ОШ ОБЛУСУНДА «ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИЗМДИ ЧАГЫЛДЫРУУДАГЫ ЖМКНЫН РОЛУ» АТТУУ СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ
Ош облусунда «Экстремизм жана эл аралык терроризмди чагылдыруудагы ЖМКнын ролу» аттуу 2 күндүк семинар өтүүдө. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз катчысы Нургазы Каримов маалымдады.
Семинарга УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов,
ЕККУнун Бишкектеги борборунун аскердик саясат департаментинин жетекчиси Мачей Даховски, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков,
диний эксперт Кадыр Маликов, жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Семинардын жүрүшүндө атайын эксперттер журналисттер үчүн “Азыркы учурдагы терроризм, динге байланыштырылган экстремизм түшүнүгү жана өзгөчөлүктөрү” темасында лекция окушуп, журналистерди терминдерди колдонууда маанисине өзгөчө көңүл буруп, маалыматтын туура багытта колдонулуусуна өзгөчө басым жасашты.
Мындан сырткары журналисттер үчүн Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев диний терминдердин шарияттагы маанисин түшүндүрүп,
алардын колдонулуу маани, мазмуну боюнча аят, хадистерден айтып берди.
Эскерте кетсек, аталган 2 күндүк семинар УКМК, ЕККУ жана“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган.
Исламий жаңылыктар...
#141 17 October 2015 - 19:46
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#142 17 October 2015 - 19:47
КАРА-СУУДАГЫ 83 ЖЫЛ МУРУН КУРУЛГАН «ИМАМ-АТА» МЕЧИТИН ЖАҢЫЛОО БОЮНЧА МАРАФОН ӨТТҮ
Кечээ, Кара-Суу районунунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу 83 жыл мурун курулган «Имам-Ата» мечитин жаңылоо боюнча марафон болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган марафонго Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышып, жалпы мечиттин жамаатын куттуктап, казыяттын атынан да салым кошту. Нурбек кары Орунбаев мечит куруу сооптуу иш экендигин белгилеп, мындай жакшылык иште жалпы тургундарды биргеликте өз салымдарын кошууга чакырды.
«Азыркы күндө элдин саны көбөйгөндүктөн улам жума күндөрү мечитке келген жарандар батпай калууда. Учурда мечитти жаңылап, сыйымдуулугун көбөйтүү зарылчылыгы жаралган. Мечиттин жаңы долбооруна ылайык мечит 2 кабаттуу заманбап болуп, 1000 адамга ылайыкташтырылып курулууда», -деди Имам-Ата» мечитинин имамы Юсуфкан Ахмадалиев.
Эскерте кетсек, «Имам-Ата» мечити 1932-жылы курулуп, 400 адамга ылайыкташылган.

#143 17 October 2015 - 19:48
БАТКЕНДЕ «СПОРТ – БУЛ ТЫНЧТЫК!» АТТУУ ФУТБОЛДУК ТУРНИР БОЛУП ӨТТҮ
Кечээ Баткен районуна караштуу Карабак айылындагы Б.Нарматов атындагы орто мектебинде Баткен облустук мусулмандар казыяты менен «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демократиялык комиссиясы каржылаган «Тынчтыкты курууда диний лидерлердин ролун күчөтүү» долбоорунун алкагында «Спорт – бул тынчтык!» аттуу футболдук турнир болуп өттү. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы кабарлады.
Турнирге Кара-Бак айыл аймагынын башчысы Убаев С.Т., Баткен РИИБнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору Үсөнова М., Кара-Бак айыл аймагынын баш имам-хатиби Темиркулов А., журналисттер, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары катышышкан.
“Аталган турнир спорт аркылуу жаштардын арасында тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти бекемдөө жана жаштарды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү. Турнирге жалпысынан Б.Нарматов атындагы орто мектебинен 16 команда катышты”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.
Турнирдин салтанаттуу бөлүгүндө Кара-Бак айыл аймагынын баш имам хатиби, Кара-Бак айыл аймагынын башчысы «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду менен биргеликте алып барган иштери жөнүндө, фонддун кызматкери жана мектеп жетекчилиги сөз сүйлөп, окуучуларды тынчтыкты сактоого, сабырдуу, ынтымактуу жана биримдиктүү болууга үндөштү.

