Суперстан: Кызыктуу жана логикалык диний суроо-жооптор... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (167 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • 66
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кызыктуу жана логикалык диний суроо-жооптор... Кызыктуу ж.а логикалык диний суроо-жоопторуңузду...

#1261 Пользователь офлайн   umar92   26 Октябрь 2015 - 02:23

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 413
  • Катталган: 03 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 21:29
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения sabira.199890 (26 Октябрь 2015 - 02:18) жазган:

Карышкырдын эти кандай болуп калат???

Арам болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1262 Пользователь офлайн   sabira.199890   26 Октябрь 2015 - 02:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 495
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 01 Окт 2021 12:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения umar92 (26 Октябрь 2015 - 02:23) жазган:

Арам болот

Рахмат жообунузга!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1263 Пользователь офлайн   Birinchi   26 Октябрь 2015 - 05:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Просмотр сообщения umar92 (26 Октябрь 2015 - 02:13) жазган:

Ит тиштуу жырткыч айбандар. Жана тырмагы менен анчылык кылган канаттуулар желбейт деп айтылган хадиси шарифте
Мисал тулку жолборс Ит карышкыр сулоосун гепард маймыл арстан донуз сыяктулаар
Дениз жандыктарынан болсо ханафи мазхабда балык турундогуну кана жегенге болот
Калган уч мазхабда дениз жандыктарынын баары еле желет

Рахмат, жообунуз туура..
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1264 Пользователь офлайн   Birinchi   26 Октябрь 2015 - 05:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

КУРГАКТА ЖАНА СУУДА ЖАШООЧУ АРАМ ДЕП ЭСЕПТЕЛГЕН ЖАНЫБАРЛАР
Ыйык Курандын жана сүннөттүн негизинде Ханафи аалымдары төмөндөгү жаныбарларды арам деп тизмелешкен:
1. Доңуз: Куранда турган турпаты менен ыплас делген жана арам деп эсептелген нерселердин эң башында доңуз (чочко) эти турат. Доңуз турган турпаты менен арам болгондуктан анын эти да, териси да колдонулбашы кажет. Доңуздун терисин кандайдыр бир тазалоо жолу менен да тазалоого болбойт.
2. Жалгыз Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздалган мал-жандыктар: Адал деп эсептелген жаныбар этинин адал болушу үчүн аны мууздоо учурунда Алланын атын оозануу зарыл. Малды Алланын атын атайын оозанбай туруп мууздоо же Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздоо мал этинин арам болушуна түздөн-түз таасир этет. Малды Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздоо – ширк болуп эсептелет. Себеби Алла Таала буга кескин түрдө тыюу салган. Жаратуучу жана адамга ырыскы берүүчү жалгыз Алла Таала болгондуктан сөзсүз түрдө Анын атын айтуу керек.
3. Тарп: Ислам дининде белгиленген тариз менен мууздалбаган, өзүнөнөзү өлүп калган же башка жаныбарлар тарабынан өлтүрүлгөн жаныбарлар тарп болуп эсептелет. Сууга чөгүп кеткен, муунтулуп өлтүрүлгөн, мууздалбай өлтүрүлгөн, жардан кулап өлгөн, жырткыч айбандар тиш салып өлтүргөн жаныбарлар арам болуп эсептелет (Маида сүрөсү, 3). Ошондой эле адал мал болсо да, тирүүлөй малдын бир жеринен кесилип алынган эт тарп өкүмүнө кирип, арам болуп саналат.
4. Кан: Эти желген малды мууздоо учурунда чыккан кан ыплас, арам. Ошону менен бирге шариятка ылайык таризде союлган малдын тамырларында же этинин арасында калган кан таза болуп эсептелет.
5. Үстүнкү жана алдыңкы төрт узун тиши менен тиш салган жана коргонгон айбанаттардын эти желбейт. Буга мышык, ит, карышкыр, арстан, жолборс, барс, маймыл, чөө, түлкү, тыйын чычкан ж.б.у.с. жаныбарлар кирет.
6. Ири тумшуктуу бүркүт, ителги, куш, үкү, жору, айры куйрук, ылаачын, турумтай сыяктуу жырткыч канаттуулар жана тарп жеген карга, кузгун сыяктуу канаттуулардын эттери да арам болуп эсептелет.
7. Чычкан, жылан, чаян, кирпи, чымын-чиркей, жөргөмүш, ташбака, кескелдирик, үлүл сыяктуу жаныбарлар желбейт.
8. Эшектин жана качырдын да эти желбейт.

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1265 Пользователь офлайн   Birinchi   26 Октябрь 2015 - 05:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Калган суроолoрду да,карап жооп берип койсонуздар. .

Билдирүүнү түзөткөн: Birinchi: 26 Октябрь 2015 - 06:30

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1266 Пользователь офлайн   Birinchi   26 Октябрь 2015 - 07:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Бул нерсе илгерки замандарда муздаткыч (холодильник) катарында колдонулган. Араб халифтери алыстан муз ташып алып келуудо бул нерсени кенири колдонушкан жана музду сактоодо жападан жалгыз адамдар ойлоп тапкан муз сактоочу (муздаткыч) болгон... А азыркы учурдада бул нерсе озунун актуалдуулугун жогото элек бирок заманга жараша башка нерселерге колдонула баштады. Айыл жергесинде сапырылып,чачылып жатканын коп эле корсок керек... Анда ушул нерсенин аты эмнеее?
..... (5)

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1267 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Октябрь 2015 - 17:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения umar92 (26 Октябрь 2015 - 02:18) жазган:

Ханиф таксырга суроо.башка мазхабдардын да окумуно мойун сунуу керекго
Ошондо биз ханафилер дениз жандыктарынан асминог краб сыяктууларды жесек болобу?
Калган уч мазхабда алалго.


Мүмкүн керекке жараар деп илип койдум.
Осминогду гоо билбедим, бирок краб болбойт деп окуганмын (Ханафий мазхабында). Мурда жакшы көрүп жеп жүрө берген экенмин, көрсө бизге харам тура :)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20151024_215905_112.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 26 Октябрь 2015 - 17:46

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1268 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Октябрь 2015 - 19:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Тамак-аш тууралук кеп болгон соң, бул маалымат менен да бөлүшүп койуу ашыктык кылбас.

КҮМӨН ЖАНА АРАМ АЗЫКТАРДЫН ТИЗМЕСИ
ТАМАК КОШУЛМАЛАРЫ
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты саткоо уюмунун аныктамасына ылайык тамак-аш азыктарынын сакталуу мөөнөтүн, келбетин жана даам сапаттарын узакка сактоо үчүн атайын кошула турган, затында жейилбеген, табигый жана химиялык заттардан даярдалган аралашмалар тамак кошулмалары деп аталат. Азыр дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндө 500дөн ашуун тамак кошулмаларыколдонулат.
Тамак кошулмаларынын кесепетин, кошуу өлчөмүн БУУнун алдындагы тамак кошулмалары боюнча эксперттердин бириккен комитети (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көзөмөлдөйт.
Адамдын жана анын келечек муундары үчүн келтирген зыяны илимий далилденген тамак кошулмаларын өндүрүүгө тыйуу салынат. Тамакка кошулуучу заттар анын технологиялык эффекти үчүн минималдык өлчөмдө гана кошулуусу зарыл.
Эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган тамак-аш коопсуздугун камсыздаган жана дүйнөлүк соодага ыңгайлуу «Кодекс Алиментариус» («Codex Alimentarius» «Тамак-аш кодекси») документинде тамак кошулмалары төмөндөгү аталышта катталган:
Бойоктор (Е100 – Е182) табигый, синтетикалык жана минералдык (органикалык эмес) тамак азыктарына керектүү түстүү берүү, аны күчөтүү жана сактоо үчүн жалгыз жана аралашма түрлөрүндө колдонулат. Мөмө жана жемиштердин ширелери,кофе, какао, шафран, куркума, паприка жана башка өсүмдүктөр бойокко кирбейт. Азыктын түсүн калыбына келтирет жана күчөтөт.

Е120 – Кармин (Carmines).Бойок. Харам.Курт-кумурскалардан, кошениль кенесинин канынан алынат. Ичимдиктерге, суусундуктарга, торт, балмуздак, ж.б. кондитер азыктарына кошулат.

Е132 – Индигокармин (Indigotine). Бойок.Күмөн. Жаныбарлардан да алынуусу мүмкүн. Ичимдиктерге, суусундуктарга, кондитер азыктарына кошулат.
Консерванттар, кислоталар, негиздер жана туздар(Е200 – Е299 )тамак азыгынын кычкылдуулугун өзгөртүү, азыктын щелочь гидролизи жана тамактын сакталуусун камсыз кылуу үчүн колдонулат. Азыктардын сактоо мөөнөтүн узартат.Буларды сүт, май, ун, балдар тамагын өндүрүшүндө иштетүүгө тыйуу салынат.

Антикычкылданткычтар(Е300 – Е399)тамактын, май азыктарынын кычкылдануусун алдын алуу үчүн колдонулат. Ачып кетүүдөн сактайт.

Стабилизаторлор, коютуучулар, текстуратолор жана жууручу агенттер(Е400 – Е499) даяр азыкта белгиленген консистенцияга жетишүү жана аны кармап туруу үчүн колдонулат. Азыктын берилген консистенциясын сактайт.

Е422 – Глицерин (Glycerol). Нымдуулукту кармоочу агент, койутуучу.Күмөн. Жаныбарлардан да алынуусу мүмкүн.

Е441 –Желатин (Gelatin). Койутуучу, стабилизатор, желирующий агент. Харам.Жаныбарлардан алынат. Айтмакчы, эгер уруксат берилген, шариат талаптарына ылайык союлган жаныбардан, деңиз өсүмдүктөрүнөн алынганы адал.

Е471 – Май кислоталарынын моно- жана диглицеридтери (Mono- and diglycerides of fatty acids). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.

Е472а – Глицерина, уксус жана май кислоталарынын эфири (Acetic and fatty acid asters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.

Е472b –Глицерина, сүт жана май кислоталарынын эфири (Lactic and fatty acid esters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.

Е472с –Глицерина, лимон жана май кислоталарынын эфири (Citric and fatty acid esters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.

Е472d –Май жана вино кислоталарынын моно- жана диглицеридтери, (Tartaric acid esters of Mono- and diglycerides of fatty acids). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.

Е472e –Глицерина, диацетилвин жана май кислоталарынын эфири (Diacetyltartaric and fatty acid esters of glycerol).Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.

Е472f –Глицерина жана вино, уксус жана май кислоталарынын аралашма эфири (Mixed tartaric, acetic and fatty acid of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан алынат.

E478 – Лактлирленген май кислоталарынын глицерини жана пропиленгликоля эфиры (Lactylated fatty esters of glycerol and propylene glycol). Эмульгатор. Күмөн.Жаныбарлардан алынат.

Эмульгаторлор (Е 500 – Е599) Табигатта аралашпоочу заттарды аралаштырат. Мисалы суу менен майды.

Е542 – Сөөк фосфаты (кальций фосфаты) (Bone phosphate) (essential Calcium phosphate tribasic). Эмульгатор, бөлтөктөнүүгө каршы жана ным кармоочу агент. Харам. Сөөктөн өндүрүлөт.

Ароматизаторлор, даамданткычтар (Е 600 – Е699) тамак азыктарына өзгөчө даам берүү үчүн колдонулат. Бирок буга спиртте демделген, көмүр кычкыл ширелер, сироптор, вино, коньяк, ликер ж.б.у.сяктуу азыктар кирбейт. Ошондой эле табигый азыктарга кошумча даам берүү үчүн сүт, нан, нак ширелер, какао, кофе жана чай колдонууга тыйуу салынат. Ароматизаторлорду бузулган азыктын даамын оңдоого колдонулбайт.

Көбүк баскычтар(Е 900 – Е999)Көбүрүүнүн алдын алат жана токтотот.
Глазирователдеразыктардын бетин жылтыратуу жана жылмалоого колдонулат.

Е904 – Шеллак (Shellac). Глазирователь. Харам. Курт кумурскалардан алынат.
Ун жана нан сапатын жакшыртуучуларундун нан жана башка ун азыктарына керектүү сапатын көтөрүү үчүн колдонулат.

Е920 – Цистеин, L- жана анын гидрохлоридтери – натрий жана калий туздары (Cysteine, L-, and its hidrochlorides – sodium and protassium salts). Ун жана анан жакшыртуучулар. Харам. Адамдын чачы, жүндөрү, тоок перисинен өндүрүлөт.

