Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#881 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Сыягы мин кечирсе да "Калган кадыр менен чыккан жан табылбайт" деген ушундай неме болот окшобойбу. Азыр Жайнагул мурункудай Зыйнатты да, Толкунбекти да кунолобосо да анын орду толгус чон жоготуусу бар болучу. Ал жоготу баягы "Толкунбек! " деп журоктун теренинен от чачып туруучу кумары таркабаган махабаттуу кусалыктарды кимдир бироо урдап кеткенсип, Жайнагулдун жаштык жалыны очуп, анын орду ангырап бош калгандай сезилет озуно.
Ал эми Толкунбек болсо, Жайнагулдун алдында жалдырап кайра-кайра кайталап ар кун сайын кечирим сурай берет. Кына менен Тумар болуп Толкунбек учоо эртен Колго кетебиз деп жаткан кундордун бири эле. Тумар оз болмосунон тышка чыгып баратып кыз-куйоосунун суйлошуп жаткан созун угуп, кылчайып тура калды.
-Кете бер, энемдер менен чогу эле. Сенсиз эле жашап келгемин.
-Сен ушинтип турсан кантип кетем, кетпейм. Ачылбай койдун го деги.
-Кандай ачылайын? Суйбойсун дейсин. Качан сени суйбой койдум эле. Мен сени суйгондогу сыйынды билесин го.
-Туура, сен да суйгонсун, мен да суйгомун сени. Бирок айтып коёюн, мен сени суйгончолук эч кимди суйбогом, суйо да албайт экемин, Жайнагул. Сени сагынып сага болгон кусалыктын кучун сенден алыс жургондо билдим. Алын жетсе мендей акмактын бир куноосун кечирип койчу, отуном сенден. Атууга кеткен киши деле акталат турбайбы, алтыным, -деген сыйактуу создорду айтып, могодой салбырап жалынып жаткан куйоо баласынын созун уккан Тумардын ачуусу келип турду кызына.
-Атандын кору ай, кайран бала. Бул канчыкка кор болот экен го. Мынчалык эмнеге жалдыратат бул кок бет. Эркектин кусуру урган акмак экен го. Толкунбектин акы-
лы болсо бул бейбак ийикенче эч жакка кетпей эле койсо жакшы болгону турат. Иш, иш эле дейт. Тимеле иш менен илгерки партиянын убагындагы коммунизимди куруучудан бетер эмнеге шашат болду экен, -деди бир демге тыншап туруп:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#882 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ай Толкунбек, Толкунбек сен дагы бир байкуш экенсин. "Озун кылган иш, оз башына муш" деген ушул.
Тумар озунчо кобуранып чайпала басып тышка чыгып, эшик алдындагы скамейкага озун салмактуу таштады.
Кудагыйынын эмелки жадырап турган мунозу уйго кирип чыккандын ортосунда озгоруп, кабагы саландап, бир нерсеге кеймш тартып, озунон озу туталанып турганын байкаган Кына тынчызданган ун менен минтти:
-Экудагый, бир заматта туктойо туштунуз да. Бир жериниз ооруп турган жокпу.?
-Ой, баякы эле тигил экоонун азабы, оорубай эле соомун, кудагый. Менин кызым куйоосуно бой салбай кергиштеп, текебер суйлоп чыртылдап турганын угуп капа болуп чыктым. Толкунбектин келгени бир ай чамалап калды. Ошондон бери экоонун камыр-жумур болуп чыгышалбаганы жакшы болбой турат. Санаам тынат го дедим эле, тынбайт окшойт.
-Сиз ошондой ойлойсузбу , кудагый. Менимче, арты кайрылуу эле го. Жайнанын созго келип, куйоосунун куноосун кечирип, ушунчалык болгонун коруп конулум кокко сермелип, санаам тынып жыргап эле калдым мен. Анча-мынча болбой эмне болуптур. Aа, айланайын кудагыйым, Жайнанын чыртылдашынын деле, коркутканынын деле жону болуп жатпайбы. Тим кой, ошентип очун алсын. Ортобузда жашыра турган эмне бар. "КЫЗДЫН СЫРЫ ТОРКУНГО МАЛЫМ" дегендей, Толкунбек деген тозоктун эмне кылганын билебиз го акыры.
А-а-а, байкуш кудагыйым, анысы бар денизчи. Иши кылып сиз ойлогондой болуп эле туболугу туз болсо болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#883 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Сиздин конулунуздун тынганы, сиздин кубанычыныз, менин кубанычым эмеспи. Азыр ушул маалда менин экинчи кайгым Усон болуп турат, кудагый. Бул баланын тагдырын кандай кылабыз? сиздин да, менин да Мансур куданын да бир чон оор жумуш турганын менден мурда озунуз жакшы билесиз. Сиз бул жерге да жон келген жоксуз, турабы кудагый.?