#144 17 October 2015 - 19:49
ОШМУДА ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн ОшМУнун филология факултетинде ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча атайын семинар болуп өттү. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык мусулмандар казыятынан барган өкүл семинардын жүрүшүндө тойлордо жана ашыкча эбегейсиз ысырапкерчиликтер боюнча кенен токтолуп, шариаттан мисал келтирүү менен түшүндүрдү. Ошондой эле атадган семинардын жүрүшүндө бүгүнкү күндөгү турмуш курууга аттанып жаткан жаштардын алдыдагы кыйынчылыктарга, жашоого даяр эмес экендиги баса белгиленип, бул боюнча ата-энелер балдарды турмушка даярдоодо өздөрүнүн көмөгүн көргөзүүлөрү зарыл экендиги айтылды.
Семинарга Ош шаардык казыятынан, ОшМУнун мугалимдер жамааты жана студенттер катышышкан.

#145 17 October 2015 - 19:51
ОШ ОБЛУСУНАН АЖЫГА КЕТКЕН ЗЫЯРАТЧЫЛАРДЫН 6 ТОБУ КАЙТЫП КЕЛИШТИ
Кечээ, Медина-Ош багыты боюнча Ош облусунан учуп кетишкен зыяратчылардын 6 тобу мекенибизге кайтып келишти. Зыяратчылар Кыргызстан убактысы боюнча түнкү саат 21:00дө Ош Эл аралык аэропортуна келип конушту. Зыяратчыларды тосуп алуу аземине Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбаев катышып, зыяратчыларды ажылык парзды аткарып келгендиги менен куттуктады.
«Кезектеги келген рейсте 1 тайпа Өзгөн районунан, 1 тайпа Алай районунан, 1 тайпа Араван районунан, 1 тайпа Баткен облусунан жалпысы 200 зыяратчы ажылык амалдарын аткарып келишти. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунан жалпысы 910 жаран мекенибизге кайтып келишти”,-деди казыяттын маалымат кызматы.
Маалымат: Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#146 17 October 2015 - 20:47
ОШ ОБЛУСУНДА ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ ТЫНЧТЫКТЫ ОРНОТУУ БАГЫТЫНДА УЮШТУРУЛГАН ДИЛ БАЯН ЖАЗУУ КОНКУРСУ АЯКТАДЫ
Ош облусунда ар түрдүү этностогу жаштардын арасында дил баян жазуу конкурсу жыйынтыкталды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш чарага Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Канат Абдураимов жана КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык байланыштар боюнча агенттиктин Ош облусундагы өкүлү Расул Жолдошов катышып, жеңүүчүлөрдү куттукташты.
Иш чараны демилгелеген “Эл аралык толлерантуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлдөрү сынактын негизги максаты “ар кандай топтордогу ар түрдүү этностогу, светтик жана диний жаштардын өкүлдөрүн өлкөбүздөгү тынчтык маданиятын алдыга жылдырууга, ар түрдүүлүктү сыйлоого, тынчтык жана стабилдүүлүк маселелери боюнча биргелешип иштөөгө жана диалог курууга тартуу болуп эсептелет” – деп белгилешет.
Сынакка катышкан метеп окуучулары жана медреседе билим алган жаштар тынчтык, биримдик, ынтымак жана толеранттуулук боюнча өздөрүнүн жазган дил баяндарын конокторго окуп беришип, өздөрүнүн ой чабыты боюнча пикирлерин билдиришти.
Эскерте кетсек, аталган иш чара “Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты куруу максатындагы көп секторлуу кызматташтык” долбоорунун алкагында уюштурулган.

#147 17 October 2015 - 20:48
КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН АЗИРЕТИ МУФТИЙИ ЕГИПЕТ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы Египет мамлекетинин Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Хайсам Салах Камель Ибрагим менен жолугушту.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Египет мамлекетинин Кыргызстандагы жаңы дайындалган толук жана ыйгарым укуктуу элчисин жылуу кабыл алып, Египет элчисин жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Жолугушуу жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечегин талкуулашып, кызматташтыкты бекемдөө туурасында пикир алмашышты.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы Египет мамлекетинин Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Хайсам Салах Камель Ибрагим менен жолугушту.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Египет мамлекетинин Кыргызстандагы жаңы дайындалган толук жана ыйгарым укуктуу элчисин жылуу кабыл алып, Египет элчисин жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Жолугушуу жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечегин талкуулашып, кызматташтыкты бекемдөө туурасында пикир алмашышты.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#148 17 October 2015 - 21:02
БАТКЕНДЕ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА 13- ОКТЯБРЬ “ ЭЛ АРАЛЫК БӨӨДӨ КЫРСЫКТАРДЫН КОРКУНУЧУН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ” АРНАЛГАН АСКЕРДИК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ
Баткен облусундагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “үчүнчү” өзүнчө издөө-куткаруу отряды тарабынан 13-октябрь “Эл аралык бөөдө кырсыктардын коркунучун азайтуу күнүнө” арналган аскердик эстафетасын өткөрдү. Бул тууралу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Авлиёев Фуркат кабарлады.
Аскердик эстафетага Баткен шаарындагы В.И Ленин, Жоомарт Бокөнбаев атындагы орто мектеби жана Баткен гимназиясы, №3 мектептин окуучулары ошондой эле “Муьаз ибн Жабал” медресесинни студенттери катышышты.
“Катышуучулар аскерлердин техникалык куралдары, жатаканасы, тамак-аштары менен таанышып, аскерлер тарабынан даярдалган өзгөчө кырдалдарда сактануу жол-жоболорун иш жүзүндө окуучуларга көрсөтүп беришти”,-деди казыяттын маалымат катчысы.
13- октябрь “ Эл аралык бөөдө кырсыктардын коркунучун азайтуу күнүнө” арналган аскердик эстафетада жалпысы болуп 5 команда катышса, автоматты бат чачуу, жыйноо боюнча жарышта өздөрүн артыкчылыгын көрсөтүшкөндүгү үчүн “Муьаз ибн Жабал” медресесинин командасы I даражадагы диплом менен сыйланган.

#149 17 October 2015 - 21:37
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ НООКАТТАГЫ "МОЛДО ТААБАЛДЫ АЖЫ" АТЫНДАГЫ МЕДРЕСЕСИН ЗЫЯРАТ КЫЛДЫ
Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл округунда жайгашкан "Молдо Таабалды ажы" атындагы медресесин зыярат кылып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Иш чарага облустук казыяттын иш башкармасы Абдыжапар Жакыпов, Ноокат районунун баш имам хатиби Маматкасым Турдубаев жана медресе мүдүрү Убайдулла Сатибаевдер катышышты. Иш чаранын журүшүндө аталган топ, окуу процесстеринин жүрүшү, окуучуларга түзүлгөн шарттары менен таанышып, бирдиктүү окуу программасынын аткарылышы боюнча бир катар текшерүүлөрдү жүргүзүштү.
«Бүгүнкү күндө медресе 2 бөлүмдөн туруп, балдар бөлүмүндө 73, кыздар бөлүмүндө 46, жалпысы 119 окуучу билим алып жатышат. Азыркы күндө окуучулар үчүн 70 орунга ылайыкташтырылган 2 кабаттуу жатакана курулууда», -деди казыяттын басма сөз кызматынан.
Облустук казыят "Молдо Таабалды ажы" атындагы медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, медресенин иш аракеттерине жакшы деген бааларын беришти.
Эскерте кетсек, бул иш чара КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, кийинки кезек Өзгөн районунда улантылмакчы.

#150 17 October 2015 - 21:40
ОШ ОБЛУСУНДА КРНЫН 2014-2020-ЖЫЛДАРГА КАРАТА КАБЫЛ АЛЫНГАН КОНЦЕПЦИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
Кечээ 15-октябрда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө “2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча облустук кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу облустук казыяттын басма сөз кызмат маалымдады.
Кеңешмеге КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү Кундуз Баялиева, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана райондордун баш имам хатибдери катышышты.
Кеңешменин негизги максаты катары “2015-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу жана отчеттуулукту тапшыруу тартиби боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү экендиги айтылды.
Кеңешмеде дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруу пландары, планды аткаруунун отчеттуулугу жана аткаруу процедуралары темаларында докладдар окулуп, катышуучулар арасында талкуулар жүрүп, зарыл болгон сунуштар айтылды.
Эскерте кетсек, бул иш чара КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн

#151 17 October 2015 - 21:49
МОСКВАДАГЫ БОРБОРДУК МЕЧИТТИ ШЕЙХ МАХИР БИН ХАМАД АЛЬ МУЪАЙКИЛИ ЗЫЯРАТ КЫЛАТ
Москва шаарындагы борбордук мечитине жума намазына Сауд Арабиясынын «Харам» мечитинин имамы шейх Махир бин Хамад Аль Муъайкилинин келээри күтүлүүдө.
Бул туурасында Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнутдин билдирген. «Махирдин окуган Куранын миллиондогон мусулмандарга маалым»,-деди Гайнутдин.
Шейх Доктор Махир Муъайкили Сауд Арабиянын Мадина шаарында 1969-жылдын 7-январында туулган. Мадинадагы педогокика институтунун математика факультетин аяктаган. Бала чагында ыйык Кураны Каримди толугу менен жаттап, Меккедеги Амир Абдулмажиддин мектебинде тарбиячы болуп эмгектенген. Уммул Кура университетинин Шарият факультетинде магистирлик илимий даражага жетишкен.
Шейх Муаъйкили буга чейин Мекке шаарынын Аль Авали кварталынын жума мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенген. Мындан сырткары Мадина шаарындагы Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) мечитинде рамазан айларында таравих намазы үчүн атайын чакырылган имам кызматын дагы аркалап келет. Азыркы учурда куттуу Мекке шаарындагы Аль Харам мечитинин имамы.

#152 17 October 2015 - 21:52
БАТКЕНДЕ «ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ТОЛЕРАНТТУУЛУК МАДАНИЯТЫН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЫНЧТЫКТЫ КҮЧӨТҮҮ» АТТУУ ТРЕНИНГ ӨТҮҮДӨ (ФОТО)
Баткен облустук мусулмандар казыяты менен «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демократиялык комиссиясы каржылаган «Тынчтыктыкты курууда диний лидерлердин ролун күчөтүү» долбоорунун алкагында «Окуучулар арасында толеранттуулук маданиятын жайылтуу жана тынчтыкты күчөтүү» аттуу тренинг болуп өттү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
«Окуучулар арасында толеранттуулук маданиятын жайылтуу жана тынчтыкты күчөтүү» аттуу тренингинин башкы максаты окуучулардын арасында толеранттуулук маданиятын жайылтуу, биримдикти жана тынчтыкты күчөтүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
Аталган тренингке Б.Нарматов атындагы орто мектептин 8-11 класстарынан 40 окуучу катышты. Тренингтин башында долбоордун ассистенти Д.Турдуев “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жөнүндө, долбоор жөнүндө катышуучуларга кеңири түшүнүк берди. Андан сырткары Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдималик уулу Баймат тренингдин маанилүүлүгүн белгилеп, райондук мамлекеттик администрация, дегеле райондук жетекчилик тарабынан окуучулардын арасындагы чыр-чатактардын алдын алуу үчүн ар кандай иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгын айтып өттү. Ошондой эле Кара-Бак айыл аймагынын баш имам хатиби Темиркулов Ахмадулло ислам дининде тынчтык, ынтымак, биримдик башкы орунда тургандыгын айтуу менен хадистерден мисал келтирди. Мындан сырткары тренингте мектеп жетекчилиги окуучуларды ынтымакка, толеранттуллукка чакырышты.
“Тренингтин биринчи күнүн “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун кызматкери, “Тынчтыкты курууда диний лидерлердин ролун күчөтүү” долбоорунун 2-фазасынын долбоор ассистенти Дастан Турдуев алып барды. Тренингде толеранттуулук, сабырдуулук жана анын пайдалары тууралуу кеңири айтып берди. Андан сырткары конфликт, чыр-чатак деген эмне?, анын келип чыгуу себептери, түрлөрү, конфликттин алдын алуу жана жоюу тууралуу пайдалуу маалыматтар берилди”,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.
Тренинг окуучуларды кызыктырып, ар тараптан өнүктүрүүгө арналган интерактивдүү оюн-зооктор менен коштолду.
Эскерте кетсек аталган тренинг бүгүн 13-октябрь күнү улантылып, Кара-Бак айыл аймагынын баш имам хатиби А.Темиркулов “ислам дининин тынчтыкты курууда, чыр-чатакты болтурбоодогу ролу” аттуу теманын алкагында кеңири түшүндүрүп бермекчи. Андан сырткары Баткен РИИБнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын капитаны Үсөнова Мундуз Ташбаевна адам укуктары, мыйзамдуулук жана чыр-чатактар үчүн жоопкерчилик туурасында өзүнүн маалыматын айтмакчы.

#153 17 October 2015 - 21:54
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ НООКАТ РАЙОНУНДАГЫ ЖАҢЫ МЕЧИТТИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районуна болгон иш-сапар учурунда Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү “Хамиджан” атындагы эски мечиттин ордуна курулуп жаткан жаңы мечиттин курулушу иши менен таанышып чыкты. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Курулуштун жүрүшүндө облус казысы аталган мечиттин жер пайы түптөлүп, дубалдары көтөрүлүү алдында тургандыгына күбө болду.
«Мечит жер төлөсүн кошкондо 3 кабаттан туруп, жалпы сыйымдуулугу 1500 адамга ылайыкташылган. Мечит бардык шарттары менен заманбап стилде курулууда», -деди Мирмахмудов айылынын имамы Валиханов Азамжан.
Эскерте кетсек, Самидин кары Атабаев өзүнүн иш сапары учурунда облус аймагындагы мечит, медреселердин ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышыш чыкмакчы.

#154 17 October 2015 - 21:56
БИШКЕК ШААРДЫК КАЗЫЯТЫ БОРБОРДОГУ ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮ МЕНЕН ТААНЫШУУДА
Кечээ Бишкек шаарынын мусулмандар казыятынан түзүлгөн комиссиялык топ Арча-Бешик жана Ак-Өргө конушунда жайгашкан “Абдуллах ибни Масъуд”, “Имам Сарахси” медреселеринин ишмердүүлүктөрү менен таанышышып, аларды бир катар текшеришти. Бул туурасында Бишкек шаарынын казыятынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан чыгарылган № 288 буйруктун негизинде жүргүзүлүп, ага Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Суеркулов Алманбет ажа, Жумабаев Алмазбек жана Султанов Урматбек катышып, медресенин иш кагаздары, окуучулардын нөөмөт баракчасы аркылуу өтүлүп жаткан сабактары, алардын сабакка активдүү катышуулары, билим берүү сапаты, мугалимдердин өтүлүүчү предметке болгон даярдыгы, каржы-чарбалык жана тазалык иштери менен таанышышып, “Абдуллах ибни Масъуд”, “Имам Сарахси” медреселеринин эмгек жамаатына жыйын өткөрүштү.
“Бишкек шаардык казыятынан түзүлгөн комиссиялык топ борборубуздагы медреселердин ишмердүүлүктөрү менен таанышууда. Учурда Арча-Бешик жана Ак-Өргө конушунда жайгашкан “Абдуллах ибни Масъуд”, “Имам Сарахси” медреселеринин окуу пландары жана балдарга билим берүүдөгү бирдиктүү окуу программасы менен жеринде таанышып чыктык. Мындай иш чара дагы улантылат”, -деди шаардык казынын орун басары.
Бишкек шаардык казыяты тарабынан түзүлгөн комиссиялык топ аталган медреселердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышкандан кийин, аларга жакшы деген баасын беришкен.

#155 21 October 2015 - 14:01
22,23,24 Орозо карманыздар урматтуу Мусулман бир туугандар, Пайгамбарларыбыздын бири калбай орозо кармаган куну, сообу ото чон жана 2 жылдык куноолорубуздон арылалы. Аллах ыраазычылыгы учун уч кундук орозодон калбай кармайлы.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#156 21 October 2015 - 16:02
АЗИРЕТИ МУФТИЙ КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫН КЕЛЕ ЖАТКАН АШУРА КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы жалпы Кыргызстан калкын жана мусулмандарды келе жаткан Ашура күнү менен куттуктап, бул күндүн улуктугу туурасында айтып өттү.
«Бул күн Алла Таала Муса пайгамбар жана Исраил уулдарын Фараон менен анын аскерлеринен куткарган күнү. Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөө-кемчиликтерди жууйт»,-деди Азирети муфтий Токтомушев Максатбек ажы.
Эскерте кетсек, Ашура Мухаррам айынын онунчу күнү белгиленип, 23-октябрга туш келет. Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Ашура күнү кармаган орозо тууралуу мындай деген: «Бул күнкү орозо өткөн жылдын күнөөлөрүнө кафарат. (кечирилүүсүнө себеп)». (Муслим1162).
Ашура күнүн майрам деп белгилеп, атайын тамак-аш даярдоонун кереги жок. Ашура күнүнө бир күн кошуп орозо кармоо керек (тогузунчу же он биринчи Мухаррамда). Эгер тогузунчусу болсо жакшыраак.

