ТАЛАС ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ КАРА-БУУРА РАЙОНУНУН БОРБОРДУК МЕЧИТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Талас облусунун мусулмандар казысы Бапиев Таалайек ажы Кара-Буура районунун борбордук мечитинин кызматкерлери менен жолугушту. Бул туурасында облустук казыяттын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу учурунда облус казысы Кара-Буура районунун борбордук мечитинин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыгып, имамдарга кызматындагы айрым кечиликтерин ондоо тапшырмасын берди. Ошондой эле облус казысы эл менен тыгыз кызматташтыкты бекемдеп, ар кандай терс диний агымдардан калкыбызды оолак болууга чакыруу иштерин күчөтүү талабын койду.
Исламий жаңылыктар...
#181 26 October 2015 - 20:25
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#182 26 October 2015 - 20:28
ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ БАКТУУ-ДОЛОНОТУ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕЧИТТИН АЧЫЛЫШЫНА АЗИРЕТИ МУФТИЙ КАТЫШТЫ
Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында айыл жаштарынын демөөрчүлүгү менен заманбап мечит курулуп, эл кызматына берилди. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мечиттин ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы, дин Аалымы Чубак ажы Жалилов, Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Сагындыков Алмазбек ажы, Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Сейталиев Максат жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл тургундары катышышты.
«Мечиттин ачылышы айыл тургундарынын гана эмес жалпы мусулмандардын кубанычы. Мечит жаштарыбызды адеп ахлакка чакырып, ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга өз салымын кошоруна тилектешмин», -деди Азирети муфтий Токтомушев Максатбек ажы.
Ошондой эле бул саамалыкка келишкен Чубак ажы Жалилов, олбус казысы Сагындыков Алмазбек ажы, райондук баш имам хатиби жана жалпы коноктор Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы мечиттин салынышына өз салымдарын кошкон бардык жарандарыбызга ыраазычылыктарын билдиришип, калкты биримдикке, ынтымакка жана достукка чакырышты.

#183 28 October 2015 - 19:43
БИШКЕК ШААРЫНЫН КАЗЫСЫ КАТТООДОН ӨТПӨГӨН МЕЧИТТЕРДИ ТЕЗ АРАДА КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ
Бүгүн Бишкек шаардык мусулмандар казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан, курулуп бүткөн каттоосу жок мечиттерди тез арада катгоодон өткөрүү боюнча чыгарылган №328 буйругун ишке ашыруу жана баш имам хатибдерге тиешелүү тапшырмаларды берүү үчүн жыйын болуп өттү. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз катчысы Расул Сариев кабарлады.
Аталган жыйынга Бишкек шаардык мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов, казынын орун басары Суеркулов Алманбет ажы жана Свердлов, Октябрь, Ленин, Биринчи май районунун баш имам хатибтери катышышты.
Шаар казысы №328 буйрукту аткаруу жана ишке ашуруу максатында 2015-жылдын 1-ноябрына чейин борбор калаадыгы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн мечиттердин так санын аныктап, аларды каттоодон тез арада өткөрүп, мыйзамдаштыруу тапшырмасын берди.

#184 28 October 2015 - 19:45
ПАКИСТАНДА АЖЫЛЫКТАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮ ҮЧҮН АКЫЛДУУ БИЛЕРИК ЖАСАЛУУДА
Пакистанда ажылыктагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн учурда инженерлик топ «Хадж Гид» акылдуу билерик ойлоп табышууда. Бул заманбап инновациялык технологиянын жардамы менен ажылар бири-бири менен сүйлөшө алышат жана атайын коюлган навигациянын жардамы менен зыяратчылардын кайсыл жерде экендигин билүүгө болот.
Бул заманбап инновациялык технологияны жасап жатышкан адистердин айтымында билерик жашы улгайгандар менен жаш балдардын адашып кетпөөсүнө жакшы жардамын берет.
Булак: Islam-today
Пакистанда ажылыктагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн учурда инженерлик топ «Хадж Гид» акылдуу билерик ойлоп табышууда. Бул заманбап инновациялык технологиянын жардамы менен ажылар бири-бири менен сүйлөшө алышат жана атайын коюлган навигациянын жардамы менен зыяратчылардын кайсыл жерде экендигин билүүгө болот.
Бул заманбап инновациялык технологияны жасап жатышкан адистердин айтымында билерик жашы улгайгандар менен жаш балдардын адашып кетпөөсүнө жакшы жардамын берет.
Булак: Islam-today
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#185 28 October 2015 - 19:46
КАДАМЖАЙДА УЛУТТАР АРАСЫНДАГЫ ЫНТЫМАК МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрь күнү Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жыйындар залында улуттар арасындагы ынтымак, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Бул туурасында облустук казыяттын маалымат кызматы кабарларды.
Аталган жыйынга ЖӨБО жана этностор аралык байланыштар иштери боюнча агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ОИИБнин 10 – бөлүмүнүн кызматкерлери жана Баткен облустук мусулмандар казысынын орун басары Кожояров Каразак ажы катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кожояров Каразак ажы ислам дини, улуттар арасындагы ынтымак, биримдик туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул күнкү жыйында катышуучлар тарабынан сунуш пикирлер айтылып, бир катар талкуулар болуп өттү.

