Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#901 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бар созум. Эмирим менен Темиримдин алыс жургонунон айтпай жатам. Алар сен экообуз олсок, бизди баласындай кылбайт дечи, байбиче.. Бала, бала дейбиз балалууларды да коруп жатам.
-Туура айтасыз, Кудай бала берсе да ыйманы менен берсин. Ыймансыз, кайрымы жок баладан коро жлгу жакшы - деди Толкунбек.
-Калп айткан менен болобу, деги эркек балага караганда ата-энеге куйумдуулугу жагынан кыз бала жакшы экен.
То-боо, - карыя жакасын кармады.
-Зыйнат кенедей наристе кезинде эле ата менен энеге жакын, элпек, боорукер, ото сезимтал болучу. Мектептин босогосун аттай элек жатып сурот тартам деп эле озунчо убараланып жатуучу. Ак кагазга шырдак деп, туркун турдуу оюучийуулорду тушуруп, коргон адамдын козун куйгузуучу. Каарга сурот тартып, ылайдан киши жасап ойной турган. Ошондо эле маркум Эсен менен Аккыз: "Зыйнатым тируу журсо чоон суротчу болот" деше турган. Ата менен эне балага сынчы, - деп бекер айтылбаган экен. Корсо, адам болуп жаралганда эле талань деген касиет даарыган кыз турбайбы. Деги бул кыздын колдогону бар. Атандын гору шум олум, атасы болбосо да энеси тируу болуп, кызынын ушул кун, ушул даражасын корсо эмне. Жазууга айла жок экен го, чиркин. Минтип ата-энеси коруучу сыйын биз коруп олтурабыз. Кудай бизди да бекер жаратпаган экен. Зыйнаттым бир жакка барып калса, онгонгу унутса да кемпирим экообузду эсинен эгерим чыгарбайт го. Озун билесин, эмнебиз бар, эмнебиз жогун озубуздон мурда билип, дароо толуктап турат. Ботон эл, ботоон шаарга барган сайын "Белек" деп олтуруп, кийим деген немени кабат-кабат болуп толуп кетти. Уйдо олтурган киши кийип кийим деле жыргатпайт экен, балам. Бекер эле чыгым болот экенсин, бизге эми эч нерсе албагын десем:
-Алып келген кезде алып, болгонду кийип ичип тургула. Силердин олумдон боксоргон журогунордун арманын арылтып, кемтигинерди толуктай албасам да, озунорду кубантып тамак ичирсем, ийнинерди кубантып кийим кийгизсем дейм, таяке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#902 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жаш болуп ата менен энеге кызмат кыла албай калбадымбы. Эми атам менен энем корбогон ырахатты силер корсо дейм , - деп айткан создорун эчен уктун го балам озун.
-Эми анын эмнесин айтып олтурасын, Зыйнаттын сен экообузду кандай коруп, кандай сыйлаарын билет да Толкунбек, - деди Ырыс.
-Билсе да айтам, - деди Токтогул.
-Бирдеме болсо эле, билерман кишиден бетер, тыйымыш болуп кыпчыласын да турасын. "Жакшы журмок бар, жакшы карымак жок" дегендей , сен экообуз жакшы каарыбай калдык го, байбиче. Эгерде Аккыз болгондо Зыйнат, балким, мындан да башкача болот беле, ким билсин. Адам баласына аба менен суу кандай керек болсо, бул кыз балага эненин мээрими, эненин тарбиясы ошончолук керек болучу неме турбайбы.
-Кайран киши, жакшы адам эле. Сиз айткандай Зыйнат тындыгынан женди жетишсиз турмуш менен жетимдикти. Жаш болсо да Аккыз эжени кирпигине кир жугузбай, жакшы соз, жайдары кыялы менен баккан да, агага арка, иниге жолок, синдиге эне болгон да ушул кызы болбодубу, - деди башын салмактуу которгон Толкунбек.
Токтогул Толкунбекти жулжуйо карап минтти:
-Ачык айтсам мага капа болбо, айланайын. Чындыгында Зыйнат сени менен бактылуу болом деди эле, болалбады. Сен деп журуп бир башы эки болбой, эки ортодо коколой башы жалгыз калды. Кантебиз, айла жок. Эми ким-киминер болбосун жалган дуйнодон жамандык корбой аман болгула.
Толкунбек тердеп кетти. "Бир бармагымды тиштесем, бир бармагым ооруйт" дегендей, андай айтса да, мындай айтса да туура болуп жатпайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#903 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эки тарап тен кыйбас, эки тарап тен аялуу. Эмне деп айтып карыяны жооткоторун билбей тили буулду...... Булар менен кандай коштошуп, кандай чыкканын да билбей калды. Жолдо катар тигилерден уккан создорун эстеп ичи уйгу-туйгу болуп келатты. Озун озу жемелеп ачууга буулат. "Акмактыгымдан жазыгы жок уй булоомду таштап сыздатканым аз келгенсип, эми Зыйнатты сыздатып баса бердим. Ай-кунуно жетип турган немени коз коруно азгырып алысты алыс дебей, чилдени чилде дебей, жолдо бироонукуно торотуп, андан дагы кыйратып салгансып оз уйумо алып барып таштаганымды карачы.Зыйнаттын туболук туубас болуп калганына мен себепкер болбогондо ким себепкер болду эле??? Эми минтип тонуп олду деп, эбак тунулгон баланын тируулугу мага айдан ачык болуп олтурат. . Билбейм бул окуянын туболугу кандай болуп аяктарына козум жетпей калды. Ырыс апанын айтканына караганда, мурунтан эле кумондор болуп жургон экен да, Айганыш. Ошон учун эгиздин тугойу болуп жургон Усонду дароо таныган тура."Кудайды козун менен корбосон, акылын менен тааныбайсынбы" дегендей, анан калса уну менен кулкусу, адамга жугумдуу жароокер мунозу, Айганыш айткандай, Зыйнаттын эле озу болуп турбайбы. Бул журоктун теренинде катуу сакталган сыр ачылбаган бойдон, эки-уч кишинин арасында эле кала береби.? Айтор, Зыйнаттын убалы мени уктатпас. Калыстык менен айтканда Зыйнат тоборогу топ келген эле мыкты аял. Бирок, "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей калайык-калк, калын журт сыйлап алаканына салып турган бул бечараны мен качан баалап, качан сыйлай алдым!?Француз элинин корунуктуу ойчулу Вовенарг: "Улуу адамдын копчулугу омурунун мыкты кездерин оздорун тушунбогон, суйбогон жана анча баалай билбеген адамдардын арасында откорушот" , -деп билгичтик менен таамай айтып кеткен турбайбы..... .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#904 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбек ушундай туркун турдуу ойдун турмогун туруп буталбай, санасы самандай сапырылып келатып, озунун уйунон кандай отуп кеткенин да билбей калды. Ал качан гана Асан менен Усондун "Папалап! " артынан жарыша чуркап келатканын коруп токтоду. Эки жагын карап элейди. Ту-у-у атаа, уйдон отуп кеткен турбаймынбы. Кайда келгемин деги? -Артынан жете келген балдары энтиге сурады. -Папа, кайда баратасын? -Кайда бармак элем, уйго баратам. -Уй ушул жакта беле, арта калбадыбы. -Аа, артта калдыбы, мен байкабай эле кете берген турбаймынбы. Коп узап кеткемин го.? "Башы иштебегендин эки аягына куч келет" деген ушул. Экоон болбогондо кете бермек экемин да. -Анан кете берип, кайда бармак элен ыя, папа? - Усон кулуп, Зыйнаттыкына окшогон сурмалуу сулуу коздорун жоодуратып Толкунбекти кулмундой тиктеп турду. -Менин уйдон отуп кеткенимди силерге ким айты, же озунор кордунорбу? -Озубуз коргон жокпуз, - деди Асан, - энем айтты, папанар эки жагын карабай туз эле жогору кетип баратат. Артынан чуркап жетип сурагылачы, кайда барат экен? Бир жакка барса, келип тамак ичип алып анан барсын, -деди. Булар Толкунбекти кутуп тушку тамагын иче эле болучу. Жигит саатын карады. Ал бат эле минтип саат эки болуп калганын ойлогон жок болучу. "Кудая тобо, ушунчалык копко кармалган экемин да" -деди конулундо. Эки уулун эки колуна жетелеген Толкунбек дарбазадан кирээр-кирбестен эле, Усон энесин коруп митти:: -Эне, папам эч жакка барбай эле, уйду билбей калыптыр. -Эмне дейт катыгун? Уйду билбей калганы кандай? -Папам уйду корбоптур, -Усондун созунон мурда коздору кулуп ойноктоп турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#905 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эмне деп тамтандап жатат балдарын? -деди Кына, Толкунбекти карап -Кайда баратын эле?
-Эч кайда баратпай эле, уйду байкабай отуп кетиптирмин.
Кына озунчо башын чайкап: "Аа, курган балам ай, бирдеме ойлоп кетсе керек. Санаасы болунду адам ошондой болот" -деп ойлоп, улутуна дем алып койду.
Ушул маалда ачык айталбагандары менен Тумар да, Жайнагул да Кына ойлогон ойдун тегерегинде Толкунбекти карап койушту.
-Кайда бардын, копко жоголдун го, балам? -деди Кына.
-Журдум, балдар кезигип калып. Эмне болду?
-Эчтеке болгон жок. Кечигип келгенинден айтып жатам да. Сени кутуп тамак да ичелекпиз.
-Кутпой эле иче бербейсинерби?
-Иче берейли десем апам менен энем болбой койду, Толкунбек келсин деп, -деди дасторкон жайып жаткан Жайнагул.
Тамак устундо Толкунбек Жайнагулдун козун коруп журогу болк дей тушту. Ошол замат оз энеси менен кайненесин алмай-термей карап алып, жаны эле оозуна салган нанын ирмебеген калыбында, тээ бир окумдан кийин жутар-жутпастан, колундагы сорпо сузган кашыгын кайра кесесине салып, кайненеси менен оз энесин карап минтти:
-Эмне болду? Деги тынчылыкпы?
Толкунбектин кебетесин коруп, эки байбиче жарыша суйлоду:
-Эчтеке болгон жок, балам.!
-Тынчылык эле, каралдым.
-Деги ошондой эле болсун. Жайнагулду коруп, эмнеге мынчалык кабагы шишип, ыйлаган коздонуп калганынан эсим чыгып кетти.
Кына ортодо турган табактагы самсаны корсото берип минтти:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#906 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ушул ысыкта дандырга мына бул самсы деген оокаты жабамын деп, чаалыгып калды го. Болбосо эмнеге ыйламак эле.
Толкунбек энелеринин созуно анчалык ишене койгон жок. Булар менден кандайдыр бир чындыкты жашырып айтпай жатышат, деп гана ойлоду. Ырасында эле ошондой болучу.
Толкунбектин эртелеп кочого чыгып кеткенин укан Кына журогу ойуп турган созду баштап минткен:
-Мен кетсем болбойт беле, кудагый. Мал сал менен абышкам куурады го, орукчал неме. Тигил балакеттуу баланын айласын кандндай кылабыз? Же Кудай тобокел деп, "Жабылуу аяк жабылуу бойдон кала береби?"
-Ой, билбейм, менден акыл чыгат деп турасынбы, айланайын мусулманым. Баарынан да эбак козу отуп кеткен энеси Аккыздын тушунорго киргенин угуп журогум тушуп турат. Арбакты таарынкан болбойт. Жок, бул ишти создуктурбай ары-бери кылыш керек. Торубуздон корубуз жакын калган кезде, бироонун убал сообун аркалай, ыйманыбызды жебей, ак ололу. Сен озун кандай дейсин Жайнагул, айтчы, эмне кылалы? Толкунбекке айтпасак болбойт го, ыя?
-Эмне деп айтасынар? Баякы Зыйнат экоон эшиктин алдына апкелип таштап кеткен бала, тонуп олбой эле тируу. "Ээси келсе бээсин бер" дегендей Усонду Зыйнатка алып барып бер!" дейбизби?
Ой, кайран балам ай, кантейин сенин айланды. Акыры ажырай турган болуп турам го сенден.
-Жайнагул озунон озу буулугуп, озуно озу ээ боло албай журогу орттой жанып, оксуп ыйлап жатты.
Тумар силкинип алды.
-Болду токтот ыйынды. Анык Кудай урган неме экенмин го. Сен ойлогондой эле Усонду, бар десе барып, кет десе кетип, Зыйнат энен десе эле, энемсин деп басып жыгыларын бир Кудайдын озу билет. Минтип ойду-тоону ойлоп куурап олтурбай, тобокел деп бул туюк жаранын оозун ачып, бир жанысыл болгон жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#907 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кудагый да минтип опулдап кетемин деп турат. Толкунбек келсе, сен озун айталбасан, кудагый айтпаса, анда мен айтайын.
-Ой, энекебайым ай, мен озумо озум жакшы тушуно албай турам. Кокустан Усондон ажырасам, куйутко чыдабай олуп кетемби же болбосо мээме кан куюлуп кетип шал болуп жатып каламбы деп коркуп жатам. Бул балакеттуу баланы менин шорума ташташкан турбайбы.
-Жайнагул кой-ай ды билбей ыйлап жатты.
-Мындай болоорун ким билиптир, кандай айла кылаарымды билбей калдым.
-Сенин денин соо эмеспи деп турам. Усонду ким тууганын, ким кууганын билип туруп эмнеге эле мынчалык олоорунду санап орттонуп жатасын?
-Тумар ачуу буркту.
-Усондун ботондугун билбей да, сезбей да оз баламдай болуп калганын кандай сезбейсин, эне. Мейли, акыры ачыка чыга турган болгондон кийин ачыкка чыксын. Озунор айткандай "ОЛУМДОН БАШКАСЫНЫН БААРЫ ЭРТЕ БОЛГОНУ ЖАКШЫ". Айтсан айт Толкунбекке. Коп болсо Усонду алып, озу кошо кетер.
-Анда айтпай эле коёлу.
-Жок, жок, айта бер, эне. Мен арбактан да корком, Кудайдан да корком. Зыйнаттын апасы менин тушумо жон кирип аткан жери жок. Баарынан да менин тушумо кирген туну, энемдин тушуно киргенинен деле ойлобойсунбу.
-Мейли анда, Жакин макул болсо айтсаныз айтын анда, кудагый. Айтканда эмне деп айтаар экенсиз? -деди Кына.
-Эмне деп айтмак эле, айтат да чындыкты. Ансыз деле Толкунбек Усонду коргондон бери шектенип журот. Баланын энесине окшоштук жактары жок дейсинби. Бизге билинбегени менен бар да. Усондун суротко шыктуулугу деле айтып турбайбы, кимден туулуп, кимди тартканын.
-Жайнагул коз жашын сурту.
-Болуптур, соз бутту анда. Макулдаштык. Толкунбек кандай кабыл алса, ошондой кабыл алсын. Эмне болгонун коробуз. -Болду ,ыйлаба. Тируу балага да киши ыйлайбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#908 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мынчалык ыйлактыгынды билбептирмин эмгиче. Кайраттуу го дечу элем.
-Тумар ондонуп олтурду.
Аялдар ушундай бир турлуу бутумго келип, эмне болгонун коро жатарбыз дешкени менен учоо уч башка ойдун санаасын сапырып, ичтеринен тымызын сызып олтурушту.
-Толкунбекти кутуп олтура беребизби. Кудагыйдын курсагы ачты го. Жанакы самса деген тамагын да муздаса керек эмдигиче, -деп ордуна туруп баратып Кына.
Канткен менен бала деген бала да. Кынанын санаасы санга болунот. Уулунун Усондон шекшип жургонун озумдон башка эч ким байкай элек деп ойлогону менен, эмелеки .жайнагулдун созу ал оюн жокко чыгарып койгону да озунчо кайгы болду.
".Деги Усондун кайгысы журокту алып бутту го" -деп ойлоп, Толкунбекти корунобу дегенчелик кылып кочоого чыгып, эки жагын карап туруп, кандайдыр Толкунбек кебетеленген кимдир-бироону коруп жакшы тааный албай неберелерин чакырып:
-Ай, Асан ! Усон ! Бери келгилечи, -деди.
-И, эне, эмне болду? Экоо жанаша келип тура калды.
-Мына бул куураган коз жакшы корбой, тааный албай жатам. Тетигил кочонун башында кетип бараткан папанар эмеспи? Козунор курч эмеспи карагылачы.
-Ооба, папам экен, эне, -деди балдар.
-Ал жакта кимиси бар эле? Бол, артынан чуркагыла. Жумушу болсо, келип тамак ичип алып андан кийин барсын деп жатат дегиле.
Эки бала чымын-куюн болуп учуп жетип, атасын эрчитип келгендеги кербези ушул болучу.
Кыраакы Толкунбек булардын ортосунда кандайдыр озуно айтылбай жаткан жашыруун сыр бар экенин энелери менен аялынын корунушунон дароо тушунду. Бирок ал кандай сыр, кандай соз экенин билген жок.
Мурдакыдай: "Алагой балам, жесен кагылайын! " -деп кайненесинин кайра-кайра онтолоп айтчу созу кандайдыр унутулуп калгандай сезилди Толкунбекке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#909 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   17 Октябрь 2015 - 00:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Тескерисинче, "жесен же, жебесен кой" деп жаткан сыяктуу айланада тынчтык окум суруп турду. Толкунбек канчалык шорпо ичип, самсы жегиси келип турса да, журогуно эч нерсе барбай койду.
Чымын учса угулгандай болгон бул дулой тынчтыктан кооптонгон Толкунбек башын которо берип, кайненеси менен оз энесин бири-бирине кабак-кашын серпип, коздору менен жандашып суйлошуп жатканын коруп, эч нерсеге тушунбогон калыбында, тонгон мууздай болуп томсоруп олтурган аялын бир карап алды.
Анан чыдабай минтти:
-Эмнеге эле баарынар унчукпай калгансынар?
-Унчукпаса да куноолу болобу? -деди Жайнагул.
-Куноолоп жаткан эч ким жок. Бирок баарынар эле суйлошуп алгансып ун жок, соз жок томсоруп олтурасынар, кызык болот экен. Журогумо да тамак барбай калды.
-Толкунбек тамак куйулган кесени ары жылдырып койду.
-Биз сенден мурда ичип олтурбадыкпы, бизге карабай иче бер, алдына кетейин, -деди Кына.
-Аа, атакойу, бизди унчукпайт деп да капа болобу. Антпей тамагын муздай электе ичсен. Самса аябай дамдуу болуптур. Шорпо менен кучтуулук кылабы деп, иче албай тартынып олтурам мен.
-Силер ичпесенер, менин да ичким келбей калды.
-Эмне, тоюп келдин беле?
-Ооба, тоюп келдим, -деди кытыйа тушкон Толкунбек.
Жигит озунун арам оюнда: "Кимдир бироолор, менин Токтогул атаныкына барганымды коруп буларга дароо жеткирген экен" -деп гана ойлоду. Бирок ал озу жокто Жайнагул баш болуп, оз энеси менен кайненеси тош болуп, Толкунбек келсе Усон жонундо айтабыз деп суйлошуп алып, кайра оозу батып айталбай, коздору менен арбашып, сен айт, мен айт болуп туттугуп олтургандарын Толкунбек тушунгон жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#910 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагул кайненесине жалоруй карап минти:
-Туз эле мени жеткиргиле дейсиз да. жакшы болуп калаар, ыйлабанызчы. Баарыбыз барабыз. Атамдын оорусун угуп туруп санаа кантип тынсын. Ансыз эле окуу башталганча балдарды колго алып барып келейин деп отпуска арыз жазгамын. Азыр башкы вырачка телефон чалып суйлошуп коройун. Айтам да, шартка жараша макул болоор.
-Ошент кагылайын, -деди Тумар.
"Урушта туруш жок" дейт. Анда камына бергиле. Уйунорду эмне кыласынар? "Кудайга аманат" -деп, бекитип эле коёсунар го? Не бар, не жок кошунана айтып кой.
-И, бекитип эле коёбуз. Кошунага деле айтам. Кудай сактасын, сигнализатсия бар эмеспи, биз кеттик деп айтып коём.
-Деги ушуну ырас кылган экенсинер, балам. Абышка кайдан-андай болот ким билсин. Деги быйыл жылдагыдай эмес, шайы бош ал кишинин. Озуно озу ишенбей "БЫЙЫЛ КАНТЕР ЭКЕМИН,КАТАРЫМ КЕЛИП КАЛДЫ ОКШОЙТ" деген созду коп айтып калды эле.
Толкунбек кулуп башын чайкады.
-Атам ооруга которуму жок, жука киши жалакай. Ооруса эле::
"Олуп калам го" деп керээз-мурасын айта берет. Коркпой эле кой, эч нерсе болбойт абышканыз.
-Эчтеке болбосо экен, алдына кетейин. Атан бар учун, алыста журосунор да санаанар тынч. Малынар багылуу, короо жайынар сакталуу, барсанар базар, келсенер кербен. Ал киши бул дуйнодон кочуп кетсе, силерге да, мага да кыйын.
-Кудагый туура айтат. "Бакырчак тоонун бары ийги" дегендей, атанын аркасы менен булут минип, муз буркот деген эле ушул. Ошон учун, АТА МЕКЕН дейт турбайбы. Ал кишинин аман турганы бизге дагы туу эмеспи. Аман болсо экен. "Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо уйдогусу жакшы" дегендей, бара турган болгондон кийин эрте кунду кеч кылбай, камыналы, -деди Тумар кыз куйоосуно.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#911 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Энемдер кийинип , камынганча базарга барып жер жемиш алып келе коёлу. Анпесек, биз барарыбыз менен басат да эл.....
Ошентип Толкунбектер бала-чакасы менен ыгылып-тыгылып колго жоноп кетишти. Жолдо катар жургунчулордун ар бир тумон ойдун тундугун туруп, санаалары самандай сапырылып, бирде Мансур жонундо, бирде Усон жонундо кыялдары кым куут болуп келатышты. Бала жонундо Толкунбекке айтууга шайы келбей калышты.
Тун катып журуп олтурушуп, Бишкеке танга маал жетишти. Ушул жерде бир чон кыжаалат жумуш Толкунбектин Сады менен бетешиши озунчо бир ашуу болду.
Жолдо келатып кайненесине ачык эле минтти::
-Апа, мени кечирип коюнуз, Сады байкемдердикине башка малда барайынчы.
Аркы-беркини билген тушунуктуу байбиче, Толкунбекти мурда эле озу ойлонуп: "Садыныкына барбайт го" -деп келаткан. Куйоо баласынын созун угуп дароо муюша тушту. Анын устуно танга маал калдыратып, бет алыша элек баланы зордоп алып баргысы келген жок. Бирок бир аз эс алып, кирпик суутуп албаса, жолдо ургулоп кетип, балакет болбосун деп ойлоп, минтти Тумар.
-Анда Байрагулдукуно баралы, Садыныкына баргын келбесе. Бир тук этип албасан болбойт го, балам.
-Туз эле кете берсек жакшы болот эле.
Толкунбекти туш-туштан жаалап кетишти.
-Туз эле кетеалбайт экенбиз жолдош Мансуров, -деди Жайнагул, -сени ансыз да уктап кетеби деп кайтарып олтуруп озум да чарчадым,. Эмне балдызыныздан уялып жатасынбы? "Ыштанына чычкан колун аябайт" дегендей, (энелерин карап козун кысып койду) "Кечирип кой балдыз, жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт экен" -деп, алдына барып эки колунду бооруна алып кулдук уруп койсон болду, бардыгы жайында болот да калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#912 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Сенин куноонду энем кечирип, мен кечирип жаткандан кийин, Байрагулго соз кайрууну ким койуптур.
Толкунбек Жайнагулдун созун лам дебей кабыл алды.
Ансыз да дене-бою талыкшып, уйкуга мас болуп, эс алууну энсеп турган Толкунбек суйунуп кетти. Ал укиап уйкусун кандыруудан мурда, балдызы менен ысык-сууктун ортосунда жуздошуп, бет ачылганга кубанды.
Жайнагул менен ажырашкандан ушул кунго чейин, бир жолу да корушпогон балдызы менен коруштуу Толкунбек учун ачылбаган каттай болуп, кабатыр ойго салып турду.
Анткени Байрагул Жайнагулго караганда каарман десе каарман, созмоор десе созмор, ачык да болучу. Керек болсо какшыкты катыра суйлоп, кергиштеп бой котормо жайы да бар болучу. Толкунбек анын ушундай муноозунон чочулап келди.
Бирок Байрагул жездеси ойлогондой болгон жок. Тек гана эч нерсе болбогондой сый учурашып, сыпа кабыл алды. Айткандай эле::
"Оо, тенир жезде, келишиниз менен! Кандайсыз? Узакка созулган командировканыз акыры таман болгон экен да. Жакшы, жакшы, ошол эле бойдон экенсиз. Ту, ту, ту коз тийбесин" деген болду....
Эртеси жолго чыгышты. Тасмадай созулган асфальт жолдо, кулуктун оозун коё берген сымал ак Волга 140-160, кээде машина корунбогон ээн жолдо 180-200го чейинки ылдамдыкта учуп келатты. Усон Толкунбектин шилисинде, таэнесинин астында олтуруп минтти::
-Папа, чон атама качан жетебиз? Мен сагынып жатам. Жанат эжем да, Асан да сагынды. Сен да сагындынбы ыя, папа.? Эртен Асан экообуз кол боюна кумдан чон атамдын эстелигин тургузабыз.
Толкунбектин журогу удургуй тушуп, уулун алагар козу менен жалт карады.
-Эстеликти олгон кишиге тургузат. Асилердин атанар тируу да.
-Атам карыды. Олот да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#913 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбек уулун экинчи ирет карады. Ушул малда баланын кулку ойногон уурутунан чыпалак басым чункуру менен сурмалуу кой коздору Зыйнатка окшоп кетти. Толкунбек ансыз деле Оштон чыкканы Зыйнатты эстеп, анын бет алдында, улам жар этип, кашка тиши какшайып коруно калып келаткан болучу. Бул машинага буга чейин жалгыз гана Зыйнат тушуп , жедеп экоо журуп конгондукубу, Жайнагул деп айтам деп, улам эле оозуна Зыйнат кирип келе калып жатты. Кокустан энелеринин козунчо бая кункудой дагы шерменде болуп, Зыйнаты айтып жибербесем экен деп Толкунбек ото сак.
Булар жол боюндагы бир айылга кире бериштеги аялдамада, колуна таяк кармап, колкутуп ак тубар койнок, ак кыжымы кемсел кийип, ак жолук салынган ак байбиче, эк кадам алдыга басып, машине жакындаганда колун которду.
-Токтотчу машиненди, -деди Жайнагул куйосуно, мына бул байбичени ала кетеличи.
-Орун жок да, кайда олтургузабыз?
-Батышабыз сылгалашсак. Кары киши экен, бечера.
Нускасы корунуп турат турпатынан.
-Чон эне, кайда барасыз?
-Кара-Ойго.
-Олтурунуз! -Толкунбек машинадан тушуп, эшик ачып байбичени киргизди.
Кына менен Тумар эки баланы экоо тизелерине олтургузуп, , ургулоп уктап келаткан Жанатка карады.
-Бери мен жакка жылчы, балам.
-Ырахмат айланайындар, силер карыны сыйласанар, Кудай силерди сыйласын, кем болбогула.
-Балдар сиз ондонгон, биз ондонгон энелери сыйлабаса, бизди ким сыйлайт.
-Оо, аны жаштардын бакиси эле тушуно бербейт.
Толкунбек байбичени кузгудон коз токтотуп карап туруп журогу удургуй тушту. "Болду, болбоду бул киши баякы Зыйнатты тороткон байбиче", -деп бушуркоп турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#914 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Бир жак таноосундагы буурчактай болгон менди коруп, тула-бою ток тийгендей бир дурт деп алып, денесин майда калтырак басып, мандайынан муздак тер чыга тушту. "Эки тоо корушпойт, эки адам корушот" деген ушундай болот экен да.
-Алыскы жолдон келаткансыздар го?
-Ооба, Оштон келатабыз, байбиче, туура баамдадыныз.
-Мен жол журуп алыстан келаткан жолоочу жаштарды корсом эле, бир окуя эске тушуп, эстей берем. "Бир кайрылабыз, апа!" дешти эле, кайрылышкан жок.
-Ал сизге убада берип коюп, унутуп калган эмне болгон жаштар эле?
-Кайдан келаткандарын да сурабаптырмын. Сурагандай деле убакыт болбой калбадыбы ошондо. "Алыстан келаттык эле, колуктум толготуп чыдай албай кыйналып жатат. Уйго жеталбайт окшойт. Догдур да алыс. Жардам береласызбы, апа? -деп жалдырап келиптир бир жигит.
-Э кокуй, кантип жардам бербей коёюн деп, келинди карасам, толгосу бышып калыптыр. Уйго алып кирип оз колум менен тороттум. Туну экен, эркек уул тапты. Бир жаман жери тороору менен мунут откорбой жолго кайра чыкканы мени аябай капа кылды. Кычыраган кышта бели бекий элек жаш торогон немени канын чубуртуп жол журот деп ким угуптур. Канчалык айтып какшасам болбой койду куйоосу. Жылуулап, машинаны акырын жылжытып айдап кете беребиз, уйго барбасак болбойт. Ал жакта ата-энебиз кутуп жатат деп.
-Жакындабы? -деп сурады Жайнагул.
-Коп болду. Ал бала тируу болсо, жетиге чыкты быйыл. Бирок ошол кундон ушул кунго чейин мени кабатырлантып, ойлосом оюмдан кетпеген ошол бечера келин менен баланын келечеги кандай болду экен деген суроо ар дайым журогумдун башында ойнойт да турат. "Катын туутунан , ат суутунан бузулат" дегендей, аялдын ажалы да торот, азабы да торот" болоорун эркектер тушунушпойт тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#915 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жакшы адам экенсиз , апа! Элдик киши турбайсызбы, -деди Жайнагул, -анчалык болгондон кийин бекер шашып кетишиптир. Жок дегенде бир кун, жарым кун абайласа болмок экен.
Ушул кезде машинада олтурган Тумар менен Кына, Жайнагул болуп бардыгынын ою Зыйнат менен Толкунбектин баякы балакеттуу ууру жолдо жургон мезгилдеринде болуп кетти.
Бул кишинин созуно караганда, "болду болбоду Усондун киндик энеси ушул ак байбиченин озу сыяктанып калды" деген пикир ар кимисинин коодонундо ойноп турду. А Жайнагул болсо минтип ойлоду. Бул апа::
"Аял туутунан бузулат" -деп туура айтат. Ошон учун Зыйнаттын шору катып тууту токтоп, торобой калган да. Жайнагул Зыйнаттын жазган катын эстеп кетти. Бул армандуу аялдын чындыкты жашырбай, ак пейилден болгонду болгондой жазган создорун биринин артынан бирин ойлоп келатып, Усонду жалт карап алып ичи эншерилип, балага боору ооруп, аяп кетти.
Машинанын ичи тым тырс. Бардыгы унчукпайт. Бардыгы ойдо. А Толкунбек болсо оз ою менен озу алек . Ал откон окуяны башынан азыр откоруп жаткансып, жарык дуйного эми эле жаны келген кызыл эт ымыркайды бооруна басып боздоп ыйлап келаткан Зыйнаттын армандуу унун уга берип тажаган адамдан бетер журогу турсул согуп, колдору рулду карыша кармап, эрдин кесе тиштейт. Оз оюна озу чогуп, озун озу жоготуп келаткан кырдалда жигитти ойдон ойготуп, селт этирген алиги бейтаныш байбиченин уну болду.
-Балам , дукондун алдына токтотуп койчу, - аял Толкунбекти бушуркой карап, мостоё тиктеп.
-А сиз тушосузбу? -деди Толкунбек аялды тик багып карай албай кунк этип, -сиздин Кара-Ойдон тушоорунузду унутуп калган турбаймынбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#916 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Байбиче машинадан тушуп баратып колундагы он сомдук кагазды суна берип, Толкунбекти дагы бир жолу: "Сени кайдан кордум эле" дегенсип, коз токтотуп жалган танык болгонсуп карап алды. Ал эми Толкунбек болсо байбиченин баамчыл кыраакы козунон жалтана тушуп, карегин дароо тартып кетти. Анан тайсалдай тушуп минтти:
-Жок, коюнуз апа, акча алгандай такси эмес да. Сиздин ырахматыныз эле жетет.
-Ырахмат анда. Аман болгула, бар болгула, ак жолунар ачылсын. Мендей энелеринер бар экен. Ошон учун карынын кадырын билген бала турбайсынбы.
-Жакшы калыныз, -деди олтургандар бир ооздон, -байбичени узата тиктеп туруп Жайнагул минтти::
-Жанын баккан, озун озу ардактап жакшы алып жургон байбиче экен. Карагылачы, тим эле укунун балапанындай улпулдойт. Акылы тунук, созго чебер нускалуу адам экен. Бул кишини коруп, эки энем экоонду ойлоп олтурдум. Силер деле ушул кишиге окшоп соолот менен журсонор жарашпайбы? Сонун эле жарашат.
-Тектуу жердин тукуму экени корунуп турат. "Кун созулуп байбиче болот" дегендей, мен минтип улпулдой албайм, балам. Улпулдойт деген эле ушул, балам. Бизди коюп озун улпулдо. Билсен, сенин доолотун биздин доолот, сенин багын биздин бак, -деди Кына. Бирок олтургандардын эч кимиси, байбиченин жанакы айткан созу жонундо ооз ачышпай ичтеринен, бул кишинин колунан коз жарган ким экенин билип турушту.
Ушинтип олтурушуп Чолпон-Атага жеткендерин да билбей калышты.. Шаарга кирип-кирбестен эле эмелеки аягы жок, башы жок суйлонуп келаткан создор да, ойлор да токтоп, баардыгынын санаасын Мансур ээлеп алды. Машине, дарбазаны суздуро келип токтоду. Дароо эле короо-жайдын тазалыгы козго биринчи урунду. Ар жакта бооз уйдун жыгыч-ташы, узук-турдугунун жыйылып турганын корушуп, ооздору ачылып калды. Ошол замат Кынанын денесинен жан кетип, бети менен жыгылчудай аягы шилтоого келбей, дабыдырай тушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#917 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Уйдон дурбоп чыккан кошуна колон, ага-туугандарын коруп ыйлап жиберди.
-Ой, кагылайындар, Мансур тируубу деги?
-Тируу, тируу, ыйлабаныз! -деди тургандардын бири.
-Эмнеси болсо да келгенинер жакшы болду. Силерди аябай кутуп жатат.
А Жанат болсо озунон-озу ыйлап эки жагын аландай карайт:
-Атам кана, ыя?
-Атан уйдо айланайын. -Кошуна аял бетинен опту. -А, ырас Асан менен Усон да келген тура.
Бардыгы уйго киришип, Мансурдун абалын коруп селейип калышты. Карыянын ону кара кок тартып чыналып, куро тамырлары бармактай болуп кооп, тынымсыз балкылдап, дем алышы бузулуп калганын коргондо селее тушушту. Бардыгы тегеректеп калышты.
-Бирдеме ичип жатабы?
-Анда-санда суу сурап калат. Аны деле жарытып ичпейт. Оозуна суу тийди дегенче чакап баштайт. Жыгылгандан бери уйку бетин коро элек. Медсестра ушул жерде болучу. Чыдай албай жатканын коруп, врач бир дары жазып берген экен. Ошону куйгандан кийин, Кудай жалгап дароо козу илинип кетти. Уктасын, ойготуп албагыла.
Чон кишилердин созун угуп турган сезимтал балдар эне-атасын кучакташып, суроонун устуно суроо беришет.
-Чон атам эмне болуп жатат , ыя? -дешип коркок коздору менен алакташып, улам бирин тарткылашат.
-Эчтеке болгон жок, уктап жаткан тура. Ойгонгончо тышка чыгып ойноп тургула.
-Эс алсын, анда ойготпой эле коёлу, -деди Толкунбек.
-Деги диагнозун эмне деп чыгарышыптыр догдурлар.
Тургандардын ар кимиси ар кандай суйлоп минтишти:
-Башына суук тийген го, -деп бири созунун аягына чыкканча, экинчиси минтип кошумчалады:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#918 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Башы эле эмес, мээсине да сук тийген имиш.
-Эмне учун ооруканага алып кетишкен жок? Уй деген уй, оорукана деген оорукана да. Жанында киши жогун билип турушуп, бекер кылышыптыр, -Толкунбектин жылдызы жерге тушуп турду.
-Ооруканага алып кетели дешсе, бул киши озу болбой койду. Анын устуно оорукана ремонтто экен. Врачтарга рахмат айтыш керек. Ошол догдурдукундай эле куну-туну жанында болуп, жакшы карап жатышат.
Мансурдун оорусу айылдын аяк-башына чагылгандай тез тарады. Анын устуно Жайнагулдун Толкунбек менен кайра жарашып, энеси Тумар баш болуп, Кына менен небере-чоборолору болуп чогу келишкенин биринен бири угуп, ооздон озго отуп, озунчо эле кубаныч тартуулаган дун болду. Мансурду коргону келген элди коруп, анан дагы Жайнагулго жетине албай: "Ой алдына кетейин ырас болгон тура. Сенин келгенинди угуп , суйунуп жатабыз" деген создорду угуп олтуруп, Тумар ойго батат:
"Атандын кору. Мансур куда маанайы пас, жупуну жургону менен эл алган, журт алган жакшы киши турбайбы. Минтип эл эди менен казганактап, такалуудан тай калбай келип, ал-абалын сурап бардык эле адамдын мандайына жазыла бербейт да. Адамдын адамдыгы, адамдын жакшы-жаманы мына ушинтип омуру кылтылдап бычактын мизинде турган кезде билинуучу неме турбайбы. Ошон учун эл-эл деп, элдин тилегин тилейт экенбиз да. Андан дагы Кына менен бала-чакасынын жогун жоктотпой, Мансурду багып, куну-туну жанында болуп жатышкандарын эмне деп айтууга болот.? Ал эми Жайнагулду коруп, жандары калбай жалынып жалбарып, тим эле оздорунун тун кызын коргондон бетер ооп-жытташып. ..."
-Ой, айланайын куда соогум ай, сиздерге Жакинимдин откоргон кайсы кызматы бар эле. Бардык болгону кайнене-кайнатасын сыйлагандыгы учун, бардыгынарга бирдей салымынын туздугунон ушинтип урматтап жатасынар го, ырахмат сиздерге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#919 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   18 Октябрь 2015 - 01:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Сиздер менин баламды сыйласанар, силерди Кудай сыйласын. -Тумар кубанычтан ушинтип толкундап олтурду. Ал эми Тумардын озу жонундогу айтылган жакшы создор, жакшы саламдар, озунчо эле баа жетпеген сыймык болучу.
Мансур бала-чакасын коруп, кубанычынан чыйрыла туштубу, же кийинки куйган укол жардам бердиби, эртеси мурункусунан сергилен тартып жакшы болуп калды. Озун коргону, ал-абалын сурап келип олтурган адамдарга карап минтти::
-Ырахмат силерге, бул дуйнодо да, тигил дуйно да ыраазымын баарына. Силер да мага ыраазы болгула. Конулунорду калтырып, капа кылып ката кетирген жерим болсо кечирип койгула.
Олтургандар чур дей тушушту.
-Бизди сиз озунуз кечириниз. Биздин эч кимибизге каттуу айтып, кылапат суйлогон жан эмессиз. Биз да сизге ыраазыбыз -дешти.
Анан Мансур минтти::
-Эми уруксат берсениздер, мен балдарыма айта турган созум, кенеше турган кебим бар эле. Ушунча кымбат убактынарды болуп келгенинерге рахмат. Аман болгула.
Мансур менен коштошуп кетип жатып, жашыктары ыйлап, кайраттууларынын канырыгы тутоп чыгып жатышты.
Эл аягы суюлуп бардыгы чыгып кеткенден кийин, жанында санасы санга болунуп жалдырап олтурган Кынага карап минти чал::
-Байбиче, балдарындын баарын чакырчы. Кудагыйдан башка болок-ботон киши болбосун, -эки жагын караган болду.
-Баары кетиштиби?
-Ооба, кетишти. Озубуз эле калдык, -деди Кына.
-"Жети кундун бири олум" деген ушул экен. -Мансурдун уну кыргылданды. -Ырас убагында келдинер. Силер жокто олуп калат экемин деп коркуп кетпедимби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#920 Пользователь офлайн   aytunuk   20 Октябрь 2015 - 00:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

Чоочун кишини чоочутуп алдыкбы неге жазбай калдыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 23:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: