Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 138
  • 139
  • 140
  • 141
  • 142
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2781 Пользователь офлайн   Kontinent   06 Октябрь 2015 - 20:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 787
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кажети жок.

Дүйнөдө алгачкы жолу баш алмаштыруу операциясы 2017-жылы жасалат
Алгачкы ирет башын башка денеге салуу операциясы 2017-жылы декабрь айында жасала тургандыгы белгилүү болду
.
Дүйнөдө алгачкы ирет башына башка дене тигилчү операцияга 31 жаштагы орусиялык программист Валерий Спиридонов биринчи талапкер болгон. Бул тууралуу ntv.ru булагы жазууда.
.
Маалыматка ылайык дүйнөдөгү бул уникалдуу операцияны Италиянын атактуу профессору Серджо Канаверо башында турган дарыгерлер тобу жасашат. Аталган операция алгачы ирет жана эксперимент катарында болмокчу. Ушуга чейин берилген бардык арыздардын ичинен атактуу профессор орусиялык Владимир шаарынын тургунун тандап алган. 31 жаштагы программист Валерий Спиридонов сейрек кездешүүчү далы булчуңдарынын атрофиясы оорусу менен ооруп, майып коляскасы менен жүрөт. Анын денесинин 90 пайызы шал болуп калган.
"Синьхуа" кабар агентигинин билдиргендигине караганда италиялык нейрохирург Серджио Канаверо операция 36 саатка чейин созулаары божомолдонуп жатат. Бул уникалдуу операцияга 150 доктур катышат жана алардын бирөө кытайлык нейрохирург экендиги айтылууда. Профессор Канаверо усулу менен дагы мурда маймылдарга операция жасалып, бирок ал маймыл 9 күн эле жашаган.
Ал эми операциянын каражаты болжолу менен 11.2 миллион доллар болоору белгиленди. Бирок, азыркыга чейин каражаттын демөөрчүлөрү табылбай жатат.
Нейрохирург Серджио Канаверонун эсептөөсүнө караганда операцияга даярданууга эки жылдай убакыт керек. Ал үчүн бардык керектүү эсептөөлөр жана бул процедуранын ар бир майда-бараттары пландоо зарыл. Канаверо дарыгерлер ийгиликке 99 пайыз ишенич пайда болгондон кийин гана операция башталаарын белгиледи.
.
Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык программист Валерий Спиридонов алгачкы ирет башына башка дене тигилчү операцияга макул болгон. Анын донорунун денеси соо, бирок мээсинен жарат алган киши болмокчу. Дагы бир вариант боюнча өлүм жазасы алган кылмышкер болоору да айтылууда. Бирок, Валерий Спиридонов эч нерсеге карабай бул идеядан баш тартпай тургандыгын билдирди.
Азырынча операция кайсы өлкөдө жасалаары так айтыла элек. "Синьхуа" кабар агентигинин билдиргенине караганда бул уникалдуу операцияга кытайлык нейрохирург Рен Сяопин да катышат. Ал маймылга башка баш салуу операциясында ассистенттик кызматты аткарган. Ушуга байланыштуу бул операция Кытайда болоору да божомолдонуп жатат.

Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2782 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   07 Октябрь 2015 - 11:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Оой тообо! Айымдарды деле төрөттүрбөй жасалма бала деле чыгарышып койсо болчудай болуп калыптыр го :(
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2783 Пользователь офлайн   saltanat.   07 Октябрь 2015 - 17:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Жанагы "Профессор Доуэлдин башы" деген чыгарманы окусаңар, ошол чындыкка дал келгени жатат окшойт.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2784 Пользователь офлайн   kelechektegiata   07 Октябрь 2015 - 19:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 346
  • Катталган: 17 Март 15
  • Соңку аракети: 03 Ноя 2015 00:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Ал чыгарма суперде барбы Салтанат эже?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2785 Пользователь офлайн   saltanat.   07 Октябрь 2015 - 20:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Просмотр сообщения kelechektegiata (07 Октябрь 2015 - 19:00) жазган:

Ал чыгарма суперде барбы Салтанат эже?

Ооба мен көчүрүп жазгам китебинен, "Адабият жана поэзия" бөлүмүнөн табасың.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2786 Пользователь офлайн   poping.dance   09 Октябрь 2015 - 03:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

жазбайсынарбы коп коптон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2787 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   09 Октябрь 2015 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Просмотр сообщения saltanat. (07 Октябрь 2015 - 17:22) жазган:

Жанагы "Профессор Доуэлдин башы" деген чыгарманы окусаңар, ошол чындыкка дал келгени жатат окшойт.


Мурда биооогиядан айткандай болду эле да бир врачтын башын жардамчысы кесип анан эксперт кылышкан деп. Ошол китеп эмеспи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2788 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 16:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өпкөлүү балыктар дегенди билчү белеңиз?
Африканын сууларында жашаган өпкөлүү балыктар ар бир 20 мүнөттө суудан чыгып өпкөсү менен дем алып турушат. Болбосо, сууда кислороддун жетишсиздигинен өлүп калуулары мүмкүн. Африкада кургакчылык болгондо, бул балыктар өзгөчө бир ыкма менен өз жанын алып калышат, башкача айтканда, баткакка терең кирип алышып, жамгырдын жаашын күтүп жата беришет. Кээде бир нече жылдарга созулган кургакчылыктан кийин деле өпкөлүү балыктар жашоосун кайрадан улантып кетүүгө жөндөмдүү. Демек, жаратылышта сейрек кездешкен өпкөлүү балыктар Жараткандын табийгатка каткан сырларынын бири гана экендиги шексиз.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2789 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 16:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бирдиктүү жашоо формуласы кандай?
«Окспеккер» деген чымчыктар Африка буйволу, керик жана башка ири айбанаттардын терисиндеги кенелер менен азыктанышат. Мындай биргелешип жашоо шарты эки тарапка тең өтө пайдалуу. Биринчиден, алар айбанаттарды жанын жеген мителерден арылтышат. Экинчиден, бул чымчыктардын чурулдашып жапырт учканы айбанаттарга алдыдагы коркунучтан кабар берип, андан өз убагында чыгып кетүүгө жардам берет. Ал эми айбанаттар өз кезегинде чымчыктарды тамак-аш менен камсыз кылышат жана уяга төшөлүүчү жумшак тыбыттуу жүндөрүн да чымчыктарга марттык менен бөлүшүшөт.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2790 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 16:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кургакчылыкка чыдамдуу махабат куштары качан жумурткалашат?
«Махабат куштары» деп аталган тотукуштардын бул түрү Австралиянын жамгыр көп жаабаган талаа-түздүү аймактарында жашашат. Алар керектүү сууну өздөрү жеген өсүмдүктөрдүн мөмө-уруктарынан алышат да, дээрлик бир ай бою суу ичпей жүрө беришет. Ошого карабастан, өзгөчө жумурткалаган учурда, алардын жашоосунда суунун өтө чоң мааниси бар. Мисалы, кургакчылык мезгилинде алар жумурткалаганды дароо токтотушат да, суусу мол жерлерди издей башташат. Жетиштүү өлчөмдө суусу бар жерге келгенде, алар өтө тездик менен жумурткалай башташат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2791 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 16:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жарганат жана анын гидроакустикалык станциясы жөнүндө эмне билебиз?
Канаттуулардын ичинен сүт эмүүчүлөр түркүмүнө кирген эң байыркы жападан-жалгыз жандык жарганат экендиги талашсыз. Окумуштуулар таш бетинде катып калган калдыктарын изилдей келгенде, кадимки эле биз көрүп жүргөн жарганат мындан 50 миллион жыл илгери эле ушундай кейипте болгондугу далилденген. Ал эми бул жандыктардын эң башкы өзгөчөлүгү – кулагында бүтүндөй бир гидроакустикалык станцияны жайгаштырып алганында. Башкача айтканда, башка жандыктар уга албай турган жыштыкта тынбай үн чыгарып турушат да, кулагынын укмуштуудай сезгичтигин пайдаланып, келген жаңырыктан адашпай, курт-кумурсканы оңой эле таап жей алат. Окумуштуулар, тажрыйба катары, жарганаттын көзүн таңып коё беришкенде, ал кабагым-кашым дебей учуп жүрө берген. Ал эми кулагын жаап койгондо, ал учууга аракет да кылган эмес. Чынында эле табийгат бул жандыкка, өз жашоо шартына жараша, өзгөчөлүк берип койгон. Ошентип, жарганаттын өзгөчөлүү табияты жашообуздун ачылбаган сырларга бай экендигин дагы бир ирет далилдеп отурат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2792 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мурун
Мурун бир күндө 14м3 жылытылган жана чаңдардан тазаланган абаны өпкөгө кийирүү ишин аткарат. Өпкө чаңсыз 35 С0 га жана 95 пайыз нымдуу абага муктаж. Ушул себептен аба өтө кургак жана чаңдуу болгондо, өпкө оорусунан жабыркоо көп болот.

Чүчкүрүк
Эгерде чүчкүрөрдө оозду жаап чүчкүрбөсөңүз, 20 миңдей кичинекей тамчылар төрт метр алыстыкка чейин жетиши мүмкүн
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2793 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Манжалар
Орто эсеп менен алганда, адам баласы өмүрүнүн аягына чейин манжаларын 25 миллион жолу ачып-жабат. Адамдардын 10 пайызы – сологой. Сологойлор, орто эсеп менен алганда, оң колду колдонгондорго караганда эртерээк өлөт имиш. Ушунун эле жанында сологойлор акылдуу экендиги тууралуу көптөгөн изилдөөлөр бар. Прематур (убагынан эрте төрөлгөндөр) наристелердин 54 пайызы – сологойлор.

Көз
Адамдардын төрттөн бир бөлүгү – мийоп (узакты көрө албайт). Ушул күндөрдө 100 миллионго жакын америкалык көзайнек же линза тагынышат. Жылына 100 миңдей америкалык көз дартына дуушар болушууда. Аялдардыкына караганда эркектердин көздөрү бир аз чоңураак болот. Ал эми эркектердикине караганда аялдардын көздөрүнүн агы көбүрөөк.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2794 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 17:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аарылар – тазалыктын символу
Канчалык көп болбосун, бир уюкта жашаган курт-кумурскалардын ар биринин өз милдети, иши бар экенин биз окуу китептеринен билебиз. Мисалы, аарынын уюгун алып көрсөк, бир уюкта жашаган аарылардын саны орто эсеп менен сексен миўге чейин чыгат жана андагы ар бир аарынын өзүнүн иши бар; бири гүлдөрдөн бал жыйнайт, экинчиси уюкту кайтарат, үчүнчүсү уюкту тазалайт. Мына ушул уюктун тазалыгын камсыз кылган аарылар керексиз калдыктарды сыртка чыгарып, уюкту желдетип турушат. А бирок, кээде уюктан чоў калдыктар же өлгөн курт-кумурскалар чыгып калса, анда эмне кылышат? Мына ушул жагы өтө кызыктуу. Мындай учурда алар атайын прополис деген клей менен ал калдыктарды толугу менен чаптап салышат. Мындай прополис калдыктардын ысыкта жыттанып же чирип кетишинен, бактериялардын киришинен сактоочу касиетке ээ. Мына ушундай жол менен алар уюгун ар кандай инфекциядан сактай алышат. Мында «Алар прополисти кайдан алышат?» деген суроо туулушу мүмкүн. Бул дүйнөдөгү ар бир макулук өзүнчө идеалдуу жаратылганын ушундан көрсөк болот. Аарынын жашоосунда өтө керектүү болгон мындай прополисти алуу үчүн, алар токойдогу айрым дарактардын чайырынан бир аз алып өздөрүнүн шилекейи менен аралаштырышат да, арткы буттарында жайгашкан баштыкчаларга салып ташып келишет. Мына ошол аралашмадан прополис пайда болот. Ал эми мындай прополис менен шыбалган калдыктар өзүнчө мумияга айланат. Мына ошентип, уюктун тазалыгына аарылар өтө чоў маани беришет.
Аарылардын бал жыйнаганы да өзүнчө кызык. Болгону жарым килограмм нектарды чогултуу үчүн 900 аары күнү бою тынбай учушат. Ал эми 450 грамм таза балды алуу үчүн 17 миўдей аары, болжол менен, 10 миллион гүлдөн нектар чогултат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2795 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 17:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чиркейдин керемет сырлары
Эми биз баарыбызга тааныш болгон, өзгөчө жай жана күз мезгилдеринде тынчыбызды алган кадимки чиркейдин биз билбеген сырларын үйрөнөбүз. Адегенде «Чиркейлер кан менен тамактанабы? » деген суроого жооп берели. Көп адамдар чиркейдин кан менен тамактанарына ишенишет. Чынында, чиркейдин эркеги өсүмдүктөрдүн ширеси менен тамактанышат, ал эми канды ургаачысы гана сорот. Алар да бул ишке тамактануу үчүн эмес, курсагында жайгашкан жумурткаларын кандагы протеин менен камсыз кылуу үчүн барышат. Чиркейлердин күндүз да, түндө да терибизди кызартып чагып кеткенин билебиз, бирок, алар караңгыда кантип көрүшөт? Көрсө, чиркейдин көрүүсү жарыктан көзкаранды эмес экен. Алар жылуулукту түс сыяктуу көрөрү жана ушундан улам, караңгыда да кантамырды эч кыйынчылыксыз таба алары аныкталган. Ал эми алардын кан соруу ыкмасы мындан да таў каларлык. Чиркейдин шприцке окшогон ийнеси жана аны коргоочу өзүнчө кыны болот. Бирок, ал, биз ойлогондой, ийнесин сайып алып кан сорбостон, алгач алдыўкы курч жаагы менен терини тилип алат да, андан соң гана ийнесин салат. Бирок, биз муну кандайча билбей калабыз? Жараткан бул жагынан да чиркейлерге артыкчылык берген. Алгач алар ийнеси аркылуу өзгөчө бир суюктукту канга куят да, ал наркоз катары кызмат кылат, башкача айтканда, ооруну сездирбей коёт. Ошондой эле, бул суюктук ачылган жердеги кандын коюуланып кетишинин алдын алат. Чиркей бул ишти бир нече секунданын гана ичинде жасагандыктан, биз көпчүлүк учурда муну байкабай да калабыз. Мына ошентип, сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен, чиркейлер да, профессионал врачтардай эле, бардык ишти кылдаттык менен аткарышат.
Чиркейдин жүзгө жакын көзү бар. Алар башынын үстүндө жайгашып, чоң жарым шар формасында болуп, торчолорго бөлүнүп турат. Бирок, аларда кулак жок. Анын ордуна башындагы түктүү мурутчалары угуу кызматын аткарат. Көбүнчө эркектери ургаачыларын канат серпүүсүнөн чыккан үндөн улам табат. Эң кызыгы – эркек жана ургаачы чиркейлердин канат серпүү жыштыгы эки башка.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2796 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 17:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жөргөмүш – таланттуу аңчы
Жөргөмүштү биз желе салып, чымын-чиркей кармаган курт-кумурсканын бири катары көрөбүз. Эч кандай сыры жок көрүнгөнү менен, жөргөмүштөрдүн көптөгөн түрлөрү бар жана алар аң уулоо, башка жандыктарды тууроо жана коргоно билүү жагынан анык чеберлер. Мисалы, «Dolmedes» аттуу суу жөргөмүштөрү саздардын жана көлчүктөрдүн тайыз жерлеринде жашашат. Алар өздөрүнөн 1,5-2 эсе чоң суу жандыктарына жана балыктарга да аңчылык кыла алышат. Жөргөмүштүн уусу аңын өлтүрүп гана тим болбостон, анын ичин эритип, жегенде сиңирүүгө даяр абалга жеткирип коёт. Ал эми кумурскаларга аңчылык кылган «Myrmachne» аттуу секирүүчү жөргөмүштү кумурскадан айырмалоо өтө кыйынга турат. Себеби, аны өз аңынан айырмалаган жалгыз өзгөчөлүк – ашыкча жуп буту. Башкача айтканда, кумурскада алты бут болсо, анда сегиз бут бар. Алар сырткы көрүнүшүн гана окшоштуруп тим болбостон, аўынын кыймыл-аракетин да туураганы андан да таң каларлык. Жөргөмүш ашыкча болгон алдыўкы буттарын башынан жогору карай созуу менен кумурскалардын муруттарына окшоштуруп алат. Бул ага аңына жакын барууда бир топ артыкчылыктарды берет. Эң кызыгы – кээде алар кумурскага аўчылык кылган жандыктардын курмандыгы болуп калышат. Ал эми «Dinops» аттуу жөргөмүштүн аң уулоо ыкмасы такыр башка. Ал торун жайып коюп күтүп отурбай, жакын келген аўынын артынан барып, алдын ала токуп даярдап койгон торун ушунчалык тездик менен анын үстүнө ыргытат. Тордон кутулам деп чатышкан жандыкты үстүнөн желеси менен бекемдеп ороп «пакеттеп» коёт.
Жөргөмүштөрдүн айрым түрлөрү салыштырмалуу узак жашашат. Бирок, андан да кызыгы – өтө узак убакытка чейин тамактанбай жүрө алышат. Мисалы, бөрү жөргөмүшү, орто эсеп менен, 305 күн өмүр сүрсө, анын 208 күнүн эч нерсе жебей өткөрө алат. Бул учурда алардын кан алмашуусу дээрлик 40 эсе жай жүрүп калат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2797 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 18:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эң жаш миллиардер 23 жашта

Миллиардерлердин эң эле жашы – болгону 23 жаштагы германиялык Альберт фон Турн аттуу жигит. Анын байлыгы 2 миллиард доллардын тегерегинде. Андан кийинки орундагы ливандык жаш миллиардер Фад Харири 26 гана жашта. Фад Хариринин эсебинде 1,6 миллиард доллардан ашуун акчасы бар. Ал эми 33 жаштагы АКШ жараны Сергей Брин ушул тапта 16,6 миллиард долларга кожоюндук кылат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2798 Пользователь офлайн   saltanat.   11 Октябрь 2015 - 22:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Просмотр сообщения Bermet_Kasymova (09 Октябрь 2015 - 22:47) жазган:

Мурда биооогиядан айткандай болду эле да бир врачтын башын жардамчысы кесип анан эксперт кылышкан деп. Ошол китеп эмеспи?

Ошол.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2799 Пользователь офлайн   Xanif   11 Октябрь 2015 - 23:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Просмотр сообщения Tatli_Melek (10 Октябрь 2015 - 18:00) жазган:

Эң жаш миллиардер 23 жашта

Миллиардерлердин эң эле жашы – болгону 23 жаштагы германиялык Альберт фон Турн аттуу жигит. Анын байлыгы 2 миллиард доллардын тегерегинде. Андан кийинки орундагы ливандык жаш миллиардер Фад Харири 26 гана жашта. Фад Хариринин эсебинде 1,6 миллиард доллардан ашуун акчасы бар. Ал эми 33 жаштагы АКШ жараны Сергей Брин ушул тапта 16,6 миллиард долларга кожоюндук кылат.


Тушунуктуу. ..

Аркы беттерде да жакшы, шумдуктуу кабарларды илиптирсин. Негизи мен бул темага эч баш бакпайт элем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2800 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   11 Октябрь 2015 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Xanif (11 Октябрь 2015 - 23:15) жазган:

Тушунуктуу. ..

Аркы беттерде да жакшы, шумдуктуу кабарларды илиптирсин. Негизи мен бул темага эч баш бакпайт элем...

Анда-санда баш багып, окуп туруңуз)))

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 11 Октябрь 2015 - 23:19

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 138
  • 139
  • 140
  • 141
  • 142
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 04:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: