КАЗАКСТАНДЫН БАШ МУФТИЙИ КУВЕЙТ ЭМИРИНИН КЕҢЕШЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Кечээ Астана шаарында Казакстан мусулмандарынын дин башкармасынын төрагасы Ержан ажы Малгажы уулу Кувейт мемлекетинин Эмиринин кеңешчиси, Бириккен Улттар Уюмунун Гуманитардык көмөк жөнүндөгү ресмий өкүлү, Ислам қайырымдуулук уюмунун президенти,
доктор Абдолла Маътуқ ал-Маътуқ мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында жалпы мусулман үммөтүнүн биримдүүлүгүн жакшыртуу алкагында пикир алмышышты. Баш муфтий Кувайт Эмирлигине иш багытындагы жоболордун аткарылып жаткандыгына өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
«Биз ислам аалымын бир максатка жылдыруубуз кажет. Учурда кебир мусулман элдеринде туруксуздук менен берекесиздик орноду. Бул жагдай бизди дагы өкүндүрүүдө»,
– деди Ержан ажы Малгажы уулу.
ҚМДБ төрагасы элдеги диний акыбалга токтолуп, мечиттер менен медреселердин жумушу жанданып келе жатканын айтып өттү.
Исламий жаңылыктар...
#161 21 October 2015 - 16:07
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#162 21 October 2015 - 16:08
МЕККЕДЕГИ ХАРАМ МЕЧИТИ 2016 ЖЫЛЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕТ
Сауд Арабиясынын ыйык Мекке шаарындагы Харам мечитин кеңейтүү иши 2016-жылдын Рамазан айына чейин калыбына келтирилет, -деп жазат РИА Новост. Мечиттин реконструкциясы аяктагандин кийин сыйымдуулугу 4 млн адамга жетмекчи.
Харам мечитин буга чейин 1 млн мусулман зыярат кылып келген. Ошол себептүү падышачылык өкмөтү бир нече жылдар аралыгында ажылык амалдарын аткарам деген зыяратчылардын санына чектөө коюп келген.
Харам мечитинин реконструкциялык иши менен бирге Медина шаарындагы пайгамбарыбыз (с.а.в)дын мечити дагы кеңейтилет.
Булак: Islam-today
Сауд Арабиясынын ыйык Мекке шаарындагы Харам мечитин кеңейтүү иши 2016-жылдын Рамазан айына чейин калыбына келтирилет, -деп жазат РИА Новост. Мечиттин реконструкциясы аяктагандин кийин сыйымдуулугу 4 млн адамга жетмекчи.
Харам мечитин буга чейин 1 млн мусулман зыярат кылып келген. Ошол себептүү падышачылык өкмөтү бир нече жылдар аралыгында ажылык амалдарын аткарам деген зыяратчылардын санына чектөө коюп келген.
Харам мечитинин реконструкциялык иши менен бирге Медина шаарындагы пайгамбарыбыз (с.а.в)дын мечити дагы кеңейтилет.
Булак: Islam-today
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#163 23 October 2015 - 19:44
КОЖОЯРОВ КАРАЗАК АЖЫ БАТКЕН ОБЛУСУНУН МУСУЛМАНДАР КАЗЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук жана шаардык казылар жана орун басарларына жарыяланган бош ваканттык орундарга конкурс өткөрүү боюнча комииссиянын 2015-жылдын 18-19-августундагы №09 протоколунун чечими менен Кожояров Каразак Сайтмуратович Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Облус казысы комиссиянын чечимин жана Азирети муфтийдин буйругун жамаатка тааныштырып, ишине ийгилик каалады. Кожояров Каразак Сайтмуратович 12-май 1969-жылы Баткен облусунун Баткен шаарындагы Кызыл-Жол айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң Кыргызстан Ислам Университетинде, Египеттеги Ал-Азхар Университетинде, Кыргызстан Эл Аралык Университетинде билим алган.
Эскерте кетсек, Кожояров Каразак ажы бүгүнкү күнгө чейин имамдык кызматтан тартып, бир топ жоопту жогорку кызматтарды аркалап келген.

#164 23 October 2015 - 19:45
СУЗАК РАЙОНУНУН ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН БАШ ИМАМ ХАТИБИ ИШКЕ КИРДИ
Бүгүн Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында Сузак районунун айыл өкмөттөрүнүн баш имам хатибтерине облус казысы Абдулазиз кары Закиров жыйын өткөрдү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө облус казысы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын №261 буйругунун негизинде Сузак районуна жаңыдан дайындалган райондун баш имам хатиби Исмаилов Жунусту тааныштырды. Ошондой эле Абдулазиз кары Закиров имамдарга КР Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткарууда жана Ханафий мазхабын туура жайылтууда эл менен тыгыз иш алып барууну айтып, дайындалган баш имам хатибдин ишине ийгилик каалады.

#165 23 October 2015 - 19:47
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫЯТЫ СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРӨТ
Ош облусунун мусулмандар казыяты 2015-жылдын 24-октябрь күнү диний окуу жайлардын арасындагы байланышты күчөтүү, медреселердин студент жаштарынын ар түрдүү терс агымдарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу жана алардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу максатында диний окуу жайлардын арасында спорттун футбол, волейбол жана теннис түрлөрү боюнча мелдеш өткөрөт. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык мелдешке катышуу үчүн облустун аймагындагы диний окуу жайлардан волейболго 8 команда, футболго 8 команда, тенниске 8 команда катталып, учурда кызуу даярдыктарды көрүшүүдө.
Мелдеш 2015-жылдын 24-октябрь күнү саат 9:00дө ОшМУнун Биология факультетинин (БИОФАК ЮГО-ВОСТОК) спорт залдарында өткөрүлөт.
Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайларынын студенттери арасында спорт мелдешин өткөрүүнүн жобосу;
I. Мелдештин максаты жана милдеттери:
• Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын тыгыз байланышын күчөтүү;
• Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү;
• Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттери арасында достукту күчөтүү;
• Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттеринин мекенге болгон сүйүүсүн, жарандык патриоттуулугун арттыруу;
• Диний окуу жайлардын студенттеринин ар түрдүү терс агымдарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу жана терс көрүнүштөргө жол бербөө;
• Студент жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана дени-сак сергек жашоого үндөө;
• Студент жаштардын арасынан күчтүү оюнчуларды тандоо жана алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу;
II. Мелдештин катышуучулары:
• Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайларынын студент жаштары;
III. Мелдешти өткөрүүнүн тартиби жана катышуучуларды каттоо:
• Мелдеш футбол оюнунун эрежеси боюнча 2015-жылдын 24-октябрь күнү Ош шаарында өткөрүлөт;
• Мелдеш спорттун футбол, волейбол жана теннис боюнча түрлөрүнөн өткөрүлөт;
• Мелдешке ар бир окуу жайдан бирден комманда катышууга тийиш;
• Комманданын курамы футболго 5, волейболго 6, тенниске 2 катышуучудан болуусу шарт;
• Мелдешке табыштамалдарды (заявка) кабыл алуу 2015-жылдын 23-октябрына чейин кабыл алынат;
• Мелдештин катышуучуларын каттоо 2015-жылдын 24-октябрь күнү саат 9:00дө жүргүзүлөт;
IV. Райондун баш имам хатибдеринин жана медресе мүдүрлөрүнүн милдети:
• Өз оюнчуларына моралдык колдоо көрсөтүп, катышуучулардын өз убагында келүүсүн камсыз кылуу;
• Мелдешти өткөрүүгө жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого тиешелүү салымдарын кошуу;
V. Жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо:
• Жеңүүчүлөрдү аныктоо атайын түзүлгөн мелдештин калыстар тобу тарабынан жүргүзүлөт;
• Жыйынтыгынды жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан баалуу белектер жана атайын наамдар менен дипломдор тапшырылат;

#166 23 October 2015 - 19:48
БАТКЕН РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИБИ «АК-ТАТЫР» АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ КӨЧМӨ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
Кечээ Баткен районунун баш имам хатибиятынын иш планынын негизинде Баткен районунун Ак-Татыр айылында көчмө жыйын болуп өттү. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Көчмө жыйынга Баткен районунун баш имам хатиби Мамасабиров Нурдин ажы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы жана аталган аймактын имамдары катышышты.
Бул аймак коңушулаш Тажикстан Республикасы менен чектеш болгондуктан улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөдө имамдардын ролу маанилүү экендиги, ынтымакты сактоо, Ханафий мазхабын жана имам Матурдий акыйдасын дин тутууучуларга кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруудагы аракеттердин көрүлүшү туурасында бир топ маселелер айтылды.
“Көчмө жыйындын максаты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышын, КРнын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында аталган Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн имамдарынын иш аракети кандай жүрүп жаткандыгын көзөмөлдө”, - деди Мамасабиров Нурдин ажы
Иш чаранын жүрүшүндө аталган аймактын айрым имамдарына эскертүүлөр берилип, мындан аркы ишин так аткаруу тапшырмасы берилген.
“Мындан ары Баткен районунун баш имам хатибияты көчмө жыйынды ар бир квартал сайын Баткен районуна караштуу ар бир айыл өкмөттөрүндө өткөрүп турмакчы”,- деп кошумчалады Мамасабиров Нурдин ажы.

#167 23 October 2015 - 19:49
СВЕРДЛОВ РАЙОНУНУН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫНДА МЕКТЕПТЕРДЕГИ ЖООЛУК МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук акимчилигинин жыйындар залында «Мектептердеги жана окуу жайлардагы жоолук меселеси», «ата-энелер балдарын эмне себептен окууга жибербей жатат» деген темалардын алкагында жыйын болуп өттү. Бул туурасында Бишкек шаардык казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган жыйынга Свердлов районунун акиминин орун басары Борбашева Чынара Бейшеевна, райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ИИМдин 10 башкармалыгынан, ИИМдин жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнөн жана Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери катышышкан.
Жыйындын жүрүшүндө Свердлов районунун акиминин орун басары окуу жайларда жана мектептерде жоолук салынып келүүгө эч ким тоскоолдук кылбашы керек жана ата-энелер балдырын үзгүлтүксүз мектепке жиберүүлөрү зарыл экендигин билдирген. Ошондой эле өспүрүмдөр окуу учурундагы сабактарды калтырган болсо, бул балдыр толук билимге ээ болушпай, окуу программасынан артта калуусу мүмкүн экендиги айтылган.

#168 23 October 2015 - 19:50
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ
Бүгүн Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ош мамлекеттик университетинин теология факултетинин деканы Самаган Мырзаибраимов баштаган конокторду кабыл алды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы маалымдады.
Эки тараптуу жолугушуунун алкагында алгач ОшМунун теология факултетинин өкүлдөрү облуска жаңы дайындалган казы Самидин кары Атабаев менен жакындан таанышып, иштерине ийгилик каалашты. Мындан сырткары облустук казыят менен теология факултети келечекте өнөктөш катары иштөө багыты боюнча пикир алышышты. Жыйын соңунда коноктор облус казысын куттуктап, китеп белек кылышты.
Бүгүн Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ош мамлекеттик университетинин теология факултетинин деканы Самаган Мырзаибраимов баштаган конокторду кабыл алды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы маалымдады.
Эки тараптуу жолугушуунун алкагында алгач ОшМунун теология факултетинин өкүлдөрү облуска жаңы дайындалган казы Самидин кары Атабаев менен жакындан таанышып, иштерине ийгилик каалашты. Мындан сырткары облустук казыят менен теология факултети келечекте өнөктөш катары иштөө багыты боюнча пикир алышышты. Жыйын соңунда коноктор облус казысын куттуктап, китеп белек кылышты.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#169 23 October 2015 - 19:52
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫНДА ДИНИЙ КЫРДААЛ ТАЛКУУЛАНДЫ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул туурасында Чүй облустук казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга уку коргоо кызматкерлери, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана облу казысы Танабаев Нурлан ажы жана казыят кызматкерлери менен имамдар катышышты.
Аталган жыйындын жүрүшүндө диний экстремизимге каршы туруу жана облус аймагында болуп жаткан диний кырдаал боюнча 2015–жылдын 9 айынын жыйынтыгы, 2015–жылдын 25–июнундагы Кыргыз Республикасынын № 82 «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу» жөнүндө мыйзамынын аткарылышы туурасыдагы бир топ маселелер каралган.

#170 23 October 2015 - 19:55
ДУБАЙДА КААБАНЫН ҮЛГҮСҮ ТҮШҮРҮЛГӨН СААТ ЖАРЫК КӨРДҮ
Дубайда ыйык Мекке шаарындагы Каабанын үлгүсү түшүрүлгөн саат жарык көрдү. Мындай жагымдуу көрүнүш белгилүү саат чебери Кристоф Кларет тарабынан тартууланды.
3D Каабанын көркөмдүү элеси сааттын так ортосуна жайгаштырылып, 28 баалуу таш менен кооздоргон. Ал эми Хаджар аль-Асвад кара ташы сааттын 7 убактысына жайгаштырылып, өзүнүн ордуна дал келтирилген.
Сааттын булгаарысы крокодилдин терисинен жасалып, ага туура багытты көрсөтүүчү компас жайгаштылылган. Бул компас сааттын ээсине Кыбыланын кайсыл тарапта экендигин так көрсөтүп берүүгө жардам берет.
Ал эми сааттын арткы бөлүгүндө кыймылдап туруучу дүйнөлүк карта орун алган. Сааттын арткы бөлүгүндөгү ак түстүү майда көрүнүштөр Каабанын айланасындагы зыяратчылардын элесин чагылдырып турат.
Булак: Islam-Today

#171 23 October 2015 - 19:56
ТОКМОК ШААРЫНДА “АДАШКАН ЖОЛ” ФОРУМУ ӨТТҮ
Токмок шаарында "Эл аралык толеранттуулук учун" фондунун "Адашкан жол" аттуу форум театры өттү .Бул тууралуу Баткен шаарындагы борбордук “Нуьмани” мечитинин имам хатиби Махмуд Курманбаев жеринен кабарлады. Маалыматка ылайык аталган форум театрына Баткен облусунан 4 диний лидери катышкан. Форум театрынын максаты жаштарга экстремисттик, террористтик уюмдар жөнүндө, аларга азгырылып кетпөө тууралуу маалыматтар берилип, талкуулар жүргөн. Форумдун катышуучусу Махмуд Курманбаевдин айтымында долбоордун катышуучулары Токмоктогу "Достук" мечитине жана Бурана тарыхий эстелигине зыяратка барышып, форумдун алкагында пайдалуу маалыматтарга ээ болушкан.
Эскерте кетсек, аталган форум “Эл аралык толеранттуулук учун" коомдук фонду АКШнын КРдагы элчилигинин Демократиялык комиссиясы тарабынан каржыланган "Тынчтыкты курууда диний лидерлердин ролун күчөтүү" аттуу долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

#172 23 October 2015 - 19:59
БИШКЕК ШААРЫНДА ӨТКӨН " КОНФЛИКТОЛОГИЯНЫН ЖАНА МЕДИАЦИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ"
АТТУУ СЕМИНАРГА БАТКЕНДЕН 4 ИМАМ КАТЫШТЫ
«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясы каржылаган «Тынчтыкты курууда диний лидерлердин ролун күчөтүү» долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы "Горы Азии-2" мейманканасынын жыйындар залында 18-19-20-октябрь күндөрү “Мамлекет жана Дин”,"Конфликтологиянын жана медиациянын негиздери" аттуу семинарлар болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Атталган семинарларга долбоордун негизинде Чуй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунан 14 диний лидер катышкан. «Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар дин менен мамлекеттин байланышы, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы, дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамдар, чыр-чатак, пикир келишпестик жана алардын алдын алуу, чечүү жолдору андан сырткары медиациянын (ортомчулук) түрлөрү, пайдасы тууралуу окуулар болуп өттү»,-деди жеринен Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечитинин имам хатиби Махмуд Курбанбаев.
Ал эми долбордун адиси Дастан Турдуевдин айтымында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана Баткен облустук мусулмандар казыяты менен болгон кызматташтыктын негизинде аталган долбоорго Баткен облусунун аймагынан 4 диний лидер тандалып алынган. Баткен районунан Кара-Бак айыл аймагынын имамы Ахмадулло Темиркулов жана Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылынын имамы Искандар Ажибаев, Баткен шаарындагы “Нуьмани”борбордук мечитинин имам хатиби Махмуд Курбанбаев, Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин имамы Абдилаким Сейдакматовдор аталган долбоордун алкагында иш алып барышууда.

#173 26 October 2015 - 20:14
СУЗАКТА ЖАҢЫ МЕЧИТТИН ИШКЕ КИРДИ
Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл округунун Масадан айылында жайгашкан “Ал-Хаят” мечитинин ачылыш аземи болуп өттү.
Мечиттин ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы жана мечиттин курулушуна демөөрчүлүк кылган Саудт Арабиясынан Ахмад Хусейн, Кыргызстандагы “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеяснын” жетекчиси Сайид Баюми жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Акматов Мамасалы, Жалал-Абад облусунун казысы Закиров Абдулазиз кары ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөдү менен узак жакындан келген имамдар, меймандар катышышты. Мечиттин ачылыш аземинде Азирети муфтий жергиликтүү жашоочуларды ынтымакта, биримдүүлүктө жана Ата-бабабыз карманып келген Ханафий мазхабын бекем кармоого чакырып, мечитти кургандарга ыраазычылыгын билдирди.
Маалымат: Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#174 26 October 2015 - 20:15
КМДБНЫН МААЛЫМАТ БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ «TV-NHK» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ПРОДЮСЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн кызматкерлери «NHK» Япония мамлекетинин коомдук телеканалынын журналистери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматты коомчулукка жеткирүүнүн жолдору, видео репортаждарды тартуунун жана монтаждоонун эрежелери сыяктуу эки тараптуу тажрыйба алмашуулар болуп, бир топ жаңы өзгөчөлүктөр менен тааныштырышты.
Аталган жолугушууга КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адистери, TV-NHK телеканалынын Москва бюросунун продюсери Курашов Ярослав жана аталган телеканалдын кабарчысы Сэйити Цукагоши катышты.
Эскерте кетсек, «NHK» телеканалы Япония мамлекетинде биринчилерден болуп түзүлгөн коомдук канал болуп саналат.

#175 26 October 2015 - 20:16
ӨЗГӨН РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИБИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП АКЖОЛ КОЗУБАЕВ ДАЙЫНДАЛДЫ
Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери Өзгөн районундагы жума окулган мечиттерди кыдырып, эл менен жолугушту. Жолугушуунун программасына ылайык ар бир казыят кызматкери өзүнө милдеттендирилген жума мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, ынтымак, тынчтык темасында баян кылып, жума намазына өтүп беришти.
Ал эми бул жумада облус казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев менен биргеликте Өзгөн райондук борбордук мечитинде жергиликтүү жамаат менен жолугуп, Өзгөн районунун баш имам хатибинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп конкурстук сынакка чейин Акжол Козубаев дайындалгандыгын билдирип, жамаатка тааныштырды.
Эскерте кетсек, Өзгөн районунун баш имам хатиби болуп, буга чейин Ош облусунун азыркы казысы Самидин кары Атабаев эмгектенген.
Маалымат: Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#176 26 October 2015 - 20:17
АЗИРЕТИ МУФТИЙ ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДАГЫ БИРДИКТҮҮ ОКУУ ПРОГРАММАНЫ БЕКЕМДӨӨ ТАЛАБЫН КОЙДУ
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев муфтияттын бөлүм башчыларына жыйын өткөрдү.
Алгач Азирети муфтий өлкө аймагындагы диний кырдаалга токтолуп, дин жаатындагы иш чараларды күчөтүү, Ханафий мазхабын имамдарга кеңири түшүндүрүп, казыяттардан ар айдын отчетторун өз убагында талап кылуу маселелерин айтып өттү. Андан тышкары Азирети муфтий диний окуу жайлардагы билим берүү системасын жөнгө салып, бирдиктүү окуу программасынын негизинде иш алып алып барууну күчөтүү керек экендигине токтолду.
«Учурда жалпы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө Ошто жана Бишкекте чоң жыйын өткөрүүнү пландоодобуз. Бул иш чара учурунда бир топ көйгөйлүү маселелер менен дин жаатындагы оорчунду ойлорду ортого салсак деп турабыз»,-деди КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Эргешов Акимжан ажы.
Жыйындын жүрүшүндө Ханафий мазхабын өлкө аймагындагы бардык имамдарга кенен түшүндүрүү боюнча китепчелерди чыгарып, ислам динин туура багытта элге жеткирүү, быйылкы ажылык ишинин жыйынтык отчетун тапшыруу сыяктуу бир топ маселелер каралды.
Муну менен катар Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев ЖОЖдордо билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, окуучуларга ынтымак, биримдик жана ислам дини тынчтыктын дини экендиги туурасында лекцияларды уюштуруу тапшырмасын берди.

#177 26 October 2015 - 20:19
ОШ ОБЛУСУНДА ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАР АРАСЫНДАГЫ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
2015-жылдын 24-октябрь күнү Ош облусундагы диний окуу жайлардын арасында өткөрүлгөн спорттун футбол, волейбол жана теннис түрлөрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул туурасында облустук казыяттын маалымат кызматы билдирди.
Аталган мелдешти жыйынтыктоо аземине Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун губернаторунун дин иштери боюнча кеңешчиси Токтосун Жапаров, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Канат Абдураимов жана райондордун баш имам хатибдери катышышты.
Ош облусунун казысы мелдештин негизги максаты медреселердин студент жаштарынын ар түрдүү терс агымдарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу жана алардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу экендигин белгилеп, жеңүүчүлөрдү ийгиликтери менен куттуктады.
“Аталган мелдешке жалпысы Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардан волейболго 9 команда, футболго 8 команда, тенниске 8 команда катышып, таймаш аябагандай кызуу жүрүп, жогорку деңгээлде өттү”,-деди казыяттын маалымат бөлүмү.
Мелдештин калыстарынын чыгарган жыйынтыгына ылайык, футбол боюнча 1-орунга Ноокат районунун “Имам ат Тирмизи” мересеси, 2-орунга Кара-Суу районунун “Абдурахман ибн Ауф” медресеси, 3-орунду Өзгөн районунун “Абдираим кары” медресеси камсыз кылышты. Ал эми волейбол боюнча 1-орунга Өзгөн районундагы “Абдираим кары” мересеси, 2-орунду Ош облустук казыяты, 3-орунду Ноокат районундагы “Молдо Таабалды ажы” медресеси камсыз кылышты. Стол тенниси боюнча 1-2-орундарды Кара-Суу районунун “Абдурахман ибн Ауф” медресеси, 3-орунду Өзгөн районундагы “Абдираим кары” мересеси камсыз кылышты.
Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан Кубок, баалуу белектер жана атайын наамдар менен дипломдор тапшырылды.

#178 26 October 2015 - 20:22
БАТКЕН ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ АЙМАКТАГЫ МЕЧИТТЕРДИ КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА КАТУУ ТАЛАП КОЙДУ
Кыргызсатан мусулмандарынын Азиртети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №328 буйругунун аткаруу максатында Кыргызстандын аймагындагы каттоосу жок мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү боюнча Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажы казыяттын мечит, медресе бөлүмүнө жана аймактагы баш имам хатибдерге тапшырмаларды берди.
Облус казысы буйрукту белгиленген мөөнөтө аткарбаган кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн айтып, ишти так жана өз учурунда аткарууна милдеттендирди.
Маалымат: Баткен облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.
Кыргызсатан мусулмандарынын Азиртети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №328 буйругунун аткаруу максатында Кыргызстандын аймагындагы каттоосу жок мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү боюнча Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажы казыяттын мечит, медресе бөлүмүнө жана аймактагы баш имам хатибдерге тапшырмаларды берди.
Облус казысы буйрукту белгиленген мөөнөтө аткарбаган кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн айтып, ишти так жана өз учурунда аткарууна милдеттендирди.
Маалымат: Баткен облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#179 26 October 2015 - 20:23
БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН АК-ДӨБӨ АЙЫЛЫНЫН ИМАМЫНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАГЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
Талас облусунун мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын эли менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында облус казысы Ак-Дөбө айылынын жалпы тургундарын ислам динин туура өздөштүрүүгө, имамдар менен байланышты күчөтүп, туура маалымат алууга чакырды.
«Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: Менин үммөттөрүм беш нерсени жакшы көрүп, беш нерсени унутуп калат. Биринчиси дүнүйөнү жакшы көрүп, акыретти унутат, экинчиси жашоону жакшы көрүп, өлүмдү унутат, үчүнчүсү чоң-чоң сарайларды жакшы көрүп, кабырды унутушат, төртүнчүсү байлыкты жакшы көрүп, эсепти унутат, бешинчиси жаратылганды жакшы коруп Жаратуучуну унутат». Биз ар дайым ынтымактуу, биримдиктүү болушубуз зарыл. Дин кызматкерлери, казыят ислам динин калкыбызга туура жайылтууда бар күчүн жумшап келет»,-деди жолугушуу учурунда облустказысы Бапиев Таалайбек ажы.
Ал эми Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын эли менен жолугушуу учурунда облус казысы мечит имамы Сагынбаев Узакка ыраазычылык барагын тапшырып, мындан аркы эмгектүү ишине ийгилик каалап, башка имамдарды үлгү алууга чакырды.

#180 26 October 2015 - 20:24
АЗИРЕТИ МУФТИЙ ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА ОКУП ЖАТКАН ИМАМДАРДЫ ЗЫЯРАТ КЫЛДЫ
Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрь күнү Азирети муфтий Токтомушев Максатбек ажы шейх Абу Солих менен биргеликте «Ыйман» фонду тарабынан уюштурулуп жаткан «Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу» курсунда окуп жатышкан имамдарды зыярат кылды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Алгач Азирети муфтий өздөрүнүн билимдерин жогорулатып жатышкан имамдардын окууларына ийгиилк каалоо менен илимдин жашоодогу эң зарыл байлык экендигин баса белгилеп, бүгүнкү күндө болуп жаткан ар кыл көйгөйлөр илимсиздиктин себебинен экендигин айтып өттү. «Эгер биз илимдүү болсок, элибиз илимдүү болсо, коомубуз илимдүү болсо жана келечек муундарыбыз илимдүү болсо, динибиз, тилибиз жана дилибиз толук сактала турганы эч талашсыз. Илим алалы жана үйрөнгөнүбүздү жакындырыбызга, үй-бүлөбүзгө, жамаатыбызга жана коомубузга жеткирели», - деди өз сөзγндө Азирети муфтий Токтомушев Максатбек ажы.
Жолугушуунун акырында Азирети муфтий жалпы уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ыракматын айтты.

Супер-Инфо
super.kg
видео