Үч аял булактын башында маектешип отрушкан эле. Бир аз илгериде бир карыя киши аялдадын өз балдарын мактангандарын угуп отурду. Аялдардын бири:
- Менин уулум ушунчалык шамдагай. Ага бул жагынан эч ким тең келбейт. Жиптин үстүндө ойногонун бир көрсөңөр дейт. Аны уккан берки аял сөз талашып:
- Менин уулумдун үнүн бир уксаңар, булбул биякта эле калат. Дүйнөдө анын үнүндөй үн жок болсо керек. Кудайдын бергени бу... Булар минтип мактанып атышканда үчүнчү аял үнүн чыгарган жок.
Аялдар андан:
- Сен эмне балаңды айтып мактанбайсың?
Анын эмнеси бар?- деп сурашат. Анда тиги аял: Баламдын бир артыкчылыгы жок. Жөн эле мактай беремби. Анчалык матоого татарлык тарабынан көрбөдүм... Аялдар ошентип чакаларын араң көтөрүп, анда – санда тынып, эс алып бара жатышты. Ийиндери талып чыккан эле. Ушу кезде алдыларынан сөз кылып жаткан уулдары чыгып калды. Биринчи бала дароо колдорунун үстүндө туруп, түркүн –түркүн кыймылдарды жасап жиберди. Аялдар буга маашыр болуп алкап жатышты: Баракелде, өнөрүңө береке!..
Экинчи бала булбулдукундай мукам үнү менен созолнтуп бир ырдады- дейсиң, аялдардын көздөрүнө жаш толуп, шыпшынып тыңдашты.
Акыркы бала жүгүрүп келип, энесинин колунан чаканы алып, үйүнө көтөрүп кетти. Аялдар баятан бери аксакалга кайрылып:
- Балдарыбыз кандай экен?- дешти. Карыя чочугансып:
- Балдарыңарбы?
Мен аларды көргөн жокмун. Энесинин клунан чак4асын алып үйүно кетти. Аны сурасаңар абдан жактырдым ...
Үч уул.
#3 17 October 2015 - 21:30
Ар кимдики озуно
Ай корунот козуно демекчи ар кимдин баласы озуно акылдуу,сулуу корунот.
Ай корунот козуно демекчи ар кимдин баласы озуно акылдуу,сулуу корунот.

Супер-Инфо
super.kg
видео









