитимди койдум. Бирок алыста-ан, араңдап бүл-бүл күйгөн алсыз шамдай болгон аялдык назым, жылуу сөзгө, жылуу мамилеге, аяр камкордукка болгон эңсөөлөрүм тэ-э түпкүрдө кала бергендей болду. Ушунча түйшүктөн улам, ал көрүнбөй, билинбей деле калып бараткандай эле.
- Анан?
- Анан ошол, мен эки жылдан кийин эгиз уул
төрөгөм, 4 жылдан кийин эгиз кыз төрөгөм. Ал төрөттөрүм жакшы болду. Кудайым эгиз балдарга эгиз ырыскыларды кошо берди. Азыр бой тиреп чоңоюшту.
- Сени менен кошо төрөгөндөй болдум го. Анан ошентип эле жашап жүрө бердиңби?
- Мен чечим кабыл алгам, “эч качан
ажырашпайм” деген. Жүрө бердим да. Ким эле өз жеке кызыкчылыгы үчүн уясын бузгусу келсин. Тескерисинче өзүмду курмандыкка бергенге даяр элем да.
Эми бул жагын коё турайын. Ага көп убакыт керек. Анан да сен башында төрөттөр жөнүндө гана сурабадың беле. Калганын кийин сүйлөшөлү. 6 балалуу аял, балдарын жанындай көргөн эне, жөндөн жөн эле ажырашуу деген кадамга барбайт да. Мага Кудайдын ырайымы менен көп нерселерде – жашонун көп кыйынчылыктарында туруштук бере алдым. Көрсө Жараткан Эгем мени ушунчалык сүйүп, колдоп, мага кам көрүп келиптир. Ага ыраазымын чексиз.
Айтпадым беле, мага “көптүн кереги жок болчу” деп. Тескерисинче, мен өзүм көптү бергенге аракет кылдым. Мен ажырашканыма өкүнбөйм, ошондой орчундуу себептер бар болчу жана ал себептер баарыбызга, балдардын келечегине да зыяндуу себептер болчу. Ошондуктан аргасыз болгом да.Бирок, мен эч качан балдарга атасын жамандабайм. Тескерисинче, анын жакшы жактарын көп эсе көбөйтүп, көргөзүп айтам.
Биринчиден, чынында эле ал менин балдарымдын атасы болгон соң, өмүр бою биздин эң жакын адамыбыз. Ал эми экинчиден болсо, мен балдарымдын зээнин кейитким келбейт, - деди курбум. Аны аяп да, ага таң калып да, ага өзүмдү салыштырып да кара-ап туруп, терең үшкүрүп алдым.
Чын эле ага көптүн кереги жок экенин көрдүм. Анткени бир да жолу акча, тар үй, жетпеген оокат тууралуу кеп кылган жок. “Мен өзүм аны бар тараптан колдогонго даяр элем” деген сөздөрүн эстедим.
Ошентип, урматтуу окурман, мен андан бул жолу ушуларды гана билгенге жетиштим.
Курбума жолукан сайын, анын тагдырынан үзүндүлөрдү айтып берейин деп чечтим сиздерге. Бир жагынан суроолор боюнча, экинчи жагынан балким кээ бирлерибизге кереги тиер деп ойлодум.
Аялдарга, энелерге, ак ниети менен үй-бүлөсүн сактагысы келген адамдарга көп нерсенин деле кереги жок. Бирок... Сезимтал болсок, жоопкерчиликтүү болсок, айрыкча бир нече адамдын ( болгондо да эн жакын адамдардын, анын ичинде балдардын дагы) тагдыр, келечегине өзгөчө сергектик менен карасак. Бирок...
Мен курбумдун: “Мен жакшылык үчүн ажырашкам. Балдарымдын келечегине, өмүрүнө, ден соолугуна, алардын татыктуу адам болушуна кам көргөндүктөн ажырашкам”, - деген сөздөрүн да угуп калгам. Балким...
Уландысы бар

#14 06 October 2015 - 17:16
Курбума бардым. Жаркылдай тосуп алды. Ал абдан жакшы кожейке.
- Сенин тамактарыңды, сенин дасторконуңду
сагындым, -дедим жылмая.
- Дайыма келип тур дейм го сага, - деди
Гүлкайыр күлө багып.
- Эми келбеске аргам жок болуп баратат. Сен
тууралуу жазгандарымды интернетке жарыялап койсом почтам катка толуп-ташып: “уландысын күтөбүз, анан эмне болду, курбуңуз кандай азыр, эртерээк эле жазыңызчы уландысын” деген суроолордон кайда “качаарымды” билбей калдым. Андыктан да, эми сага келе бермей болдум.
- Мен “белгилүү” боло баштадымбы ошентип? Менин жашоо образым дегеним, - деп жылмайды курбум.
- Кандай десем, Гүлкайыр, мен көркөмдөп,
кошуп, шөкөттөп деле жазмакмын. Бирок, сени, сенин жашоо-турмушуңду кандай болсо, ошондой эле берип жатам. Өзүң да карап көрдүңбү жазгандарымды?
- Ооба, баары 100% чындык.

#15 06 October 2015 - 17:17
- Аны айткан себебим, ар кандай нукура нерсе,
ар кандай чындык адамдарга жакшы таасир этет, жакшы жетет. Кээде биз укмуштарды, таң калыштуу нерселерди, жакшысын да, жаманын да “би-ир жактарда, алыстаа-а” деп ойлойбуз. Бирок алар арабызда эле. Өзүбүз маани бербеген менен, ар бир адам-өзүнчө тарых. Ошол тарыхтардын бири-сенин жашооң курбум.
- Анан окурмандарың мени “көпкөн аял,
ырысын тепкен аял, алты баланын атасынан ажырашкан өзүмчүл аял, жок нерсени баштаган жосунсуз аял” деп жаман көрүшкөн жокпу? Анткени меникиндей ажырашуулар азыраак кездешсе керек, - деди Гүлкайыр.
- Жо-ок курбум, андай дешкен жок. Бирок,
албетте “ажырашпай эле койсо болмок” деп айткандар да болду. Бирок сенин башыңан өткөн нерселердин баарын сен гана жон териң менен сездиң да. “Башка бирөөнүн үй-бүлөсү, жашоо-турмушу башкаларга караңгы токой сыяктуу” дечү беле?
- Бүгүн кандай сурооң бар?- деди ал.
- Сени тааныгандар сени “ийгиликтүү, күчтүү,
активдүү аял” деп айткандарын көп угам. Жумуштарыңы да көп билем. Ошолор тууралуу сүйлөшсөк болобу? 6 бала менен, анан кантип жумуштардын баарына жетишесиң?
- Ырахмат, мен жөнүндө айтылгандарга
канчалык деңгээлде ылайык келээримди билбейм. Бирок, сенин башынан берки жазгандарыңа, темаңа ылайык нерселерден, айтканга аракеттенем. Жеңилирээк жерлерден гана айта алам. Анткени, ал күндөрдү эстеген мага бир аз оор. Көп нерсени айткым да келбейт, таарынба.
- Таарыныч жок, анда кулак сенде, - дедим.
- Кел, сен тамак жегенче отур, - деп алдыма
даамдуу тамагын койду. Аңгыча бир уулу келип, саламдашып, анан менден кечирим сурап туруп, апасына кайрылды:
- Апаке, бая айткан жакка барып келейинби? –
деп калды. Гүлкайыр “барагой” деди дароо эле. Алдын ала сүйлөшүлгөн окшойт. Анан бала бетин тосуп, апасынын да бетинен өөп коюп, мени менен сылык коштошо чыгып кетти.
- Жумуштар тууралуу сурадың ээ? – деди мага суроолу караган курбум.
- Ооба,- дедим оңдоно отуруп.
- Окууну аяктап, диплом алгандан кийин
мамлекет кайсы жакка бөлүштүрсө (ал кезде мамлекет өзү окууну аяктаганда жумушка да жолдомо берчү эмес беле) ошол жакка орношуп коюп, уул, кызымды багып үйдө отурдум.

#20 09 October 2015 - 23:21
Кызымды кантип төрөгөнүм тууралуу айтып бербедим беле. Анан эки балам чоңоюп калганда (уулум 4 жаш, кызым 2 жаш), эки жылдан кийин эгиз уулдарым төрөлдү. Алар менен отурдум. Алар 2 жашка толгондо окуу жайлардын бирине ишке орношуп, 2 жыл иштедим. Мен иштей баштаганда 6 айдан кийин “фронталдык комиссия” келди. Ал башкача болот экен, кыскасы ийне-жибине чейин текшерет экен. Менин сабактарымда 4 саат бою отуруштү. Жашмын, комиссиядан коркууну да анча билбесем керек. Кыскасы, абдан жакшы сабактар болуптур. Комиссия жогору баалап, окуу жайда болсо: “Жаш, жаңы мугалим бизге ушунча жагымдуулук алып келди” деген ыраазычылыктар болуп, өзүм маанисине жете элек эле аброюм көтөрүлүп калыптыр. Анткени кичинекей уулдарымдын бири ооруп калып 3-4 күн “больничныйда” болгом. Барсам эле улуу эле эжелер – мугалимдер мага жылуу карашып: “Биз эми сенден үйрөнөлү”,-
дешип, ар кандай жагымдуу сөздөрдү айтышты. “Эмнени, эмнеге минтип жатасыңар?”-
дедим.

Супер-Инфо
super.kg
видео