Көрсө, мен жокто “пед.совет” болуп, башчыбыз мени мактап: “17 жылдык жетекчилик кызматымда биринчи жолу ушунчалык кубандым. Мени жогор жактан - жетекчибиз чакырганда:
“Дагы эмне дээр экен?” деген ойдо тынчсызданып бардым эле. Анан барганымда ал колумду кысып туруп: “Сага бир жакшы мугалим келиптир деп уктум. Комиссия абдан ыраазы болуп келди, жакшы анализдерди беришти. Куттуктайм!
Эми, андай кадрды бюджетиңерден кошумча төлөп колдосоңор да кармап калгыла”,- дебедиби. Эмне үчүн мен ушундай пикирди башкаларың үчүн укпайм? Намыстанбай туруп эле, жаш мугалимден үйрөнгүлө. Же анын бир жолу бир кечиккенин көрбөйсүң. Кээде сабагында студенттер тыныгууга чыкпай отурушат экен. Балдары да майда-майда экен жөжүрөшүп”,
-деген экен. Ошон үчүн “сенден үйрөнөлү” деп жатышыптыр.
Ошентип, тез эле жогорку котегориядагы мугалим болуп калдым. Анан эгиз кыздарым менен “декретке” чыктым. Дагы эки жыл отурдум. Ал арада тун уулум 1-класска барып калды.
Көптүн кереги жок эле...(Курбумдун айткандарынан) автору;Жумагүл Газыбаева.
#22 09 October 2015 - 23:23
Бир күнү “Алиппе майрамы” болуп калды. Кыздарымды бирөөлөргө дайындап коюп мектепке-майрамга бардым. Майрам абдан жакшы болду. Мугалим-класс жетекчи ушунчалык сонун даярдаптыр.
Менин балам “Б” тамгасы тууралуу ыр айтты. Наристелер – окуучулар тим эле сонун бийлешти.
Аягында жакшы дасторкон жайдык. Ата- энелер кабинеттин оозу жакта туруп турганбыз. Улам бир мугалимге сөз берилип, жакшы каалоо-тилектер айтылып жатты балдарга. Аягында: “Ата-энелерден да бирөө сүйлөсүн” деп калышты. Биз ким сүйлөйт деп ойлонбоптурбуз. Мен алдыраакта туруп калган окшойм. Бир маалда арт жагымдан: “Мына бул жаш ата-эне сүйлөйт” деп эле, мени күтүүсүздөн тү-үртүп чыгарып коюшту. Мен чын эле ата-энелердин ичинен жашыраагы экем. Анан даярданбай эле оюма келген сөздөрдү сүйлөй бериптирмин, сүйлөй бериптирмин. Аягында бүтүп артка кайтсам, дүркүрөтө колдор чабылып, ата-энелер да жылмайып, ыраазы болуп калышты. Арасынан бир эже:
- Азамат, кел эми, көкүрөгүңү тазалап
аласыңбы, - деп калды. Карасам, ии-ий ... Күлүп эле бетими басып калдым уялганыман; сүтүм агып кетиптир эки жагыман тең. Ал жаңы кийген кызыл көйнөгүмөн сыртка чыгып, акканы билинип, көрүнүп калыптыр. Уялып калдым.

#23 09 October 2015 - 23:24
Аягында мени мектептин админстрациясына чакырышты. “Эмнеге?” деп ойлонуп коюп бардым. Ал жакта шаардык департаменттен келген өкүл да отуруптур, кете элек экен. Анан менден кайда иштеримди, кандай адистигим бар экенин сурашты. Мен айттым. Алар болсо: “Кийин биздин мектепке келип иштейсиңби” деген сунушту айтышты. “Буйруса, көрөрбүз” деп коштоштук.
Анан 1,5 жылдан кийин үйгө да жакын
болгондуктан мен ошол мектепте иштей баштадым. Окуучулардын баары менин балдарым сыяктуу, мен аларды ушунчалык сүйүп калдым. Багыма жакшы окуучулар, жакшы ата-энелер туш келди. Класс жетекчимин. Балдар да “мен айтам, мен жасайм” деп эле турушат. Кээде ата-энелер чогулушта: “Балдарды катуу кармаңыз, керек болсо чыбык менен чаап деле коюңуз” дешет. Мен аларга: “Тил алчаак болушса, бирдемени талкалабаса, сындырбаса, каяша айтышпаса, колдорунан келгенинче аракеттенип жатышса, эмнеге чабам?”- деп, тескерисинче болуша кетем окуучуларыма. Классым мени уят кылган жок.
Ошентип, мектепте кызуу иштер жүрүп жатты. Админстрация, директор активдүү. Ар кандай иш-чаралар көп болот. Ар кайсы сабактын мугалимдери 10 күндүк “декада” учурунда ар тараптан сыналат, ачык сабактар өткөрүлөт. Мен да андай декадаларга катышам. Бирок баарын мектептен бүтүрүп келгенге аракеттенем. Анткени үйдө шарт жок.

#24 09 October 2015 - 23:25
Жаңы мугалим болгондуктан,
эң начар, эч нерсеси жок кабинетке туш болгом, бирок тез эле эң жакшы кабинет меники болуп калды. Мурдагы окуу жайдагы мыкты сүрөткер студенттерим жардам беришти, ата-энелер жардам беришти. Эң сонун сабактар өтүлүп жатты. Балдардын түшүнүгү да жакшы.
Ошондой күндөрдүн биринде дагы декада болуп калды. 2-3 сабак боюнча мугалимдерди текшерүү учуру. Жыйынтыкталаар күн келгенде курамында 10-15 адам болгон комиссия кирип сабактарды текшерип отурушту, “анализ” беришти, биз болсо ачык сабактарды бердик. Көп мугалимдер жакшы сабактарды беришти. Бирок, менин сабагым “өтө мыкты” деп бааланды. Анан комиссия жетекчиси сөз сүйлөп: “Гүлкайырдын бардык сыйлыктары эле бар экен. Эми кантебиз? Категориясын жогорулатууну сунуш кылалы десек, эң жогорку котегория экен, Райондук Элге билим берүү, Шаардык Элге билим берүү бөлүмдөрүнүн да сыйлыктары бар экен. Эми дагы жогорку сыйлыктар тууралуу ойлонуп жыйынтык чыгаралы”,- дешип, сабакты “5” (эң жакшы) деп баалашты.

#25 09 October 2015 - 23:25
2 күндөн кийин кечке маал сабактан кийин жолдо келе жатып, башка сабактан берген теңтуш мугалим менен сүйлөшүп бараттык. Ал:
- Гүлкайыр, айтсаң, сенин күйөөң эмне кылып берди?, -дейт.
- Эмнени эмне кылды?- дедим кайра өзүнө суроо менен кайрылып.
- Декаданычы?
- Кандай түшүнсөм болот? Декадага күйөөмдүн кандай тиешеси бар? Биздин мектептеги декада тууралуу айтып жатасыңбы?- дедим таңыркап.
- Албетте биздин декада тууралуу да. Сен мектеп боюнча тим эле баарын таң калтырып, тамшандырып салдың го. Эң-эң бир мыкты сабак сеники болгонун бүт баары айтып жатпайбы?
- Макул, ошентишти дечи. Бирок ага күйөөмдүн кандай тиешеси бар?- дейм таңыркаганымы жашырбай.
- Койчу ай, кантип? Аны күйөөң билдиби?,- дейт.
Мен үчүн анын таң калганы жаңылык болуп жатты. Эсиме келип, сергегирээк ой жүгтүүгө аракеттенип, аны түшүнүп алгым келип, өз ойлорум менен алек болуп турганымда дагы суроо узатты:
- Бир сырдуу боло бербей айтчы эми. Мен деле айтам,- дейт.
Анан дагы тактап сурадым:
- Сен түшүндүрүп айтчы мага. Биздин декада
тууралуу күйөөм эмне кылышы керек болчу? Ал биздин коллективде болбосо, же биздин коллегалардан- мугалим болбосо. Ага декаданын, ачык сабактын кандай тиешеси бар? Сурооңду дагы тактачы. Же суроо туура эмес, же мен бирдемени түшүнө албай атат окшойм. Кайра айтчы, -дедим баспай токтоп туруп калып. Ал мени эки колдоп колдоруман кармай калып:
- Мен туп-туура эле суроо берип жатам. Биздин
баарыбызды мектепте 10 күн бою текшеришти ээ каалаганча?

#26 09 October 2015 - 23:27
- Ооба, кайсы сабактар боюнча декада болуп
жатса, ошолорду текшеришти да.
- Ии-и азамат. Анан акырында ачык сабак
болгондо Кудайга шүгүр, жакшы сабактарды көргөздүк ээ? Мен да “5” алдым. Сен дагы менден да жогору бааланып, мектепте укмуш сөз болдуң, элди кубантып. Ошого күйөөң эмне деди десем эле такыр түшүнбөй койдуң го?
- Ал эмне деш керек болчу? Мен да туура эле
жооп берип атам. Анын кандай тиешеси бар деп атпаймынбы.
- Оо кокуй о-ой, сен 10 күн бою аларды да декадага катыштырып жибергендирсиң акыры?
- Дагы суранам, жөн эле сүйлөчү. Ал куруучу да, - дедим чын эле таң кала.
- Мисалы мен, өзүмдү айтайынчы. Менин деле күйөөм айдоочу (шофёр), мугалим эмес. Бирок ал мага күндө сабакка даярданарымда же көргөзмө куралдарымы жасашканга, же дагы бирдемемди бүтүрүшкөнгө жардамдашып жатты. Ал тургай, эки баласын жанына отургузуп алып ачык сабакка даярданып жатканымда “окуучу” болуп берди. Мен аларга сабак өттүм. Ии-и айт, бир нерсе дейин дедиң беле?- деп калды ал мага карап.
- Жок, жөн эле. Мен үйдө даярданбайм. Мен үйдө план да жазбайм, баарын мектептен эле бүтүрүп барам, үйдө шарт жок даярданганга. Ошону айтайын дегем, - дедим.
- Койчу, кантип мектепте эле баарына жетишесиңби?

#27 09 October 2015 - 23:27
- Койчу, кантип мектепте эле баарына жетишесиңби?
- Менде ошондой.
- Макул, ишене турайын, андан ары ук эми.
Ошентип, акырында жыйынтыктоочу сабакты жакшы өтүп барганымда ушунчалык баарыбыз сүйүнүп, үйүбүздө майрам болгондой эле болду. Эртеси күйөөм бүт аяштарыбызды чакырып, менин ачык сабакта “5” алганымды куттуктап, менден бешбетер бактылуу болуп, белгилеп берди. Ошон үчүн сурап атам да сенин күйөөң эмне кылды деп, - деди көздөрү жайнап укмуш бир жаңылык укчудай болуп. Ал мектепте 13 жылдан бери иштеп жаткан мугалим, мен болсо 2 гана жыл иштеп жаткам. Анткени мен балдар менен көп отурдум үйдө, анан мектепке да кийинчерээк келгем.
Анан мен да сумкамды чыканагымды карай ыңгайлаштырып илип алып, анын эки колун кармап туруп минтип айттым:
- Замира, укчу мени. Менин күйөөм декада
тууралуу билбейт. Аны укса да кызыкпаса керек.
- Менин деле күйөөм айдоочу да, мугалим эмес..., - деп келе жатканда токтотуп койдум да:
- Замира, токто. Мен сенин күйөөңө көз
артпайм, азамат экен, куттуктайм. Бирок, бактым болсо да, шорум болсо да, өз турмушум үчүн деле даттанбайм. Менин күйөөм аны билген жок. Мен жумушум тууралуу айтпайм деле. Анткени менин күйөөм ага кызыкпайт.

#28 09 October 2015 - 23:28
- Койчу-у...
- Чын эле Замира. Антип таң калбачы. Адамдар ар түрдүү болот да.
- Ошондой дечи, бирок...
- Эч кандай таң калба. Ал жакшы киши, бирок
ошондой киши. Сен менин эң жакын курбумсуң. Көп таңыркай бербечи, суранам. Менин күйөөм: мен өтүк кийип төшөккө жатсам да, ич кийимчен бойдон көчөгө чыксам да байкабайт. Өткөндө да “Прическаңды күйөөң эмне деди” деп сурагансың. Ал чачтын жасалгасы тургай, чачымды тизеге жеткире өстүрүп, өрүп койсом да, же таптакыр такырайта кырдырып салсам да байкабайт. Сен туура түшүнчү, мага мындай суроолорду берип кыйнай бербечи, - деп үнүм каргылданып, көздөрүмө жаш тегерене түштү.
Замира:
- Кечир, кечир, мени кечирип койчу, бирок
кантип? Мейли-мейли, кечирип койчу. Ушундайбы ээ? Анан сен бир да жолу аны билгизбейсиң го? Алтыным, мени кечирчи. Бирок чын да ээ ушулар? Аа, сен калп айтпайсың да, кечир...,- деп эле эмне кылаарын билбей калды. Мен ыйлап жибербегенге аракет кылдым, бирок тез эле чыйрала түштүм. Анткени 6 балалуу болгонго чейин көнүп деле бүткөм мындайга. Бирок бул жолу Замира мени өтө эле кыйнап жиберди кайра-кайра сурап, такып.

#29 09 October 2015 - 23:30
Ошондон кийин бир да жолу Замира курбум
мага андай суроолорду бербеди. Башкалар ушул сыяктуу суроолорду беришкенде да, ал мага аянычтуу караган көздөрүн кадап, сөздү башкага буруп кеткенге аракеттенчү.
- Бирок ал кезде айлык маянаны да
мугалимдин котегориясына карай берчү да, туурабы? Анан аялынын башкалардан көбүрөөк акча алганына кубангандыр күйөөң Гүкү, - дедим чайдын бошогон чынысын ага сунуп жатып. Ал мени карап күлүмсүрөй баш ийкегилеп:
- Сен да Замиранын суроосунан берип
жаткандайсыңбы? - деп койду чайды суна.
- Койдум, койдум, кечир алтыным. Уланта
берсең болот. Менин билишимче сен КРнын Эл агартуусунун мыктысысың, Эмгек сиңирген мугалимсиң. Бишкектеги “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун райондук да, шаардык да жеңүүчүсүсүң. Туурабы?
- Туура. Сен да жеңүүчүсүң го. Бирок бул
“мыктылыктардын” баары мага аялдык бакыт бере албайт экен да. Ээ, койчу эми. Эмне болуп баратам мен да. Баары үчүн Кудайга ыраазымын. Алты балам бар, мага Жаратканым кайра-кайра эгиздерди белек кылды. Ден соолугум чың. Албетте абдан бактылуумун. Мен сезимдерди башкарып көнүп калган кишимин. Болду эми, - деди жарашыктуу жадырап жылмая. Анан:
- Дагы кандай суроо бар алтын кыз? - деди.

#30 09 October 2015 - 23:30
Дагы сурагандан айбыктым, бирок сурагым келди:
- Мени кечирчи, бирок ошол чо-оң жеңиштерде күйөөң кандай...?- суроомдун аягын жуттум.
- Анда мен албетте акчалай сыйлыктарды
алдым, бир эмес эки жолу. Курортко путевка берилди. 3 бөлмөлүү үй да берилген. Профкомдун мүчөсү мени менен кошо чуркап документтерди бүтүрүшүп жүргөн. Анан бир күн эле: “Ал үйгө бөлүнгөн акча референдумга иштеп кетиптир. Буюрса кийинчерээк берилет экен”,- дешти. Макул болуп кала бердим.
Кошуналарым улам бирөө кирип куттуктап жатышты ал жеңиштерди. Анан жалпы үй боюнча баары келип (көп кабаттуу үйдө турушат) куттукташты. Алар тамашалашып сүйлөп отурушту:
- Сен кандай болуп атасың?- деди күйөөмө бир
кошунам. Биз теле, радиолордон Гүкүштүн атын атаганда эле автобуста келе жатсак да: “Ал менин кошуна-а-м” деп кыйкырып, секирип тура калып атабыз, - деп тамашалады. - Сен кандай бактылуусуң. 6 баланы багып, эгиздеп уул-кыздарды тартуулап, анан минтип борбор боюнча “мыкты” болуп, ой-оой...,- десе, дагы бирөө:
- Анан баарыбыздын аялдардан биринчи
ойгонуп, биз 06:00 да жумушка баратканда сенин келинчегиң сыртта жуулган кийимдериңерди жайып жүргөн болот, - деп күлүп калды. Анан кошуна келиндер дагы биринен сала бири кепке аралашып калышты:
- Ээй чын эле, анан кечинде келип эле биздин
“мээни жей” башташат булар. “Тигинин аялын көрчү, таң атпай качан болсо кир жайып жүргөнүн көрөм. Сен 11ге чейин уктайсың. Анын 6 баласы бар, сен 1-2 бала менен ыйлайсың, анан ал дагы иштейт” деп. Эми ого бетер “жейилмей” болдук го. Мейли, баары тамаша, бирок чындыкка жанаша. Ийгилигиң артсын Гүлкайыр, - десе, дагы бирөө:
- А менин күйөөм: “Гүкүштүн үнү эмнеге
чыкпайт? Анын терезеси короону карап турса да, 6 баласы болсо да бир жолу бир кыйкырганын укпайбыз. Сен эле балдарга кечке кыйкыра бересиң” деп калат, - деди.
Ошол күнү сөз кезеги келгенде күйөөм кыйналып атып сүйлөгөн. Бирок кезеги келгенде ырдаган жок. Анан мен аны ыңгайсыз абалдан чыгаргым келип:
- Бир ырда айтылган экен:
“Караңгы жарык болбойт ай болбосо,
Чыракта билик күйбөйт май болбосо,”деп.
Мен кантип байгелерге жетмек элем,
Балдарымдын атасындай жар болбосо, -дедим. Анан андан ары:

#31 09 October 2015 - 23:32
Балдарымдын атасындай жар болбосо, -дедим. Анан андан ары:
- Ал мени колдоп – кубаттап турат, кезеги
келгенде мен да аны колдогум келет. Ал үчүн анын атынан мен ырдайм. Бирок, мен өзүм ырдаган ырды “балдарымдын атасынан мага сунулган белек” деп кабыл алам, силер да ошентип кабыл алууңарды суранам, - десем, элдер күлүп сүрөп калышты: “ии-и, анда сен, ой күйөөсү ырдап атат да, ии-и”,- дешип. Анан мен ошондо “Саадатым” деген ырды күйөөмдүн атына которуп туруп ырдап бергем:
- Дайыма тилегим ак сага деген,
Мен дагы тун сүйүүмдү сага бергем.
Дуйнөгө гүлдү эңсеп булбул келсе,
Ардагым мен да сени эңсеп келгем.
Аа-ай о-о, ардагым, ........., ........., дүйнөгө мен да сени эңсеп келгем”, - деп анын атын коюп ырдагам.
Кошуна келиндер кайырмасында анын атын кайталаган сайын кошо кайталашып, кошо ырдашып, күйөөлөрү болсо: “А-ай - ай, силер да эмне Гүлкайырдын күйөөсүн айтып ырдап калдыңар?” - деп тамашалашып каткырышканы эсимде. Бирок, биз күйөөм экөөбүз ал күндөрү ажырашуу процессинде жүргөнбүз. Ошондон 10 күн өтпөй ажырашуу кагазын колго алгам.

#32 09 October 2015 - 23:33
Анткени, мындан ары бирге жашоого такыр мүмкүн эмес болуп калган.
- Анан ошол кезде кантип ал үчүн ырдап, аны
мактап жаттың? Эмне калп эле, эл көзүнчө ошенттиңби? - дедим таң калганымы жашыра албай.
- Биринчиден, ал ажырашсам да,
кайда болсок да, өмүр бою биздин эң жакын адамыбыз болуп кала берет. Анткени ал-менин балдарымдын атасы. Экинчиден, мен ар дайым ал кишини ар тараптан колдоп, коргоп, болушуп көнгөн экем, ошол адатым менен болсо керек. Анан ал жерде ортодо ыңгайсыз кырдаал жаратуунун деле кереги жок болчу да атайын жакшы тилек менен куттуктап келип жатышса.
Мен таң калдым, баары бир таң калдым:
- Билбейм, балким мен анте алмак эмесмин.
Кыскасы, ошондо кубанган экен да ээ? – дедим.
- Билбейм. Бирок мен сыйлыкка алган
акчалардан өзүмө бир бет аарчу да алган эмесмин. Үйдүн ай сайын төлөнө турган төлөмдөрүн төлөдүм. Тамак-аш алдык дегендей. Бирок, ал: “Жок дегенде эт алып койбойт белең” деп нараазы болгону эсимде,- деди жеңил үшкүрүп. Анан кайра сөзүн минтип улантты:- Мен сага айтпадымбы, мага көптүн деле
кереги жок болчу. Жок дегенде кээде, ушундай учурларда... Мейли, менин жумушума байланыштуу деле унчукпасын. Балдардын ден соолугу, балдардын келечеги, алардын жашоосуна түп-түз таасир эте турган учурларда бир аз башкача болсо болмок. Анан да ошондой уул, кыздарды эске албай, өзүнөн канча жаш кичүү, дайыма өзүн сыйлап, колдоп турган, дайыма өзүнө жардамдашып турган жубайын болгондо да жеңил-желпи жүргөн аялга алмаштырганы катуу тийди да. Мен таптакыр муздап калдым, сен түшүнүп атасыңбы, муздап калдым. Минтип эле жашап жүрө берүүгө болбой калды да анан.
“Балдар үчүн” деп да жашаганга мүмкүн эмес болчу. Анткени өсүп келе жаткан балдарга туура тарбия керек эле. Ал балдарга да өзү ойлонбой эле ар нерселерди айта берчү. Мисалы, бир жолу уулум тапшырма даярдаганы жаткан. Анан мен:
- Көңүл коюп жазагой балам, кел сен да кайтала
сабагыңды, анан чогуу эс аласыңар, - деп калдым кызыма. Анан:
- Сабак даярдап атканда бардык көңүлдү ошол
сабакка гана буруу керек, - дедим. Алар тапшырмаларын баштаганы атып:
- Сиз жакшы окугансызбы апаке? – деп калды кызым.
- Ооба кызым, силер менден да жакшы окуйсуңар буюрса, - дедим.

#33 09 October 2015 - 23:34
Уулум:
- Ата, сиз кантип даярдачусуз үй тапшырмаларыңызды? - деп сурап калды.
- А-а мен тапшырма даярдачу эмесмин,- дейт. Балдар аны карап эле калышты.
- Эмнеге?- деди бир маалда кызым.
- Мектептен келип сумкамды жүктүн үстүнө ы-
ыргытып жиберчүмүн. Анан кайра эртеси таап алып көтөрүп кете берчүмүн, - деди жыргап күлүп. Анан балам да күлүп бир мени, бир атасын карап:
- А эмне китеп, дептерлериңизди алмаштырып да салчу эмес белеңиз?- деп сураса:
- Жо-ок, бир эле дептерге жаза берчүмүн, - деди. Балдардын өтө эле таң калганын байкаган мен:
- Атаңар окуган кезде дептерлер
жетишпегендиктен айла жок ошенткен да балдарым. Азыр баары башкача, ошон үчүн силер жакшы окугула, - десем атасы кайра:
- Жоок, жетишет эле болчу. Жөн гана
ошентчүмүн. Анан үйдө иштер болуп калганда “мен келбейм, иштер бар” деп коюп 2-3 күн мектепке барбай деле койчумун, - деп жыргап күлүп калды. Уулум да жыргап күлүп, көңүлүнүн баары сабакка тартылбай баратат. Мен:
- Атаңар тамашалайт, болгула эми, суроону
токтоткула. Кана, тапшырмаларыңарды карай баштагыла.- Ой тамашасы жок эле ошентчүмүн, - дейт кайра атасы. Балдар алагды.
- Атаңар экөөбүз ашканага чыгып силерди
күтүп турабыз. Канча күтөлү, бир саат ээ? Атасы кээде өтө тамашакөй да ушинтип, - деп аны тамашалап жетелемиш болуп алып чыгып кеттим. Ал жакка чыгып:
- Балдар сенин кылганыңы кылгысы келет да,
сен алар үчун үлгүсүң да, антип айтпачы, - десем, “эмне болмок эле” деп дагы нараазы болгон. Бул кичине эле, ойго албай тургандай эле мисал. Ал эми олуттуу нерселерде да балдарга үлгү боло албай жаткандайбыз. Анан балдарга да тынчтык, ата-энесинин биримдиги керек эмеспи. Мен дайым эле “актёр” боло албай бараттым. Канчалык жашырсам да билинип калып жатты.
Аны кечирдим, адамда ар кандай кемчилдиктер болот да. Мен эле такыр кемчилдиги жок эмесмин го. Бирок мен үй-бүлө, балдар, жубайымдан жогору эч нерсени коё албайт болчумун. Мага кабат-кабат чооң үйлөр, каалаганымча акча, же анын кадыр-баркы керек эмес болчу. Мага болгону анын жубайлык ишенимдүүлүгү, тазалыгы, түшүнгөн мамилеси, бир аз гана, өтө – өтө урунттуу учурларда гана көңүл буруп коюусу керек болчу. Мисалы: балдар төрөлгөндө, алар биринчи мектепке барганда, алар ооруганда... Балким жанакындай ийгиликтер болуп жатканда бир ручка сатып берип койсо, мен учуп кетет белем ээ?- деп кытылдап күлүп койду. Анан:

#34 09 October 2015 - 23:35
- Иий айтмакчы, ручка дегенде бир нерсе
эсиме түшүп кетти. Биз жаңы үйлөнгөндө алгач свадьба болду, ЗАГС алдык. Анан 2 айдан кийин дагы элге чоң той беришти каын атамдар. Ошондо көп белектердин арасында менин улуу эжем алып келген нике шакектеринин сүрөтү тартылган, бири чоңураак, бири кичирээк эки ручка да бар экен. Анын кутусу да тим эле кооз. Андайды өмүрүмдө көргөн эмесмин, азырга чейин да көрө элекмин. Аны мага күйөөм бергенде кутуда жалгызсырап бир эле ручка туруптур. Көрсө, аны эжем күйөөмө берген экен мен сыртта жүргөндө. Аны мага жете электе эле иниси көрүп калыптыр да, бирөөсүн сурап алыптыр. Анан мага кутусу менен жалгыз ручканы карматканда эмнегедир бир кызыктай болуп, өзүмдү жалгызсырагандай сезип кеткен элем. Ошондо эмнеге андай сезимде болгонуму түшүнө албайм. Ручканын чоңураагы жок, кичирээк, ичкерээги турат. Анткени алардын чогуу турган сүрөтүнөн көрдүм да кандай экенин. Ага маани бербесе керек да күйөөм. Мен деле ырымчыл жан эмесмин. Ошентсе да, алардын чогуу турганын, анан күйөөм экөөбүз чогуу колдонгонубузду абдан каалаган элем. Кайним да менден улуу эле жигит болчу, “сурабай деле койсо болмок экен” деп ойлоп койгом, - деп курбум терең дем ала үшкүрүп койду. Анан дароо мени карай:

#35 09 October 2015 - 23:36
- Ушуну менен токтотсок кантет бул
сөздү? Мага бир аз оор болуп кетти. Башка сөзгө өтпөйлүбү? Кел ырларыңдан окуп бер. Кээде менин жашоомду жазып жаткандай, менин ичимдегини жазып жаткандай ырларың бар го, - деди Гүлкайыр.
- Кечир Гүкүш, кечир. Бирок... мейли, бүгүн
башка сөзгө өтөлү. Антсе да, мен окурмандар кызыккан башка суроолор да бар экенин айтып койгум келет,- дедим.
Анан мен жанымдагы китептеримди алып, өз ырларымдан окуп бере баштадым. Ал жылмайып карап, кээде каткыра коштоп, кээде тамашалап, кээде муңая калып угуп отурду. Бир маалда:
- Сен кайгылуу ырларды жазбайсың ээ? Ата-
энең тууралуу, аларды сагынганың тууралуу гана болбосо. Азаматсың. Армандуу ырларыңды анча байкабайм. Деги эле эч кимде арман болбой эле койсунчу, -деди. Анан кайра күлүмсүрөй:
- Менде деле арман жок. Жакшынакай уул-
кыздарым бар. Ушулар аман болсун, ыйманы менен, бактысы менен болуп, узак жашашсын. Бирок... бирок албетте жакшы жардамчы, үй башчыма ийкемдүү “моюн” болууну мен да каалап кетем..., - дегенде курбуму карап туруп менин жаным сызда-ап кетти.

#36 09 October 2015 - 23:37
Аны менен акырын коштошуп, жолдо келе жаттым. Курбумун айткандарынын ар бирин кайра баштан акыл элегимен өткөрүп, элестетип, таң калып, аяп, толгонуп келе жаттым. Ал эмне колдон келбес нерсени талап кылып жатабы? Ага эмне ушунчалык элде жок нерсе керек беле? Жо-ок, жок, андай эмес...
Аттиң ай, чын эле курбума көптүн деле
кереги жок болчу. Эмнеге ушундай? Эмнеге? “Мындан аркы турмушу жакшы болсо экен” деп тиледим ичимен.
Элдин баарын эле ырдап калсын, сөзмөр болсун деген жерибиз жок. Бирок эң жакын адамдарына көңүл буруу да эң эле ыйык милдет жана парыз болсо керек. Өзгөчө үйдүн башы, кожоюну, атасы, күйөөсү, жооптуу адамы болгон эркектер үчүн.
Гүлкайыр айткандай, “ийкемдүү моюн” болууну каалаган аялдар канча. Аларга көптүн деле кереги жок чынында...
Аягы

#38 10 October 2015 - 17:03
Байкуш суйгон адамындан жылуу соз укпаган, колдоо корбогон кандай жаман
Внешность - это козырь , но не туз…

Супер-Инфо
super.kg
видео