#186 28 October 2015 - 19:49
КЫЗЫЛ-КЫЯДА “ЫЙЫК КУРАН” АЗЕМИ ӨТТҮ
Баткен обулустук мусулмандар казыятына караштуу Кызыл-Кыя хатибияты элибиздин куран үйрөнүүгө болгон сүйүүсүн ойготуу максатында Кызыл-Кыя шаарныдагы борбордук Мураталы Жуманов атындагы мечитинде “Ыйык Куран” аземин өткөрдү – бул туурасында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажы казыяттын маалымат кызматына билдирген.
Маалыматка ылайык “Ыйык Куран” аземине Бишкек шаарынан Куран китебин толук жаттаган карылар келишип, Куран үйрөнүү жана жаттоонун пайдалары тууралуу баяндап беришкен. «Аземдин катышуучуларына Куран тууралуу суроолор берилип, туура жооп берген катышуучулар кызыктуу белектерге ээ болушту»,-деди Кожониязов Мукадас ажы.
“Куранды үнүңөр менен көркөмдөгүлө” (хадис ибн Мажа)

#187 28 October 2015 - 19:51
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДАГЫ МЕЧИТТЕРДИ ТЕЗ АРАДА КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА АЗИРЕТИ МУФТИЙДИН БУЙРУГУ ЧЫГАРЫЛДЫ
Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан, курулуп бүткөн каттоосу жок мечиттерди тез арада катгоодон өткөрүү боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын №328 буйругу чыгарылды.
Буйрукта облустук жана шаардык казылар, райондук баш имам хатибдери 2015-жылдын 9-ноябрына чейин өздөрүнүн аймактарындагы каттоодон өтпөгөн мечиттердин так саны жана катоодон өтпөй жаткан себептерин аныктоо жана алардын себептерине жараша категорияларга бөлүштүрүлүүсү каралган. Ошондой эле райондук, шаардык архитектура бөлүмдөрү менен биргеликте курулуп жаткан мечиттердин уруксат кагаздарынын такталуусу, курулушка уруксат кагазы жок мечиттердин курулуш документтери толук бүткөнчө убактылуу уруксат берилбөөсү жана мечиттердин курулушун казылар, баш имам хатибдер катуу көзөмөлгө алып, курулуштун этаптары боюнча отчеттордун берилип турулуусу аталган буйрукта көргөзүлгөн.
Учурда облус аймактарындагы казыяттар тиешелүү бөлүмдөрүнө атайын тапшырмаларды беришип, иштин жүрүшү башталды.

#188 28 October 2015 - 19:52
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ МЕЧИТТЕРДИ КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН 25-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН МӨӨНӨТ БЕРДИ
Бүгүн Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилиги астында казыят кызматкерлери бир айлык аткарган иштери боюнча отчетторун тапшырышты. Облус казысы казыят кызматкерлеринин жана райондун баш имам хатибдеринин бир айлык отчеттерун өз убагында тапшырылуусун эскертип, жоопкерчиликсиз кызматкерлерге эскертүү берди. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында Кыргызсатан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №328 буйругунун аткаруу максатында Ош облусунун аймагындагы каттоосу жок мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү боюнча казыяттын атайын буйругу чыгарылып, 2015-жылдын 25-декабрына чейин мечиттерди каттоодон толук өткөрүү аракетин көрүү боюнча казыяттын курулуш адиси Сражидин Зулпукаровго жана райондук баш имам хатибдерге атайын тапшырмалар берилди. Мындан сырткары казыяттын аппаратындагы фатва бөлүмүнүн ишин жандандыруу, райондук хатипчиликтердин ишин алга жылдыруу, алардын жасаган иш аракеттерин коомчулукка маалыматтык жактан чагылдыруу боюнча тиешелүү адистерге жана баш имам хатибдерге протоколдук тапшырмалар берилди.
Жыйын соңунда облус казысы тарабынан өз милдеттерин так аткарган бөлүмдөргө алкыш айтылып, өз милдеттерин так аткарбаган бөлүмдөрдүн адистерине катуу эскертүүлөр берилди.

#189 28 October 2015 - 19:55
КАРАКОЛ ШААРЫНДА КРНЫН 2014-2020-ЖЫЛДАРГА КАРАТА КАБЫЛ АЛЫНГАН КОНЦЕПЦИЯСЫН АТКАРУУ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
Бүгүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчилигинин жыйындар залында КРнын “2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын” аткаруу боюнча жыйын болуп өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Борбукеева Рита Нурманбетова, аппараттын жооптуу өкүлү Ашимбаев К.К, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлчүлүктөрү, КР ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары, шаар мэри, райондук акимдер, шаар, райондун дин иштери боюнча жооптуу өкүлчүлүктөрү, ОИИБнын 10-бөлүнүн башчысы менен 10-бөлүмүнүн жетекчилери, облус казысы Сагындыков Алмазбек ажы жана жалпы баш имам хатибтер катышышты.
Бул күнү 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын аткаруу жана отчеттуулукту тапшыруу тартиби боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү керек экендиги айтылды. Ошондой эле облус аймагындагы мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

#190 28 October 2015 - 19:56
ЫСЫК-КƟЛ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ ОБЛУС АЙМАГЫНДАГЫ МЕЧИТТЕРДИ КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БАШ ИМАМ ХАТИБДЕРГЕ ТАЛАП КОЙДУ
Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Сагындыков Алмазбек ажы облустун, шаар жана райондун баш имам хатибдерин чогултуп жыйын өткөрдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүнө Ысык-Кɵл облусунун мусулмандар казысы Азиртети муфтий Токтомушев Максатбек ажынын №328 буйругун тааныштырды. Облус казысы аймактардагы каттоодон өтпөгөн мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү боюнча шаар, райондун баш имам хатибдерине тиешелүү тапшырмаларды берип, буйрукта эскертилгендей, белгиленген мөөнөттө аткарбаган кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Муну менен катар шаар жана райондун баш имам хатибдери менен жолгон жыйында аймактардагы эл менен тыгыз кызматташуу, хатибияттарда жана айыл жергесиндеги имамдардын иштөө тартиптери, айлык отчеттортун өз убагында берилиши туурасындагы маселелер айтылды.

#191 28 October 2015 - 19:57
ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАКАЙ-АТА РАЙОНУНДА МЕЧИТ ЖАНА МЕДРЕСЕЛЕР АРАЛЫК ФУТБОЛ ОЮНУ УЮШТУРУЛДУ
Кечээ Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы Канатбек Бегалиев атындагы спорт комплексинде имамдар жана медреселер мүдүрлөрү аралык футбол оюну болуп өттү.
Мелдешке "Али ибн Абу Талиб", Бакай-Ата медреселери жана Боо-Терек, Кыргызстан, Май айылынын имамдары катышышты.
Катышкан командалардын ичинен алдыңкы орунга Боо-Терек айылынын имамдары жетишсе, экинчи орунду Кыргызстан айылынын имамдары багынтышты. Ал эми үчүнчү орун Бакай-Ата медресесинин эмгек жамаатына ыйгарылды. Оюндун жеңүүчүлөрүнө атайын Кубок, медалдар жана баалуу белек-бечкектер тапшырылды.
«Спорттук оюндар муну менен токтоп калбайт. Дагы да болсо медреселер, мечиттердин имамдары арасындагы спорт оюндары улантылып турат»,-деди казыяттын маалымат катчысы Нуржан Мамазалиев.
Эскерте кетсек медресе, мечиттер аралык футбол оюнун Талас облусунун мусулмандар казыятын уюштурган.

#192 28 October 2015 - 20:08
ОШ ШААРЫНДАГЫ «ДӨҢ КӨКӨ» МЕЧИТИНИН 75 ЖАШТАГЫ ИМАМЫ ӨЗ ОРДУН ЖАШТАРГА ӨТКӨРҮП БЕРДИ
Ош шаарынын Сулайман Тоо аймактык кеңешиндеги «Дөң Көкө» мечитинин имамы Салиев Хатамжан ажы бүгүн Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.
Ыраазычылык баракчасын тапшыруу аземине Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхужаев жана казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Матиев Жанарбек катышты.
«Бул инсан 20 жылдан ашуун убакытын дин жолуна арнап, үзүрлүү эмгектенип, жаштарга өзүнүн билимин, насаатын айтып келет. Салиев Хатамжан ажы ишине дайыма жоопкерчиликтүү, коомдук иштерге активдүү катышып, улгайганына карабастан дайыма иш үстүндө эмгектенип келген. Динибиздин өнүгүшүнө Хатамжан ажы чоң салым кошуп келет»,- деди шаардык казынын орун басары Анасхон Ташхужаев.
Эскерте кетсек, Салиев Хатамжан ажы 20 жылдан ашуун убакыт ичинде өз өмүрүн ислам динин өнүгүшүнө арнап, динибиздин туура жайылышына эбегейсиз чоң салымын кошуп, жаштарды ыйманга чакырып келет. Хатамжан ажы 75 жаш курагында өзүнүн ордун жаштарга өткөрүп берди.
Маалымат: Ош шаардык мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#193 28 October 2015 - 20:28
СУЗАКТА ЖАҢЫ МЕЧИТТИН ИШКЕ КИРДИ
Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл округунун Масадан айылында жайгашкан “Ал-Хаят” мечитинин ачылыш аземи болуп өттү.
Мечиттин ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы жана мечиттин курулушуна демөөрчүлүк кылган Саудт Арабиясынан Ахмад Хусейн, Кыргызстандагы “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеяснын” жетекчиси Сайид Баюми жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Акматов Мамасалы, Жалал-Абад облусунун казысы Закиров Абдулазиз кары ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөдү менен узак жакындан келген имамдар, меймандар катышышты. Мечиттин ачылыш аземинде Азирети муфтий жергиликтүү жашоочуларды ынтымакта, биримдүүлүктө жана Ата-бабабыз карманып келген Ханафий мазхабын бекем кармоого чакырып, мечитти кургандарга ыраазычылыгын билдирди.
Маалымат: Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#194 28 October 2015 - 20:32
БИШКЕК ШААРЫНЫН КАЗЫСЫ КАТТООДОН ӨТПӨГӨН МЕЧИТТЕРДИ ТЕЗ АРАДА КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ
Бүгүн Бишкек шаардык мусулмандар казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан, курулуп бүткөн каттоосу жок мечиттерди тез арада катгоодон өткөрүү боюнча чыгарылган №328 буйругун ишке ашыруу жана баш имам хатибдерге тиешелүү тапшырмаларды берүү үчүн жыйын болуп өттү. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз катчысы Расул Сариев кабарлады.
Аталган жыйынга Бишкек шаардык мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов, казынын орун басары Суеркулов Алманбет ажы жана Свердлов, Октябрь, Ленин, Биринчи май районунун баш имам хатибтери катышышты.
Шаар казысы №328 буйрукту аткаруу жана ишке ашуруу максатында 2015-жылдын 1-ноябрына чейин борбор калаадыгы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн мечиттердин так санын аныктап, аларды каттоодон тез арада өткөрүп, мыйзамдаштыруу тапшырмасын берди.
Бүгүн Бишкек шаардык мусулмандар казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан, курулуп бүткөн каттоосу жок мечиттерди тез арада катгоодон өткөрүү боюнча чыгарылган №328 буйругун ишке ашыруу жана баш имам хатибдерге тиешелүү тапшырмаларды берүү үчүн жыйын болуп өттү. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз катчысы Расул Сариев кабарлады.
Аталган жыйынга Бишкек шаардык мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов, казынын орун басары Суеркулов Алманбет ажы жана Свердлов, Октябрь, Ленин, Биринчи май районунун баш имам хатибтери катышышты.
Шаар казысы №328 буйрукту аткаруу жана ишке ашуруу максатында 2015-жылдын 1-ноябрына чейин борбор калаадыгы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн мечиттердин так санын аныктап, аларды каттоодон тез арада өткөрүп, мыйзамдаштыруу тапшырмасын берди.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#195 30 October 2015 - 16:23
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МУСУЛМАНДАР КАЗЫСЫ РАЙОН, ШААРЛАРДЫН БАШ ИМАМДАРЫНА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
Чүй облусунун мусулмандар казысы Танабаев Нурлан ажы район, шаарлардын баш имамдарына, облустун аймагындагы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү жана каттоосу жок мечиттердин себептерин жеринен тактоо максатында жыйын өткөрдү. Бул туурасында казыяттын маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө облус казысы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын №328 буйругун тааныштырып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Чүй облусунун мусулмандар казысы Танабаев Нурлан ажы район, шаарлардын баш имамдарына, облустун аймагындагы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү жана каттоосу жок мечиттердин себептерин жеринен тактоо максатында жыйын өткөрдү. Бул туурасында казыяттын маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө облус казысы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын №328 буйругун тааныштырып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#196 30 October 2015 - 16:24
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ МЕДРЕСЕЛЕРГЕ ЖАКЫНДАН КӨҢҮЛ БУРУЛА БАШТАДЫ
29-октябр күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз кары менен үгүт-насаат билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тунгатаров Бакытбек жана фатва бөлүм башчысы Жороев Арпидин ажы Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Аз-Захра” медресесинен кабар алышты. Бул туурасында облустук казыяттын маалымат кызматы билдирди.
“Кабар алуунун максаты окуу жайдын окутуу абалын менен КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү программанын өтүлүшүн текшерүү. Ошондой эле окуу жайдын тазалыгын, ички-сырткы өрнөк-жарнактары мамлекеттик тилде жазылынышын жана кышка карата болгон даярдыктарын текшерүү”,- деди казыяттын маалымат кызматынан.
Облус казысы окуу жүрүшүндөгү ачык сааттарга катышып, КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү программаны мугалимдерден толук өтүлүшүн талап кылды. Облус казысы окуучулардын окууларына ийгилик каалады. “Аз-Захра” медресесинде 37 окуучу таалим-тарбия алып жатышат. Облус казысынын башка медреселерден кабар алуусу графиктин негизинде улантылмакчы. .

#197 30 October 2015 - 16:26
АЗИРЕТИ МУФТИЙ АЛМАТЫ ШААРЫНДА ӨТҮП ЖАТКАН УЛУТТАР АРАЛЫК ФОРУМГА КАТЫШУУДА
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы Казакастан Республикасынын Алматы шаарындагы Казакастан мусулмандарынын баш муфтийи Ержан ажы Малгажы улунун төрагалыгы алдында өтүп жаткан «Орто Азияда салттуу исламды түзүү » аттуу улуттар аралык форумуна катышууда.
Алгачкы жолу өтүп жаткан форумдун жүрүшүнө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация, Таджикстан Республикасынын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода, КР Маданият жане спорт вице-министри Марат Азилханов, Казакастан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызметкерлери, дин башкарманын облустардагы имамдары, Аалымдар, Казакастан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөлөрү, Республикалык аппараттык- насихат тобунун мүчөлөрү катышууда.
Форумддун алкагында коомчулуктун көөнүнө тийген террорризм менен экстремизмди болтурбоонун жолдору, Орто Азияда салттуу ислам мектептерин калыптандыруу, Орто Азия Улмамаларынын эмгектерин кайрадан басып чыгаруу, жаштарга адамкерчиликти үйрөтүү жана туура тарбия берүү, аларга туура динди жеткирүү сыяктуу темалардын алкагында пикир алмашуулар болууда.
Форумдун негизги максаты – Орто Азияда бирдиктүү мусулман үммөтүн калыптандыруу, коомдун бирлигин жана тынчтыгын бекемдөө, мусулмандарды ортолук жолго үндөө болуп саналат.
Улуттар аралык жолугушуунун соңунда атайын резолюция кабыл алынмакчы.

#198 30 October 2015 - 16:49
МОСКВА ШААРЫНДА ӨТҮҮЧҮ СЕМИНАРГА КЫРГЫЗСТАНДАН 10 ДИН КЫЗМАТКЕРИ ЖӨНӨП КЕТТИ
Бүгүн Кыргызстандан Москва шаарында өтүүчү «Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү» семинарына 10 диний кызматкер жөнөп кетти.
Москва шаарында өтүүчү «Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү» семинарына өлкөбүздүн ар тарабынан 10 дин кызматкер барышып, өздөрүнүн билимдерин жогорулатышып, тажырйба алмашып келишмекчи.
10 күндүк семинар М.В. Ломоносова атындагы Москва Мамлекеттик Университетинде жана Москва Ислам Университетинде өтүп, жогорку квалификациялуу мугалимдер жана серепчилер менен дин Аалымдары сабак өтүшөт.
Семинар учурунда катышуучулар ислам тарыхы, ислам илими жана Куран илими боюнча толук маалыматтарга ээ болушат.
Москва шаарында өтүүчү имамдардын окуусуна Кыргызстандагы диний кызматкерлерди жетектеп, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Эргешов Аким Зулпукаров жөнөп кетти.
Ал эми Бишкек шаарындагы «НурулъХарамаин» мечитинен Сайпиев Юсуп Пазилидинович, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Мадалиев Аллаяр Мадярович, Ош облусунун Алай районунун баш имам хатибинин орун басары Камбаров Жыргалбек, Ош шаардык казыятынан Надыров Билалидин Кожокелдиевич, Чүй казыятынан Мажитов Абидин, Кызыл-Октябрь айылынын имамы Жусупбеков Марат Айылчыевич, Нарын облусунун казысынын орун басары Дүйшембиев Рахат Жамсапович, Балыкчы шаарынын имамы Кыпчагалиев Мусакожо, Баткен казыятынын кызматкери Дуйшоев Абдиравшан жана Ош облусунун мусулмандар казысынын кеңешчиси Пирматов Элдияр аталган семинара катышуу үчүн жөнөп кетишкен.
«Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү» семинары Москва шаарындагы Ленинград проспектисинде жайгашкан «Аэростар» мейманканасында өтүп, семинардын акырында катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылмакчы.

#199 30 October 2015 - 16:50
КАДАМЖАЙ ШААРЫНДАГЫ “АЛ БУХАРИ” БОРБОРДУК МЕЧИТИНЕ ЗАМАНБАП ДААРАТКАНА КУРУЛУУДА
Кадамжай шаарындагы “Ал Бухари” атындагы борбордук мечитине заманбап даараткана курулууда. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын баш имам хатиби Курбанов Исманали ажы облустук казыяттын маалымат кызматына кабарлаган.
«Даарат намаздын ачкычы, дааратты талаптагыдай алуу үчүн албетте ыңгайлуу шарт болуусу керек. Мына ошондуктан Кадамжай шаарынын элинин колдоосу жана жергиликтүү бийликтин демөөрчүлүгү менен заманбап даараткананын курулушун баштап, учурда чатыры жабылып, бүгүнкү күндо иш кызуу жүрүп жаткан учуру»,- деди Курбанов Исманали ажы.
Кадамжай шаарындагы “Ал Бухари” атындагы борбордук мечитине заманбап даараткана курулууда. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын баш имам хатиби Курбанов Исманали ажы облустук казыяттын маалымат кызматына кабарлаган.
«Даарат намаздын ачкычы, дааратты талаптагыдай алуу үчүн албетте ыңгайлуу шарт болуусу керек. Мына ошондуктан Кадамжай шаарынын элинин колдоосу жана жергиликтүү бийликтин демөөрчүлүгү менен заманбап даараткананын курулушун баштап, учурда чатыры жабылып, бүгүнкү күндо иш кызуу жүрүп жаткан учуру»,- деди Курбанов Исманали ажы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#200 30 October 2015 - 16:58
ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕЧИТТЕРДИ КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ ЖАНДАНА БАШТАДЫ
Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын мечиттер бөлүмүнө жана район, шаарлардын баш имамдарына, облустун аймагындагы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү максатында каттоосу жок мечиттердин себептерин жеринен барып тактоону облустун казысы Закиров Абдулазиз кары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын №328 буйругун негизинде тапшырмасын берди. Бул туурасында казыяттын маалымат кызматы билдирди.
Район, шаарлардагы мечиттерди кыдыруу учурунда алардын тазалыгын, ички-сырткы жазуулары мамлекеттик тилде болуусун жана кышка болгон даярдыктарын текшерүүсү да каралууда. Текшерүү алгач Ноокен районунун аймагындагы Шайдан, Сакалды, Арал айыл округтарындагы мечиттеринен башталды.
“Аймактардагы мечиттерди кыдыруу убагында апрель айында чыгарылган №115 буйруктун алкагында азандын бирдиктүү айтылуусу, КМДБ тарабынан чыгарылган намаз китебинин негизинде иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы каралууда. Муну менен катар Азирети муфтийдин №328 буйругун ишке ашырууда аймактарды кыдыруудабыз”, -деди Жунусалиев Давран ажы.

Супер-Инфо
super.kg
видео