Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#161 Пользователь офлайн   aytkulova   14 Октябрь 2015 - 04:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

Башкы дарыгердин баяны...
Кырк жылдан бери рак оорусуна жолуккан
бейтаптарды дарылайм. Ушул убакка чейин
түрдүү окуяларга туш келдим. Алардын
ичинен 1976-жылы болгон бир окуяны баяндап
берейин...
Башкы дарыгер болуп иштеп турган убагымда
жаш жигит өпкө рагына чалдыгып келип
калды. Аны өзүм дарылачу элем. Кудайдын
уруксааты менен кыска убакыт ичинде абалы
жакшыра баштады. Болгону, кеминде беш
жылга чейин өзүн жакшы карап, кээ бир
нерселерден тыйылып турушу керек эле. Төрт
жыл өтүп, ал жигит Измирге барып келүүнү
суранып калды. Кыш айы болгондуктан
самолётто барып келүү шарты менен уруксат
бердим.
Тилекке каршы ал самолётко билет алалбай,
автобус менен жолго чыгыптыр. Анын үстүнө
автотыгында алты саат суукта калып
кетиптир. Кесели тез арада анын сөөк жана
өпкөлөрүнө таркап кетти. Бул болсо башка
оорулардын да сезгенишине себеп болуп, баса
албай, дайыма кислород менен дем ала
турган абалга алып келди.
Бир жолу үйүнө барганымда:
«Доктор... Мен сизге абдан нааразымын», –
деди.
«Эмне үчүн?» деп сурадым.
«Сиз... диндар адам экенсиз. Неге мага да
Аллахты, өлүмдү, акыретти түшүндүрүп
бербедиңиз? »
Анын суроолорунан бир аз ыңгайсыз боло
түштүм.
Жигиттин көңүлүн алуу үчүн аракет кылып:
«Догдурга ар кандай абалда акчасын берип,
дарылана бересиң. Бирок, ыйман дарысын
алуу үчүн чын дилден каалашың керек», –
дедим.
Ал чын дилден каалайм деген мааниде башын
ийкеди. Ушундан кийин үмүтсүз медициналык
дарынын үстүнө ыйман менен да дарылоо
башталды. Ал болсо мен үйрөтүп жаткан
ыйман акыйкаттарын чын жүрөктөн тыңшап,
айрым учурда суроолорун берип турар эле.
Бир күнү «Доктор, – деди... өлүп баратканда
эмне дешим керек?»
«Сага али шахадат келмесин айтуу узундук
кылат. «Аллах, Мухаммад», десең сага үзүр»,
– дедим. Оорусу күчтүү болгон үчүн көп
кыйнабайт элем. Бул арада сапарга кетип
калып, кыска убак көрүшпөй калдык.
Кайтып келгенимде апасы коңгуроо кылып:
«Балам бир жумадан бери укол албай жатат»,
– деди.
Тезинен анын үйүнө барып, эмне үчүн укол
албай жатканын сурадым. Анын жообун ушул
убакка чейин унута албайм... Эстегенде
титиреп кетем:
«Дарынын таасири менен уктап жатканда
өлүмгө туш келип «Аллах, Мухаммад», дей
албай калсамчы?» – деди.
Эртеси күнү ага: «Эч коркпо – беймарал укол
алышың мүмкүн» дедим.
Жигит бул учурашуубузда акыркы суроосун
берди:
«Доктор! Азраил... мага кандай... абалда
көрүнөт?»
«Уулум, Азраил алейхи салам бир периште.
Кыйналба, ал сага жакшы кебетеси менен
келет, Кудайым буюрса», деп жооп бердим.
Шейшенби күнү жигиттин абалы
оорлошкондуктан үйүн көздөй жол тарттым.
Бирок, тилекке каршы аны менен амандашуу
мага насип болбоду. Үй-бүлөсү бүтүндөй ызы-
чууга түшүп калган экен. Бир гана диндар
карындашы, мени көргөндө жаныма келип,
анын соңку абалын айтып берди: «Бир аз
мурун үйдө бир муъжиза болуп өттү. Агам
кислородун чечип, кыймылдаба дегенибизге
карабай, туруп даарат алды. Андан кийин эки
рекет намаз окуду. Баардыгыбыз нес болуп
калдык. Кийин болсо шахадат келмесин
келтирди жана «Догдурга айтып койгула, өлүм
периштеси ал айткандан да сонун кебетеде
көрүндү», – деп жаны үзүлдү»...
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   spartacus   19 Октябрь 2015 - 22:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 02 Июнь 13
  • Соңку аракети: 29 Июн 2018 16:24

Талас жөнүндө төрт сөз...




Жакын досубуздун үйлөнүү тоюна Таласка конокко бардык. Той деген сонун,баарынын маанайы көтөрүңкү, көр тириликти убактылуу болсо да унутуп,тирүүлүктүн бейишинде жүрдүк. Күн мурунтан барып түнөп калдык...

- “ӨӨүү чык баарың, баарыңды кырам”, деген кыйкырыктанойгонуп кеттим. Бир эргул сөгүңуп-сагынып, кой-айга көнбөй эрдик кылып жатканыугулду. Таңкы саат 8 дер чамасы... Кытайды кырып келгенсип, ызы-чуу салганынанойлогом. .. Ташчайнардын акеси го деп... Эшикке чыксам бою бир жарым метр,“духу” миң болгон бир кошунасы экен. Аны жаш келин заматта эле “кайрып койду”.Тойдун шааниси деп билдим.

- “Эмне кадаласың, кызыгып жатсыңбы?” дейт, жашы 60 гачамалап калган улуу эле байке. Жуунуп жаткан досум экөөбүздү карап... Күлүпжибердик.

- Чай ичип жатсак бир байкеси келди. Накта таластык жигитэкен. Бир чыны чай ичкенче, тоону томкоруп, ойду омкоруп салды. Кыргызстандытүрө кыдырганын, коён жатак жерине чейин билерин айтты...

- Элден мурун барып камданалы деп, кафеге биринчи болупбардык. Эки жаштын тоюнда коноктор сүрөткө түшсүн деген ойдо атайын банержасатып бардык эле. Илип коелу десек кафенин бир кызматкери ой да каадаланды, баарыбызды бирден сыйра сөккөнгө жетишти. Көрсө жөнөкөй эле кароолчусу экен...

- “Кирсеңер киргиле,же чыккыла”, ачуу үнү менен полжуугучаял кагып берди баарыбызды. ..

- Официант жигитти башында кафенин ээси экен депойлоптурбуз. ..

- Билектен кармап артка тартат бирөө, карасам 10-класстаокуган сүрөтчү кыз экен, сүрөт ал деп коркутат...

- Той аркалап калганда свет жалп өчтү, көрсө администраторбийлигин көрсөтүп жаткан экен...

- Кошмойлордон көпчүлүгү эле кыл куйрук деп жатышты, сыягыбир үйүр болду окшойт.

- Ыр жандуу келишет экен, эркек-аял дебей мыкты созолонтупжатышты.

- “Менден приз” деп 1000-3000 сомго чейин тамадга карматыпжатышты.

- Абдан меймандос келишет экен, алаканга салып алышты.

Жалпысынан той мыкты өттү. Таластык туугандарга абдан ыраазы болуп кайттык.Мактанганга жараша кылып сыйлап жөнөтүштү.

P.S. Бул бир адамдын пикири эмес, жети дубандан чогулган жигиттердин оюу.Тойдонкийинки маектен үзүндү...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Октябрь 2015 - 10:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Талас жөнүндө төрт сөз..." темасы менен бириктирилди.
spartacus , кыска аңгемелерди ушул темага жазыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   jasi   21 Октябрь 2015 - 16:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Унаа айнегине тиркелген сүрөт.
Түнү менен интернетте отуруп, чет жерде жүргөн дос-тууган айтор жакын санаалаштарым менен кат алышып, баарлаштым. Жакшы адамдар менен убакыт ушунчалык билинбей өтүп кеткенин өзүн да сезбей каласын демекчи, саат да бир топ убакытка барып калганын көрүп, уйкуга кеттим.


Мына сага...түндөп интернет менен кат алышканымдын кесепети. Эрте мененки чырылдаган “Будильникти” да укпай, уктап калыптырмын. Эхх..ошентип жумушка кечиктим. Жок дегенде кофе ичип кетейин деп, ары-бери чуркап атып, чайнеке суу коюп, бирок токту тамызбай коюптурмун. Бул да болсо шашып, өзүмдү күнөөлүү сезип атканымдын белгисидир деп жоруп койдум өзүмчө. Шашкан шайтандын иши экенин билсем деле ☺ Аңгыча жетекчим чалып, жумуштар боюнча бир чогулушка катышуум керектигин айтты. Жетекчиме сөзсүз катышып келээримди айтып, жолго чыгаар замат кол көтөрсөм... бир ак түстүү машина келип токтоду. А менин оюмда бир гана айтылган чогулушка кечикпей баруу эле. Эмнегедир кыжалат болуп, кечигип калгандай өзүмдү күнөөлөп, тынчсызданып бараттым. Бир аз жол жургөн соң, унаанын радиосунан угулган жай музыка көңүлүмдү биртке тынчтандыргансыды. Эмне болсо да буюрган убакытка, насип кылган саатка жетип барамын да деп, унаа ичин тамаша кыла баштадым. Чындыгында өзгөчө жасалгаланып, башка унааларга караганда кооз экен. Мына ушул нерседен эле байкалып турат. Мындай нерселерди жасоодо айдоочунун колу гүл экендиги. Өзгөчө менин көңүлүмдү бурган нерсе, дал ошол унаанын алдыңкы айнегине тиркелип турган сүрөт болду. Ошентип биздин маек башталды.

- Апаңызбы?,- деп чыдай албай сурадым.

- Ооба ,-деди айдоочу.

- Кечиресиз, бул адам араңардабы ? (эми көзү тирүүбү деп суроо бир аз ыңгайсыз болду да)

- Кудайга шүгүр. Эмнеге сурадыңыз?

- Жөн эле кызыктым. Кечиресиз эгер көңүлүңүз оорутан суроо берген болсом. Негизи көпчүлүгүбүз эле арабыздан эрте кеткен инсандардын гана сүрөттөрүн төрүбүзгө илип алат эмеспизби дедим.

Мен берген суроо анын көңүлүн оорутуп койдубу билбейм. Үн катпады... Бир аз убакыт өткөн соң кайра өзү сөз баштады.

- Бизди ушул таш жолго калтырбай бараткан тулпарыма чыккан кишинин баары эле сиз берген суроону узатышат. “Эмнеге бул сүрөттү маңдайыңа чаптап алдың? Бул ким?” деген сыяктуу суроолорду көп беришет. Бул нерсенин эки себеби бар.

Биринчиси, машинаны тез айдаганды жактырам. Башкача айтканда катуу ылдамдыктан рахат алам. Унаалардын саны азыраак жерге жеткенде буттарым өзү эле “газды” басканы шашылат. Маңдайымда турган апакемдин сүрөтүнө көзүм түшөөр замат, ылдамдыкты азайтамын. Мен үйдүн жападан жалгыз ишенген уулумун. Мага бир нерсе болсо, апам андай түйшүктү көтөрө албастыгынан корком бул биринчиси. Ал эми экинчиси жана эң эле негизгиси, апам дайым көз алдымда. Мен адамдын жашоосун кадимки эле жыл мезгилине салыштыргым келет. Анткени жаз өзүнчө жаратылышты жаркын түскө бөлөп кубантса, кыш мезгили айлананы түссүз кылгансып баары ак карга бөлөнөт. Биз адамдар дагы тирүү жан болгон соң, ар бир күнүбүз ар башкача түс менен боелот десем туура болчудай. Кээде капа болуп жан дүйнөңдү күңүрт түс каптагансып калат дегендей. Мына ушундай учурда кыйналып кетсем, апам сүрөтүнө көзүм түшөөр замат, жеңилдеп калам. Билбейм эми, бул апамдын мага ошончолук мээрим берип чоңойтконунан улам болсо керек.Ушул кичинекей сүрөттү көрүп эле оюмдагы бардык жагымсыздыктарды артта калтырам. Бирок апамдын сүрөтү бешенемде турса деле сагына берем. Жумуш аяктаган соң үйгө кеткени шашыла берем. Эгер апамдын үйгө кирип барганымдагы “ Садага болоюнум аман-эсен келдиңби?”, - деп бешенемден сылап, жүзүмдөн өөп күтүп алганын элестетсем жумуштарымды ого бетер эртерээк бүтүрүүгө аракет кылам.

Мына ошол учурда “ Тообо кылдым, бул мынча мактанчаак. Тим эле башкалар апасын сагынбай жүргөндөй сүйлөйт да” деп кыжырданып да жаттым. Бирок ага билдирбей жылмайып гана тим болдум. Анын ордуна өзүмдү коюп, салыштырып ойлой баштадым. А менин жанымда болсо апамдын сүрөтү жок. Капчыгымда бар эле аны да үйгө калтырган экем. Үйгө да буга окшоп шашпайм...Ошол убакта ага бирөө телефон чалып калып, оюм үзүлдү. Менден кечирим сурап унааны жолдун четине токтотту. Узакка деле сүйлөшкөн жок. Бирок ушул кыска убакыттын ичинде “ Апа , угуп жатам. Макул, сөзсүз” деп айтты. Карап турсам телефондо сүйлөшүп жатып да, апасы маңдайында тургандай ийиле сүйлөп макул апа болуптур апа деп күлмүңдөп жатты.Ага абдан суктандым чындыгында. Мен ушул жигитчелик апама көңүл бурбаганыма. Дароо муздай түштүм. Билбейм ар бир сөздү көңүлүмө жакын алганым үчүнбү айтор мукактанып сүйлөй албай туруп калдым. Ошентип кайрадан жол уладык. Жетээр жериме кантип жетип калганымды да байкабаптырмын. Чогулушка киргенде да бычактын мизинде тургандай болдум. Күн бою ошол чогулуш, ошол айдоочу, ошол сүрөт оюмдан таптакыр кетпей койду.Түшкө маал мен да жумуштарымды эртерээк бүтүрүп үйгө кетүүгө камындым. Жолдо баратып, башка мамлекеттен келаткансып өзүмчө эле толкунданып, көзүмо жаш алып, ичимен батпай бараттым. Колумда болсо апам жактырган апакай розалар бар эле.


Ушундай шашылышта жетчү жериң да эмнегедир узактай сезилеби айтор, кадам шилтеген сайын эмнегедир үйгө жетпей кала тургансып шашып бараттым. (Артымды карайм эч ким деле кууган жок ☺) Жолдо баратып, эки жагымды карабасам да, тээ алыстан акмалап үй жакты карап бара жаттым.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 22 Октябрь 2015 - 16:53

Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   jasi   21 Октябрь 2015 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Үйгө да жеттим. (Эми жүрөгүмдүн дүкүлдөп катуу сокконун айтпай эле коеюн ☺) Эшикти ачаар замат апакем жылмайып: “Келдиңби айланайын? Курсагың кантти? Жакшы эле болбодубу сарсанаа болуп жаттым эле” деп саамайымдан сылап, жүзүмдөн өптү. А мен бул сөздөрдү жаңыдан гана угуп жаткансып, толкунданып, көзүмө жаш алып өзүмчө эле сүйлөй албай мукактанам.

- Апа...апа...эмечи. ..деп, колумдагы гүлдү да жакшына бералбай тайсалдадым. Апам болсо менин ыңгайсыз болуп жатканымды түшүндүбү, айтор “Жүр үйгө, тамак да муздап калды”,- деп ары басып кетти. Эми апа деген ушундай зат экен да. Биздин эмне болуп жатканыбызды жүрүм-турумубуздан эле сезип, билип коет эмеспи. А мен акырын апамдын артынан барып:

- Апа, билесизби бул гүлдөрдү атайын сиз үчүн алып келдим. Сиз апакай розаларды жакшы көрүшүңүздү баарыбыз эле билебиз го апа.( Муну караңыз, эмне деп койдум?! Эгер баарыбыз эле билсек, эмне үчүн 1 даана болсо да апама гүл бербейбиз? Эгер бир туугандарым менен 1 ден гүл алып келсек да 1 кучак гүлдестеге айланмак го... демек мен бул жерде да ката кетирдим )

Апам байкуш биртке унчукпай туруп, жашып кетти да:

- “А мен ойлопмун... бүгүн кимдир бирөөнүн туулган күнү же сага бул гүлдөрдү жумуштан бирөө белектедиби деп ойлодум эле балам. Тим эле койбоптурсуң да”,- деди. ( Апамдын универсалдуу сөздөрүнүн бири, “ тим эле кой же тим эле койбоптурсун”)

А мен бул сөздөрдү угуп, ого бетер муздай түштүм. ( Эхх...апама себепсиз гүл бербей жүргөнүм үчүн, апам ушинтип ойлоду да. Чындыгында моюнга алыш керек, азыр ойлоп көрсөм... апама 8-мартта гана гүл берипмин. Башка убакта ойлобогонум үчүн, бул да менин катачылыгым деп билем)

Дүйнөдөгү теңдешсиз асыл адамым, көздөрүнөн аккан жашты...жоолугунун чети менен сүртүп жатты. Бул албетте кубанычтын көз жаштары эле...

Мына бүгүн да апам үчүн атайын апакай розаларды алдым. Мурдагыдай толкундануу жок. Көңүлүм тынч, көөдөнүм кубанычка толо.. өзүмдү жакшы сезип баратам... (Урматтуу окурманым, сиз да апакеңиздин көңүлүн көтөрүп, гүл белектөөнү унутпаңыз. Көкүрөгү кубанычка толуп, кубанычтан гана көз жашы аксын) Апа – адам баласынын алгачкы мектеби...


Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Rozalia   21 Октябрь 2015 - 17:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эже,мынча сонун журокко жеткире жазгансыз.Апакемди эстеп азыр эле жетип баргым келип кетти.Чындап мен да коп маани бербейт экенмин эле.Атама чукулмун,атамдын козун карап конулун которуп эде журом.Мага караганда жолдошум "Мамама муну алалычы мамам бул таттууну жакшы корот...мамама бул жакшы жарашмак" деп турат.
Жазгандарыныз аябай таасирлуу болду мен учун.Апаларыбыз аман болсун

Билдирүүнү түзөткөн: Rozalia: 21 Октябрь 2015 - 17:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Alina1984   21 Октябрь 2015 - 19:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз

Баарын еле берейин дейм бирок,Алтын апам жок да бул дуйнодо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Gulzat86   21 Октябрь 2015 - 20:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 694
  • Катталган: 12 Май 15
  • Соңку аракети: 02 Мар 2017 11:43

Авторго терен ыраазычылык. Ар бир жазганы жеткиликтуу экен.Кудум озум ошол окуянын каарманы болгондой толкундаса толкундап жашыса кошо жашып аттым.Ата-энелерибизди козу барда сыйлайлы.Айтат ко Ата.эненди ата.эне ордунда сыйлабасан келип кетчу конок катары сыйлап кой деп.Бул дуйнодо баары убактылуу. Андыктан батасын алып татыктуу уул.кыздардан болойлу.Ата. энебиздин ьатасы менен жер бетин басып журобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Gulzat86   21 Октябрь 2015 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 694
  • Катталган: 12 Май 15
  • Соңку аракети: 02 Мар 2017 11:43

Просмотр сообщения Alina1984 (21 Октябрь 2015 - 19:17) жазган:

Баарын еле берейин дейм бирок,Алтын апам жок да бул дуйнодо


Аллахым апанызга бейиштен насип этсин.Белек берууго али да.болсо кеч эмес деп ойлойм.Артында калган пензенттердин белеги бул Куран окуп сообун багыштоо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   nurdaana   21 Октябрь 2015 - 20:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 04 Мар 2019 00:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мейкиндик

Жашытып ийдиниз,токтоно албай ыйладым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   aytkulova   21 Октябрь 2015 - 22:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

Эч нерсеге тендешсиз алтын АПАКЕМ. Таасирдуу чыгарма экен, учуп барып апамды кучактагым келип турат... Апалар бар болушсун!
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   happy02   21 Октябрь 2015 - 23:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Чынында козго жаш толуп чыкты окуп буткучо.. Менин алтын АПАКЕБАЙЫМ. . "Мамочка" , "мамоу" деп эркелесем жылуу, жумшак колдору менен чекемен сылап эркелеткеничи. Азыркы учурда жанымда олтурса да сагынып кеттим))

Апамды менден да ашыра сыйлап, кадырлап, ал акыбалын унутпай ар дайым сурап турган бир адамга да ичим жылып кетет.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   mega777   22 Октябрь 2015 - 00:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Өтө терең мааниде жазылыптыр. Кана ар бирибиз ушуну окуп жүрөгүбүз менен туюп сезсек.Анда ааламда ар бир АПА бактылуу болмок.Апасынын элесин айнекке тартып алып,айттырбай келчү ар кыл кырсыктан сак жургону бул Эненин ыйыктыгынын дагы бир касиети.Жада калса элеси менен да жамандыктан баласын калкалап жургон Апалар аман болсун!

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 22 Октябрь 2015 - 00:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   beka1207   22 Октябрь 2015 - 01:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Абдан жакшы жазылыптыр!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   osh93   22 Октябрь 2015 - 01:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Чынында,жакшы окуя экен. Ушундай окуялардан коп-коп жазылса жакшы болмок, журокту ойготуучу окуя экен.Меерими тендешсиз ЭНЕЛЕР бар болсун!
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   kalen9001   22 Октябрь 2015 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Сонун, сонун, козго жаш айланып кетти. Браво
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   Gulzat86   22 Октябрь 2015 - 04:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 694
  • Катталган: 12 Май 15
  • Соңку аракети: 02 Мар 2017 11:43

Просмотр сообщения mega777 (22 Октябрь 2015 - 00:01) жазган:

Өтө терең мааниде жазылыптыр. Кана ар бирибиз ушуну окуп жүрөгүбүз менен туюп сезсек.Анда ааламда ар бир АПА бактылуу болмок.Апасынын элесин айнекке тартып алып,айттырбай келчү ар кыл кырсыктан сак жургону бул Эненин ыйыктыгынын дагы бир касиети.Жада калса элеси менен да жамандыктан баласын калкалап жургон Апалар аман болсун!


Туура апа деген ыйык зат.Бирок элеси эч кандай жардам бербейт.Болгону ата.эненин батасы менен Аллах Таала бизге амандык берет.Жамандыктан калкалоочу жакшылыкты беруучу апабыздан да мээрими кучтуу Зат-Аллахдыр.

Билдирүүнү түзөткөн: Gulzat86: 22 Октябрь 2015 - 04:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   jasi   22 Октябрь 2015 - 10:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сүйүү алып келген автобус
Кыштын чилдеси күчүнө кирип айланадагы жандуу-жансыздын баарын калтыратып чыкылдап турган кези болчу. Апасы каза болуп, үйүнө кеткен досума барып куран окутуп милдетимден кутулуп келейин деп анын айылына жөнөп калдым. "Сайран" автобекетинен Алматы-Кызылорда автобусуна түшүп 1000 чакырым жол жүрүп таң атпай Кызылордага жетип бардык. Кайра автобус которуп досумдун ээн талаада жайгашкан айылына дагы 300 км жол жүрүү керек эле. Ал жакка каттай турган автобус саат бирде жөнөгөндүктөн түшкө чейин вокзалдын күтүү залында отурууга туура келди. Вокзалдын ичинде эл толтура. Ошол жылдары Казахстанда да кризис болуп эл кыйналган кези эле...

Аңгыча болбой апакай пальто кийген сулуу кыз кирип алаңдап орундук издеп калды. Андай жерден жигиттик сезим ойгонот эмеспи, ордумду бошотуп бердим. Тиги кыз “рахмат” деп айткандын ордуна тетири басып кетип калды. Эрке өскөн жаным шагым сынып, бирөө башка чапкандай кайра отурарымды же турарымды билбей турганда, тиги кыз ар жактан бир жигит орун бошотсо шып этип отуруп калды... Ушундай жиним кайнап, намыстанып дүйнөдөгү эң жаман адамдар тиги эркек менен кыздай сезилип терезе жакка бардым да автобустарды карап туруп калдым. Андайда кычагансып убакыт да өтпөй калат экен... Араң турганда безиме тийип тиги экөө ымалашып сүйлөшүп, шыңкылдап күлүп өзүнчө эле бактылуу боло башташты...

Ошентип убакыт сааты келип жүргүнчүлөр автобуска жайгаша баштадык. Тагдыр ушундай кезде аеосуз ойнойбу билбейм, жанымдагы бош орундукка кишиси келбей автобустагылар ызы-чуу болуп айдоочуну жемелей башташты. Айдоочу да жанымдагы киши үчүн мен күнөөкөрдөй жаман көзү менен карап сөгүнүп кирди.

Аңгыча болбой тиги ак пальточон кыз автобуска шаңдуу кирип келсе боло? Мен ушундай жиним кашайды. Элдер аны туш тараптан урушуп киргенде байкуш кыз сууга түшкөн чычкандай болуп шүмүрөйүп калды. Баарынан кечирим сурап келип менин жаныма отурду. Мен жаныма кара чаар жылан келгенсип денем жыйрылып карагым да келбеди. Терезе туш суук болгондуктан, аны ошол жакка өткөрүп жибердим. Ал да: "Сиз тигил жагына өтүп аласызбы?" , - деп айта албай күнөөсүн сезип унчукпай терезенин аязын сүртүп отуруп калды.

Жол тайгак, эшик бороон болгондуктан беш-алты саатта жетебиз дешти. Шаардан чыгарыбыз менен укмуштай катуу бороонго кабылдык. Автобустагылар жанындагылар менен сүйлөшүп киришти... А экөөбүз эки жакты карап отурабыз. Ошентип эки сааттай убакыт өткөндө автобустун мотору күркүрөп келип эле токтоп калды. Айдоочу жарым сааттай миң алакетке түшсө дагы бузулган жерин таппады көрүнөт, жол улаш чыккан бирин-серин чыккан машиналарды тосуп элди кетире баштады. Ошондойдо адамдар өзүмчүл болуп калабы же намыс деген жоголобу айтор эркектер аялдарды түртө сала машиналарга тыгылып кете башташты.

Менде кайра келерге гана акча болгондуктан автобус оңолор деп тобокел кылып калууга туура келди. Байкасам жанымдагы дагы былкылдабай отурат... Ошентип отуруп бир саатка жетпей элүү чамалаш адамдан мага окшогон студенттерден 5 адам калдык. Бизди аянычтуу караган шофер "Силер анда күтүп тургула мен механик алып келем" деп автобусун бизге кайтартып коюп кетип калды.

Эшикте -25 градус суук. Элдин деми менен ысып турган автобус дагы убакыт өткөн сайын жан чыдагыстай сууп баарыбыз тоңо баштадык. Бешөөнүн үчөө эркек, эки кыз. Жанымдагы кыздын аппак бети көк муштум болуп бечаранын кебетесин кийип калганын көрүп боорум ооруп кетти да дубленкамды чечип үстүнө жаптым. Ал мени карагандан уялып каршылык да кылбай эркиме көнүп жылуу тонду жамынып отуруп калды. Ага берерин берип коюп өзүм калчылдап баштадым. Намыс деген күчтүү эмеспи ичимдеги болгон күчүмдү колдонуп өзүмдү кармап титиребегенге аракет кылып отурдум. А берки жигиттер болсо тиги шордуу кызды карап да коюшпай курткаларына баштарын катып калп уктап жатышат...

Чыдабай кетип ордумдан турдум да ары-бери баса баштадым. Эшикте шамал уулуп, күндүн убактысы билинбей боз-ала туман... Чоң энелер айткандай алаамат заман. Убакыт өтпөйт. Ошентип бир аз бастым да кайра ордума отурдум. Тиги кыз мага жөлөнүп тонду чогуу жамыналы деди. Анда тиги байкуш куруп калчудай. Отура бер дедим кыйын болуп... Бирок ошентсе да кыз эмеспи мага капталын такап башын төшүмө жөлөп отурду... Ушундай кубанып, ага болгон жек көрүүмдү унутуп калдым да сүйлөшө баштадык...

Көрсө вокзалдагы жигит анын бир тууган таякеси экен. Убакыт өтүп жан чыдагыс абалга кептелгенде гана шофер кирип келди. Алар автобусту оңдоп жылыткыча дагы бир саат өттү... Ошентип кайра автобуска жан кирип айылга жол тарттык. Арай экөөбүз эски тааныштардай сүйлөшүп коштоштук. Ал андан төрт айылдан кийин түшөт экен. Мен автобустан байкабаптырмын, коштошуп атып карасам буттарында жайкы туфли экен...

Мен досумдун үйүнө жетип эле куладым. Эки күн жатып кайра эптеп туруп Алматыга жетип кайра Кыргызстанга келдим... Үч ай катуу оорудум... Ошентип ооруп айыгып жүрүп окуумдун акыркы жылын кантип бүтүргөнүмдү билбей калдым.

Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон көтөргөнгө элдин чамасы келбеген заман болгондуктан тиги ак пальточон Арайымды бирде сагынып, бирде менин ооруганыма ошол кыз күнөөкөрдөй жек көрүп жүрдүм... Ал билим алган окуу жайы Кызыл-Ордада болгондуктан барганга да убактым жок болду... Аны ушунча сүйүп калганмынбы билбейм башка аялзаты көзүмө көрүнбөй Алматынын көчөлөрүнөн көрүп каламбы деп издечүмүн...

Сулуу кызды эчак эле алып кетти да деп, үмүтүмдү үзгөн маалда, тагыраак айтканда алты жыл өткөндөн кийин ак пальтом менен тагдыр кайра жолугуштурду. .. Аны менен кантип табышканымды айтсам убакыт созулчудай. .. Көрсө ал байкушум да оңбоптур... Мен сыяктуу катуу ооруп, анын үстүнө бутун да үшүк алып бир бутун тизеден ылдый кестирген экен...



Ал дагы мени унутпай, менин тонум анын жанын сактап, ошол тондун жылуулугу менен махабатка кабылганын билдим... Ал да мени күтүп жүргөн экен... Ошол менен ал протез коюлган бутунан уялып канчалык каршы болсо дагы, башкалар тоскоол болсо дагы баары бир бороонду автобустан тапкан махабатымды колдон чыгарбадым. 2011- жылы үйлөндүк. Азыр кадимкидей эл катары иштеп, жароокер жар, үйдүн куту болуп, Алия деген сулуу “принцессабыздын” апакеси!! ! Кыш келген сайын ошол бороонду күндү, муздак автобусту эсиме салам... Ошол учурда кудайымдын тагдыры мага сыноо берип кыйнаса дагы акыбетинде мен издеген асыл жарга насип кылды. Рахмат сага бороонду күн! Рахмат сага махабатымдын автобусу! !!
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   rnurzida   22 Октябрь 2015 - 13:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

jasi , чыгармалар "Адабият жана поэзия" бөлүмүнө жазылышы керек.

Тема жылдырылды.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Октябрь 2015 - 13:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Сүйүү алып келген автобус" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 23:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: