Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#121 Пользователь офлайн   rnurzida   04 Октябрь 2015 - 20:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Саптарды сендик улам,
Сербейтип «төрөп” коюп,
Сезимдин бешигине,
Серпилтип бөлөп коюп...
Жымжырттык жымылдаган,
Жаныма жолөк болуп,
Терметип, термелемин.
Тең жаным сенде менин...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   rnurzida   04 Октябрь 2015 - 20:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Өмүр берип,
кечпи-эртеби кайра алган,
Жыргалынан
жыласы көп жалгандан,
Түн ичинде
Күндү таап алгандай,
Таптым сени
күз өмүрдө саргайган.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   rnurzida   04 Октябрь 2015 - 20:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Өмүрдүн билбейм,
Канчасы калды алдыда...
Өзүңдү издейм,
Кайышып карап алдыга.
Өмүрүм текке
Өтпөсүн үчүн табамын,
Өкүнтүп кеткен,
Күндөрүм жакшы калгыла...

Бурганак урат,
Буйдалтып бура бастырбай,
Бул сапар – жолдор,
Буулуккан сырым жактырбай.
Азайып, азыр,
Азабың мейли тартайын,
Алдымдан чыкчы,
Адашып тапкан жакшы ырдай.

Боорумду тосуп,
Бороонго барам бой уруп,
Боз инген болуп,
Боздогон үнүм кой угуп.
Жомоктой балким,
Жолумдан тосуп чыгарсың,
Жоолугуң булгап,
Жодурап күлүп жолугуп...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   rnurzida   06 Октябрь 2015 - 01:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кош бол дейсиң

Унут дейсиң!
Унутууга акым жок!
Сендей мага
бул дүйнөдө асыл жок!
Сенсиз жашоо –
жалаң арман, а бирок:
“Антпе дейсиң,ачуу – душман,
акыл –дос!”

“Өчтү, - дейсиң,-
өчтү сендик махабат!
Жүрөгүмдө
бүттү сүйүү жашабайт! ” –
дедиң дагы,
кеттиң жаным кош айтып,
өткөн-кеткен
күндөр үчүн жазалап!

Мейли бирок,
Ичер суусу түгөнсө,
Сүйүү эмес, адам өзү азаят!
Өкүнүч көп,
өзөгүм не өрттөнөт,
Өксүк мени
өмүр бою өрттөмөк!

Кадарына
Жетпей калып сүйүүнүн,
Экөөбүздүн
жолдор эми бөп-бөлөк!
Бирок мейли,
көрөр күнү түгөнсө,
Сүйүү эмес,
өмүр деле бөксөрөт!

Кош бол дейсиң!
Кош бол менин бийигим,
Мен дагы эми
сага көптүн биримин...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   rnurzida   06 Октябрь 2015 - 01:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Сүйүү таптым

Эч ким карыз
бере албаган, сатпаган,
Эскирбеген,
өңүнөн да азбаган,
Кубанчымды
бөлүшкүлө досторум,
Сүйүү таптым,
кучагыма батпаган!

Сүйүү таптым!
Сүйүү таптым досторум,
Анын жолун
өмүр бою тоскомун!
Жаш баладай
эки жагым элеңдеп,
Эми кайра
жоготуудан коркомун!

Көз тийбесин,
көрбөсүн деп башка адам,
Эшигин даап,
Эч ким ачып, какпаган,
Жүрөгүмдүн
тереңине жашырдым,
Сырды бекем,
бекем... бекем сактаган...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   rnurzida   09 Октябрь 2015 - 16:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Эгер мени
*
Эгер мени
сага ушактап барышса,
Сен билбеген
«укмуштарым» табышса!
Суранамын,
бузукуга ишенип,
Кабыргаңды
кайыштырып, камыкпа!

Ичи арамдар
имерчиктеп барышса,
Капыс эле
камкор боло калышса!
Аларды эмес,
өзүңдү эмес, мени эмес,
Андай кезде
арсыздыкты айыпта!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   rnurzida   09 Октябрь 2015 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ата-эне

Кубанып, а кай бирде убайым жеп:
“Балдарга жакшылык бер, Кудайым, - деп,
Ушулар орун-очок алгычакты,
Чарчабай, чымыркана турайын”, - деп,

Ичкени, жегени өтпөй тамагынан,
Жарымын бөлүп алып табагынан,
Жөнөшөт шаарды карай көтөрүнүп,
Балдары өтсө да эчак баралынан...

Көөдөнүн калган кезде санаа козгоп,
Көз жашы тегеренип балага окшоп...
Деген кеп: “Кайнененин камырынан”,
Чын окшойт, мен да сизге барам окшоп...

Атаке, Апакебай, акылманым,
Айтылып бүтпөс дастан, асылдарым,
“Адашпа, алсыраба, айланайын
Балам”, - деп аруулукка чакырганым.

Кай бирде кайкып учуп кетким келет,
Айланып, айлыңарга жетким келет.
Чаалыгып, чарчап турган кездеримде,
Эркелеп, мээриңерди сезгим келет...

Дем берип өйдө, төмөн кезде силер,
Кубаныч күндөрдө да эстесиңер!
Тилегим – бар түйшүктөн кутулгула,
Балпайып чөбүрө өпкөн кездесиңер!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   rnurzida   09 Октябрь 2015 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Сүйүп калып башканы...

“Ойлуу тартып кеттиң го?” - дейт алганым,
“Апа, неге күлбөйсүң?” - дейт балдарым.
Кыйпычыктап, жооп таба албай калп эле –
кайсалактап карайм ар жак, бер жагым.

Кечиргиле, бырчаланып жүрөгүм,
Эки ортодо өзүм дагы жүдөдүм.
Сүйүп калы сиерден да башканы,
Ырды сүйүп, азабым жеп жүрөмүн.

Жүрөгүмдө жашайт – ырдын үйү бар,
Жандүйөмдө сагыныч бар, сүйүү бар.
Таппай калып жакшы ырымды жоготтум,
Таарынды экен, билбейм кайсыл күнү ал.

Кечире алсаң кечир мени түгөйүм,
Бүгүн дагы ыр дүйнөмдө түнөйүн,
Таппасам да жолун тосуп ырлардын,
Таң атканча дербиш болуп жүрөйүн.

Кечир кызым, боло албасам жакшы эне,
Апам мени жомок айтып бакты эле.
Куудураган колдор менен жапкан нан,
Куурма чайы ушунчалык жакшы эле.

Эртең сөзсүз ошентемин мен дагы,
Бирок акын болом дебе сен дагы.
Бүгүн болсо кечириле балдарым,
Жакшы ыр жазып алайынчы, ээ жаңы?...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Октябрь 2015 - 09:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Туталанбай, тунжурабай, тумчукпай,
Ыйла журок, не турасын унчукпай?!
Азабынды жамгыр кылып тогуп сал,
Асманында калбаш учун кун чыкпай!

Оксук менен орттой бербей жанды бу,
Откунго айлан – отсун, кетсин бардыгы!
Окунучту коз жаш менен жууп сал,
Озогундон очсун куйут алдыгы!

Мистейбечи, таштай катып турбачы?
Чачыраба, бырчаланба, сынбачы?!
Билемин, оор, бирок сенден суранам,
Оорубачы, андан коро ыйлачы!

Ушунча жыл жер устундо думана,
Болдум эле, болдум канча убара,
Аруулукту мына таптым деп турсам,
Ылай суртуп кетишиптир буга да...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Октябрь 2015 - 09:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кечир мени

Жаза тайсам, Жараткан, кечир мени,
Жаңылышкан күндөрүм эсиңдеби?
Жазыгы көп жаралып калганы үчүн,
Бирок өзүм өзүмдү кечирбеди.

Кирпик жумбай кээ күнү кечиндеги,
Махабатка мас болгон кезимдеби,
Элеп-желеп элирип элес албай,
Сени унуткан күндөрүм эсиңдеби?

А кай бирде бардыгын жерип салып,
Бүт дитимди, дилимди берип салып.
Ырга айланып өзүмдү жоготконмун,
Кучагында эргүүнүн эрип калып.

Качан дагы гүлбурак кезимде мен,
Кай бирлерге анчейин сезилбеген,
Карапайым жигиттин колундагы,
Зор бакытты байкабай кесирлегем.

Көрөңгөлөйт көп суроо сезимде бир,
Көздү жумуп көшүлөөр кезимде бир.
Көңүлдөрдү ооруттум бекен, билбейм,
Кыянаттык кылсам да ал эсиңдедир?

Ушак айтып, уурдасам кечир мени,
Ошол окшойт көңүлдүн эзилгени,
Качан дагы калп айтсам керек эле,
Тыз-тыз этете уятым бетимдеги.

Жаратканда “адам бол” десең керек,
Айыбым көп, анымды сезем демек!
Ууздай таза, наристе келгендирмин,
Кетээримде качандыр... кетем бөлөк!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Октябрь 2015 - 23:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мени издейсиң...

Кечээ эле меники эле...
Кадалган карегиң да.
Жалгызың элем сенин,
“Аппагың, адемиң да...”

Колдоруң, каштарың да,
Капкара чачтарың да,
Бардыгы меники эле,
Калдаңдап басканың да...

Меники болчу баары –
Коңур, кооз добушуң да...
Кыялың, жоруктарың,
Кызганып коюшуң да...

Белиме оролуучу,
Ыпысык билегиң да...
Меники болчу бардык,
Ирмемиң, илебиң да...

Каткырып күлгөнүң да,
Жаркылдап жүргөңүң да!
Бардыгы меники деп,
Бактылуу жүргөмүн да...

Ошонун теңин бүгүн,
Башкага бөлүш дейсиң...
А сен мага тең бөлүнбөс,
Бүтүндүк, тегиздейсиң. ..

Экиге бөлүнбөгөн,
Көк ирим деңиздейсиң.
бөксөрүп, толуп-ташып,
Качандыр мени издейсиң...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Октябрь 2015 - 23:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Билесиңби

Ал башкача. Такыр башка. Башка адам...
Караганы... өзгөчө анын башкадан.
Күтөм. Тыңшайм. Көп ичинен акмалайм,
Сезем, кээде табышууга аз калам.

Сезем анын жылуулугун колунун,
Сөлөкөтүн боолгойм дене боюнун.
Жада калса туят, угат жүрөгүм,
Асылдыгын, аруулугун оюнун.

Эрининин ысыктыгын сеземин,
Элжиреймин, эбедейимди эземин...
Колун бекем кармап алып зымырап,
Анан учуп, аалам кезип кетемин...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   rnurzida   17 Октябрь 2015 - 16:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Узатуу

Мен эчактан корккон, күткөн ушул күн...
Жүрөгүмдөн бүгүн сүйүүмду учурдум.
Канаттарын дирилдетип абада,
Турду дагы, кетти асылы кушумдун.

Кол булгоого жарабадым. Унчукпай
карап турдум. Жаш да чыкпай, үн чыкпай.
Жайдакталып жалгыз калды жандүйнөм,
Калуучудай асманында күн чыкпай.

Дыбыраган жамгыр жаап майдалап,
Боз түшүүдө карааныңды далдаалап.
Тилеп сени болсо экен деп бактылуу,
Араң турдум, ыйлап ийбей балбаалап.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   rnurzida   17 Октябрь 2015 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Менин эски дептерим

Кереги жок мага башка нерсенин,
Бирин гана тандай турган келсе күн,
Тандаар элем көп бакыттын ичинен,
Жүрөгүмдүн ачкычын таап келсе ким...

Балким эссиз, балким эпсиз эркемин,
Койдура албай жүрөгүмдүн тентегин,
Ошол жакта кымбат нерсем калгандай,
Шарактата берем эски дептерим...

Кээсин эстеп, кээсин таппайм. Эх менин
баркын билбей, желге учурган кездерим...
Түк ойлонбой сүйөт элем, жоготкон
күндөрүмдү таап келип берсе ким...

Карда калган, жамгыр жууган издерим,
Ойдон, тоодон келе берет издегим...
Коё турчу... сен таап алган жок белең,
Башкача бир – күлүмсүрөй тиктедиң.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   rnurzida   21 Октябрь 2015 - 20:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мынча эмнеге?..

Көңүлдүн көксөөсү бар көздөрүңдө,
Керемет сыр жашынат сөздөрүңдө.
Күндөргө күтүү менен күүгүм кирип,
Түндө да түштөр кирет биз жөнүндө.

Ырдасам сагынычым жетет бекен,
Ынагым, ырга айлангым келет нечен!
Ылайым ыр түнөгөн жүрөгүңдө,
Ыр болуп жашагым бар керек десең!

Канатты күүлөйм сага жетким келет,
Кайгыдан арачалап кетким келет.
Төгүлгөн кирпигиңден кагылайын,
Тагдырлар табышабы, эх ким билет!

Сеңселген саамайыңды желбиретип,
Элесиң тиктейт жанды элжиретип.
Билбеймин, мынча эмнеге сүйдүрөсүң,
Шипширин добушуңду дилдиретип.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Sheke-brat   25 Октябрь 2015 - 11:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Биз анда


О, биз анда кандай гана таза элек,
Ыпыластык ылайына бата элек...
Аруу элек, сулуу элек, наз элек,
Көйгөй, санаа, көк желкеден баса элек.
О, биз анда аруулукка мас элек, Бул турмуштун чарчоо ырын жаза элек,
Чагылгандай өктөм элек, жаш элек,
Жаңы ырлардай... көөнөрө элек, аза элек...
Жалганчылык жаныбызга бата элек,
Жашоонун шор, ачуу даамын тата элек,
Он гүлүнүн бири дагы ача элек, О ошондо көктөм элек, жаз элек...


Ж.И.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   rnurzida   25 Октябрь 2015 - 14:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Биз...

Багыт жалгыз... бараткан жак мунарык,
Баскан жолдор жатат артта чубалып...
Кайра кайтып, качкым келип артыма,
Калдалактайм өрдү карай куланып...

Болсо дагы эртеңкибиз табышмак,
Биз жашоону жакшылыкка багыштап,
Үмүт, максат... турат бизди түзөлтүп,
Кадамыбыз баратканда чалыштап...

Антсе дагыкөптү билдик, билбедик...
Көңүлдөрдү камыр кылып ийледик,
Биз күндөрдүн кадыр-баркын аңдабай,
Жакшы-жаман, ак-кара деп иргедик...

Кээде ташып, кээде азайдык, кеңидик,
Бактыбызга батпай, кээде кемидик.
Тирүүлүктүн өзү бакыт экенин,
Сезип, сезбей майдаландык, кейидик...

Эртеңдердин эртеңине агылып,
Аткан таңды, баткан күндү жамынып.
Эмнегедир энтелеңдеп барабыз,
Бир чындыкты калган өңдүү сагынып.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   rnurzida   25 Октябрь 2015 - 14:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Катка жооп

Сен жазыпсың: “Оюм сизге ак, таза,,
Кечириңиз, бирок суроом жакпаса.
Талант, сүйүү, мансап, байлык – баардыгы,
Башыңызга жүк болбойбу башкача?..”

А мен жанмын артыгы жок башкадан,
Маянасы – майда иштерден ашпаган.
Ар бир кечте соңуна окшоп жомоктун,
Аткан таңда кайра уланып, башталам...

Жаратканды, жакшы адамды сатпаган,
Сапатым бар, сасыткы ойдон сактанам.
Садагасы, көрөнгөм бай, а бирок
Сандыгым жок, дүнүйө ороп сактаган.

Кээде эргийм, кээде көзгө жаш алам,
Кээде улгаям, кээде талдай жашарам...
Бирок өмүр Жаратканга аманат,
Мүнөт сайын, бир кертимден азаям...

Учурум көп – өзүмө-өзүм жакпаган...
Кантип анан жалган айтып, мактанам?
Чынында өлгөн күндөрүм деп эсептейм,
Күндөрдү ошол – бир үзүм ыр жазбаган.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Sheke-brat   28 Октябрь 2015 - 20:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Махабатты өчүрө албайт аралык
Күндүк бекен, айлык бекен аралык,
Бирок бизден бир ак жарык таралып...
Алыстыкты багындырып, жүрөктүн
Кагышы да угулууда саналып...
Алыс туруп, бирок өтө жакынсың, Жандүйнөмдүн жарыгысың, жазымсың.
Жер шарынын туруп аркы бетинде,
Ырдап берчи, жаным жарпым жазылсын...
Махабатты өчүрө албайт аралык,
Кыялымда мени барат сага алып.
Салып алып кайыгына сүйүүнүн, Сагынганда сени келет мага алып...


Ж.И.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Sheke.brat   30 Октябрь 2015 - 02:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 949
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 16 Июл 2019 14:24
  • Жынысы:Эркек

А сен болсоң...


Азартым бул - азаптыр же бактыдыр?
Адатым бул – жамандыр же жакшыдыр?..
Быркыранып – сынып, кайра биригип,
Сен жөнүндө жазгым келип жакшы ыр..!
Мен өзүмдү өзгөлөрдөн катам да, Мезгилдин бир чекитине батам да,
Мелмилдеген жымжырттыкты жамынып,
Аалам тордун терезесин ачам да…
Дүйнөм түгөл болуучудай сен менен…
кабарыңды издейм, табам, термелем!
А сен бакыт, сүйүү издеп башкадан, Баратасың, аралашып эл менен…


“Бир узум от”
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 14:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: