Суперстан: Сабр... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сабр...

#1 Пользователь офлайн   Asel8889   18 Октябрь 2015 - 21:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 27 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 29 Фев 2016 19:03

Сырдашып сырымды айтам,мундашып мунумду жазам...Адам баласы бир келген жалган жашоодо баарына чыдайт экенбиз...Бирде бакыттын кучагында балкытып,бирде очу бардай ары калчаган тагдырга таарынып болобу?!Балачагым, жаштыгым ото жакшы отту,Аллага чексиз шугурлор болсун эч нерседен кем болбодум,шаарыбыздагы жакшы гимназияны буттум,окууга оз кучум менен отуп студент да болдум...Мандайга жазганды билип болобу?!18- жашымда жашоомдун манызы,баарыбызга келчу суйууго жолуктум.Башында тартыным ,ачылып суйлошо албаган адамым кийин менин сырдашым болду,дос ордуна дос болду,жакыным болду.Уч жыл суйлошуп,кыз- жигит болдук,бирок кийин бара-бара коп кызганчу болду.Ошол кундордун бириндеги уруш конулумо катуу тийди.Жашоомду башка нукка буруп ансыз жашоону чечтим.Бирок тагдыр мен алыстаган сайын жакындатып кое бербеди,4 ай убакыт откондон кийин ал мени ала качты.4 айда биртоп эле алыстаптырмын (((каршылыгымды эч ким укпай эле суйлошуп жургон,макул деп отургузуп коюшту.Ошентип ак жоолук салынып келин болдум.Баары жакшы жакка озгорду...Уй- булолук жашообуз тушунук,сырдашуу, сый менен отуп жатты...Боюмда болуп уул тородум.Жаратканыма ар бир аткан тан менен жалынып ,шугур кылып баламдын ден-соолугун, бактысын тилеп келем.Тагдырдын сыноосунан качып кутулуу болобу...Эл катары,жакшы жашоого умтулуп,жашыбызда бутубузга туралы деп биз дагы Москва шаарына келдик.Баламды кайын энем алып калды.Жаман эмес тилеген максатыбыздын кобуно жеттик.Материалдык байлыкты жакшы эле топтодук,бирок ошол курган байлыкта экенда кептин баары.Жолдошум акча кармап,баары анын колун карап,жардам сураган сайын которулду,копту. Чогу 5жыл жашап баарын беш колдой билип буттум.Сездим, оз козум менен кордум.Акыры жийиркенчу да болдум...Ичпейт, иштейт бирок менин козумо чоп салып,мени алдаганы баардык жакшы кундорду бат эле унуттурду.
Канчалык ызаланып ,кайгынын колуно чоксом дагы сыр бербедим.Корсом кормоксон,билсем билмексен болуп 6,5ай чыдадым.Бирок бир куну жарылдым,бурганактап тогулдум.Кечирим сурап,жалынып жалбарып атып элдештик.Бирок жашоо мени очу бардай,эч аеосуз чайпап турду.Бирок жолдошумдун бул кылыктарын жан адамга ооз ачып айтпадым.Тагдырга ийилип,чоголоп сынып бергим келди,баламды эстегенде эт журогум эзилип баарына даяр элем.Анткени ар бир бала толук кандуу уй-булодо тарбия алуусу керек.Арадан билинбей эле 1,5жыл отту,бирое жолдошумдун алдап,мени башка адамга алдаштырганы токтободу.Азыркы кездеги,коомдогу эн чон проблемалардын бири алдоо(измена). Балким куноо менде деп озумду жемелеп,ойлонуп аягы жок чексиз суроолорго жооп издедим.Эч кимге ооз ачпай,буулугуп, тилсиз,унсуз жашоо эн кыйын болду.Издеп ким экенин билип коргум келип издедим,таптым! Жолугуп жузуно тике карап болгон оюмду айттым.Тайманбаган 92 жылкы жаш кыз экен.Жолдошум аны менен жургонуно жамандап айткым келбейт ,бирок тарбиясы жок,баардыгы баарибир дегендей эле кыз экен.Ойлорума ой кошулуп бул кыз кимге жар болуп?кимди жыргатат дедим оюмда.Жолдошум менен журуп бир жолу аборт кылдырыптыр. Арадан дагы жарым жыл убакыт отуп ,баш аягы 2 жылдан ашты.Болгон кучумду жыйнап,тагырыма таарыга чыйралып алып иштеген ишине бардым жолдошума чалып чакырдым.Жийиркеничтуу, кудай алдында кечирилгис куноодо жургон адамдарды ошол нерседен чыгаргым келди,бир чети таза чойродо жашоону чечтим.Жолдошум ун-созсуз келип эле мен аялым менен жашайм,баары бутту деди!!! Ичимден башка сезимде карап турдум.Жашоодо жолдорунан жанылган адамдарга боорум ооруду,бир туруп жиним келе ушуну кормоксун дедим!!! Ошол куну мечитке бардык.Жолдошум ыйлаптыр,жардам сурап жанылганын айтып чыккан окшойт.Менден кечирим сурап,жалынып жалбарып гул белек кылып уйго келдик.Аз убакыттын ичинде биртоп эле мээрез боло тушуптурмун, ыйлаганда жокмун.Балким бироо айтса керек кетип калбайбы деп,бирок мен бул учурда озумду эмес эн биринчи баламды ойлодум,жашоодо бир жолу жолдошума алданып,ийилип берууну туура кордум.Акыры жеттим .Уй-булобуз, жашоо баардыгы мурдагыдай, азыр экинчи наристебизди корууго камынып жатабыз.Сабырдын тубу сары алтын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kammilla   18 Октябрь 2015 - 21:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Азамат экенсиз !Бали!! !уй-булонузду сактап калыпсыз .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Kaple   18 Октябрь 2015 - 21:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

<p>Деп эч кимге айтпаган сырынды айтып салдын...</p>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   sagyn91   18 Октябрь 2015 - 21:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 041
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2016 01:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Чын эле сабырдуу экенсиз негизи айтышат го уйбулону аял кишки сактап калыш кк деп. Бактылуу болунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   medina.   18 Октябрь 2015 - 22:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кудай сакта ушундай эркектен.Сиз сабырдуу экенсиз.Мындан ары да бактылуу болунуз!
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kokokola   18 Октябрь 2015 - 22:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 193
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2019 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

бул жерде куйоосу да акылдуулук кылып. уй булосунун сакталышына салым кошкон. демек аялы татыктуу жар. жакшы аялдан эр кетпейт дейтко ош тарапта.сабырдын тубу сары алтын деген созго дагы бир далил!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ailam14   18 Октябрь 2015 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 300
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 25 Июл 2016 17:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

бактылуу болунуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Gulnazz93   18 Октябрь 2015 - 23:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Азамат келин экенсиз!Сабрдын тубу сары алтын деген ушул да.Ар бир эркекке ынсап берсин!Бактыныз ылайым туболук болуп эки дуйно бактылуу болунуз!Аял киши жакшы болсо уйго кут,береке толот!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aruuke2013   19 Октябрь 2015 - 02:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 15 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Апр 2019 16:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош-жалаабадтын ортосу

Ат айланып казыгын табат деп бекеринен айтылбаса керек.Автор бактылуу бол мындан нары
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   samsungc3   19 Октябрь 2015 - 06:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

Иии ушундай нерселерди окусам эле эрге тийгим келбей калат да
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aiturgasha   19 Октябрь 2015 - 13:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Бул жерге оной эле жазылганы менен ал кундордун нечендеген азабы,туйшугу, ой-санаалары жана уйкусуз тундору бар. мындан ары тынч бактылуу жашаныз. куйоонуз "эси барда этегин жыйып калыптыр"
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Jantaev   19 Октябрь 2015 - 13:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 04 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 00:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Сабырдуу и мактатты алдыга койуп. уйбулону сактап калыпсыз.Азаматсыз бактылуу болунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   fea-11   19 Октябрь 2015 - 14:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 01 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2016 15:58

Азаматсыз.бактыныз туболуктуу болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kopiko   20 Октябрь 2015 - 00:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 28 Январь 15
  • Соңку аракети: 01 Мар 2017 19:52

Аллахым сизге эки дуйнолук бакыт берсин! Ачууга алдырбай туура жолду тандаганыныз учун! Азаматсыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: