Биринчи бөлүм
ЧЫР-ДӨБӨ
I
Боз үйдө сайма сайып отурган кыз өзүнөн-өзү селт этип чочуп кетти. Илме шибегесин саймасынатепчий коюп, саамай чачын тутамдай кармады да, тыш тарапка кулак түрдү. Бир аздан кийин кергичинкерегеге жөлөй коюп ыргып турду. Сыртка чыгып караса, иниси Кубаткул музоосун үйдүн кырчоосунабайлап жатыптыр.Музоосун байлап коюп Кубаткул ат болуп азынады, айгыр болуп кишенеди. Кечээ күнү мындаболуштун жасоолу келип — ат тапкыла,— деп ар кимдерге камчы үйрүп бүлүк салган. Аны көрүп калганбала «ат тапкыла» деп уй байлай турган казыктарды,
ат байлана турган мамыларды шапалак сөрөйүменен бир сыйра сабап чыкты. Анын добушун уккан айылдын башка балдары үйлөрүнөн «аттана» чыгыпдүрбөлөңдөштү.
Өз ара бир аз кужулдашты да, карга шыйрак эр кулдар айылдын туурасындагы сайга бетала, торопойдой томураңдап жабыла жөнөштү. Тиги кыз аларды ээрчий карап үйгө жөлөндү.
«Жар жыгылса суу бөгөйт,
Жалгыз өлсө ким жөлөйт.
Жар жыгылса суу чыкпайт,
Жалгыз өлсө чуу чыкпайт»
— деген элдик лакап сөздү эсине түшүрүп, бөбөгүнүн жалгыздыгын ойлоп муңайды. Үйгө жөлөнөселейип тура берди. А дегенче аркы үйлөрдүн биринен жамачылуу көйнөкчөн аял чыга келди. Төмөнжакты бир аз таңыркай карап тура калды. Анан калың көч келаткандыгын айтып өзүнчө чарылдапсүйлөдү.
— Жүргүлө, өзүбүз көчүрүүгө барбасак да, көчкөндөрдү көрүп калалы! — деп үйлөрдү карайкыйкырды.
— «Жаман аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк».
Кайран Карачач жеңемдин желдүүлүгү ай!— деп үйүнө жөлөнүп турган кыз өзүнчө кобурады.Карачачтын кабары боюнча «жатакчы» айылдын келин-кыз, кары-картаң аялдары жабыла көч өтөтурган кашаттын кырын көздөй чубашты. Үйүнө жөлөнүп турган тиги кыздын аты Бермет.— Бас,тегеренейин!
Көчкөн элдин көркүн көрүп калалы,— деп Карачач аны да алдына салып жөнөдү.Кара таандай кымкуут калың көч көңтөрүлүп келе берди. Көч алды болуп Качы бийдин уланушагычыга келди. Сыпайылап ат минип, сыйдалап тон кийишкен. Куш кондуруп, мылтык асынгандары да;тайган, машке ээрчиткендери да жүрөт. Бийдин уулу Сабит мырзанын жоргосу чайпалат, өзү жайкалат.Ошентип,
ал башкалардан илгери жалгыз келе жатканда, кашатта турган кыз-келиндер көзүнө чалдыкты.Арт жагында келаткан ырчысына кылчайып: кыз-келиндерге жөөлөш, тийишип ырда,— деди. Ырчысыналдына салды.Сабит мырзанын ырчысы Ашыр деген томпой ооз, орсок тиш, жаргак бешмант, кийиз калпак эмеэкен, эки эрдин күбүрөтүп илгерилей бастырды. Чукул барып Бермет кызды бет алдыра ырдап салаберди.
«Кара алачык айлың ким?
Карындаш, айтчы, дайнын ким?
Мырзалар угуп кетишсин,
Куда болгон кайның ким?..»
— Бали, бали! Кайран көк жал. Узат, узата бер! — дешти бий уулунун жорожолдоштору.
Алкынып-жулкунуп Ашыр оолуга ырдады. Анын ыры жалаң гана кордоо, кемсинтүүнүн кычкылсөздөрү болду. Келин-кыздар корунуп, бири-бирине ыкташышты. Бермет козголбостон ырчынын ырынуга берди.Оолуккан Ашыр көптөн кийин соолукту. Жеңинин учу менен оозун сүрттү. Арасы ачык тиштериненшилекейи чачырай берип бети-башын нымдаштырып жиберген экен. Ошол учурда, жаагын сөөмөйүнөжөлөй коюп, Ашыр ырчыга Бермет кыз жооп кайтарды: «Жардылыктын жайынан,
Жан багуунун айынан.
«Жатакта» калтан айлыбыз,
Сиз сыяктуу шалдыр тиш,
Куда болгон кайныбыз.
Курулай кылба келеке,
Кошомат кылып мырзаңа,
Купшундагы жел өпкө...»
Кана, айтыша бер! Бол, бол! — деп жоро-жолдоштору Ашырды сүрөөнгө ала, шыкак болупдуулдашты.
Ал эрдин эптештирип бирдеме айтууга аракеттенди.
Бирок, оозуна эчтеме кирбей да, чыкпайда койду. Атын теминип, Келин-кыздарды демите башын чулгуй берди. Баары бир оозунан эчтемечыгара алган жок. Учурдан пайдаланып Бермет да аны кордоого өттү: «Эми эки ооз ыр айтсам,
Ичи күйүп чок болот.
Ырчысынган томпой ооз,
Ошону менен токтолот.
Ырдын жайын билбестен,
Ырчысынып куу тумшук,
Кайсы алына шоктонот?..»
Айласы түгөнгөн Ашыр атын моюнга бир салды. Бура тартып артын карабастан кача жөнөдү.—Качпа,
качпа! — дешти жолдоштору.
Ашыр кылчайган да жок. Берметке суктана карап Сабит мырза бир аз турду да, сабыры суз бастырыпкетти.
Бермет да аны көпкө чейин ээрчий карады.Аялдар мырзадан абийир сактап, айбыгып араң турушкан экен, эми дуулдашып Берметти ортогоалышты.
— Берметке мырза ашык болуп калды. Өзүңөр деле көз карашын байкадыңар го? Албаса эми жанытынбайт,
ишенип койгула. Бийдин келини, мырзанын катыны болосуң, берекем,— деп Карачач жеңеБерметти кучактап эркелетти.Уландарына удаа бийдин кыз-келиндери чыга келди. Үртүктөп аргымак чалыш ат минип, башынашөкүлө кийип, бийдин кызы Сайкал жөкөрлөрүнөн обочо илгери келе жатты.— Ат үркүтчүдөй болгон бечаралар,— деди. Ошентип ал «жатакчы» Келин-кыздарды корсунтасүйлөдү.
— Бийдин көйрөң кызы көрктөнөм деп, адам көрсөңөр!
Карачкы болуп алыптыр! — деди Бермет.Мурдун чүйрүп эликтеп да койду.— Анчалык тескери болбосоң, эл көчкөндө темселеп «журтта» калар белең? — деди бийдин кызы.— Шөкүлөңдү талашып жаткан эч ким жок. Эриккен болсоң эртерээк барып койчу-колоң мененэрмектеш!
— деп Бермет ээрдин чүйрүдү.— Сереңдеген сетердин сөзүн кара! — деди да, бийдин кызы Сайкал ызалана бастырып кетти.Кыз-келиндерден кийин бийдин төөлүү көчү чубап өттү. Жетелеген төөсү жөн баспай бийдинКызалак деле турган күңүнүн азабын колуна берип, боздотуп келе жатты. Ал төөсүн, ошондой кыйыктөөнү жараткан кудайын кошо каргап, зариңкиреп ыйлап алыптыр. Бирок, бийине эч канча тилтийгизбейт.
Кейпи, кудайынан бийин жогору көрө турган болсо керек.— Токтой турчу? — деди Карачач, демейдегисиндей жулкунуп.— Кымыз жок!—деди өзү араң келаткан Кызалак. Көрсө, кымыз сурады го деген экен.— Ээриңди оңдоп токуп берели. Жыгыла турган болуп калыпсың!
Ошентип, эмне максат менен «токтой тур» дегендигин Карачач катуу сүйлөп туюндурду.— Ошентсеңер ошенте койгулачы, тегеренейиндер!
.. Ээрин оңдоп токуп, жип олоң, жип куюшканынбекемдеп беришти.— Эми суусун жутуп албайсыңбы?
— дешти.— О, тегеренейиндер,
андай аттуу күн кайда!.. Келиндердин бирөө суусун алып келүүгө жүгүрдү.— Эч болбогондо ээр-токумумду,
үстү-башымды дурустап бергиле дебеген экенсиң! Ооп жыгылыпкалсан,
жип үзөңгү бутуңдагы чокойго чалынып ат сүйрөп өлтүрбөйбү?
— Ушу көрөкчө өлүп калган деле жакшы болор эле,— деп Кызалак үшкүрүп жиберди. Мурдунунсуусун сыгып ыргытты. Суусун алып келаткан келинге карап,— батыраак баса көр! Жутуп алып тезирээккетейин.
Барып үй тигиш, тезек терип, отун алыш керек,— деди. Аяктагы суусунду апкаарый жутту.—Көзүм ачыла түшпөдүбү!
Ылайым көзүңөр ачылсын, айланайындар!
..Алкышын айтты. Буйласын чоюп, төөсүн жетеледи. Келин-кыздар айдап узатып койду. Анан анынкүңдүгүн,
эч болбогондо бий. жанагы отунчу кулуна деле никелеп койбогондугун айтып Карачачкапталын кашынды.Төөлүү көчтөн кийин байлардын жер дүңгүрөткөн жылкылары келип, кашатта тургандарды тебелепкете жаздады. Эми короо-короо койлорго аралаш уйга жүктөлгөн жөөлүү көчтөр келди. Мөөрөгөн уй,маараган кой, кишенеген жылкы, мал тосуп, көч айдагандардын кейиничтүү кыйкырык үндөрү айлананыазан-
казан, ызы-чууга толтурду. Бир тарабы жылкыларын котолотуп бош айдап баратса, экинчи тарабыэтектерин курларына каңтара кыстарып, алкашалка тердеп, уйларынын куйруктарына сүйөнүп, жөө-жалаң кетип барат. Учкашып-чиркешип бараткандары андан көп.Алачыгын карала уюна артып, анын үстүнө бир баласын таңып, экинчи баласын өзү аркалап, уюн жөөжетелеп Каныш жеңе да келе жатты. Куйругуна чиркеп койгон музоосу кыйыктанып уйду артты карайчоёт. Мурунтук аркылуу Каныш уйдун мурдун илгери карай тартат. Ошентип, жардылардын өздөрү да,
арала уйга окшогон алардын бирин эки малдары да, жүккө таңууланган балдары да көч үстүндөкөрбөгөндү көрүп келе жатышты.— Байлары көчсө, анын артынан жөөжалаң, учкаша-чиркеше көчкөндөй байкуштарына мынчалыкэмне убара?—дей калды кайран Карачач.— Байларынан «саан ичип» жан багыш үчүн жанталашып бараткан шордуулар эмеспи,— дедикимисидир.
Жөөлүү көчтүн артынан бир короо кой келди. «Эркеч, башта!» деп кыйкырып коёт койчусу. Мингениөгүз,
тартынганы чарык, бөктөрүнгөнү кементай, үстүнө кийгендери таартуур, башында өрө кийиздентигилген эндей калпак.— Крой, крой! — деп өгүзүн өпкөгө теминип өкүрөңдөтө бастырат. Тескери баскан койлорду: —ээңди жут, ээңди! Талаада кал, талаада калгырдын малы,— деп каарын төгүп каргайт, каңырыгынтүтөтөт.
Койлору шыдыр жүрүп кетсе созолонуп ырдап да калат: Көчкөндө көчуң жандайын,
Көз карашын аңдайын.
Көз карашың түз болсо,
Көчүңдү ээрчип калбайын!
..
Байдын уландарынан корунуп эчтеме айта албай коргологон келиндер койчудан жазганган жок, атүгүл тийише кетишти.— Бийдин кызынын көз карашы түз болгон го, кайран жигитке!— Көчүнөн калбай коюн айдап баратышына караганда ошенткен болсо керек!— Бийдин кызынын көчүнөн калба, кагылайын. Койлоруңду айдап, ээрчиген бойдон бара бер! — депКарачач бул жерде да сөзгө аралаша койду.Өздөрү тийишкен келиндерден койчу да тартынбады.
Өгүзүн бышылдата бастырып жакындады.Чүлүгүн каңтара тартып тура калды да, ырдап коё берди:
Келин-кыздар арбаңар,
Бар бекен суусун жармаңар?!
Суусап келген койчуну,
Суусун берин жалгаңар!
Жардылыктан көчө албай,
Кеткен окшойт аргаңар...
Кыз-келиндер удургуп калышты, жооп айта албай бирин-бири түрткүлөштү.
Койчу чокоюн чойтойто,чүлүк үзөнгүсүнө чирене тээп, ар кимисине эрдемсип астыртан көз жүгүрттү.— Ушунчабыз туруп бир койчучалык жокпузбу. Бирдеме дебейсиңерби!
— деп Карачач каадасынчанамыстана сүйлөдү. Анын сөзү ар биринин намысын козгоду. Бирок, койчуну бет ала чыгууга бирөө дажарабады.
Акыры Карачач чыдабай кетти: — Намыс эмеспи, кокуй катугүн. Өзүң бирдеме дегин,кагылайын!
— деп Берметке барып жалбарды. Өпкө-жүрөгүн чаап, жөн эле безилдеп кетти. Ошондо,койчуга бет ала Бермет сөз жөнөттү:
Өгүз минген баласың,
Өрөпкүп сүйлөп каласың.
Өгүз менен өпөңдөп,
Өзүң кайда барасың?
Суусундукка жарманы,
Сураган жерден табасың
.Суусак болсоң жашыңда,
Койду кантип багасың?
Кой жоготсоң кокустан,
Бийиңе кантип жагасың?
Кандырганы турасың,
Келин-кыздын табасын!
Билбей турган көрүнөт,
Бул жигит да чамасын...
— Кой эми, кагылайын карындаш, кой! — деп койчу курулай каткыра күлдү.— «Кой» демекчи, иттинкойлору бет алды жайылып кетип жоголду бекен,— деп өгүзүн бура тартты.— Суусун жута кет, ырчы жигит! — деп Карачач капталын кашып эргиштеди.— Суусунум канды, карындаш кандырды. Рахмат! — деп Берметке койчу дагы бир жолу жалткарады.
Анан өгүзүн өкүрөңдөткөн бойдон койлоруна кетти.Коюмду жайдым шабырга,Жебедим тыштуу кабырга.Акым күйүп кеткен соң,Коюн ташка камадым,Чокоюмдун таманын,Шоона менен жамадым...
Ырын ырдай, өгүзүн өкүрөңдөтө коюн айдап койчу жигит жүрүп олтурду. Бермет кыздын элесин көзалдына келтирип, айткандарын уламдан улам эсине түшүрө берди. Кечке айдоодо жүрүп ачыккан койлорошо түнү короого жатпай тынчын алса, Берметтин элеси эсине келе берип уйкусун качырды.Койлор таңга жуук гана тынч алды. Жайлоонун сыдырымына чыйрыккан койчу Албан төөнүнжабууларынан калыңдап төшөндү да, Кызалактын үйүнүн жанына жата кетти.— Бийдин кою» мен эмнеүчүн кайтарып жүрөм? Мал таап бай болуш үчүнбү? — деген суроолор оюна келет. Ойлонуп жата берип,«жан багыш үчүн» деп өзүн-өөзү жооп айтат.— Жан багыш керек болсо, Берметтин атасы Ийгиликкекиренди кирсем деле бакпаймынбы.
Макул, барып киренди кирейин, оорун колдон, жеңилин жерденалайын.
Бирок, Бермети мени теңине алар бекен? Мейли, теңине албаса тегерегинде жүргөнүм да жаманболбойт.
Ошондой ойлорду ойлой берип кирпик какпастан таң атырды.Ошо түнү бийдин койчусу Албан гана эмес, уулу Сабит мырзада оңчулуктуу уктай алган жок. Көрсөанысы да Берметке берилип • калыптыр. Алсам деген оюн эртеси эле арачы салып атасына айттырыпкалды.
Аны уккандан кийин өзүнүн карындашы Сайкалдын да санаасы бөлүндү болду. Бир туруп: —Алса ала берсин. Келин болуп келе калса, кечээ көч үстүндө көрсөткөн ызасынын эсесин бирчыгарайын,
— дейт. Бир туруп көп узабай өзү да күйөөгө кете тургандыгын эске алып, агасын азгырыпалдырбай коюунун амалайласын издейт.Карачач жеңе Берметтин ата-энесин күтө берип ошо күнү кечти араң киргизди. Алар келе жаткандаэле тосо басып болгонду болгондой баяндады: — Ишене бергиле. Айтты койду дебегиле. Кудай буюрсабийге кудакудагый болуп каласыңар,— деди. Берметтин атаэнеси андай сөздөрдү уккандан кийин«жамандын айтканы келбесе да, сандырагы келгиси бардыр» дешип ичтеринен кымылдашты.
Түндөалардын уйкусу да чала болду. Бермет да ошол түнү аз уктады. УЛАНДЫСЫ БАР.
Чыр-Дөбө. Айткулу Убукеевдин чыгармасы.
#2 20 October 2015 - 19:29
Уландысы качан уланаар экен
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))

#3 21 October 2015 - 13:33
2-бөлүм.
Текирең таскак менен келаткан атчандар Аңырты жайлоосунун жөлөнкөсүнө чыга келди. Жээрдежоргону бөжүтүп алда жалгыз келаткан татырандай сары киши Бекиш старчын, жөндөп айткандастаршина. Чепкенди тыкыйта бөктөрүп, калпакты баса кийген. Белинде жазы кемер, күмүшү жаркылдапалыстан көрүнүп баратат. Мындагы айрым адамдар аны «сыйда сары» да дешет. «Шайтан сары»дегендери да бар. Баары бир, кандай дешсе да бир старчын «үч урукту» тырп эттирбейт. Анын артынанаттарын кара терге чөмөп казкатар үчөө баратат. Берки четтеги кабырыңкы арык кара Кашкарбай —«Олжобай» уруусунун элүү башысы. Орто жерде теңтайлашып келаткан кодойгон чедирекей кызылкиши Мантек — «Жамгырчы» уруусуна элүү башы. Аркы четте келаткан дуңгул кара «Алыке» уруусунаэлүү башылык кылат, аты — Чаки. Алардын артында делпилдеп келаткан эндей этектер тиги төртөөнүнаткошчу жигиттери.Жөлөңкөдөн босогого чыга келгенде Аңырты жайлоосу аягынан башына дейре айгине көрүндү.Аксай, Арпа, Каркыра, Суусамыр жайлоолорундай кенен болбосо да, Аңыртыдай жакшы жайлоо азболууга тийиш: тескей тарабы карагай, четин, ит мурун, шилби, карагат, калың чер. Черден жогорукоргул корум, андан жогору эчкитеке эркин жайылган катмарлашкан калкагар зоока. Күңгөй тарабыбетеге, түлкү мурут. Төрлөрүнүн башы жана өрөөн-өтөктөрү кара-кыяк, кымыздык, козу-кулак, каакым,көбүргөн, жөргөмүш, казтаңдай. Мында келгенде төрттүлүк малдын чери түгөл жазылат. Ышкын,кымыздык, жөргөмүш, козу кулак, каакымга бала-бакыра да туйтунуп калышат.Катуу жүрүш менен келаткандар Аңыртыны өрдөй бергенде күн батууга жакындады. Кечки желтигилердин этектерин делпилдетти. Ат үстүндө талыкшып келаткандар салкын желге сергий түштү.Мелтиреген өзөн сууну бойлой уй мүйүз тарта конгон алда канча айылдар, желе боодон алыстап төштаяна жайылган жылкылар. Төр-төрдөн чубуруп түшүп короолорго кирип жаткан койлор. Өтөктөрдөыңырсып жаткан уйлар. Кыскасы төрттүлүк мал Аңырты өзөнүн азан-казан түшүрүп жаткан экен.Атчандар Качы бийдин айлына иңирге аралаша жете келишти. Чулдук тумшук чоң сузгусу менен этоодарыштырып кемегенин кашында Каракул жалгыз туруптур.— Мейман келди, ат алгыла! — деп аркытурган куба төбөл үйлөргө карай үн салды. Бүгүн кымызга кыйла тойгон болсо керек, эки бетикекбоордой кегерүп чыңалып кетиптир. Булоолонуп тердеп да турат. Кийиз калпактын бир тарабыничине имере кийип койгон. Жаргак шымы бүтүнүрөөк болгон менен, көйнөк сөрөйүндө жакасынанбашка ийинге илинер эчтемеси калбаптыр. Кийиз өтүк болумушу согончогунан басылгандыктан туркуузарып, кончу кыскарып кетиптир.Кубат өбөл үйдөн жарыша чыккан жигиттер келгендердин атын алышты. Старчын, элүү башыларгабийдин жүз баштуу ак үйүнүн эшиги ачылды. Ат кошчулар казанды чөйрөлөп кемегенин кашында калаберди.— Этке бүгүн жакшылап тойгуза көр, Каракул мырза! — деди ат кошчулардын бири. Ал үнчыгарбады, «сорпонун тескейинен» калпып аякка куйду да, шор-шор ууртап, эттин тузун байкады.— Этинен болбосо да, марттык кылып сорпосунан кайрылышаарсың? — Деги быйыл тамак бетин көрбөгөнсүңөр го, жигиттер! Аттан бутуңар түшө элек жатып казангаакыясыңар, — деди казанчы Каракул. Чоң аякка сорподон толтура куйду да: — Мегиле! Акыйып тураберсеңер этке сугуңар өтүп кетет. Тигиндей барып бөлүшүп иче тургула. Кийинкисин кийинкөрүшөртЗүз.
Аяктагы сорпону алып тигилер арылап кетишти.Старчын, элүү башыларды жайдаңдап Качы бий жакшы кабыл алды. Курулай сылай беримиш болгонменен, бийибиздин ээгинде эки тал түгү жок, көсөө киши. Аны да сыртынан ар кимдер «жалжаяк ооз,жаркабак» дешет. Өзү да ак кажырдай айбаттуу адам. Өз кишилерине эрөөн-төрөөнү жок. Чет кишилергесырт салат, тоотмоксон болуп кыр көрсөтөт. Өз санын өзү мыжыга кармап, тишин кычыратып, сурданыпкалмасы да бар. Өз үйүндө эт менен кымызга тоюп да койбойт. Чоочун жерлерде ченеп ичип, чебердепжейт. — Келгиле, келгиле! — деп жаяктады. Старчынсынып Бекиш бийдин катарына барып олтурду.Букара «жамгырчы» уруусунан болсо да, Мантек жаш жагынап беркилерден улуулугун эске алды,чедирее барып старчынды жандай отурду. Бийдин өз кишиси, өз айлынан эмеспи, Кашкарбай Чакидентөмөн отурду.— Старчын, элүү башылар атка чайкалып чаалыгып калышкандыр, кымыз жуткургула! Бий ошентип ээгин сылады. Бешмантынын эки этегин куруна кайтара кыстарып алган жапалдашбойлуу бышалак сары жигит ишке киришти. Керегеде байлануу турган чаначты күпүлдөтө чайкады да,оозун кайрып кеселерге куя берди. Жаш өспүрүм жакшынакай бала баш ылдый бирден кесени ар биринекарматып чыкты.— Пай, пай, пай! Жөн эле бал болуп калган экен, кымыз болбосоң коё кал. Опургула, жапыргыла! —деди. Кымызын мактай сүйлөп Мантек элүү башы бийге ошентип көшөкөрлөндү. Бийдин көрөр-көз токолу салабаттуу да, сабырдуу да, кейпи салмактуу да аял болууга тийиш.Сүлөөсүн ичикти желбегей жамынып, сыңар тизелеп отурушун жазбады. Созулган бойдон кеп жок, сөзжок солк этпестен отура берди. Кымызга меймандарынын суусуну канган учурда эки табакка эт келди.Бир табак бий менен көрөр-көздүн алдына коюлду. Эпилдеп меймандарга кымыз сунуп, колдоруна сууберип жүргөн бала да ошо табакка отурду. Берки табак старчын, элүү башыларга тартылды. Ар кимисижашына жараша устукандарын алып мүлжүүгө кирди.— Жанагы биздин жигиттер кайда жүрүшөт, келип эт туурашсын,— деп Мантек дагы кортоңдопкойду. Аткошчу жигиттер колдорун жууп белен турушуптур, бычактарын кармай киришти. Алараткошчулукка туурамчылыктын аркасы менен гана жетишкен эмелер экен, босого жакка отуруп эттуурашты. — Опургула, жапыргыла, майда туурагыла! —деп Мантек элүү башы дагы камкорлонду. Эт туурап берип туурамчылар аттарына барышты. Жайдактап аса байлап, ээр токумдарын жаздана, айталаага тоголонушту. От караңгылай түшкөндө эттин майлуу жеринен кимиси кандайча кесе коюп,кантип сугунуп жибергендиктерин айтып бйр кыйла кобурашты.«Конок каадасы» болгондо бышалак сары үч элүү башыга чогуу, старчынга өзүнчө жалгыз — экижерге төшөк жайлады. Бийдин үйүнө керилип жата берүүдөн айбыгып үч элүү башы эртең менен эртетурушту. Айылдын жанындагы дөңсөөгө барып айланага көз жүгүртө отура беришти. Бийдин улуубайбичесинен эки уул бар экен. Бир короо кой, бир желе жылкы, саанчылары менен өзүнчө айыл экен.— Тетиги айыл эң улуу баласыныкы, — деди Кашкарбай элүү башы.Ортончу аялынан Сабит мырза. Эркектен өзү жалгыз. Бүгүн тою келгени турган кыз анын уялашкарындашы, аты — Сайкал. Төрт түлүк малы котолоп жаткан мына бул калың айыл ошо Сабиттики.Кичүү аялы Камка төрөбөй жүрүп кечигип төрөгөн. Бир уул, бир кыз бар, балдары жаш. Энесин тартсабаласы жаман чыга койбос. Бийи деле, уландары деле, байбиче аялы менен ортончу аялы деле Камкаданчыга алышпайт. Кагылыша кеткендерин Камка мамыржумур жайгаштыра коёт. Билармандыгы да бар.Залимдиги да жетиштүү, ички бийлик ошо Камкасынын колунда.Өтөркетер кептерден Кашкарбай ошентип кобурап олтурду. Бий төшөгүнөн жай туруп тышкачыкканда, тышта жүргөн Камка үйгө кирди. Старчын башын көтөрө коюп:— Камка жеңе, көз акымдан качан кутулар экенсиң? — деп тийише сүйлөдү.— Жаның болсо көз акыңды өндүрүп алууну өзүң билбейсиңби? Мурутун сары арпанынкылканындай тикирейткен эркул! — деп Камка серпиле карады эле, старчындын жаагы жап болду.Адегиче бийдин «О Камка, дааратка суу алып чыга калчы!» — деген үнү көтөрүңкү чыкты. Дааратка суукөтөрүп чыгуу Камканын милдетине кирбей тургандыгын бий өзү деле билет. Старчындан кызганыпошенткенин түшүнө койгон Камка буйдалбастан кайта чыгууга ылаажысыз болду.Күн шашке болгон учурда анданмындан чубагандар да, чаначтарга буулган кымыздар да элүүбашылар олтурган дөңсөөгө келип түшө берди. Отургандар кымызга ала күү болгон кезде бий сөзкозгоду. Садыр болуш менен «күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан» жети сөөк экендигин айтакелип,— «бир ууч сөөгүн» алууга тоюн артып бүгүн келише турган болуптур. «Атты кандай чабабыз,мейманды кандай алабыз? Табакты кандай тартабыз? Тойду кандай беребиз? Кызды кандай узатабыз?»деген сыяктуу сөздөрдү жаадырды.Ар кимиси билген кеңешин айтты. Кеңештин акыры: — той кыздын өз энесиникине — Сабиттинайлына түшүрүлсүн. Бийдин үйүнүн жанына болуш куданын өзүнө бир үй, жигитжалаңына биржасалгалуу — эки үй тигилсин. Калгандары айылайылга бөлүштүрүлүп коноктолсун. «Кыз калыңсызболсо да каадасыз болбойт», узатуу каадасы кудалардын келишине жараша болсун,— деген сөздөр мененжыйынтыкталды. Тойду башкаруу милдети старчын менен үч элүү башынын мойнуна жүктөлдү.

#4 21 October 2015 - 22:32
Тигилер өздөрүнчө болуп жатканда жыйырма чамалуу кыз-келин ээрчитип Сайкал, кичи энеси Камкагакелди.
Көзү шишимек, өңү өчүп кумсарып калган. Бурала басып, өгөй да болсо өз энесинен жогорукөргөн кичүү энесинин жанына барды. Үн жок, сөз жок муңая бир карап коюп жанына отурду. Кичүүэнеси жаагынан сылап улутунду.—Сен кандай абалда болсоң, сен үчүн мен да ошондой абалдамын,балам,
муңайба! Өз атабыз бий экен. Кудабыз болсо болуш. Тойлорун токтото турууга кудуретимжетпеди.
«Аксактын сабырына кара» деген, сабырдуу боло туралы. Тойлорун тополоңго айландырарынбир жолу айландырармын.
Антерим бышык. Акырын көрө жатарбыз,— деди Камка. Сөзүнүн акырын: —Келиндер!
Кымыз ичкиле, ойноп-күлүп эркеме эрмек болгула,— деп бүтүрдү. Ичигин желбегейжамынып чыгып кетти. Айылдын четине барып өзүнчө жалгыз отуруп алды. Бир аздан кийин старчындыээрчитип бий жанына барды. Кеп-кеңештеринин жыйынтыгын баяндады. Камка үн катпастан укту.Мелтирегенден мелтиреп отура берди. Көчүгү талыган бий жантайып жата кетти. Бекиш старчын тыяктаотургандарга кайта барып кошулду.Кыз-
келиндер кылактап кыйладан кийин үйдөн чыгышты. Камканын жанында жантайып жатканбийди көрүштү да, үйдүн далдасын карай имерилишти.
Аларды көрүп олтурган Камка бийине карады да:— Келин-кыздар сизден жазганып турушат, тигилерге барыңыз! — деди. Бий онтолоп уйча турду.Каалгый басып кетер менен кыз-келиндер Камканын жанында болушту.— Ырдагыла!
— деди Камка. Ал аны сөз болсун деп анчейин айта салды. Ырдагысы келсе Келин-кыздар эркек аттууга үндөрөн угузбай ээн жерлерде ырдамыш болушат. Тыякта эркектер, бул жердеайбаттуу аял Камка отурса, кимисинин оозунан ыр чыга коёт эле! Анын үстүнө бийибиз да «ырысы жокырчысынып калат» деген сөздү көп айта турган.Улуу шашке ченде старчын, элүү башылар аттанып жогорку айылдарга кетишти. Түш ченде шайдоотжигит,
илбериңки келиндердин бир тобу бийдин үйүнөн оолагыраак—мал баспаган жерге эки үйкөчүрүп келип тиге коюшту. Айыл арасында жүргөндөр экеңтукуң болуп, баскантургандарычыйралгандан чыйрала берди.Той жүктөгөн төөлөрүн жетелеп кудагыйлар бешим ченде келди. Тосо чыккандар аны Сабитмырзанын айылына алып кетишти. Той тамагы алда канча капка, толгон токой куржундарга тигилиптир.
Каптагылары жарымына чейин тууралган базар нан, жарымынан жогоркусу бышырылган эт экен.Куржундагыларына боорсок, жийде, өрүк, мейиз, кант салыштыптыр.
Той түшөр замат төртбеш бала аркайсы айылдагыларды той тамагына чакырыш үчүн чабагандап кеткен. Мына эми убапчубагандар келеберди. Ошого чейин «Камка келсин» дешип каптардын буугучун чечишпеди. Куржундардын оозу дасөгүлгөн жок.— Келсин деп жатышат,— деп ат коштоп келген баланы: — бара алгыдай эмесмин,ооруксунуп турам. Өздөрү тейлей беришсин,— деп кайта жиберди.— Апа, өзүң барып башында турбасаң болбойтко!
— деп Сабит мырза өзү келди. Анын келатканынукканда башына жаздык койдуруп жата калган Камка:— Уулум, үч күндөн бери апаңдын эски оорусу козголуп турат. Анын үстүнө баягы шакый дегенэмеси да кошумча болуп алды. Айылда андай тойлордун далайын башкарып жүргөн аялдар бар эмеспи,ок тийиптирби,
белен тамакты таратып беришер,— деди.Сабиттин өз энесинин жүүнү бошураак эле, Кудагыйларына бел алдырып коёбу деп чочулаган. Өгөйэнесине өзү келишинин себеби ошол болучу.Камкадан күдөрү үзүлгөндөн кийин аялдар «Куржун сөгүү» эрежесин аткара берүүгө киришти. Аркайсы уруудан бирден байбиче куржун сөктү. Куржундардын сөгүлүшү куру болгон жок. Салт боюнчакай бирлери сөгүлгөн куржун, каптардын оозуна жоолук байлап, кай бирлери теңгетыйын коюпырымдашты.
Куржун сөккөндөр той тамактарынан бир табакка жасап алып үйдөн чыга берип турушту.Той тамагына келгендер айылдын четине кырка тартып отура берди. Тамак таратуунун жайынбилгендер шымаланып табактарга бөлүштүрүп турду. Улам келгендерине төрттөн, бештен кылыптабактар тартылып жатты. Эттин чүйгүндөрүнөн,
тууралган базар нан, өрүк, мейиз кылып бир табактыбарыдан мурда бий мененКамкага жөнөтүшкөн.
«Жүрөгүмө эчтеме барбай турат» деп Камка нанынан болсун, этинен болсунбир тиштем чайнаган жок. Өрүк, мейиздеринен да оозуна салбай конду. Бий алынын бардыгынчааймапкүймөдү.
Болуш куда жоон топ киши менен күн бата келип тигилген үйгө жатып калды. Күйөө бала, анынжоро-жолдоштору иңирге аралаша, айылдын арт жагындагы кабакка түштү. Салт боюнча Келин-кыздартосо барып алып келишти. Күйөө баланы жоро-жолдоштору менен өздөрүнчө бир үйгөжайлаштырышты.
Бир жагынан мал союп, экинчи жагынан эт бышырып далай жигиттин сузгусу түнортосуна чейин колунан түшпөдү.Эл жатарда Качы бийге караштуу старчын менен үч элүү башыны Садыр болуш чакыртып алды.Тойго союла турган малдын ыгы болбой тургандыгын айтты. Ошондо Бекиш старчын сыңар тизелепотура калды да, камкордугун туюндурду:— Сиздин тоюңуздан мал эмес кара башыбызды да аябайт эмеспизби, жарыктык болуш!Болушубуздун ак тилегине кошкон кошумчабыз болсун деп үч элүү башыңыз үч бээ дайындашты.
Бирбээни мен өзүм кошумча кылайын дедим. Мага караштуу он башыларыңыз тойго союуга бир канча койчогултуп коюшту.
Болуш ыраазылыгын билдирип жайбаракат жатып калды. Эртең мененки кымыз, тамактан кийинболушу менен бийи—эки куда маектешти. — Эми, өзүбүздүн бүлөбүз менен ийри отуруп, түз кеңешипкоёлу, — дешти. Экөө айылдан обочо барып отурду. Бийдин үч аялы, алардын уланушагы бүт келди.Болуштун эки аялы жана башка жакындары да келип отурду. Сөздү Качы бийдин өзү баштады.— Атабабабыздан бери Садыр болуш менен жети сөөк экенбиз. «Жакшы санаа, жарым ырыс» деп,сөөк жаңыртып дагы кудалашып койгонбуз. «Куда болгуча кулу бийиң сураш. Кудалашып алганданкийин кул да болсо сыйлаш» — деген эмеспи. Сыйлаша жүрө турган гана жерибиз калган. Бере турганкалыңын болуш берип бүттү. «Өк деген жанга өлүм бар». Көзүбүздүн тирүүсүндө бир ууч сөөгүмдүалайын, бергиле деп келип отурат...Бийдин сөзүнө болуш аласала сөз жалгап жиберди. Эл арытып, журт карыткан, көптү көрүп, көптүбилген киши эмеспи, айтар сөздүн бардыгын бийим өзү айтып койду. Башы ачык кеп, сөз деле калганжок. Ошентип, ак тилек менен келдим. Тилегиме жеткиргиле. Достон көп душман бар, башыма каркырасайып узаткыла. Уезд чакыртыптыр. Биздин эл алты старчын, бир болуш эмеспи. Алты старчындыээрчите бара турганмьш. Буйругу тыкыр экен. Ак паашабыз кербен менен уруш жүргүзүп жатпайбы.Тапшыра турган иштери, буйрук„жарлыгы болсо керек. Ишимди илгери кылгыла. Тоюбузга арналганмалыбызды бүгүн союп, эртең элге таратып берсек, бүрсүгүнү узатсаңар, көптөн көп жакшы болор эле.Кымыздан кыдырата ичип ачык аба, көйкөлгөн көк шибердин үстүндө биринин сөзүн бири жөнөтө,кеңеше- жарыша отура беришти. Ошол учурда күйөө, күйөө жолдоштор жаткан үйде бир окуя болду.Анын акыры ырбап кетип, куда-кудагыйлардын арасынан катуу чыр чыгарды. Ал окуя мындайбашталды: Күйөө бала Садыр болуштун кичүү аялынан, өздөрү аны Талпаке деп коюшат. Таякетайы да өнүп-өскөн атанын балдары. Садырдын өзү да чоң уруу, чоң атадан чыккан. Өздөрү «атадан калган мурас» депкоюшат, болуштун жугуштуу жаман жарасы бар. Бир аз мурду менен сүйлөп калышы да ошондон.Ошонусу болбосо өңдүү-түстүү киши.Талпакеси как эле өзүн тартыптыр, ыманы ысык. Жашы он жетиге келди. Ичти-тышты лампик,амеркен өтүк кийгизип абдан жасап-түзөп келишиптир. Бирок, акыл-эси ордунда эмес. Тырманып-жышынып, тура качып, келгенден бери жөн отурбай койду.— Кайындардан киши келсе жер карап тынч отур. Кыз алганы күйөө болуп келдиң,— дешипээнчилик боло калганда жолдоштор зекип да айтышат. Муштум көрсөтүп коркутуп да айтышат. Бир азсоолуга калат да, кайта эле жулунуп-жулкуна, кыйшаң-кыйшаң боло берет, жадатат. Киши жоктожайына коё турушат. Киши келатканда экөө эки этегинен баса солк эттирбей отуруп алат.Алпурушуп отуруп чаалыгып калган жолдоштору кымызга талыкшып жанараак уктап калышты. Ээнболо калган Талпаке мырза, үстүндөгү кийимдерин шыпырып ыргытып, кабакты карай салып урупкирип кеткен. Суунун боюндагы кара баткакка оонап, бети-башын балчык менен «кооздоп» алып кеңешүстүндө отурган атаэнелерге келип, «Атачылык» деп барып болушту кучактады. «Энечилик» деп энесинебарып жармашты.— «Энечилик! » — деп Камканы карай бет алганда, — бу арбагыңарды албайсыңарбы? — депордунан тура калды.— Калың жебей кара башыңды жесеңчи, бий? — деп желбегей жамынып тургансүлөөсүн ичигин ыргытып жиберип ары карай басты. Талпакени жолдоштору тайтайлап алып кеткенденкийин Камка кайта келди да:— Бий, болуш! Ушунчаңарда бул жоруктан кайта тарткыла! Жылаңач арбагыңарга бергенден көрө,чолпондой кызымды мууздап таштайм. Үч күндөн бери өзүм да жеттигип калдым, жарылып өлүп бериптынам, —• деди. Салабаттуу боюн салмактуу кармап туруп басабаса айтты. Жерде жаткан ичигин Сабиталып ийнине жаба койду, кылчайбастан кетип калды. Жадырап жайнап олтурган кудакудагыйлар жеркарап түндөй түнөрүп бир аз отурушту да, үн жок, сөз жок эки тарап эки жакка тарады.Бий бардык бүлөсү менен Камканын үстүнө барса, ал жаздык коюп жантая калыптыр. Жайланышыпотурушкандан кийин:— Камка байбиче, башыңды көтөр! Өзүбүзчө Кеңешүүгө келдик,— деди да, бий ээгин сыламышболуп жобурай берди.— Ал да бирөөнүн эрке баласы, кордоого болбойт. Эрке өстүрүшүптүр, эркетурбайбы. Кызыңды мен анысына эмес, болуштун кадырына, ырыскешикке берели деп жатам.Ургачылык кылба. Болуштун өзү айткандай анын да досунан көп душманы бар, жер каратпайлы! Арабызачылып кетер, акыры өзүбүзгө жакшы болбос. Чатагыңды кой, байбиче! Тойго арналган малын союп,тамагын таратууга ыраазылык берели. Сен макул болсоң эле башкаларыбыз макул дегени турабыз.Кыскасы болуш куданын намысын кетирбейли. ..— Болушка намыс керек болгондо, бийге намыстын кереги болбойт бекен? — деп Камка башыношондо гана көтөрдү. Сыңар тизелеп отуруп,— намыс деген эме ар кимге бирдей керек, аялга да, эркеккеда. Байлатма жинди баласына чолпондой болгон кызыңды кантип ыраа көрөсүң? Болушуң да, өзүң дажакшылап ойлонгула. Тоюңар Сайкал экөөбүздүн кара ашыбызга айланып кетпесин?! Бардыгы жер карашты. Камка жаздыгына кайра жантайды.Ошол учурда болуштун бүлөсү да өздөрүнчө жаңжалдашып жатты. Талпакенин энеси катуу ардыгыпкалыптыр. Өзү да албуутураак жан болсо керек: — кара көзүңөр кашайып калсачы. Сак кайтарыпотурбансыңарбы? — деп күйөө жолдоштордун беттерин тытып коё жаздады.— Бербесе кызынын өлүгүнкөрөйүн. Уулума жаман тилдерин тийгизбесин. Кетемин,— деп болушка барып чаң салды.

#5 23 October 2015 - 21:27
А десе, будесе болбой анысы да тажатты Акырында:—ме эмесе, кетээнек болсоң, кете кой, — деп эки жаакка эки,желкеге бир койгондон кийин гана көксөсү сууп бышактап отуруп калды.Ошо түнү Камка кийимин чечпестен бүкүлү бойдон Сайкалдын жанына жантайып таң атырды.Эртеси болуш, бий, старчын, элүү башылар:— Камка алса эле сенин тилиңди алат,— дешип Сабиттижумшашты.
— Апа, мен келдим, башыңызды өйдө көтөрүңүзчү!
— деди Сабит.— Келе кой, тегеренейин,
— деп Камка чыканактай калды.— Жакшы тилегим бар эле, апа, каргаша болбоңуз!
— Сенин жакшы тигелиңе каргаша болсом кара башымды жеп койбоюмбу, кагылайын. Туюндураайтчы!
— Бир кыз чечекке деле, сасык тумоого деле кетет турбайбы...— Уулум, түшүнбөдүм.
Түшүндүрө айт!— Түшүндүрө айтсам, апа, эмки шайлоодо болуш болсом деген тилегим бар эле.— Түшүнө баштадым. Карындашыңды жиндисине берсек ал болуштугун сага бере коёр бекен?— Эмки шайлоодо ал болуш боло албайт. Болоюн десе да биз болтурбайбыз.
Ошондуктан ал биздинжаатка кирүүгө аргасыз болот. Өзүнүн убадасы да бар.— Ошо кудаң убадасына тура коёрун кудай эле билсин...— Кетсе өзүнөн кетсин, бизден кетпесин, апа!— Кандай кылайын, уулум ай, уулум! Бу бармагымды тиштесем, бу ^армагым ооруйт. Болуптур.Атаң менен кудаңды мында чакырт.Камка кайта жантайды. Сабит чыгып кетти. Бир аздан соң атасы менен болуш кудасын ээрчитипкайта келди.— Камка байбиче, чакыртыпсың,
келдик,— деп бий ээгин сылады.— Камка кудагый, мынча болду, эми алтын шилекейиңди чачырат! — деди кечээтеден бери жүдөйтүшкөн болуш куда. Ошондо Камка кудасына серпиле карап:— Сабит уулум зарыла берип ачуумду таратты. Сайкал экөөбүздү ажалдан ажыратып калды. Тоюңартойго улансын, тойлой бергиле. Ыраазылыгымды бердим...— Кулдугум бар,— деп болуш ордунан тура калды.— Кулдугуңуз кудайга болсун,— деди бий.
3-бөлүм.
Кудалардын бири болуш, бири бий. Кыз бийдики. Уул болуштуку. Той болуштун уулу Талпакеники. Берки үч старчын калктын элүү башы, он башыларына чейин Талпакенин тоюнан аянган жок,тикелеринен тик турушту. Өткөн шайлоодо Садыр болуштан жеңилип калган аркы Алмабек тараптынстарчын, элүү башы сыяктуу атка минерлери тойго кошумчаларын гана берип, өздөрү мейман катарыболушту. Күйөө бала Талпаке өзүнүн тоюна катыша албады. «Эрке өстүргөн эрмегиңер кеп-сөзгөкалтырбасын» деп Камка жеңе кечээ күнү эле аны кетиртип жиберткен,— Эрке келин болосуң... депСайкалдын да көз жашын тыйган.— Ага, жеңе, курбу, курдатнтарың менен айылмаайыл кыдырып кошайтыш, төрөлүп өскөн жайлооңдун кыркасына көз жүгүрт, той тарагыча көңүл сергит,— деген.Айылдагы кыз-келиндерди аткартып жанына коштуруп берген, кырка айылды кыдырып кыз-келиндерөздөрүнчө шарактап жүрүштү. Той кабарын уккандар коломолу кол болуп келе беришти. Аттуу, тондуу,шатыраншатман шарактап келгендердин көөнү той тамашасында болсо, тайга минип, уйларгаучкашачиркеше келгендердин эси-дарты кемеге — эт тарапта жүрдү.Сапырылып келип жатат. Самсып келип жатат. Келе берди, келе берди. Топтобу менен да келди.Бириндеп бир, экиден келип жаткандар да көп болду. Анырты жайлоосу келгендерди кенендигинен ганасиңирип турду.Союштарын тирүү айдатып, үйүн төөгө жүктөтүп убактылуу, той тарагыча көчө келген сөөлөттүүлөрда, дөөлөттүүлөр да көп болду. Талпакенин көөнү болбосо да, болуштун көөнү, Камка, Сайкал, бийдинкөөнү болсун дешти. Эл сөзү менен айтканда, тойдо кылбаган санатты кылышты.«Алыскы айылдардан келген ар бир үч кишиге эртең менен бир табак, кечинде бир табак, күн сайынэки маал эт тартылсын» дешти.Жай күндөрүндө күлүктөр табында болбой тургандыгын эскеришти. Ат чабыштан башка бардыктамашаларды өткөрө бермек болушту. Маселен, көкбөрү, эр оодарыш, балбан күрөш, жамбы аттырыш,жылаңач жабыштырыш, аркан тартыш, тойго келген күйөө балдар болсо, бул айылдагы колуктуларынкубалатыш жана башкалар.Биринчи күнкү тамаша түштөн кийин башталды. Коюн төмөндөтүп Албан желе боого келди. Аткармап минип тамашага катышууга камынды. Аны көргөн бийдин ага ачуусу келди: — Адыраңдатыпчаба берет. Атты кызыл май кылат. Агыттырып жибер,— деп Каракулду жумшады. Каракул барды дааттын жүгөнүн шыпырып айдап жиберди. Албан ыза болду. Келтирип туруп эргүүлгө бир койду.Каракулга жер айланкөчөк боло түштү. Сендиректеди. Эс-учун жыйгандан кийин өч алыш үчүн Албандыкубалады. Ал ойт берип, буйт берип отуруп ага жеткирбеди, карматпай койду
Албанга бийдин санаасы дурус эмес эле. — Какылдаган кара тумшук жетимге Каракул жетсе,кабыргасын кайыштыра кармаса — деген тилек менен карап отурган. Бирок, тилеги кабыл болбоду.Албандын элпек кыймылы бийдин тилегинен күлүктүк кылып, өкүнүчкө калтырды.Ашыр ырчы атка минип жар айтты. Аттуу, жөө адамдар экиге бөлүндү. Эки ортону ачып коюп балбанкүрөштүрүлдү. Бий менен Садыр болуштун тарабы Каракулду чыгарышты жана күйүгүп шайы бошопкалган эме, кармашууга да жараган жок, жыгылып берип тынды.Аркы Алмабек тараптын кишилери атайын катуу даярдык менен келиптир, ыгын таап чыр чыгарууаракетин көп издешти. Сыйда Сарынын ким экендиги ушу тойдо даана көрүндү. Камчы үйрүшүпкагылыша калгандардын тыягын тыякка, быягын быякка жакшы сөздөр менен жайгап, бардыгын басбаскылып жүрдү.Улакты удаасы менен эки жолу тиги тарап таштап өтүшү, берки тараптын намысын катуу козгоду.Кары, жашынан тартып бардыгы бирдей күйкөлөктөдү, улакты алдырып жиберген жигиттерди «тамакичпей таш ичкирлерди кара» дешип, эл артында турган аялдары да жаман көрүштү, ыза болушту.Алакандарын шак коюп, бирин-бири капталга нукуп ыргалышты.Бирөөнүн атын сурап минген экен, үчүнчү жолу улакка чыккандардын катарына Албан барыпкошулду. — Тетиги кара тумшук Албанга эмне жок?—деп бий анын чыгышын жактырбады. — Койдуруп койгула!— деди. Бирок, Албан камчы үстүнө камчы уруп кирип кетти. Баарынан мурдажетти. Улакты кандай илип кеткендигине көз илешпей калды. — Мына, улак тартат деп Албанды айтышкерек, — деп дуулдашты, намысы кетип турган берки тараптагылар. Албандын улак тартышы берки тараптагыларды жөн эле «белимчи» кылды. Улакчылар куупжеткенде Албан атын ойт бердирип өксүтүп коёт. Карап тургандар ыраазы болуп, турган жеринде өзүнчөойкуп коюшат.Улакчылар жетип Албанды тегеректей калат. Улакка эч кимин жеткирбей жерге сала коёт.Улакчылардын арасынан Албан «булт» коюп чыга качса, карап турган калк да өздөрүнчө бултулдапкоюшат. Албан качып, аркылар кубалашса, берки тургандар «о кудай, о кудай! Арбак, арбак!» дешет. Өздөрүкошо качып, демигишет. Ыкыс берип ыкылдашат.Маранын как өзүнө жеткенде Албан улакчылардын катуу кысмагында калды. Карап тургандар даошончолук энтигип кысылышты. «Аха, охо, ихи. 0 кудай. Арбак, берекөр. Берекөр» деп чуу турушту.Туш тараптан кысым катуулаганда Албан орто жерден сороюп көтөрүлө түштү да, улактыулакчылардын башынан алыс ыргытты. Болжолу туура келип, улак маранын как өзүнө далп дей түштү.Кыйкырган кыйкырык, учуу көкөлөп көктү карай көтөрүлдү. Айланасы бошой түшкөндө ат ойнотупАлбан четке чыкты. Бийдин күңү Кызалак Албанга энесип калар эле. «Чыңырып ыйлап, чыркырап» бирчөйчөккө суу көтөрө чуркады. Албандынбашынан тегеретти. Чөйчөктөгү сууга түкүрттү да, сууну батышты карай чачып жиберип санаасынбасты. Ушу баштан айта кетишибиз оң. Албандын бу жоругу да Качы бийибизге жаккан жок. Анысынтышка чыгарбай көңүлүнө гана түйүп койду.Тойтамашасы тараган соң, куда, кудагыйлар Сайкалга арнап жасалган өргөөнү, анын жасалгасын, ата,эне бере турган себин көрүүгө барышты. Өргөөнүн жасалгасынан эч ким өөн таппады. Бериле тургансепке кыз ала турган кудалар өтө ыраазы болушту.— Камка кудагый аралашкан иштин камкөш жери болбойт эмеспи,— деп Садыр болуш өзкудагыйынан мурда өгөй кудагыйын мактады. Бул Сайкалдын өз энесине да, Садырдын аялы Сонунга дакатуу тийди. Сайкалдын өз энеси бошоңураак киши, ыза болсо да эчтеме айтпады.— Андай болсо, Камка кудагыйыңды ала барып өзүң алып албайсыңбы? ! — деп Сонун кудагыйболушту акырая карады.— Бий кызына. кошуп жакшы көргөн аялын берүүчүбү? Сүйлөш, кудаң менен. Алып берсең баштартпайм, — деп болуш Сонунду дагы чычалатты. Анысы чүйрөңдөп тескери карады.— Коркпо, Сонун кудагый, — деди оор басырык Камка.— Сенин болушуңа катынын бере коё турганбул жерде белен турган бий да жок. Бара коё турган Камка да жок. Андан көрө кызыбыздың себикупулуңа толдубу, ошону айт! Кем кетиги болсо айткыла, толуктайлы! — деди. Сонун чыйрыттапунчукпады. Болуш өзүнөн жогору турган карыя кишиге көз ымдады. Анысы алаканын жайып: — бергенсебиңер эки балага кут болсун. Келин балам Сайкалдын ак элечеги башынан түшпөсүн...— деп алкышайтты. Бардык буюмдарынын жалаң эле жаңылыгын айтып: — өзүңөрдүн эски буюмдарыңардан ырымүчүн бирдеме катыштырып койгула! — деди алкыш айткан карыя. Ал Садыр болуштун өз агасы Шадманаксакал эле.Жүккө жыйылган отуз, кырк жууркандын четинен колуна урунган бирөөң алды да:— Ме, муну алып барып коюп, энесинин эски жуурканынан бирди алып келе кал,— деди. ОшентипКамка келиндердин бириң жумшады.Келиндин себин куда, кудагыйлар көргөндүгү үчүн бир тай жол айтышты. Андан кийин аялдардын«төшөк талашуу» деген жосуну калды. Тойго келген аялдардын ар биринин колунда бир табактан күлүрөт.— Жосун боюнча жолубузду кылгыла. Болбосо, «төшөгүңөрдү» талаша койгула,— депдемитишет. Кыз узатуунун бул эрежесин орундоо жөнүндө дуудуу көп сөздөр айтылды.— Жолуңарды кылсын. Жөн эле койгула, кымыз менен этке карк болгон калк кырылып кетпейби?! — Жоок, «төшөк талаштырылсын! » Тамаша болсун, көрөлү...«Төшөк талашуу» салтын орундоо кыйын болчудай.— Кудалардын үшүн алсак, көбүрөөк бирдемеөндүрөбүз го,— деген үмүт менен аялдар эрте камыныптыр. Бир нече арканды каткат кылып эшиптир.Анын бир учун түптүү ташка шыпырылгыс кылып бекитишкен. Бир учун эки аркан бою жерге чубалтыпташтап коюшкан. Кыз алуучу тарап тиги арканды үзүп кетишсе мөрөй алардыкы болот, эчтемеберишпейт. Үзө албай калышса айыпка жыгылышат. Арканы канчалык жоон болсо да, көптөп асылсаүзүп- жулкуп бирдеме кылар эле. Бирок кудалар арканга кандай жармашса, кыз бере турган тараптынаялдары колдорундагы күлдү аркан үзүлгүчө тигилердин бетине чача беришет.— «Оор эшиктен кыз алмак, арзан бекен ардайкул?» деген турбайбы! Кудагыйларың менен ойнобо,болуш! Бардыгы күлала болгон турат. Кудагыйларыңа бир жылкы жол айт,— деди Шадман аксакал.Кыз узатуунун ал салты антип бүттү. Ошондой дагы көп салттар бар экен, анын бардыгы өз ордуменен ишке ашты. Эмки кезек «кыз кыңшылатууга» келип такалды. Үч күндөн бери кыз-келиндердиээрчитип айыл-маайыл кош айтышып конок болуп дуулап жүргөн Сайкалды эми өргөөсүнө отургузушту. Кымкап чүмкөштү. Айылдын кыздары айлана отуруп уңулдашты. Анан аялдар узай турган кызга кошокайтып коштошуу салтына өтүштү. Коштошуу кошогун Камка баштады.
«Ак суунун башы туюктан,
Ак жумуртка туюктан. Энекек чайкап куш кылды, Атакең, айтылуу жерге туш кылды...»

#6 25 October 2015 - 13:46
4-бөлүм.
Эртеден бери козулары көзүнөн учкан саан койлор жайлоону башына көтөрүп азан-казан, ызычууменен короого келди. Калың айылдын бала-бакырасы жабыла тосо чыгышты. «Кошок, кошок!» дешипбир канчасы саан койлорду кошоктой берүүгө киришти. Илен-салаң кыймылдагандарын «бассаң боло!Тоссоң боло!» деп илбериңкилери жемелеп жекире жүрдү. Койго бутун сыйрыта бастырып бышактапыйлап жүргөн балдар да жок эмес. Качаган койлорго жете албай күйүккөндөр, акты-көктү айтыпсөгүнгөндөр, кабарчыктап капа болгондор да бар.Көгөндөрдө көздөрү акыйып тыбырчылаган козулар бир жагынан ызычуу түшүп жатты. Бошонокачып балдардан муштум жеген, көгөндүн буурчагына муунуп көзү акыйган кыйык козулар да болду.Кошоктолгон коплорду саанчылар саап жатышты. Кунары жок койлорду саагандардын куйкасыкурушат, итиркейи келет, мыжыга кармап желинди тарс-тарс мушташат. Эмчекти чоюп ийин келтирет.Тамаша мына эми башталды. Дамбалынын багелегин санына чыгара түрүп, куру калгансып Талпаке дачыга келди. Койлорду үркүттү, кой арасында жүргөндөрдүн ар кимисине алжаңдап барып асылды.Үрккөн койлор бирөөнүн сүтүн төгүп кокуйлатты. Эч кимге тыюу да бербеди, сөзүн да укпады. Бет алдыурунуп- беринип жүрө берди. Адегиче бээлер саалып, кулундар агытылды. Көнөк-көнөк сүттөр чыпкаданөтүп сабааларга куюлду. Күпүлдөтө бышканда сүттөр көбүрүп-жабырып сабанын алкымынан чыгаташып да жатты.От жагып түтүн булатып аялдар сүт бышырууга, айран уютуунун камылгасына өттү. Сүттүн көбүгүнаңдыган балдар от жакалай тизилишти, курсактарын кактап чыт кылышты. Айылдын четиндегидөңсөөдө бешимден бери бириндеп сүйлөшүп, чогулуп сүйлөшүп котолоп жүргөндөр да суюла баштады.Садыр болуштун айланасында кылыч асынган жасоолдор, бул айылдын аксакал, көк сакалдары ганакалды. Эми, өз ара «палан айыл ууру кубалаптыр, түлөн айыл ууру кармаптыр, тигил айылдын короосунакарышкыр тийиптир, паландын зайыбы сыркоолоптур, аркы айылга конок конуптур, түлөнчөнүн төөсүтууптур» деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөшө отурушту. Ошол учурда бир жигиттин колун аркасына байлапболуштун эки жылкычысы жөө айдап келе калды.Колу байлоолу жигит дөбөдө отургандарга салам айтты. Саламын оңчулуктуу алик алган эч кимисиболбоду, эриндерин бүлк эттирип тим болушту. Саламы кабыл болбогон соң жигиттин шагы сынды.Суук тумшук тартып, чөктүшө барып катарга отурду. Бир оокумга чейин аны астыртан карашса да, үнкаткан киши болбоду, Салыр болуштун кирпигин байкап дымырап калышты.— Чыныңды айт. Калп айтсаң жазаланып жаның кейийт — деп
Садыр болуш сурак жүргүзүүгөөтүп, — атың ким? — деди.
— Албан.— Кимдин баласысың?
— Чымырдын.
— Чымыр кайсы уруктан?
— Олжобай уруусунан.
— Кайдан келатасың?
— Аңыртыдан.
— Кайда барасың?
— Мужукка барам.
— Мужукта эмнең бар?
— Малай болгону.
— Кечке чейин бекинип жата туруп, четке чыга калган жылкыдан бирди мине качайын деген экенсиңго? Чыныңды айт?— Чынымды айтайын. Качып баратканым чын. Бирок, жылкы мине качайын деген арамдык ой мендетакыр болгон жок.— Арамдык оюңда жок болсо, эмне үчүн айылга келбейсиң? Эмне үчүн талаада бекинип жатасың?— Кейпимди көрүп турасыз го, болуш аке. Ушул кейпим менен айылга келүүдөн корундум. Киймижамаи кишиге иттер да өч болот турбайбы, талап коёбу деп ары чети андан да айбыктым.— Талтөөндөй болуп айткан сөзүн кара. Такмаза сөздү коюп чыныңды айт!— Чыным эле ошо, болуш аке. Кыл чылбыр колумду кыйып жиберди. Катуу байлап коюшту, оңбогонжылкычылар, чечтирип коюңуз!— Ууруга убал жок. Жаның кыйналып баратса чыныңды айт!— Бери чети кулуңузмун, ары чети кудаңызмын. Колумду чечтирип коюңуз!— Куда боло калганын кара мунун. Анткорлонбой чыныңды айт!— Кудаңыз Качы бий менин атам Чымыр менен бир тууган. Атадан да, энеден да кичинемде томолойжетим калыпмын... Болуш аке, колумду чечтирип коюңузчу, сайсөөгүмдү какшатып жиберди!— Какшаганды али көрө элексиң, айт чыныңды.— Чыным ошо. Томолой жетим болуп Качы бийдин карамагында калыпмын. Балачагымда козусунбактым. Чоңойгондо коюн бактым. Кулак кести кул катары кызматын кылдым... Чыдабай баратам,болуш аке, кыл чылбыр колумду кыйып жиберди, чечтирип коюңуз!— Көргөнүңдөн көрө элегиң көп, чыныңды айтпайсыңбы? — Чыным эле ошо, тең тууганга кул болуп жүргөндөн көрө мужуктардын бирине көз далдаа малайболоюн деп качып бараткамын, кагылайын болуш аке. Өлтүрсөңүз да ыраазымын, кыйнабай өлтүртүңүз, колумду чечтирип коюңуз!— Митаамдыгын кара. Куда боло калат. Качы бийге бир тууган болсоң, анын коюн кайтаруудан эмнеүчүн качып жүрөсүң?— Тууган деген эме бар болсо көралбайт, жок болсо асырай албайт турбайбы, болуш аке. Жөн элеөлүп баратам, колумду чечтире туруңуз!— Чечтиргенди айтат, чыныңды айтпасаң, андан да катуу байлатамын. — Кудаңыз бийге таарынып качып чыктым. Бийдин малына карасанабаган сиздин малынызга карасанайт белем. Берерге бирөө чыкпаса да, аларга алтоо чыгат эмеспи. Кокустан ушу жерде өлүп кетсем,ошо кудаңыз бийдин өзү эле кун доолап алууга жарайт.— Чынын айта турган пейли жок, айттыргыла! — деп болуш көк шиберге кырынан жата кетти.— Санына кылчылбыр салып толгой койсо эле, чынын чырылдап туруп айтат эмеспи,— дедиотургандардын бирее.— Чекесине чүкө кыстарып канжыга менен толгой койсо чынын безилдеп туруп айтат,— деди дагыбири.— Миздүүрөк ташка тизеси менен чөгөлөтө коюп, балтырынан эки киши бакан менен басса элесырын зыркырап туруп айтат,— деген дагы бирөөнүн үнү чыкты.Ошондой сөздөр айтылганда ал жерде отургандардын бир кыйласы чочуп кетип:— чынын айтыпберсеңчи? — дешти.— Ой, айланайын агайындар! Өз тууганым Качы бийдин коюн кайтарып, тең тууганга кул болууданкөрө, качып барып башка жакка баш калкалайын дегенден башка жазыгым болсо, күн менен кошобатайын, ишенсеңерчи кагылайын калайык!.. — «Ууру тойгуча жеп, өлгүчө карганат». Айт чыныңды, — деп аржакта отурган бирөө тура калды.Эки жаакка эки, көмкөрөсүнөн салып көк желкеге бир койду, көчүккө үч-төрт тээп жиберди. Ошондо аржактан келаткан аксакал адам кыйкырып жиберди.— Сен кутуруп кеткенсиңби? Тарт колуңду! Колу байлоодо турган кишини уруп-согуу баатырлыккажатпайт. Ал да бирөөнүн баласы. Кайда жүрүп мынчалык кара мүртөз ырайымсыз болуп кеткенсиңер? — деди. Барып жигиттин колун чечти. Кылчылбырды барча-барча кесип ыргытты.— Балам атым ким дедиң эле?— Сакалыңдан садага болоюн атаке, атым Албан.— Албан балам, артыман бас! — деди да, ээрчитип үйүнө алып кетти.Ошол учурда эрке токолу бурала басып болуштун жанына келип отурду. Бир аздан кийин экөө ээнкалды. Эрке токол: — баламды кордобосун, — деп чоюштады.— Балаңды ким кордоп жатыптыр?— Жанакы жаңы келиниң.— Кандайча кордоптур?— Кандайча кордоптур деп билмексен болот. Калың берип алган күйөөсү болгондон кийин, боорунакысып жатпайбы? Түндө, таңга жуук барып карасам, уулуңду төшөктүн четине түртүп таштап, өзүтескери карап жатып алыптыр. Өз көзүм менен көрдүм.
— Өз көзүң менен көрсөң, аны эмне кыл дейсиң?— Апей, эмне кыл дейсиң дегени кандай? Келин болсун деп калың бердикпи? Бердик. Канча койбердик? Канча жылкы бердик? Жалаң гана төөдөн бешти бербедикпи? Малыбыздын акыбетин кайтарсаболо? ..— Алып берген катынды уулубуз алып жатууну билбесе кандай кылабыз?!— Ошол да сөзбү? Катын болуп келгенден кийин катындай болбойбу? Баланы бооруна тартып өзүнөүйүр кылбайбы?— Ошентсин, айт келиниңе. Бутуколумду укалап койчу, ооруп жанымды кейитип турат,— дедиболуш.Өрүш тынчып эл орунга отурду. Болуштун жаңы келини Сайкалдын өргөөсүндө айылдын кыз-келиндери шапар тээп таң-тамашада. Сайкал да жыргалдын кучагында. Ошол учурда алардын үстүнөСуумурун дей турган аял кирип келди. Аныбыз мындагы саанчылардын биринин аялы. Кара боюнакарабаган, дүйнө капар, эндей этек алба-далбалардын бири. Ар кимдин оозунан аңдыганы сөз. Бир үйдөнбир сөз угуп калса, аны чоң табылга катары жаттап ала коёт. Анысын эл жаткыча беш, алты үйгө айтыпчыкпаса, ал түнү ооналактап уктай албайт. Кирип келер замат мурдун шуу дедирте тартып, маңдайчачын кашып койдуда: —ууру жигит чоң атамдыкында отурат,— деп эбирей баштады. Айткан сөзүнбашкалар угуп жатабы — жокпу, иштин ал тарабына көңүл бөлүчү эмес. Уккандарына өз ичиненчыгарып дагы бир топ сөздөрдү кошуп айткандан кийин гана жели чыгып, ичи ачылып көңүлү сергийтүшө турган.Суумурундун «чоң атасы» жанаа Албанды үйүнө ээрчитип кеткен адам. Ал Садыр болуштун биртууганагасы, аты Шадман. Бирөөлөрдүн кыйналганын көрсө кошо кыйналышкан, бирөелөрдүн жыргалынкөрсө өзүнчө эле кошо жыргай берген алпейим да, ак пейил да киши. Үч уулу бар. Эң улуусу Садырболуштун жылкысын багат. Ортончу уулу коюн кайтарат, төөлөрүн карыя өзү көзөмөлдөйт. Ошентип,болуштун малын мал, жанын жан кылып отурган агасы Шадман жана анын балдары. Бирок, болушаларга туура кармап акы төлөбөйт, жайкы ичкен сүтүн, кышкы жеген этин акыга чегерип тим болот.Болуш төрт аялга нике кошту, үчөөнөн бала көргөн жок эле. Акыры Сонундан жанагы Талпакеникөрдү. Анысынын жайы болсо баягы. Болуштун өзү да оорукчан. Кокустан жазатайып бирдеме болупкетсе анын малы өзүбүздүкү болбогондо кимдики болот дешип Шадмандын балдары болуштун малынаөз малындай карашат. Садыр болуш болгону менен чындап келгенде Шадман аксакалдан чыга албайт.Анткени, биринчиден ал кара чечекей агасы, экинчиден акыл-эс жагынан да жогору турат.Жакшы болсоң тууганыңдын. көрө албастыгы да чын. Жаман болсоң асырай албастыгы да чын. Алөзүбүздүн башыбызда да жок эмес, Албан балам,—дептир. Келин-кыздарга Суумурун жеңе аны дабаяндап жиберди. Ошентип отурганда: — ууру жигит кайдагы эме экен?— деп калды келиндердин бири.Суумурун мурдун сыга кармады. Анан колунун учун керегенин түбүн карай чертип койду. Сыңартизелей отура калып чындап эбиреди.— Ууру жигит Качы деген бийдин кара чечекей эле туугандарынын биринин уулу экен.Туугандарынын Уурулугун тыйып коё албаган ошо бийди кудай урсачы!—дегенде Сайкал жалт карады.Намысына катуу тийди көрүнөт: — ууру жигитти көрүп келели,— деп кыз-келиндерди сыртка ээрчитипчыкты. Сайкал Шадман акенин босогосунан шыкаалады. Алба-далба болуп отурган Албанды тааныпкойду да, кайта басты. Өргөөсүнө барып башына жаздык коюп жата кетти.— Убалың жетсин атама! —деди ичинен. Атасынын Албанга кандай мамиле кылып келгендигин эсине түшүрдү. Баягыда меники депжүргүдөй кылып Албанга мал энчилеп коюу жөнүндө Камка сөз козгогон. «Жакшы болсо, багыпжүргөн малдын бары эле Албандыкы эмеспи» — деп Качы бий мойноп койгон. Көрсө, Албандын этитирүү, чыйрак жана зээндүүлүгүн бий көрө албайт экен. «Колуна тес тийсе малыма, башыма ээ кылбайбийлеп алабы, басмырлап коёбу» деп, чочулайт экен. Ошондуктан, Албанды кой артына коюп,оңчулуктуу кийим кийгизбей чүнчүтүүнү, жүдөтө берип баш көтөргүс кылып коюуну каалап жүрүптүр.Анысын Албан жокто башка бүлөсүнө туюндурган экен. Ошону оюна түшүрүп дагы бир жолу: —убалың жетсин атама,— деди.Сайкалдын өзүн күйөөгө узатарда болуш кудадан «салыт ат аламын» деп тууган ырааты боюнчаАлбан чыр салган. «Кайсы алыңа салыт ат ала коёт элең?» деп Качы бий аны катуу кордоп кагыпташтаган. «Тууганыңдын баласы болсом да эчтемеге тең кылбадың, кетем, жоголом деп ошондо өкүрүпөксөгөн. Эми таарынган бойдон качып чыккан экен го» деп Сайкал аны да ойлоду. «Бар карындашбатууда болбосун, жок карындаш жолдо болбосун», көрбөсөм болот эле, көрүп туруп унчукпай коюшумболбойт деди. Болуштун үйүнө барды. Энемди чакырып чык деп анда жүргөн бир баланы жумшады.Болуштун аялы манчыркап көптөн кийин чыкты. Үйдөн оолагыраак ээрчитип барып кайын атасыболушка таарынып тургандыгын айтты.— «Ээсин сыйласа итине сөөк салат» эмеспи эне? Болушатамдын мунсу кандай? Жанагы ууру дешип урупсабаткан жигит биздин жакын тууганыбыз. Бий атаматаарынып качып чыккан болсо керек, анысын айтып турса да катту ызалатып коюптур?— деп ыйлапжиберди. — Болуш атаң болуштугун кылган да, балам. Анын эмнесине таарынгыдай, — деп кайын энесичоюштады.
— Болушка кишинин таарынчысы такыр өтпөйбү! — деп Сайкал бышактады.— Болушка кишинин таарынчысы өтпөйт, ошону айтайын деп чакырттың беле? Мен жакшы сөзайтат экен деп атайы чыкса, айткан сөзүң ошобу? — деп кайын энеси кайта басты. Сайкал ызасыначыдабай дал болду, турган жеринде каткан бойдон кала берди.— Сонун байбиче тышта сени ким чакыртыптыр. — деди жөкөрлөрү менен төрдө отурган болуш.— Келиниң чакыртыптыр. Сага таарынып калыптыр.— Келиним мага кандайча таарыныптыр? — Жанагы сен сабатып койгон ууру жигит жакын тууганы экен, ошого таарыныптыр, ыйлап жүрөт.Атайы чыксам айткан сөзү ошол! — деп Сонун байбиче кашын серпип, мурдун чүйрүдү.— Ата көйү, ата көйү. Ырас эле байкабастык кылыпмын, — деп болуш бармагын тиштеди да, — анансен эмне дедиң, — деди.— Эмне дейт элем. Болушка да киши таарынмак беле, кайын атаң болуш эмеспи дедим...Ошентип Сонун байбиче чоюштап сөзүн кере-кере айтты.— О, кайран Сонун байбиче, айткансөзүнүн сонундугун кара! — деди да болуш ооналактап жата кетти.

#8 28 October 2015 - 03:40
5-бөлүм.
Койго жетпес коңур боз ат минген бирөө жайлоо тараптан жалгыз келе жатты. Тепеңдей теминет,камчы үстүнө камчы урат. Бирок, куйругун шыйпанып койгону болбосо, коңур бозу кургур Желип дакойбойт. Кейпи, камчыга жедеп ийи кеткен ат болууга тийиш. Туягын чебердеп көтөрүп, аярдап акырынбасып, илең-салаң жүрүп отурду. Кыядан чыга бергенде жөө кишинин карааны көрүндү. Бир аздан кийинжөө киши жолдун боюна чалкасынан түшүп жата кетти.— Жол тосуп жүргөн каракчысыбы, алда кандайэмеси — деп коңур бозчон коопсанады. Көрүнбөй жата туруп чукул келгенде ыргыта чаап атын минекачайып деп атайы ошентти го! Ошенте турган болсо кимди ким билет, жер ээн.Коңур бозчон корко-корко жакындай берди. Ал коңур бозду тартып кетет деп корккону жок, кокустанөзүмдү өлтүрө чаап коёбу деп ошондон коркту. Коңур бозду минип көрсө баары бир, аз узабай элетажаарын, башка-көзгө чаап туруп таштап кете берерин жакшы билет. Ошентип, шектене келатып чукулкирип келгендигин сезбей калды да: — ботом, сен кимсиң? — Оңол, тур, ат үркөт! — деп айбат кылды.Чалкасынан жаткан киши чыканактап башын көтөрдү да:— Ассалоомалейкум, акебай! — деди.— Алейкимасалам, оңол. Эмне иштеп жүргөн жигитсиң? — дегиче коңур боз тык токтоду. Жакынкирип барбай ырас кылды деп коңур бозго ээси бу жолу ичинен ыраазы болду. Жигиттин жанындажаткан союлу көзүнө чалынды. Жолдогу толгон токойдон бир союл кыйып чатына кыпчыйжүрбөгөндүгүнө өкүндү. Колумда союл болсо, бир кишиге бир киши, бактөкөлдөн көрүшпөйт белем деппчинен өкүндү. Адегиче жигит мужукка бараткандыгын аптты. Бары бир коңур бозчон ишенбеди. Алдаптуруп абайсыздан кол салганы туратко, эргул деп сактыкта турду. Эгерде жигит таягын жерден алыпкачыра туртан болсо, коңур боздон ыргып түшүп безе качууга, бөйдө таяк жебестен коңур бозду колунаберип кутулууга беленденди. Жигит:— Акебай түшүңүз! Атыңызды бир аз чалдырып алыңыз! — деп тосо басты.— И, алдап аттан ажыратып туруп соймок болду,— деди ичинен.Жигит чылбырдан алганда,— баары бир куткарбан турган болду, түшсө түшүп берейин,— деди.Жигит колтуктап түшүрүп, коңур боздун ооздугун чыгарып отко койду. Кашаң ат каржалтып койгонокшойт, суусун жутуп алыңыз деп жигит чаначынын буугучун чечти. Оозун кайрып туруп: — мынаңыз.Ийгилик аке жута коюңуз!— деди.— Э, оңол балам, оңол1 Мени тааныйсыңбы? — Тааныйм.— Атың ким, балам?— Албан.— Атандын аты?— Чымыр.— Олжобайдан турбайсыңбы? — Ооба.— Ыраматылык Чымырды билүүчү элем. Чымырдыи баласы экенсиң го!— Ооба, Ийгилик аке.Кымыздан кериле бнр жутуп: — өмүрдүү бол балам, рахмат! — деди Ийгилик. Анан мужуккаканданча, эмне жумуш менен баратканын сурады. Албан Качы бийге таарынып качып чыккандыгын, жолдо Садыр болуштан көргөн кордугун, Шадман карыянын ары боорукер, ары адилет-калыстыгын, «бар карындаш батууда болбосун, жок карындаш жолдо болбосун» деп, карындашыСайкалдан көргөн жакшылыгын төкпөй-чачпай айтып берди.Коңур боз кашаң болгону менен камбыл жылкы экен. Албандын аз күндүк өмүр баяны айтылгычакардын кампайтып жиберди.— Туугандын кылары ошо. Өлбөгөн кул алтын аяктан суу ичиптир, өмүрлүү болсоң болду, болочогуңалдыңда. Жигит чырагы кырк болот. Бирөө өчсө бири жанып жарык берип турат. Кана эмесе,жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо үйдөгүсү жакшы. Жөнөбөйлүбү, Албан балам?
Албан тура калып коңур бозду ооздуктады. Ийгиликти колтуктап аткарды.— Учкаш, Албан балам!— Жок, жөө эле ээрчип алайын. Атыңыздын шайы жогураак көрүнөт. Чарчап баратсам куйругункармап алармын,— деп Албан болбой койду.— Чу! — деп Ийгилик теминди, коңур боз козголбоду— Чу! — деп камчыланды, куйругун шыйпанды.— Чаап кой балам! — деди Ийгилик. Албан таягы менен чебердеп чаап койду эле, коңур боз илгерибаспастан, артын карай кетенчиктеди. — «Мал ээсин тартпаса арам өлөт», куду эле ээси — деп Ийгилик коңур бозду санга камчылабастанчандырга камчыланды. Ошондо гана илгери карай аяңдады. Жолго түшүп алгандан кийин: — акебай,коңур боздун ээси ким деген киши? — дей калды, Албан.— Чу, чаап кой балам! Коңур боздун ээси биздин бир тууган агабыз болот,— деп Ийгилик узунжолду сөз менен кыскарта жүргүсү келди.— Чу, мойнуң кесилгир. Чаап кой балам! Бир ата, бир энеден үч бир тууганбыз. Эң улуубуздун атыЧеңгелдей. Ара төрөлгөн болсо керек. Эргежелдей эрбейген бир жандык. Кол арага жараган төрт баласыбар. Чу, өлүп кеткир, чаап кой, балам!Кою алты жүздөн ашат. Отузга жакын ую, жыйырма ашуун жылкысы бар. Эч кимге айыл конбойт, эчкимдикине барбайт. Күндүз да, түндө да коюнан алыс кетпейт. Дайым жөө жүрөт. Эс тартканыжылкынын үстүнө чыга элек. Ырас, алысыраак көчкөндө жайдак өгүздүн жонуна каргадай болуп коноксёт.Чу, чаап кой, балам! Коңур боз ошо агабыз Ченгелдейдики. Жооштугуна карап балдары үстүнөнтүшпөй жедеп салкамчы, өтө кыйды кылып бүтүрүптүр. Айда минсе ат. Күндө мине берсе кандай жылкы болсо да ит болот эмеспи, чу, арам өлгүр. Чаап, кой,балам! Ортончу агабыздын аты Жума. Бала чагында эти тирүү, тирикарак экен. Актан кара таанысын, адамболсун деген жакшы санаа менен раматылык атабыз молдого бериптир. Үч жыл окугандан кийинкуранкана болду. Айлыбызда сыркоолоп калгандарга дем салууга, өлүп баратканы болсо ыйман угузуп,жаназа окууга, дооранга отурууга жарап калды. Чу, чаап кой, балам!Уулу молдолукка жарап калгандан кийин жарыктык атабыз жетине албай кубанычта болду. Тандапжүрүп сулуу кызга үйлөндүрдү. Үйлөнгөндөн кийин био жылга жетпей Жума молдобуз «көзү ачык»боло баштады. Чымындарым айтты деп атадан энчикуюн алып «карагай мазарга» көчүп кетти. Ошондонбери аныбыз жалгыз түтүн, жайы кышы ошо жерде. Оорупсыктагандар, түшүнөн чочугандар, төрөбөгөнаялдар барып андан аят чийдирип, тумар жаздырып жана дем салдырып алышат. «Атанын уулу азарындабакшы болот», жосуну жок жоругуңду ташта. Элгежуртка кошул деген кеңешти айта берип тилимтешилди. Акырында жөн койдум. Жүзгө жакын эчки, кою, минерге аты, саарга ую бар. Күндөлүк оокатыжанагыдай карайлап баргандардын жонунан болот. Чу. балам, чаап кой!Кийин байкасам, анымдын эч кандай чымыны, олуялыгы, көзү ачыктыгы, касиети деле жок экен.Сулуу аялым бирөөлөргө азгырылып кетеби деген кызганыч менен, айылдан алысташ үчүн атайыиштеген амалы тура. Алдамчылыкка көнүп алган ургур, азыр да айылга жолобойт. Аныбыздын жайыболсо ал. Чу, караан калгырды катуурак чаап кой, балам!Билбейм, менин деле ал экөөнөн артыкчылыгым жокко деп ойлойм. Анткени, «жаман уул атасыөлгөндө бир көбөт, катын алганда бир көбөт» деп коюшат эмеспи, биздин кыргыздар. Атабыз дүйнөдөнкайтты. Кичүүсү болгондон кийин атанын малы менин энчиме калды. Кыязы ошондо катуу көпкөнокшобоймунбу, Албан балам. Чу, чаап кой!Кыздан кыз тандап жүрүп бир кыз көңүлүмө жагып, ошого берилип калдым. Атасы «Алыке»уруусунан болучу. Эч кимге билгизбей кызга арачы жумшадым. Көзүнө көрүнүш үчүн айлына барабердим. Шылтоо таап. кыз атасынын үйүнө да эки мертебе кирип чыктым. Кыздын кайны бар экен.Менин таалайыма, ага күйөө боло турган жигитти кыз чанып жактырбай жүрүптүр. Арачым өзайлындагы эптүү жигит эле. Бечара, ошо күндөрдүн биринде кыздын макул болгондугун кабар кылды.Чу, талаада калгырды катуурак чаап кой, балам!Кызды качырып ала турган түндү, кездеше турган жерди болжоштук. Жоро-жолдоштор мененкамынып дайындуу жерге барып турдук, кыз кечикти. Ал убактагы жигиттер башка эмес беле. Азыркыжигиттер эмне, күн менен кошо батат, күүгүм киргенде эле бышылдап уйкуга киришет. Биздин убактагыжигиттер келин-кыздуу үйлөрдүн эшиги бек болсо, түндүгүнөн да түшө калуучу. Ошондой жигиттердинбири кирип барса, кыз үйүнөн чыга албай жүрөксүп туруптур. Бат эле келип калышты. Жүрүп кеттик.Чаап кой, балам!Ошентип тойтойлоп калдык. Бирок, эки күнгө жетпей эле тоюбуздун акыры тополонго айланды.Кыздын өз атасы да, кайын атасы да болушка барыптыр. Биздин бир болуш эл алты старчын эмеспи.Алты старчындын алты бийин жана башка атка минерлерин ээрчитип болуш келип калды. Бейбаштыккылган тентектин чарасын көрөбүз дешти. Чара көргүлөрү келсе мына дедик. Бээ союлду, кой союлду.Союуга калганда малдын көзүнө караган жокпуз. Келгендерди үй-үйгө таратып чара-чара эт тарттык.Этке тойгондон кийин айлыбыздын жанындагы дөбөгө кайта чогулушту. Чу, чаап кой, балам. Угупкелатасыңбы?
— Укпаганда, угуп келатам.— Угуп келатсаң, зериктирип жибербеген болсом айта берейин. Эр өлтүрүүдөн кийинки эн эле чоңкылмыш. «эриш бузуу» дешти. Кайындуу кызды, күйөөсү бар аялды бузуп алуудан, ооба, эриш бузууданчоң тентектик болобу? Тентектин эңсесин мал менен кесиш керек. Антпесе тентектер тыйылбайт дешти.Мени айыпка жыгып, жазана тарттырышты. Кыз атасы алып койгон калыңын кудасына бүт төлөдүм.Андан тышкары кыз атасына бир тогуз мал, бийлердин бийлигине бир тогуз мал, эки тогуз — он сегизкара айып тарттым. Элдин элчилиги, журттун журтчулугу, туугандардын ынтымагы, кошумчасы менензорго кутулдум. Кыскасы, итке минип отуруп калдым. Атадан калган малды жылан сыйпагандайкылышты да кетишти. Чу, оңол, Албан балам. Кесилгирди чаап кой!Ошентишти. Журтка отурдум да калдым. Кайындар кектүү болуп катышпады. Кошумчаларын кошупмилдетинен кутулгандан кийин туугандар да жакын жолобой качып калышты. Менин атым эриш бузгантентек болуп өз тууганга да, жат тууганга да батымым жок болуп калды. Оңол, Албан балам! Чу, депкой!Атабыз раматылык бейиши болсун, алгандан ала билген, бергенге бере билген колу ачык киши эле.Орус кыштагындагы мужуктар менен мамилеси дурус болучу. Тимоха, Жукум, Жашке жана ошолоргоокшогон көбүнө абдан үйүр эле. Жери жокторуна жер бере коюп, унаасы жокторуна унаа кайрылышып, кай бирлеринин малын өзүнүн малына кошуп багып да бере коюучу. Карайлап журтка отуруп калгандаошолордун жакшылыгын көп көрдүм. Кийин алар менен ата-баладай болуп кеттик. Барыбыз жогубузгакайрылышып турабыз. Чу, союлгурду, чаап кой, балам!Акыры жаман болгон жок, сүйүп алган аялым адегенде кыз төрөп берген, анысы он алтыга келипкалды дегенде:— Кыздан айланса болот, — деди Албан.— Андан кийин эркек бала тиреп берди, мунусу тогуздан он жашка чыкты. Ошону менен аялымдынтөрөтү токтоп калды. Аялым кара жанын карч урган кайраттуу киши. Колунан аш да келет, иш да келет.Кара түйшүккө калганда эр жигиттен калышпайт. Ошентип эри-шаркак болуп күн өткөрүп келатабыз.Аштан ачка, аттан жөө болгонубуз жок, эл ичкенди ичип, эл кийгенди кийип, журт катарынанкалганыбыз жок. Оңол, Албан балам, оңол. Коңур бозду эми бир чаап кой!Оруска малай жүрүүнү кааласаң тааныштар көп. Бирөөнө жайгаштырып коюуга жарайм. Эмн,мынабу коңур бозду минип келатышымдын жөнүн айтып берейин: Жанга өлчөгөн бир жакшы каракератым бар. Күлүк десе күлүк, өтө сергек, абдан кылыктуу жылкы. Айбандыр, адамдыр кылык жоругуменен кишиге жагат эмеспи. Аялым, кызым, балам үчөөнөн кийинки жакшы көргөнүм ошол каракер.Жанымдан чыгаргым келбейт. Көрүп турсам көөнүм ток. Азыркы күндө андай аттарды минип жүрүштүнөзү да кыйын болуп калбадыбы. Болуштун жасоолу, кеңсалардын жасоолу, азыр жасоолдон көп эмнебар? Андай ат кокустан ошолордун биринин колуна тийсе чабагандай берип жүргүзбөй бузуп таштайт.Биринчиси ошол оңбогон жасоолдордон айбыгып, экинчиси жайлоонун чөбүн оттоп сөөгү агарсын деп,жанагы агабыз Чеңгелдейдин жылкысына кошуп коюп келатам. Балдары минип тур дешип бир мингичтокушту. Жасоолго мингизип жиберип артынан издеп жүрөмбү деп анысын алганым жок. Атайы ушукоңур бозду минип келатам. Муну минип жүргөндө жасоолдун коркунучу жок. Келе десе ме деп түшүпбере коём. Кыйын болсо бир чакырым баргандан кийин таштап коёт. Азыр мага аттын жакшысынынкереги жок, аяк ылоо болуп, жөө жүрбөсөм болгону. Албан балам, оңол, карагай «мазарына» келипкалдык. Эми бир чаап кой!

#9 28 October 2015 - 03:43
6-бөлүм.
Бадалдуу борчуктун боорунда жүзгө жакын эчки, кой жайылып жүрөт. Борчуктун түбүндө жалгыз үй,жалгыз там турат. Айланасында мыдыр эткен жан жок. Тескей тарабындагы боордон серейген жалгызкарагай көрүндү. Анын түбүндө эрбеңдеген бирдемелер жүргөнсүйт. — Оңол, Албан балам. Касиеттүү мазары ошо жапалак өскөн жаман карагай. Дагы бир чаап кой! —деди Ийгилик.«Мазар», карагайдын түбүндө жүргөндөр он чакты аял, төрт-беш бала, селде чалынган бир эркекжана сөөк аңдып жүргөн беш-алты ит экен. Таш тулгадагы казанда эт кайнап турат. «Мазарынын» түпжагындагы бутактарда чолоо жер жок. Ар түрдүү чүпүрөктердүн айрындыларынан, кебездинүзүндүлөрүнөн, жал куйруктун кыл-кыбырларынан салбырата маалан байланган. Элик, эчки, теке,кулжанын мүйүздөрүнөн түбүнө бир чөмөлө үймөктөлүптүр. Куураган сөөктөрдөн айланада аякшилтөөгө чолоо жер жок...Ийгиликти көргөндө селдечен кишинин көзү алач түштү. Дароо ыргып туруп ат алды. Отурууга орункөрсөттү. Олуясынып отурган селдечен кишини айбыктырган Ийгиликтен ал жерде отурган аялдар катууийменишти. Ыкташа отуруп созолонду да калышты. Селделүү молдо. аялдардан оолактатып ар жаккаорун жасатты, жаңы келген эки мейманды ээрчите барып ошол жерге жайгаштырды да, өзү аялдардынарасына кетти.— Жума деген агабыз тиги селдечен киши, Албач балам. Жашы элүү бирде, менден төрт жаш улуу.Сакал, мурутун акчамынча гана ак аралаган, көрдүңбү? Дене курулушу чымыр, көзү ойноктоп, өзүсойлоктоп турушун абайлагандырсың. Бала чагында эле шок болучу. Шоктугун дагы эле коё элек болсокерек. Жылмая күлүп, кашын серпип астыртан арбай турган өнөкөтү бар эле. Анысын да калтыра элеккөрүнөт. Чепкени, амеркен маасы, көлөшү өзүнө жарашып калган тура. Келбеттүү да, сулуу да киши.Абайлагандырсың. Албан балам?Сөздүн учугу кайда баратышын Албан жаш болсо да байкады. Жер карап күлүмсүрөдү да тим болду.«Мазардын» түбүндө жүргөндөрдү бир карап койду да Ийгилик кобурай берди.Албан кысталып калды. Сөзүн жөнөтүп бирдеме айтайын дейт — теңтушу эмес, өзүн сыйлабагандайиш болот. Ооз ачпай отура бериш — сөзүн сыйлабагандай иш болот. Ошентип кыстала берди. Кысталаберип: — селделүү молдонун бир «касиети» бар го. Бирдемеси болбосо, аны издеп келишер беле! —деген сөз оозунан чыгып кетти. Аны өзү да сезбей калды.Ошондо Ийгилик:— Об бали, Албан балам. Оңолдуң,— деп жиберди.— Бирдемеси бар, туура айтасың! Бирдемесиболбосо «селделүү молдо» деп аялдар аны даңаза кылышар беле. Кеп как эле ошо, даңазасында. Бириненбири угат. Сыртынан куштар, ынтызар болот. Барып көргүлөрү келет. Анти:и үчүн шылтоо керек. Бирөөталмалуу боло калса, бирөө ажына боло кетет. Бирөө төрөтү кечигип баратышын бетине кармайт.Ошентип келе беришет. Селделүү молдо эмдеп-домдойт. Дем салат. «Мазарынын» түбүнө түнөтөт. Аятчийип берет. Бир келгенде эми түшпөсө, үйүр алып калгандар эки келет, үч келет. Эми-дому,дубакейлүгүнөн да, селделүү шайтандын мамилеси, сырткы көрүнүшү көбүрөөк таасир этет. «Улуу сөздөуят жок», уялбай айтып жибердим, Албан балам...Ошол учурда бир аял басып келип, Ийгиликке «уул» деп учурашты. Жакын барып сыңар тизелепкоомай отурду. Анан жалдырады да калды.— Асыл байбиче, балдарың чоңоюп жатабы? — деди Ийгилик. Ал башын ийкеди.— Саламаттыгың кандай? Дагы башын ийкеди.— Селделүү азезилиң жин-шайтаны менен коркутканын койгонбу?Асыл жеңеси башын ийкеди.— Серейген жалгыз карагайды кайтарып жата бербестен эл ичине барбайсыңарбы? Жалдырап отурган Асыл башын дагы ийкеп койду.— Балдарына бер деп абысының куржунга бирдемелерди салып койгонсуду эле. Барып чечип ал,балдарыңа бер! — деди Ийгилик. Асыл туруп кетти.Асыл жеңеси үчүн кейий турган эби да, селделүү шайтанды каргай турган кеби да бар экен. Анысынбир аз кийинчерээк айтабыз.Бирөө чайнекке чай көтөрүп, бирөө дасторконго нан ороп, дагы бирөө чыны-пынысын алып үч келинкелди. Биринен бири калышпай турган, үчөө тең шайдоот көрүндү. Бир чынынын чайын бошоткондонкийин: — Төрөтүңөр бир аз кечигип жүргөн келиндерсиңер го!? — деди Ийгилик.— Ооба, айланайын акебай! — дешти.— Молдо акеңер эмдеп-домдоп жатабы?— Ооба, акебай! Колунан келгенин иштеп жатат! — дешти.— Иштеткиле. Иштете бергиле, эмне иштесе да тилегиңер кабыл болсо болгону! — деп Ийгиликэкинчи барган чыныны да чайдан бошотту. Бу жолу келиндер унчукпады. Жер карап бирин биричыканак менен нукушту. Беттерине кан ойноп кызара жер карашты.Чай ичилгенден кийин келиндердин бири тура калып батаа тиледи. Ийгилик алаканын жайып алкышайтты: «Бөлчү, бөлчү, бөлчү бол, Бөдөнөдөн төлчү бол. Ур коёндон көздүү бол, Адам таппас сөздүү бол.Чач-мончогуң чалынсынЧаранага малынсын. Айылда абысын-ажының Жентектеп жүрүп карысын...»— Ылайым айтканыңыз келсин, акебай! — деди батаа тилеген келин.Бир табак этти бир келинге көтөртүп молдо өзү келди. Үч келин «мазар» тараптагыларга барыпкошулду. — Асыл кайда? Чакыр! Биз менен отуруп эт жесин,— деди Ийгилик. Молдо иргилбей кайта басты дабарып Асылды ээрчитип келди. Бирөө ал десе Асыл эттен алат. Же дебесе жалдырап олтуруп калат. Аныкөрүп Ийгилик капкайдагыны эсине түшүрдү. Кыз чагында Асыл «үч урук» боюнча суулу кыз болучу.Баампарасаттан да куру эмес эле. Кыскасы Асыл деген аты кандай болсо, заты да ошого арзый турганжан эле. Шайтан молдо аны жаш кезинде ушу жерге качырып келди. Көп жылдар бою эркек аттууданжашырды. Олуя, машайык, кереметтүү кишисинип коркута берди. Жин-шайтан, пери деген эмелердиайта берип жүрөгүнүн үшүн алды. Акыры, тигинтип жалдырама нес болду да калды. Ошонусу болбосо,азыр да кирдүү кол менен тийүугө ыраа көрөрлүк эмес.Эттен кийин селделүү Жума эки мейманды үйүнө ээрчитип барды. Козу союп коноктоду. Эс алгыладеп эрте жаткызды. Ийгилик уктап ойгонсо жанында бир аял отурат. Көрмөксөн болду. Кирпик арасынанкарап жата берди. Караса Асыл жеңеси экен, жалдырагандан жалдырады. Кебелбеди, козголуп дакойбоду. Аны көрүп Ийгиликтин жаны кейиди, аяды. Көзүнө жаш келди. Бир оокумдан кийинчыканактап башын көтөрүп:— Жума жаттыбы? — деди. Асыл башын чайкады.— Кайда жүрөт?
Асыл «карагай мазар» тарапты карай колун жаңсады.— Жалгыз кеттиби? — деди Ийгилик. Асыл сөөмөйү менен ортонун көрсөттү.— Арам шайтан, дагы эле шайтандыгын коё элек турбайбы. Эй байкуш, байкуш. Даттана албайотурган турбайсыңбы! — деп Ийгилик ыргып турду.— Ага турмак, ата болуп кетсе да шайтанын күбүпкелейин, — деди. Табыш алдырбай «карагай мазарга» барды. Караңгыда карайлап жүрсө, ар жакта экикиши жатат. Шашпастан жакын басып барды. Экөөн келтирип туруп эки чапты. Чапканда да оңдурбайчапкан экен, экөө тең ок жеген аюудай бакырды. Аял үйдү көздөй, селделүү молдо тоону көздөй качты.Ал ошо бойдон келбеди. Эртең менен караса кечээ мында жүргөн аялдардын бирөө да калбаптыр.Чайдан кийин эки мейман жолго чыкты. Жатакчы айылдагы Ийгиликтин үйүнө түш оой келишти.Албан коңур боздон Ийгиликти колтуктап түшүрдү. Ошол учурда Бермет үйдөн чыга калды. Атасынанмурда ат байлап жаткан жигит көзүнө чалынды. Көрсө, көч үстүндө көрүшкөн койчу жигит, тааныйкойду. Кийген кийимдери өзгөрүп кеткендиги болбосо, өзү баягысындай. Ал мындайча болгон эле:Намыс кылып калган Сайкал, Талпакенин бир сыйра кийимин куржунга салып:— Айылдан алыстагандан кийин кийинип ал, үстүндөгүлөрдү кабакка ыргытып жибер,— деп колунаберип узаткан. Жолдо келатканда Албандын «кыздан айланса болот» деп жибериши ошо болучу. «Агачкөркү жапырак, адам көркү чүпүрөк». Мына азыр Албан эч кимден корунбастан, төрдөн төмөн, ирегеденжогору үйдүн капшыт жагына мырза жигит болуп гана отуруп калды.— Кубаткулуң көрүнбөйтко! Энең кайда кеткен! — деди Ийгилик, колуна берген суусундужутпастан. Баласы энеси менен кайда кеткендигин уккандан кийин гана Ийгилик колундагы суусунунжутту. Албан бошоткон аякты ар жакка коюп Бермет тышка чыкты.— Чарчап калдың го. Башыңа жаздык койдуруп жантай, оңол, Албан балам, оңол! Эртең да эс ал.Мужукка бүрсүгүнү бирге барабыз. Бермет балам, кел мында! Биртике эс алалы. Башыбызга койгондойбирдемең болсо бере сал.Албан жашын жаздыкка коюп жантайды. Берметтин кирип, чыгышын, баскантурган кыймылынкирпиктеринин арасынан шыкаалап уктай алган жок. Күн батарда коңур боздун ээрин жайдактады, таңашсын деп мамыга аса байлады. Таңга жуук туруп отко койду. Кайта жатты. Ушу бойдон ушул үйдөкала берүүнүн ар түрдүү акылайласын издеди. Бирок, изнн таба албады. Бекер жата бергенден көрөиштей жүргөн иш, эртең менен коңур бозду минип барып отун алып келүүнү акыл көр^ дү. Жайыраактурду да, шашке ченде коңур бозду токунду. Ийгилик унчуккан жок. Кайда барасың, эмне иштегенижүрөс\ н да дебеди Ошол учурда «жасоолмун» деп антаңдап бирөө келди. Чоңдугу кесенин оозундайкелген сары жезди көкүрөгүнө тагыптыр. Кылычы жок куру кынын асынып алган. Кара көрпө тебетейинкызыл менен тыштатыптыр. Кепкесөзгө келбестен:— үйөздүн буйругу тыкыр, шашылыш жумуш мененбаратам. Боз аттын ээрин алып, меңин ээримди токуй кой:— деди, Албанды демите сүйлөп. Өзүаныраңдаган кең таноо эме экен, дегеле эч кимди көзүнө илгиси келбейт. Анын обу жок аңыраңдашынаАлбандын ачуусу келди.— Ат керек болсо токунуп мине бериниз. Келген жасоолго ат токуп бериш үчүн бул жерде турганымжок, — деди.— Укпайсыңбы, айткан сөздү? Ал, аркы боз аттын ээрин. Алып ыргыт,— деп омуроолоду. — Жасоол турмак жараткан кудайдын өзү болсоң да, дайны жок аңыраңдаба. Керек болсо, түшөкалып токунуп мине кой. Ат аяп жаткан киши барбы!—деди Албан.— Аңыраңдасам кыларың эмне?— деди да жасоол качырып барып Албанды чокуга камчы мененбасып, басып алды.— Кыларың эмне дейт тура. Кыларымды сага көрсөтө коёюн,— деп Албан кылычы жок кындынбоосунан кармап көмөлөтө тартты.— Чапкан андай болбойт, мамындай болот,— деп ээгин кабыштырабир койгондо, жасоолдун көзүнөн от чагылышты бейм, темселей түштү. Жакадан алып торой чалды да,жерге бир койду. Көчүккө бир тепти, көкүрөгүнө мине калып эки, үч мертебе тизе менен ныгырды.— Албан балам, оңол! Итке теңелбе, кой эми, кой!— деп Ийгилик ордунан тура чуркаганда, Албанчыга берди.— О, курган жасоолумай. Ошону көрмөк болчусуң, оңол эми, тур,— деп жөлөп-таяды. Жасоол көптөн кийин эсине келди.— Сениби, сага көрсөтө албасам,— деп Албанга алыстан ызырынды. Коңур боздун ээрин алыпыргытты. Өзүнүн ээрин токуп минип «чу!» деп теминди. Коңурбоз козголбоду. Камчыланды. Коңур боз куйругун шыйпанды. Тушап койгонбу деп шек санадыокшойт, эңкейип бутун карады. Дагы камчыланып теминди. Коңур бозу кургур тоотуп да койгон жок.— Атаңдын оозу урайындар аты менен сүйлөшүп койгонбу,—деп ызасы келген жасоол коңур боздукамчы менен башка салыпсалып жиберди. Ошондо Албан:— Тилиңди тарт, айбанга теңелген айбан. Атаңды ат өлтүрдү беле? Жазыксыз малды сабаба,— депжасоолду качырып сала берди.— Оңол, Албан балам, оңол!—деп Ийгилик тыйып койду.Жасоол коңур боздун ээрин алып кайра өз атына токуду. Коңур бозду жетелей кетмекчи болду.Бирок, жетегине да баспады.
— Ушул ат менен эле атаңдын куну бүтө турган болсо, айдап коёюн. Алып кет,— деп Албан айдап,айылдын четине чыгарып койду. Албан бери басканда коңур боз кеженип туруп алды. Жадагандачылбырын ыргытып жиберип жасоол кайта келди.— Бу бейбаш жигит ким, кайдагы эме? Мунун мен акесин таанытам. Азыр барып болушкаарызданам, — деп дагы аңыраңдай баштады.— Оңол, жасоол жигит, оңол! Бу жигиттин ким экендигин билгиң келсе угуп тур, айтып берейин:Садыр болушуңдун кара чечекей кудасы. Качы бийдин иниси. Уктуңбу, жасоолум? Ат токуп бербейсиңдеп мен аны сабадым. Ал токуп бербеймин деп кайра ал мени сабады деп айтып барып арыздан. АтыАлбан.Жасоол бастырып кетти. Бир аз барып кайта келди. Ийгиликти жалгыз чакырып алып:— Тиги жигит чын эле ошондойбу? — деди.— Чын болбогондочу. Ишенбесең болушуңдун өзүнө айтып койгула! — деди, төшөктө жатканИйчилик. Ийгилик.Жасоол ойлонуп көпкө турду. Акырында:— астына жыгылайын, Албан менен жараштырып кий.«Тааныбасты сыйлабас» кылыпмын. Кечинде бир кой таап келе калайын,— деп Ийгиликке жалоорудуда, жасоол аттанып кетти. Албан коңур бозду кайта токунду. Айылдан узагыча жетелеп барып минипалды да отунга барды. Куу чегедектен сылай жүктөп жетелесе коңур боз кыйыктанып дагы баспады.Мына эмесе, деп өзү үстүнө баса минди эле, бели ийиле түштү. Ошондо коңур боз басыш мындайтурсун, жөн эле желип жөнөдү. Отунду үйдүн жанына түшүрүп коюп, Албан катуу уктап калган экен,көзүн ачса күн батууга жакындап калыптыр. Эртең менен жакага эрте кеткен жатакчылар азыр айылдынчетине чогулуп, жасоол менен коңур боз, Албан үчөөнө байланыштуу болгон бүгүнкү окуяныИйгиликтен угуп олтурушуптур). Жасоол өзү келүүдөн намыс кылган болсо керек, бирөөдөн келишкенсемиз козу өңөртүп жибериптир. Анысын бир жигит Ийгиликтин үйүнүн жанында союп жатыптыр.Ошентип, мындагы жатакчы айылдын бүлөсү «кедейдин бир тойгону, орто байыганы» дешип эт мененсорпого бүгүн абдан карк болушту.

#10 28 October 2015 - 17:04
Тез тезден көчүрүп салсаңыз болбойбу? Же китептен терип жазып жатасызбы?
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
#11 29 October 2015 - 13:43
7-бөлүм.
Тоо этегиндеги ойдуң түздө төрт киши кыйкаңдап чалгы чаап жүрдү. Аттарын байлаштырып коюпалты киши Мантек элүү башыны тегеректеп бер жакта кымыз ичип отурушту. Ар жактан атынадыраңдата чаап келген киши түз эле чалгычыларга барды. Атын тууралатып кыйкыра да, кырдана дасүйлөдү.— Бул кандай ээн баштык? Жер меники! Бул жерге чыккан чөп да меники болуш керек, кеткиле!Чөп чаап жүргөндөрдүн бири чалгысына таяна туруп жооп айтты.— Биз эчтемени билбейбиз. Чаба бергиле деди, чаап жатабыз. Чатагың болсо тигине, элүү башыкымыз ичип отурат. Өзү менен барып сүйлөшүңүз. Ачууланып келген атчандын кулагына айткан сөз кирген жок. Желигип калган атынын оозун силкип,ачуулу сөздөрүн айтып, ар кимисин омуроолоду. — Силерде кулак деген эме барбы? Укпайсыңарбы? Токтоткула! Жөн эле чалгыңардын мизине жатакаламын. Чалгыларын таянып тигилер жапырт тура калышты.— Баса, Ийгилик деги сенин өзүңдө кулак барбы?Кыйын болсоң элүү башынын өзүнө барып тууралан.— Ооба, ошент. Бизге тууралана турган жөнүң жок,— деди чалгычылардын дагы бири.— Бул эмне деген кордук. Силердин «Сарыкул» уруусунун чеги тетиги дөңсөө эмеспи? Өзүңөр делебилесиңер. Деги ошол элүү башыдан ооба, ошо чедирейген шайтандан келгенди көрө коёюн,— деди.Чапкан бойдон кымыз ичип отургандарга кетти. Демите барып демиге сүйлөдү.— Чедирейген ганашайтан десе. Бул эмне кылганың? Жардысынтканыңбы? Же жамансытканынбы? Эмне себептүү менинжеримдин чөбүн чаптырып жатасың? Чалгычыларды токтот. Чатак чыгып кетет. «Каракул да» азболгону менен өзүнчө бир уруу калк. Кордугуңду кой!..Элүү башылыгын көзүнө илбей демите сүйлөп турган Ийгиликке, Мантектин ачуусу келди. Өзүнүнмүнөзү да тойтоңдоп оргубаргы шапшайтаны арбын киши. Байлыгына бир чиренсе, элүү башылыгынаэки чиренет. Чедиреңдеп чеки сөздөрдү айтууну, колдон келет кылып уруп сабап коюуну эл бийлөөнүнбирден бир эрежеси деп түшүнөт. Ийгиликтин чабындысын Мантектин чаптырып жатышы да бекер эмесболучу. «Эптеп тийишейин, кыжырына тийип кычык чыгарайын, эбин таап ээн жерде төө бастыкылдырып коёюн» деп атайын ошентип жатат. Анысын Ийгилик кайдан билди, чапкан бойдон келип биртийди.— О, чедирейген шайтан,— деди каракерди тууралантып. — О, Ийгилик баатыр, сага эмне болуп кетти? — деп, Мантек элүү башы кара күчкө анткорлонду. — Атаңдын башы болду. Кубарыңдын куу чокусу болду, чедирейген шайтан. Ар качандан бир качанзордугуңду койбойсуң, кордугуңду койбойсуң. Сенин казыңды эле жарбасам Ийгилик атым өчүп калсын,чедирейген шайтан,— деди. Ошондо Мантек:— Опуруп койгула, жапырып койгула,— деди. Кымызга ала-күү болуп отургандар Ийгиликти аттаноодара тартып, тепкилеп жиберишти. Моокуму кангандан кийин Мантек элүү башы:
— Болду эми. Жөлөптаяп мингизип жөнөтүп жибергиле,— деди. Ошондой кылышты.Ийгиликтин кедейлиги эле болбосо өзү абдан жөн билги жана «Каракул» уруусуна кыйла кадырлуукиши. Ошол үчүн аны Мантек элүү башы көрө албайт. Баарын өзүм билсем, бийлесем дейт. Түбүндөэлүү башылыгымды алып коёбу деп Мантек андан да шектенет. Ушинтип койсом Ийгилиги гана эмес,башкалар да менден коркуп калат го деген ой менен муну атайы иштеди. Анысы көптөн бери ойлопжүрүп тапкан акылы эле. Бүгүн ишке ашырып, мына көксөсү сууду. Кымыздан дагы бир сыйраичилгенден кийин Мантек элүү башы талыкшып магдырады. Чепкенин бурдап башына койду да бат элекор этип уктап кетти. Уйкусун бузбайлы деген ой менен беркилер оолактап орун которуп отурушту. Жайкүнүнүн кызуу тийген илеби аларга да таасир этти. Элүү башы ойгонгуча дешип ар кимиси ар жергетомолонду. Ийгилик катуу кыйналып үйүнө зорго жетти. Кейпин көргөндө: — айланайын атаке ай, эмне болупкеткен? !— деп Бермет бакырып жиберди.— Башы, көзүндө тамтык калган эмеско, алат күн! Арман күн...— деп аялы да алаканын шак коюп,кокуй-алатып копшонду. Жүйүртө басып отура кетти. Кичинекей Кубаткулдун көзү алайып, катты дакалды. Ийгилик онтолой сүйлөдү.— Бермет балам сен атты мин. Өзүбүздүн жатактагы «каракул» болгон жерине кабар айт. Эч кимисикалбай келишсин,— деди. Бермет атка минип чапкан бойдон кетти. «Жатакчы» айылдын аялдары,балабакырасы Ийгиликтин үйүн курчап калды. Канаган жерлерине курумшу күйгүзүп басып, таңуулаганболушту. Айылдагы бакан, союлдардын бардыгын чогултуп, үйгө жөлөштү. Берметтен кабар уккандараттуу, жөөлү болуп тез эле келип жетишти. Бардыгынын баш-аягы чогулуп бүткөндө Ийгилик «сынганмүйүз кимдики, сыздаган сөөк кимдики?» деген сөз менен кайрылды.— «Каракул» уруусунуку, баарыбыздыкы. «Сарыкулдан» өткөн өчтү алыш керек! — дешти чогулакелгендер. •— Ар качандан бир качан зордугун койбой турган болушту. Жүргүлө! Ошолордон келгенди чогуукөрөлү. — Ээриңерди оңдоп токугула. Олоң-боочуңарды бышыктагыла! Баятадан бери демигип турган Карачач да сөзгө аралашты.— Башкаларын коюп, баарынан мурда жанагы чедирейген элүү башынын өзүн жанчкыла. Казысынжаргыла. — Чебердей көргүлө! Ачууңар менен бирөөң өлтүрүп коюп, эр кундуу болуп калбагыла! — дедибайбиче аял.— «Урушта туруш жок», аттангыла! — деди кимдир бирөө.Аттуулар бирден союлду чаттарына кыпчышты. Калпак, тебетейлерин баштарына баса кийишти. Онколдорунун жеңин чечип курларына кыстарышты. Ошентип, коломочтонгон аттуулар алдыга түштү.«Токтоол болуп беребиз» дешип, бирден союлун сүйрөп жөөлөр аттуулардын артынан кетти. Катын,балдар дөбөгө чыгып карап турушту.Союлдарын сороктотуп жабыла жарышып келаткан атчандарды көргөндө Мантек элүү башы,— аттарткыла! —деп алдастады. Алдына тарта койгон атты минип далпылдап кача жөнөдү. Кашатта карданакарап турган аялдар, балдар ой тараптан эмнени көрсө, өздөрү ошону кайталап айтып чуулдай беришти.Карачачтын үнү башкаларынан катуу чыгып жатты. Жоолугу эчак эле кежигесине шыпырылып, экибөйрөктү таянып, ал жөн эле ичип-жеп желиге берүүдө болду.— Ий, жаман кудай алгырлар. Катуурак чабышпайбы? Коркуп баратышат окшойт. Атайы барыпкуткарып жиберип уят болушар бекен! А жамандар, жамандар! О, тегеренейин, тетиги жан аябай алдабараткан кимиси болду! Айланайын Албан тура. Элүү башы атына чаба албай калды. О өлүгүңдүкөрөйүн. Ошентсин. Беркилери тегеректеп айдап алышты. Ана, ана, Албан жетип калды. Бирөөң атынанажыратты. Бир чабуу менен эле сулатты көрүнөт. Албан жарады, азамат. Уул экен, уул. Жигит дегеношондой болбойбу. О, кудай, бардыгы жетишти. Арбак колдо! Колдой көр. Ана, быт-чыты чыкты. Аркимиси ар тарапка өз жандарын ала качты. Элүү башыны ортого алышты. Колу менен башын калкалапжүргөнүн кара, о, өлүгүңдү көрөйүн. Мынча болду эми, жанча көргүлө, ошону биротоло жанча көргүлө!.. Ар бирин ар кайсы жерге жыга чаап, уруп, согуп моокумдары кангандан кийин баргандар бастырыпчыга беришти. Карачач ошондо гана: — мына, көксөөм сууй түшпөдүбү! — деп катуу үшкүрдү. Жүйүртөбасып көчүгүн жерге койду.Мантек элүү башынын сазайын колуна берип кайта тарткандар айылдын четине чогулушту. Сыпайыжене бир чөйчөккө суу кармай барып Албандын башынан үч кайтара тегеретти да, кыбланы каратачачты. — Бирөөнүн көзү, бирөөнүн тили тийбесин. Суу менен кет, жел менен кет, түв, түв,— деп жергетүкүрүп ырымдады.:— «Сарыкулдар» эми жөн жатпайт, кол курап келет. Анык салгылашуу мына ошондо болот,— дештикээ бирөөлөр.Үйдө отурганда да, талаага чыкканда да бирден мыкты союл ар киминин жанында болушун айтышты.Талаа жумуштарын алгоолошуп биргелеше иштөөгө өтө турган болушту. Бириндеп иштегенде жанчыпсалып бастырып кетишет дешти. «Сарыкулдардын» бер жагындагы дөбөдө бир киши күнтүн дебестен күзөттө турсун, аркылардын аттанып чыккан карааны көрүнгөндө эле кабар таратсын дешти. Карачачкаокшогон кай бир кайраттуу аялдар да бирден баканды оңтойлоп коюшту.Таяктын уусу Ийгиликти катуу жабыркатты. Бир нече ирет эсинен танып бүлөсүн катуу шаштырды.Кечинде бир улакты садага кагып түн бою от менен отурушту. Бир кезде Ийгилик талыкшып кетти.— О, кудай! Өрт өчкөндөй кыла көрбө! — деп Сыпайы кудайына жалынды.— Анан деги кайсыжериң, эмнең ооруйт? Жүрөгүбүз түшүп калды го деп бышактай кетти.— Бүткөн боюм салмактанат, кайсы жери ооруганы, кайсы жери соо экени билинбейт. Сынган-бүлгөнжерим жок, таякка жанчылып калган го...Ит үрсө «Сарыкулдар», келип калдыбы деп селт этип дүрбөп чуркап чыгышат. Ошентип кирпиккакпай таң атырышты.Ийгиликтин жарааты «Каракул» уулунун карыжашынын жанына бирдей батты. «Жаман айтпайжакшы жок». Кокустан Ийгилик бери карабай, ары карап кетсе, «Сарыкулдун» катуудан казанын,жумшактан ун, талканын калтырбай талап кетүүнү, кыйсыпыра чаап алууну ойлогондор да болду.«Берүүгө бирөө чыкпаса да алууга келгенде алтоо даяр болот». Кокустан «Сарыкул» уулу кун төлөйтурган болуп калса, чаап алууга «Олжобай», «Алике» уруулары гана эмес, башка уруулар да кошулупбере тургандыгын ооз учунда айтпаган менен, ичтеринен ойлошту.Бермет да, Албан да Ийгиликтин кашынан карыш жылбады.Мантек да оң тапбаптыр. Көкүрөк жагына тийбестен, көчүк жагынын ийин жеткиришкен экен,ордунан туралбай анысы да төшөктө жатты. «Сарыкулдар» да бүгүн анын үйүнө үймелөктөштү. Кабыргасы сынган болсо керек, көөкөр үйлөтүп, табыпсынгандар анын тегерегинде болду. БаяИйгиликти сабатканда кыбасы канып, дегеле чечекейи чеч болуп катуу жыргаган эле. Мына эми, таякдеген эме адамды кандайча сыздата тургандыгын өз башынан өткөрүп онтолоп жатат. Бирок, жөнжатпады. Бекиш старчынга киши чаптырды. Качы бийгеда, Садыр болушка да кабар жиберди. «Меникарап отура бересиңерби! Кол курап барып «Каракулдардын» саманын сапырып, чөбүн өрттөгүлө,катуудан казанын, жумшактан ун, талканын калтырбай талатып жибергиле. Жообун мен беремин. Менинким экендигимди, элүү башылыгымды аларга тааныткыла» деп Мантек да чабалактады. Анын шыкоосубоюнча «Сарыкулдар» да катуу дүүлүгүштү.

#12 29 October 2015 - 13:51
8-бөлүм.
Арпа алабөйрөк болуп жатакчылар көк талканга кенелип калган күзгү күндөрдүн бири. Түшкө жакын,карааны жыйырма чамалуу киши каз канаттап келе жатты. Алдыңкы катарда келаткандар өтө бараандуу,жөн эле көлөккөлөк этишет. Ийгиликтин айлына жакындаганда жайыла жай бастырышты. Кадимки«Чыр- Дөбөгө» келип аттан ооп-ооп түшө кетишти. Аттарынын сырын билген кай бирөөлөрчылбырларын сүйрөтүп коё берди. Эки колун куушура тушагандар да болду. Кээ бирөөлөр арка беришкылып байлап да койду. Анан бөлүнө-жарыла ар кайсы жерге уй мүйүз тартып ийриле отуруп калышты.Илгери бу дөбөнү «Куу-Дөбө» деше турган. «ЧырДөбө» деген атак ага кийинчерээк койду. Анын үстүнө кандай чырлар болбоду. Эрдин куну, эриштинайыбы, жесирден жетим акы, уурдаткандын төлөөсү, ыгым-чыгым, алыксалыктын жаргысы, өтөр-кетер,өгөй- татай сөздөрдүн бардыгы ушу дөбөдө айтылуучу. «Чыр-Дөбөгө» чыгып алып мындагылардынчыркырашпаган күнү аз болучу. Магелен: Жанайдын куну, Чопонун ашынын чыгымы. Байжарыктынкөзүнүн айыбы, Эшимдин жесирине кеткен жетим акысы, Солтонкулдун көк ала бээси жанаСооданбектин балыгынын чыры да ушул дөбөдө башталып жана ушу дөбөдө бүткөн. Токонун кулагы даушу дөбөдө кесилип, Өмүрдүн тиши да ушу дөбөдө сынган. Балландын кызынын башы да ушу дөбөдөачылып, Жанызактын кызынын калыңы да ушул дөбөдө бычылган.«Уюмду уурдады» деп Карачка Үркүмбай кара доо кылып жатып алганда аксакал, көксакалдар арагатүшүп, Карач актыгы үчүн ушул дөбөдө «тузга сийип» кутулган. Чодондун жоголгон улагы үчүн даБейше ушул дөбөдө «куран кармаган». Кенжебайдын сары атынын доосуна дыйкан актазалыгы үчүн«жан берген» жер да ушул дөбө.Айылдагылар, жоголгон аркан-жибин, жүгөн куюшкан, олоңбоочу, чылбыр. тиэгин, канжыга,куткундары үчүн да, ушу дөбөгө чыгып «касемдешүүчү». Ошондуктан башы «Куу-Дөбө» болсо да,аягында «Чыр-Дөбө» атка конду. Эми Ийгилик менен Мантектин чырынын акыры да, калдайган калыңтоп болуп «Чыр-Дөбөгө» келип отурат. Алар «Үч уруктан» куралган бир старчын калктын аткаминерлери, алардын аткошчулары болучу.Дөбөдөгүлөр а дегенде алдыкачты, кыжы-кужу сөздөрдү айтышты. Кээ бирөелөр Ийгилик мененМантектин ортосундагы чырдын жаргысын жарымыш болсо, кай бирлери бирөөнө берген кол акысын,короосуна тийген карышкырдын, атынын аксагы, коюнун котуру жана ошол сыяктуу сөздөрдүн үстүндөболду. Тигилер ошентип отурган кезде Бекиш старчын Кашкарбай менен Чаки элүү башыны ээрчитипИйгиликтин үйүнө барышты. Көпкө чейин сүйлөшө берип анан кайта келди. Дөбөнүн орой чокусундааксакал- көксакалдар менен отурган Качы бийдин алдына барды. Ыйбаа кылган, айбыккан адептүүкишисинип Бекиш бир кыйлага чейин унчукпай олтурду. Кыйла убакыт өткөндөн кийин бийди астыртанкарап:
— «Каракул» атала турган иттериңиз иттик кылып коюшуптур. Элүү башыңыз Мантекке колдорутийип калыптыр. Талаага отурбастан айыл үстүнө барганыбыз, сүйлөшө турган сөздөрдү айыл үстүндөсүйлөшкөнүңүздөр оң болор!—деди. Дөбөнү курчап отургандар жабыла аттанып Ийгиликтин айлынкаптап барып калды. Союлган малдардын эти желгиче дагы эле жай сөздөрдүн үстүндө болушту:күлүктүн байгеси, жоргонүн жоругу, кыраан бүркүт, алгыр куш, илгерки нуска, байыркы салттарайтылды. Эт желип, колдор жуулгандан кийин «Чыр-Дөбөгө» кайта барышты. Ар кайсы айылдын аткаминерлери, аксакалдары өз кишилери менен ар кайсы жерге бөлүнө отурушту. Старчын Бекиш тигилтопко бир, бул топко бир барды. Акырында ар кайсы айылдын тобунан бирден киши ээрчитипбашкалардан обочо бөлүнүп чыкты. Сүрсүр болуп өздөрүнчө көпкө отурушту. Кызуу-кызуу үндөрчыгып, кайта жоошуй түшүп да турду. Ал топтон бөлүнүп чыгып өзүлөрүнчө сүйлөшүп, кайта барыпкошулуп жаткандары да болду. Кыйладан кийин, бир пикирге келишти көрүнөт, жеңдери менен жергеотурган этектерин күбүштү. Бийге барып «бүтүмдүн» жайын айтышты. Тигилердин бүтүмүнүн баянынуккандан кийин:— Ишиңер бүтүүчү өңдөнүп калган экен. Эл жакшыларын мында чакыргыла,— деди. Ал жердегилеркелип тегерете сыйлыгыша олтуруп бийдин оозуна карашты. Ээгин бир-эки жолу курулай сылап койдуда— «туугандын урушу, торконун жыртышы» деген эмеспи,— деп бий сез баштады.— Ь1рас, туугандынурушу торконун жыртылышындай эле иш болот. Агайын тууган биригип эптештире койсо, жыртылганжери бүтөлүп калат. «Каракул», «Сарыкул» бир гана атанын баласы. Айлынар башка болгону мененараңар жакын. Ирегелеш коңшу, биргелеш туугансыңар, — деп бий алды менен тыяк-быягынжайгарды. — Жамандыгыңар болсо, бири-бириңерге жатчылыгыңар жок.Балдар балалык кылышыптыр, — деп отургандарга кез кыдыртты.— Жаман туугандарынар кылгантентектиктерин моюндарына алыптыр. Аштамагын берип алдыңарга жыгылышты. Бир айылдын элүүбашчысыМантекке колубуз тийип калды, алдына ат, үстүнө тон кийгизели дешиптир. Отурган аксакалдаргасалт боюнча үч кесим — бир тогуз (үчөө тай, үчөө кунан, дагы үчөө бышты) тартуу камдашыптыр. Жаман тууганыңардын тартуусуна карабастан, тентектиктерин моюндарына алгандыктарына карап, азайып, көп кылмышын кечирип, элдешип, журтташып калгыла. Ошенткениңер оң го! — деп сөздүтегерегинде тургандарга жая салды.— Бийимдин сөзүндө калет жок, ошенткендери оң,— деди кабырыңкы Чаки элүү башы. Анан эрдинжаланып — «Өгүз өлтүргөн балта» Мантек элүү башы эмеспи, өзү эмне дээр экен? — деп Мантеккекарады. — Ишимди элге, калдысы калың тууган силерге, аксакалдарга бергенмин, силер эмне десеңер меношого макулмун,— деди Мантек.— Ата гана, кайран эрди карасаң. Не кылса да нарк билген киши эмеспи,— деп Чаки анын сөзүнжөнөтө берип туруп калды.— Эмесе иш бүттү, ынтымакырашкердүү болгула,— деп бий алаканын жайды. «Болду-болду» дешипотургандар тароого баш койду эле,—журт, отура тургула! Айта турган арзым бар! — деп арт жактаотурган Албан тура калды. Тароого козголгондор аяк серппей отура кетти. Баягы албадалба Албан эмес,үстү-башы бүтүн мырза жигитти көргөндө бийдин башы шылк дей түштү.Албан бийдин маңдайына барып чөк түшүп отура калды.— Мантек элүү башы Ийгилик акемди сабатып койсо аныкы кечиримдүү болгону, Ийгилик акемөчүн алса аныкы кечиримсиз болушу кандай? Ушундай да бийлик, ушундай да калыстык болобу?Ийгилик акемди колдон келет кылып койдуңар,— деди Албан. Атка минерлер анын сөзүн жактырмаксанболуп жер карашты. Чаки элүү башы гана: — Мантек элүү башы эмеспи? — деген сөздү айта салды.— Мантегиңер элүү башы гана эмес, жүз башы болсо да, Ийгилик акеме тең тууган. Теңтуугандардын ишине тең карашыңар керек эле,— деди Албан.— Бийимдин бийлигин сен бузганы турасыңбы? — деп Кашкарбай элүү башы атырыла кетти. Албантартынган жок.— Кашкарбай аке сиз мага анчалык атырылбаңыз. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» дейттурбайбы? Сөзгө конок бериңиз! Жаш жагынан улуулугуңуз гана болбосо, биз тең атабыз, мен сиздинбукараңыз эмесмин.Анын каяша сөзү Кашкарбай элүү башыга катуу тийди.— Букара турмак сен кулсуң. Бийимден качып келип Ийгиликке кул болуп жүрөсүң. «Өз агасынагалай албаган, киши агасын сагалайт» деген ошо,— деп Кашкарбай тура чуркады. Качырып барыпкамчы менен чаап-чаап жиберди. Албан:— Биринчиси улуулугуңуз. Экинчиси туугандыгыңыз, — деп жонун тосо берди.— Кой, кой,— дешип ар кимдер арага кыпчылды.— Коё бергиле, кулагын кесип ыргытып, Ийгиликке биротоло баш оту менен өткөрүп берейин,— депКашкарбай жулуна берди. Албан солк этпей отуруп алды. Ар кимиси Кашкарбайды ар жакка алыпкеткенден кийин:— Мантек элүү башыны Ийгилик акем сабаганы жок. Өлөрчө болуп үйдө жаткан. Мантегиңерди биз,мына мен сабадым. Айыпка мени жыккыла! — деди.— Болуптур. Андай болсо бийимдин бүтүмү боюнча айыпка бере турган малды сен бер. Сен элетөлөй кой,— деди Чаки— Макул, бийлигиңизге кулдук. Мен төлөйүн деди Албан.Чаки келече кылайын деген максат менен:— Болуптур, төлө,— деди.— Азыр эле төлөй коёмун. Мен бий акем менен энчилеш экендигимди билесиз. Менин энчи алаэлектигимди да жакшы билесиз. Энчимди алып бергиле. Энчиме тийген мал менен ушу жерденкозголбостон туруп эле төлөй салам. Антпесеңер азыр колумда эчтеме жок. Бий акемдин өзүнөн өндүрүпалгыла. Аган макул болбосоңор, аны да өзүңөр билгиле,— деди да, ал жерде отурган топтун арасынанАлбан чыгып кетти. Атка минерлер бийди астыртан карашты. Бий түнөрдү да калды. Кыйладан кийин:— Кана эмесе, аттанбайлыбы? — деп жер таянып көчүгүн көтөрдү. Жол бою эч кимге эчтеме айтканжок, ага да эч ким бирдеме дешке айбыкты. Албандын ал жердеги элесин көз алдынан кетире албай,болгон окуяга ой жүгүртүп келе берди. «Өзөктөн күйгөн өрт жаман, өзүңдөн чыккан жат жаман».«Кандай жол менен баланын эңсесин кесип, экинчи сөз кайтара албагыдай кылыш керек?» Баятадан бериойлоп келаткан ою ошо жөнүндө болду. «Байлатып барып сууга салып сабатып, өлтүртүп койсом эмнеболот? Аны уккан, көргөн эл эмне дейт? Энчисин берип, бирөөнүн кызына үйлөндүрүп койсомчу? Андайболгондо ээжаа бербей эргичтей беретко? Балага кандай жол менен каргаша болуш керек?..»Бий үйүнө келгенде да кабагын ачпады. Камка менен да сүйлөшпөй жантайып жата кетти.— Эмнеге эле кабагыңдан кар жаап, түнөрө чөгүп калгансың? Айтчы жайыңды! Бир жериң ооруйбу?— деп Камка бир аз эргичтеди.— Ыза болуп келдим.— А кайдагы эме экен, сени ыза кылууга жараган?— Баягы Албандан Ушунчалык калайыккалктан барган жери Ийгилик. Андан ага артары эмне?— Эмне артарын билбейсинби? — Билбегендигимди айтпадымбы! — Эмесе мен жакшы билем. Аныкына кызын тооруп барды. Аман болсо, акыры ал Ийгиликке күйөбала болот. Анан энчи доолап сени бир болуштун бийлеринин алдына алып барат. Эми билдиңби?— Билдим, билдим. Учуң узарган Камка баланын максатын эми билбедимби. Сабит кайда экен,чакырт, — деп бий чыканактап тура калды.— Сабитте эмне жумушуң бар эле?— Жумуш мындай: жазында көч үстүндө Ийгиликтин ошо кызына Сабиттин көзү түшүп калыптыр.Арага киши салып айттырганда, макулдук бербей койгондугум эсиңде бардыр!— Эсимде. Сабитти чакыртып алып азыр эмне, анын кызын алгын дегени турасыңбы?— Ооба.— Табар пайдаң кайсы? Бир тууганыңдын баласына бирөөнүн кызын да ыраа көрбөйсүңбү? — Көрбөйм. Ошентип, ошол Албан шайтандын оозун агарталы. Анан кайда барарын билбей каңгыпкалсын. Дны антпесе, тентитип жок кылбаса, акыры көргүлүктү ошондон көргүдөйбүз. ..— Сыртын кенен болгон менен, ичине кара таруу айланбаган тар кишисин, бийим,— деди да Камкатышка чыгып кетти.

#13 29 October 2015 - 13:56
9-бөлүм.
Жайлата жамаатташ айыл отургандар кышка салым кыштоолоруна бириндеп житип кетти. ИйгиликкеКачы бий кылгылыкты кыштоосуна киргенде, жалгыз үй болгондо иштемекчи болуптур. Камкадантөрөлгөн Бакир деген баласын чалгындап келүүгө . жиберди.— Албан байкеме учурашууга келдим депкой. Үйүндө кимдер бар, кимдер жок, ошону бил. Кызы үйүндө бекен, ошону жакшылап байка. Ошент,барып кел,— деди.Бакир атын токунуп жөнөй берерде Камка өзүнчө тапшырма берди.— Бий Бермет кызды алакачтырып келип Сабитке никелеп коюшка камынып жаткандыгын Албангаайтып кой, сак болсун,— деди. Бакир ошондо он үчкө чыгып калган.Бакир кеч кайтты. Өз бүлөсүнөн башка Ийгиликтин үйүндө эч ким жоктугун, Албан мененучурашкандыгын, ал бери жөнөгөндө Албан ары жөнөп, орус кыштагына кеткендигин бийге айтыпберди. — Андай болсо барып айт, тың-чыйрак жигиттерден беш, алтооң ээрчитип барып Ийгиликтин кызынала кычып келишсин,— деп аны Сабитке жиберди.Сабит угар замат апыл-тапыл жигит жыйнады. Кечинде бир козу союп атасынан бата алды да, эл жатажигиттери менен жөнөп кетти. Кызды мингизип келе турган атты жабдып коштой жүрүштү. Эл кызыкуйкуга кирген кезде Ийгиликтин үйүнө жете барышты. Ат коштогон жигит менен Сабитти кабаккакалтырып, алты жигит түз эле баса барды. Жигиттердин бири: — Ийгилик аке, тынч жата бериңиз.Кызыңызды алганы келдик,— деп үн салды.— Атайылап алып кетүүгө келсеңер, кой дегенге тил алат белеңер. Деги өзүңөр кимсиңер?Дайныңарды айтып койгула! — деди, төшөкте жаткан Ийгилик.— Кудай буйруса Качы бийге эртең эле куда болуп, куйрук сугунуп каласыз,— деп тиги жигитИйгиликти сөзгө кармады. Берки үчөө караңгыда карайлап төрдө жаткан «кызды» төшөгүнө бурдап-
сурдап көтөрө жөнөштү. Каршылык көрсөткөн эч ким болбоду. Кыздан да кыңк эткен үн чыккан жок.Көтөрө чыгып ат кармап турган жигиттин бирөөнө өңөртө салышты. Ахалашып кабакта күтүп турганСабитке барып, атайылап алып келген атка кызды мингизишмек болду. Ошондо:— Макул, атыңарга минейин. Каршылык жок. Деги мени кимиңер алганы жүрөсүңөр? Ошону айтыпкойгулачы! — деди.— Сабит мырзага,— деген үн чыкты.— Уулумдай болгон жигиткеби? — деди «кыз». Ийгиликтин аялы Сыпайы жеңе колдон суурулганчыйрак да, тамашөкөй киши. Жигиттер дүрбөп келатканда Берметти жүк жыйган тактанын алдынасойлотуп жиберип, кызынын төшөгүнө өзү жата калыптыр. Караңгыда карайлап жүргөн жигиттер кызыдеп энеси Сыпайы жеңени көтөрүп чыгыптыр. Аны билгенден кийин жигиттер бир паска дел болокалды. Ошол учурда ар жактан «ууру эле, ууру» деген катуу үн чыкты. Ал үнгө ар тараптан «кайда эле,кайда?» деген дагы бир үн уланды. Жигиттер бириндеп кача жөнөдү. Сыпайыга да, кыз мине турган аткада карашпады. Тебетейин баса кийип, жеңин коломочтонгон союлчан бирөө качкандардын артынан саятүштү. Көп узатпастан жете барып бирөөң союл менен тизеге согуп өттү. Анысы атынан тебетейдей учуптүштү. Колдорунда камчыдан башка эчтеме жок болгондуктан, калгандары да кайра тартып каршылыккөрсөтүүгө жарабады. Алиги союлчан киши аяң-буяң дегиче дагы үчөөң аттан ажыратты. Аларды көргөнСабит артын карабастан безе качып жүрүп отурду. Алиги киши артынан калбады. Атынын оозун жыякармап, атайы жетер-жетмексен болуп жүрүп отурду. Кыйла жерге баргандан кийин теминип, атыныноозун коё берди эле, аткан октой жетти. Ошондо Сабит атынан түшө качууга камынды. Бирок, катуубараткан аттан ыргып кетүүдөн коркуп, бир жагына кыйшая баштады.— Ууру десем, Сабит байкем турбайбы, анча болбогондо ыргыта чаап шерменде болмок экемин го,—деп куутунчу жандай өтүп атынын башын башка жакка бура тартты.Куугунчубуз Албан экен.— Байке кечирип коюңуз! Орус кыштагына барып келаткам, «ууру эле, ууру!» деген кыйкырыкбоюнча, караңгыда кырып жибере жаздапмын. Жалгыз кетпей, тигил жигиттериңиздин баш-аягынжыйнап ала кетиңиз,— деди да, кайта тартып кете берди. Үйгө келсе кызга арнап келген ат кепенинбосогосунда байлануу туруптур.— Жарапсың Албан балам. Төртөөң атынан ажыраттыңбы? — Төртөөң. Билмексен болуп Сабитин да соройто чабайын деп, кайта аядым. Ошондо да жүрөгүтүшүп калды го дейм, жетер жетмексен болуп атайы көп жерге чейин тызылдата кубаладым.— Ырас, кылыпсың, балам. Сабитке кол тийгизбегенин жакшы болуптур. Сыймыгы качып калат эле.Эмки шайлоодо болуш болсом деген талабы бар турбайбы. Алар ошо бойдон кете беришер бекен? Жеэти ачынып кялган эмелер камынып кайта келип жүрбөсүн. Атыңа ~ минип үйдөн бир аз алысыраак бар.Кара-кериң тирүү турса качсаң кутуласың. Куусаң жетесиң. Сактыкка кордук жок, сак бол балам, баракой! — деди Ийгилик.— Баса, кайта келип калышса аянышпайт, таштап кеткен атына мингизип Берметтин жанына ала жүр,— деди.Албан менен Бермет аттанып ар жакка барышты. Аттарын кабакка байлап коюп көрүнөгө чыгышты.Ыркмагын кошпой экөө эки жерде коомай отурушту. Улам үй жакты байкап карап коюшат. Көпкө чейинсүйлөшпөдү. Андай учурда сүйлөшө коюуга сөз табуу да кыйын эмеспи. Тигилер кайта келишсе эмнекылабыз? Көрүнбөй. качып бир жерге жите турабызбы? — дегенди бир ойлошсо,— оңтойлуу учурданпайдаланып сырдашып алсак болор эле,— дегенди эки ойлошот. «Жаман уй жарда музоологондой»болуп, ушундай кысталыш учурда сырдашканыбыз орунсуз болобу деп аны да ойлошот. Ачыкайтышпаганы менен кимисинин оюнда эмне бар, аны өздөрү билишет. Бирок, ооздорунан чыгарышаэлек. Кандай деген менен Ийгиликтин бүлөсү Албанды «аттай арка, төөдөй медер» кылып калышына көпболду. Таяктын запкысынан Ийгилик кыйла меңкенип калган. Албан болбогондо биртике эгин, чөбүбыйыл жыйналбастан талаада калат болучу. Бүлөсүз жалгыз бой кишидей кылган жок. Бардыгын камыр-жумур кылып жыйып-терип койду.Албан Берметке үйлөнсө өзүбүз менен бирге турса, балачакалуу, очор-бачар бир үйлүү киши болсо,Кубаткулубуз жалгыздыктын запкысын көрбөс эле деген тилек ата, эненин экөөңдө тең бар. Ошол ойдуБерметтин өзү деле ойлойт. Албан үйдө болсо Кубаткул жанынан карыш чыкпайт. Жумушка барсаучкашып кошо кетет. Алына жараша тырмалап бирдемелерди иштемиш болот. Кийин төшөккө да биргежатчу болду. Айылдын балдарынан азыр мурдагыдай айбыкпастан баатырсынып калды. Бирөөлөр агачоңдук көрсөтсө, көптөй турган болсо:—Албан байкеме айтсам силерди оң таптырбайт, — деп көтөрүңкүсүйлөйт. Атасы да, энеси да, эжеси да ошонун барын көрүп, билишет. Анан кантип алар Албандантабычкына коюшар эле?Жазында Берметтин ою башкача болучу. Сабит качыра кирип үйлөнсө, Кубаткулга жезде болупкалат. «Токол» деген гана аты жаман. Кубаткулдун мүдөөсү үчүн мейличи дей турган. Жалгыз инисинекара жанын кагып кашында жүргөн Албан турганда азыр Сабитинин кереги не? Жетимдиктинзалдарынан тең тууганга кор болуп калгандыгы болбосо, Албан адам кемсинте турган жигитпи!Болуштун жасоолуна көрсөткөнү ал болду. Мантек элүү башыны сабатып койдуң деп бир старчындынатка минерлери Ийгиликти айыпка жыкканда андан антип куткарды. Бийине кошуп бардыгынын оозунаппак кылгандыгы тиги болду. Бүгүнкүсү мына, эрдемсинген жигиттердин төртөөн өзү гана төрт жерге сулатып, Сабитин «кыз куугандай» кубалап шайын кетирди. Берметке мындан артык кандай жигиткерек? Бермет элеңдеп эки жакты карай берди. Отура калып да карайт, тура калып да карайт. Караңгы түнага Албандын караанынан башка эчтеме көргөзбөдү. Анын караанын медер тутту. Уламдан уламжакындай берди. Денесин калтыроо басты. Жакындаган сайын калтыроосу күчөдү. Салт боюнча кызгакарай жигит ыкташуу керек эле. Андай ой Берметтин эсине келбеди. Албансый жигиттердин бири болсо антпес эле. Аны бир тууган ага, кыйынчылыктан калкалай турганкалканчы, ишеничи катарында ыктады.— Коркуп турасыңбы? — деп Албан колдон алып өзүнө тартты.— Коркпогондочу. Келип калышса кантебиз?— Коркпо! Келип калышса экөөлөп салгылашабыз. ..— Мен союл чабышып берүүгө жарабайм го? Жалгыздык кылып коёсуң. Бир жерге барып таң аткычакөрүнбөй корголой туралы!—деп Бермет, Албанга асыла кетти. Башын жүрөгүнө такады. Албаналапайын таба албай, кыздын башын жүрөгүнө кыса берди. Салгылаша турган жоо да, доолана тургандоо да, нечен күндөн бери оюн айтууга батындырбай уялтып келаткан уят да бардыгы эсинен чыгыпкетти. Кыздын «корголой туралы» деген сөзүнө гана ызалана түштү.— Корголой тургудай коён эмеспиз го!— деди.— Андай дей көрбө! Кубаткулуң чоңойсун. Аның союл шилтөөгө жарагыча чеберде. Азыржалгызсың. Кордук көрүп каласың. Таң аткыча көздөрүнө көрүнбөй бир жакка кете туралы,— депБермет жармаша берди. Алар ошентип турганда кыз ала качууга келгендер да баш-аягын жыйнашты.Ачынып калган эмелер оолуга дуулдашты.— Көрүнө эле баса барып кызын алып кете берели.— Ар бириңдин колуңда бирден союл болсун. Каршылык кылгандар болсо, союл менен жаагынбасабыз. — Колдо союл болгондо жанакы кордукту көрбөйт элекко.— Кызды бекитип коюшту, таптырар бекен?— Кайсы бетибиз менен куру барабыз. Сабап туруп болсо да таптырып алып кетиш керек.— Сабаганга жөн эле туруп беришеби?— Ийгилик каршы болбойт, Албан бул ишке катышпайт.— Катышпаганы кайсы, азыр эле кырып жибере жаздабадыбы? — Тааныбай калып ошентпедиби. Орустар жактан келатып кокустан кабылып калган тура.Сабит сабырдуу турду. Артыкийинин ойлоду. Көрүнө тебелеп барып кол салса, «Жамгырчы» уруусубүт намыстанбаса да, «каракул» бүт намыстанат. Кедей болсо да Ийгиликтин айлына баркы жок эмес.Болуштун шайлоосуна даярдык башталганы турат. Бир «тоголокту» кемитип коюшу мүмкүн. Кайнатаболуп калгандан кийин, балким анте койбос. «Басмырлап аялымды ала качты, башыма зордук кылды»деп бир болуштун бийинен арызданса, каршы тарап пайдаланат. Шайлоодо жеңип кетер бекен, ошондойойлорду ойлонуп турду да,— жүргүлө, эмесе! — деди.Өтүкчү да ушу «Каракул» уруусунан. Узун жаак, кыр мурун, кабагы калың, кашы үрпүйгөн, иреңисерт киши эле. Анын аялы койчо төрөйт. Балдары жаш, бирде ток болсо бирде ачка калат. Балага,кедейчиликке басынып аялы жүдөө. Анын үстүнө бирдемеден кыйкым таап өтүкчү көз ачырбайт.«Бийим чакыртыптыр» — деп көтөрүлө сүйлөп, эки күндүн биринде кетип калат. Бир кеткенде жумалап,кээде айлап да келбейт. Бийдин балабакырасынын өтүк, кепич, маасысын ултаруу, ат турмандарынжасалгалоо ошол өтүкчүнүн мойнунда.«Бийим чакырткан экен» — деп сыймыктанып кетет да, бийдин күңү Кызалактын үйүнө жатып алыпөтүкчүлүк иштейт. Ак пейли кармаганда бирге отуруп бий эт тууратып жейт. Кара көңүлү кармагандаөтүкчүнү капарына да албай коёт. Өтүкчү болсо бийдин жумушун иштегенине гана маашыр. Аялы,балдары эмне күндү көрүп жатат, эсинен чыгарып коёт. «Иши кылып бийге жагынсам, Мантектинордуна элүү башы болбосом да, «каракулга» он башы болуп калармын» деген дамаасы бар. Ошол өтүкчүбүгүн таңсаарынан Ийгиликтикине келди. Салам айтылып, алик алынгандан кийин омураңдай сүйлөпИйгиликти жемелөөгө өттү.— «Бакыр киши маана менен» болгону жакшы эмеспи. Ар качандан бир качан кежирлигиңдикойбойсуң. Келген ырысыңды кедери кетиресиң да турасың,— деп кекеди. Чакчасын сууруп чыгып биратым насбайды алаканына салды. Аны атар-атмаксан болуп мурчуйду.— «Кедейдин жети каңтаргасыбар» деген туура. Каңтарың кармабаганда бийге куда болуп калат элең. Малдуу болуп ирегеңден майакпайт беле. Бийдин кудасы деп кимиси болсо да урматташат эле, ыраспы? — деди. Алаканында турганнасбайын тилдин асты, тиштин түбүн карай эп эттирди. Ийгилик сакалын сылап сабырдуу гана отураберди. — Ушунда мурдунан көпкөн бирөөн үйүңө үйүр кылып алыпсың. Бойго жеткен кызың бар, күйөөкылып алганы жүрсөң керек. Ары томолой жетим, анын үстүнө аңды-дөңдү карабаган акмак көрүнөт.Бийдин атайы жиберген жигиттерин аның түндө кыйратып коё жаздаптыр. Башкалар бийиме жакындашаалбай жүрсө, сен аны менен каршылашасың. Ойлонбойсуңбу? — деп олурая карады. Өтүкчүнү Ийгиликжаман көрүүчү.— Жөн келбестен куйтулугуңду карматканы келгенсиңго? — деди.— Ал эмне деген сөзүң? Тууган ырааты боюнча, бийим атайы өзү бар дегенден келдим. Мен эмне,куйтуланып жаман сөз айттымбы? Тең тууганбыз. Жаш жагынан улуумун. Суук сөзүңдү кой. Байкапсүйлө! — деп өтүкчү катуу тырчыды.— Макул, катуу айтыптырмын. Бийге жакын болгон киши, оңолсо, эмдигиче сен эл алды болуп, төрттүлүгүң түгөл болуп кетпейт беле? Кыш көрсөм деле «бийим чакыртыптыр» деп ошол жакта жүрөсүң,жай көрсөм деле ошо. Кана оңолуп кеткениң?— Анда сенин ишиң болбосун,— деп өтүкчү олуна кетти.— Макул, ишим болбосо, болбой эле койсун. Балдарың ачка калыптыр. Аялың илбип келип кечээкүнү бир табак талкан, бир табак ун сурап кетти. Эстүүсүнүп элге акыл айтканды коюп, балдарыңдыдурустап баксаң боло!• — Билем сени, менин бийге жакындашканымды көрө албайсың,— деп өтүкчү өңгөчүн тартты.— Жакындашмак турсун бийиңдин үйүнө барып башотуң менен кирип ал. Аныңда менин ишим жок.Балдарыңа ун, талкан камдап берип анан ошентсең боло?Өтүкчү сөз таап айталбады, ызаланды.— Билем, мени эле эмес, бийимди да жаман көрөсүң,— деп оолукту.— Аның туура. Экөөңдү тең эле жакшы көрбөйм,— деп Ийгилик сабырдуу сүйлөп сакалын сылады.— Ушу сөзүңдү эле бийиме айтпасам капыр болоюн,— деп өтүкчү тура калды.— Маа десең бир эмес, миң айт.— Тилиңе тишиң күбө болсун. Тең туугандык кылып мага андай сөздү айтсаң болот. Бийиме кылапатайтпа. Ал тегин киши эмес, касиеттүү киши. Атабабасынан бери кудайым өзү берип, кар болбогонкиши, — деди. Эриш, аркагы жок дагы бнр канча эндей сөздөрдү айтып күйкөлөктөдү. — Курулай күйкөлөктөбө. Бийим чакыртыптыр деп чирене сүйлөгөн сөзүң балдарыңа тамак да,кийнм да болбойт. Корооңдо малың болбогондон кийин, эл катары жер тырмала. Балдарыңды бак.Катыныңа каралаш.— Мына, азыр эле антпадым беле. Сен бийим экөөбүздүн арабызды алыстаткың келет. Көрөалбайсың, —• деп өтүкчү атын карай басты.— Шашпа. Ошол сөздөрдү айтууга эле келдиң беле. Мынча келип калгандан кийин үйгө кирип даамооз тий,— деп Ийгилик ээрчий карады.— Бир аздан кийин старчын Бекиш келет. Эки жакка кетпей турсун, айтып кой дегенинен келекалдым эле,— деди өтүкчү. Ал барып атынын чылбырын чсчип кетмекчи болду.— Аке! Кайда барасыз?Үйгө кирип даам татып чыгыңыз? — деп Сыпайы эшик ачып үйгө киргизди.Бекиш старчын жайдары келди. Өтүкчүгө окшоп өкүрөңдөгөн жок.— Кемпириңе чандырып сага эмне болду? Картайып кеткенсиң го!—деп Ийгилик мененсаламдашты. —Бийдин жигиттери менен качып карыганда катуу көпкөнсүң го? — деп Сыпайы жеңенитамашалады. Бермет көшөгөсүнө кирип көрүнбөдү. Албан анын карааны көрүнгөндө серенин үстүнөчыгып жатып алган. Чай ичилгенден кийиң Ийгилик менен Сыпайыны сыртка ээрчитип чыкты. Үнжеткис жерге барып жүйүртө басып отурушту. Түндө болгон окуянын жөнүн сурады. Ийгилик бирбаштан айтып берди._ Балдар балалык кылышкан көрүнөт. Алардынбейбаштыгын угуп бий катуу кейиптир. Ийгиликтин кызын алгысы келсе, кудалашып өзүм эле алыпбербейт белем дептир. Эртең менен чакыртыптыр. Барсам — Ийгиликке уяттуу болуп калдым. Барыпжай айтып кел деп мени жумшады. Анчалык капа деле болгон эместирсиң! — деди Бекиш.— Сыйда сарым сөздү жыбылжытпай эле кой. Сырыңды билебиз, —деп Ийгилик күлүмсүрөдү. —Койнунда жаткан аялын бирөөлөр көз көрүнө ала качса, капа болбой коймок беле? Ойлоп көрчү өзүң!?Кызыңды алганы келдик дешти. Өзүңөр билесиңер дедим. Бир убакта аялымды көтөрө качышты. Кызымаздык кылган экен го. Экөөн бирдей алышабы дедим. Баш көтергөнүм жок, жата бердим. Албетте, ызаболорун болдум, ыза болгондо колумдан келери не? Аз айыл, букара уруу болгондон көрө жок болгонуабзел экен го деген ойго да келдим. Кызынды уулум каалап калыптыр деп бийим бир ооз сөз айтса,«сатса кунсуз, өлсө пулсуз» кылып өзүм жеткирип бербес белем! Бийде калыстык жок. Калыс Оолсоушунчалык колдон келет кылар беле? Кордойт беле? Ар качандан бир качан букара атыбыз өчө турганэмес. «Күңгө эр жокпу, күрөккө тезек жокпу?». Тил алган «каракул» болсо, ээрчигенин ээрчитип биржакка көчөйүн деп отурам. «Ит чапкандын кээри бар». Бул жорукту бий жөн эле иштеткен жок.Тирүүмдө эсимден, өлгөндө сөөгүмдөн кете койбос. Ойлонуп көрчү, өзүң. Же сөзүмдө кара өскөйлүкбарбы? — деди Ийгилик. Ошентип, жайчылыкта тен болбосом да, шайлоо учурунда кырсык кылуугажарармын деген маанини туюндурду. Түшүнө койгон кытмыр старчын жайгара сүйлөдү.— Кара өскөйлүгү жок. Болгонду болгондой туура баяндадың. Түндө болгон окуяны бий эртең мененугуптур. Аны айттым го. «Туугандын урушу, торконун жыртышы». Бир старчын «үч урук» эл эмес,үйдөгү казан, аяк деле кагылышып калат. Ачууңду бас. Балачакага теңелбе. «Бөлүнгөндү бөрү жейт»,кайда көчүп, кайда кетмек элең? — деди.— Орус кыштагына көчүп кетүүгө да жарабаймынбы? Бул иш бий колдуу болбогону чын болсо, андаөзү калыс болсун. Мүдөөмө жеткирсин. Болбосо бир болуштун бийлерине даттанам. Андан эчтемечыкпаса, кудай берген жанды кудай эле алат, аянбайм,— деди Ийгилик.— Бий эртең менен эле калыстык сөзүн айтты, ачууланба Ийгилик!— Эмне деди? Калыстыгы кайсы? Балдар балалык кылыптыр дегениби?— Жок. Иттик балдардан кетиптир. Тууганды кордогон туура жарыбайт. Ийгиликке тартуу тартыпалдына жыгылалы. Түндө мында бир ат калган экен, ошону башоту менен берип кел деди. Андан артыккандай калыстык болот эле? Ыраазы бол. «Баш айрылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде» болсун.Түндө болгон иш түн менен кошо кетсин. Ооздон чыкпасын. Жаат куроо, шайлоого даярдык көрүүбашталып калды. Тиги тарантагылар угуп калса шылдың болобуз. «Үч уруктун» намысы барыбыздыкыэмеспи? Кандай дейсиң Сыпайы жеңе! — деди.Кексе бий кекселик кылып жаңылыштыгын сезе коюптур. Алдын ала оозун баса койбосо, иштинакыры ырбайт. Ийгилик тилин алган туугандарын ээрчитип башка тараптын жаатына өтөт. Сабиттинболо турган болуштугуна кырсык болот. Аны билген бий, түндө таштап кеткен атты Ийгиликке оозбасырык кыл деп старчынды жиберген.— Бий чыны менен эле өз айыбын мойнуна алган болсо, анда көптөн көп ыракмат. Атын деле өзүнөжеткиртип бер, мен ыраазымын,— деди.Ийгилик эпке келбсй эсимди оодарар бекен деп чочулап отурган эле. Санаасы ордуна келе калганстарчын кара күчкө карскарс күлүмүш болду.— Деги Ийгилик ишиң ак экен. Мантектин чатагына таянып туруп бир онтотоюн деген элем. Анданантип кутулдуң. Бүгүн бий алдыңа жыгылып атын берип отурат. Андан көрө жакшылап түлөө өткөр.Туугандардан бата ал,— деди.— Баса, түлөө өткөр демекчи, Сыпайы байбиче, бир козу алдыр. Старчын да, старчынга жигит болупкалган өтүкчү да тамак жеп кетишсин,— деди Ийгилик. Старчын тамакка ыраазылыгын, башка бир ишкешашып тургандыгын билдирди. Анан экинчи бир сөздүн четин чыгарды:— «Кожоңдун бергенин койнуңа сал», «досуң бергендин тишин ачпа» деген кеп бар эмеспи.Ийгилик! Бийдин берген атын ак тилекке ала бер. «Кебез байлаган аты» болгусу бардыр,— деп күлдү.Сыпайы — болсо, болуп калгысы бардыр — деди. Алар Албанды эске алышты. Старчын Сабит жөнүндөойлогон болучу.Ошо күнү кечинде Ийгилик бир ирик сойдурду. «Жамгырчы» уруусунун аксакалкөксакалдарынчакыртып тамак берди. Бирдемени шылтоо кылып кошумча сурайт деген ой менен өзүнүн эки биртууганы жана мурдагы таарынчысы боюнча Мантек элүү башы тамакка келбей коюшту. Эртеси Ийгиликорус кыштагына көчүп кетти. Аны ар ким ар кандай жоромолдоду. Бирөөлөр, ошондойлоп барыпшайлоодо чыр чыгарайын деген пикир менен кетти дешсе, кай бирөөлөр туугандарга таарынып ошенттидеген ойдо калды.

#14 29 October 2015 - 14:01
10-бөлүм.
Ошо жылы уланушактары менен бий Чоң-Өрдөштү кыштаган. Кызалактын үйүндө өтүкчү кепичултарып отурган эле.— Иш болбой калды,— деди кирип келген киши. А дегиче байбиченин үйүнөн чуу чыкты. Бирзаматта айылдын үстү кымкуут болду. Мынамына дешип күтүп даяр турушуптур. Бир жагы өпкөсүнкагып өкүрүп келип жатса, бир жагы кошолонуп кошок кошуп келип жатты. Бир заматта айланадүңгүрөп жер астынүстүн болуп кете жаздагансыды. Өтүкчүнүн үнү башкалардан өзгөчөрөк чыгуудаэле. Боорун жерден албай, үңүн бийге угуза кой дегендерге бой бербей өкүрө берди. «Жакын саналуукишиники бир өлүүдө, бир тирүүдө деген ушу» деп кай бирөөлөр өтүкчүнүкүн жөндүү көрдү. Күңгөй,тескейде бийдин^ иликжиликтери көп. Жалаң чабаганга кеткен ат менен кишинин саны отуздан ашты.Бир топ киши төө жетелеп кант, чай алып келиш үчүн базарга жөнөдү. Арканжип, араа, балтасынбайланып бир канча киши отунга кетти. Чакачелектердин көчүгү жерге тийбей суу ташылып жатат,жалаң суу ташуу менен бир топ келиндин турасы түгөндү. Көзүнө карабай мал союлду. Кетмендепкемегелер казылды. Өкүрүп келгендердин аттарын алыш, аларды ар кайсы үйгө жайлаш, айтортүйшүктөнтүйшүк көбөйдү да калды. Бир канчасы боорун таяктан көтөрбөй өкүрүпөксүп турат. Аларгада улам суусун жуткуруп, насыбайчыларына насыбай тарттырып, тейлеп туруш үчүн бир топ адам керек.Узун сөздүн кыскасы, көзүң жаманчылыкты көрбөсүн, эл башына күн түштү. Бардыгын моюнга алып,белди бек байлап бийдин уулу, байбиченин баласынын сөөгүн жашыруудан башка иш калган жок.Ошентип, бийдин уулунун артынан кошо өлүп кетчүдөй өкүрүпгбакырган бойдон келип жатышты.Күн жазга тартып, арымы ачтардын каксогу кагылып, чөпчары бүтүп калган үзүмчүлүк мезгил эле.Шылтоо табылгандан кийин, кысылып калганына карачубу, капкайдагы тарп аңдыгандардын бардыгысамсып келе беришти. Бир старчын элдеги куба төбөл түзүк үйлөрдүн бардыгы бийдин айланасына жышургандай шыкырата тигилди. «Иликжиликтеримдин башаягы тегиз жыйылмайынчауулумдун сөөгүнкойбоймун, топурак сала албай калдык деген өпкөлүү сөздөрү болот» деп,— бий уулунун сөөгүн төрткондурду. Келгендер да «топурак салып кетебиз» дешип төрт күнгө чейин кетпей жатып алышты. Бирстарчын эл «милдеттүү конок» күтүп карандай чабылды. Артыкча жону жука байкуштардын үйлөрүнөнтөрт күнге чейин чуу басылганы жок.Өтүкчүнүн биртике чөбү эчак эле түгөнүп калган. Отуну да тартыш эле. Аялы Айым жеңе арыкедейчиликке, кала берсе балага бастырып жүдөп бүткөн. Камыры жакшы ачыбай боорсогукыткылыраак бышты. Суу отундун түтүнүнө ышталып чайынын да мааниси болгон жок.Айласын таппай калган өтүкчү жалгыз аты менен уюна калканчы кылып турган бастырмасын бузупотун кылууга аргасыз болду. Эки өтүк жана кепичмаасы ултарып берейин деп бирөөдөн бир борук алыпкелди. Жан аябай арекет кылып бирин тапса экинчиси табылбай өтүкчү катуу каржалды. «Милдеттүүконоктор» барыңа да, жогуңа да карар эмес.Коноктордон жетөө баса жатты. Жети атка жем түткөрүүнүн өзү да оңой эмес. «Жемди кенен төк!»дешет да отурушат. Бирөөнөн барып бир кап жемди да карызга алып келди.Өтүкчүнүн таалайына жараша сойгон боругу арык чыгып калды. Коноктордун алдына эт баргандабир шумдуктун болорун өтүкчү боруктун терисин сыйырганда эле билди. «Неси болсо да чогуукөрөйүн» деп этти казанга кайната берди.— Чайыңдын мааниси болбоду, бозо тап,— деди коноктордун төмөнкү четинде отурган бирөө.— Эч жерде калган эмес экен,— деп өтүкчү куушурулду. — Сенин ышталган сары сууң менен отура алабызбы? Бозо жок болсо арак тап! — деп баягы конокөтүкчүгө дагы желпинди.Конок желпине баштаганда өтүкчүнүн заманасы куурулду. Түн баласында арак издеп кайда барат! Жешаар жакын эмес, шаар жакын болгондо да арактык акча анын колунда кайдан туруптур. Каршы сөзайтууга батына албай «караштырайынчы» деген болуп тышка чыкты,«Милдеттүү коноктордун» абийирсиздери ошентип абийирсиздене берет. Табактагы эт баргандажигиттердин бардыгынын кабактары тегиз бүркөлдү. Кол салбай астыртан бирин-бири карап калышты.Аңгыча тер жакта отурган бирөө табакты каңтара тээп жиберди. Баятадан бери желпинип отурган жигитыргып турду. Керегедеги камчысын алды. Бир шумдуктун болорун билип турган өтүкчү эшикти көздейоңтойлонду. Бирок, тигил жигит эшикке чыгарбай камчынын алдына алды. Башы, көзүн калкалап:«балам, атаң курдуу кишимин, койгун!» деди өтүкчү. Желпинген жигит коёр эмес.— Атандай болгон кишини сабоодон уялбаган кандай абийири жок жигит элең, уялсаң боло! — депАйым жеңе желпинген жигиттин камчысын кармай калууга умтулду. Камчынын түшкүнү шакшагынаороло түштү. Айым жеңе тызылдап отура калды. Ошондо балдарынын чыркыраган үнү үйдүн ичин үчкөтөрдү... Айласы түгөнгөндө өтүкчү тышка чыга качты. Төрдө отургандар: — Кой эми! Итке теңелип эмне кыласың. Абийири жок киши турбайбы,— деп желпинген жигиттитыйган болушту.— Булардын бийинин уулун биз өлтүргөнсүп, итке берүүчү жашыгын алдыбызга тартат,— депжелпинген жигит ордуна отурду. Коноктор кандай күтүлүп жатат экен деп старчын менен үч элүү башыкыдырып чыгыптыр. Аңгыча алар да келип калышты. Коноктор даттанып доомат кыла кетишти.— Бир келген меймандарды түзүктөп күтө албайсың,— деп өтүкчүнүн калган «ышын» Кашкарбайэлүү башы күбүдү. Камчы менен үч-төрт чаап:— Колуңда жоктугуңду кимге милдет кыласың? Сойгон коюң арык чыкса, айыбына бир семиз тайтаап келип сой,— деп бастырып кетишти.Бийдиң уулунун сөөгү көмүлгөнчө айылдын үстү калаймакан болду да жатты. Калың элдин бирчетинде дубаналар «ак уруп» жатса, бир жагында ырчылар ырдап жүрдү. Бир жеринде жомокчуларыжомок айтып отурат. Сөөк жаткан үйдүн ичи-тышынын баары кошокчу болуп чыгып кеткен. Күнгөй,тескейдеги кожо, молдо, сопу, бакшы, бүбүлөрдөн эчтеме калбай бардыгы тегиз келсе керек, ар кимисибилген ырым-жырымын иштеген болушат. Кейпи, бийдин өлгөн уулун «бейишке» чыгаруунун камынкылып жаткан сыяктанат.Сөөк көмүлгүчө «эсил кайранын» айтып өкүрүп келип жаткандар тыйылбады. Келгендерге үрө берипайылдын иттери да суй жыгылды. Үчүнчү эле күнү кыңк этип үрүп чыгууга жараган бир да ит болбойкалды. Биринчи күнү эле айылдын атка минер аксакал көксакалдары өлүктү кандай узатуунун кеп-кеңешинбүтүрө коюшкан. «Сөөк жуудурууга» бийдин аттуу-баштуу куда-сөөк, илик-жиликтеринин бардыгыншыйгарышты. Өз кишиден старчын Бекиш кирсин дешти. «Сөөк жуугандарга» чапандан тогуз,бешманттан тогуз, ич кийимден тогуз — ошондойлордон дагы толгон тогуз берилмек болду. Өлүккөкөңүл айта келген ар бир урууга малдан жана акчалай «мүчө» белгилешти. Өз киши эмеспи, «дооранын»куба молдо өткөрсүн, «дооранчыларга» тогуз буум арпа, тогуз улак, тогуз козу, тогуз торпок жолайтылмак болду. «Жыртыш» жыртуу жөнүнде да сөз болду. «Жыртыш» таратуу карыган кишилердинөлүгүнө ылайык дешип көпчүлүгү болбой койду.«Сөөк» көмүлгөндөн кийин ат чабылсын. Баш байге төө баштаган 500 кой, экинчи байге эки жүзэлүү, андан аркысы азайтылып тогуз атка байге сайылмак болду. Байге жана «мүчөгө» бериле турганмал, акча «ынтымак» боюнча бир старчын элден жыйналсын дешти. Ошол эле жерде түтүнгө чыгымбөлүндү. «Бий үчүн бир старчын эл кылган кызматыбыз болсун. Чыгымдан баш тартып кыйшаңдагандарболсо, түндүгүн түшүрүп отуна жагалы, үй ичин артынып бастыра берели» дешти. Ошентип чыгымжыйноого атка минерлер аттанып чыгышты. Кедейлери жоо чапкандай чабылды. Насыяборчкобелчесинен малынды. Бир жагынан байлары козусун койго, коюн тайга өткөрүп туйтуна беришти.«Сөөк жөнөрдүн» алдында дооранчы молдолордун ичинен чатак чыкты. Камчы сүйреп салгылашыпкуба молдонун бети эки жеринен айрылды. Анткени, «доораига» берилген олжонун көпчүлүгүн Кубамолдо өз энчисине калтырмакчы болгон экен. Бир тобунун селдеси бузулуп жалаң баш калды. Арпа,улак, козу, торпоктор колдоруна тийгенден кийин дооранчылар бийдин өлгөн уулуна да, тирүү турганөзүнө да караганы жок, олжо бөлүштүрүү менен убара болушту.Өлүк көмүлгөндөн кийин айылдын эр бүлөсү бийдин үйүнө өкүргөн бойдон келишти. Бул жолу даөтүкчү жерсууну жаңыртып, боорун жерден албай элден өзгөчө өкүрдү.Бийдин өлгөн уулунун эки аялы бар. Улуу аялын тектүү атанын баласы, «чоң теринин бучкагы» депкоюшчу. Букелинин алыш үчүн бий калыңды да аябай берген. Алганда жасалгасын да келиштирип алган.Ошол келининин аты Айнек. Экинчи келининин аты Олжобүбү.Олжобүбүнүн мурунку аты башка эле. «Ыбырайдын чабуулунда» олжого келген экен. Кийин бойтарткан кезде бий улуу баласына никелетиптир. «Салбар» деше турган. Улуу келини эри өлгөндө талыпжыгылып калды. Бир күнгө чейин кошок айта алганы жок. Көрсө талып деле жыгылбаптыр. Кошокбилбеген эме экен, корккондуктан гана «талымыш» болуп калыптыр.Чачы жазылып, башына кара салынгандан тартып Олжобүбүнүн жаагы жай алган жок жана бирайткан кошогун кайталабады. «Күйбөйт деген эмне, бышпайт деген эмне, тытынгыла» дешип айылдынкемпирлери экөөнүн тең бетин кызыл жаян кылышты.Айнектин төркүндөрү кошокчу аялдарды жанына коюп кошок үйрөттүрүштү. Дээринде жокболгондон кийин болбойт көрүнөт, эчтеме үйрөнө албай койду. Кошок кошуу жагынан Олжобүбүалдына аял салган жок: «Чыңчың жаман чың жаман, Чыңырып чыккан үн жаман. Табактай бетке такжаман, Тасмадай белге кур жаман.Элимдин башы кар бекен, Эңкее бүткөн тал бекен, Эңкее белин буунган, : Эмгекке жакын туулганЭлимде мендей бар бекен.Кайыңдын башы кар бекен, Какая бүткөн тал бекен. Какайып белин буунган, Кайгыга жакын туулганКалкымда мендей бар бекен?»Олжобүбү кошокчулуктун аркасы менен катарга кошулуп калды. Атайын келип анын кошогунугуучулар көп болду. Бийдин өзү да кулагын тосуп жүрдү.— Көпүрөң ооп көлгө кетти, көк жорго атың селге кетти. Балаңыз ат жеткис алыс жерге кетти, бийим!Достон көп душманыңыз бар. Белиңизди бек байлаңыз: Калган балдарыңызга канаат, кайрат кылыңыз!—деп бийдин кашынан кайрат айтуучулар өксүгөнү жок.— Бергенине сүйүнүп, алганына күйүнгөндө болбойт. Уучуңуз куру эмес, бийим!—деп «шарыят»айтуучулар да көп болду.Бийдин эшигинен башында эле ат өксүчү эмес. Уулу өлгөндөн бери киши өксүгөндү такыр койду.Төө, бээ жетелеп келип көңүл айтуучу иликжилик, кудасөөк, достамырлардын аягы тыйылбады. Үчкүндөн кийин «учүлүгүн», жети күндөн кийин «жетилигин» өткөрдү. «Кыркын» өткөргөндө айыл дагыбир жолу катуу бүлүндү. Шаардан молдо алдырып «куран» түшүрттү. Чоң үйүнүн босогосуна кара желекорнотту. Таңылчактагы бардигер баалуу буюмдарын чечтирип ала бакандарга илдирди. Жүккө дажайдырып таштады. Эл жайлоого көчөрдө, бир ай бүтүн көчкө даярданды. Эки жесирди, алардын минетурган аттарын да карага чулгап таштады. Көчкөндө көчү кара желек менен жүрчү болду. Көчжөнөгөндөн конушка жеткиче кошокчулардын үнү басылбайт. Жол боюндагы айылдардын аялдары, кыз-келиндери кошокчуларга суусун алып чыгып кошок угушат. «Каралуу» көчтүн сөөлөтүн, жасалгасынкөрүшет. Бир старчын элдин бардыгын бий уулунун артынан өлтүрө тургансып эч бирин өз тиричиликтеринекаратпады. Конок узатуу, мал башкаруу, көч жүктөп, көч айдашуу, көч түшүрүп, үй тигүү сыяктуубийдин түгөнбөгөн түйшүктөрү менен күн өткөрүштү. Анын үстүнө бий ушул жай абдан көчөгөн болупкетти. Анткени, элге сөөлөтүн көрсөтүп коюш керек эле.Бери келе коңур салкын күз болду. Элдин алды эгин-тегиндерин жыйнап калды. «Аш» берүүнүнболжолдуу күнүнө бир жума калганда эле, милдеттүү коноктордун алды айылды баса баштады. Кайсыайылдын четин кара« саң да жабууланган бирден күлүк жетеленип турат.Сайыла турган байге жайында «аш» кабары менен бирге жарыяланган. Түтүнгө кой жыйналып бирмиң кой баш байгеге сайылмак болгон.«Ашка» келген эл айылдын чаңын изгытып жата берди. Тамакка таарынып айылдын адамдарынсабагандар «аш» үстүндө да көп болду. «Милдеттүү конок» күткөн айылдын адамдарында кол кайтаруу,каяша айтуу деген болууга мүмкүн эмес. Чапса камчысына жонду, тилдесе сөзүнө кулакты тосупкызматын кыла бермей. Бул ар кимдин, ар кайсы айылдын адамдарынын башына келе турган өзүнчө биркезек.Үчүнчү күнү тогуз жерге коо кармалып, байге малы коого камалды. Ата аксакалдары «Дайек» кармапкүлүктөр чубатууга салынды. Чубатуудагы күлүктөрдүн саны кыркка жетти. Күлүктөр алысайдалгандыктан көпкө кечикти. Байгеге ат кошкондордун жандары өзүндө болбой, чабалакташты. Тердикти жайып коюп, кырк бир таштан төлгө тартып, ар бир төлгөчү өз айлынын күлүгүн чыгарыпжатты. Күлүктөр сүрөп алуу шарты менен чабылган. Аты тыңдардын баары сүрөөнчүлүккө кетип, маранынайланасында аты чабалдар, карыкартаң абышкалар гана калды. Мындай ат чабыштарда күлүк чыкпастансүрөө чыгуучу, сүрөөчүлөрдүн аттары, өзүлөрү мыкты болсо, күлүктүн чуркабаган эркине койбой элесүйрөп кирип келишүүчү. Бий ак калпакты алчыланта кийип, кызыл чепкенди дыкан бөктөртүп койгон.Күлүгүн сүрөп марага экинчи болуп илинди.— Эч болбогондо дагы бир чакырым алыс болсочу! Кесилгирдин мойну кесилди. Сүрөөсү жетиштүүболбой калды,— деп чамырканды да, атын моюнга бир салып бастырып кетти. Кара таандай каптапжүргөн калың эл «байгелерди» көздөй ат коюшту. Чыгып келген ат күңгөйлүктөрдүкү экен. Бир улактынбашын кесип ыргытып, өпкөсүң сууруп алып чыгып келген күлүккө «садага чаап» жиберишти.Ызычуу, чурукүү. Эл байгенин артынан кетишти. «Соогаттап» кыйкырып жүргөн үндөрдөн кулактунат. Байге бөлүш каш караргыча созулду.
11-бөлүм
Орус кыштагындагы боз үйгө алты киши атчан келди. Дүбүрттөн улам Албан үйдөн чыга калды.Келгендерди көрө койгондо бүткөн бою «дүр» эте түшкөнун сезди. Суз гана саламдашып аттарын алыпбайлады. Эшик ачты. Үчөө үйгө кирип, үчөө тышта калды.Үйгө киргендер старчын сыйда сары, сомкара Чаки, арык кара Кашкарбай элүү башылар экен. Тыштакалган үчөө алардын аткошчулары. Албан үйдёгүлөрдүн үстүнө да кирбеди, аткошчуларга даайланышпады, кайдадыр бир жакка өзүнчө басып кетти.Тигилер үйгө киргенде Бермет көшөгөсүнө жашынды. Босого жакта күрөк чаап отурган Ийгиликстарчын, элүү башылар жаяктап жакшы учурашса да, оор басырык тартып ордунан козголбоду. Сыпайыжеңе баш ийкеп эсендешти. Жүгүрө чыгып кожоюндун самоорун алып чайга камынды.— Старчын аке, өзгө элүү башылар менен келипсиң! Менин өз элүү башым — Мантегиңер кайда?Оорусыркоодон аманбы?—деди Ийгилик.— Барсам дагы сабатып коёбу деп коркуп Мантегиңиз келбей койду,— деди Сыйда сары. «Ошентти»дешип эки элүү башы кыткыт күлүп коюшту. Булар өтөркетер сөздөрдүн үстүндө отурганда Сыпайынынкуурдагы да бышты. Чайы да кайнады. Дасторконун жайып, алма, өрүгүнө аралаштыра кант, нанынтөгүп таштады. «Корообузда силердикиндей котологон малыбыз болбогон менен, кабыбызда даныбызкенен. Ошону байкашсын» деген ой менен атайын ошондой кылды.Чайга тойгондон кийин Чаки элүү башы:— Берген тамагыңа «ак койдун» майынан аралашып кеткен жокпу, Сыпайы байбиче!— деп калды.Бул сөз Ийгиликтин өзүнө да, аялы Сыпайыга да катуу тийди. Анткени, «чочко этин жеп калдыңар го»деген мааниде айтылган чалгырты бар сөз болучу.— Оңол, Чаки элүү башы, оңол! — деп Ийгилик түктөйө түштү. Сыпайы жеңе ызасын ичине катты.—Үйүнө келген мейманга ар ким колунда барын берет эмеспи? Ачыгын айтып эле коёюн, оозуңузбулганып эле калды,— деп шаңкшаңк күлдү. Чаки таш тиштегендей жаагы жап болду.— Оозуңду күлдөп туруп жууп албасаң ишиң болбой калыптыр го, элүү башы,— деп Сыйда сарыЧакини тамашалады. Анан сөздү щайлоо даярдыгына бурду. Болуштук талашууга жумшала турганбардык чыгым түтүнгө бөлүнгөндүгүн баяндады. Эки тараптын «Кара черүү», «ак черүү» болупкармашып жатышын ^айтты. «Келген дөөлөт, кеткен мээнет» деген эмеспи. Болуштук айлыбызда болсо,бир чети дөөлөт, бир чети намыс деди. Сыйда сары сөзүн бүтөр замат Ийгилик колуна түкүрдү, кепсөзайтпастан керкисин алып күрөгүн чаба берүүгө өттү. Бул эмнеси? дегенсип ар кимиси аны астыртанкарашты. Сыпайы жеңе басып барды да:— берчи чеберим!—деп керкини колунан алып керегенинбашына кыстарды.— Кепкеңешке келип отурабыз, сүйлөбөйсүңбү, — деп Сыйда сары жылмайды. Ийгилик башыншылкыйтып сүйлөбөдү. Кашкарбай менен Чакинин өңдөрү өзгөрө түштү. «Бул кайсы алына мынчалыкманчыркайт? » дегенсип экөө өз ара көз ымдашты. Ошол учурда Ийгилик сакалын сылап «Бооруң биргебурайсың, үйрүң бирге чубайсың» деди.— Болбосочу! — деп старчын сөз ээрчитти.— Болбособу? Көзүңөргө көрүнүп коёт элем,— деди Ийгилик.— Маселен, кантип, кандай кылып?— деп старчын курулай каткырды.— Чыр чатак чыгаруу да колуман келбейби? Тилими алгандарды ээрчитип аркы тараптын жаатынаөтүп кетүүнү да билбейминби? Ошондой кылсам тигилер менден чыгым да албайт, тартуу берип бирсапарында урматтай да турушат. Түшүнүктүүбү? Айткандарымдын жүйөсү бар бекен?Ийгиликтин бий менен кулалы кайкы болуп жүрүшүн болуштук талашып жүргөн Алмабек угупкалган экен. «Мен тарапка өтсүн. Көчүрүп алайын. Көчтөн калбагыдай кылып мал кураштырып берейин.Кааласа старчын кылып коёюн. Бийди ушул жолу жыгып берсин. Ийгилик он беш, жыйырма түтүнтуугандары менен мен тарапка өтсө эле, бий шайлоодо жеңилет. Ошентип өчүн алсын» деп атайы арачыжиберген. Бийге нээти жакшы болбосо да, «үч уруктун» намысына чыккынчы болгусу келбеген. Арагакелгенди аштамагын берип абдан сыйлап, «Тууганга карасанаган киши туура жарыбайт». Андай ишкебара албайм. Бийге эрегишип элимден чыгып калышым болбойт,— деген.Ошону угуп калган бий шайлоо өткүчө көңүл кыла туруш үчүн тигилерди атайы жибериптир. — Өткөн өттү, кеткен кетти. Көчүрүп алып кетүүгө келдик. Унааны качан жиберели?— деп старчынсөздүн уңгусун дагы башка жакка бурду.— Менден шек санабай эле койгула! Көчүп да барбайм. «Үч уруктун» намысына кыянат да кылбайм,ишенип койгула. Деги ушу бейбечаралардын убалынан корксоңор болор эле! «Арык кызды бир күндө үчөпсө эмне жаны калат?» дегендей, бейбечара бир жылда үч жолу чыгым төлөсө эмне алы калат?Ушул сөздөрдү айтып Ийгилик баш бармагын тиштеп күңгүрөндү. — Бир жылда тарткан кайсы үч чыгымды айтып отурасың?—деди старчын.— Бийиңердин уулу өлдү, бир жумага жакын бейбечаралар «милдеттүү конок» күтүп жоо чапкандайчабылдыбы? Чабылды. Бул бир. Уулунун ашын берет, ашка кошумча, байгеге кошумча деп түтүнгөчыгым бөлдүңөрбү? Бөлдүңөр. Бул экиби? Ашыңарды үч күнгө создуңар. «Милдеттүү коноктор» басыпжата берди. Кант, чай, жем, чөбүн айтпай эле коёюн. Күнүнө түтүнгө бирден кой союлдубу? Союлду.Бул үчпү? Бийиңердин өлгөн баласын бейбечаралар сабап өлтүргөнсүп кылданкыя бастырбадыңар, «коюң арык чыкты, чайың кызыл эмес, бозо бербейсиң» деп конокторуңар бирсабаса, өзүңөр келип эки сабап турдуңарбы? Турдуңар. Макул, аныңар деле бейбечараларга аш болупкетсин. Эми бийдин уулуна болуштук талашабыз деп дагы түтүнгө чыгым бөлүп калыпсынар. Дегиөзүнөр ойлогулачы. Кантип жан түтсө болот?— деп Ийгилик колунда турган чакчасын таштап жиберди.— Көп менен бирге көрө турган чыгым экен. «Көп мазар, көптөн чыккан азар». Сен ошенткенденкийин башка эси жоктор эмне дебесин?— деп Сыйда сары сөздү дагы чаргытты.— Эси жоктор дейсиң. Ушу күндө бейбечарада эс калдыбы? Эсин оодарып таштабадыңарбы? «Чегирткенин алын көрүп канын сорбойсуңарбы»? Байга байдай, жардыга жардыдай кылсаңар боло?Түтүнгө дейсиңер да отурасыңар, — деди. Керегеде турган керкисин карап алаканына түкүрүп тиштенипкойду. — Мыйзам ошондой эмеспи?—деп Сыйда сары Ийгиликти мыйзамга алып келип такады.— Ал кандай ырысы кыркылган мыйзам, түтүн чыккан жерге эле чыгым бөлө берген? Тетигибийиңердин өтүкчүсүнүн тамтыгы кеткен үйүндө мыйзам токтой турган жери барбы? Ойлочу дегиөзүң! —деп Ийгилик тура калып керегедеги керкисин ала койду.— Сен мындай эмес элең. Ачууң келип турганда кабылып калган көрүнөбүз. Калган сөз болсо башкакүнү, ачууң тараганда сүйлөшөрбүз. Үч күндөн кийин эки тарап беттешет. Калыс айылдардынжакшылары арага жүрүп жараштыруу жөнүндө сөз болот. Мүмкүн уруш чыгып, салгылашып каларбыз.Эки тарап тең албетте, жасоол курап барат. Орус кыштагына жата берүүдөн өзүң да чарчагандырсың. Көчө барбасаң да, шайлоо өткүчө өзүң айыл арасында бол,— деди Сыйда сары.Ийгилик эки жааттын беттеше турган жери кайда болорун сурады.— Атын өзүң койгон «Чыр-Дөбөдө» болот,— деп старчын анчейин кыт-кыт күлүп койду. СөзгөКашкарбай аралашты. Бийдин уулу өлгөндө Албан топурак салууга барбагандыгын, ошону бий көңүлүнөкатуу алгандыгын сөзгө кошту. «Туугандын азары болсо да, безери болбойт», ал эмнеси?—депИйгиликке кайрылды.— Анысын мен кайдан билейин. Тууган өзүңдүкү, өзүнөн сура. Бала, бото болуп үйдө баш калкалапжүрөт. Эти тирүү, эстүү-баштуу жигит,— деп Ийгилик кагынып койду. Старчын менен бирге келбесе,Ийгилик тигил экөөнө чай эмес, оңчулуктуу салам да айтпайт болучу. Старчындын «шайлоо өткөнчөөзүң айылда бол» деген сөзүн ал туура түшүндү. Ийгилик айлына барбаса «башка жаатка айнып кетеби»деп бийдин санаасы тынмак эмес.— Болуптур, коркогумду жуудуруп алып эртең өзүм эл ичине барып берейин, Менден санааңар тынчболсун, — деди.Старчын да, берки эки элүү башы да бийге билгизбей арак иче коюучу. Аттанып чыккандан кийинарак иче кетүү жөнүндө Чаки сөз козгоду. Берки экөө анын оюн жөндүү көрдү, аракканага киришти.Сурап ичип калган мында бир селсаяк аракеч бар эле. Тигилер кызыган учурда ошол келип калды.Мурдатан бирге ичип, бирге жүргөн эмеден бетер, түз эле Чаки элүү башынын жанына жөөлөй барыпотура кетти. Ээлигип турган элүү башы теңсинбей аны түртүп жиберди. Аракеч чалкасынан кетти. Ызаболгон эркул тура келип Чакини мурунга былч эттире берип алды. Чакиге болушуп Кашкарбай камчыменен аракечти тартыптартып жиберди. «Иттер, ит болдуңар» деп старчын качып чыкты. Ар жактатамактанып отурган стражник арага түштү. Эки элүү башыны жөө айдап барып «катлөшкөге» камапкойду. Шашып калган старчын Ийгиликти алып келүүгө аткошчусун чаптырды.Мындагы орус кыштагында ар кайсы уруудан келип жан багып жүргөн тутүнү сексенге жакынкыргыздар бар. Ийгилик көчүп келгенде бардыгы чакырып өрүлүктөшкөн. Кийин бардыгы аны туукармап — эстүү киши катары эриш кылып калышкан. Кыштактын старостасы, кала берсе жанагыстражниктин өзү да, мындагылардын ар кандай иштери боюнча Ийгиликке келипкетип туруучу.— Иттер, ит болду. Айласын таап бошоттур! —деди масы тарап эсине келе калган старчын.— Иттериң бирди көрмөк эле. Бүгүнчө жата турушсун. Бошоттуруп эртең өзүм бирге алыпбарайын, — деди Ийгилик._ Бүгүн жатып калышса иш чатак болотко?Бүгүнчө камалып жата турушса старчындын иши чатак болору да чын. Беш күн полицияда жатыпкалган киши шайлоого катышууга укуксуз болуп калат. Каршы жаат угуп калса, ушунун өзү менен дабийдин «ташын» кемитип кетиши мүмкүн. Иштиь ошондой жагдайларын Ийгилик эске алды.Стражникти издеди. Короомо-короо кыдырды. Кыйладан кийин зорго таап, кагаз жаздырып алды. Келсеалапайын табалбай старчын чүнчүп туруптур. Ээрчитип барып эки элүү башыны бошотуп берди. Эчкимиси эчтеме айтууга жарабады. Кара жаны кашайып калган старчын камчысын бүктей кармады да,экөен төбөгө басыпбасып алды. Чымыны кагылган элүү башылар ыкшыйып аттарына минди. Старчынкетип баратып:—Ийгилик, эртеңден калбай бар!—деди. Ийгиликтин айылга бара турушуна бүлөсү бүт каршы болду. «Кара черүү», «ак черүү» кагылышакетсе, карап туралбай аралаша кетерсиз. «Кагылышта кан өлөт» кылуучулар да жок эмес. Как эле бүгүнүйүңүзгө келип кеткен үчөөнүн оюнда эмне бар, эмне жогун кайдан билесиз. Барсаңыз шайлоосу болгонкүнү барып, карааныңызды көрсөтүп коюп келе берерсиз,—деп Албан кашкелтей каршы турду. Анынсөздөрүн Ийгилик жөндүү туюнду. Барар-барбасын биле албай бир кун ыргылжың болду. Ошентиптурганда, бир балага эки чанач кымыз артып, бир козу өңөртүп Мантек элүү башы келип калды. Атынантүшкөндө эле Ийгиликти сыга кучактады. «Туугандын топурагынан айланса болот» деп көзүнө жашалды. «Мантекке мынчалык эмне болуп кетти» дешип Ийгилик да, башка үйбүлөсү да эчтемегетүшүнбөдү. Жакшы келген Мантекти апылтапыл жакшы кабыл алууга, жаадырап-жайнап сала берүүгөшашышты. Старчын, эки элүү башы — үчөө бирдей келгенде кебелбей отуруп алган Ийгилик, өткөн күздөн берижоолашып жүргөн Мантегине чын дили менен бөйпөңдөдү. — Өлсөм еөөгүм да ыраазы, сага, Ийгилик. Намысымды алып бердиң. Опурупсуң, жапырыпсың, эмиалар мага өйдө карай албайт. Сооп кылыпсың. Туугандан айланайын,— деди Мантек.Жайланышып отургандан кийин Мантеги ошондой сөздөрдү айтты. Кайсыны опургандыгын, эмненижапыргандыгын, кайда кеткен намысын алып бергендигин түшүнө албай:— Оңол, Мантек, оңол!— деп Ийгилик айрантаң болду. Көрсө, иш мындай болуптур:Чаки менен Кашкарбай биримдик болуп Мантекти көптөн бери кордоп жүрүшүптүр. Эки жолу камчыүйрүп, анан чаап да жиберишиптир. Экөө ич ара сүйлөшүп Мантектин жайкы конушун сары журт кылыпжедирип, теңдик бербей коюшуптур. Ошондой басмырлоодон улам Мантек чүнчүп кеткен экен. Кечээкүнү мындан баратып старчын Мантекке жолугат.«Эки элүү башы сени кордоп жүргөнүн Ийгилик угуп калыптыр. Баш көтөргөн жалгыз кишибизМантек болсо, аны антсеңер, силерди мен минте турайын» деп экөөнү «катлөшкөгө» каматты. Арагатүшүп экөөн араң бошоттуруп алдым. Ийгилик буларды ошентти деп ал тамаша кылыптыр. «Орускыштагында жүрсө да тууган намысын эсинен чыгарбаптыр» деп, ошондон улам Мантек ыраазы болот.Түн бою чабалактап уктабайт. «Эки ортодо өткөнкеткендерди сууга салып жиберип келем» деп эртеңменен эрте жөнөп калат. А күнү коно жатып эртеси кетти.— «Кара черүү, ак черүү» бүгүн беттешет. Барбасам болбойт,— деп тигилер кетер менен Ийгиликтинтынчы кетти. Жалгыз жиберүүгө ичи түтпөй Албан кошо бара турган болду.— Оңол, Албан балам! Бирге бара турган болсоң, кайсы камчыны алдың? Алаканы бышыкпы?—дедиИйгилик аттана берерде. Сөз эмне жөнүндө айтылгандыгын Албан туура түшүндү.— Бышык эле көрүнөт,— деп күлүмсүрөй жер карады.— Атың жаман эмес. Олоңбоочуңду бекемде. Алар эмне, сороктотуп союлдарын ала келер дейсиңби.Оңол, Албан, балам. Аттаналы,— деди. Сыпайы жеңе менен Бермет ээрчий чыкты. «Көбүрөөк жүрүпкалсам сагынаармын» деген ой менен Кубаткулун кучактап алкымынан жыттады. Аттанып бастыратурган болгондо:— Акиш, садага болоюн! Абышкаң оттон, суудан кайта тартпаган намыскөй, желдүү киши. Сакболокөр, тегеренейин! — деди Сыпайы жеңе.Теңтуш адамдай жанаша бастыруудан ыйбаа кылып Албан ээрчий жүрдү._ Онол, Албан балам. Жанаша жүр! — деп жандатабастыртып койду.Булар жай аттанган. Алар үйдөн чыккан учурда эки тарап «Чыр-Дөбенүн» айланасын кара таандайкаптап калган болучу. Алардын караанын алыстан көрүштү. Алты старчын калк, үч-үчтөн экигебөлүнгөн. Аралыгьш жарым чакырымдай ачык коюп бетме-бет тирелишип калышкан. Бир аздан кийинара жерде отурган топ удургуй түштү. Кармай отурган аттарына минип салгылашып калгандай болду.Адегиче эки тарап жапырт ат койду. Чаң ызгыды да калды. Эки тарап кагылышканда кимди ким көрдү,эки тоо кабыша түшкөндөй эки орто түнөрдү да калды.— Оңол, Албан балам. Болору болду, тездетели! — деп Ийгилик обдулду.— Шашпаңыз! Көк буулары чыккыча жете барабыз,— деп Албан аяңкечтеди. — Биз тараптагылар качып калды бейм, куушурулуп баратат?—деп Ийгилик желиге баштады.Чындыгында ошентишти. Садырды ээрчиген эки старчындын кишилери салгылашууга кылаңкылчаңкатышкандыктан бий тараптын кишилери аздык кылды. Бийин старчын, элүү башыларын коргопсүрдүгүп кача башташты. Аны көргөндө Ийгиликтин намысы козголуп чыдабай кетти. «Үч-Урук!» депчаңыра кыйкырып «ураан» чакырды. Каракердин оозун коё жиберди. Ошондо Албан да чыдабай кеттикөрүнөт «Олжобай» ураанын кыйкырып чу койду. Капыстан катуу чыккан ураанды укканда Алмабектараптын кишилери жалтактап бошой түштү.«Карачерүү» тарап аттарынын куйругун түйүп алышыптыр, берки тарап көкүлүн шүйүптүр. Ийгиликменен Албан куюндаткан бойдон келип аралаша түшкөндө бешалтоо топтоп этип аттарынан учуп түштү.«Бугуп жаткан быякта жасоосу болсо керек» дешип Алмабектин жаатындагылар: «Канга кан!» дегенкыйкырык менен ат ойнотуп кайгып чыга беришти.Алмабек тараптагылардын «канга кан!» деп кыйкырышында, ат ойнотуп кайгып чыга беришинде кепбар экен: Алмабек бийди эр кундуу кылып шайлоодо жыгыш үчүн бир кишисин өлүмгө атайы арнапкелиптир. Бий да бир кишисин ошентип даярдап келген экен. «Кагылышта кан өлөт» кылып ар бири өзкишисин өлтүрөт. «Канга, кан» деген сөздү, көрсө ошондон улам кыйкырышкан тура.Ошентип, бүгүнкү салгылашууда эки тараптан эки киши өлдү. Кабыргасы кыйрап жөткүрүпжүргөндөр, бети, башы бир нече жеринен айрылып кеткендер, атынан ажырап тепсөөрүндө чала жанболгондор да көп. Андайларды териштирип эсептеп эске алган эч ким болбоду. Мындай окуялар шайлоосайын болуп келген.

#15 30 October 2015 - 11:33
12-бөлүм.
Албан келгенден бери Ийгиликтин колу узарды да калды. Аты багылуу. Отун-суусу белен. Кант,чайы камсыз. Ийгилик мындай уулду ак эткенде так этип кудайдан сурап алалбай жүргөн. АкырындаАлбан аягы менен өзү келди, андай таалайдан кимдин ажырагысы келет? |Ийгиликтин ошондой ойдо жүргөнүн Сыпайы жеңе билбейби? Эң эле жакшы билет. Ата, энесининандай сырын Бермет туюнбайбы? Эң эле сонун туюнат. Кызыбызга үйлөнө кой деп ата, эне кантип айтат!Антип айтыш алар үчүн абдан жөнсүз. Кызыңарга үйлөнө коёюн деп Албан айта алабы? Антип айтышары адепсиздик, ары жөн билбеген дөдөйлүккө жатат. Мени Албанга алып бергиле деген сөз кайсы бетименен Берметтин оозунан чыксын. Ошентип, пикирлери бир эле максатта болсо да, сырларын сырткачыгара алышпады. Түбөлүгү түз болгондон кийин бир күн болбосо, бир күн ыгы келер дешип, ар бириичинен дымып жүрө беришти.Ошо күнү кечинде Албан жумуштан келсе, эки ат бирдей чөбү жок акыйып калыптыр. Тышка алыпбарайын, түнөй жатып откоруп келейин деди. Ат токуна баштады.— Кайда барасың байке?—деп калды Кубаткул. Байкеси коно жатып ат откоруп келе тургандыгынайтты. — Мен да барам!—деди. — Мейлиң, барсаң бара кой,— деп Бермет ээрин алып тышка чыкты. Эки күндөн бери жүрөгүопколжуй бергендиги эсине түштү. Ошондон улам:— Кубаткулуң барбай эле, үйдө калсынчы! — деп сумсая карады.— Эмне үчүн? Бала барамын деп дегдеп калбадыбы! ?Бермет ойлоно калды да, эки күндөн бери жүрөгү эле опколжуй бере тургандыгын айтты.— Сүйүнөрсүң! —деп Албан этибар албады.— Оозунда бардыр!—деп Бермет улутунду. Өрүлгөн олоң чачын тутамдай кармап эшиктен эңкейипүйгө кирди. Албан аттарын токуп, бирөөнө Кубаткулду мингизди да, өзү үйгө кирди. Бермет бир колуменен чекесин таяна отуруп калыптыр.— Эмне, бир жериң ооруйбу?— Жок. Мен да силер менен талаага түнөп келейинби?— Андай оюң болсо жүр, аттаналы! —деп Албан тамашалады. Андай болгондо ата, эне эмне дейт! Ийгиликтин кызы талаага түнөп жүрүптүр деген сөздү уккан,көргөндөр эртең эле кырка элдин кыйырына, учку элдин учуна дуу дедирбейби. — Ээрчишип жүрүүгө жолубуз ачыла албай турбайбы. Болбосо аттанып азыр эле жүрүп кетүүДөнтартынбас элем,— деп Бермет муңайды. Анын мунайышында, эжелги четин чыгарган сөзүндө ичтегикупуя сырдын түйүнү бар эле. Аны Албан түшүндү. Адегиче тышта турган Кубаткул:— Байке,кетпейбизби? !— деп үн салды.—• Байкелеп турганын кара. Байкесинин балекетин алайын,— деп Бермет ордунан турду Айтарсөздүн жөнүн таппай абигер чегип туталана калган Албанга Берметтин боору ооруду. ОшондуктанКубаткулга жамап Албандын өзүнө жалынып койду.— Кана аттангыла, жөнөгүлө! — деп анчейин жароокерленип Албанды тышты карай жетеледи. Экижакты караса эч ким көрүнбөйт. Колтуктап аткарып да койду. Камчысынын учун кармап бир азга дейрекоё беобей эркеледи. Тигилер узап кеткиче ээрчий карады.— Жалгызымдын ага кылып аркалаганбайкуш байкеси. Аман жүрсүн!..—деп үйүнө кайта кирди.«Баса, кандай кылганда жолубуз ачылат?» деп Албан ойго берилди. Бирок, Кубаткулдунбирдемелерди бабырап сүйлөп, сурай бериши ойлонууга эрк бербеди. Берметтин узатышы, Кубаткулдунбайкелеп жанында келатышы төрт түлүгүн түгөл кылды. Ал өзүн үйлүү, жайлуу, инилүү, кала берсе ата,энелүүдөй сезди. Кеч күүгүмдө чоң өстөндүн боюна барып аттарын аркандады. Ээр, токумун алды. Жататурган жай даярдап Кубаткулун кучактап жата кетти. Бала уктады. Албан сөз козгоп, сырды сырткачыгарып берүүгө жарай турган киши издеди. «Мантекпи? Кашкарбайбы? Чакиби? Сыйда сарыбы? Жок,бул ишке жараса эле баягы Шадман аксакал жарайт. Сайкалга учурашууга келдим деп ошого барайын.Куру барбайын. Кант, чайы менен. Качы бийге айтсын. Берметке кудаласын. Антпейт экен, атамданкалган энчимди берсин. Атамдан көп эле мал калган экен. Барын бербесе да жарымын берсе,жетишерлик болуп калбайбы...» деди. Эртеңден калбай барып Шадман аскакал менен акылдашууну жөнкөрдү. Ооналактап жатып түн ортосу ченде уйкуга берилди.Как ошол учурда шартылдата келген атчандар Ийгиликтин боз үйүн курчай калды. Ар бири союлунчатына кыса келиптир. Калпактарынын бир этеги баштарына капшыра кийилген. Тыш кийимдери канжыгаларына тыкыйта бөктөрүлгөн. Кың этип үн чыгарышпады. Ишараат кылуу, жаңдашуу аркылууаракеттеништи. Жарымы аттарынан лыплып түшө калды. Түшкөндөрдүн чылбырларын атчан калгандаршыпшып илип алды. Жөөлөр шыкалып боз үйдүн эшигине келди. Булкупжулкуп эшикти ачышты.Ошондо Сыпайы жеңе бакырып жиберди. Үйгө киргендер жуурканын башына каптай коюшту. Төрдөжаткан Берметти төшөнчүсүнө будалашты, тумчуктура көтөрүп тышка чыгышты. Беленденип тыштатургандар өңөрө жөнөдү.— Кимсиңер? Дайыныңарды айтып кеткиле?— деди Ийгилик. Жооп кайтарган эч ким болгон жок.Кыз өңөргөн жигитти башкалары курчоого алды да, урдурган бойдон жүрүп кетишти. Орус кыштагыныниттери абалады. Чочунган тооктор чуулдады. Ошондо гана Сыпайы жеңе кокуйалатын айтып айкырыксалды. Анын үнүн угуп короонун кожоюну Тимохо аялы менен жүгүрүп келишти. Болгон окуяны угупТимохо жерге түкүрүп каарданды. Аялы Сыпайы женеге кошулуп үн тартып ыйлады. «Туф, карапчы,шайтан» деп сүйлөндү.— Азыр мен орустардын бир тобун ойготоюн. Артынан барып тартып келели,— деди Тимохо.— Кайда кеткендерин, кимдер экендигин билгизбей, туйгузбай кетишпедиби? —деди Ийгилик.Оолугуп калган Тимохонун деми сууй түштү.— Бүгүн билинбесе эртең билинет. Барып тартып алып келебиз, кейибегиле, — деп Тимохо кайраткылды. — Түнөп кала электе ошонтсенер болот эле. Бир түнөгөндөн кийин болбой калбайбы, кокуй, катүгүн!Айланайын Албаным аңкыйып калатэ!—деп Сыпайы жеңе оң колунун сырты менен сол колунуналаканын шакылдата берди. Азармандан- безарман болду. Бермет эле эмес, Албандан да аирылмакболбодукпу! — деп ботодой боздоду.Эки атка чөптөн сылай жүктөп, Кубаткулун ээрчитип Албан эртең менен келди. Поселоктогу орус,кыргыздардын бир канчасы Ийгиликтин үйүндө курдап жүргөнүн көргөндө жүрөгү «шуу» дей түштү.«Үйдөгүлөрдөн бирөө бирдеме болуп кеткенби» деген ой аны катуу чотутту:— о айланайын калайык! Букандай шумдугуңар? — деп жиберди. Четте тургандардын бири түндө бир топ белгисиз киши келипБерметти ала качып кеткендигин айтты. Албан ат үстүндө селейип катты да калды. Айкырык салыпКубаткул аттан кулап түштү.— Түш, түш!— дешип ал жерде тургандар Албанды аттан түшүрдү. «Өз үйү, өлөң төшөгү» болупкалган үй көзүнө суук учурады. Бет багып кире албай тарткынчактады. Үйгө киргенде Ийгилик да,Сыпайы да бүк түшүп калганын көргөндө сайсөөгү мына ошондо сыздады. Жүйүрте басып капшыткажөлендү. Кызынан ажырап аңкыйып калган Ийгиликтин ойлобогон ою калган жок. Кызынын кайгысынан даАлбандан ажырап калуу кайгысы өтө оор болду. «Бул иш Алмабек колдуу болду го» деп андан да шексанады. «Келсин, менин жаатыма кирип берсин деп атайы киши жибергенде, «үч уруктун» намысы үчүнкыңайбай койдум эле. Шайлоодо жеңилип калды. Өчөгүштүк менен ошол иштеттиби» дегенди ойлойт.«Качы бий капырдыгын карматтыбы? » деп андан да күмөн кылат. «Өзү бий, уулу болуш болду.Кудалашып эле көрүнө алуудан коркот беле? Мындай ишке бий кайдан эле бара койсун» дейт, «Дуңкаткелип, дайыңдарын айтпастан дүңкат кетиштерине караганда алыстан атайы келген эмелер го» деп аныда ойлойт.Ошентип, түшкө чейин эч кандай шек билинбеди. «Дайны билинсе барар элек, тартып алып келекалат элек» дешип чогулгандар удургуй беришти. Берметтин дайны Мантек элүү башы келгенде ганабелгилүү болду.* * *Кабыргасын кабыштыра кармап тигилер Берметти катуу өңөргөн. Орус кыштагынан чыга бергичетумчулаган бойдон жүрүп отурду. Тумчугуп өлүп кетпесин, тумшугун ач деди жигиттердин бири.Берметтин эси ооп калыптыр. Чочуп кеткен жигиттер аттын жүрүшүн дагы катуулатты. Бетине желсогуп Бермет бир аз эсине келди. Эсакылын биртике жыйнап,— кандай кара мүртөс, ырайымы жок,кайырсыз адамсыңар?— деди Бермет. Ошондон кийин алар акырындай калышты.— Мени кайда алып барасыңар?— Бийдикине.Бермет иштин жөнүн боолголой баштады.— Бийиңерге мен тирүү керек бекенмин же сөөгүм керек бекен?—деди. Жигиттер удургуй түштү.— Бийиңерге кандай керегим бар экен?— Кейпи болуш уулуна катын кылып берсе керек,— деди жигиттердин бири.— Андай болсо бир аз токтогула. Болушка катын боло турган кишини мынчалык кыйнабайт. Суужуткургула! — деди Бермет.Арыктын боюна барып аттан түшүрүштү. Суу жутуп •алсын деп эркине коюшту. Бермет суу жутту.Жуунупчайынды. Эсин жыйып алды да, жигиттерди сөзгө камады.— Болушка катын боло турган кызды эмне үчүн мынчалык кыйнайсыңар? — Антпегенде, бизди ээрчип өзүң келбейт элең да? — деди тилдүүсүнгөн жигиттердин бири.— Эгерде, болушуңарга катын болуп калсам көрбөгөндү менден көрөсүңөр. Бириңди отунгажумшайм. Бириңди сууга жумшайм. Бириңди бириңе кыйнатам. Кыскасы күн бербейм. Кетирбейкегимди, өткөрбөй, өчүмдү аламын. Болуштун катыны да болуш болорун билесиңерби? !Жигиттер чочуна баштады.— Мындай ишти биз өз бетибизче иштегенибиз жок. Болуштун буйругу менен иштебедикпи? — Мен да как эле ошо болушуңардын өзүнө буйрук бердирип туруп какшатамын, силерди. Тилимдиалбай көрсүнчү болушуңар! — Жок, эми эмне кылса дейсиң?— деди эстүүсүнгөн бирөө.— Үйүмө кайта жеткирип койгула.— Же алып келгиле, же өлүп келгиле деп жиберген. Анте албайбыз, карындаш.Жигиттерден ырайым болбой тургандыгына Берметтин көзү жетти. Тыраңдап ыйлай берүүдөн пайдажок. Башка келгенин бара көрөйүн деген ойго келди:—Андай болсо өзүмө ат бергиле. Өңөртүп жүрөалбайм, — деди.— Анда качып кетпейсиңби? — деген үн чыкты.— Коштоп алганды билбей жаныңар жокпу?— деди Бермет.Бир атты бошотуп Берметти өзүнчө мингизишти. Чылбырын бир жигиттин колуна берип коштотупкоюшту да, тегеректей жүрүп отурушту.Келиндин келишин күтүп уктабастан жүргөндөр:— бийимдин башына баш кошулду,— дешипдүбдүрөң түштү. Берметти көшөгөгө киргизишти. Айылдын кыз-келиндери жаңы келиндин жанындаболушту. Бермет ыйлаган да "жок. Кыз-келиндердин сураган сөздөрүнө кыска жооп айтканы болбосо,сүйлөгөн да жок. Катуу кыйналгандыгын айтып ооруксунду. «Эзилип калса керек. Эс алсын» дешип кыз-келиндер эркине коюшту. Эс алууну эстебестен, алдырып жиберип аңкыйып калган ата, энесин,Албанды, бөбөгүн эстеди. Болуш күйөө менен бет алышканда боло турган окуяларды ойлоду. Сөзкамдады. Ошол учурда:— молдоңор даярбы? Нике окутуп жаткыра койгула!—деп бий шашкалаңдады. Жигиттерин жөнөтөрдө бий өз оозу менен:— Ийгиликке ким экендигиңерди билгизбегиле. Ал орускыштагынын старостасына көңүлү жакын. Билип калса бир топ орус менен келип кайта алып кетиши даэтимал,— дептир. Барган жигиттердин үн чыгарбай ишаарат менен аракеттениши, дүңкат барып шекбилдирбей жүрө бериши ошондон улам болгон иш экен. «Нике окута салып жаткыра койгула» депазыркы шашып отурушу да, ишти бир жаңсыл кыла коюунун аракети. Бир түнөп калса кайта кетүүдөнкыз өзү да намыс кылат деген кытмырлыгы. Молдо даяр экен, арыдан бери «чапма никени» байлайсалышты. Камкорлонуп жүргөн аялдар болуш менен жаңы колуктунун төшөгүн жайлай коюшту. Кыз алакачып келген жигиттер аттарына кайта минди. Кокустан куугунчу келсе башка жакка адаштыра турмакболушту. Сабит болуш төшөккө жатты.— Ата, энеңдин жөрөлгөсү,— дешип аялдар Берметти төшөккө алып барды.— Чечин айланайын. Кудайым ынтымак ырашкерлүү кылсын! —деген алкоо сөздөрдү жамгырдайжаадырышты. Бермет уялып тургандыгын айтты. Абажаарып турган аялдардын кете беришин суранды.— Эсиңизде болсун, төрөм! Мен сиздин келиниңизмин. Бир ата өтүшкөн карачечекей иниңизАлбандын колуктусумун. Ырас, иниңиз куда түшүп кулдук урган эмес. Бирок... жан, ыйманымды ошожигитке, анын болочогуна бүт арнап берген элем. Ара жерде ала качтырып келдиңиз. Нике окутупбашымды байладыңыз, — деп Бермет өпкө өпкөсүнө батпай шолоктоду.Сабит болуш баягыда, көч үстүндө көзү түшүп, ошондон тартып көкүрөгүнөн кетпегендигин айтты:Ыйлаба. Болор иш болду. Айтып айтпай пайда жок,— деп Берметтин ийнине кол артты.Болуштукту уулуна жеңип бергенден кийин Качы бийдин арааны абдан ачылды. Жаат курапболуштук талашканда чыгымды көп чыгарган. Анысын үч эсе кылып жеңилген тараптан жыйнап алды.Басташкандарын басты. Касташкандарын какшатты. Акыркы кезек Албанга келип, аны да оозунаналдыргандай аңкыйтты.«Олжобай» уруусу чоң урук. Чоң уруунун бир баласы болгон Албандын букарага качып барышы,бала ботом деп киренди кирип жүрүшү жалгыз гана Качы бий эмес, бүтүн «Олжобай» уруусун «кепкекемтик, сөзгө сөлтүк кылды. Букаранын баласы чоң урууга барып баш калкаласа ал кечиримдүү. Чоңуруунун баласы жан багыш үчүн букара айылга барса, уруусун сыйлабагандык, чоң уруунун сыймыгынкачыргандык, кордогондукка жатат. Ит болуп тезек жесең да, айбан болуп кашек жесең да өз урууңдуничинде бол, сыртка чыкпа. Уруулардын эрежеси ошондой. Качы бийдин албан менен Ийгиликкеайгышып калышы да ошол эрежеден келип чыгат. Анын үстүнө Албан эс акылдуу, сөөгү тетик, этитирүү жигит. «Өз колу өз оозуна жетсе», бийи менен да, анын уландары менен да эсептешүүгө жарайт.Ошентүүгө анын укугу да бар. «Олжобай» уруусунун өз баласы. Бий менен тең ата. Ошондуктан бий аныкөктөйүндө соолткусу, баралына жеткирбей басып коюуну, баш көтөргүс кылып эңсесин кесишти максаткылат. Тоорулуп жүргөн кызынан ажыратсам, Ийгиликтен да кетет. Кацгып жүрө берип чүнчүйт,жүдөйт. Акыл эргите албай маанайы пас болот деп ойлойт.Таң аткыча Берметтин артынан куугун келген жок. Бийдин санаасы тынып калды. Эртең менен элүүбашы Мантекти чакыртып алды.— «Жамгырчы» уулу, кала берсе өзүң менен кудай дешкен куда болуп калдык. Бар, барып Ийгиликтууганыңа кабар айт. Кызын балдар ала качып келиптир. Ал үчүн айыптуумун. Мен билбей калдым.Болуш болуштугун кылып кеңешпестен ищтеп коюптур. Тууган эмеспи, эркелейин дегени болсо керек.Кеңешкен болсо, куда түшүп, кулдук уруп алсак да болмок. Балдар балалык кылышыптыр. Ийгилик жат жалаа эмес. Кечирип коёр. Өткөн күздө «Сөйкө салганым» болуп калгысы бардыр деген ак тилек мененбир ат калтырганмын, аны өзүң да билесиң го,— деди.— Билбегенде, билем бийим, билем!—деп Мантек элүү башы кортоңдоду. — Билсең кеп ошондой. Балдар дайынын айтпай келишиптир. Барып тууганыңа кабар айт. Кызыналакачып алгандыгы үчүн болушту «бир тогуз» айыпка жыгып, тогуз бодо тартуу алып берем. Калыңынөзүнчө сүйлөшөбүз. Ийгиликтин кызын менин болуш уулум катындыкка алса, менин иним АлбандыИйгилик кул кылып пайдаланып жүрөт. «Олжобай» уруусунун бир уулу, Ийгиликтин кызынынкалыңына жарайтко дейм?— деди. Ошентип бий жыландын башын коройтуп койду. Бийдин булсөздөрүн төкпөйчачпай Мантек элүү башы Ийгиликке айтып келди. «Куда болуп калдык» деген сөзгөкатуу көтөрүлүп калган экен, чечекейи чеч болуп сүйүСабиттен оозу бошой калса, тилин дароо Берметти карай агытат:— өлүгүңдү көрөйүн десе. Салбар.Салынды. Салпаяк. Жолбун. Качкы байтал. Канчык. Куурчак. Сетер. Маржа... Сени элеби, сени!Көзүңдөн жаш, көкүрөгүңдөн дарт кетирбесмин. ..Бакыртыпөкүртүп балдарын да урберге алат. Казанаягын кагыштырат. Бутуна илингенин тебет.Колуна илингенин булкупсилкет. Ыргытат. Тиштенет, кажанат. «Өлөмүнжитемин, жоголомун, кетемин,чыгамын» деп кубарып кумсаңдайт. Туталана берет.Арадан алты күн өткөндөн кийин:— Келишсин. Чыгарып алышсын. Көк мээ болуш үстүмө күнүалды. Апжип болуш орустун маржасына чыгып кетти. Мени салбар кылып таштады,— деген сөздөрдүайттырып төркүнүнө кабар жиберди.Нуруштун төркүнү башка болушка караштуу айылдан. Атасынын аты Чыймыл. Атына жарашатышкы сөлөкөтү куп келишип туруучу. Кыска бойлуу, чилетир арык, чекеси кууш, көзү кылый, анткорсөздүү, кара өзгөй, чырчатакка жакын, кыйла кытмыр, алууга ач көз, берүүгө сараң, соодагерлиги да баркиши. Кызынан кабар келгенде «кым» дей түштү.— Болуш боло калганга жаман күйөө катуу көпкөн экен го? Бир ооз кепкеңеши жок кызыбыздынүстүнө күнү алганы, башыбызды аттаганы кандай? Алганга жараша тектүү жерден алса боло. Букара,оруста малай жүргөн кулдун кызын ала качып ала койсо, ишке жарап, катынга жетинген турбайбы?Орустун малайы, букара кулдун кьгзына башымды тепсетпеймин. Жетим акысын берип кызымдынбашын ачып келемин,— деп дүбдүрөң түштү. Эки кишини жолдоштукка, үч жигитти аткошчулукка алыпайлынан аттанып чыкты.Жыл мезгили күздү карай бет алганда бийиктеги жайлоолордун отучөбү такылат. Андагылар жаканыкарай жай баракат козу көчүмдөп жылыштай берет. Качы бийдин айлы орто конушка келип конгон.«Солдат алат» кабары күч алгандан бери котологон атчандар бийдин айлынан кетпейт. Анын бардыгы«баламды солдаттан калтырып бер» деп тартуутармек менен келип санаасы тынбай жүргөндөр.Ошентип, Качы бийдин тартуутармекке чардап жаткан кези эле. Чыймыл кудасы «чаба келип желетүштү». Үйдөгү дүүлүгүшүнө карагандаКачы бийди бет алганда эле качырып сала бериши керек эле. Жолдоштору андан. ошону күткөн.Бирок куда, кудагыйлары менен мекиренипокуранып абдан сонун учурашты. — Жаңы келиндүүболупсуңар, аны уктук, — деп келинин да куттуктап жиберди. Ар бирине жарпы жазыла карап кылыйкөзүн кыбыңдатты. Кытмыр, анткорлук жагынан Качы бий да кудасынан калыша койбойт. Анын жөн эле келекалбагандыгын, «кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылууга», чыр чыгарып бирдеме өндүрүүгө келгендигиндароо эле туюнду. Жолун торгоп, алдын ала бурдап коё турууга камынды. Ээгин курулай сылады.— Анжыян тарапка мал айдатып кетти деп уктук эле. Атылооң менен аман келдиңби, — деп сөзтиэгинин жыя кармады.— Кудая шүгүр, жаман жок. «Аккан арыктан суу агат» деп эл бекер айтпаптыр. Күйөө балаңболуштукка илингенде жетине албай атайы өзүңө кабар жибердим. Барган кишиге «сүйүнчү» деп бир тайберипсиң. Ыракмат кудам, көптөн көп ыракмат! «Эзсин сыйласа итине сөөк салат» деген ошо.«Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» болуп орто жерде бир бечара бир тайлуу болду. Андан кийинбиз келиндүү болдук. Сиз дагы бир кыздуу болдуңуз. Жакшы болсо, ичтен чыккан бала менен тыштанчыккан баланын алакуласы болбойт эмеспи?! Ырас, күйөө балаңыз чеки иш кылып койду. Кийинкикелин жөнүндө бизге да кепкеңеш кылбады. Бирөөнүн бойго жеткен башы ачык кызын алдырып алакоюптур. Быякта турган өз атаңа бир ооз кеңешпесең, тыякта жаткан кайын атаңан бир ооз руксатсурабасаң, бул кандай? Болуш болгон киши эле «өзүн өзү билип, өтүгүн төрүнө илип» калат бекен?—деп катуу капа болдум. Күйөө балаң менен өзүң жакшылап сүйлөш. Экөөбүздүн алдыбызга жыгылсын,айып тартсын. Астыбызга ат мингизип, үстүбүзгө чапан жаппаса, айыбын кечирбейли. Туурабы? Кандайдейсиң кан кудам?— деди.. Кудасынын куйту сөздөрүнө жараша сөз айтайын деди Чыймыл. Бирок, артын ойлоптарткынчактады. Чыйрыктырып, жинине тийип алармын. Андай болгондо куру сөздөрүн айтып кургакузатышы этимал. Аттана берерде «астыңа деп ат, үстүңө деп тон» бербесе чырды ошондо баштайын.Чырыман эчтеме чыкпаса, чатак салып көрөйүн. Экөөнүн биринен, бирдеме өнөөр дегенди ойлоду.—Туура, кудам, туура!— деп башын курулай кылжыктатты. Анткор күлүмүцдөдү. «Адалсынган молдонунашканасынан алты доңуздун башы чыгарын» билебиз. Чындыкты айта турган болсом, доңуздун нак өзүсенсиң — деди ичинен.Замандын түрү бузулуп турат!— деп бий катуу улутунду. Сөзүн жалпы абалды карай агытты.— Элжакшылары эки оттун ортосунда калды: ак пашаанын амырын аткаралы десе элге зобун боло турган.Билеги катуу, мойну жоон эр бүлөнүн бардыгы солдатка кетсе, эңкейген кары, эмгектеген жаштынкөргөн күнү не болот? Элге зобун болот экен деп ак паашамдын амырын аткарбай коюуга да болбойт.«Пааша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес», кара букара аны билеби? Уйгутуйгу түшүп делөөрүп алды.Кандай заман, кандай күн болуп кетер экен... Эл кайгысын тартып ичкен аш бойго тарабай, жеген тамаксиңбей калды. О жараткан өзүң жалгай көр!Ошентип бий дагы улутунду: — Өзүңөр кантип жатасыңар, элиңер тынчпы? Айта отур, урматтуукудам, — деди.Чыймыл куда жер тнктеди. Өзүнө мүнөздүү адаты боюнча башын кылжыктатты. Сүйлөй тургансөздөрү тилинин учунда эле белен турат. Аны айтканда «арты кайырдуу болобу, жокпу» ошону ойлопкүлмүңдөйт. Бул жерге сөз сүйлөп элдин жартысын жарыш үчүн келбестен, учурдан пайдаланыптартуутармек олжо алайын деп келген. Эл кайгысы жөнүндө сөз болуп жатканда унчукпай коюуга даболбойт. Ыгы жок сүйлөнгөн сөз бийдин кыялын бузуп, пейлин тарытып коюшу да мүмкүн. Ошонунбаарын ойлоду. Артыкийинин чамалады. «Жаздым серпекойбосмун» деген болжоого келгенде ганабашты кыйшактатып, колун күүгө келтирип сүйлөй баштады.— Туура айтасың бий куда! «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок». Бардык ишкетууралык керек. Силердин элде эмне болуп жатканын билбедим. Биздин болуш, бий, жүз башы, элүүбашы, кала берсе он башыларына чейин оңдурбай турган болуп калды. Ырас, эл башына, эр башына күнтүштү. Абал оордонгондон оордоп барат. «Кара эчкиге жан кайгы, калсапчыга сал кайгы» дегендей,калың букарага жан кайгы болсо, биздин элдин атка минерлерине мал, тартуутармек кайгы болуп калды.«Уулуңду солдаттан калтырам» деп, беркилерин кой, жалаң он башылары өзүнө караштуу он түтүнүнмүлжүп бүтүрө турган болду. Ал эми болуш, бийлери, элүү башы, жүз башылары тартуутармектенкелген олжого карк болуп жатат. Биздин элдеги чатак ошондон уланып, ошондон чыгып жатат. Элжакшылары, эл байлары солдатка жарактуу уландарын алдыга салып коё берсе, кара букаранын бал.дары кайда барат эле? Ойлонуп көрчү! Кың этпестен шыдыр кетпейби? Эл жакшыларына бала керек,балдарына жан керек, өздөрүнө олжо керек болгондо, кара букаранын балдарына жан керек эмес бекен?!Жан ар кимге эле бирдей керек, чынбы?! Эпчилдик кылабыз, олжо түшүрөбүз дешип элди жандантойдуруп жиберишти. Эми сөзсүз бузук чыгат. Биз эле качан тирүү киши элек, сөөгүбүз өз жерибиздекалсын дешет. Каскактарын копшоп, найзаларын учтап, чоюн баш, шалк этмелерин белендеп калышты.Ошондой болоруна ишенип коё бериңиз! Эл ичинде болгондон кийин, бардыгын көрүп деле, билип дележүрөбүз. «Түгөнөр уй түгүн жейт, түгүнөн кийин башын жейт». Биздин элдин атка минерлеринин алкыбузулду. Бейбечараны какшатып канап-бутап жатышат. Акыры бирди көрүшөтко, бирди!.. Анжиянтарапты аралап келдим. Иш башкача көрүндү. Жыйырма түтүнгө бирден киши салык кылыптыр.Жиберген кишинин каражатын жана анын үйүндө калган бүлөсүн ошол жыйырма түтүн камсыз кылыптурат зкен. Билбейм, биздин болуш он сегиз жаштан кырк, элүү жашка чейинки эр бүлөнүн бардыгынкүргүчтөп айдап беремин дейт. Ошентип элдин үрөйүн учуруп жиберди. Өзгөчө, өткөн шайлоодо өзүнөкаршы болгон тараптын калкынан адам калтыра турган эмес...Чыймыл өз элинде, өткөн шайлоодо жеңилген тараптын атка минерлеринин бири. Өзүнүн болушунжамандамыш болду. Анын бардыгы как эле Качы бий жана анын уулу Сабит болуштун өзүнө тийипжатты. Ошентип, «Чапанчанды чапса, көйнөкчөнгө доо кетет» кыла сүйлөдү. «Метидей болгон кайранкөк жал» дешип, кошо келген эки жолдошу катуу кубанып отурду. Эртеси Качы бий кудасына жайайтты: Болуш күйөөң келим-кетимдүү болуп калды. Нуруш балам жалгыз бойчулук тартыпкалгандыгына боорубуз ачыды. «Көсөө узун болсо кол күйбөйт» кылып, өзүбүздүн букаралардынбиринин кызын үйүнө кийирип алды. Жалгыз айыбыбыз— алды менен өзүңөргө кеңешпегендигибизболуп калды. Аз айып, көп күнөөбүз болсо кечирип кой, кудам!—деди. «Баламды солдаттан куткартыпкой» деп зарылып келген байлардын бири төө берген. Кудасына ошону жетелетти. Чыймылдын өзүнөкымкап, эки жолдошуна бейкасамдан чапан кийгизди. Олжого көңүлү толгондон кийин, күнүнүнкүйүтүнө күйүп жаткан кызы эсине да келбеди. «Суудан алып сууга куят, бозочунун неси кетти»дегендей, биринен келгенин бирине берди. Көңүл алуудан башка бийдин кылайган эчтемеси корогонжок.

#16 31 October 2015 - 13:23
2-том.
1-бөлүм.
КАНДУУ КАГЫЛЫШ
Ар киминин колунда бирден бакан. Башына карыш укум темир каккан. Кай бирөөнүн колунда союлубар. Башында чоң сакадай чоюну бар...1916жыл, июнь айынын акыркы күндөрүнүн бири. Кер өзөн дайрасын бойлоп, өр талаша «ооздукменен алышып, тарта албай колу карышып» бирөө келе жатты. Алкымдагы калың айылга жакындагандатиэгинин жыя кармады. Ал атайы ошентти. Айыл арасынан адыраңдатып чаап өтүш жакшы эмес. Антипөтүш атка чыйрактыкты, же болбосо мыктылыкты көрсөтпөйт. Жел өпкөлүктү, адепсиздик менен ишижок аңгирбайлыкты гана көрсөтөт. Атты чапкылай турган жер да, жай жүрө турган жер да болот. Кишиөлсө, анын сөөктамырына чабаганчылык кылып бараткан киши атты канчалык чапкыласа, ошончолуккечиримдүү. Улуктун шашылыш буйругун жеткирүү үчүн баратса, анда да бир жөндүү.Эти кызып калган ат баш бербей чулгуп кыйла жерге желикти. Айылга чукул барганда гана бир азсоолугуп, шайбырлап жай басты. Калың айылдын калкы чоң-кичине дебестен жапырт топтошуп аркайсы жерде отурат. Жолоочу дөңсөөдө отурган калың топту карай бура тартты. Алар өңчөй сакалдуукишилер эле. Тике бастырып барбастан жолоочу адеп сактады. Элүү кадамдай калганда атын жетелепжөө басты, жыйырма кадамдай аралыктан салам айтты. Уй мүйүз тартып отургандардын четине тизебүгүп чөк түштү. Ар жакта топтошуп жүргөндөр жапа тырмак жабыла келди. Шыкала отуруп, бардыгыбирдей жолоочуну элейе тиктешти.Өз айлындагылардан башкаларга айыл калкы абдан аз жолугат. Өз айлындагылардан башка биркишинин жүзүн көрбөстөн өмүрү өткөндөр да көп болот. Башка айылда эмне болуп, эмне коюпжатканын өткөнкеткендерден угушат. Четтен келген адамга сонуркашат, өңүтүсүн, кебетекешпирин, кийген кийим, минген аты, анын энтамгасы, кала берсе ат турманына чейин акыя карап, эстериненчыкпагыдай кылып жаттап калышат. Мына, жабыла келгендердин бардыгы жолоочуга көз агытты.Жолоочу жазы маңдай, жар кабак, кыр мурун, чап жаак, кашы калың, узун кирпик, буудай өңдүүжапжаш жигит.Минген аты сопол куйрук, сейрек жал, төрт сан келген карабайыр каракер. Маңдайында бармакбасым агы бар, анысын купуя белгилешти. Ат турманында жылтыржултурдан эчтеме жок, көмөлдүрүк, чылбыр, тиэгини, канжыга, куюшкан, куткундарына чейин бышык кайыштан жасалыптыр. Ээри кушбаш, бөктөрүнчөгү тыкыйып турат. Өзөк салып терип өрүлгөн табылгы саптуу камчысын бүктей кармапсанына баса отурду.Чепкенин желбегей жамынып ич кийимчен, жылаң аяк, ак топучан отурган салабаттуу карыя айылаксакалы болсо керек, жигиттин женжайын териштирүүгө өттү.— Эрге сыпайыгерчилик, жол болсун жолоочу жигит! Кайдан келатасың? Кайда баратасың? Кайсыэлден, кайсы уруктан болосуң? Атыжөнүң ким? «Өз атаңды катпай айт, айлыңдагы жакшынын, атам депатын сатпай айт!» дегендей кылып жөнжай сураштырды. Жолоочу жигит жоопту чукулчукул кесе айтты. Бирок, чунаңдабастан оор басырык салмактуусүйлөдү. — Мужуктан келатам. Саламдашпай өтүп кетүүнү туура көрбөй бурула калдым. Болуштун айлынабарамын. Атым Албан. Өз атам Качы бийдин иниси...— О, бали! Мужуктан келатам де? Мужуктар кантип жатыптыр. Алды менен Албан балам ошону айт!— Эр бүлөсүнүн бардыгы салдатта, Кермен согушунда жүрөт. Кыргыздардын кыялы бузулду депкоркуп турушат...— Кулак түрүп корголоп турушат дечи! Бузук чыгып кетсе алыбыз жеткидейби? — Алыңыздар канча болду экен, аны билбейм. Алда кандай иш болбосун дешсе керек, Караколдонбир топ аскер келиптир.— Куралжарактары көп окшойбу?— Анысын билбедим.— Мужукка кандай жумуш менен бардың эле?— Мен, мужукта турам.— Өзүң Сабит болуштун атасы Качы бийдин инисинин баласы болсоң, мужукка кандайча барыпмалай болуп калдың? Сөзүң эки ача чыгып калды го, балам!— Ачасы жок, карыя, чындыгы ошондой «Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт»турбайбы? — Жөндүү сөз, ошондой да болот. Учурашканы бараткансың го! — Аба жарып тургандарга карап,—жигитке ак таттыргыла, чаңкап келаткандыр, — деди.— Ооба, учурашып кайтууга баратам.— Учурашып кайтканда, кайта мужугуңа барасыңбы?— Ооба. Мужугума.— Бузук чыгып кетсе, мужуктар сени соо коёбу?
— Ошондон ары салдатка кетем. Ыктыяр болуп катталып койгом.— Өз ыктыярың менен салдатка баргыдай башыңа анчалык эмненин зору келди? Көп менен көргөнүңжакшы эмеспи?— «Шак ийилген көп санаа, кайсы бирин айтайын» деген турбайбы, илгеркилердин бири. Анынсыңарындай көкүрөктү уялаган көп сөз бар. Ойлогон ойду, кыстаган турмуш ээрчитет экен. Шартымошондой болуп калды. «Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо үйдөгүсү жакшы» дешет экен го.Руксат этсеңиздер жолума түшөйүн!— Ак татып аттан. Кана, ой, кымыз алып келгиле! Баса, Албан балам, тиги Түп, Жети-Өгүз жанаандан аркы тараптарда эмнелер болуп жаткан окшойт. Уга алдыңбы? Кымыз келгиче айта отур!— Угушума караганда ал тараптагы калк да уйгутуйгу түшүп, удургуп алган болсо керек.Оокаттиричилик ойдон чыгып кеткен дешет. Колу жөндөмдүү кишилер каскак копшоп, найза учтап,айбалта, чоюн баш, шалк этме саптап, канжар камдап жатат дешет. Темир айрылар найзага, соколордунбурамалары чоюн баш, шалк этмеге, жуушаң, чалгылар канжарга айланып жаткан түрү бар. Адамдаркереленип керсары, калктын каны качып, кумеарган. Аялдардын мурдунун суусу булак, көз жашы көл,эңгиреген ый дешет. Өзүңүздөргө окшогон карыялар «жараткан жалгай көр» дешип жакаларын муунтакармап, асманды карап акыйып, көздөрү чакыйып, элөөрүп эс-учун жыя албай калган имиш. Кайсыжерде болсо да мал союп түлөө өткөрүп, жер-суу тайып кандуу булоон, дүбдүрөң болуп калган окшойт.Кыскасы ал тараптагы калктын арасы да алайдүлөй түшүп калган болсо керек...Жардана жабалактап турган калктын санаалары санга бөлүнуп, көздөрү алайды. Жер астынүстүнтүшүп, акыр заман болуп кеткенсиди. Улутунуп үшкүрүп-бышкырышты. — Кубат берекөр! — дегенсөздөрдү айтып кудайга сыйынышты. Кымыз ичип Албан жолуна түштү. Бир аз жогорулаганда дагы бирайылдын карааны көрүндү. Аттуужөөлүү адамдар бир үйдү курчап алыптыр.Таргыл өгүзгө отун жүктөп, үстүнө баса минип, каалгып дүйнө капар келаткан картаң адамга жетекелди. Отунчунун чачы өсүп кабагына, сакалы өсүп төшүнө* түшкөн. Бетинин оту менен көзүнүн агыгана зорго көрүнөт. Кийгендери таар менен куур. Албандын саламын эрдин бүлк эттирип көңүл кошкабыл алымыш болду. Кепке да, сөзгө да келбеди. Бурулуп караган да жок. Өгүзүн эркине коюп,селкилдеп келе берди. «Дүйнөнү сел алса, өрдөктө кайгы жок» дегендей, отун алып, от жагуудан башкаэч кандай кайгысы жок, өзүнчө жаралып эзилүүдөн энөө болуп калган байкуш болууга тийиш. Албанандан тиги айылда удургуп жүргөндөрдүн жөнүн сурады. Жөндүү эчтеке айта албады. Ары сурады, берисурады. Акыры «бир чоң молдо келиптир. Аган тумар чийдирип алган кишиге ок жаңылбайт экен» дегенсөздү збрго боолголоду. Андай молдону көрө кеткиси, ыгы келсе «ок жаңылтпай» турган тумарданбирди чийдирип алгысы келди. Барарын барса да, котолоп жүргөндөрдөн жол тийбеди. Тоорулуп жүрөберди. Ал жерде жүргөн . жигиттер «маа! маа!» дешет. Жөөлөшүп демигишет. Койкозу, эчкиулакжетелеп келгендигин айтып жарыша жарылдашат. Үч бурчтумарча бүктөлгөн кагаз колуна тийгендерикулуңдап чыга берип жатат.Биртике болсо да чалып алсын деген ой менен айылдын четине чыгарып, Албан каракерди тушапотко койду. Курдап жүргөндөрдүн сөзүн тыңшады. Бирөө бирди айтса, экинчиси анын сөзүнө сөзжалгайт. — Касиетиңден айланайын, дарс окуган молдо турбайбы! — Окууну Стамбулдун өзүнөн бүтүрүп келиптир.— Жоого бет алганда «леийлаха иллалла» деп үч кыйкырса, жоонун көзүн ныл басып калат депотурбайбы. — Тумар тагынган киши окко учпайт дебедиби! — Тумар тагынгандан кийин кара боюн таза алып жүрүш керек турбайбы. Антпесе, касиети качыпкете турган болсо керек.— Иншахалла, жоо жеңилет. Жоого чабуул койгондо ири алдыга өзүм түшөм дебедиби, касиетиңденайланайын. ..— «Ак кула жандан кайранбы?» дегендей, мал курусун, бир койдун көзүнө карабастан бой тумарынчийдирип алыш керек.— Касиетиңден айланайын, кай элден, кай жерден экендигин такыр кишиге айтпайт экен.— Асмандан алла таалам атайын өзү жиберген периште болушу да ажап эмес...Мындай сөздөргө Албан да азгырылды. Коно жатып болео да «бой тумар» чийдирип ала кетмекчиболду. Жөөлөшө барып кезекке турду. Бир кезде «булар болсо койкозусун жетелей келиптир. Койлуктумарын молдо мага бекер береби?» деген ойго келди. «Карызга сурасам көнөр бекен. Тааныбаганэмеден карызга сураганым уятко. Бүгүн кете берип, кайта келатканда бир деме кылсамбы» деди. .Кезекке турарын туруп, кайта ошентип ыргылжын боло баштады. Ары ойлонду, бери ойлонду. Эчболбогондо өңүн көрүп, өзүн таанып анан кетейин деди. Ошентип турганда молдо тышка чыкты.Шыкалып тургандар колдорун бооруна алып, жарыла жол бошотушту. Арт жакта турган Албанжүткүнүп карады. Башына чалынган ак селдесинин чоңдугу казандай. Селдесинин бир учун аялдардынсала коймосундай чубалтып коюптур. Үстүнө кийгени делбиреген ак чапан, бутунда «Намерквн» маасы,жалтылдаган жаңы галош. Ал кабакты карай тайтактап басканда, асты калың кара жер майышыпбараткандай көрүндү. Жардана ээрчий карашты. Кай бирөөлөр анын касиетин урматтап келме келтирди.Баягыда Ийгиликтин камчысына туруштук бералбай качып жоголгон Жума молдонун, мынчалыккереметтүү болуп кетишине ишене албай Албан кыйла деңдароо болду.«Ок жаңылбай» турган «бой тумар» Жума колдуу болгондон.кийин, бул жерде жөөлөшүп тураберишим кандай! Ийгиликке айтсам койкозусу жок эле бир эмес, онду чийдирип бербейби» деп ойлоду.Атына минип жолго түштү. Каракердин тери кургап табына келе түшкөн экен, бир аз жүргөндөн кийинооздукту кемире чайнап, ар түрдүү жүрүшкө салып жол арбытты.Бир нече айылды аралап өттү. Бардык айылдын арасы уйгу-туйгу. Кары дебей, жаш дебей ар кайсыжерде сүрмө топ. Каңырыгы түтөп, какшап отургандар. Алдынан чыккандардын бардыгы Албандынжолун торойт. «Билген-туйганыңды, уккан-көргөнүңдү айт» дешет. Албанга жолуккандарды ар жактажүргөндөр тегеректешет. «Эмне деди? Кайдан келаткан, кайда бараткан, ким деген эме экен?» деп ортогоалат. Анан супсундары сууп томсорушат. Жер тиктеп күңгүрөнүшөт. Улутунуп үшкүрүшөт.Көп буйдалып жолдо жүрө бербестен Качы бийдин айлына жете конуш үчүн, Албан жолунторогондорго калп айтууга аргасыз болду.— Айлыбызда карыя адам каза таап, чабаганчылыкка баратам. Жолумажолто болбогула, — дегенсөзменен башын куткарып жүрүп отурду. Ошентип келатканда, алдынан жоон топ жигит жолукту.— Өлсө бир абышка өлгөндүр, жата турар. Уккан көргөнүңдү айта кет,— деп ортого алышты. Качыбийдин жакын тууганы экендигин укканда бардыгынын каны ичине тартып, өңдөрү кумсарып кетти.Бирөө дароо чылбырына жармашты.— Мына сага, Качы бийдин, анын болуш уулунун иниси болсоң,—деп бирөө чоку талаштыра камчы менен басып-басып алды. «Бул эмнеңер?» дегиче болбоду, тегеректептурган атчандардын камчысы шакашак болду да калды. Айласы кеткен Албан бетин калкалоого зоргожарады. — Мууздап жибергиле. Болуштун инисин курман чалып туруп, бузукту баштай берели,— депкүүлөнгөн үндөр да угулду.Албан эчтекеге түшүнбөдү, жанынан түңүлүп:— Оо, курбукурдаштар! Кайсы жазыгыма минтип жатасыңар? Колуңарда турам го, өлтурсөкөр даачыгын айтып туруп анан өлтүргүлө! — деди.— Болуштун иниси болгондугуң үчүн,— деген үндөр чыкты.Камчылардын шакашагы сээлдей түштү. Албан эчтеме түшүнбөдү. Андай шартта бирдемени дароотүшүнө коюуга эч кимдин буямасы келбей калат эмеспи.Аламанга катышпай четтеп турган киши:— Коё тургула, жигиттер! «Жан бергенге, жай бер» дегенди уктуңар беле? Сөзгө конок бергиле.Өлтүрөөгөч болсоңор ананыраак деле өлтүрүп аларсыңар. Баатырлыгыңарды жолдо кетип баратканжалгыз жолоочуга көрсөтөсүңөрбү! — деди. Жигиттер басаңчалай калды.— Андай, аке, бардыгыңбаатыр болуп кетсең—болуштун өзүнө асылгыла, анын бийлерине, атка минер жемекейлерине, төрөлөргө асылгыла! Көрүнгөнгө урунуп уйгутуйгу түшө бербей, эсакылга ээлик болгон жакшы змеспи?— деген сөздү да кошумчалап, — чылбыр, тиэгинин колуна бергиле! — деп Албанга чукул барып,— сениэмне үчүн булар камчынын алдына алганын туюндуңбу? — деген суроо берди.— Жок! — деп Албан өзүнүн . башын сыйпады эле, колу кызылала болуп чыга келди. Тиги кишитүшүнүк айтты.Кер өзөн жайлоосун, өткөн шайлоодо Качы бийдин уулу Сабиттен болуштук талашып жеңдирипжиберген Алмабектин эли жайлашат экен. Өчөгүшүп калган Качы бий, Алмабекке караштуу элдин 18жаштан 50 жашка чейинкилерин солдатка жапырт каттатыптыр. Башка айылдардыкын 18 менен 43 түнортосун каттаткан экен. Ошону билгенден кийин Алмабектин эли адегенде Сабит болушту атасы Качыбийге кошуп өлтүрүп, анан төрөлөргө, анын солдаттарына каршы казагка аттанууга «батуба» кылыптараптыр. Булар ошо «батубага» катышып келаткандар экен. Болуштун инисимин деп Албан көтөрүңкүсүйлөгөнгө, булардын кыжыры кайнаптыр.Иштин жайын түшүнгөндөн кийин «бир эсептен булар мага сооп кылган экен» деди Албан купуя.Анан Качы бий менен .Сабтгт болуштан көргөн кордуктарын айтып берди.— Калп, эптеп кутулуп кетиш үчүн айтып отурган бекер сөз,— деген үн угулду.— Бул жигитти илгерикийин көргөн эмесмин. Бирок айжандарын башкалардан, Алмабек акемдин өзоозунап да укканым;бар. Астындагы каракерди Ийгилик минип жүргөнүн Көргөмүн. Жигиттинайткандарына ынанып коё бергиле. Бөйдө ызалап койдуңар. Айылга алып баргыла, жараатын жууптаңуулагыла. Алмабек акеме да жолуктургула,— деди алиги киши.

#17 31 October 2015 - 13:28
2-бөлүм.
Албандын келишин укканда Бермет чакчелекей түшүп калды. Же сүйүнүп кеткендигин же күйүнүп
ошенткенин ажырата алган жок. Жүрөгү алапжелеп, бетинин оту тамылжып ысыды. Бүткүл денесине
ымырчымыр пайда болду. Үйдүн ичи кыз-келиндерге толтура эле, сыр алдырып койбоско тырышты.
Эгерде, Албандын келиш кабары Берметти ошондой абалга калтыргандыгын кыз-келиндердин бирөө
сезе калса, учка элдин учуна, кырда элдин кыйырына эми эле дуу дей түшөт. Айылдын кээ бир Келин-
кыздары да өсөкайың сөздөрдү таратуу жагынан эне, эжежеңелеринен көп калыша койбойт.
Албандын келишин, эч кимдикине кайрылбастан түз эле Кызалак күңдүн үйүнө түшүп калышынайылдагы балдардын бири айтып келди.Бекер отургандарга бекер сүйлөнө турган сөз табылып турса, анын өзү да чоң олжо. Мында отурганКелин- кыздар Албандын келиши жөнүндөгү кабарга чакчелекей түшүп жантактарынан жата калышты.Суроо дегенди жамгырдай төгүп жаадырышты. Кабар айткан баланын эси эке-дүке болуп энтеңдепкалды. — Качан келди? Жөө келдиби же атчан келдиби? Кийими кандай экен? Эмне алып келиптир? Жүдөпкалыптырбы, же өңдүү бекен? Бий акеникине түшпөстөн күңдүкүнө түштүбү? Күң энеси кантти? Ыйлапжибердиби? Анан эмнелер болду? О, делдейген кан кускур. Тура бересиңби, айтпайсынбы уккан,көргөндөрүңдү? !..Албандын келе калышына байланыштуу болгондордун бардыгын көзү менен көрүп, кулагы мененугуп, аябай тактап туруп анан келген бала көрүнөт. Мурдун уламданулам шор тартып коюп бир баштанайта берди:Албанды көргөндө Кызалак күң чыңырып ыйлап чыркырап, ботодой боздоп, буркурап жибериптир. Бир чөйчөк сууну Албандын башынан үч кайтара тегеретип, анан чөйчөктөгү сууга үч жолу түкүртүп,сууну күн батышты карай чачып жибериптир. Чекесинен өөп, мойнунан жыттагылаптыр. Эмчек сүтүнбербесем да, энелик дитимди берген кулунум дептир. Ошентип ыйлаптыр. Анан Албандынбөктөрүнчөгүн чечип үйгө киргизиптир. Ошондогулардын бардыгын өзүңө алып келдим дептир—дегенде, Келин-кыздар балага суроо жаадырып кайта чакчелекей түштү.— Алып келгендери эмне экен? Чытчыбыр бекен? Же башайы, макмал, жибек, баркыттары да барокшойбу? Бутуна да бирдеме ала келиптирби? Жипшуу, атыр, самын, тарак, күзгүсү жок бекен? Кант,чайы да бар окшойбу? Өрүк, мейизичи? Базар наны да бар бекен?..Келин- кыздар да канетсин! Көргөнбилгендери ошол майда барат болсо, ошолор жөнүндөсүйлөбөгөндө эмне* ни сүйлөйт. Ат көтөрүп жайлоого жеткире албай турган майдапачектерди сурайберип баланын башын маң кылышты. Бермет кепке да, сөзгө да катышпады. Алба.н деген эменикөрбөгөн, билбеген, аны менен эч канчалык иши жок эмече, өзүнчө отура берди. Бала мурдун шуу эттиретартып койду да:— Анан Кызалак жеңем Албандын тебетейин алып башын сылайын деди да «э, айланып садагаңболоюн Абык! Бу, башың эмне болгон, тамтыгы калган эмеско?» деп бакырып жиберди...— дегенде,Бермет безге сайгандай секирип кетти. «Олдо шордуумай, шордуум. Шор арылбайт экен го. Дагы биршорго малынып чыккан белем...» деген сөздү купуя айтып ичинен сыздады. Өзөгүн өрт каптады.Ошондо да Келин-кыздарга анысын сездирген жок.— Башы эмне болуптур? Чакалай басыптырбы? Таз болуптурбу? Эмне болуптур?.. дешип Келин-кыздар дагы чакчелекей суроолорду үйө төгүп жиберишти. Бала курулай жөтөлүмүш болуп койду да,адаты боюнча мурдун шуу тартты.— Анан, жолдо келатканда, аты үркүп жыгыптыр. Үзөңгүгө бутуилинип сүйрөлүп калыптыр. Ошондо башынын ар кайсы жери сүрүлүп калыптыр...Жолдо келатып топ жигиттен таяк жегенин айтуудан Албан намыс кылып, анчейин гана — атсүйрөдү деп коё салыптыр.— Анан, дагы эмне болуптур? — деп кыз-келиндер баланы эрмектей беришти. Бермет өзүнөн өзүубара. «Албан келип учурашабы? Же келбей коёбу? Келип учурашканы жакшыбы? Же келбей элеошондон ары кайта кеткени жакшыбы? Келсе, мен анын жүзүн карай аламбы? Ал эмне дейт, мен эмнедейм! Айып кимибизде? Андабы, мендеби, же экөөбүздө тең барбы? Алакачып келгенден кийин менөзүмдү кандай кармашым керек эле? Сүйүүнүн кусуруна, кесирине калдымбы? Өзүмдү өзүм өлтүрүпкоюшум, азаптанышым керек беле? Эмне иштешим, кандай болушум керек эле?..»Ою чар учкандай чакчелекей болду. Жакын санап жүргөн келиндеринин биринин оозунан — атсүйрөсө, андан өлөт дейсиңби, аны кудай да албайт,— деген сөз чыкты. Ал сөз Берметке балта мененчапкандай катуу тийди. Тура калып жүктөн жаздык алды да, башына коюп чумкөнүп жата кетти.Берметтин топчулугу чоюлуп, өлөң боочусу бошоп келишине Сабит маани берген эмес, аялы болупкалгандыгына гана дүйнөсү түгөл болгонсуп жүрөт. Бир күнү ээнчиликте «күлгөн күлкүңдү, шаңк эткенүнүңдү уга албайм. Ар дайым сабырың суз, эмне үчүн андай? Ала качтырып алгандыгыма же төркүнүңөкалың төлөбөй. жүрүшүмө нааразысыңбы? «Аталуу уул — кожолуу кул» деген сөз бекер эмес. Атамдыныгынан чыга албай, кайын ата, кайын эненин алдына баралбай жүрбөйүмбү? Атамдын эмне экендигинетүшүнбөйм. Кайындарыңа баралы деп же өзү айтпайт же айбыгып өзүм айта албайм. Атамдын кандай ойменен ошентип журүшүн да, сенин көңүлүң кандайча ачылбай коюшун да туюна албайм» деген.Сабит жанагы сөздөрдү айтып наалыганда Бермет мындайча акчыланган: — Көңүлүмдүн ачылбай жүрүшүнө бир катар себептер бар. Тиги аялыңыз карааным көрүнгөн жердеэле жержепериме жетип алкынып жулкуна берет. Андан көңүлүм чөгөттөйт. Букарасынтып ата, энемдиилүүгөалбай келатасыз, мындан да көңүлүмө ызалык пайда болот. Сиз чоң атанын тукуму, тектүү бийдинуулусуз. Анын үстүнө болушсуз. Өзүңүздөн ары чети айбыгам, бери чети корунам. Андан кала берсе,өзүңүздүн жүзүңүздү эки күндө бир жолу эртең менен чай үстүндө, жорожолдошторуңуздун арасынангана көрөм. Эки күндүн биринде тигил үйүңүзгө түнөйсүз. Күн ара түнкүсүн төшөктө жолукпасак, башкаубакта менден алыссыз. Бул үйгө түнөгөн күнү эрте кетесиз. Эки күнгө чейин кечигесиз. Сагынып турууга далбасалайм. Бирок сагынбастан кайта чоочун болуп чоочуркап калам. Кийинкисин айта албайм,азырынча мага кезегинде келипкетип турган меймансыз. Чогууңуз менен түбөлүк меники экендигиңизгекөзүм жетсе, мен деле чогуу бойдон сизге берилип кетпейт белем? Ушундай шарттарда кандай адамшайыршайдоот жүре алат? Кандай адам шаңкылдап күлүп жароокер болот? — деген.Ошондо Сабит болуш жүйөлү сөзгө тырп этпей жыгылып, кыса кучактаган. Бирок анысы да Берметтижибите алган эмес. «Сурап ичкен суу ичкен, тартып өпкөн жел өпкөн» деген купуя.Ала качып келгенден кийин Бермет бардык иш Качы бий аркылуу кандай максат менен болгондугунтүшүнгөн. «Албандан ажырап калгандан кийин тируү жүрүүнүн кереги эмне. Сүйүү деген бир жолуболду, анын акырына чыга албадык. Кайтакайта ар кимди сүйүмүш боло берүү «жалпы этектин». Кайтакачып Албанга барсам суук селкинин абалына калам. Эмне иштеш керек?» деген.Ошентип Бермет ары ойлоп, бери ойлоп, «капысынан бийди жара тартып өлтүрүп, анан өзү да өлүп.берип» тынууга бел байлаган. Андай болгондо, бул иш эки гана кишинин өмүрү менен бүтпөстөн, мүлдө«жамгырчы» уруусуна, өзгөчө өзүнүн атасы менен иниси Кубаткулга зобун болмок. Башка урууларбиргелеше коюп «жамгырчы» болгон жерин тып-тыйпыл талап кетмек. Эркеги кулак кести кулга, аялысатса пулсуз күңгө айланмак. Ошолорду ойлоп доюрдуктан баш тарткан. Кийин «Сабит болушту боюматартып биринчи аялын салбар атыктырып сандырактатсам, бий буга да күйбөй койбойт. Анан акырындапуулун бөлүп чыксам күйбөгөн жери ошондо күл болот. Андан кийинкилерин дагы көрөрмүн деп өзүнбир аз жоошуткан. Албаңдын келишн жөнүндөгү азыркы кабар Берметтин эски «оорусун» кайта катуукозгоду. Бүктүшүп жатып калды.Бүгүн бул айыл бий, болуштан ээн экен. Мурдагы Садыр болуштун уулу, бийдин кызы Сайкалдынкүйөө баласы, баягы Талпаке шордуу сүзөнөк букага сүздүрүп кечээ күнү каза тааптыр. Садырга көзкөрсөтүп, Талпакеге топурак салыш үчүн бий да, болуш да ошол жакка кетиптир. Садырдын аялынСонун кудагыйын көрсө Камка байбиченин «аруусу» кармап кала турган. Ошондуктан шылтоо таапбарбай коюптур. Албандын келишине сүйүнсө да, күңдүн үйүнө өзү барып учурашууга намыс кылды.«Өзү келип учурашатко» деп күтсө келбеди. Алапайын таба албай, үйүнөн чыгып ар жактагы дөңсөөгөбарып отурду. Ошондо гана Албан артынан барып эсеңдик сурашты. Коомайлап обочо отурду.— Жаман арам десе! Эмне, үйгө кирип учурашпайсың? Күтүп отура берип, чыдай албай тышкачыктым. Кел, мында, этегимди баса жаныма жажын отур. Сагынып калыпмын, маңдайыңдан сылапкоёюн. Өөп коёюн десем чоң киши болуп калыпсың,— деп Камка байбиче жетине албай жемелемишболду. Маңдайынан сылап, анан тебетейин алып башынан сылайын деди эле, Албан тебетейин алдырбайбой качырды.— Кантет, жаман арам! Чоочуркап чоочун болуп калган го! Берилеп жакын, оолактабайшүк отур,— деп Камка байбиче колунан тартты. «Кежеңдей беришим болбос» деди да, Албан ыгынакөндү. Тебетейин ала коюп: — э, куу тумшук, башың эмне болгон?! — деп чочуп кетти.— Ат сүйрөп, аттын туягы тийип калды...— Жок, балам чыныңды айт! Камчынын эле тагы, катүгүн. Кандай колуң сынгыр чапты экен. Айт,кара тумшугум, чыныңды. Ай шордуумай, азабың арылбайт экен го,— деп жашып кетти. Байбич« анынбашын көкүрөгүнө эки колдоп баса отуруп ойго берилди. «Кечээ күнү келатып бийге жолуктубу,. терсаяктанам деп анда бараткандардан таяк жеп калганбы» деп тунжурай калды.Албан кыйладан кийин башын көтөрдү. Таякты Алмабектин айлындагы жигиттерден жегендигин, эмне үчүн, кандайча алардын аны ургандыгын айтып берди. — Калжайган кара башыңды жегир, бийдинкесепети өз башы менен кетпейтко. Балабакыра, тукумжуратына тие турган болду го,— деп Камкабайбиче катуу кейиди. Анан солдаттыкка барууга эмне үчүн ыктыяр болуп катталгандыгын сурады.Андай суроону түндө Алмабек да сураган, Албан «бий атама таарынып» деген.— Жашырбай эле кой, жигит. Сени бий атан Ийгиликтин кызынын калыңына кармап бербедиби? Сенкалыңга кешен кулак кести кул болуп калбадыңбы? Кулдуктан кутулуш үчүн солдатка, ажалга кетүүгөаргасыз болдуң. Ошентип, чыныңды эле айтпайсыңбы, — деп Алмабек аны башкача түшүндүргөн. Ошолсөз эсинде калган экен, Камкага как ошо жоопту айтты.— Ушу сөзүңдү угарымды эчак эле билгемин. Балам, жолуңдан кайт! Четте жүрсөң да Бакириңэкөөбүз сени медер кылабыз. Аны өзүң да билесиң. Эңшерип кетесиң го, эңшерилип калабыз го! Кайтжолуңдан, балам! Көзүм өтүп кетсе Бакириң кимди таянчы кылат? Бийден өзүңдүн көргөнүң аздыккылгансып, анын балдарына Бакириңди шүмшүк кылганы жүрөсүңбү? Мен үчүн, Бакириң үчүн кайтжолуңдан. Сени эч ким кулдана албайт, чоң атанын баласысың... — ден Камка катуу мөгдөдү.«Алмабектин айлындагы жигиттер желигип калган болсо, Бакирди атасы менен бекер жиберген экенминго» деп баласы үчүн да санаасы чакчелекей түштү.—Бар, барып тигн Бермет жеңеңе учурашып кой,—деген сөздү да айтып чачылды.— Үйгө кирбейлиби! — деген сөзүнө Албан башын чайкады. Бийдинсөөгү чыкмайынча ал үйдүн босогосун аттабай тургандыгын айтты.Албан а күнү Берадетке барган жок. Эргеси шашке ченде мындагы жигиттердин экөөн ээрчите барды.Астыртан карап алыстан учурашты. Чайдан кийин: — Бермег жеңе, абышкакемпирдин айта кел дегенаманат сөздөрү бар эле,—деп Албан тышка чыкты. «Аманат сөз бодсо угайын» деп Бермет ээрчий басты.Албан көрүнөө жерге барып отурду. Бермет артынан барды. Бейтааныш адамдардан бетер астыртанайбыга карашты. «Түшүбүздө ырайлашып отурабызбы» деген ой экеөнө тең пайда болду. А дегендесустая карашса, биртикеден кийин жылмая карашты.— Олуттуу жигит экендигиңе кечетен бери чындап көзүм жетти,— деп Бермет оңдонуп отурду.—Жеңил мүнөздүү жигит болсоң кечээ күнү күндүз келбесең да, түн караңгылыгына калкаланып уурданыпкелмексиң. Андай болгондо менин баркымды кетирип, өзүң да мертиңден тайып калмаксың.Айланамдын бардыгы тыңчы, эки кабат кайтаруудамын. Болуш агаң бир кайтартса, анын аялы экинчикабат кайтартат. Эмне үчүн андай экендигин өзүң түшүнөсүң! Бүгүн жай баракат келип учурашканда, кайдигер ооз учунан учурашканыңды да абдан жактырдым.Артык баш сөз сүйлөп жиберер бекен деп ал жагынан да чочулаган элем, анткениң жок, азамат экенсиң.Үйдө калгандар жөн отурат дейсиңби? Эшик, тешиктен бизди шыкаалап жандары чыгып жатат. Көрүнөжерден орун алып, серпилип шек туудурбай отурушуңа да көптөнжөп ракмат. Дээриңде бирдеме барэкен. Бий атаң да сени бекеринен куугунтуктап жүрбөптүр. Мен бүгүн сени мурдагыдан да жакшы көрүпберилип калдым, жигиттин гүлү экенсиң.Үйдө отургандардын көзүнчө мен да сени тике карай албайт элем. Сен да ошентмексиң. Шылтоо таапалып чыгып дидарыңды биртике болсо да ээн эркин каратууга жарадың. Мунуңа да ыраазымын.Мен болсом мурдагыдай башым ачык эмес, никелүү болуп калдым. Бирок, менден күдөрүңдүбиротоло үзөсүңбү ал сенин өз ишиң. Башым жерге кирмейинче мен сенден күдөрүмдү такыр үзбөймүн.Жалпы сөздөрдү тигилер менен бирге отуруп жай сүйлөшөлү, .козгол! — деди. Албан ордунан турупары басты. Бермет бери басып үйгө кирди.Албан кайта айланып үйгө кирип жайланышканда: — Баса, Албан кайын иним, ыктыярың менен салдатка кеткени жүрөсүңбү? Ал эмнең? — деп ^калдыБермет. Албан Алмабектен үйрөнгөн жообун айтты. Аны укканда отурган Келин-кыздардынбардыгынын башы шылк эте түштү. Айта жүрө турган сөз экен деп ар бири көкүрөгүнө түйдү. Берметкебул сөз өтө жакты. Албандын ал сөзү түшкө жетпей эле «Олжобай» болгон жерине тегиз тарап,бардыгынын намысын катуу козгоду. Бир топ абышка чогулушуп Камка байбичеге келди.— Бийдин бул кайсы кылыгы? «Олжобайдын» тукумун калыңга кармап бериш эмне деген кеп, элге-журтка шерменде болбодукпу, баш көтөрүп эл аралай албай калбадыкпы? — деп жер сабап сүйлөнүштү. Камка байбиче аларды ого бетер кайрап таштады:Бириңер азыр келүүгө тийиш, эми эле бирөө айтып өттү. Күтө туруп аттан буту түшөр менен айткыла.Көлөпгөн лөк дагы, көгөргөн көк дагы киши эмеспи, бийиңерге сөзүңөр өтөр бекен! —депабышкалардын намысын козгоду.Бий, болуштун азыр келет кабары угулар замат Албан ат токунуп кетүүгө камынды. Камка менен кошайтышып бир аз узап кеткенде, тыяктан калкылдаган калың топ менен бай келип аттан түштү. Камкабайбиче баласы Бакирди тосо басып каршы алды. Албандын азыр эле бастыргандыгын айтып: —артынан дароо кууп жеткин. Солдатка кете турган болсоң мени да ала кет деп чылбырына чырмалып,олоңуна оролуп, жатып ал. Барбайын, калайын дедирмейинче келбе. Чап жөнө,— деди. Аны көрө койгонбий:— О, Камка байбиче! Чарчапчаалыгып келген баланы кайда жумшадың? Андай эле ашыгышжумушуң болсо, башка бирөөн жибере койбойсуңбу? — деди.— Олдо, баласырагыңыз ай. Эчтеме болбойт. Чарчапчаалыгып катыксын,— деп Камка байбичечаргыта сүйлөп тим болду. Кайраттанып отурган абышкалар тебетейлери менен жер сабап бийди ортогоалышты. Бий анткорлоно борсборс күлдү. Абышкалардын сөзүн илүүгө албай кырынан жантайып жатыпалды.«Солдат берүү маселесин сүйлөшөбүз» деп Сабит бир болуш элдин бийлерин, старшына, элүүбашыларын, элге барктуу аксакал, көксакалдарын бүт чакыртыптыр. Ошо күндүн эртеси кеп угабыз, сөзугабыз дешип түтүнгө бирден кйши аттаныптыр, бийдин айлынын айланасына атчандар батпай кетти.Чакырылгандар каз канаттап алды жагына отурду. Калгандары аттуужөөлүү болуп арт жакта жарданыпкалды. «Ак паашабыз солдат еурап жатат, беребизби, жокпу?» деген мааниде Сабит калкка кайрыла сөзсүйлөдү. Ал сөзүн бүтөр менен Алмабек ордунан тура калды.— Калыңга кеткенден ,көрө солдатка кетиш абзел эмеспи. «Олжобай» уулу жигиттерин жибереберсин. Биздин жигиттер барбайт,— деп кагынып силкинди.— Алмабек, сен кычык сөздү эмне кыласың. Эмне айтып, эмне койгонуна түшүнбөй калдым! —депШадман аке каңкулады. Алмабек түшүндүрө жооп айтты:— Береги отурган Качы кудаң карачечекей инисинин баласы Албан деген жигитти калынга кармапберип, болуш уулуна катын алып бергендигин айтып отурам, түшүндүңбү? Калыңга кеткенден көрө«Олжобайдын» балдары солдатка барсын деп атам. Угуза турган сөзү ушу болсо, уга турган жообу ушу.Ат тарткыла, кетебиз! — деп Алмабек артын карай кылчайды. Кармап турган жигит Алмабектин атынтуура тартты. Алмабек тараптын жигиттери: — «Олжобайдын» балдары, калыңга кеткенден көрөсолдатка кеткиле! — деп жабыла кыйжырып кылчайбастан бастырып кетишти. «Олжобай» уруусутүгөлү менен түнөрүп, баш көтөрө албай чакчелекей түштү да кала берди.

#19 02 November 2015 - 02:10
3-бөлүм.
Кечээ күнү ал жерде тургандар менен кош айтышып Албан аттанып бастырып кетти. Камка байбичеээрчий карап: —кара тумшук, «уу жетим, тескери жолдон кайт! «Чыйрактын шыйрагы калар имиш»,кайрыл! Кайрыл! Кайрыл! — деп үч жолу кыйкырган эле.Күйөөгө берген кызды узатканда атасы же агасы артынан ээрчий «арап ошентип үч ирет кыйкыратурган. «Кайрыл!» деген сайын кыз кылчаккылчак карап алса, «арты кайырдуу болот экен» дешипкөңүлдөрүнө төтөк кылып коюучу. Камыгып отурган Камка байбиче да, ошентип Албанды .кызжөнөткөндөй узатты. Ал эки кыйкырыкка кылчаң карап, бирөөнө карабады. «Бала ыргылжың кетти.Үчүнчү жолу кылчайганда салдатка барбай коёт эле» деген ой менен Камка байбиче камыгып калаберген болучу.«Жоо жакадан, бөрү этектен алып турат». Солдатка кетсем өлүү боломбу же тирүү боломбу — алкудайдын колундагы иш. Балким акыркы ырайлашып жүз көрүшкөнүбүз болор. Не бар, не жок, Берметменен да кош айтыша кетейин» деген ой менен Албан атынын башын Берметтин үйү тарапка буратарткан эле. Каракерди шайбырлата бастыра барып: — Бермет жеңе, үйдөсүңбү? — деп тыштан үнсалган.— Үйдөмүн. Салдатка кетелексиңби? — деген үн угулган. Тааный коюптур, ал Берметтин үнүэкен.Берметти ээрчип бир топ кыз-келин шарактап кошо чыкты.— Ата, энеңизге айта турган дубай саламыңыз болсо ала кетейин деп бура тарттым! — деди калпагынбир чекесине баса кийип, астыртан аңдый карап турган Албан.Бермет токтолбостон шар кетти:— Менден күдөр үзүшпөсүн! Башка айтарым жок. Салдатка кетип калсаңыз жолуңуз шыдыр,жолдошуңуз кыдыр, олоңбоочуңуз чыйрак, өмүрүңүз узак болсун! — деп кашкая караганда көзүАлбакдын көзүнө кадала түшкөн эле.Албанга ошонусу гана керек болучу.— Айтканыңыз келсин! Кош болуңуздар! ..— деп Албан жолуна түшкөн. Жарданып турган кыз-келиндер Берметтин алкышын кайталап ээрчий карап чуулдашкан. Албандын ушу кетишиндегикөрүнүшү алардын көзүнө «Семетейдин» жоого аттангандагы элесин калтырган.Албан бир кыйла узап кеткенде артынан байикелеген кыйкырык угулган болучу. Кылчая карасачымын- куюн түшүп бирөө келатат. Бура тартып туруп калды. Жакындай бергенде «араса, Бакир экен,утурлай бастырды. Чукул кирип келгенде Бакир атынан ыргып Албанга жармашты, анысы койнун ачыпкыса кучактады.— Кетпе, байыке, кетпе! Кетирбейм. Кете турган болсоң мени да ала кет,— деп балажармаша берди. «Энесиңин айтканы ал, баласынын айтканы бул. Булардын жанына мынчалык эмне күчкелип калган. Териштирип угуп, билип да коёюнчу» деген ой келди. Баланы маңдайынан сылады. Бирнече ирет бооруна тартып сыга кучактады. Оолугуп келген бала биртике соолуккан учурда — кана эми,жакшылап айтчы! Кетпе дедиң, кете турган болсоң кошо кетем дедиң. Эмне үчүн антериңди түшүнөалбадым. Бир баштан түшүндүрчү! — деди. Баланы боюнан бир аз оолактатты. Бала ойлоно калды да:—Атамдын балдары сага көрсөткөн күндү маа да көрсөтө турган. Атамдынкөзү тургандыктан араң жүрүшүптүр, — деп муңайды.— Аны сен кайдан билдиң?— Энекем айтып берди.— Андай болорун энекең кайдан билиптир?— Көргөн, уккандар айтыптыр. Ошондон бери энекем жайында эмес. Үшкүрүк-бышкырыгы көбөйүп,көңүлү да ачылбай койду. Кыялжоругу мурдагыдай эмес.— Энекен эмне көрүп, эмне угуптур, кимден угуптур?— Атам мени жакшы көрөт. Бир жакка барса ээрчите жүрөт. Аны тиги улуу байбиче менен, беркиортончу байбиченин балдары да көрө алышпайт экен. Алар көп эмеспи. Байбичеден эркеги төртөө,ортончудан үчөө. Жакында — беш, алты эле күн болду, өздөрүнчө мен тууралуу сүйлөшүп отуруп«жалгыз жыгач үй болбойт, жалгыз жигит бий болбойт» дешиптир. Кимиси болсо эле мени өгөйлөп,жектеп, четтетип турушат. Энекем атамды кааласа байбичесине, кааласа ортончусуна чыгарам дейт.Сени үйлөндүрүп өзүмө алам дейт. Өзүңө айткан жокпу? *— Азыр сен айткандай кылып айткан жок, жалпылай туюндурду.— Атамдын көзү кандай жумулса, ошол эле күнү балдары бизди эчтемеге ээ кыла турган окшобойт.Энемдин мээсине деле, менин мээме деле чай кайнатыша турган. Балдарынын бардыгы эле атамдын өзүнтартып кара мүртөз...— А сен атаңды тартпай калыпсыңбы? — Жок. Мен энемди, таякелеримди тартып калган окшойм.— Эмне, мени солдатка барба дейсиңби?— Ооба, байке!— Эки бакыр бир тукур бололу дейсиң го?— Ооба, ошентели, байке! Энекемди күнүнүн балдарына кор кылбайлы! Тиги Кызалак апамды дауланушагы менен өзүбүзгө алалы.Көк шиберге жамбаштап жаткан Албан көтөрүлүп көмкөрөсүнөн түштү. Жамбашы талыпкеткендиктен эмес, баланын сөздөрү сайсөөгүн сыздатып жибергендиктен, көзүнө жаш ойноп чыгакалгандыктан көмкөрөсүнөн түштү. Көз жашын балага көрсөтдүдөн жазганып ошентти. Бала үстүнөминип эки колун Албандын алкымына салаалап: — тил ал, байке, тил ал! — деп бир нече ирет жогорукарай секеңдетти. Башы секеңдеген сайын анысы: — ойлоноюн, ойлоноюн! — деп жатты. Ошо жердеКубаткулду, Кызалактын балдарын жана «Аркалай турган арка бол» деп асылып турган баланы да көзалдына келтирди. Кыйладан кийин кош айтып ажырашты. Бирөө тоону карай, бирөө ойду карай жүрүпкетти. Албан Ийгиликтикине кеч келди. Староста Тимоха менен Ийгилик сүйлөшүп отуруптур. Көргөн-уккандарын, төкпөй-чачпай баяндап берди. Тимоха түн ортосу ченде гана: — эмесе иш жанакыайткандай болсун! — деди да чыгып кетти.Жылуу- Булак селосуна ар уруктан — кунгөй, тескейден келип жан багып жүргөн кыргыздардынтүтүнү, ошо жылы бир жүз элүүгө жетейин деп «алган. Эл ичи олкусолку болгондон бери алардынжүрөгү опколжуп, алапайын табалбай алдастап калышкан. Ар бири өз айлына көчүп кетүүнү ойлошот.Бирок, көчүп барганда аларга бышырып суутуп койгон эчтеме жок. Орус «ыштагында биринен болбособиринен иштөөгө жумуш табылып турат. Алдын ала акысын бычып, алдыбердиге так. Короолорундакотологон малы болбосо да, ороолорунда даны кенен. Мындай бейишти айыл арасында аларга белендепкойгон ким бар дейсиң! Ошондойлордун бир тобу эртең менен эрте Ийгиликтикине келишти. Кеп кеңешсурады. Ийгилик сөздү алыстан баштап, артын чукул кайрыды:— Кыргыз жерин мурдараак Кокон хандыгы «динге» булгаптыр. Жанагы биздин Жума молдогоокшогон азезилдерди даярдап чыгарыптыр. Андан кийин орустар келе баштаптыр. Орус келер мененкыргыз жеринен «жоо:керчилик» заман жоюлуптур. «Жоокерчилик» заманында уруулардынжоолашуусу да тыйылуучу эмес экен. «Күчтүү уруунун күнү тууп, каруулу уруунун карды тоюп», майдауруулар «сатса пулсуз, өлсө кунсуз» кулак кести кул экен. Бейбечаралар «жайкысын ак таталап,кышкысын сөөк кажалап» өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрүүчү экен.Эзилген эл ак паашага, анын бий, болуш төрөлөрүнө эрегишип калды. Аларга эрегишебиз деп,жоокерчиликти жоюп элибизди нанга тойгузган орустарыбыздан ажырап калар бекенбиз.Мындагы мужуктардын эстүү-баштуулары менен көп кеңештик. Ары чайкап, бери чайкап отуруп,солдат берүү дүрбелөңү же ары, же бери болгуча ар ким өз айлына сыйлыгыша, ыкташа турганы оңболор деди — Ийгилик. Ошо күнү кечинде селонун эстүү-баштууларын чакырып ажыраш аяк берди да,эртеси Ийгилик «үч уруктагы» эски кыштоосуна көчүп кетти.Калк элирип, калкып-толкуп калган күндөрдө жандын бары жапырт тыңчы, узун кулак уганак, сөзучуруп турууга жөндөмдүү болуп кете турган көрүнөт. Кайданжайдан, кимден кантип уккандыгыбелгисиз, орто жайлоодо жаткан Мантек эртеси эле өрүлүктөп жете келди. «Жамгырчы» уруусунунойдогу, тоодогусунун баары ошол күнү Ийгиликтикинде болду. Өтөр-кетер, өйдө-ылдый сөздөрсүйлөнгөндөн кийин, Ийгилик сөздү «казат» жакка бурду:— «Казатка» аттанабыз деп калк катуу козголуп жатса керек. Силер канетип жатасыңар?— Биз деле жөн жатканыбыз жок!— Жөн жатпагандагы камылгаңарды айтып көргүлөчү, угуп коёлу!Ооздорун толтура, үндөрүн кере-чоё ар тараптан добуш чыгарышты:— Колу жөндөмдүүлөр темир айрыдан найза, балатыдан каскак, соколордун бурамаларынан чоюнбаш, шалк этме, соконун темирлеринен айбалта, кылыч, жуушаңдардан канжар...— Кыскасы союл көтөрүүгө жараган ар бир кишинин колу куру эмес экен го?— Куру эмес, ошондой. Баса, Муратбектин ата-бабасынан калган кара бараңы айтылбай калган тура.Ийгилик аларды келеке кыла баштады:— Жоолаша турган жооңор замбирек, билимот, беш атар, эң куру дегени бардаңке менен чыгат.Бакан, союлга чендетпей ноот кылып койбосун? Аны ойлойсуңарбы? — Ойлогондо кантет элек? Калктын бары ошентип жатканда карап тура албай дарбапдүрбөпжүрөбүз. ..— Баягы азезил Жума молдоңор кыпкызыл эле олуя болуп кетти деп угам. Чийип берген тумарынколтугуна тигип алган кишиге замбиректин да, беш атардын да огу жаңылбайт имиш. Кылыч да өтпөсөкерек. Анын «келмесин» кыйкырып айтса жоонун көзүн дароо эле ныл басып көрбөй карайлап калатимиш. Ошо Жума молдоңорду алдыңарга сала жүрөсүңөр го?!Ал жерде тургандар дуу күлүштү. «Дегеле ошо жарайт, эркул. Тааныбаган айылдарга барып олжогокарк болуп жүрүптүр, кайран көкжал» деген "кобур-кубур көтөрүлдү. Ийгилик өзү билгенакылнасаатын айтууга өттү:— Элөөрүп ээликпегиле. Сабырдуу болгула. Ушинтип туруп басбас болуп кеткиси бардыр. Басылбайулаарып кетсе чоң алаамат болор. Байларга балаа жок, бу деле бейбечаранын шору. Баса, силер кимменен жоолашканы жүрөсүңөр? Ошону айткылачы? — деди.Бир ооздон түкүргөндөй: — орус менен! — дешти. Ийгилик башын чайкады.— Анан ким менен жоолашканы жүрөбүз? — деп Мантек элүү башы борсулдап койду.— Бардык балакетти баштап жаткан ак падыша, анын төрөлөрү. Алар орустарды да оңдуруп жатканжери жок. Баш көтөргөн бардык эр бүлөсүн солдатка — кермендин огун карай айдап жиберди.Кыштактарда эңкейген кары, эмгектеген жаш, эрсиз катындар гана калды. Орустун катынбала, карганчалдары менен жоолашасыңарбы? Силерди солдатка ошо жесир катындар, чалдар чакыртып жатабы?Билбейсиңерби? — деди. Өткөн күнү орус кыштагында айткан сөздөрүн бир баштан буларга да айтыпберди. — Андай болгондо, калкты мынчалык дүүлүктүрүп кайсы кара шайтан кытыгылап жүрөт? Максатэмне? — деп калды кимдир бирөө.Ийгилик жооп айтты:— Максат эптеп солдат берүүдөн кутулуу. Ал эми эл бийлеген шайтандар болсо учурдан пайдаланыптартуутармекке, олжобуйлага туйтунуунун жолуна түшүп алды.Баягы өтүкчү Урмамбет баятадан бери тишин кычыратып, санын мыжыгып, кабаккашынбырыштырып, куйкасы курушуп отурган эле. «Ийгилик орус болуп кеткен, орустун сөзүн сүйлөп жатат»дегенди ойлоп отурган. Ыргып ордунан турду: — «Ниети казат». «Өлтүрсөң сооп, өлсөң шейит».«Кудайым динге кубат берет». А дегенде жерди алды, сууну алды. Алман алды, аркан алды, тери алды,кап алды. Эми баш көтөргөн эр бүлөнүн бардыгын шыпырып салдат алмакчы...— деген сөздөрдү . айтыпоолукту. Кай бирөөлөр аны акырая карап оозун ачты. Кай бирөөлөр ойлоно жер тиктеди.— Өтүкчү сен, кайсы алдырып жиберген жерсууңду козгоп отурасың? Өмүрүңдө бир саржан жергеэгин сеппедиң, кетмен алып бир кулак жерге суу байлабадың, сага жер, суунун эмне кереги бар?Солдатка жарай турган бир да балаң жок, элден өзгөчө саа эмне болду? — деди карыялардын бири.Бирдеме деш үчүн өтүкчү тилин эптештирди эле, оозуна «Ийгилик орус болуп чочконун этин жепкеткен» деген сез кие калды. Жанында турган киши аны элдин артын көздөй кырданта туртүп жиберди.Үн жок, сөз жок бардыгы тегиз дымырады.Сакадай бою сабырдуу киши эмеспи, Ийгилик купуя ыза болсо да, сырын сыртына чыгарган жок.Анчейин күлүмсүрөгөн болду.— Жумадай молдосу, өтүкчүдөй баатыры бар «Жамгырчы» тукуму ырыстуу эл экенсиңер! — деди дакаткыра күлдү. Өтүкчүнүн сөзүнө ыза болуп калды го деп аяп, жер карап отургандар дуу күлүштү...* * *Кара талашып калгандар ыкташа, сыйлыгыша берет. Ийгилик да кара талашып жерине, элине келди.Кара талашып карайлап турган туушкандары ага сыйлыгышып, ыкташа баштады. Тимоха менен Ийгиликорус, кыргызды ыкташтыруу жөнүндө көп ойлоп, көп кеңешсе да, жөнгө келтирүүнүн жолун табаалышпай, агымды карай агууга экөө тең аргасыз болду. Камка байбиче менен анын жалгыз баласы Бакирөз уруусунан четтеп жүргөн Албанга ык тартты. Жума молдо ыгын таап, чоочун айылдардан бир короокой жыйнап алды. Өтүкчү болсо, эптеп сооп табууга, өлүп «шейит» болууга бел байламыш болуп өзүнчөжүрөт. Сабит болуш да Берметке бир кыйла ыктарта берүүчү болуп калды: түнөй турган түнү бир аз эртерээккелет, эртең менен биртике кечирээк кетет. Бая күнү Алмабектен «Олжобай» уруусу мүлдө шагысынгандан бери Качы бий да, Сыйда сары да шартка карай ыкташуу жөнүндө ойлоно баштады.Мына бу заңкайган ак үйдун артында үңкүйүп отурган үчөөнүн бири бий, бири болуш. Жер карапкүңкмаңк сүйлөп отурганы Сыйда сары. Анын сөзүн да абайлап угуп коёлу!— Алмабектен, ал тараптагы элден өч алабыз, басмырлап баш кетөргүс кылабыз деп жүрүп өтө катуукетип койдук. Айыгыштырып алдык. Баягы күнкү кагылышуудан бери ал тараптан бир киши дабастырып келген жок. Ошентип ал тараптагы элден кол жуудук,— деп Сыйда сары камчы сабы мененжер түртүп койду да, сөзүн улады: — Куданыз Садыр болуш болуп турганда эли аны сыйламыш болучуэле. Аныныз азыр элинен четтеп калды. Эл Шадман акеге ыктап калыптыр. Алмабектен да, ал тараптагыэлден да кол үзүп калышыбыз этимал,— деп дагы камчы сабы менен жер түрттү. Биртике ойлоно калды.Анан «үч урукка» өттү.— Өзүбүз да уйдун бөйрөгүндөй куранды үч уруубуз. Анын экөөнөн бирдей ажырап өзүбүз эле каларбекенбиз. Ийгилик кыштоосуна көчүп келиптир. Эки күндөн бери «Жамгырчысынгандардын» бардыгытакалуудан тай калбай ошондо экен. Кызын алсак да өзүн иликке албай, аны антип жүрөбүз. Биз аныбукарасынтып кордогонубуз менен, башкалар анын ким экендигин байкашат. Букара болсо да бизгетеңелбеди, ниети түз келатат. Анын кыялы бузулганда, өткөн шайлоодо эле сызга отуруп калмакпыз.Бизди сыйлабаса да Олжобайдын, үч уруктун мүдөөсүн сыйлап, Алмабекке колтук ачкан жок. Шапшайтан азгырып Ийгилик Алмабек тарапка өтсө, «Жамгырчы» уулунан да, «Алыке» уулунан да бүтайрылабыз. Ушу отурган үчөөбүз эле ушу жерде үңкүйүп отурган бойдон кала беребиз...— деди.Ошентип да, оңдонуп отурду.Өрткө чалдыккан дөңгөчтөй болгон бий көпкө чейин кебелбеди. Анан башын бир аз көтөрүп: —Шадман аксакал менен Садырдан кам санабасаң да болот. Талпаке күйөө өлүп, Сайкал жесир отурат.Аны Шадмандын бир баласы албаганда ким алат эле? Сайкал аркылуу мурда Садырды кармап келатканболсок, эми Шадманы экөөн бирдей кармаганы отурбайбызбы? — деп Сыйда сарыга тигиле карады. Алшектене жооп айтты:— Ал айткандарыңыз бир эсептен туура. Бирок, Шадманга да бир кезде дат өткөрүп койгон жериңизбар! — Аным бар. Туура айтасың. Сайкалды келиндикке алса, кудай дешип куда болсо, өткөргөн даттындарты өзү эле жуулуп кетпейби?— Макул, аньжы жуулуп кетсин. А Ийгиликти кандай кылабыз?Чакырткыла. Кызынын калыңын телөгүлө! — Макул, бүгүн киши жиберип эртеңке чакыралы. Калыңына эмне беребиз?— Мал бергиле. Малынар аздьж кылса, мени бергиле! — деп бийдин куйкасы курушуп кетти.Анткени, ошол учурда Ийгилик менен Албандын элеси көз алдына келе калды окшойбу!— Олда, жарыктык ай! Албанды калыңга тогоштуруп бир болуш элге шерменде болушубуз аздыккылгансып, эми сизди да калыңга өткөрөт экенбиз го! — деп, Сары камчысын ыргытып жиберди.— Эмне ызырынасың, камчыңды ыргытып? Сабаганы турасыңбы? Бейбаш айбан, бадрек,— деп бийайкырды. Сыйда сарынын бети чоктой кызарып, кире качууга тешик таба албай шаштысы кетти.

#20 02 November 2015 - 02:13
4-бөлүм.
Удургуп турган калың элдин бири-бирди айтса, экинчиси-экини айтат. Айткандарын бирөөлөр угупжатабы, иштин ал жагына көңүл бөлгөн эч кимиси жок. Иши кылып, оюна келгенди оттоп жатышат. Алжерде айтылган сөздөргө караганда, бардык уруу өздөрүнчө хан көтөрүп, хандары такка отуруп, аскержыйнап. калган болсо керек.— Хан көтөргөндө кандай кылып көтөрөт экен? — дейт кажылдашып тургандардын бирөө.— Анын эмнеси бар экен. Калк каалаган кишисин ак кийизге отургуза коюп «Ак жүздүү адилет бол,ак жолтой бол, калкыңа кайырдуу бол» деп алкашат. Хан көтөрө коюунун андан башка эмне, зоот-кыягыбар дейсиңби? деди эстүүсүнгөн бирөө.— Андай болсо, Ийгиликти ак кийизге отургузуп көтөрө койбойлубу? — деп шымалангандар даболот.Кажы- кужу кызуулагандан кызый берди. Жаратканга жалбарып, жакасын кыса карманып: «жараткан,жалгай көр!, «динге кубат бере көр», «жоону талкалай көр», «бизди калкалай көр!» дегендер да көп.Ошентип тургандардыч бири туура туштан куюндап калган чаңды, анын арасында атын түйүнчөктөйтүйүлтүп келаткан атчандын караанын көрө калды.— Адамей, тетиги кабарга келаткан киши болсо керек! — деп алаканын серепчиледи. Жаажуубасылып бардыгынын көңүлү да, көзү да ошол тарапка тигилди. Аябай катуу келаткан кишинин үнүжетер-жетпес аралыктан «кудай уруп таштады!» деп кыйкыра, өкүрө келди.Жабыла карап тургандар «кандай кудай урду, кимди кудай урду?» дешип жамырады.— Бий акеми, болуш мырзаны, Сыйда сарыны байлап кетти!— Ким экен? Кайдагы эмелер экен?— Алмабектин айлындагы жигиттер экен. Жолду атайы тостуруп коюптур. Жөнөгүлө. Айлынажеткирбей ажыратып келгиле. Шилисинен мууздап өлтүрөбүз дешет. Такымына тамга басабыз дешет...— Үйгө кирип Ийгиликке айта коёюн,— деп ал жердегилердин бири чуркады.— Ийгиликсиз күнүңөр кечпейби? Тура бересиңерби! — деп өтүкчү өз атын өзү башка бир салды. Аржакта жөлөп койгон каскагы бар экен, илип алып чапкан бойдон кетти. Бирок көп узай албады.Далпылдап бараткан баатырдын куюшканы үзүлдү. Ээри атынын мойнуна кетти. Өзү чалкалай түшүпкырданды да, каскагын баса жыгылды. Анысы корс этип сынып кетти. Чылбыры колунан чыгып, атыжелген бойдон качып кете берди.Кабар жетер менен Ийгилик:— Албан кайдасың? — деп үн салды.— Мындамын.— Аттан, жөнөгүлө! Албан кыйыктанды. — «Туугандын азары болсо да, безери болбойт». Качыбийдин кадыры болбосо да «үч уруктун»намысы үчүн аракет кылалы. Каракерди мин, бол, аттан, Алмабекке жеткирбей ажыратып калалы! — депИйгилик атка мине жөнөдү. Ат атка тийбеди, желигип тургандар жапырыла жүрүп берди. Биринен бириөтүп катуу баратты.— Аты сүрдүгүп кетеби, бирөөлөргө урунуп жыгылып калабы,— деген ой мененАлбан Ийгиликтен ажырабай жандай чаап, жакындап коргоп баратты.— Аянба, Албан балам, бар өнөрүңдү көрсөт. Жигиттин жигиттигин эл ушундап учурда тааныйт. Биртоп жигит менен төштү этектеп, утурлан чаап алкым жолду торо. Жөн эле ителгидей тий. Кечикпейжөнө. Астымдагы начар көрүнөт, жайыраак жете барайын. Каракериңди да, өзүңдү да эл таанып калсын.Тааныл, Албан, балам, тааныл! Менден кам санаба. Өз жанымды ат үстүндө алып жүрүүгө жарайм,—деди. Каракерди созолонто чаап Албан алкымга салды. Коркоктдрчо кылчаңдап артын карабады. Бир канчажигит найза, каскак, союлдарын сороктотуп анын артына түштү. Ийгилик туура чаап дөңсөөгө чыкты.Бийди байлап кеткендер эки, үч чакырымдай узап калыптыр. Албандарды да, арттагыларды дабаткалыштан көрүшпөдү.«Бийди байлап, матап кетиптир» деген кабар «Олжобай» айлын андан бетер будуңчаңга бөлөп, уучуутүшүрду. Эр бүлөдөн эч бири калбастан жабыла аттанды. Катуу дүбүрттөн желе боодо жаткан жылкыларүрктү. Желелер узүлүп кулундар чалынды. Муунуп жыгылгандары да көп болду. Аялдар, балдаржарданып ээрчий карашты. Иттер абалап үрүп артынан кетти.Бийдин байлоодо кетишин укканда Бермет: — сооп болуптур, зордукзомбулук деген эмне экендигинтүшүнсүн. Кордук деген кандай боло тургандыгын билсин,— деп купуя ичинен табалады. Сабитти «Өлтүрөбүз дептир» деген сөздү укканда, андай болсо башым бошоп калар беле деген ойго да берилипкетти. Албан менен айкалышып, аралаша да жүрүп калды. Кайта «калган кадыр качкан куш, кайрылыпкелбейт ал кайтып» деди. Улутунду.Албан артындагылардан алыс узап кеткенин байкап,— катуу кайрап коюпмун го. Беркилер жеткичежалгыздап коюшпаса деп Ийгилик убайым салды. Токтоно албай атына минип капталдай чаап жөнөпкалды. Тигилерди бирде көрсө, бирде көрбөй жүрүп отурду. «Эки баш» атала турган секичеге чыккандааркылар да, беркилер да Ийгиликке айгине көрүндү. Чылбыр, тиэгинин ээрдин кашы.на баса кармапкарап турду: Тигине: Албан аркылардын алдын тороп көрүнөгө чыкты. Тиэгинин жыя кармап:«Олжобай, Олжобай!» деп ураан чакырды. Артындагылар анын үнүнө үн кошкондо жер жаңырткан чууболду. Тигилер астыкийинине кылчактап апкарып алдастады. Албан ителгидей шукшурулду. Бийдибайлап келаткандар он ашуу киши экен, ар кимиси өз жанын бет алды ала качып бытчыты чыкты.Кайрылып кагышууга эч бирөө жарабады. Албандын түшкүнү коргошун камчысы кимисине кандайтийсе, анысы калпактай, учуп түшө берди. Анын ар бир чапканына «бали, балам, бали!» деп Ийгиликтинкыбасы канып жатты.Алмабектин жигиттерин сүрүп ташташты да, Албандар кайта келип бийдин, болуштун, Сарынынколун чечип бошотту. Бирөөнө бир ооз эчтеме айтышкан жок. А түгүл беттерине да карабады. Атынашапашупа ыргып минип Албан Ийгиликти карай кете берди.«Солдат берүүгө, ак пашанын амирин аткарууга каршы чыгып, элди көтөрүлүшкө даярдап койду» депуездге барып бийдин даттанбай койбой тургандыгын, андай болгондо уезд аскер жиберип карматьшкамакка аларын билип, Алмабек атайы жол тостуруп, «бипди Каракол жакка кетип баратышын кандайкөрсөңөр ошондой кармап, атка таңып алып келгиле» дептир. Бий, болуш, Сары үчөө Алмабеккежеткенде аябайт болучу. Ызалап кордук көрсөтөрү, көчүктерүн кайрытып тамга бастьГрары, «айыпкер.болуп жүргөндөн көрө, биротоло кункор болоюн» деп өлтүрүп коюшу да ачык иш эле.Албан алардын колдорун гана байлоодон бошоткон. Көрсө буттарын аттарыньш бооруна куушурабууп, сарпоочтоп коюшуптур. Анысын Албан байкаган эмес экен, аркы барган «Жамгырчылар»чечишти. Суу бойлото алып барып аттарынан түшүрүштү. Сабит менен Бекиш бетиколдорун чайып суууурташты. Бий мандаш уруп дулдуйган бойдон отура берди.Адегиче жалпы «Олжобайлар» жан аябай чапкылап жапырт келди. Дөңсөөдө атчан турган Ийгиликменен Албанга кылчайбастан жандай салып өтүп жатты. «Көк ойдун чаңын буратып, көк кашка атынчуратып», ир алды болуп он чакты киши менен Кашкарбай элүү башы өттү. Ыза болуп отурган бийгечукул баруудан айбыкты. Обочороок жерге барып атынан түштү. Анын артынан самсып бараткандар дабийге барбастан Кашкарбайдын айланасына барып ат ойнотуп турушту.Тигилер го— тигилер. Мынабу келаткандарга эмне жок! Кер байталы шалаңдаган бирөө баратат. Жиполоң, жип куюшкан. Үзөңгүсүнун бирөө темир, бири жөн эле арчадан ийип койгон чүлүк. Өрө кийизденэндей тигилген калпак сөрөйүнүн бир этегин ичинен имере баса кийип койгон. Оң жаккы жеңин чечипколомочтонуп алыптыр, колунда чокмор башы жүрөт. Шуушаңдын бир жаагын кийиз кынга салыпбелине байлап коюптур. Кер байталды эки согончогу менен олбуйсолбуй теминет. Койгулай берипколундагы тал чыбыгынын дүмүрчөгү гана калыптыр. Учуп кетчүдөй жүткүнөт. Бирок, кер байталыкургурдун шайы түгөнгөн болсо керек, зорго текиреңдемиш болот. Чуркашынан да куйругуншыйпанышы көбүрөөк.— Бул кайсы «Манасы» болду экен! — деди, ээрчий карап турган Ийгилик. Албан күлүмсүрөп жеркарады, унчуккан жок.Анан өгүздөрүн өкүрөңдөткөндөр да өтүп жатты. Кейиптерине караганда алар койчуколоңдорболууга тийиш. Тетиги бир өркөчтүү каранар кадимки жел маяндын өзү болсо керек. Анысын мингенэме да андасанда бир тийип, каскагын белинен кармаган бойдон баратат.«Бийди байлап баратыптыр» деген кабар «Алике» уруусуна бир аз кечирээк жеткен көрүнөт, кырк,элүүдөй киши менен Чаки элүү башы да келип калды. Үч уруу үч жерге топтолду. Кашкарбай, Чакиээрчишип Ийгиликке келип: — Канткенде бийимдин өчүн алып, намысын колго тийгизебиз! — дешти.Ийгилик ээринин кашын камчы сабы менен бир аз каккылады. Анан Албанды имериле карап койдуда: — алды менен бийдинөзүнө барып кеңешкиле. Эмне иштеп бергиле дейт экен, ошонусун уккула.«Жабыла барып Алмабектин айлын чаап бергиле» десе мунусун айтсын. «үч уруктун» союл согуугажараган эр бүлөсүнүн төрт көзү бул жерде түгөл турат:«Төрүнө союп бээсин, Чыгара чаап мээсин. Менменсиген шайтандын, Ошентип чыгаралы кээсин»— дегендей иш кылалы.«Алмабектин өзүн өлтүрүп, башын кесип келгиле» дей турган болсо, анысын айтсын. Андай ишкеАлбан өзү эле жарайт. Он, он беш жигит менен түн жамынып барып,ойронун отуна жагып келе калат. Барып өзү менен кеңешип келгиле. Өз бетибизче иштегенибизбийдин оюндагыдай болбой калса, каарына калабыз...Ийгилик ошондой деди. Кашкарбай менен Чаки ээрчише бастырышты. Аттарын алысыраак калтырыпбийден окчунураак отурган Сабит менен Бекиштин жанына барып кеңеш курушту. Ошол учурда, бийгеАлмабектин кордугунан да, ар жакта табалагансып атчан жанаша турган Ийгилик менен Албанга катууыза болду. Тигилер өздөрүнчө бир пикирге келе албай, же бийдин өзүнөн барып кеңеш суроого батына албай ыргылжың болуп турганда, атын кара булоо кылып койгулаган бирөө келди. Ал Алмабектинэлчиси экен.— Алмабек баатырыңыз аяна турган жерим калган жок. «Ыштаны булганган колун аябайт».Булгандым. Биротоло булганам. Солдатка жиберип жат жерде, жат элге кырдыргандан көрө, Качы бийгекырдырам. Колун курап эртең түштө «Чыр-Дөбөдө» болсун. Белги кылып мынабу камчыны алдынаташтай келгин деди. Мына, аманатын жеткирдим,— деп камчыны ыргытып кайта тартты.— Кармагыла. Ир алды менен ушунусун кудай жолуна курман чала туралы,— деп мындатургандардын бири качырып сала берди.— Элчиге өлүм жок. Бейбаштыгыңарды койгула. Кете берсин,— деп карылардын бири ордунан туракалды.«Бийди байлап баратат» деген кабар эски болуш Садыр элине да жетиптир. Садырдын эски белоорусу кармап төшөктө экен. Жыйырма, отуздай киши менен Шадман аке келди. Жолдошторун обочокалтырып өзү түз эле бийдин жанына барып түштү.— «Кара беттин бир кылганы жеткендир» дегендей,бир кылганың өз башыңа жеткендир. «Таба эмес, тобо». Эрге сыпайгерчилик, эчтеме эмес, аманкалгандыгыңа тобо кыл. Эсептеше жүрөсүң,— деп бийге көңүл айтты.Кашкарбай менен Чакиден кабар болбоду. Акыйып тура берип Ийгиликтин атынын бели да талыды.Ары карай бастырды. «Жамгырчылар» артынан жабыла жөнөдү. Аны көргөндө «Ийгиликтин оюбузулду» дегенди ойлоду, Сыйда сары,— «Жамгырчы» уулу тарап кете турган болду, токтото турайын»— деген ой менен Чаки элүү башы атына мине салып артынан чапты. Дуу коюп анысынын артынанмүлдө «Алике» бүт жөнөдү. «Алике» синен да ажырадык. Соксоюп «Олжобайлар» гана кала турганболду, — деди купуя, сабыры суз отурган Сары.Бий да чочулабай койгон жок. «Жамгырчы», «Алике» ошондон ары тарап кетсе, Алмабекке жалаң«Олжобай» туруштук бере албай тургандыгын ойлоп санаасы бөлүндү боло баштады. Бирок беркилергетап билгизбей дулуюп отура берди. Чаки узакка чейин жоголду. Артьшан кеткен «Алике» элинин дакарааны үзүлдү.Ийгилик элин ээрчитип кетпептир. Баткалышка барып ат чалдырып турушкан экен. «Алыкелер» дааттарын коё берип өздөрүнчө жатып калды. Чаки элүү башы чапкылап кайта барды да, үн жок, сөз жокотуруп калды. Бий да, Сабит да, Сары да «тигилерди тил алдыра албай супсуну сууп келип отурду» дегенойдо болду. Ошол учурда гана бийдин оозунан «баягы Мантегиңер көрүнбөйтко? Эмне, өлүп калганбы?»деген сөз чыкты. Эч ким жооп айтпады. Бул жерден башталган күбүршыбыр ар жакта жүргөнатчандарды да аралап кетти.Мантек бышьиксынып чедиреңдеген эркулдардын бири эмеспи, жакада калган салыгың алдырып,тоого каттырыш үчүн кечээ күнү ойго кеткен. Бүгүнкү кырдаалдан «абарсыз, кабар укса карап жатаалбайт эле. Эмнеси болсо да, анын азыр бул жерде болбой калышын бий (көкүрөгүнө түйүп койду.Чепкенин желбөгей жамынып кабак издеп кеткен Шадман аке кайта бийдин жанына келди. Майдараакорус кыштактарынын калкы чоңураак кыштактарына сыйлыгышып, курол жыйнап, бекинипжаткандыгьгн, көкүрөккөчүк, күнгөй тескейдеги элдин бардыгы туштушундагы кыштактарга бүгүнболбосо, эртең чабуулга өтүүгө белен болуп калгандыгын айта отурду. Сөзүнүн акырын:— Кана, бийим, отура беребизби?—деген сөз менен бүтүрдү.Бий ойлонуп-толтонду. Күңгүрөнө отуруп үн чыгарды.—«Куу алган кушта эмне сын» дөгендей, азырМенде эмне сага, эмне сөз. Эмне иштеп, эмне коюуну тиги букара болсо да Ийгилик менен акылдашыпкөргүлө. «Ат тарткыла. Мен жете берейин»— деди.Алмабек менен же ары, же бери болтуча пайдалана турайын деген ой менен, ишти Ийгиликке шилепкойгондугун Шадман аке толук түшүндү. Кашкарбай, Чакини алып Ийгиликке барды. Албан атын алыпкармап отурду. Эсендешкенден кийин:— Албан балам, агаңа түтпөпсүң го! Алмабектин жигиттеринителги тийген таандай таткалапсың. Азаматтын ак «өңүл, кечиримдүү болгону жакшы. Кара мүртөздүкбийдин өз башы менен кетсин. Анын сыры башкаларга билбейм, ма белгилүү. Жүрөгу гана эмес,жумурунун башында эмне жатканын да билем,— деп, бир кыйла сөздөрдү айтты.— Өзүбүзчө ээнсүйлөшөлү, — деп Ийгилик менен четтеп чыжты. Абалды ары талкуулашты, бери талкуулашты. —Алмабекке экөөбүз баралы. Эки тарапты кырылыштыруу акмактыктан башка эчтемеге жатпайтургандыгын айтып тыялы,— деди Шадман аке.Ийгилик: — Келбегиле, салгылашпайлы деп Алмабектин алдына барыш корккондукка, кол куушурупбаргандыкка жатар. Эр болсо келсин, даярбыз деген чакырык сөздү айттырып элчи жибериш керек.Барган киши өзүнүн камчысын ала барып алдына таштап «ойгону жөн. Эки таралтын колун бетме-беткоюп, анан калыс адамдар ортого түшүп бүтүм кылса, бир тараптын намысы бирине кетпейт. Ишмашагына тез минет,— деген мааниде сүйлөдү. Шадмлн аке макул болду. Ошентип бүгүнчө тарашты.

Супер-Инфо
super.kg
видео