bizdin ayilda uruktukka kalgan jalgiz ozbek kalgan bolchu,ulutu ele ozbek dep dep aytpasa suylogonu,baskani-turgani kirgiz ele.. apasi,ayali baldari anan ozu ele.. 1991-j sogushta atasi menen akesi koz jumgan eken soogu ushu bizdin ayilda komulgon dehset... kichinekey dukon achip alip produkti satchu,kalp aytpasam bizdin kocho andan narkisi karizga alip kiyin tolochu.. baasi da arzan ele janindagi soodagerlerdin janinda.. kechee jakinda bolgon okuyada,taanishtar (karizga alip,kiyin tologondor) oshol akenin uyuno barip olturobuz deshken eken..koshunasi saktap kalipir.. dukonun achip talap tonop,uyunda tonoshup korsok tiruu kalbayt dep chigishkan eken.. uyun satip ketip kaliptir..
bilem 1-2-jolku sogushta kop kirgizdar olup ketti..
men dele jek korom ozbekterdi.. birok al adam jakshi insan bolchu.. ichim achishti.. keche jakinda bolgon okuyadan kiyin korup kaldim ele dukonuno mayda-barat algani kirip oshondo ketip ele kalbaysizbi desem..
joook bul jerde balalik kezim,jashoom baarinan da atam-chong atam,aka,uruk-tuugandardin sogu ushl jakta,alardi tashtap kantip ketem degen bolchu... ketken akibalin elestetip ayap oturam...
Аяп кеттим.. Сиз да аяйсызбы аларды....
#22 07 March 2013 - 20:31
Мен баарыны...көчөдөгү карыяларды,
бомждорду,ооругандарды баарыны,баарыны аяп кетееем,көзүмдөгү жаш билинбесе да,жүрөгүм зыркырап ыйлайт. Жакшылык гана тилеп өтүүдөн башка, колумдан эч нерсе келбегине аябай өкүнүчтүү...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#23 09 March 2013 - 12:09
Men jumuwtan kelsem apam a9vai kubanyp olturat.
Kyzym saga bazardan uwul baxmaldy aldym,uwul kiyimdi aldym dep birok apamdy ozun ustundogo kiyimin korup jyrtyk mastysyn korup a9vai a9p kettim.....
Kyzym saga bazardan uwul baxmaldy aldym,uwul kiyimdi aldym dep birok apamdy ozun ustundogo kiyimin korup jyrtyk mastysyn korup a9vai a9p kettim.....
#24 27 November 2013 - 11:36
Мен аяп кеткен учурларым коп эле болот. Акыркысы Строй материал саткан магазинде бир киши шыйфыр, труба жуктоп атат, кичинекей мурайвейник беле ошого, ойдо жылдырсан ойдо ооп кетет десе болбой койду. Анан айдаганда эле муравейниги артка ооп шыйфыры тушуп калды,сынып.
Муравейниктин ээсин аяп кеттим, озу болбогон акчага иштегени аз келгенсип эми тигинин шыйфырларын да толоп калат экен деп
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#25 27 November 2013 - 11:43
men erte menen balam basbait da apa kolunu tait, kotoi4u deit. Bombogumu aiap ketip kotordum
#26 08 December 2013 - 18:27
Иштеп жургон кезимде кунуго эрте менен бир чал уйубузго асел сатып келчу "асел" деп кыйкырып.Бечара 5-кабатка чейин чыгып тушчу.Абдан боорум ооруйт эле, "асел" деп ар кыйкырганда журогум тилине берчу.Тообо,
кылдым эч кимдин башына мындай кунду салбасын.Айрыкча эле карыларыбызга кыйын жаштар го ал-кучу барында иштеп алат.
#27 10 December 2013 - 13:16
Эх,жашоо.
..
Менде дагы мындай көрүнүштөр көп эле болот..Айрыкча, азыр жолдон кетип баратып бир кемпирди көп көрчү болдум(.Дайыма ошол жолдон өтөм да,базарчике, окууга ал бул жака кетип баратып,көрүп калам,муздай жерде,сызда, өткөн кеткен адамдарды карап,тилемчилик кылып үшүп жалдырап отурат,кээде ошол жерде эле тамак ичип отурганын көрүп ыйлагым келип кетет(.Балдары карабайбы?Апасын карабай кайда эмне кылып жүрүшкөн деги кандай жандар алар? деп ойлонуп калам.Өткөн сайын 5 сом,чөнтөгүмдө канча акча болсо таштап өтөм,баары жакшы болот деп ичимден тилеп коем..(

Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#28 10 December 2013 - 21:18
Ооба,аянычтуу учурлар коп эле болуп жатат. Мен Бишкекке жаны окууга тапшырган кез. Классташтарбы же туугандарбы,
иши кылып Ала-Тоо аянтынан жолукмай болгонбуз. Менин эрте барып алмай адатым бар болчу. Ошол куну да эрте барып алып эл азыраак жерине барып отургам,сол жагымдан ундор чыгып атканынан карасам 4-5 чон эле балдар оздору тендуу бир баланы жерге жаткырып алып тепкилеп атышыптыр. Тиги баланын бетинин баары кан,топуракка оонап жатат,туруп алып аксап басып кетип баратса балдардын бироосу артынан ээрчип алып тепкилеп жатат. Ошондогу абалым ай,алым жеткенде ошол балдарды озум тепкилеп салгым келген. Жакын жерде башка балдар деле отурушкан,кой деп тыйып койгон жок бироо дагы. Копко чейин жаман болуп журдум,балага боорум ооруйт,жардам бере албаганыма жиним келет
.
#29 11 December 2013 - 04:04
Kop uchurda ar kimge? ar kandai jawoo tuw bolot emespi?. Men ayaly otkon, bizge eje bolchu. Abamy aiaim. Kudai berbesin. Neberelerin bakkan, eki bala. Chon balasynyn uuldaryn. Kiyin tooba kyldym. Kichinekei balasynyn ayaly ajaan bolchu. Uidon ketirdi eki bakkan baldaryn. Aiabai jakwy koruwot Atasyn. Chon atasy kichinekeyinen bakkan uchun baldarynanda jakwy korot. Emi uiuno barsan, nebereleri ukpait. Aiai berem. Boor ooruim, aialy olgonu az kelgensip, baldarynda ketirip jibergen. Kudai saktasyn uwundaidan. Toobo kyldym. Echkimibizge myndai omurdu tuw kylbasyn.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#30 11 December 2013 - 09:15
Мен кичинекейимде бир кошуна киши бар болчу жашы 70ке чамалап калган.Озу жалгыз бир уйдо турчу.Бала чакасы барбы кабарым жок экен,бирок эртеден кечке базарда тачка туртуп иштечу.Жумуштан келе жатканда бир лепешка которуп келе жатканын гана корчумун ошондо озум жаш бала болсом да ошол аксакалды аябай аячумун.
#31 11 December 2013 - 11:12
Мындан эки жыл мурун жолдошум экөөбүз Мадина базарынан чыгып келе жатсак жол жактан "тарс-турс,
кыйч" деп барып "дүп" деген үндү да даана уктум. Элдин баары үн чыккан жакка чуркай башташты. Биз да бардык. Карасам ошол жердеги эркек кишилер чоң Джипти артка түртүп жатышыптыр.
Машинанын эки алдыңкы дөңгөлөгү адамдын үстүнөн басып туруптур. Охх ошондогу калчылдап көзүмөн жаш тегеренгени ай.
30-35тердеги эркек киши жерде бүрүшүп, титиреп, онтоп жатыптыр. Кийими айрылып, бутундагы ботинкалары ыргып кетиптир. Велосипеди ары жакта майрыйып жатат. Джиптин айдоочусу жаш эле бала экен. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, калтырап жолдун жээгинде бетин басып отуруптур.
Жакын жердеги көргөндөрдүн айтуусу боюнча бир машина эрежени бузуп бурулуштан чыга калып, тигил джип андан качам деп, жолдун жээги менен кетип бараткан велосипедистти сүзүптүр. Андан кийинки көрүнүш тигил.
Ошол окуяны көрүп алып түнү менен уктай албай жаман болуп чыккам. Андан кийин деле жанагы онтоп, титиреп, бүрүшүп жатканы көпкө чейин көз алдыман кетпей жүрдү.
Жок жерден бөөдө кырсыкка кабылган кишини да аядым, аны көрүп жаман болгон жакындарын да аядым, дегеле бала-чакасы бар болуш керек аларды да аяп өзүмдү жаман сезгем.
Ошоол. Айдоочуларга айтайын дегеним, абайлап, эрежени бузбай айдагылачы. Адам өмүрү деген оюнчук эмес го акыры.

”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#32 11 December 2013 - 16:45
Аз эле кун болду,Нарын шаарында 6 айлык боюнда бар келинди бир машина сузуп кетип,ал жерде жатса экинчи машина келип олтуро тебелеп кетиптир. Абдан кейиштуу болду
#33 07 October 2015 - 01:11
Бир чон апанын уйуно сут жеткизип барсам, уйундо жалгыз отурурган экен, ооруп жатыптыр. Аны коруп баласын жаман коруп кеттим, ушудан коро энесин элдей кылып багып, ичпей аял алып, неберелуу кылып жузун жарык кылып, балпайган кемпир кылбайт беле деп((. Кемпир чал корсом эле аяй берем. Жалгыз отурушканда.
Бирок озумду жоошутуп коем. Антпесе ошол куну башым ооруп баштайт да ойлоно берип.
#34 07 October 2015 - 19:32
Кечке жуук уйубуздон алыс эмес магазинге бара калсам, эки буту жок байке соода кылып жатыптыр. Жузунон эч кандай кайгыруу, басынуу дегенди коро албадым ал кишиден. Кулуп-жайнап кафеге киргендеги окуясын айтып жатыптыр. "Кафеге тамактанып алайын деп кире калсам, официант кыз мени коруп, идишин ыргытып чанырган тейден качып кетти" деп айтып берип сатуучуну кулдуртуп жатты. А мен эмнегедир жаман боло туштум, озумон озум конулум тушуп калды. Бир пакет толтура тамак-аш алды дагы машинасын зуулдатып айтап кете берди.
Ошол адамдын эрктуулугуно тан калдым. Бутум жок эле деп мункуроп жатып калбай, уй салып, машина алганга жетишиптир сатуучунун айтуусу боюнча. Ошол адамды азыр да эстесем негедир жаман боло берем.
Ошол адамдын эрктуулугуно тан калдым. Бутум жок эле деп мункуроп жатып калбай, уй салып, машина алганга жетишиптир сатуучунун айтуусу боюнча. Ошол адамды азыр да эстесем негедир жаман боло берем.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#35 07 October 2015 - 19:33

#37 09 October 2015 - 23:20
Менин тууганымдын кызы ДЦП эле,бир жагы паралич аксап басат,бир колу манжалары иштебейт,анысы аз келгенсип тепкичтен жыгылып санындагы соогу сынып 2 ай гипсте жатып эми басыптыр. Чоноюп 6-класс болуп калган майып элем дебей синдилерин карап апасына жардам берип жаны тынбайт. Соогу сынганына баса албай мектептен бир жылга калып калыптыр,ансайын кыйналып басат. Бугун ошону коруп,синдилерин коруп бул деле ушуларга окшоп соппо соо журо берсе болбойбуле,
чоноюп баштаптыр кийин турмушу кандай болот деп ичим сызды. Апасы тороюн деп калган эле,эже апам эгиз торойт ага чейин мен чуркап калышым керек,мен эн чонумунда жардам бербесем апам кыйналып калат десе журогум эзилип,Козумон жаш айланып кетти...
Кудай баарына ден-соолук берсе экен...
Кудай баарына ден-соолук берсе экен...
#38 10 October 2015 - 01:18
мени аяган адам жок азыр....
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#39 10 October 2015 - 01:33
#40 17 October 2015 - 20:02
Жакында эле баптист динин тутунушкан эки аял уйго келиптир, "атан барбы? Дагы ким бар, апан барбы?" деп сурап калышты, "мага деле кайрыла бериниздер"
дедим. Айтып башташканда эле создун торкуну эмнеде экенин билдим. Бир аз угумуш болуп, Эжекелер, адам баласы уйго келген адамга шыр эле "кет!"
деп айтса, туура эмес болуп калат, сиздер менин укканым учун ырахмат айтыныздар деп октом суйлоп эшикти тарс жаап салдым. Анан алардын динден адашып, кочодо ар кимден ар кандай создорду укканы учун, мага эле келсек, мага каршы бир нерсе дейин десе, эч нерсе айта албаарындагы абалын аяп кеттим.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!

Супер-Инфо
super.kg
видео