#157 21 October 2015 - 16:03
СОКУЛУК РАЙОНУНУН ЖАНЫ-ПАХТА АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕЧИТ ЭЛ КЫЗМАТЫНА БЕРИЛДИ
Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районунун Жаны-Пахта айылында жаңы мечиттин ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы маалымдады. Ачылыш аземге Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев, Жаны-Пахта айылындагы мечиттин салынышына демөөрчүлүк кылган жарандар менен жергиликтүү тургундар катышышты.
Мечиттин ачылышы айыл тургундарына чоң саамалык жана жаштардын туура жолго түшүшүнө өзүнүн салымын кошот деген ишеничтебиз, деген пикирлерин айыл тургундары ачылыш салтанатта айтып өтүштү.
Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районунун Жаны-Пахта айылында жаңы мечиттин ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы маалымдады. Ачылыш аземге Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев, Жаны-Пахта айылындагы мечиттин салынышына демөөрчүлүк кылган жарандар менен жергиликтүү тургундар катышышты.
Мечиттин ачылышы айыл тургундарына чоң саамалык жана жаштардын туура жолго түшүшүнө өзүнүн салымын кошот деген ишеничтебиз, деген пикирлерин айыл тургундары ачылыш салтанатта айтып өтүштү.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#158 21 October 2015 - 16:04
ОШ ОБЛУСТУК КАЗЫЯТЫНЫН КОМПЛЕКСТҮҮ ИМАРАТЫНЫН ПАЙДУБАЛЫН ТУРГУЗУУ ИШИ БАШТАЛДЫ
Бүгүн Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында Ош облустук мусулмандар казыятынын комплекстүү имаратынын курулушуна фундамент куюуу иштери башталды. Бул туурасында облустук казыяттын маалымат кызматы билдирди.
Курулуштун башталыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кенешчиси Токтосун Жапаров, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, райондордун баш имам хатибдери, имамдар жана жергиликтүү тургундары катышышты.
Казыттын имаратына фундамент куюуу иши алгач Куран окуу менен башталып, келген коноктор курулуштун ийгиликтүү бүтүүсүнө ак баталарын беришти. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев өз сөзүндө аталган имарат келечекте мусулмандардын диний, руханий муктаждыктарын канаатандырууда, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты коомчулукка жайылтууда жана дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууда ыңгайлуу заманбап борборго айланаарын белгиледи.
Эскерте кетсек, аталган имарат долбоорго ылайык үч кабаттуу заманбап стилге ыңгайлаштырылып, өз ичине намазкана, конференция залы, мейманкана, китепкана жана казыяттын офистик каналарын камтымакчы.
20.10.2015

#159 21 October 2015 - 16:05
БАТКЕНДЕ КРНЫН 2014-2020-ЖЫЛДАРГА КАРАТА КАБЫЛ АЛЫНГАН КОНЦЕПЦИЯСЫН АТКАРУУ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
Бүгүн Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында КРнын “2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын” аткаруу боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы №315 буйругу менен бекитилген пландын негизинде жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык кеңешмеге КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү Кундуз Баялиева, КР ДИМКнин түштүк аймактык бөлүмүн башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдырахмагов Сейитбек Кутбаевич, райондук админстрация башчылары, акимдер, шаардын мэрлери, диний багыттагы жоопту кызматкерлер, КР МУКК Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы, ОИИБнын 10-бөлүнүн башчысы менен район шаарлардын 10-бөлүмүнүн жетекчилери, облус казысы жана район, шаардын баш имам хатибдер катышышты.
Бул күнү “2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын аткаруу жана отчеттуулукту тапшыруу тартиби боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү керек экендиги айтылды. Ошондой эле облус аймагындагы мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

#160 21 October 2015 - 16:06
ОШ ШААРЫНДА МЕЧИТТЕРДИН ФИНАНСЫЛЫК ИШИ КАЗЫЯТ ТАРАБЫНАН ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасында жайгашкан бир катар мечиттердин финансылык ишин текшерип, өз убагында отчетторун алуу иштери башталды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Амир-Темир кичи шаарчасында жайгашкан мечиттердин бухгалтериялык жана чарбалык иштери менен кошо, кирим, чыгым жана орозо- фитрден чогултулган акча каражаттарын шариат көрсөткөн тартипте каржылангандыгы боюнча бир катар отчеттор алынууда.
Мечиттердин финансылык ишин текшерүү иш чарасына Ош шаардык мусулмандар казыятынын башкы эсепчиси Надыров Билалидин жана казыят тарабынан атайын өкүлдөр катышууда.
«Текшерүү учурунда мечиттердин тазалыгы, имамдардын ишке болгон жоопкерчилиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы менен казыяттын буйруктарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурушуп, эсеп-кысап иштерин текшеришүүдө», -деди казыяттын басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, учурда Амир Темир кичи шаарчасында жалпысы болуп 5 мечит текшерилип, казыят тарабынан кээ бир кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилди.

Супер-Инфо
super.kg
видео