Е921 – Цистин, L- жана анын гидрохлоридтери – натрий жана калий туздары (Cystine, L-, and its hidrochlorides –sodium and potassium salts). Ун жана нан жакшыртуучулар. Харам. Адамдын чачы, жүндөрү, тоок перисинен өндүрүлөт.
Тамак азыгынын даамын күчөтүүчү, модификациялоочулартамак азыгынын даамын көзөмөлдөгөнгө колдонулат.
Шириндетүүчүлөр кант азыгынан алынбаган тамакка таттуулук берчү заттар. Көбүнчө энергетикалык баалуулугу төмөн жана атайын медициналык көрсөтмөгө ылайык даярдалган диетикалык тамактарга колдонулат. Кант диабети менен ооругандарды эске албаганда бул заттар балдар тамагына колдонууга тыйуу салынат. Коомдук колдонууга өндүрүлгөн таттуулуктар курамы жана колдонуу тартиби чапталган сырт кагаздары меен камсыздалуусу зарыл.
Көп атомдуу спирттен турган (сорбит, ксилит ж.б.) сырт кагазына «Суткасына 15-20 граммдан ашык колдонуу алсыздандыруусу мүмкүн», ал эми курамында аспартам болсо «Фенилаланиндин булагы бар» сымал эскертүүлөрү болуусу керек. 

Е951 – Аспартам (Aspertame). Таттуулоочу, даам күчөтүүчү. Күмөн. Кош бойлуу, эмизген аялдарга жана фенилкетонурия менен ооругандарга сунуш кылынбайт.

Е 1000 жаңы топ, ширелер жана кондитер азыктары үчүн таттуулуктар, ун, крахмал үчүн керектүү заттар.Кант жана тузду сактоого керектүү заттар.
Е1000 – Холевая кислота (Cholicacid). Эмульгатор. Харам.

Е1001 –Холин, туздар,эфирлер (Cholinesaltsandasters). Эмульгатор. Харам.
Е1100 – Амилаздар (Amylases). Ун жана нан жакшыртуучулар. Харам.
Е1101 – Протеаздар (Proteases), Протеаза (Protease), Папаин (Papain), Бромелайн (Bromelain). Фицин (Ficin). Ун жана нан жакшыртуучу, стабилизатор, эт, балык бышуусун тездетүүчү, даам күчөткүч.Харам.

Е1102 – Глюкозооксидаза (Glucoseoxidase). Антиокислитель. Харам.

Е1103 – Инвертаздар (Invertases). Стабилизатор. Харам.

Е1104 – Липаздар (Lipases). Даам күчөткүч. Харам.

Е1105 – Лизоцим (Lysozyme). Консервант. Харам.

Е1200 –АиN полидекстроздору (PolydextrosesAandN). Толтуруучу, стабилизатор, койутуучу, ным кармоочу агент, текстуратор. Харам.
Эл аралык маркировкасыз топтор:Хитозан, гидрохлорид хитозония-толтуруучу, койутуучу, стабилизатор. Харам.
Иритпөөчүлөр, катырбоочулардан, кант азыктарын өндүрүштө алардын жатып, үйүлүп катып калуусуна каршы колдонулат.
Түс кармоочуларазыктардын табигый түсүн кармап турууга колдонулат.
Толуктоочулар, эритүүчүлөркатуу, суйук жана кум сымал азыктарды өндүрүшүндө колдонулат.
Тамак кошулмалары бир жана бир канча заттардан туруп, төмөнкү класстарга бөлүнөт:
кислоталар, негиздер жана туздар;консерванттар; антикычкылданткычтар; иритпөөчү кошулмалар; туруктуу кармоочулар, эмульгаторлор, коюлтуучулар жана аралаштыруучу агенттер;ун жана нанды жакшыртуучулар; бойоктор;түс кармоочулар; глазирователдер; даамдандырчулар жана тамак даамын күчөкүчтөр; таттууландыруучулар;толтургучтар;ароматизаторлор.
halal.kg
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1269 Пользователь офлайн   Kaple   26 Октябрь 2015 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Аллах ыраазы болсун rnurzida айым жакшы маалыматтарды калтырыпсыз. .
Ушуну баары билгенде,жергиликтуу продуктаны эле алып калышат эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1270 Пользователь офлайн   Meruet84   26 Октябрь 2015 - 23:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ушундай маалыматты берип тургандарга чоон ыраазычылык.
Нурзида айым сага да ыраазычылык.
Базадардан цитрусовый осумдуктордон баш тартык .Роллтон , консервантардан баш тартып жатабыз.Жаздагы эт тууралуу мааламаттардан кийин колбасалардан да баш тартык.Уйдо болушунча колго ишеничтуу жасап бергенге аракет жасап жатам.Жакшысы шарт туура келсе , мал багып эти ишеничтуу , огород жасап жашылчаларды остуруп , баарын колун мн жасап камдап алсак болчуудай болуп калды .Заманга жараша..
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1271 Пользователь офлайн   osh93   27 Октябрь 2015 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения osh93 (25 Октябрь 2015 - 08:51) жазган:

Сууда жашаган жаныбарлар тууралуу "Шарияттын" окуму?


СУУДА ЖАШАГАН ЖАНЫБАРЛАР ТУУРАСЫНДА ШАРИЯТТЫН ӨКҮМҮ

1. Сууда балык түрүнөн болгон жаныбарлардын баары адал болуп эсептелет. Ашкере ысыктан же ашкере сууктан же болбосо суунун тартылып соолуп кетишинен улам өлгөн балыктар да адал. Ошону менен бирге өзүнөн-өзү өлүп калган жана эмне себептен өлгөндүгү белгисиз балыктарды жегенге болбойт.
2. Балык түрүнөн сырткаркы суу жаныбарлары Имам Азам агымы боюнча желбейт. Суу ташбакасы, мидия, суу жыланы, крап сыяктуулар. Ал эми калган үч агым боюнча, сууда жашагандын баары адал.

3. Сууда да, кургакта да жашаган жаныбарлар Имам Азам жана Шафи аалымдарынын пикиринде желбейт. Курбака, ташбака, крокодил, жылан сыяктуулар



Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1272 Пользователь офлайн   osh93   27 Октябрь 2015 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения osh93 (25 Октябрь 2015 - 08:39) жазган:

"Куран" -деген эмне? (кененирээк жооп) :)




Куран — Жер менен асмандардын Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын Сөзү.

Куран — Алла Тааланын жер менен асмандагы көркөм ысымдарынын руханий казынасын ачыктаган, сырдуу кайып ааламынан кабарларды билдирген тил.

Куран — Ислам дининин жаркырыган күнү, пайдубалы.
Куран — адамзаттын материалдык, моралдык бүткүл муктаждыктарын канааттандыраарлык абалда түшүргөн Аллах тааланын берекелүү, кемтиксиз ыйык китеби.

Куран — адамдык наркка ылайык анын жүрөк, рух, акыл жана дене түзүлүшүн эске алып Аллах Таала тарабынан жиберилген мыйзамдар жыйнагы.

Куран — шарият өкүмдөрүн, Алла Таалага кулчулуктун кандайча аткарылаарын, дуба-адептерин жана башка даанышман сырларга толгон маалыматтарды өз ичине камтыйт.

Куран — Аллах Таала тарабынан жиберилген китептердин эң соңкусу жана кыяматка чейин жоголбой бузулбай турганы.

Куран — Аллах Таала тарабынан вахий жолу аркылуу Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга (с.а.в.) түшүрүлгөн ыйык китеп. 6236 аяттан жана 114 сүрөдөн турган мужиза китеп.

Куран — сабатсыздарды, адашкандарды, туура эмес ишенимдегилерди, адамдардын кайдан келип кайда бараарын билбегендерге туура жолду көргөзүү үчүн жана адамдарды эки дүйнөдө бактылуу кылуу үчүн түшүрүлгөн.

Куран — адамзаттын Кудай менен, жаратылыш жана андагы жандуу нерселер менен адам баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт. Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана руханий муктаждыктарын толуктайт.

Куран — адамдын үй-бүлөсүндө жана социалдык жашоосунда чоң роль ойнойт жана эң туура жолго жолдойт.

Куран — адамдарды караңгылыктан нурга чыгарат. Турмушубузда кандай гана нерсе болбосун ар дайым Куран менен сүннөткө таянып иш кылсак эч качан адашпайбыз жана ишибиз ар дайым ийгиликтүү болот.



Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1273 Пользователь офлайн   osh93   27 Октябрь 2015 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Эти адал жаныбарлардын, желбеген мучолору
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1274 Пользователь офлайн   osh93   27 Октябрь 2015 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Эмне учун мусулмандар адашкандарга женилишкен?
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1275 Пользователь офлайн   Er-jurok   27 Октябрь 2015 - 20:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 610
  • Катталган: 23 Август 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2016 16:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош-Ноокат.

Просмотр сообщения osh93 (27 Октябрь 2015 - 18:40) жазган:

Эмне учун мусулмандар адашкандарга женилишкен?

Кайсы согушта мисалы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1276 Пользователь офлайн   umar92   27 Октябрь 2015 - 20:13

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 413
  • Катталган: 03 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 21:29
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения osh93 (27 Октябрь 2015 - 18:36) жазган:

Эти адал жаныбарлардын, желбеген мучолору

Желбеген мучолору кан бойрок табарсык без жумуртка заара ушаткан мучолору
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1277 Пользователь офлайн   Birinchi   27 Октябрь 2015 - 20:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Просмотр сообщения umar92 (27 Октябрь 2015 - 20:13) жазган:

Желбеген мучолору кан бойрок табарсык без жумуртка заара ушаткан мучолору

Бул маалыматты да, илип коеюн.

ЭТИ АДАЛ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЖЕЛБЕГЕН МҮЧӨЛӨРҮ

Эти желген жаныбарлардын төмөнкү мүчөлөрү желбейт: Каны, табарсыгы, жыныстык мүчөсү, эркектик жумурткасы, жатыны, өтү жана бездери.
Эти адал болуу менен бирге ыпластык жеген жаныбарлардын белгилүү убакыт күтүлбөстөн союлуп желиши макирөө. Ыпластык жеген тоок үч күн, кой төрт күн жана уй жана төөлөр он күн күтүлөт. Бул учурда мындай жаныбарларга таза тамактар жедирилип андан кийин гана союлат. Жаныбардын этине сиңип калган жаман жыттын кетишин күтүү абзел.

Жаныбарлардын жумурткалары жана сүттөрү эттин өкүмүнө баш ийет. Тагыраак айтканда, эти адал жаныбардын жумурткасы да, сүтү да адал болот. Эти адал эмес жаныбардын жумурткасы Имам Азам мазхабы боюнча адал эмес.

Эти адал жаныбар союлгандан кийин ичинен алынган жумуртка сынмайынча адал деп эсептелет, жегенге болот. Балык жумурткаларынын (икра) желишине уруксат бар.

Эти адал болсо да, мууздалбай өлгөн жаныбарлардын жумурткасы катуулашкан болсо, жесе болот.

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1278 Пользователь офлайн   Birinchi   27 Октябрь 2015 - 20:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Просмотр сообщения Er-jurok (27 Октябрь 2015 - 20:04) жазган:

Кайсы согушта мисалы?

Согушта эмес, негизи эле..
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1279 Пользователь офлайн   Birinchi   27 Октябрь 2015 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Шайтандын жаратылуусу жана балээнин жүзөгө ашуусунун сыры эмне?

ЭКИНЧИ ИШАРАТ: Суроо: Нукура жамандык болуп эсептелген шайтандардын жаратылуусу, ыймандуулардын башына балээ болуусу, алардын айынан көптөгөн адамдардын ыймандан чыгып Тозокко кирүүлөрү өтө коркунучтуу жана жийиркеничтүү болуп көрүнүүдө. Таң калыштуу, Чыныгы сулуулук ээси, Чыныгы Ырайымдуу жана Мээримдүү болгон Аллахтын ырайымы менен сулуулугу мындай чексиз жийиркенич менен коркунучтуу балээнин жүзөгө ашуусуна кантип жол берип жатат?

Бул маселени көптөгөн адамдар сурашкан жана көп адамдардын оюна ушул суроо келет.


(кененирээк жооп)


Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1280 Пользователь офлайн   umar92   27 Октябрь 2015 - 21:24

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 413
  • Катталган: 03 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 21:29
  • Жынысы:Эркек

Сурооно кыскача жооп берсем.Шайтандын биринчи максаты адамдарга васваса кумон беруу. Туура жолдон адаштырып ыймандан чыгаруу!
АЛЛАХ Еч Качан куноо кылууга тозоко кирууго жол бербейт МАШАЛЛАХ.АЛЛАХ Бейишти жаратып аны такыбалык амал менен курчады. Тозокту жаратып адамдын каалосу нафси менен курчады.Бул дуйнону бизге сыноо учун берди.
Шайтан бир адамга Адам кейпинде келип достошту анын жанында калды.Ал Адам багымдатты окубады пешинди окубады калган намзадарды да окубады
Ертеси Шайтан кетем дегенде досум Мени таштап кетесинби дейт екен тиги адам
Ошондо Шайтан айтат екен мен деген щайтанмын еки жуз мин жыл АЛЛАГА ибадат кылып бир жолу каршы чыкканым учун анын азабына лаанатына кабылдым.сен бир кундо беш жолу каршы чыгып атасын. сага келген азап магада тийишин каалабайм деген екен.
Анын сынары бизге келген балээ азаптарга бир кана озубуз куноолубуз нафсибизге беш ийип калганбыз тууганым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (167 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • 66
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 19:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: