Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында 4 кабаттан турган «Ыйык куранды жаттатуу жана Куран илимин үйрөтүү» институтунун имаратынын курулушу толугу менен аяктап, жакынкы күндөрү мамлекеттик каттоодон өтүп, иш кирүү алдында турат. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Институт заманбап, баардык шарты менен курулган. Жатакана, окуу бөлмөлөрү, ар бир кабатында дааратканалар,
китепкана, компьютердик бөлмөсү, ашкана жана башка студенттерге ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. «Институтта окуган балдар 3 жылдын ичинде ыйык Куранды толугу менен жаттап, араб тили, шарият маселелери боюнча кеңири билим алганга шарттар түзүлгөн»,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, институт 100 балага ылайыкталып,
имарат 4 кабаттан курулган. Биринчи кабаты ашкана, экинчи кабаты окуу бөлмөлөрү болсо төртүнчү кабатында жыйындар залы жана компьютердик класс, китепкана жайгашкан.
Исламий жаңылыктар...
#121 09 October 2015 - 22:49
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#122 09 October 2015 - 22:53
Сауд Арабиянын Мекке шаарында ажылык амалдарын аткарып жүрүшкөн Ош облусунун жарандары бүгүнкү күндө ибаадаттарын аткарып бүтүштү. Бул туурасында Ош облусунан зыяратчыларды жетектеп барган ажы башчылардын бири Нишанов Рахимжан ажы билдирди. Зыяратчыларыбыз Кааба Шарифтин имамы Шейх Хасан Бухарий менен жолугушуп, Кааба Шариф тарых музейи менен жеринде таанышып, Медина шаарында жайгашкан “Карол Фахда” атындагы ыйык Куран басып чыгаруу басмакана комплексинде конокто болушту.
Куран басып чыгаруу басмаканасы улуу Куран китебин араб жана башка тилдерде басып чыгарат. Курандын 55 усулда которулган, 9 тилде жарык көргөн котормолору, веб-сайттында окууга жана угууга ылайыкташтырылган варианттары бар. Бул басма комплексте 1700 кызматкер эмгектенет. Аталган басмаканада жылына 10 миллион Куран китеби басылып чыгат.
Куран басып чыгаруу басмаканасы улуу Куран китебин араб жана башка тилдерде басып чыгарат. Курандын 55 усулда которулган, 9 тилде жарык көргөн котормолору, веб-сайттында окууга жана угууга ылайыкташтырылган варианттары бар. Бул басма комплексте 1700 кызматкер эмгектенет. Аталган басмаканада жылына 10 миллион Куран китеби басылып чыгат.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#123 09 October 2015 - 22:55
Кечээ 8-октябрда кечки 23:00дө Баткен облусунан ажылык милдетин аткаруу үчүн кетишкен зыяратчылардын экинчи тобу Ош аба майданына Джидда-Бишкек багыты боюнча келип конушту. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматына Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Баткен облустук мусулмандар казыятынын фатва бөлүм башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев кабарлады.
Кадырбердиев Абибилла ажынын айтымында зыяратчылардын маанайы, абалы жакшы, аларды жакын бир туугандары кубануу менен тосуп алышкан.
Эскерте кетсек, Баткен облусунан кеткен 381 зыяратчы бүгүнкү күндө өз мекенине кайтып келишкен.
Кадырбердиев Абибилла ажынын айтымында зыяратчылардын маанайы, абалы жакшы, аларды жакын бир туугандары кубануу менен тосуп алышкан.
Эскерте кетсек, Баткен облусунан кеткен 381 зыяратчы бүгүнкү күндө өз мекенине кайтып келишкен.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#124 09 October 2015 - 23:08
(IWPR) Кыргызстандагы Ѳкүлчүлүгү «Исламда диний сабырдуулук,
толеранттуулук жана адам укугу менен эркиндиги принциптери» деген темада Нарын жана Каракол шаарларынын студенттери үчүн лекция уюштурду.
Лектор катары «Мутакалим» фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана дин таануу борборунун илимий изилдѳѳ бѳлүмүнүн жетекчиси Индира Асланова чакырылган.
Лекциянын жүрүшүндө студенттерди толеранттуу, боорукер болууга, ар кандай жалган сүйлѳѳдѳн, интригалардан алыс болуп, башкалардын катачылыктарына жана алсыз жактарына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. «Бул лекция ѳтѳ пайдалуу болду жана бүгүн кѳп жаңы маалыматтарды алдык. Ѳзүмдүн суроолорума ушул област боюнча эксперттердин ѳзүнѳн жооп алуума абдан чѳң мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди Нарын мамлекеттик универститетинин(НМУ) 3-курсунун студенти Нарынбек кызы Мээрим.
Маалымат: IWPR дын КРдагы Ѳкүлчүлүгү.

#125 09 October 2015 - 23:13
Үй бүлөнү бекемдөөдө аялдардын орду өзгөчө мааниге ээ. Мына ошондуктан Баткен шаардык хатибияты «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун “Тынчтыкты курууда диний лидерлердин ролун күчөтү долборунун алкагында бүгүн Баткен шаарында Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар бөлүмүнүн жыйындар залында “Үй- бүлөнү бекемдөөдө аялдардын ролу” атту жыйын болуп өттү. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Баткен шаарынын “Нуьмани” борбордук мечитинин имам хатиби Курманбаев Махмуд, , «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун кызматкери Турдуев Дастан жана облустун аймактарынан келген аялдар жана медресе студенттери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Махмуд Курманбаев “Үй- бүлөнү бекемдөөдө аялдардын ролу” атту темада лекциясын окуп, катышуучулар өздөрүнүн пикирин айтышты. Ошондой эле жыйында «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун кызматкери аталган долбоордун улантылып турарын айтып, катышуучуларга ыраазычылыктарын билдирди.
Жыйынга Баткен шаарынын “Нуьмани” борбордук мечитинин имам хатиби Курманбаев Махмуд, , «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун кызматкери Турдуев Дастан жана облустун аймактарынан келген аялдар жана медресе студенттери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Махмуд Курманбаев “Үй- бүлөнү бекемдөөдө аялдардын ролу” атту темада лекциясын окуп, катышуучулар өздөрүнүн пикирин айтышты. Ошондой эле жыйында «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун кызматкери аталган долбоордун улантылып турарын айтып, катышуучуларга ыраазычылыктарын билдирди.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#126 09 October 2015 - 23:14
Ош облусунун мусулмандар казыятында райондордун баш имам хатибдери жана диний окуу жайлардын мүдрлөрү менен болгон жыйын өттү. Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев жетекчилик кылып, казыят кызматкерлери да катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө жалпы 5 маселе каралып, диний окуу жайлар арасында илимий жана спорттук мелдештерди өткөрүү, каттоодон өтпөгөн мечиттерди тактап, тез арада каттоого даярдоо, аткарылган иш аракеттер боюнча ай сайын казыятка бир айлык отчет маалымат тапшыруу сыяктуу маселелер каралды.
Облус казысы Самидин кары Атабаев диний кызматкерлерди даярдап чыгаруучу мектеп медресе, Ислам институттары экендигин белгилеп, райондук баш имам хатибдер, медресе мүдүрлөрүнө диний окуу жайлардын билим берүү деңгээлин жогорулатып, окуу жайлар арасында тажрыйбаларды бөлүшүү менен тыгыз байланышты күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Жыйындын катышуучулары тарабынан октябрь айынын соңунда облустун бардык медреселеринин арасында спорттун футбол, воллейбол, теннис түрү боюнча мелдеш өткөрүү чечими кабыл алынды.
Эскерте кетсек, Ош облусунда учурда 2 Ислам институту, 11 медресе ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.

#127 09 October 2015 - 23:17
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МУСУЛМАНДАР КАЗЫСЫ КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫН ӨТКӨЗДҮ
Кечээ 7-октябрь күнү Чүй облусунун мусулмандар казыятында кезектеги жыйын болуп өттү. Бул жыйында жаңы бекитилген казынын орун басары Укуев Максат аттестациядан өтүп жумуш ишин баштаганын жана анын бир жылдык иш планы менен облус казысы жана имам хатибтер таанышышты.
Ошону менен бирге имам хатибтер бир айда кылган жумуш баяндамасын облус казысына отчет катары беришти.
Жыйындын алкагында облус казысы Танабаев Нурлан ажы имам хатибтерге жана казыят кызматкерлерине ГКНБ менен тыгыз иш алып барууну жана жер жерлерге жума намаздарында экстремизм, терроризм жана Сириядагы болуп жаткан окуялар бул жихад эмес экенин түшүндүрүү ишин жүргүзүү боюнча, жол жээгиндеги мечиттердин абалын оңдоо тазалыгын сактоо, Намаз убактыларын Чуй өрөөнү боюнча бир убакытта окуутулушу керек экендиги тууралу тапшырмаларды берди.
Маалымат: Чүй облус казыятынын маалымат бөлүмү

#128 09 October 2015 - 23:19
БАТКЕНДЕ “БИЗ АР ТҮРДҮҮБҮЗ,БИРИМДИКТЕ КҮЧТҮБҮЗ!
” АТТУУ ЖАШТАР ФОРУМУ БОЛУП ӨТТҮ
Кечээ 7-октябрь күнү Баткен шаарындагы “Ала Тоо” мейманканасында “Биз ар түрдүүбүз,биримдикте күчтүбүз! ” аттуу жаштар форуму болуп өттү. Форумга Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажы, Дин иштери боюнча Мамлекетик комиссиянын Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Мырзабеков Исакбай Камалович ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мектеп окуучулары, медресе жана университетин студенттери катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун мусулмандар казысы “Исламда тынчтык биримдик, адам укутары туурасында баяндама жасап форумдун ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле аймактагы медреселердин студенттери тарабынан даярдалган баяндамалар окулду.
Белгилей кетсек аталган форум КРнын Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, ЖӨБО жана этностор аралык байланыштар иштери боюнча агенттиктин, ДИМКтин, КМДБнын жана башка уюмдардын өнөктөштүгү астында “Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты куруу максатындагы көп сектордуу кызматташтык”долборунун алкагында ишке ашырылды.
Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

#129 09 October 2015 - 23:20
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ
Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинин астында облусутун диний окуу жайларынын ишмердүүлүгүн текшерүү иш аракеттери башталды.
Алгач текшерүүдө облус казысы жетектеген казыят кызматкерлери Кара-Суу районундагы иш-жүргүзгөн “Абдурахман ибн Ауф” балдар медресесинин жана “Абдужапар” атындагы Ислам институтунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайларда болуп жаткан окуу программасынын жүрүшү жана материалдык- техникалык базаны өнүктүрүү иш аракеттери жакшы денгээлде экендиги белгиленди. Атап айтсак, Жийделик айылындагы “Абдурахман ибн Ауф” балдар медресесинде окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, жатакана, ашкана, спорттун бардык түрүн өткөрүүгө ыңгайлашкан спорттук зал менен камсыздалгандыгы белгилүү болду. Ал эми Фуркат айылындагы “Абдужапар” атындагы Ислам институтунда 2 кабаттуу курулуш иштери башталып, жатакана, конференция зал, окуутучулар үчүн бөлмөлөр киргизилип кошумча комлекстүү имарат курулууда. Таанышуу иш-чарасынын жыйынтыгында медреселердеги иш-аркеттерге жогорку баа берилди.
Эскерте кетсек, ушундай таанышуу иш-чаралары облустун башка райондорундагы диний окуу жайларда да өткөзүлөт.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

#130 09 October 2015 - 23:46
ОШ ОБЛУСУНАН АЖЫГА КЕТКЕН АЛГАЧКЫ 400 ЗЫЯРАТЧЫНЫ ОБЛУС КАЗСЫ ТОСУП АЛДЫ
Бүгүн Ош облусунан ажылык амалдарын аткарып келүү үчүн Сауд Аравияга жөнөп кетишкен зыяратчылардын алгачкы 2 тобу кайтып келишти. Зыяратчылардын 1-тобу 3-октябрь күнү таңкы саат 02:00дө, 2 -тобу бүгүн 6-октябрь күнү таңкы саат 02:00дө Джидда-Ош багыты боюнча Ош Эл аралык аэропортуна келип конушту. Ажылык амалдарын аткарып келишкен зыяратчыларды Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери жана зыяратчылардын туугандыры жогорку маанайда тосуп алышты. Облус казысы зыяратчылардын ажылыгы кабыл болуусун каалап, баарынын мекенине аман эсен кайтып келгендиги менен куттуктады.
Быйылкы ажылык сапар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан жакшы уюштурулуп, жакшы көмөк көрсөтүлгөндүгүн коштоп келген ажы башчылар Сүйүн ажы Калыков жана Анарбек ажы Жусуповдор билдиришти.
Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунан ажылык амалдарын аткарып болушкан жалпысы 400 зыяратчы өз мекенине кайтып келишти. Эскерте кетсек, Ош облусунан ажылык зыяратка кеткен дагы 821 жаран 15-октябрга чейин мекенине катып келишмекчи.
Маалымат: Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#131 09 October 2015 - 23:53

#132 09 October 2015 - 23:55
АЗИРЕТИ МУФТИЙ КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕОГОЛГИЯ ФАКУЛТЕТИНИН ДЕКАНЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теоголгия факултетинин деканы профессор, доктор Суат Жебежи жана аталган факултеттин деканынын орун басары доктор Бакыт Мурзараимов Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири болгон Кыргыз-Түрк Манас университетинде «дин таануу», «ислам таануу» адистиги боюнча бөлүмдөр ийгиликтүү иштеп, жаштарга диний сабактарды берүүдө билимдүү мугалимдер сабак беришип жаткандыгы, өткөөл учурда элибизде пайда болгон руханий боштукту жана анын ичинен диний сабаттуулукту жою боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын диний окуу жайлар бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын билим сапаттарын арттырууда бар мүмкүнчүлүгүн жумшап келе жаткандыгы да жолугушуу учурунда баса белгиленди.
Жолугушуунун акырында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теоголгия факултетинин деканы профессор, доктор Суат Жебежиге, аталган факултеттин деканынын орун басары доктор Бакыт Мурзараимовго жана университеттин жалпы жамаатына өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.

#133 17 October 2015 - 19:35
Кечээ 15-октябрда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө “2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча облустук кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу облустук казыяттын басма сөз кызмат маалымдады.
Кеңешмеге КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү Кундуз Баялиева, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана райондордун баш имам хатибдери катышышты.
Кеңешменин негизги максаты катары “2015-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу жана отчеттуулукту тапшыруу тартиби боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү экендиги айтылды.
Кеңешмеде дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруу пландары, планды аткаруунун отчеттуулугу жана аткаруу процедуралары темаларында докладдар окулуп, катышуучулар арасында талкуулар жүрүп, зарыл болгон сунуштар айтылды.
Эскерте кетсек, бул иш чара КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн.

#134 17 October 2015 - 19:37
«ДААВАТЧЫЛАРДЫН ИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУ» КУРСУНУН КЕЗЕКТЕГИ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан Даават жолунда жүргөндөрдүн билим деңгээлин жогорулатуу боюнча Бишкек шаарынын борбордук мечитинде уюштурулган 30 күндүк «Дааватчылардын илим деңгээлин жогорулатуу» курсу аяктап, бүтүрүүчүлөр атайын сертификаттарга ээ болушту.
Бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу иш чарасына КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Сайпиев Билалидин ажы, аталган бөлүмдүн адиси Абдылдаев Жолдошбек катышып, «Дааватчылардын илим деңгээлин жогорулатуу» курсун ийгиликтүү бүтүүлөрү менен куттукташты.
«Бүгүнкү күнү биринчи топ, ар бир облус, район, шаарлардан келишкен дааватчылар Ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрүнө кенен токтолуу менен бирге жогорку деңгээлдеги атайын курстан билим алышууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган бул курс атайын эли-журтубузга ислам динин жана Ханафий мазхабынын жайылтууда дааватчылардын билим сапаттарынын жогору болуусу үчүн көрсөтүлгөн камкордугу», -деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Сайпиев Билалидин ажы.

#135 17 October 2015 - 19:38
ОШ ОБЛУСУНУН МУСУЛМАНДАР КАЗЫЯТЫНЫН ОФИСТИК ИМАРАТЫНЫН КУРУЛУШУ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ
Бүгүн Ош облусунун мусулмандар казысынын жардамчысы Акжол Бакиров Ош облусунун мусулмандар казыятынын офистик имаратынын курулушу менен жеринде таанышты. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Курулуштун жүрүшүндө офисттик имаратты курууда пайдубалынын тургузулуп жаткандыгы белгилүү болду. Курулуштун прорабынын билдирүүсүнө караганда азыркы күндө курулушта 10 жумушчу иштеп, пайдубалдын түркүктөрүн тургузуу жана ага болгон даярдыктар көрүлүүдө.
Эскерте кетсек, Ош облусунун мусулмандар казыятынын офистик имаратынын курулуш долбооруна ылайык, имарат 3 кабаттан туруп, жыйындар залы, офистик бөлмөлөр жана мейманканасы менен курулмакчы.

#136 17 October 2015 - 19:39
82 ЖАШТАГЫ «ШАМИ УУЛУ САРЫ» МЕЧИТИНИН ИМАМЫ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАГЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүндөгү Орке айылында жайгашкан «Шами уулу Сары» мечитинин имамы шаарыбыздагы эң улуу имамдардын бири Арзыбаев Файсанбек ажы 82 жаш курагында үлгүлүү аксакал катары өзүнүн кызмат ордун жаштарга бошотуп берди. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы маалымдады.
82 жаштагы Арзыбаев Файсанбек ажыга Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан ыраазычылык баракчасы ыйгарылып, ак чепкен менен калпакты шаардык казынын орун басары Анасхан Ташхужаев тапшырды.
«Арзыбаев Файсанбек ажы жеке эле Орке айылына эмес ордолуу Ош жерегсине белгилүү инсан. Биз ушундай ак сакал аталарыбыздын тажрыйбаларынан алып, кийинки муундарга дагы дал ушундай өткөрүп беришибиз керек»,-дейт казынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев.

#137 17 October 2015 - 19:41
УФА ШААРЫНДА ӨТҮҮЧҮ VIII ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА МУФТИЯТТАН ДАНИЯР МУРАДИЛОВ КАТЫШАТ
2015-жылдын 22-23-октябрь күндөрү Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында VIII Эл аралык «XXI кылымдагы ислам дининин билим берүү тармагындагы баалуулуктары жана идеалдары» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.
Аталган конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Данияр Мурадилов катышмакчы.
Уфа шаарындагы VIII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга бир нече өлкөдөн дин аалымдары жана серепчилер чакырылган.
2015-жылдын 22-23-октябрь күндөрү Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында VIII Эл аралык «XXI кылымдагы ислам дининин билим берүү тармагындагы баалуулуктары жана идеалдары» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.
Аталган конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Данияр Мурадилов катышмакчы.
Уфа шаарындагы VIII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга бир нече өлкөдөн дин аалымдары жана серепчилер чакырылган.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#138 17 October 2015 - 19:42
АЗИРЕТИ МУФТИЙ БОРБОРДУК МЕЧИТТЕ МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ ҮЧҮН САБАК ӨТҮҮДӨ
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ар күнү бешим намазынан кийин шаар тургундарына жана конокторуна шариат маселелеринен, улуу Куран китебин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ) өмүр жолунан, пайдалуу кеңештеринен, медицинасынан жана ислам тарыхынан маселелерди айтууда.
Мындан сырткары Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев ар жуманын дүйшөмбү жана жума күндөрү шам намазынан кийин жалпы мусулман бир туугандар үчүн шариат маселелеринен, пайгамбарлар тарыхынан, улуу Куран китебинин асылдуулугу туурасында атайын сабак өтүп, жарандарыбыздын суроолоруна жооп берүүдө.

#139 17 October 2015 - 19:44
БИШКЕКТЕ ИСЛАМ БОРБОРУ КУРУЛУУДА
Бишкек шаарында ислам борбору курулууда. Борбор хадис, фикх илимдери боюнча жаштарга илим үйрөтүп, ислам динин туура жайылтууга өзүнүн көмөгүн көргөзмөкчү.
Ислам борборнун курулушу менен белгилүү дин Аалымы Чубак ажы Жалилов жана бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Саид Баюми жеринде таанышып чыгышты.
Учурда аталган ислам борборунун курулуш иши кызуу жүрүүдө.
Бишкек шаарында ислам борбору курулууда. Борбор хадис, фикх илимдери боюнча жаштарга илим үйрөтүп, ислам динин туура жайылтууга өзүнүн көмөгүн көргөзмөкчү.
Ислам борборнун курулушу менен белгилүү дин Аалымы Чубак ажы Жалилов жана бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Саид Баюми жеринде таанышып чыгышты.
Учурда аталган ислам борборунун курулуш иши кызуу жүрүүдө.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#140 17 October 2015 - 19:45
ТҮП РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИБИ “КАЙКИН” ОРТО МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн Түп районунун баш имам хатиби Кайкиев Бакыт ажы “Кайкин” орто мектебинин окуучулары менен дин чөйрөсүндө жолугушуу өткөрдү. Аталган иш-чаранын максаты, айрыкча мектеп окуучулары арасындагы рекетчилик, өзүн-өзү өлтүрүү, ата-эне менен болгон мамиле, тазалык, чылым чегүү, уурулук, экстремизм, терроризм боюнча жаралып жаткан ар кыл көйгөйлөр туурасында кеңири айтып берди. Жолугушуунун алкагында тарбия үйдөн башталышы керек экендиги, андан соң чөйрө, коомчулук чоң таасирин тийгизүүсү айтылып, бүгүнкү күндө болуп жаткан дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү диний кырдаалдар туурасында окуучулар арасында талкуу болду.
“Элибизде айтылгандай, “Келечек жаштардыкы” демекчи, бүгүнкү күндөгү мектеп окуучулары эртеңки биздин келечегибиз. Ар ишти башынан түптөө натыйжалуу. Биз дагы ар тараптан балдарыбызга туура багытта кеп-кеңеш берип, илим- билимге болгон кызыгууларын арттырып, келечекке болгон кадамдарын туура нукка буруп койсок, өз нугу менен аккан суу сымал өлкөюүздүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошот деген терең ишеничтемин” деди райондук баш имам хатиби Кайкиев Бакыт ажы.
Маалымат: Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

Супер-Инфо
super.kg
видео