-Туура айланайын кудагый, туура. Аккыз тушумо киргенден бери санаам санга, оюм онго болунуп, оз канымды озум ичип, тируулой куйутко тушуп куурадым. Санаадан ичим ичиме катып, этим этиме катып, куураган эле куу соогум калып баратат. Торубуздон корубуз жакын болуп, абышка экообуздун тен корго бутубуз саландап, уйлоп койсо учуп кетуучудой болуп улпулдоп эле аран турабыз.
Олсок да ыйманыбызды жеп, бироонун убал - сообун аркалап жузу кара болбой Кудайдын алдына жузубуз жарык барсак болот эле. Омурго кеч кирген сайын ушуну ойлоп, акыретке нийетибиз агарып, куноодон арылып, ыйманыбыз менен барсак экен деп калат экен. Азыр Усон жонундо Толкунбек эч нерсе билбейт. Ошондо ит болгондо, тируу баланы олду деп, бекер жашырган экенбиз.
Тумар Кынанын созун болду:
-Сиз билесизби кудагый, биз "Толкунбек Усонду билбейт" дегенибиз менен шекшип турат. Баланы элейе тиктеп туруп, тунжурап ойго батып кеткенин байкайсызбы? Усонду ары басса артынан, бери басса бет алдынан эрчий карап эси ооп турганына караганда, Зыйнатка окшоштурабы деп калдым.
А Асанды болсо андай коз караш менен карамак турсун, конул буруп да койбойт. Усондун тартткан суроторун коргондо эки бетти албырып , толкундап кеткенин коруп тан калдым. Кечээ кечте Усон башым деп жатып албады беле. Баланы коройун деп кирсем Толкунбек жанында экен. Мени байкаган жок. Жалынып, уулун опкулоп жатыптыр. Кокуй, -деп шырп алдырбай кайра чыгып кеттим. Азыркы менин кайгым ошентип Усон болуп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#884 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Келининиз экоонуз коргон туш, жон туш болбой калды, кудагый. Бул туштон жыйынтык чыгарбаса болбойт.
-Жакин эмне дейт экен, суйлошуп кордунузбу?
-Эмне демек эле. "Куу алган кушта эмне сын" дегендей, ал байкушта эмне кеп. Ушул балакеттуу тушту коргону он-алаттан кетип, бат эле арыктап, чунчуп кетти.. Толкунбектен ажыраганда да мынчалык болгон эмес эле. Ал эми Усондон ажыраган куну ажалдан мурда, баласынын куйутун которо албай олуп кетчуудой болуп журот. Канткен менен туубаса да тутунган баласы да. Ага элик сутун бербей, эмчек сутун берип, ботон элде туулганындыгын унутуп калган. "Баккан бала боор эт менен тен болот" деген калетсиз айтылган соз экен го. Жайна Усон дегенде энеден башкача узулуп тушуп, козун карап остурбоду беле.
А Усондун озучу!? Оо, ал Жайнагулго башкача жакын бала. Бул эне менен баланын ажырашуусу кыйын болот го, ыя кудагый, - деди Тумар.
-Анан эмне, кыйын болоорун кыйын болот денизчи. Кантип ажырашаар экен экоо.
-Баса сиз угалексиз, кудагый, -деди Тумар, -ал келинден кат келиптир Жайнагулго. Мен ошол каттын кабарын Жайнагулдон угуп "Толкунбек келип калат окшойт" дегенинен келип, ошол бойдон куйоо баламды кутуп калбадымбы. Эрден конулу калган шордуу кыздын акылына акыл кошуучу киши болбой, куйоосун ачуусу менен кутуп албай, колдон чыгарып жибереби деп, Жайнагулдун айынан, Толкунбек учун келбедимби. Кары кишинин жол журуушу оной эмес экен, кудагый.
-Аны бир айтасызбы, эки айтасызбы. Ырахмат сизге, келгениниз ажеп эле болбодубу. Билген кишиге алтын данакер болдунуз го биз учун. Ылайым уучунуз узарып, балдарыныздын ырахатын корунуз. Ал бейбак эмне деп жазыптыр катты. Атандын кору, тайбас экен го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#885 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Калп айткан менен болобу, ал дагы бир багы жок арам тура. "Толкунбек мени суйбойт, сизди гана суйот. Куйонуздо куноо жок, куноонун баары менде. Алыныз жетсе аз айып, коп куноосун кечирип кутуп алыныз" -дептир.
-Акыл кирип калган го Кудай жалгап. Акыры туболук булоо болбосуна козу жетсе керек.
-Тиги дейбиз, бул дейбиз, жаш кезде суу ылдый агып, суу ойдо чыгат тура адамда. Бул суйуу деген да бир оору болучу неме го. Азыр илгерки ашыклыктын айынан бири учун бири олуп, бири учун тентуучу суйуулор жок болгон тура. Болбосо Жусуп менен Зулайканын, Кыз Жибек менен Тологондун, Мырза уулу менен Аксаткындын, Олжобай менен Кишимжандын суйуусундой суйу кайсы жашта бар. Мына суйуу деп ушулардыкын айтыш керек. Ойлоп олтурсан бул суйуулор да заманына жараша болуучу неме окшобойбу. Кудая тобо, бири суйуп, бири суйбосо, булда тозок болучу неме тура. Жанакы Зыйнат деген суротчу келиндин жазган катын окуп олтуруп журогум ооруду. Эрге тийип эрден жок, бала тороп баладан жок, орто жолдо кан жутуп жалгыз калуу оной деп турасызбы. Кызынын сыздаганы кордо жаткан арбакты туйшолтконун карабайсызбы. Бул ишти Жайнагулго айтып ары-бери кылыш керек, болбосо эбак козу отуп кеткен аял жондон жон эле сиздин тушунузго кирген туну Жайнагулдун тушуно кирбейт эле да. Арбак козголуп, арбак каршыккан жаман, кудагый. Бул коз коруно сыр берген аянды этеген сайын коркконумдан журогум оозума тыгылат.
-Мени коркпойт деп турасызбы. Ошол тушумдон журогум тушуп, чочуганымдан оорумду оору дебей, алысты алыс дебей, жанымды оозума тиштеп алып учтум го асман менен. Болбосо бул жакка келуу оюмда жок иш болучу, кудагый айланайын. Бул жумушту коп создуктурбай, сиз экообуз ушул жерде чогу турганда Жайнагул менен чогу суйлошуп ары-бери кылалы. Менин Мансурдан да санаам тынбай турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#886 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол бирдеме болуп кетеби деп корком. Ай, ай, ал онбой калды, коросуз го. Атандын кору ай, балдарынын чайын иче турса жакшы болот беле.
"Атакем билсе каран иш, энекем билсе оз башынан откон иш" дегендей, Жайнагул го, Жайнагул. Ал баарын билип "Тоодой ишти тушуно катып, аттай ишти алдына басып", Усондун таштанды экенин эч кимге билгизбей, эгиздин тугойу кылып асырап олтурат. Муну Толкунбек билбейт да. Ага кандай айтабыз?
-Отун жарылган Толкунбек ай, кууратын го баарыбызды. Бул жашыруун сырды ага ачык айтпай туруп, Усон жонундо соз баштаганыбыз болбойт го, ыя кудагый. Жайна жумуштан келсе суйлошолу, эмне дейт экен.?
Толкунбек оз энесинин жондон жон эле тукуясыз келип калганына бир тан калса, экинчи тан калганы кайненеси экоонун суйлошуп создору, сырдашып сырлары бутпой, баштары баштарына тийип, кандайдыр бир орчундуу маселени чечалбай жаткандай болгон кункул создору, Толкунбектин дабышы кандай чыкты дегенче, экоо тен жаактары жап болуп, мостоюп калгандарын байкап:
"Кагылайын ырыскы шерик алтын энелерим, менден мынчалык сактанып жашыргандай, кандай татал жашыруун сырынар бар экен?"
-деп ойлоп тынчы кете баштады. Оз энем менен кайненемдики аз келгенсип Жакиндин да кабагына каар жаап, ачылбай калды. "Эмне учун? Мен билбеген кандай капа кайгылары бар болду экен учоонун?" деген ойду ойлогон бойдон тышка чыгып кетти.
Чын-чынына келгенде Толкунбектин санаасы да булардыкынан кем эмес болучу. Айырмасы эле олду деген баланын, Усон деген ат менен оз баласы болуп калгандыгы божомол шектуу туюлду. Зыйнаттан биротоло кетип жаткандагы ойлогон ою такыр башка болучу. Ал болсо, балдарыма барып, кайра баштан Жайнагул менен жашасам Зыйнатты эстебей, конулумдон биротоло очуруп саламын го деп ойлогон Толкунбек, уйуно келип Усонду козтоктотуп коргон кундон баштап, Зыйнатты конулунон очурмок турсун, тескерисинче, мунот сайын эски дарты жанырып, мунот сайын ою обого учуп Зыйнатты эстей баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#887 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Анын бир корккону баягы эле кундузу ойлогонунун, уктап жатып суйлогону болду. Ал ушундай баш аягы жок санаага батып, тээ бир окумга чейин дарбазанын алдында турду. Ал бул жерге келгенден бери, корсом деп комуско коксоп, конулунон чыкпай жургон адамдарды эстеп кетти. "Бир кун туз таткан жерине, мин кун салам бер" деген акылмандардын созун ойлоп, Токтогул менен Ырысты эстеп: "Буларды эчен ак май, кызыл чайын ичтим эле. Ачуу демделген чайы болсо да Толкунбек ичсин деп оозума кармап туруучу эмес беле . Зыйнат экообузду укту бекен? Эгер укса, Толкунбекке жакшы болду, Зыйнатка жаман болду, -дешип, жээнине кайгырып жатышкандыр.
Ошентип ар кайсыны ойлоп олтуруп, акыры аткарылбай жургон оюн аткарууга Толкунбек бугун чыгымдуулук кылды. Ал машинасын да айдабай, автобуска да тушпой эки жагын карабаган калыбында эл аз жургон чет кочолордун бири менен шыпылдай басып олтуруп кок сыр менен сырдалган тунукелуу уйдун, озуно таныш темир капкасынын алдына кандай жетип токтогонун озу да билбей калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#888 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   11 Октябрь 2015 - 01:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбек короого кандай киргенин уй ээлеринин эч кимиси байкабай калышты. Толктогул карыянын, эчак жашын жашап буткон эски арбаны ондоп, ичин кандайдыр кара темир менен каптайм деп озунчо туйшуктонуп жатканын коруп, жигит унсуз токтоп калды.
Ал эми Ырыс апа болсо, очокко от жагып казан асып, пияз каттама жасап жатканын жытынан билди. "Баягы адатынча абышкасы жакшы коргон каттамасын жасап жаткан экен, -деп ойлоп койду. Бул карылардын бир жакшы жери , оздорун оздору жакшы сыйлап, жакшы ичип- жешетурган адаттары бар болучу. Кун отту, омур отту, деген ушул. Карылыкка моюн сунуп, энкейип калышкан экен., кайран кишилер деди ичинен. Оо, бир окумга чейин эки жагын карабай иштеп жаткан карылардын кыймыл-аракетин карап тургандан кийин салам айтты:;
-Саламалейкум ата! Иш илгери болсун, -Толкунбек мурда эле Токтогулду ата, Ырысты апа дечу.
Карыя Толкунбекти карабаган калыбында алик алды.
-Алекима салам. Ырахмат. Сен кайсы баласын?
-Мен Толкунбекмин, ата.
-Эмне дейт? -карыянын колундагы балка ыргып кетти.
-Толкунбек дейби!? Ырыс апа очок оозунан ыргып турду. -Ой, секет кетейин, Толкунбек болгонундан.
Токтогул карыя олтурган ордунда кулачын жайа берип барк этти.
-Энкей бери, Жаманатакойу, кандай сак-саламат , аман-эсен турасынарбы? (Толкунбек обдула берип, чекесинен опту)
Зыйнат да келдиби?
-Жок, мен элемин ата. Зыйнат Москоодо.
-Бизди унутунар го.?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#889 Пользователь офлайн   kyrgyzjigiti91   13 Октябрь 2015 - 17:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 03 Июль 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2016 04:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримден

Колунузга береке Нуржамал Тешебаева эже
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#890 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 22:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

КУТУРГОНУМ УЧУН КЕЧИРИП КОЙГУЛА , ИШТЕН УБАКТЫМ ЭЧ ЭЛЕ БОЛБОЙ КАЛЫП АТАТ . ТУУРА ТУШУНГУЛО УБАКТЫМА КАРАП ЖАЗЫП ТУРАМ.







Туз жерден жыгулчуудай болуп, чалынып-чулунуп келаткан Ырыс кубанычтан алыстан эле озунчо кобуранып жалынып келатты.
-Ой, секет кетейин каралдыларым, жол каратып коз майды туготтунор го каралдыларым сагынтып, -Толкунбектин мойнунан кучактап бети-башынан туш келди опкулоп жатты.
-Зыйнат Москоодо дейсинби? Ал кыздын "комондиропкоосу" бутпойт экен го.
Токтогул карыя созго аралашты.
-Толкунбек тушумдо жыланбаш, озу жалгыз келип жатыптыр, деди эле байбиче. Ырас эле жалгыз келген тура. Уйго кирели. Сен бизге карабай чай-пайынды дайардай бер, байбиче.
Толкунбек бул кишилердин созун угуп журоксуй тушту. Зыйнат экообуздун ажырашканыбызды угуша элек турбайбы.
"Кап, менден укпай, башкадан укса болот эле. Зыйнат озу деле кат жазып койсо болмок экен" деп ойлоду.
-Машинан кочодобу? деди карыя.
-Жок, жоомун ата.
-Жоомун,!? Жоо келдинби?
-Ооба, машина тигил уйдо калды, - деди мукактана суйлоп. -Жон жайды шашпай айтайын деп ойлоп, созду башка жакка бурду. -Кандай, деги ден-соолукта, куулу демдуу турасынарбы?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#891 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 22:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жогору от, -чарпаянын торун корсотту. -Ден соолук деле жашка жараша болуучу неме тура, балам. Турабыз кылдырап. Током Алымканды ырдагандай, "бир кун оору, бир кун соо" болуп омур отуп жатат. Кудай Таалам пендем деп жаратса, кемпирим экообуз бир кундо олсок деп суйлошуп калабыз.
-Жарыктык, ошондой кантип болсун, ойго келбеген ишти айтасыз.
-Силерди кайра-кайра убара кылбай, экообуздуку чогу болсо жакшы эле болоор эле. Э-э-ээ балам, кандан чыккан карачечекей куйоор-бышаарын болбосо ойлойт экенсин. Жанакы Кудай озу суйуп берип, кайра озу суйуп алган топ баланын бири эле болсо кана.
-Токтогул ашкана жакта жургон кемпирин карап бурк этти:
-Э-ээ байбиче, сени бироо очоктун озуна байлап койдубу. Чай бермегин тозок болду го!
-Мына азыр, -деди аял, -менин карыганымды билбей, сен дагы эле келин бойдон шайдоот дейсин го, ыя бай?
-Мага келиндей эле коруносун, байбиче.
-Токтогул борс-борс кулду.
Аял самоор которуп чарпаянын алдына келгенде Толкунбек ордунан тура калды.
-Жарыктык, мага эле айтып койбойсузбу, саоор бар деп, -Ырыстын колунан алып, табактын устуно койду.
-Самоорсуз чай ичпейсиздер ээ?
-"Бай жардыланса, байлыгын койбойт, кембагал байыса, кедейлигин кобойот" дегендей эле кеп. Самоорго конгон жаныбыз электир, газ дегенге кайнаткан чайга коно албай койдук, балам, -деди Ырыс байбиче падноско салган катамаларын досторкон устуно коюп жатып, -Толкунбектин келерин билгендей жасаган экемин каттаманы. Ырас болбодубу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#892 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Зыйнат силерге кат жазды бекен деп ойлодум эле.
Сыйагы , эч нерсе жазган эмес го.?
-Жок, жазбады, балам. Бир жолу Маскоодон тилипон чалган. Андан ары Индостанга барамын деди эле. Делиде буткул дуйнолук суроткерлердин сурот коргозмосу ачылат экен го. Ага Зыйнаттын да чыгармалары катышат турбайбы. Качан келерин айткан жок. Сен менен суйлошуп турса керек.?
-Жок, мени менен суйлошподу. Сыягы, биз жонундо эч нерсе билбейтурбайсыздарбы. Мен силерди уктуго дедим эле.
-Укпадык, балам. Эмне болду эле? Деги жакшылыкпы? -деди Ырыс Толкунбекти анкая карап.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#893 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Зыйнат экообуздун ажырашканыбызга бир топ болуп калды.
Токтогул ата Толкунбекти карады.
-Ажыраштык дейсинби? Баса машинем тигил уйдо дегенинден шектенген элем.
-Ооба, ата, ажыраштык. Бул ишти Зыйнат озу баштап , озу чечти.
-Озу чечти!? -Ырыс апа ишенбегендей анкайа тушту. Анан бир демге ойлоно тушуп минтип кошумчалады. -Ал, куураган байкуш, тууп тукумду бербегенден кийин, балдарын тируулой жетим калтырып убал-сообун аркалабайын деп тобокелге салган экен анда. Акылдуу эмеспи, аяган тура.
Токтогул карыя адагенде томсоро тушуп, оо бир окумга чейин кирпик какпай дасторкондон коз албай ойлу тиктеп тургандан кийин чалкалай берип, башын Толкунбекти коздой буруп минтти:
-Жакшы кеп болбоптур , балам. Зыйнат бул жагынан азаматтык кылган экен. "Куш айланып учуп, уясын табат" деген ошол. Эми ким киминер болбосун бактылуу болсонор эле болду. Эртеби кечпи, зилинде бир ажырашу бар го дечу элем. Оюм туура чыкты. Бул жакта балдарын кандай турушуптур? Сен коруп баселе жыгылышса керек.
-Жок, ата, басып жыгылышпай калсын. Мени коруп:
"ЧООЧУН КИШИ КЕЛДИ" -деп уркушту , балдарым. Чындыгында эле мен аларга ЧООЧУН КИШИ болуп калыптырмын. Эми, эми кичине уйур алышып келатабыз. Оюмда, кокустан Жайнагул кабыл албаса кайра эле: "Зыйнат кайдасын" -деп кетемго дедим эле. Бирок андай болгон жок.
-Угушубузга караганда ал келинди эстуу киши дешет го. Балдар учун кечирет да, -деди сакалын сылай берип.
-Баса, Толкунбек, балдар демекчи, ошол эгиз уулдарын жонундо чон соз бар, балам. Баякуну эле, мына бул мандайыбыздагы Самат деген кошунабыз кыз чыгарып, той берди. Саматтын кулачы кенен жайылган жигит экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#894 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Тойго Колдон да, Чуйдон да, Таластан да, Казакыстан менен Озбекстандан кишилер коп келди. Кошунанын тоюнда Саматтын аялы Дилдештин болосу менен таныштым. "Сураша келсек карын боло чыгат" дегендей, силерди жакшы билет экен.
-Аты ким экен?
-Айганыш. Мурда силер жакта иштеген тура.
-Айганыш! Оо, билем ал кишини. Мурда Чолпон-Атада болучу. Азыр билбейм кайда иштээрин.
-Кайда иштерин мен да сураган жокмун. Сыйагы Бишкекте го.
-И, анан эмне дейт бизди?
-Толкунбектин эгиз уулдарын мен торотком дейт . Бирок чындыгы ал балдарды оз колум менен кабыл алган эмесмин дейт. Мага кабарды Мансур ата барып берди. Келсем Кына байбиче эки баланын киндигин эбак кесип, экоону эки башка ороп коюптур. Мен Жайнагулдун аман эсен коз жарып, эки колун бооруна алганына кубанып, балдардын тонун кароо да оюма келбептир. Менин бар болгон кызматым, машинеге салып торот уйуно жеткируу болду. "Бир куну жанылык укпаса, адамдын кулагы дулой болот" дегендей, эртеси уксам, "ошол туну Мансурдун эшигинин алдына кимдир бироо жаны торолгон бир эркек баланы таштап кетип, уй элери корбой тонуп олуптур" деген соз чагылгандай чарт этти. Оюмда, балким, ошондой болсо керек, деп койдум ишенип. Бирок "жамандык жерде жатпайт" дегендей, кийин баягы таштанды бала, Эсенова торогон Толкунбектин уулу имиш деген созду угуп: "Баса, бир кермек дамы бар эле" -деп, ошондон бери аран шекшип журом.
Кудая тообо, анан калса, ошол кезде Жайнагул тороп, "Кан бастыга, жан басты" болуп, бироо атайын заказ бергенсип, Жайнагул эгиз тороду болуп калганын карабайсынбы. Капырай, деги адамдан амал качып кутулбайт экен го. Мансур менен Кына "Кой оозунан чоп албаган", Кудайы момун кишилер ондонгону менен айлакер адамдар турбайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#895 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Айлакер болбосо тигил баланы: "Тонуп олду" дешпейт эле да. Анысы аз келгенсип мурзого барып: "Баланын соогун жашырып жатам" -деп топуракты томпойтуп уйуп олтурганын коп киши коруптур. Анан ишенет да эл. Зыйнат бечеранын ошол баладан кийин тороту токтоп калганын угуп, боорум ооруду. Мынчалыка баргандан кийин таштабай нетпей эле, ачык тороп алса болмок. Эчен-эчен сурайын деп журуп эле убакыт отуп кетти. Анын устуно корушпой калдык. Ушул сапар Ошко келишимден пайдаланып, Жайнагулго учурашууну уйдон эле пландап койгон болчумун. Анткени экообуз бир жылга жакын бирге иштедик, туздаш-даамдаш болдук дегендей, жакшы саналыштык жайыбыз бар болучу, -деп суйлоп олтурду тойдо. Айганыш кетерде уйго чакырып, чай берип, Жайнагулго кезиккен, кезикпегенин сурадым. Кезигиптир. Уйундо болуптур. -Эгиз балдарын кордунбу, кандай экен? -деп сурасам айтты:
-Ой, апа, анын эмнесин сурайсыз, тим эле таптатынакай, супсулуу балдар болуптур. Коздору бажырайып экоо тен Толкунбектин оозу-мурдунан тушконсуп, озу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#896 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Анда тигил келин озу эле торогон го десем минтти:
-Жок апа коё турунуз. Мен Усон деген уулунан шектенип калдым. Толкунбектин козуно козу окшош болгону менен, адамды кыя карагандагы коз карашы, каш-кирпиги кадим эле Зыйнаттын озу. Анан дагы кулгон кулкусучу. Анын атасы Эсен, Эсен болуп райондун бир жагын чоюп турганда, менин атам да ошол райондун озундогу "Достук" савхозунда парторг болуп иштоочу. Андан дагы эки кабат уйдун биринчи кабатында биз, экинчи кабатында алар турушчу. Ошол кезде Зыйнат так ушул Усондун курагындагы татынакай эрке кыз болотурган.
-Зыйнат экоон тенсинерби?
-Жок, ал менден кооп кичуу болуш керек. Усондун кээ бир кыялын, баскан турганын коруп олтуруп Зыйнаттын балалык кези кайра-кайра коз алдыма тартылып жатты. Атасы Эсен да, апасы Аккыз да эл оозуна кирген, жакшы адамдар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#897 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Зыйнат ошондой кымындай кезинде эле суротко, ою-чийууго ышкыбооз, такылдаган чыйрак кыз болотурган. Бул тагдыр деген татаал нерсе болот тура. Зыйнатты ушундай эли журтка белгилуу, кыргыздын атак-дактуу кызы болуп, бирок уй булоо кутудо таалайы тайкы болоорун ким ойлоптур, -дейт Айганыш.
-Ушул создорду уккандан бери санаам санга болунуп, Зыйнатка аябай боорум ооруп калды, балам. Ал уулуна озундун коз карашын кандай? Тигил келин айткандай чын эле Зыйнатка окшош жактарын байкай алдынбы, же байкай алган жоксунбу?
Толкунбек байбиченин мындай суроо берерин ойлогон эмес болучу. Эмне деп айтаарын билбей деми буудай тушту. Ошол самда анын журогуно бир нерсе тык деди . "Билем деген мин соз, билбейм деген бир соз" дегендей, аны жакшы "байкаган жокмун" деген ден башка кызыгы жок деп ойлоду. Кокустан ...."Ооба, Зыйнатка окшоштугу бар экен" деген соз оозунан чыкты дегенче, ал дароо Зыйнатка жетерине козу жетип турду. Андан кийин эмне болот? "Толкунбек айтыптыр болуп" , Жайнагулго барып бир тиет. Жок, жок, оозду басыш керек. "Тоо кордунбу, жок, бээ кордунбу , жок". Толкунбек оо бир окумдан кийин кулгон болуп митти.
-Билбейм мен Усондон деле, Асандан деле, эч нерсени байкаган жокмун. Атам менен эне тируу баланы кантип эле олду деп айтышсын. Анткени Зыйнат экообуз жонундо ал кезде эч кандай кеп соз жок эле да. Мен устунон чыгып, оз козум менен кордум го баланын жайына койгонун. Билбейм. Айганыш эмне учун антип айты экен. Бекер соз го, апа.!
-Жок , бекер эмес. Коробуз го акыры тубу.
-Ишенбейм, -деди Толкунбек оозу бош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#898 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ишенбесен ишенбе. Бирок эртеби-кечпи чындыгы чыгат дечи.
Мен ал баланы оз козум менен корууго аракеттенип кором. Эгерде чыны менен Айганыш айткандай болсо, кантип эле энесине бир жери окшобой калсын. Болуптур, балам, бугунку соз ушуну менен бутсун.
Токтогул карыя чайдан бошогон чынысын кемпирине суна берип, аялына кабатырлана минтти:
-Жок создун кереги эмне, байбиче. Чын болсо да, калп болсо да мындай ушак айымга башкалар аралашса да, сен аралашпа. Ушул жашыбызда бироонун аки-чукусуно кийлигишип не азап. Уккан уккан жерде, коргон коргон жерде калган жакшы. Мейли, ал бала Айганыштын айтканына туура келип, Зыйнаттыкы экени чын болгон кундо да , баланы Жайнагулдон алып, Зыйнатка кайтарып берууго эч кимдин акысы жок. Бала туугандыкы эмес, тутунуп баккандыкы.
Ырыс чалына таарынгандай мостоё тушуп, башын чайкап, бирдеме айтайын деп оозун камдап келатты эле, Токтогул колун шилтеп минтти:
-Байбиче, болду токтот созунду.
Ушул жерде Толкунбекти ойго салган бир соз Ырыс апанын "Эгерде Зыйнаттын торогону чын болсо, кантип эле энесине бир жери окшобой калсын" деген созу болду.
Ырыс абышкасына карап минтти:
-И ботом, абышка, аралашпай созунду токтот дейсин да. Аралашатурган иш болсо аралашып, суйлойтурган соз болсо суйлойм да. Сен экообуз эми, оз бир тууганыбызга карышы озубуз ок атабызбы? Мени антип тыйба. Эгерде эле бала Зыйнаттыкы экенине козум жетсе, туз эле ачыкка чыгам. Барам Жайнагулго. "Ээси келсе, бээсин бер" дегендей, берсин баласын озуно. Убал-сооптон корк дейм. Зыйнатты да Кудай жараткан. Калыстык кыл. Мен Зыйнат жонундо да, сен жонундо да жакшы билем, деп айтам.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#899 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Атандын кору иттин кызы, Кунболот менен туболуктуу уй-булоо болуп жашай албасын билгенден кийин, ачык эле тороп алса болмок. Олдо бакуш Зыйнат ай, "Баланы таштап кайра тартканыбызда, журогум узулуп, опко-боорум эзилип, ошол кызыл эт ымыркай менен Мансурдун эшигинин алдында калгандай, карегим карангылап, озумду озум жоготуп, акылым айнып келатып Бишкекке кандай абалда, эмне болуп жеткенимди билбейм, тажене. Оз канынан чыккан наристесин, бироонун эшик алдына таштап, оз баласын озу олтургон мен сыяктуу кара боор, таш журок шумшукко КУДАЙ ТААЛАМ экинчи кантип бала берсин. Тагдыр мении туура жазалап, тукум коргус кылып туурамды туготуп койгонун кантип тушунбойун, сооп болот мага", -деп канча жолу айтса, ошончо жолу ботосу олгон ингендей буркурап-боздоп жиберчу эле. Бирок Зыйнаттын бир жерине тан калчуумун. Анткени баласынын олуму жонундо Толкунбек куноолу деген соз эгерим оозунан чыкчуу эмес. Андан башка тажаал аял болсо сенин жакандан колу кетпейт болучу, балам. Ой, шумдугун кургур, баласын аяздуу кычыраган кыштын тунундо талаага таштап олтургон адамдын конулу калбаган мындай энени уим коруп, ким угуптур. Корсо, бул конул менен суйуу деген капыр баланын ажарынан кучтуу болучу неме окшобойбу.
Толкунбек учун Зыйнаттын бала жонундогу куйуту жанылык эмес болучу. Башкаларга куйоосун куноолу деп ачык айтпаганы менен, анын тарткан азабын, куйгон куйуту канча ай, канча жылдан бери козу менен коруп, кулагы менен угуп, жедеп бышык кулак болуп буткон жигиттин абалын Ырыс менен Токтогул кайдан билсин. Толкунбек Ырыс апанын айткан создорун айласыздан угуп, жети омуру жерге кирип, бул уйдон кантип чыгып кетерин билбей, чай эмес эле уу ичкенсип кара терге тушуп олтурду.
Ушул саамда, жамандык менен жакшылыкты башынан кооп откоргон кыраакы чал: "Эр жигиттин уялганы , олгону" -деп ойлоп Толкунбектин сурун коруп, байбичесинин суйлогон созун жактырбай, чыдамы кетип алая карап минтти::
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#900 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   14 Октябрь 2015 - 23:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Болдубу эми, алжыган акмак.
-И , эмне болуп кетти?
-Атандын башы болуп кетти. Туштон кийин жаштардын ишине кийлигишип, откон ишке эмнеге мынчалык башты оорутуп олтурасын?
-Туштон кийин эмес бай, билсен эн сонун убагы. Бала олбой-житпей эле тируу деп атпайбы.
-Тируу болсо сонун болуптур. Бирок, сага айтым го, тируулугун да, эки баланын эгиз эместигин ким далилдеп, ким куболуко отуп берет? Ой тобо, баланы Зыйнат туубай эле сен озун туугансып орттоносун да. Эмне кылса оздору чечип, оздору билсин. Бажылдап олтуруп, Толкунбекке чай да ичирбедин.
-Жок ичтим, ата, рахмат. Анда мен бата кылып кете берейин. Атайын эле сиздер менен учурашып, ал-абалыныздарды билейин деп келгемин. Билдим, учураштым, жакшы экенсиздер.
-Ырахмат эстеп келгенине. Ырыс апандын созуно капа болбо, балам. Бул байкуш да Зыйнатка куйгонунон айтып жатат. "Уккан кулакка жазык жок" дегендей, кулак укса курсак кайнайт деген ошол. Зыйнат Москоодон качан кайтаарын билбейсинби. ?
-Билбейм, ата. Мен билгенден ал озунун чыгармалары койулуучу Индостандын коз карандысыз республика болгондугунун 50 жылдык юблейинин урматына ачыла турган Делидеги Буткулдуйнолук корком сурот искуствосу боюнча уюштурулган коргозмого катышат.
-Мен суротчулуктун мынчалык чон даражалуу онор экенин билбептирмин. Корсо, суроттун да улкон кадыр-баркы, суроттун да коп кырдуу атак-данкы болучу неме экен го.
Толкунбек кулду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 23:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: